Айтылуу Кытай уруусунун белдүү аксакалы, техника илимдеринин кандидаты, белгилүү Теңирчи Анарбек Усупбаев менен соңку кездеги өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал боюнча баарлаштык. Каарманыбыз калыс кебин ортого таштап турган кербези.
– Арыбаңыз Анаке?!
– Бар бол, Каке!
– Анаке, бүгүн өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга кандай баа берип жатасыз? Тажрыйбалуу, көптү көргөн инсан катары азыркы абалды таразалап, тыкыр көзөмөлдөн өткөрүп жаткандырсыз…
– Эми биз жөн жатпайбызда. Өзүң билесиң, мен өмүр бою өндүрүштө иштеген инсанмын. Корчолоңдоп папке кучактаган кызматгарда иштеген эмесмин. Тажрыйбабызга жараша кырдаалды байкап турабыз. Бүгүн бар чындыкты айтышыбыз керек. Кеп кезеги келгенде калыс сөздү айталы да, туурабы? Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин доорунда алардын эси жок бала-бакыралары, биртуугандары, атургай алысыраак ага-туугандары баш болуп өлкөбүздөгү баш көтөргөн бизнесмендердин адал мээнет менен жүргүзүп келген бизнестерин каратып туруп, көз көрүнө чырылдата тартып алышканы жалган беле? Бүгүн андай баскынчылык иш-аракеттер президент Алмазбек Атамбаев турганда токтоду го. Кан буугандай. Же кимдир бирөөнөн «бизнесимди Атамбаевдин балдары, бир туугандары тартып алды» дегенин уктуңарбы? Андай жок. Ар ким колунан келген бизнесин кылып жатат. Мунун өзү чоң жетишкендик. Бүгүн сени менен эки багытта баарлашсак кандай болот?
– Кайсы багыттар дейсиз?
– Ички жана тышкы саясатыбыз менен экономикабыз тууралуу. Чын-чынына келгенде саясатты экономика жасайт эмеспи. Курсагың ток болсо бир нерсени ойлоп, иш кылганга аракет кыласың. Тышкы саясатта жакшы, чоң жетишкендиктер болуп жатат. Бажы союзуна кирип, коңшу өлкөлөргө чектөөсүз, тоскоолдуксуз кирип, чеке жылыткан иштер болбой койгон жок. Албетте, кемчиликтери дагы бар. Алардын баары этап-этабы менен жолго коюлуп, жоюлат деп ойлойм. Өзбекстандын жаңы шайланган өлкө башчысы менен биздин президент Алмазбек Атамбаевдин мамилелери жакшы экен. Соңку убакта Өзбекстан менен болгон эки тараптуу алакабыз жакшырып, буга чейинки «тоңгон муз» ордунан козголду. Талаштуу чек ара тилкелерибизге чекит коюу үчүн жакшы иштер аткарылып жатканынан кабардар болуп жатабыз. Тышкы саясатыбыздагы аткарылып жаткан ар бир жетишкендиктерибизди четинен тизмектесек, сөз көбөйүп кетчүдөй, Сөздүн ток этери, бул жааттагы иштерди, айрыкча Өзбекстан менен башталган жакын алаканы мындан ары да жандантыш үчүн президент Атамбаевди дагы бир мөөнөткө шайлап, өлкө башчы кылып алышыбыз керек. Туура, пенде болгон соң журт атасы катары андан деле катачылыктар кетпей койгон жок. Эми көрпенделик турмушта «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» эмеспи. Андыктан, Алмазбек иним буга чейинки баштаган жагымдуу саамалыктарынын аягына чыгарсын да, туурабы?
-Мындай сөзүңүздү таразалап, ойлонуп туруп айтып жатасызбы? Эртең гезитке ушундай пикириңиз чыгаары менен коомчулук сизди «дүжүр аксакалга» теңеп чыкса кантесиз?
-Ойлонуп эле айтып жатам. Биздин Өзбекстан менен чече турган чек ара, суу баштаган көптөгөн көйгөйлүү маселелерибиз бар. Ошонун баарын чечиш керек. Буга окшогон көйгөйлөрдү чечүү үчүн, албетте, президенттердин жеке мамилелери да зор таасирин тийгизет. Президент Атамбаевдин Өзбекстандын президенти менен жеке мамилеси да дурус экен. Мындай шартта Алмазбек Атамбаевди даты бир мөөнөткө калтырып, шайлап алышыбыз керек. Бул какшы жөрөлгө болот эле. Бүгүнкү күнү Россияда, Казакстанда оң миңдеген жаштарыбыз эмгектенип жүрүшөт. Алардын иштөөсүнө болгон шарттарды оңдошубуз зарыл. Алмазбек Атамбаев менин жакын тууган иним болот. Кытай уруусу, анын ичинде чапкынчы деп коёт бизди. Алмазбек мени «аке» деп абдан сыйлачу. Президент болгонго чейин мамилебиз абдан жакшы болуп турду. Президент болору менен элге «мен бийликке ага-туугандарымды жолотпойм, эч кимисин көтөрбөйм» дебедиби? Ошондой сөзүнөн соң биз дагы ага барып, ишине жолтоо болгубуз келбеди. Чынын айтыш керек, ал президент катары биздин туугандардан эч кимди көтөрбөдү. Сөзүнө турду. Атургай Алмазбек иним президент болгону биздин уруудан чыккан Нариман Түлеевди, экс-министр Замирбек Эсенаманов деген ишбилги жакшы инилерибизди жумушунан алып, куугунтуктап кетти го? Мен деле көкбеттик кылып кабылдамасына барып, «кабыл ал» деп көшөрүп тура берсем мени кабыл алат эле. Бирок, мен ага барбадым.
-Алмазбек Шаршенович алдыдагы шайлоого катышпастыгын, ага мыйзам да жол бербестигин ачык айтып, өз каалоосу менен кетүүнү тынбай айтып келе жатпайбы… Анан кантип шайлап алмак элек?
-Дагы айтам, Алмаз иним кытай уруусунан бир дагы чиновникти же туугандарыбызды көтөрмөлөгөн жок. Жогоруда айткан Нариман менен Замирбек деген инилерибизди каматып, куугунтукка алды. Ага карата «ага-туугандарын бийликке топтоп алды» деген жүйө айталбайсың. Жеке өзү чечкиндүү түрдө алты жыл ичинде колдоого алчу иштерди баштады. Өзүнүн аппарат жетекчисин баш кыла коррупцияга аралашкандарды кылтакка илип, мамлекеттин ырысын жегендерди эки эселеп казынага төктүрдү го? Мындай жакшы саамалыктарынын, аткарууга үлгүрбөй калган иштеринин аягына чыксын да, туурабы? Эртеңки күнү дагы бир ууру, өз камын, ага-тууган, бир туугандарынын кызыкчылыгынан чыга албаган бирөө-жарым келип калса кантебиз? Ошондуктан, эл-журтка силердин гезит аркылуу «Алмазбек Атамбаевди дагы бир мөөнөткө калышын суранып, шайлап алалы» дээр элем.
-Алмазбек Шаршеновичтин түбү Баткенден экенин айтып жүрүшөт го?
-Туура, биздин Кытай уруусунан тараган чапкынчылар Баткенде турушат. Ошого байлап айтып жатышса керек да.
-Экөөбүздүн бул интервьюбуз жарыкка чыгары менен эртең эл-журт сиздин чын жүрөктөн чыккан жалындуу кебиңизге ишенбей «Атамбаев өзүнүн туугандарынын оозу менен кийинки мөөнөткө калгысы келип баштады» деп чыгышат. Көрөсүз го?
-Айтса айта беришсин! Азыр «президент болмокчумун» деп төш кагып жаткандарды четинен көрүп жатабыз го? Алардын деңгээлин, дүйнөгө болгон көз караштарына алдыртан көз салсаң мамлекетибизди ач карышкырлар сымал жеш керек да. Максаты эле ошол алардын. Кудум Акаев менен Бакиев сындуу бөрүлөр эле болуп жатышпайбы? Анан кантип ошолорго элдин ишеними болсун? Аларга караганда Алмаз иним атан төөдөй өйдө болуп жатпайбы?! Дагы айтам, Алмазды дагы бир мөөнөткө шайлап алалы. Элдин тандоосу деле ага каршы болбосо керек.
-Соңку суроом, ИИМ орун басары Курсан Асанов биздин башкы редакторубузга кол көтөргөнү коомчулукта катуу талкуу болду. Сиздин оюңуз?
-Асланбек Сартбаев менин жандай көргөн иним болот. Биз теңирчилер чогулуп, ушул маселе боюнча Асланбекти колдоп, катуу билдирүү кылууга батынганбыз, бирок, үкөм сабырдуулукка чакырып койду. Айтмакчы, ИИМде Сүйүн Өмүрзаков иштеп атпайбы, мына ушул жигит да кыргыз кыйырына атагы чыгып, элибизге эмгеги менен таанылууда. Сүйүн менен Асланбекти тааныштырып, туугандык жолун ортого салуу жагынан оюм бар…
Калыгул Бейшекеев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ