Menu

САЯСАТ

Олжобай Шакир, жазуучу: "Ишенимдин саткындары"

Ишеним – адам баласынын эң ыйык сезимдеринин бири. Ишенимден ажыроо саткынчылык болуп келгени туурасында карт тарыхта мисал. Айтсак, дүйнөнүн улуу жаагери Чынгызхан ишенимдин саткындарына аёсуз жаза колдонуп, аларга кечирим кылбаган. Өз катарындагылардан чыккан саткындарга кылычтын мизи менен гана жооп кайтарган үчүн улуу империяны түптөгөн эмеспи…

Кыргызстанды кубаттуу өлкө катары дүйнөгө тааныта албай келатканыбыздын эң башкы себебин көбү экономикалык чабалдыгыбыздан көрүшөт. Жок! Кептин баары – эл ишенимин сууткан саясый элитанбыздын саткындыгы экенин эки жолку мамлекеттик төңкөрүш көрсөттү. Анысы да, мунусу да эл ишенимин актабады. Мурунку бийликтин саткынчылыгы өз башы менен кетсин дейли, кийинкисичи? Авторитардык зулум бийликтен калган мамлекеттик системаны парламенттик башкаруу жолуна салып, бийликтин үч бутагын теңдемге (баланс) салар Башмыйзам иштеп атабы бүгүн?! Анын аты эле парламенттик башкаруу моделин көрсөткөнү болбосо, иш жүзүндө кылт эткендин баарын тескөө президенттик аппараттын гана колу менен жасалууда.

2010-жылкы, 7-апрель окуясында курман болгондорду Ата-Бейитте акыркы сапарга узатууда шейит кеткен баатырлардын арбагы алдында, эл алдында мукактанып сүйлөгөн Атамбаев мурунку эки бийликтин тушунда элдин жонтерисин шылыган саясатчылар мындан ары бийликке келбестигине ант берип, алардын орду бир гана түрмөдө экенин айткан. Көзүнө жаш алып сүйлөгөн.

А кийин А.Акаев, К.Бакиевдин зулум бийлигин кулатууга чейин тилектеш болуп келген саясый күчтөрдү оппозиция жээгинде калтырып, мурунку бийликтин акыл кошчуларынын кеңеши менен мурунку бийликтегилердин жорук-жосундарын мурастап отурат бүгүн. Революциялык жол менен бийлик түзүмүн жаңы багытка бурабыз деп келген ажонун барып турган саткынчылыгы ушул эмеспи… Революциялык идеяны өзү күм-жам кылып, эл ишенимин сатып кеткен жокпу?!

Бийлик кумарына мас болгон жетинчи кабаттагылар бүгүн саясый абалды чакмак таштай калчап, парламентти да, өкмөттү да боз эшектей минип алды. Мөңкүй тургандарын күлгө бозала кылып оонатаар ыкмаларды колдонууда. Парламент да, өкмөт да президенттин айланасындагылардын гана ишаратын тиктеп отуруп калганын турмуш өзү көрсөтүүдө. Президенттин опузасы мыйзамдан күчтүү, мыйзамдан таасирдүү болгон үчүн бийликке каш каккандарга каршы көзкөрүнөө жалаа жабуу, абакка отургузуп коюу ыкмасы күчөдү. Агер парламенттин таасири күчтүү болуп турганда, өлкө тагдыры бүгүнкүдөй туңгуюкка кабылмак эмес. Президенттин өзбилемдик саясатын тизгиндеп турар күч бир гана парламент колунда болчу. А парламенттин көпчүлүк курамында бүгүн кимдер отурат? Жарганатка окшогон саясатчылар! Мынча болду, жарганат туурасында индустардын икеялуу жомогун кыстара кетпесек, сөздүн тузу кем болуп калчудай…

«Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш чыгат. Жарганат ошондо минтиптир өзүнчө: «Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири канаттуусуң дейт. Андыктан четте бөлүнүп турайын, жакшылап ойлоноюн. Канаттууларга да, айбанаттарга да өзүмдү илээштирбейин. Кайсы тарабы кыйын, көрөйүн. Кимиси жеңсе, ошол жагына кошулам!»

Бул учурда айбанаттар менен канаттуулардын бетме-бет кармашы башталды. Жарганат болсо урушту алыстан гана карап отурду. Анын байкоосунда: канаттуулар чапчаң көрүндү. Ал ошол замат канаттуулар тарабына учту, бирок өтө жакындап барбастан ойлонду: «Мейли, адегенде жеңишке жетип алышсын, ошондо кошулам!»

Арийне, канаттуулар жеңиле турган болуп калды эле, жарганат айбанаттар тарабына жылт койду да, минтип жар салды:

– Менин тумшугум кудум эле чычкандыкындай. Балдарыма сүт эмизем, а канаттууларга андай ырыскы буюрбаган. Демек, мен айбанатмын. Андыктан мени өгөй эмес, өздөй көрсөңөр экен! А мен силерге өмүр бою чын жүрөгүмдөн ак кызматымды кыламын. Мен силерди эч качан сатпаймын!

Айбанаттар жарганатка ишенип, өздөй көрүп кошуп алышты.

Бирок болбой эле канаттуулар жеңип кетти. Анткени алардын аскер башчысы алгыр бүркүт деген түгөткүр экен. Муну баамдаган жарганаттын жаны оозуна кептелип, ой калчады: «Мени эми канаттуулар соо койбойт. Тытып жешет!»

Ушул ой башына келери менен зуу коюп качты. Качканда да тоолордун, токойлордун арасына житип, өзүнө кычык тапты.

Ошондон бери ал кыпылдап жашайт экен: күндүзү жашынат, түндөсү канаттуунун баары уяларында уктап жатканда гана жарганат сыртка уурданып чыкчу болуптур.

Көрсө, суу жүрөктөр ушундай оома, шүмшүк, саткын болгон үчүн бет күйдү болуп жашайт экен».

Жомок ушинтип аяктайт. Чындыкты баамдаган чыгарсыз, окурман! Бизде кудум ушундай болду: кудай урган жарганатка окшогон саясатчылардын тобу көпчүлүк коалицияга кирип кетишти: өгөй эмес, өздөй көрүнүп. Алардын анабашылары өз учурунда парламенттик башкаруу моделине караманча каршы чыгып келаткандар эле, бирок күч кай тарабында экенин сезишти да, жылт коюшту. Идея баалуулугу үчүн эмес, күч президент тарапта болгон үчүн!

Алар да өз убагында А.Акаев менен К.Бакиевди сатып кеткендер экенин А.Атамбаев беш манжасындай билчү, бирок парламенттеги «атамекенчилердин» таасири бийликтегилерге уйку бербеди көрүнөт, эски санаалаштарын уйпалап баса калып, Ө.Текебаевдин канатын сындырыш үчүн «атамекенчилерден» да мурдагы келишкис көзкараштагы каршылаштарын караан үчүн өздөрүнүн катарына ыктатты. Бийликтин көшөгө артындагы саясый кызыл кулактыгы ушуга барууга аргасыз кылды. Антпесе, Ө.Текебаев ЖК трибунасына чыккан сайын, 2017-жылы коррупциянын анабашылары түрмөгө камалар кезмети келгенин дамамат кайталаганы күчөгөн. Анын «эсиңерге келгиле!» деп сөөмөй кесегени саясый элитанын жүрөгүн болкулдатып, көчүгүн кыпылдата баштаганын АША бийлиги илгиртпей илип кетти. Ошону менен өз дебей, жат дебей биригүү жолун тандашты көрүнөт. Ал өзүнчө сөзгө алынчу жагдай…

Биз сөз учугунан окчун кетпейли. Бүгүнкү сөзүбүз ишеним саткындары жөнүндө гана болмокчу. Жарганат сымал тиягына да, биягына да заматта зып койчу саясатчылар азыр АША бийлигинин тегерегинде толо. Эл тагдыры да ошолордун колу менен экчелип калышы бир заматта. Азырынча алар жарганат сымал күч кай тарабына ооп кетерине байкоо салып турган кезең. Алар тиягына да, биягына да өтө жакындап, өтө алыстап да кетпейт.

Агер бийликтин адилетсиздигине нааразы болгондордун катары көбөйө турган болсо ЖК трибунасы аркылуу бак-бак сүйлөп, абакта жаткан Текебаевге жан тарткан түр көрсөтүүгө даяр турушат, а кокус жаздым тайып, бийликтин бүгүнкү аракети өз жемишин берер жагына оосо, бийликтин аракетин колдочу позицияны да, «позаны» да табышат. Ал позалары – азыркыдай эле тилди тишке катып отуруу. Албетте, алар азыркы бийликке арка-бел болуп бералышпайт, бирок алар А.Акаев, К.Бакиевге ишеним берип келген бай тажрыйба, калың капчыктары менен А.Атамбаев менен да шериктеш болуп кетүүгө дайым даяр…

Маселен, Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин командасы быйылкы президенттик шайлоо алдында камырдай жуурулушуп кетээр болсо, буга таңгалыштын да кереги жок. Экөө тең камырдан кыл суурганга келгенде биринен бири калышпас саясатчылар. Экөө тең Бакиев бийлиги менен кантип жуурулушуп кеткенин жамы журт унутпаган чыгар. Ала-Тоо аянтында «Бакиев саясый труп» деп кыйкырып жүргөн Атамбаев кийин ошол саясый труптун жанынан жай таап, премьер-министр болсо, Ө.Бабанов да бийликтин эң мерчемдүү бутагына барып конгон. Ал кезде Бабанов да КСДП сабында айкырык салгандардын арасында жүргөн саясат болчу. Мындайча айтканда, АША экөө эски өнөктөр экенин унутпообуз керек… Экөөнүн тең ишенимдери бир, жарганаттай зып койгон кулк-мүнөздөрү да окшош.

Сааты чыккан учур келсе, экөө тең тилектеш, санаалаш, шериктеш болуп чыга келиши толук ыктымал. Экөө бирине бири канчалык жийиркенимиш болгону менен – бийлик кумарына келгенде жыт искешпейт…

Булак: “Алиби”

Жогорку соттун соттук коллегиясы Ө. Текебаевге карата сот материалын кыскартты

Бүгүн, 29-мартта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Өмүрбек Текебаевдин жактоочусунун көзөмөл даттануусун карады. Арыздануунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, б.а. КР ЖПКнын 375-беренесинин (Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерге даттануу) – (3) Бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну жана үй камагын колдонуу жөнүндө, аны менен катар камакка алуунун, үй камагынын мөөнөтүн узартууга карата соттук чечимге прокурор, айыпталуучу же анын коргоочусу тарабынан кассациялык инстанциянын чечими чыккан күндөн тартып беш сутканын ичинде даттанылышы мүмкүн) талаптары  сакталбагандыктан, соттук коллегия көзөмөл өндүрүштү кыскартты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 27-февралындагы токтому менен, КР УКМКнын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылып, О.Текебаевдин кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Анын баш коргоо чарасы УКМКнын тергөө абагында 2017-жылдын 25-апрелине чейин камакта түрү тандалган.

2017-жылдын 9-мартында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы өзүнүн аныктамасы менен, Биринчи май райондук сотунун токтомун күчүндө калтырган.

Текебаевдин жактоочусунун кассациялык арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Темир Сариев, экс-премьер-министр: “Саясатта орду бар, күчтүү саясатчыларга кылмыш иши козголгондо, албетте саясатка айланат”

 

Азыр “Өмүрбек Текебаев камалды” деп ызы-чуу болуп жатат. Буга чейин да Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу саясий лидерлерди камакка алуу, аларды “сындыруу” аракеттери болуп келген. Муну менен бийлик соттордун колу менен өзүнө күчтүү атаандаш болчуларды саясат айдынынан чыгарып коюу оюнун жүргүзүп жаткан жокпу?

-Саясатта орду бар, күчтүү саясатчыларга кылмыш иши козголгондо албетте саясатка айланат, саясий боёк берилет. Көп тармактарда реформа жүрүп жатат. Тилекке каршы, сот системасындагы реформа таптакыр аксап калды. Ошондуктан, “саясий атаандаштарды мыйзамсыз ыкма менен алсыратып, саясат айдыңдан четке сүрөт”- деген сөздөр болуп жатат.

Буга өлкөдөгү окуялар күбө болууда. Бирок, Камчыбек Ташиев соттон акталып чыгып, азыр саясатта өзүнүн орду бар. Ахматбек Келдибеков да өзүнүн мыйзамдуу укугун колдонот болуш керек деп ойлойм. Бул саясий буйрук болсо эртели-кечпи ачыкка чыгат. Мындай абалды укук коргоо органдарына, сотторго саясий кийлигишүүнү токтотуу жолу менен чектей алабыз.

Коомчулукта жакынкы боло турчу президенттик шайлоодо “Алмазбек Атамбаевдин мураскери болуп калышы мүмкүн”- деп сиздин ысым аталып жүрөт. Бул сөздүн чындыгы канчалык? Эгерде шайлоодо женишке жетип калсаныз, Кыргызстандагы ички жана тышкы саясатын ушул бойдон сактайсызбы же республика башка жол кетеби?

-Биздин партия партконференцияда президенттикке менин талапкерлигимди көрсөтүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле, азыртан менин талапкер­лигимди колдогон көптөгөн саясий күчтөр бар. Андыктан, мени президенттикке партиялар, уюмдар жана жөнөкөй жарандар көрсөтүп жатат.

Мураскер боюнча оюмду мен буга чейин дагы айткам. Бул боюнча президент А.Атамбаев дагы өз оюн билдирген. Мураскер болбошу ке­рек. Талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк бериш керек, шайлоочу гана өлкөнүн кийинки президенти ким боло­рун аныктоого тийиш.

Тышкы саясат Кыргызстандын жана биздин өлкөнүн айланасындагы тынчтыктын сакталышына жана туруктуулукту улантууга багытталууга тийиш. Биз тынчтыкты сактоого, коомдун туруктуулугун камсыз кылууга, бийликтин абройун жогорулатууга тийишпиз. Мамлекет салмактуу жана күчтүү саясат жүргүзүшү керек. Бүгүнкү күндө бизге эң керек нерсе ушулар. Анан албетте, экономика. Биз калктын жашоо-шартын жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз керек.

Кыргызстан эки революцияны башынан өткөрдү. Азыркы курч кырдаалдан улам үчүнчү революция чыгып кетиши мүмкүнбү?

-Биз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн оор жана татаал жолду тандап алдык, андыктан учурда эмнеге ээ болсок, ошону барктай билишибиз керек. Үчүнчү ре­волюция эч кимге кереги жок! Өлкөнүн кайсы бурчундагы жаранынан сурабагьша, мын­дай кырдаалдын эч кимге кере­ги жогун айтышат. Азыр тынч, мыйзамдын алкагында саясат­та жүрүп, өлкөнү жакшы жакка өзгөртсө болот жана ушуну ме­нен алектенишибиз керек.

Сизди “Ахматбек Келди­беков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү” деген сөздөр чыкты. “Келдибековдун штабы сизге кошулат экен” деп атат. Бул сөздөр канчалык деңгээлде чын?

Шайлоонун алдында бардык саясатчылар ар кандай талкууларды жүргүзүп, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү турган иш. Азыр да ошол про­цесс болуп жатат. Негизи ушундай сүйлөшүүлөр жүрүп турганы жакшы нерсе. Анан албетте, мындай процесс жүрүп жаткан соң “тигил саясатчы менен бул саясатчы биригет экен” деген сөздөр боло берет…

Сиз Өкмөт башчысы болуп турганда Аксы районундагы телемунара жайгашкан Уңгар-Тоону Өзбекстанга таандык делген протокол чыккан. Анда сиздин койгон колунуз да көрсөтүлгөн. Унгар-Тоону биздики дебестен озбектердики деп тааныганыныз ыраспы?

-Бул карандай калп. Асман менен жерди алмаштырып салгандай. Мен Өкмөт башчы­сы болуп тың иштеп жатканда кимдир бирөөлөр саясий боёк беребиз дешти. Унгар-Тоо бо­юнча, башка документтер бар, эн акыркысы К.Бакиев пре­зидент болуп турганда кабыл алынган, убагында көчүрмөсү гезиттерге чыккан. Биздин өкмөт көтөргөн маселе – Уңгар- Тоонун жанында кошумча станция куруу боюнча берилген тапшырма болчу. 2010- жылдан бери бир дагы сантиметр жер берилген эмес. 2016- жылы 22- мартта Аксыга барганда мен элдин алдына чыгып, ушуну айткам: “Бир да сантиметр жер берилбейт”- деп. Тескерисинче Өзбекстан колдонуп келген 19 объектти Өкмөттүн токтому менен кайтарып алдык. Анын ичинде Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы, 4 насостук станция. Баткендеги кампалары, Ысык-Көлдөгү төрт пансионат бар. Мунун баарына мен премьер-министр катары кол койгом. Кантип анан Са­риев Уңгар-Тоону Өзбекстанга берди деп айта алабыз. Бул бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле кеп.

Сиздин дарегинизге Балыкчы-Корумду жолунан 6 млн долларды сол чөнтөккө солоп койгон деген сөздөр айтылууда. Өзүңүз да ушул чуудан кийин Өкмөт башчылыгынан кеткенсиз. Жол салуу боюнча тендерге аралашканыныз ачыкка чыгып калат деп коркпойсузбу?

-Парламентке барганымда бул маселе боюнча өзүмдүн жообумду так, ачык айткам. Жолду шылтоолоп, атайын чыр кылышып, Сариевди кетирүүнүн жолун издешкен. Мен кызматтан эмне үчүн кеттим? Анткени, парламентте менин фракциям жок болчу. Өкмөт менен парламенттин  ортосунда тирешүү күчөй баштады. Өкмөттүн негизги маселелери парламент аркылуу чечилет. Эгерде Өкмөт менен Жогорку Кеңештин орто­сунда тирешүү болгон болсо эч кандай жыйынтык болбойт. Мен “бийлик бутактарынын ортосунда тирешүү болбосун” деп отставкага бердим. Мени кызматтан алуу үчүн жол шылтоо болсо, себеп башкада бол­чу. Көпчүлүгүн Сариевдин иш стили, ыкчамдыгы тынчсыздандырып жатты. Балыкчы-Корумду жолун баштаганым үчүн мени күнөөлөсө, мен ал күнөөнү көтөргөнгө даярмын деп айттым. Бул жолдун салынышы үчүн кошумча каражаттарды таап жатканбыз. Келечекте дагы тапмакпыз. Чечим кабыл алып, баары ме­нен макулдашылып башталган жол. Президент менен да бул маселе боюнча бир нече жолу сүйлөшкөнбүз, баштай берели деп кеңешкенбиз. Ошонун негизинде башталган. Тендерди транспорт министри өткөрөт. Бул алардын түздөн-түз укугу. Эгерде тендерде кандайдыр бир мүчүлүштүк кетсе транс­порт министри, комиссиянын торагасы жооп берет. Премьер-министрдин тендер өткөрүүгө эч кандай тиешеси жок. Мен бүгүн да айтам, жол туура башталды. Тескерисинче, биз кечигип баштадык. Сариев кетти башка эч нерсе өзгөргөн жок, ошол эле компания иштеп жатат. Мен ачык айтып коёюн, бул жолдон 6 млн доллар эмес 6 тыйын да алынган жок. Менин принцибим таптакыр башка. Бардык министрлерден ачык, таза иштегиле деп талап кылчумун. Отставкага кетип жатканымда Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, “баарыңардын көзүңөргө тик карап айта алам, бирөөңөрдөн тыйын сураганым жок, муну жасап кой дебедим, баарыңарды таза иштөөгө чакырып, таза иштейли деп талап кылып турдум” – деп айттым.

Булак: “Майданkg”

“Сталин да бир үйдөн беш адамды камаган эмес”

– Садыр Жапаровду шылтоолоп, бир үйдөн 7 кишини камакка алып, бийлик аша чаап кеткен жокпу?

Эмилбек Момунов, журналист:

“БИЙЛИК ТАРЫХТА ЭЗЕЛИ КЕТПЕС КАРА ТАК КАЛТЫРДЫ”

– Балким биз эмес, С.Жапаров өзү деле Кыр­гызстанга келсе аны укук коргоо органдары далай кыргыз жигиттеринин канын ичкен А.Батукаевди кандай сый-урмат менен узатса, ошондой эле “сый- урмат” менен тосуп алып, камап коюшарын билгендир. Ошон үчүн ал ушул жеке керт башына түшө турган азап-тозокту алдын ала билип-сезип туруп келди.

Бирок, эч ким анын эки баласын, инилерин, келиндерин кошо беш адамды камап коёт деп күтпөсө керек. Болгондо да атасын чек арадан тосуу үчүн барган, али эне сүтү оозунан кете элек баласын достору менен кошо бети-башын, ички органдарын эзе сабап коёру түшүбүзгө да кирген эмес. Алар Кыргызстандын, кыргыз элинин келечеги, эгер майып болуп калышса, ага ким күнөөлүү болот? Мен өз өлкөмдүн жараны, кыргыз жигити катары ушул митингге чыккандарды жарандык кийимчен алаңгазар жигиттер топтой тепкилеп, жөнөкөй (милициянын эмес) машиналарга салып кеткендигине таң калдым.

Бүгүнкү бийлик мындай жырткычтык кадамга баруу менен өздөрүнүн абийирине Кыр­гызстандын тарыхында эзели өчүрүп кетире алгыс кара так менен кала турган боёк сүртүп койду. Адамзатта эзелтен бери келаткан “Баласы атасы үчүн жооп бербейт” – деген накыл кеп бар. Али кылмышы далилдене элек С.Жапаровдун балдарынын эмне күнөөсү бар эле? Эгер тартипти бузса, мыйзам чегинде жоопко тартышпайбы. Ал эми үйүндө үч айлык эмчектеги баласы калган келининде эмне жазык? Же бизде атасын, кайнатасын чек арадан тосуп албаш керек деген мыйзам барбы?

Бул жерде “Ат көрбөгөн минип өлтүрөт…”,- демекчи, бийлик көрбөгөндөр бийлик деген митинг, пикетке чыккандарды уруп-сабоо же ушинтип коркутуп койсок эле баш көтөрбөй калат деп ойлошсо керек. Мындай өз элине кастыгы менен алар Акаев менен Бакиевди кой, Сталинден да ашып кетишти. Сталин да бир үйдөн беш адамды камаган эмес.

Ошондуктан президент өзү баш болуп, күнөөсүз адамдарды тез арада чыгарып, кызматтык абалынан аша чапкан укук коргоо органдарынын жетекчилерин жоопко тартыш ке­рек. Антпесе элдин назарынан калат…

Камила Талиева, экс-вице- премьер-министр:

“ЭНЕ ЖҮРӨГҮ СЫЗДАП ТУРАТ, ЖАШ БАЛДАРДЫ БОШОТКУЛА”

– Мыйзамдуу мамлекетте баарынан бийик, баалуу нерсе – адам укугу болуп саналат. Албетте, ар бир жаран өз өлкөсүнүн мыйзамдарынын чегинен чыкпай жашоосун, эгер бузса, жооп беришин да унутпашы керек. Маселе Садыр Жапаров боюнча болуп жаткандан кийин, түз суроого түз жооп берсем: мыйзам боюнча бир туугандын кыймыл-аракетине бир тууганы, балдары атасына жооп бербеши керек. Үй- бүлөсүн, ата-эне, бир туугандарын камашы, албетте, аша чапкандык. Качандыр бир кезде жооп берип калыш, келме кезек дегендей жашоо мыйзамдарын да унутпаш керек. Өткөндөн сабак алып жашоого, ар бир кадамга жооп берип калышты унутпаш керек эле, күч органдары.

Мен да эне катары, эне жүрөгү сыздап турган жаран катары айтаар элем, жаш балдарды ур – тепкиге алганды токтоткула, бошоткула, Ички иштер министри Улан Исраилов!!!

Айбек Бусурманкулов, активист:

“МЫНДАЙ КҮЧ КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ ЖАКШЫЛЫККА АЛЫП КЕЛБЕЙТ”

– Буга чейинки бийликтерде бир үйдөн 7 адамды камап коёт деген болгон эмес. Бийлик бу сапар өтө аша чаап кетти. Мындай күч колдонуу ыкмасы жакшылыкка алып келбейт. Муну менен бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. Азыр саясый куугунтуктар күч алды. Бийликтегилер өзүнө жакпаган, ага каршы ой айткандардын баарын камап, сотко берип, айып пулга жыгуу күчөй баштады. Ошол себептен бийликтин адилетсиз саясатына каршы, баардык саясый күчтөрдү биригүүгө чакырам.

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” коомдук фондунун жетекчиси:

“Ж0ГОРУ ЖАКТАГЫЛАР АКЫРКЫ МЕЗГИЛДЕ АКЫЛГА СЫЙБАГАН ИШТЕРДИ ЖАСАП ЖАТЫШАТ”

– Бийлик өтө аша чаап жатат. Садыр Жапаровду камагандан кийин бир тууганын, келинин, балдарынын камабай деле койсо болмок. Анткени, алардын эч кандай күнөөсү жок, аларды кошо жазалоо мыйзамда жок. Бул күн дагы өтөт. Мындай мыкаачылык кылгандарга дагы Кудайдын айткандары бар. Бул дүйнө убактылуу. Аркы дүйнөдө ким кандай мыкаачылык кылса бейкүнөө элдерге салган азабын жалгыз өзү тартат. Ал жерде милиция жок, УКМК жок. Ошон үчүн эдиреңдей бербей акыретти да ойлой жүрүш керек. Кыскасы, жогору жактагылар акыркы мезгилде акылга сыйбаган иштерди жасап, өтө пас деңгээлге түшүп жатышат.

Адиль Турдукулов, активист:

“САДЫР ЖАПАРОВ БИЙЛИКТИ СЫНДАГАНЫ ҮЧҮН КУГУУНТУКТАЛЫП, АКЫРЫНДА КАМАЛДЫ”

– Биринчиден, Садыр Жапаров саясый туткун экенин баарыбыз таанып билишибиз керек. Анткени, ал саясый негизде, бийликти, өзгөчө абдан курч сөз, далилдер менен сындаганы үчүн кугуунтукталып, акырында камалды. Ал эми ошол мыйзамсыздыка чыдабай, колдоп келген элди жана анын жакын туугандарын уур-токмоко алып кармаганы бийликтин аша чаап, күч колдонгонун билгизет. Муну бийлик эл нааразычылык акцияларга чыкпагандай кылып, коркутуу амалы бар. Муну көрүп тымпыйып отурган парламент дагы жараксыз, элдин кызыкчылыгын актабаган орган болуп калганын билгизет. Андай парламент бизге кереги жок.

Осунбек Жамансариев, адвокат:

“АША ЧАПКАНДЫК ДЕГЕН УШУЛ”

– Бир үйдөн жети ки­шини камака алуу абдан жаман, бирок, С.Жапаров козголгон кылмыш иш боюнча камалды. Ал эми туугандары кылмыш иш эмес, административдик укук бузуулар боюнча кыска МӨӨНӨТКӨ 2 суткадан 5 суткага чейин камалышкан болсо керек. Менимче, митинг учурунда кичине аша чаап кеткен жагдайлар үчүн кармалып калышты окшойт. Ал эми С.Жапаровдун балдарын уруп сабоо, кандай болгон учурда да туура эмес. Аша чапкандык деген ушул.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер:

“А.АКАЕВДИН УЧУРУНДА ДЕЛЕ МЫНДАН АШКАН КАМООЛОР БОЛГОН

Айрым учурда эл­дин эс тутуму кыска экенин байкоого болот. А. Акаевдин учурунда деле мындан ашкан камоолор болгон. Кийин К. Бакиев да андан ашып каматып, ал түгүл жок кылууларга чейин барганы эстен чыгып кетти. Маселе, кимдир бирөлөрдү каматканда эмес. Маселе бийликтин өткөндөрдөн сабак албагандыгында. Мамлекеттик башкаруу системабыз А.Акаев учурундагыдай эле кала бергендигинде. Соттор мындан 20-25 жыл мурдагыдай эле бийликке көз каранды болууда. Мамлекеттик башкаруу системабызды өзгөртүп, жаңы жолго салмайын ушундай чуру-чуу улана берет. Мамлекет туруктуу өнүгүп, каршылаш күчтөрдүн мыйзам­дуу жол менен талаштарын чечип алууга шарт түзүүчү жалгыз жол мамлекеттик башкаруу системасына Элдик Курултай иниститутун ишке киргизүү болмокчу. Мындан башка жол жок. Акыры ошого барабыз.

Мавлян Аскарбеков, активист:

“БИЗДИН ЭЛДИ КОРКУТУП, КҮЧ МЕНЕН БАШКАРАМ ДЕГЕНДЕР ЖАНЫЛЫШАТ

– Садыр Жапаровду камап, балдарын сабап, коркутам дегени бийликтегилердин башкаларга конгуроо какканынан кабар берет. Бирок, Жапа­ров канчалык күнөөлүү болсо да, аны камашса да бийликке эч ким ишенбейт. Мына, маселе ушунда. Бийлик Бакиевдин катасынан сабак албаптыр. Биздин элди коркутуп, күч менен башкарам дегендер жанылышат. Акыйкаттуулук, калыстык орномоюн эл толкуй берет. Бир күн болбосо дагы бир күнү ууру, коррупционер бийликти сүрүп түшүрөт.

Булак: “Майданkg”

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Азыркы ызы-чуунун булагы – президент Атамбаев экенин эч ким тана албайт”

 

Эдил мырза менен Кыргызстанда орун алган саясый окуялар тууралуу сүйлөштүк. Айрым суроолорго жооп алдык.

“БИР ТУУГАНЫН, БАЛАСЫН,КЕЛИНДЕРИН КАМАП, БИЙЛИК АША ЧААП КЕТТИ”

Бийлик Садыр Жапаровго жасагандай катаал мамилени мурда да кайсы бир саясатчыга жасаганбы?

-Мен 25-марттагы окуяларды чынын айтсам, жакшы түшүнө албай койдум. Садыр Жапаровдун мекенине кайтып келгенин эң туура чечим жана эр жүрөктүк кадам катары баалайм. Бирок, аны эмнеге сөзсүз митинг менен тосуп алыш керек болгону, жанагынча мигранттар мекенине кайтып келишип, үйлөрүнө барбай Жапаров үчүн мынча катуу чыгышты деген маселе жаралат. Алардын чоочун жерде чыкпай калган бугу ушул жактан чыгаары, митингдин биринчи эле мүнөттөрүнөн байкалып турду. Ошондой эле Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин УКМКнын сыртындагы ми­тингдин максяты так жарыяланган жок. Башкача айтканда, ошол жерде элди жетектеген белгилүү лидерлер болбой калды. Анан эле “ызы-чуу кылсак, милийсаны коркутуп, аларды жулмаласак эле, Садыр Жапаровду бошотуп жиберет”- деген ойдо болушту. Кээ бирөөлөрдүн түз эле “өзүбүз бошотуп алабыз” деген чагымчыл сөздөрүнө митингди алып баруучулардан туура жана убагында баа берилбей турду. Ошон үчүн мындай көрүнүштү, кырдаалды ташытпашыбыз керек. Анткени, мындай митингдерге мен каршымын. Бирок, ошол эле учурда жогору жактагылардын кандай болбосун, аны коркутуп, күчкө салабыз деген аракетин да колдобойм.

Жарандык коомдун күчү жана таасири – бул моралдык бийиктигинде жана чындыкта. Ошондуктан, 2-3 саатка ызы-чуу уюштура койсок эле маселелер чечилет деп ойлосок, туура эмес жолго түшүп алган болобуз. Бирок, ошол эле учурда, митингге катышканы үчүн айыпталып, катуу сабалган балдардын видеолорун көрүп, аябай жиним келди. Аларды сабаган милийсалар сөзсүз катуу жазага тартылышы керек! Анткени, бул өтө туура эмес көрүнүш болду.

Чынымды айтсам, буга чеийн канчалаган митингдер болду. Би­рок, 110дөн ашык адамды кармап, алардын ичинен 64үн камап, дагы 15ин кылмышка тартты деген болгон эмес. Чынымды айтсам, угуп алып таң калдым. Буга чейин көп митингдерге катышсам да, мынчалык камоо болгонун эстей албай койдум. Баягы 2007-жылы Куловдун “Бириккен фронту” таркатылган, бирок анда дагы камалгандардын саны мынча киши болгон эмес. Бул митинг камалгандар боюнча өзүнчө эле рекорд койду.

Ушул митингден кийин мен Атамбаевге атайын кайрылгым, эскертким келди: “ушул жол менен эле баардык митингтерди таркатып коебуз” деген мурунку жансакчы-азыркы күч органдардын жетекчилеринин тилин албаңыз! Күч менен митингдерди таркатуу эч качан йигиликке алып келген эмес. Бул туура эмес жол! Кыргыз элинин буга чейин деле күчкө баш ийген эмес, азыр болсо андан бешбетер. Бийликтин кадыр-баркы өтө төмөндөп кетти. Ошондуктан. Бул кырдаалды жөнгө салуу керек. Атамбаевдин азыркы негизги милдети – бул таза жана тынч шайлоолорду өткөзүү. Жоопкерчилик толугу менен ал кишинин мойнунда.

Бул жагдай менен жогору жактагылар “унчукпай калбасан сенин да башыңа ушундай күн түшүп калат”- деп кимдир бирөөлөргө коңгуроо кагып жаткан жокпу?

-Мындай конгуроо менен беш жылдан бери эле башкарып келатышат. Башка деле ыкмалары жок. Жалгыз ушундай эле примитивдүү коркутуу. Же кайсы жол менен өнүгөбүз – “кайда баратабыз” де­ген суроолорго жооптору болсочу, аттиң. Жалгыз ушундай эле террор! Ал аз келгенсип эми мына өзү айтмакчы “балашка” Жанар Акаевти да фракциядан айдап чыгып тынды. Саясат өтө майдаланып кетти. Бийлик сын эмес, сөз көтөрө албай калды. Бирок, мындай саясат бат эле өзүнүн потенциалын жоготот. Бул режимдин мөөнөтү аяктаганга 7 айдай эле калды. Элибиздин жана саясый элитанын баардыгы ошону эле күтүп атат. Эң негизгиси, тынч эле кетсе экен деген тилек.

-Садыр Жапаров үчүн бир туугандары, келиндери, балдары жапа чеккени туурабы?

-Садыр Жапаровду эле камакка албастан, анын бир канча туугандары камакка алынганын угуп, не дээримди билбей калдым. Чынында бул өтө туура эмес жана аша чапкандык болду.

“СӨЗ ЗРКИНДИГИ – БИЗ ДЕМ АЛЫП ЖАТКАН АБА”

Сөз эркиндиги чындап эле коркунучтабы же биздегидей эркиндик башка мамлекеттерде жокпу?

-Сөз эркиндиги – бул биз дем алчу абадай эле. Бар болгондо биз аны байкабайбыз, бирок жетишпей баратса же ууланып калса, ошондо эле думугуп баштайбыз. Бизди коңшулар менен салыштырууга болбойт. Алардын тарыхы башка, биз тандап алган жолубуз башка! Сөз эркиндигине болгон чабуул, жанагы “Заноза”, “24.кг” жана “Азаттыкка” каршы коюлган доолордо – бул баардыгыбыздын эркиндигибизге . асылуу, чектөө аракети. Алмазбек Атамбаев көп айтып калчу эле, “ажыдаарды жеңген баатыр өзү ажыдаар болуп калган” жөнүндөгү жомогун. Мына эмесе ошол “Азаттыкты” мактап, “Азаттык” менен жашап, “Азаттыкка” өзү 6-апрелде камоого алынаарда жалынган Атамбаев азыр ошол “Азаттыкты” соттотуп, банк эсептерин камакка алдырды. Ушунун баарын көрүп, анан кантип баягы Акаев менен Бакиевдерди эстебейбиз. Алар дагы “Азат­тыкка” өчөшкөндөрү эсибизде го.

Сөз эркиндигин коргоого ал­ган жөө жүрүштө бийлик камагысы келип жүргөн адамдарды алып чыгып, алардын торуна салып берди дегендер да бар экен. Бул боюнча не дейсиз?

-Андай сөздөрдү окуп, мен аябай өкүндүм. Биздин жаштарда жарандык аң-сезим, констигуциялык эркиндиктер боюнча түшүнүк өтө төмөн экен. Марш деген бул дайыма жол менен жүрөт. Тротуар менен басуу үчүн биз бийликке мурунтадан алдын-ала билдирүүгө милдеттүү эмеспиз да, туурабы? Ошондуктан марш кара жол менен эле өтүшү керек эле. Мындай маршты мисалы биз 2006-жылы апрелде өткөзгөндө, Бакиевдин бийлиги толугу менен бизге шарт түзүп берген. Бул бийлик болсо, 18-мартта жөө жүрүштүн башталаарына 5 ми­нут калганда, Октябрь сотунун негизсиз чектөөсүн колубузга тапшырышты. Ал бизди “тротуар менен гана жүрөсүңөр”- деп милдеттендириптир. Негизи жок, мыйзамга каршы кылып. Бизге бул соттун чечимин мурдатан тапшырышса, биз мыйзамга ылайык, шаардык, Жогорку сотторго даттанат элек. Булар болсо атайын бизге акыркы моментте билгизип атышат. Эми биз “чырдашпайлы” дедик дагы, ал соттун чечимин аткардык. Баш ийип бердик. Бирок ал Октябрь соту РОВДнын көрсөтмөсү менен биздин жөө жүрүштү Лев Толстойго чейин эле тротуар менен басууга милдеттендирген. Андан кийин Абдрахманов (мурунку Со­вет) көчөсү менен бизге эч кандай чектөө киргизген эмес. Мый­замга ылайык бүт алдын ала мэрияга тапшырылган катыбызда көрсөтүлгөн маршрут менен басу­уга толук укукта болчубуз. Эмесе ошол жолго биз Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишинде чыгалы десек, жүздөй милийса бизди оңою менен эле сүрүп чыкты. Биз мыйзамсыз эркиндигибизди чектөөгө туш болуп, милициянын зордук- зомбулугуна дуушар болдук. Бул бийликтин эки жүздүүлүгү: Аксы шеиттерин даңазалап, алардын элесине гүл коюп, кооз создөрдү сүйлөп, ошол эле учурда бүгүнкү жөө жүрүшкө мыйзамсыз, негизсиз чектоо киргизип, күч аркылуу Конституцияда көргөзүлгөн укуктарыбызды тебелөө, эркиндигибизди басмырлоо.

Мен ушундай болоорун билгем. Мага айтылган. “Жол бербейбиз”,- деп ачыктан-ачык эле УВД жетекчилигинен коркутууга дуушар болгом. Бизде башка жол жок. Биз тротуар менен эле түшүп кете турган болсок, ошол Аксыга, 7-апрелге чыккынчылык кылган болобуз! Мен накта ошондо про­вокатор болуп калам – марштарды өмүрүбүздө жол менен баса албай калабыз, дайыма мына “эстүү кой” Байсалов 18-мартта тротуар менен эле өткөзгөн деп, туура эмес преце­дент тузулуп калмак.

Эмне үчүн марштын 5 катышуучусун камакка алды?

-Түз жерден биздин беш катышуучубузду кармашканы, аларды болуп көрбөгөндөй катуу беренелер менен 5 суткага адвокатты катыштырбай камоого буйрук берген Свердлов райондук судьясы Чотонов эч иликтеген жок. Камай турган факты болсо эчактан эле КТРКдан көрсөтүшмөк да, туурабы? Ошол жерде канча фото­видео камералар, ошол эле ички жана атайын органдардын видео тарткычтары жүрдү. Жөн эле түз жерден алып кетишти! Мен элдин ортосунда элем, “мени алып кетебиз” деген эки милийсадан катышуучулар коргоп калышты. Эми мыйзамсыздыктын жана милийсанын өзүмбилемдигинин деңгээлин ушундан эле билип коюңуздар: Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевти кармап алып кетишти, автобуска кадимкидей күч менен салып. Мындай качан эле болду эле? Эч качан Акаевдин же Бакиевдин убагында элдик де­путатка мынча кордук көрсөтүлгөн эмес! Анан бизди айтасыздар! Мурун ошол Акаевдердин учурундабы же кийинби, ашып кетсе 500-1000 сомдон штраф салчу, биз ошол баарыбыз сотко катышып, видеолорду көргөзүп, кадимкидей коомдук жактоочулар жана күйөрмандар болуп. Азыр болсо бизди эмес, депутат жана адвокаттарды сотко киргизбей коюшту. Бул эмне деген сот эң жөнөкөй процессуалдык нормаларга көңүл бурбаган?! Эмнеси сот? Бул эмне деген мамлекет, жанагы балдарга өкүмдү угуздуртпай, колдоруна документ тапшырбай, алып барып каматкан? Мына мамлекеттин талкаланганын ушундан билиңиз! Кайдагы демократия? Кайдагы мыйзамдын үстөмдүгү.

Бирок, булар өтө терең жаңылышты. Коркутабыз деп атып, артык кылам деп, баягы эле тыртык кылышты. Элдин бардыгы “камалган Мавлян, Азамат, Айбек, Расул жана Мухиттей баатыр бололу, элибиздин эркиндиги үчүн камалсак камалалы” деген моданы жаратышты.

Азыр соцтармактарды окусаңыз ушундай резонанс жаралды. Биздин марштын негизги максаты ишке ашты! Тынч эле жүрүшүбүзгө шарт түзүп койгондо – мынча киши билмек эмес, мекенибизде сөз эркиндигине, жыйналыш эркиндигине чабуул болуп атканын, жалпы эле Конституциядагы жарандык укутарыбыз коркунучта экенин азыр элибиз өз көзү менен көрө алды. Анан эле, биз мындан 100 эсе күчтүүрөк режимдерден коркпогон, күн санап отурган бийликке алдыртып иймек белек мекенибизди?! Же болбосо, ушул азаттыгыбыз үчүн 70тен ашуун замандашыбыз бекеринен өмүрү ме­нен төлөшүптүр бааны, биз болсо аны барктай албай, азыр пикетке чыга албай, күрөшкө жарабай мокоп же чарчап калыптырбызбы? Жок, жок жана дагы бир жолу жок! Биз мурун деле эркиндигибизди сактап кала алганбыз. Азыр деле эч кимдин диктатурасына жол бербейбиз!

“ПРЕЗИДЕНТ АКЫЛГА СЫЙБАГАН КАДАМДАРГА БАРЫП ЖАТАТ

24-марттагы революция “бийликти күч менен кетирсек болот экен”- деген өнөкөт оорууну пайда кылган жокпу?

-24-мартта күч менен Акаевди эч ким кетирген эмес. Акаевдин үй-бүлөлүк бийлиги анын өкмөтү жана укук коргоо органдары булардын командаларын аткаруудан баш тартканда өздөрү качып чыгып кетишкен. Бул кырдаалга Акаевдин легитимсиздиги же башкача айтканда сөзүнүн баркы, ооматы кеткени түрткү берген. 2005-жылы кышы-жазы бою кайра-кайра кайрылуу-билдирүүлөр менен чыгып, “урматтуу Акаев, соттор ушундай өзүм билемдикке сала берсе, конституциялык жолдон чыгып кетебиз, бийлик легитимдүүлүгүн жоготууда” дечүбүз.

Революциядан кыргыздар эмне тапты?

-Азырынча бул эки окуяны “революция” деп айтууга болбойт, эки окуя тең – баналдуу төңкөрүшкө көбүрөөк окшош. Байкап көрсөңүз, мына Атамбаевтин аппарат жетекчиси бул Максим Бакиев 7-апрелде Вашингтондогу Госдепке алып барган Сапар Исаков. Башкы проку­ратура, Улуттук банк, Коопсуздук кеңеши, КТР, Энергохолдинг, СДПК жетекчилиги жана бийликтин баардыгы ошол эле Максим Бакиевдин эң жакын адамдарынын колунда. Анан кайдагы ре­волюция? Кайдагы элдик демо­кратия? Бирок бул эки окуянын (24-март жана 7-апрелдин) тарыхый мааниси дагы аягына чыга элек! Тарых дагы уланууда! Биздин “контрлар” менен күрөшүбүз дагы уланууда!

Революциядан сабак алган жан барбы?

-Биз мына канча жылдан бери, азыркы бийликтин табиятын эчак түшүнсөк дагы, булар баягы эле “баардыгы жакшы болот” деген куру сөздөн жана мурункуларды каргагандан тышкары колдорунан эчтеке келбей турганына көзү жеткенден кийин, бир эле ой үмүт менен жашап келдик. Иши кылса, ушул бийлик тынч, өзүнүн мөөнөтүн аягына чейин, элибизге минималдуу зыяны менен чы­гып кетсек экен деп тилеп атам. Кандай болгон күндө дагы, мыйзамдуу тартиби менен буларды узатып, “жаңы, таза шайланган бийликти орнотуп алсак болду”- деген тилегибиз мына, буюрса, ишке ашаарга бир канча эле ай калганда – күтүлбөгөн жерден дестабилизация башталды. Бул азыркы ызы -чуунун негизги булагы – президент Атамбаев болгонун эч ким тана албайт. Эмне себептен акыркы мезгилде түшүнүксүз, өзүнүн кызыкчылыгына каршы келген, логика эмес, акылга сыйбаган кадамдарга барып атат. Бул өтө кызыктуу суроо. Бирок, азырынча мекен сүйгөн патриоттордун негизги милдети – конституциялык тартипти сактап, эркин жана калыс шайлоолорду өткөзүп алуу. Кимде-ким бизде авторитардык режимди орнотуп, каалаган мураскерин дайындап, же өзүм билемдик кылып, калам деген ойдо болсо – терең жаңылышат! Биз ага жол бербейбиз! Ошол эле учурда кимде-ким башаламандык уюштуруп, бийликти басып алам деген болсо – биз аларга да туруштук берип, мыйзамды сактап калабыз! Биздин негизги формулабыз: коомдогу кырдаалды тоңдуртпай, бирок ташытпай, ноябрдагы шайлоого чейин жеткизүү. Шайлоолорубуз таза жана мыйзам чегинде өтүп, каалаган мыкты жетекчилерибиз ат салышып, эл тандаган эмки президентибиз туруктуу мамлекеттин бийлигине келиши керек.

Булак: “Майданkg”

Чингыз Кубатбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык буйрукка кол койду, анда Кубатбеков Чингыз Курманбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

 

Урматбек Кокочаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-мартта, буйрукка кол койду, ага ылайык, Кокочаров Урматбек Курманбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кылмышка шектүү КСДПчы депутат Музафар Исаковду эмне мынча коргошот?

Бүгүн кеп кыла турган адамыбыз – КСДП партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Музафар Исаков.

Укук коргоочу Качкын Булатовдун иликтөөсүнө таянсак. Музафар Исаков Сузак районун Таш Булак айыл өкмөтүндөгү жерледи мыйзамсыз сатып, ошол акчанын аркасы менен КСДПдан депутаттыкка аттанган экен. Бул иш тууралуу тергөө ишин жүргүзүүнү суранган Анарбай Орозовду ар кандай мыйзамсыз жолдор менен оозун жап кылышкан. Бийлик анчалык коргоого алгыдай Музафар Исаков ким эле?

Укук коргоочу Анарбай Орозовдун Музафар Исаковдун мыйзамсыз иштери тууралуу жазган макаласы гезитке жарык көрөөрү менен ал президенттен кол саат сыйлык алган. Кадыржан Батыровдун командасын толуктаган бул адамдын иштери тууралуу бийлик билгиси келбегени менен Сузактын эли баарын көрүп-билип турушат. Анын ким экендигин да жакшы билишет. 12 гектар жерди ар 5 сотыхын 5-10 миң доллардан сатып, мыйзамды көзүнө илбеген жоон моюн депутат Жалал-Абад областынын ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлүн өкүл эне кылып, госрегистрдин мурунку начальнигин дос кылып, башкы прокурордун орун басарын “крыша” кылуу менен бул иштерди аткарып жүргөн адам депутат болууга, президенттен сыйлык алууга татыктуубу?

Кечээги сепаратист Кадыржан Батыровдун соратниги. бүгүнкү депутат Музафар Исаковдун кылмыштуу иштери аны менен эле чектелбейт экен. Улут аралык мамилелерди курчутуп. өзбек улутундагы адамдарды топтоп. “кыргыздарга бийлик бербейбиз” деген ураан менен иш алып барган деген маалымат бар. Кыскасы, бул маалыматтар кыргыздарга тарап кетип, кыжырданууну жараткан.

Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары бийликтен мамлекеттин бүтүндүгүн сактоону, сепаратисттерге жол ачпоону, бийликти бир тараптуу башкарбоону жана кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылат. 2010-жылдын жараты али айыга элек. Ошон үчүн мындай адамдарга астейдил мамиле кылып, зоболосун көтергөндөн мурун мурдагы жасап жүргөн иштерин эске алсак жакшы болот эле. Урматтуу президент, чындап эле коррупция менен күрөшүүнү максат кылсак, тазалоону өзүңүздүн партияныздан да баштасаныз жакшы болот эле.

Булак: “Майданkg”

Жогорку Кеӊештин жаӊы депутаты Аида Касымалиева парламентте ант берди

Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Касымалиева Аида Камчыбековна бүгүн, 29-мартта ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал башка кызматка дайындалганына байланыштуу өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Узарбек Жылкыбаевдин (КСДП фракциясы) ордуна келди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Аида Касымалиеваны салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Депутат Аида Касымалиева 1984-жылы Ош шаарында туулган. 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетин «журналист» адистиги боюнча бүтүргөн. Ошондон бери жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп келген.

Надира Нарматова, экс-депутат: “Бийликтин төө басты саясаты тынымсыз нараазычылык акцияларын, ашыкча митинг, жол тосууларга шарт түзүп жатат”

 

Надира Азимовна, Кыргызстандагы акыркы мезгилдеги саясый окуялар эмнеден кабар берет?

-Акыркы 2012-жылдан бери саясатчылардын көбүнө эле түрдүү беренелер менен иш козголуп келе жатат. Өкүнүчтүүсү, дароо эле оор статьяларды коюшуп, такталган, такталбаган маалыматтар менен, тергөөсү бүтүп, айыбы угула электе эле камаган өнөкөткө айланып баратат. Ошондой эле кылмыш иши тактала электе, сот отурумдары баштала электе, соттун чечими чыга электе эле КТРК менен ЭЛТРден кылмышкер катары даңазалап, такталып бүтө элек маалыматтарды күнүнө он жолудан кайталап, элдин кулагын көндүрүп, бөкөчө, жексур, жеп-ичкич, ууру- кески, жеткен коррупционер, кыл­мышкер кылып көрсөтүп, ашкере жарнамалык иштерди жүргүзүп , укук коргоо органдарынын эң ишенимдүү жардамчысы болуп берип жаткандыгы карапайым элдин кыжырын кайнатып жаткандыгы ачуу чындык. КТРК менен ЭЛТР коомдук, элдик канал болуп, бюджеттен каржыланганы менен элге теңирден  тескери маалыматтарды жеткирип жатышат. Бийликтегилер мамлекеттик телеканалдар менен каралап, максатыбызга жеттик дешкени менен көпчүлүк эл нааразы болуп, КТРди “кара жашик”, “тапшырма аткаруучу канал” дешип жек көрүп калышкандыгы реалдуу жашоонун ачуу чындыгы. Негизи тергөө амалдары бүтүп, айыбы угузулуп, сот болуп, сотто күнөөсү аныкталгандан кийин гана кылмышкер, коррупционер же дагы бир коркунучтуу ууру деп атаса болот. Бийликтин төө басты саясаты тынымсыз нараазычылык акцияларын, ашыкча митинг, жол тосууларга шарт түзүп жатат. Жыйынтыгында, өлкөбүздө туруктуулук, өсүп-өнүгүү болбой, эл арасында мамыр-жумур жашоо өкүм сүрбөй, карапайым эл укук коргоо органдарына ишенбей калышты. Акыркы беш жылда саясий куугунтук дейбизби, саясий коррупционерлер дейбизби, кыскасы, тарыхта болуп көрбөгөн окуялар орун алып, күтүлбөгөн саясий кадамдардын жыйынтыгы түрмө менен коштолуп жаткан көрүнүш орун алды. Тилекке каршы, чыныгы уурулар, коррупционерлер, миллион, миллиарддарды жок кылып жибергендер аныкталганы ме­нен укук коргоо органдары тарабынан эч кандай маани берилбей, күрөш тандоо жолу менен жүрүп жатат.

– Садыр Жапаровдун келишинин урматына уюшулган митинг боюнча нелерди айта аласыз?

25-март күнкү митингди өткөрүүгө уруксат берилгенден кий­ин, Садыр Жапаровду камап, кырдаалды курчутуп, митингди күч менен таратпай деле коюшса болмок. Анткени, Садыр Жапаров “митингдин катышуучулары менен жолугуп, анан суракка барам”- деп коомчулукка ачык жарыялаган. Өз каалоосу менен чек арадан өтүп келгени үчүн рахмат айтып, “митингден бошогондон кийин суракка келиңиз”- деп күтүп турушса болмок. Шоу уюштуруп, коркунучтуу кылмышкерди кармагансып, күтүп турган элдин кыжырына тийбей деле коюшса болмок. Укук коргоо органдары анчалык кыйын болушса, өзү келгенде баса калып камабай, Москва, Алматыда жүргөндө барып, издөө жарыялап алып келбейт беле. Митингде кармалгандарды ур-тепкиге алардан мурун укук коргоо органдары элдин кыжырына өздөрү тийип алганын эске алышса болмок. Граждандык кийимчен балдарды митингге кошо коюшуп, митингге катышкандарга мал сыяктуу мамиле жасап, бир адамды тытмалап, иттин өлүгүн көтөргөнсүп колмо-кол

сүйрөгөндөрү жакшы көрүнүш болгон жок. Кыскасы, 25-марттагы ми­тингде адам укугу корголбой эле кордолду. Кыскасы, 25-мартта атайылап элди коркутуу, үркүтүү максатында көрсөтүү багытында театралдаштырган бир шоу өткөрүштү. Садырдын балдарында, анын бир туугандарында, келиндеринде не күнөө? Аларды камаштын, сабаштын кажети жок го. Жооп берсе Садыр өзү жооп берет. Мен энемин, балдарда эмне айып. Атасы келе жатса үйдө олтурмак беле. Жок дегенде атасы менен учурашайын деп митингге баргандыр. Бир туугандары да инисин көргөнү барышкандыр. Жүрөктү оорутуп, атасын сагынган балдарды ур-токмоко алганы аз келгенсип, бирин эки күнгө, келиндерин 5 күнгө, агасын эки айга камаганы жаман болду, балким, жогору жактагылар бул аракети менен “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген коңгуроо кагып, Садырды бир беткей каралап жаткандыр. Бирок, эл бурмаланган сөзгө эмес, чындыкка ишенет. Кыскасы, Садыр Жапаровду камоо Текебаевдин маселесине окшош бир көрүнүш болуп калды. Тактап алып, анан камашпай, камап алып, анан тергөө жүргүзө башташты. Бул мыйзамга жат нерсе.

Демек, Садыр Жапаров “Кумтөрдү” эл аралык сотко берем деген аракети үчүн ушундай орой мамилеге дуушар болдубу?

-Жапаровдун “Кумтөр” боюнча ачуу билдирүүлөрү, конкреттүү фактыларынан улам, коомчулукта туура эмес пикир жаратат деген шектенүү болушу мүмкүн. Балким, Текебаев­дин үнүн баскандай, С.Жапаровдун да үнүн басуу зарылчылыгы келип чыккандыр. Убакыт көрсөтөт. Шайлоо келе жатат. С.Жапаров шайлоого катышуучулардын бири. Убактылуу тынып, тынчып олтуруп тургузуунун бир айласы кылып, камап салышты окшойт. Сурак берип, соттошуп, оттошуп бүткүчөктү күзгө жетип калабыз. Кыргыздар качан ичибизди кенен кылчу элек. Каныбызда кара мүртөздүк, ичи тардык, жүзү каралык, өзүмчүлдүк, кошоматчьшык, саткындык, көрө албастык жашап турганда, бир бирине “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт”- деген принцип менен мамиле кылып, камоону – тыңчыкмаларды тазалоонун ыңгайлуу жолу катары карап. жатышса керек да. Чынында Садырдан коркунучтуу коррупционерлер, өлүмдөн, кайгыдан, боздогон көз жаштардан акча жасап, миллиарддарды уурдагандар деле жүрбөйбү.

Булак: “Майданkg”

Меню