Menu

САЯСАТ

Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: «Текебаев акыры чыгат, чыкканда да Баатыр болуп чыгат»

 

Эки революциянын бульдозери Азимбек Бекназаров көптөн бери азыркы саясий кырдаал боюнча кенен маек бербей жүрдү эле. Көрсө, бүгүнкү күнгө, тагыраагы 24-мартка чейин мойнуна камчы салып, бир кездеги досу, азыркы президент Алмазбек Атамбаевди кечиримдүүлүккө чакырып, кеч боло электе ойлон деп сөз берген экен. Ошол сөзүндө туруп үн катпай аюудай болуп жаткан тура. Бүгүн бульдозердин мойнундагы камчысы алынып, саясий абалды, ачуу чындыкты айкырта айта турган күнү. Бул биринчи гана маек. Жакында Азике чоң билдирүү менен чыкканы туру.

— Азимбек Анаркулович, Аксы окуясынын 15 жылдыгын белгилеп, элдик жыйын өткөрүп келдиңиз. Жыйынга катышкан эл бийликтен эмнени талап кылды?

— Аксы окуясына 15 жыл болду. Элдик жыйындын темасы да “Аксы окуясына 15 жыл, бийлик Аксы окуясынан сабак алдыбы?” деген болду. Негизги максат Аксы окуясында курман болгон балдарды эскерип, куран окутуу эле. Аксы окуясында курман болуп, жарадар болгондордон сырткары миңдеген адамдар тирүү. Элге командир болгондору эл арасында эле жүрөт. Ош, Бишкекке чейин келгендери, кылмыш иш козголуп, камалып чыккандар бар. Мына ошолор жыйналышып, өздөрү “Балдарыбыз өлгөнүнө карабай чоң жеңишке жеткенбиз. Акырында Акаевди өлкөдөн куудук!” деп эскеришип алды. Жыйындын аягында Бакиевдин бийлиги да, азыркы бийлик да сабак алган жок деген тыянакка келишти.

— Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияда качып жүргөн жеринен Кыргызстанга кайтып келишине Аксы окуясы себепкер болгонун досуңуз өзү да айтып жүрөт. Ошол учурда Атамбаев Боспиекке тургузулган эстеликке өз салымын кошконбу? Эстелик тургузуу үчүн ошол учурдагы оппозиция чоң салым кошподу беле?

— Ал эстеликти тургузууда дагы көптөгөн кыйынчылыктар болгон. 15 депутат өз айлыктарын бөлүп берген. Эл салым кошкон. Эстеликти Казакстандан алып келе жатканда, Осмонакун Ибраимов Курдайдан өтүп жатканда таштагы жазууну өчүртүп салган. Эстеликтин ачылышына Атамбаев барып катышкан. 35 миң сом таштап кетиптир. Анда комиссия түзүлгөн болчу. Адаханга берген экен ошол кошкон. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Абдыганы Эркебаев баштаган бийликтин өкүлдөрү да барган. Бир тобу сүйлөсө, бир тобу сүйлөбөй качып кеткен. Ал кезде Аксы окуясын бүгүнкүдөй болуп баары бир добуштан тааныган эмес. Бийлик тарабынан “Масалиев баштаган тополоңчулар уюштуруп, ушулардын айынан балдар өлдү” деген саясат жүргүзүлүп келген. Атамбаев ошол убакта Түркияга качып кеткен экен, аксылыктар көтөрүлгөндө кайтып келген. Аксылыктар Бишкекке келгенде Атамбаев бир тобуна отун-суусун, күрүч-майын, тамак-ашын, жатаканасына чейин камсыздап бергени чындык. Мен муну дайыма айтып жүрөм. Ал убакта кыргыз эли ачык экиге бөлүнгөн. Бир тарабы Бекназаров үчүн эмес, кыргыз жери деп күйгөн. Оппозициянын өкүлдөрү депутат болчу. Элдин ишенгени да депутаттар эле. “Бекназаров Үзөңгү-Куушту көтөргөнү үчүн аны колдош керек” дешкен. Себеби, Азимбекти алдырып койсок Үзөңгү-Куушту алдырып коёбуз деген. Мен Үзөңгү-Кууш маселеси карала элегинде алып чыккам. Бийлик ага чейин бул маселени карап койдук деп жаткан. Мурунку депутаттар караганы жасалма болуп чыгып калган. Азыркы президент аксылыктар менен чогуу жүргөнүн танбаш керек. Премьер-министр, президент болдубу Аксы окуясына көңүл буруп келет. 6 жыл президент болуп олтурса 4 жолу өзү барды. Эки жолу Указ чыгарды. 10 жылдыгында өзү барып музейдин ачылышына катышып, биринчи Указын чыгарса, 2016-жылы Аксы окуясын түбөлүк калтыруу боюнча Указын чыгарды. Бул фактыны айта жүрүшүбүз керек. Бирок, ал кандай максатта жардам берди, өзүн куткаруу үчүн жардамын берип келаткан жокпу дегенди Атамбаевдин өзүнөн сураш керек. Менин байкашымча ал чын жүрөгүнөн жардам берип келатат.

— Аксыдагы жыйынга “Ата-Мекендин” депутаттары барып сөз сүйлөдү. Ошол эле күнү Базар-Коргондо Текебаевди колдогон митинг болду. Ал митингге депутаттар менен чогуу аксылыктар да кошулат деген маалымат чыгып кетти эле. Аксы окуясын эскерүүгө барган элди саясатташтыруу аракети болдубу?

— Ошондой сөз болуп, ушак тарап, Аксыга бараткандын бир тобу Базар-Коргондон кармалып, алардын машинасын тартып алуулар болду да. Бийлик тарабынан Аксыга бараткандарга тоскоолдук болгон жок. Мен жеке өзүм айрым адамдар менен сүйлөшкөнүмдө коё беришти. Базар-Коргондо жүргөн адамдарды чындыгында кармашты. Аксы окуясын пайдаланабыз, саясатташтырабыз деген аракеттер болду. Мен аны байкап эле турдум. Аксы элин өзүң билесиң да. Аларга жол берген жок. Тарыхый нерсени айтты, куран окутту да аларды жолго салып койду. Өздөрү деле аксылыктар андайга алдырып жибербей турганын билишет да. Баргандарды сыйлады, рахматын айтышты. “Ата-Мекендин” депутаттары барышып, камакта жаткандар тууралуу сүйлөштү. Аксы эли дагы аларды камабай эле сурай бергиле дегенди колдошту. Таптакыр эле бошотуп койгула, күнөөсү жок деп эч ким айткан жок. Президенттен өзүңүз ушулар менен кошо жүрөсүз, мурда кайда жүрдү эле, эми сөзсүз камаш керек беле, биз дагы Азимбекти түрмөгө камабай эле үй камагына чыгарып кой деп суранганбыз, булар дагы ошону эле кайталап жатат деп суранды. Саясатка айлантып жиберүү максаты болгон жок. Биз сүйлөй турган талаа жасап бердик, эркин сөз болду. Экинчи жагы, ушул бийликтен коркуп кээ бир адамдар барган жок. Биз ал жерге барсак, Текебаевди колдоп барып калган болобуз дешип өтө сактык менен кээ бирлер жолдон кайтып кеткендерин да уктум.

— Сиз айтып жаткандай бул жерде окшоштук бар. Сиз камалганда аксылыктар үй камагына чыгаргыла деп талап койгон. Текебаевдин тарапташтары да үй камагына чыгарып, андан кийин сурай бергиле деп жатат. Депутат Бекназаровду үй камагына чыгарбай койгондон улам Аксы окуясы болгон. Депутат Текебаевди дагы үй камагына чыгарбай койсо ошондой окуя болуп кетпейби деген чоочулоо бар да?

— Туура, мыйзамдуу талап. Мен да үй камагына чыгарып кой деп айтып жатам. Бул мыйзамга да туура келет. Себеп дегенде 7 жыл мурун болгон окуя деп арыз жазылып жатат. Майда 7 жыл болот экен. Алдамчылык беренесинде 7 жыл өткөндөн кийин “срок давности” деген бүтөт. Май айында Текебаев соттосо да, соттобосо да чыгат. 7 жылдан кийин козголбогон иш козголбойт, козголгон иш кыскартылат. Шектүү киши 7 жылдан бери эмнеге арыз жазган жок? Букеева дагы ошондой болгон да. Маевский менен Букеева окшош фигура. Акаев менен Атамбаев окшош. Эл үй камагына чыгарып коюп сурай бербейсиңби десе болбой жатат. Каалайсыңарбы-каалабайсыңарбы Текебаев юридикалык жактан май айында чыгат.

Бул бийлик чыгарбай койсо деле кийинки бийлик келип, Текебаевге “срок давности” колдонулбай калган деп жаңы жагдай менен чыгарат. Кылмыш болгон күндө дагы. Мен кылмыш болгон эмес деп ойлойм.

— Бул бийликтин кандай болсо да камоо максаты болсочу?

— 12 максаты болсо дагы, 12 ажыдаар болуп кетсе дагы чындык деген бар. Убактылуу жатышы мүмкүн. Текебаев акыры чыгат, чыкканда дагы Баатыр болуп чыгат. Бул боло турган нерсе. Ушул болуп кетпеши үчүн ага коррупция деген беренени коюп коюшту. Коррупцияны чаптасаң да жармашпайт. Эмне үчүн дегенде, орус менен Текебаевдин ортосунда жакын мамиле жок. Алар бири-бирин жакшы деле тааныбайт. Орус деле ошентип айтып жатат. Булар туруктуу кылмыш жасаганга бирге турган эмес. Бул кылмыш ишке караганда жарандык ишке жакын. Текебаев “Мегаком” сеники болсо алып берем деп айтса айткандыр. Тиги алып бере албай калдыңбы, менин тыйынымды кайры деп сураш керек эле да. Товар сатып алам деп тыйын берсе, товар бере албай калганда тыйынымды кайры дегендей эле болуш керек эле. Ошон үчүн Атамбаев буга 6 жылдан бери кылмыш иш козготкон эмес. Август айында Текебаев мунун реформасын колдобой койгондон кийин тиреш башталды. Текебаев башкаларга окшоп жатып албай, парламенттин трибунасын пайдаланды. Колунан келишинче Атамбаевден ашырып сокту. Аялына чейин асылды. Путин келатканда “Сени президент десем, тиги күндө эле согуп жатат. Колуңдан бир нерсе келеби?” дегендей кылып койду окшойт. Атамбаев “Бул жерде мен президент” деп койду. Кожоюнуна Кыргызстанда мен кожоюнмун деп көрсөттү. Бул менин жеке пикирим. Кандай болбосун Атамбаев күнөөлүү. Бийлик күнөөлүү болот. Анткени, алдамчысы да, кылмышкери да, уурусу да бийликтен үмүт этет. Бийликте турган адам ар бир камалган адамга ыйлаш керек. Мен президент болуп турганда бул эмнеге камалды? Туура эмес саясат жүрүп жатабы? Мыйзамдар туура эмеспи? Эмне үчүн уурулук, коррупция көп? Ушундай суроолорго жооп издей турган нерсе. Айрымдар президент Текебаевди камаганы үчүн сүйүнүп алыптыр деп айтып жатышпайбы. Тескерисинче, ал мени менен үзөңгүлөш жүргөн адам кантип ушундай кылмышка барды деп ыйлаш керек болчу. Эгер барганы чын болсо. Бизде болсо тескерисинче. Дагы деле укукту, мыйзамдуулукту түшүнө электигибиздин белгиси. Көчөдөгү мен сени согуп салам деген деңгээлден өйдө көтөрүлө элекпиз. Анан журналисттерди жалган маалымат жазып жатат деп сөгөбүз. Журналистке ким тыйын-тыпыр берип жаздырып жатат? Биринчи кезекте Сегизбаев, СНБ баарын шыбатып соктуруп жатпайбы. Бийликтин партиясы жаздырып жатат. Калгандары карап турат беле? Президент журналистти сөккөндөн көрө, аны жазалабай эле анын себебин издеш керек эле. Эмне үчүн менин деңгээлимде, ушактын деңгээлинде кылмыш иштер ачылып, журналисттер ушак жазып калды деп өзүн күнөөлөш керек болчу. Ким жаман атты болот? Атамбаев да Акаевге окшоп качып калышы мүмкүн. Ташиевдин, Келдибековдун, Асановдун, Кадыровдун, Текебаевдин ишине Атамбаев өзү жооп берип калышы ыктымал. Бүгүн Текебаевди жек көргөндөр туура болду деп айтып жатса, Атамбаевди жек көргөндөр туура эмес болду деп айтып жатышат. Бул жагына, тиги жагына да күлбөш керек. Адамдын башына жаман нерсе келип турганда, эч качан жаман нерсеге бербөө зарыл. колдон келсе колдоп, калыс сөзүңдү айтып кой. Душманың болсо дагы ошого барыш керек. Бул ата-бабадан келаткан султандык болот.

— Эки санаалаштын ортосунда кандай талаш-тартыш болуп жатканы түшүнүксүз болуп жатпайбы. Эл деле эки анжы болуп ортодо эле калбадыбы?

— Экөөсүнүн талашы эмне экенин мен да түшүнбөйм. Акаев экөөбүз Үзөңгү-Кууш үчүн тирештик. Экөөбүздүн тирешибиз ошону менен калды. Атамбаев менен Текебаевдин эрегиши эмнеден улам болгонун чындыгында эл дагы түшүнбөй калды. Экөөсү 6 жыл бийликте олтурду. Каалаган прокурорун коюшту, каалаган адамын чогуу каматты, Конституцияга каршы нечендеген мыйзамдарды жазды. Тескерисинче, экөөсүн сындап “Унчукпай коюуга укугум жок” деп мен жүрдүм. Аягына келип эки дос тарс эте түштү. Болгондо дагы экөө коалицияда бирге чогуу турушуп. Мен үчүнчү күчтүн таасири деп ойлойм. Булар Кыргызстандан сырткары күчтөр. Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө, экономикасына, саясий эгемендүүлүгүнө каршы сырткы күчтөр күчтүү. Биринчиси Россия, экинчиси Бакиевдер, үчүнчүсү Акаев. Булар чоң күч. Азыр Россиянын саясаты мурунку Союзду бир үй-бүлөгө камаш. Ал жакта Россиянын таасирин кармап калыш керек. Буга революциялык күчү бар өлкөлөр баш ийбейт. Алар Украина менен Кыргызстан. Кыргызстанда революциячыл күчтөр бар, ошолорду таптакыр жок кылбайсыңбы деген саясат жүрүп жатат. Муну биздин эл түшүнө элек. Революциялык күч, аракеттер, кыймыл жугуштуу болот. Эртең андан нары кетиши мүмкүн. Өмүр бою бийликте отурам дегендерге бул жакпай турган нерсе. Менин жеке оюмча Атамбаев ошолордун ырын ырдап жатат. Парламентте олтурганын жайлап коём, дагы экөө-үчөө бар, аларды дагы жакында жайлайм деди. Дүйшөн Чотонов деген ким? 2005-жылы Ош облусунда революциянын башында турган киши. Бектур Асанов ким? Ал Жалал-Абадда революцияны орноткон киши. Жалаң революциялык күчтөрдү талкалап жатпайбы. Убактылуу Өкмөттүн баарын сөктү. Азыр жалгыз өзү калды. Акаев “Бир автобуска салып айдап ийсе болчу топ бар” деп айтчу. Акаев автобуска салып айдай албай калды, Жаныш автобуска салдырып жардыра албаган адамдарды Атамбаев өзү бирден жок кылып жатат. Ошон үчүн Путинге “Эки революцияны мен кылгам. Үчүнчүсүн кылбайм” деп билдирди. Ушулардын баарын анализдеген кишиге Атамбаев сырткы күчтөрдүн буйругун аткарып жатат. Акаев, Бакиев экөөсү тең интервью берди. Аларга да жөн жатпай, тигил жактагы адамыңарды көтөргүлө, өч алгыла деген тапшырма берилди. Сегизбаев деген ким? Сегизбаев 2005-жылы март революциясынын жабырлануучусу. Ал эртеби-кечпи революционерлерден өч алам деп жүргөн киши. Жетинчи кабаттан сүдүрөлүп түшкөн. Анын жан дүйнөсү революцияга каршы. ФСБнын саясий буйруктарын аткарып жатат. Бүгүн Атамбаевдин кеңешчиси жок. Мүмкүн, сен муну аткарбасаң, өзүңдүн аталаңды чыгарып коёбуз деди. АКШны ызы-чуу кылып жаткан хаккерлер эки күндө эле Атамбаевдин маңкасын чубап койбойбу.

— Сизди эки революциянын “бульдозери” деп атап келет. Алмаз досуңуз “Эки революцияны тең мен жасагам” деп айтты. Ушул сөздөн кийин сиз ким болуп каласыз?

— Аман болсун. “Эки революцияны мен жасагам” дедиби, революциянын жоопкерчилигин өз мойнуна алды. Ал үчүн рахмат. Ага чейин мени согуп жүрчү элеңер го. Бекназаров менен Сариев банк ячейкасындагы акчаны бөлүп алган деп айтып жүрүшкөн. Ошолорду да мойнуна алсын. Июнь окуясы болуп кетти. Аны да өз мойнуна алсын. “Мегакомдун” ызы-чуусуна жооп берсин. Бирок, мен ага “Мегакомду” 7 жылдан бери чыныгы ээсине бербей эмнеге кармап олтурасыңар деп айтып жатпаймынбы. Бул мындан да ырбай берет. Маевскийлерден ондогондор пайда болот. Анткени бул ээси жок туру. Ар ким сугун артып, бийликке чуркай берет. Революционер болсо ээсине берсин. Революциянын ээси адилеттүүлүк, акыйкаттык болот. Максим менен Елисеев рейдерлик кылган мүлктөрдү ээсине кайтарып бериш керек. “Мегакомду” алар рейдерлик кылып тартып алган. Бул боюнча кылмыш иш Биринчи Май райондук сотунда дагы деле жатат. Ким аны каратпай жатат? Эмне үчүн ушул убакка чейин каралбайт?

— Революциянын автору Атамбаев же Бекназаров эле болбосо керек?

— Биринчи жана экинчи революциянын автору Акаев менен Бакиев. Революциялык кырдаалды ошолор жараткан. Алар элдин кыжырына тийген. Эл кыжырданып турганда, аларды баштай турган “Вожак” чыгып элди ээрчитет. Революцияны эл жасайт. Ленин менен Сталин элди ээрчиткен. Николай падышасы элди кырып ошол абалга алып келген. Ошон үчүн революциянын биринчи жаратуучусу бийлик өзү болот. Эгер азыр революция болсо, анын жаратуучусу да Атамбаев өзү болот.

— Сиз өткөн жылы “Революция жасаганга кудуретим да жетет, демөөрчүлөрүм да бар” деп айттыңыз эле. Революция жасоо оңой ишпи?

— Эгер дух болсо, элдин турмушуна жан дүйнөң күйсө, өлкө башындагылардын жүргүзүп жаткан саясатына чын дилиң менен каршы болсоң революция жаратса болот. Элдин аң-сезимине эмне үчүн “КыргызГаз” кетип калды, эмне үчүн “Кумтөр” алынбай жатат, эмне үчүн Уңгар-Тоо кеткени жатат дегендерди айтып жеткире алсаң, ошондо гана эл бул бийликтин эмне кереги бар деп чыгат. Эл мен үчүн эмес, кыргыздын жери, кыргыздын байлыгы үчүн чыгат. Бүгүн ушул маселени көтөрүп, ачык айткан саясатчы барбы? Эл дагы ишенбей калды. Ошондой шарт бар, элди ээрчите турган “Вожак” жок. Бакиев кандай кеткен болсо, азыр эч нерсе өзгөргөн жок. “Революциядан кийин эмне өзгөрдү?” деген суроо коюлушу керек да. Бүгүн эл аны айтпайт, тажап бүттү. Дагы бир жолу кан төгүлгөндү эл каалабайт. Мен дагы кан төгүлгөндү каалабайм. Бийликтин кемчиликтерин айтып туруу депутаттардын милдети. Биз Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев баштаган депутаттар кайсыл гана жерге барбайт элек. Парламенттин трибунасынан Акаевдин бийлигин сындап турчубуз. Кетирген кемчиликтерди көрүп туруп, унчукпай олтуруу да чоң кылмыш. Бул өз элиңе кылып жаткан чыккынчылык. Акыркы эки жолку чакырылыштагы парламент Атамбаевден дагы жогорку чыккынчылык кылып жатат. “Кумтөрдү” кайрып алуу Атамбаевдин иши эмес, депутаттардын иши. Сегизбаевди ооздуктап коюу да депутаттардын колунда. Ал Өкмөттүн мүчөсү. Депуттар иштей албагандыктан, Сегизбаев аларды адам ордуна көрбөйт. Атамбаев аларды тоготпогондой болуп, күндө бирден министрди кабыл алып президенттик башкаруудагы өлкөдөй болуп олтурат. ”Урматтуу президент, парламенттик республикага өтөбүз деп революция болгон. Башында сиз тургансыз. Биз парламенттик өлкөбүз. Сиз эмне үчүн биз шайлаган, биз отчётун уга турган министрлерди күндө чакырып алып, кош бийлик жасап жатасыз. Муну токтотуңуз!” деген депутат барбы? Азыр акча сураган ким? Атамбаев. Сот ким? Атамбаев. Прокурор ким? Атамбаев. Милиция ким? Атамбаев. Тергөөчү ким? Атамбаев. Парламент ким? Атамбаев. Президент ким? Атамбаев. Ооруп жатат деп жазып жатасыңар. Ушунун баарын бир адам кантип көтөрөт? Анан ооруйт да. Окшоштук деп айтып жатасың. Бакиев өзүнүн аппарат башчысын иштетип туруп тирүүлөй өрттөп жиберди. Атамбаев болсо аппарат башчысын иштетип туруп соттоп жиберди. Бакиев үзөңгүлөш революционерлерди иштетип туруп баарын айдаган, Исаковду соттогон. Атамбаев дагы өзү менен чогуу келгендердин баарын айдап, Текебаевди камап олтурат. Мен аягы окшош болбосун, кан төгүлбөсүн деп жатам.

— Эки жыл мурун президенттикке барам деген оюм бар дедиңиз эле. 6 ай убакыт калды, ошол ниет дагы деле барбы?

— Барам деген ниет бар. Бирок айта элекмин. Барам дегенде журналисттерди чакырып, мен дагы аттандым деп айтам. Аттанбай калышым да ыктымал, аттанып калышым да мүмкүн. Мен айрымдарга окшоп президенттикке түбөлүк талапкер болгум келбейт. Аттансам жеңишим керек. Жеңе албаймынбы, аттанбайм. Мен аны жаман көрөм. Бүгүн бийликте Атамбаев турганда күзүндө эч ким ута албайт. Күзүндө Конституциясын кандай өткөрүп алган болсо, бул жолу да мураскерин ошондой тынч эле өткөрүп алат. Анын мураскери сөзсүз болот. Аны биз мойнубузга алышыбыз керек. Кайсыл бийлик болбосун мураскерин калтырат. Атамбаев да бир адамга ставка койгонго укуктуу.

Булак: “Жаңы ордо”

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбековго Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Ардак грамотасы ыйгарылды

26-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул туурасында КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардын алакалар тууралуу баарлашып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков алгач Вячеслав Володинди кыргыз-орус дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап: «Тарыхы бир эки өлкөнүн мындан аркы алакаларын улантуу, айрыкча парламенттер ортосундагы байланыштарды арттыруу биздин башкы максатыбыз. Себеби Кыргызстан көп тармактуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыктар»,- деди.

Ошондой эле эки мамлекеттин парламенттеринин башкы милдети өлкөлөр ортосунда жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан колдоого алуу экенин айткан Чыныбай Турсунбеков: «Кыргыз-орус достук мамилесин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеяларынын (ЖККУ ПА) алкагында улантуубуз керек» – деп кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Думанын ортосундагы кызматташтык боюнча түзүлгөн парламенттер аралык комиссиянын ишине токтогон Төрага: «Белгилүү болгондой, ушул жылдын 25-мартында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Мамлекеттик Думанын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен болгон байланыш комитетинин кезектеги биргелешкен жыйыны ийгиликтүү өттү. Андыктан, ушул сыяктуу парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү багытындагы комитеттер аралык жыйындарды гана өткөрбөстөн, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатындагы ар кандай жолугушууларды өткөрүп туруубуз зарыл», – деди.

Мындан сырткары, жолугушууда ЕЭАБ алкагындагы кызматташтык маселелери да талкууланып, тараптар соода байланыштарын кеңейтүү тууралуу да пикир алмашты.

Өз кезегинде Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Россия тарап Кыргызстан менен болгон бардык тармактагы алакаларды арттырууга кызыктар экенин белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды күчтөндүрүү менен эки мамлекет достугун чыңдоого болорун билдирди. Ошондой эле ал Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Дума ортосундагы биргелешкен бир катар долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Жолугушуунун алкагында Вячеслав Володин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго эл аралык байланыштарды күчтөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы  КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

Депутат Акылбек Жапаров: “Алгач ички рыногубузду иретке келтирүү керек болуп жатат”

Бүгүн, 27-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Комитет жыйынында «Евразиялык экономикалык бирликке интеграциялоо шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспортерлорду коргоо жана аларга колдоо көрсөтүүнүн тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Депутат Акылбек Жапаров Евразиядык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) кошулуунун негизги максаттарына жетишүүгө коюлган маселелерге токтолду. Ал атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү күчөтүү жаатында сатуу рыногун кеңейтүү, товар жүгүртүүнү арттыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана башка бир катар милдеттерди чечүүгө багытталган биргелешкен аракеттер менен Жогорку Кеңештин КР Өкмөтүнүн аткаруусуна карата тапшырмалар белгиленген токтом долбоору даярдалгандыгын маалымдады.

Талкууда депутат Дастан Жумабеков токтом долбоорунда Кыргызстан аймагына контрабандалык продукциялардын киргизилишине жол бербөө боюнча катуу чараларды көрүү тапшырмасы жакшы белгиленгендигин, чындыгында эле бул контрабанда маселесине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле комитеттин бир катар мүчөлөрү да токтом долбоорун колдоого алып, өз пикирлерин ортого салышты.

Депутат Акылбек Жапаров тармактык комитеттин депутаттары айткан сунш-пикирлер токтом долбоорунда камтылганын белгилеп: “Алгач ички рыногубузду иретке келтирүү керек болуп жатат”,- дейт. А.Жапаров маалыматтарда белгиленгендей, өлкөгө 471 миллион сомдук айыл чарба продукциялары сырттан кирип жатканына токтолуп, мынча акча каражаты өзүбүздө калгандай иш-аракетерди көрүү зарылдыгын, өзүбүздө ишканаларды ачуу керектигин билдирди. Эл өкүлү сунушталган токтомдун алкагында бул багытта атайын программа иштеп чыгып, турмушка ашыруу боюнча тапшырмалар белгиленип жатканын кошумчалады.

Депутат Рада Туманбаева дагы кесиптештерин колдоого алып, токтомдун аткарылышы боюнча кайсы бир мезгилден кийин маалымат угууну сунуш кылды.

Жыйынтыгында кароого киргизилген токтом долбоору сунуш-пикирлерди эске алуу менен жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү чечими кабыл алынды.

 

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Бүгүн бийлик К. Ташиев, А. Келдибеков, А. Мадумаровдор түзгөн үчилтикке эч нерсе кыла албайт деп ойлойм»

Бүгүнкү жашообуз мезгилдин чоң сынагындай баамдалууда. Дүйнө саясатындагы чабыттар, АКШда Трамптын бийликке келиши, Орусиянын ага болгон үмүттөрүнүн акталбай калышы, Кыргызстандагы саясаттын барган сайын татаалдашып баратканы, бийлик менен оппозициянын ортосундагы тиреш күндөн-күнгө курчуп, бийлик өлкөнү кайда алып баратканы белгисиз болуп, алдыбызда туңгуюк турганы коомубузда ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратып, элди бушайман кылууда. Себеби, алдыда президенттик шайлоолор келатат. Бийлик болсо эмитен эле камынып, өзүнүн алдыңкы конкуренттерин жыга чаап, болочок мураскерге жол ачууга кирди. Алды менен Акаев-Бакиев камай албаган Ө. Текебаевди камашты. Болгондо да жалаанын негизинде. Эгерде ал камалса, анда калгандары жөн эле жатып берет экен деген пикир басымдуу болуп баратат. Элибиз алда эмне болуп кетет деп олтурган чак. Мына ушул жана башка суроолорго жооп берүү үчүн тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеровго суроо салып кайрылдык.

— Табылды мырза, АКШда шайлоо учурунда Орусия Трампка тартып жатат деп жатышты. Трамп шайлоону уткандан кийин аны Орусиянын тыңчысы катары да баалап жиберишти. Бирок, баары Теңирден тескери болуп, Трамп утуп алгандан кийин Орусиянын үмүттөрүн актаган жок. Бул бурулушту саясат таануучулар кандай деп атайт?

— Муну биринчи кезекте Трамптын шайлоо учурундагы тактикасы менен түшүндүрүүгө болот. АКШнын буга чейинки президенти Обама демократтардын партиясынан эле. Обама буга чейин Орусияга каршы саясатты жүргүзүп келди. Дүйнө өлкөлөрүнүн баары биригип Орусияга каршы саясат жүргүзүп жатты. Орусияга санкцияларды киргизип, каршылык күч алды. Дүйнөлүк коомчулукта 3-дүйнөлүк согуш болобу деген пикир жаралды. Мына ушуну эске алып, Трамп кандидат катары Орусияга жакыныраак, керек болсо аны менен жарашууга да болот дегендей пикир жараткан ойду айтып чыкты. Албетте, ал Обаманын бийлигине каршы программаны алып чыгып, буга чейин согуш болуп кетпесин деп кооптонуп, үрөйү учуп келген коомчулуктун үшүн басты. Ал көпчүлүгүндө карапайым калктын кызыкчылыгында аракеттене тургандыгын айтып, АКШнын сыртына чыгып кеткен бизнесмендердин акчаларын кайра кайтарам, өлкөнүн экономикасына жумшатам, жаштарга иш камсыздайм деп олтуруп утуп алды.

Бирок, уткандан кийин ал өз саясатын жүргүзүп жатат. Трамптын утушу бекер болгон жок десек да болот. Себеби, анын бийликке келишин көпчүлүгүндө америкалык интеллигенция, саясий истеблишмент да каалады. Орусия Трампты анын аялынын теги славян экендигине байланыштуу колдоп жатты. Башкача айтканда аялынын славян экендиги АКШ менен Орусиянын ортосундагы алаканы жакшыртууга көмөк болуп калабы деп үмүттөндү. Бирок, америкалыктар бул факторду таптакыр башка негизде пайдаланууга кызыкдар экенин орусиядагылар байкабай калды. Бул Трамп шайлоолорду утаары менен эле байкалды. Мисалы, Трамптын инаугурациясында АКШнын гимнин теги америкалык украин 19 жаштагы кыз ырдады. Муну менен Трамптын администрациясы Украина маселесинде АКШ Киев тарапта болоорун билдирди. А эгер муну кеңири карасак, анда бул факт бүтүндөй славяндарга АКШнын бийлигине же Ак үйгө силердин кандаштарыңар кожоюн болду, биз бияктабыз деген белгини берип турат. Трампты Ак үйгө алып келип Вашингтон славян элдерине Орусияны эле карай бербегиле, АКШнын Ак үйүнүн жүрөгү деле силер деп согот, ал жакта силердин кандаштарыңар кожоюн деген сөздү айткысы келгени ачык байкалып турат. АКШ Трампты пайдаланып, славян өлкөлөрүндө өзүнүн позициясын бекемдөөнү көздөп жатат десек болот.

— Демек, Трамптын Ак үйдү ээлеши Орусияга каршы саясат турбайбы?

— Ооба. Бул атайы иштелип чыккан саясат.

— Бирок, биздикилер АКШнын маселесинде Дж. Соросту пайдаланып жатканы байкалат го. Дж. Сорос Атамбаев менен Обаманын учурунда да жолукту эле. Эми да, өткөндө Атамбаев Батышка барганда Дж. Сорос менен кеңири маектешкени маалымдалды…

— Бирок, бул бизге келип жаткан эле маалымат да. Чынында Дж. Сорос демократтарды колдоп келген. Трамп республикачыл партиядан болгондон кийин аны менен пикир келишпестикте. Бүгүн Трамп Дж. Сорос жана башка ошого окшогон байларды АКШга акчаңарды алып келгиле, ишканаларды бул жакта ачкыла деп кысып жаткан чагы. АКШда бүгүн Обаманын Өкмөтүн пайдаланып, Дж. Сорос өзүнүн фондуна миллиондогон акчаларды котортуп алган деп шектелүүдө. Азыр анын финансы ресурсу текшерүүгө берилүүдө. Башкача айтканда бүгүн Дж. Сорос АКШда оюндун сыртында. Бүгүн Дж. Сорос менен Атамбаевди жолуктуруудан пайда жок. Эгерде Дж. Соростун Трамп менен проблемасы болбосо, КР президенти А. Атамбаев менен жолугат элем деп атайы сапар тартып Батыштан издеп барат беле? Ал эч убакта мындайга барган эмес. Бирок, бүгүн ал үчүн АКШнын Ак үйүнүн эшиги жабылып калгандыктан ал баарына макул болуп, А. Атамбаевди издеп жер кезип, Батышка барып жатат.

— Кыргызстандын бүгүнкү абалга кептелишинин себеби эмнеде? Бүгүн баары эле Атамбаевди жана анын тегерегин профессионал эмес, мурда ага шоопур, жансакчы, завхоз болгон адамдар түзөт деп сындашат. Бийлик эмнеге көчөдөн ишсиз жүргөн адамдарды тегерегине чогултуп алды? Буга эмне себеп? Ш. Дүйшеев айткандай кайдыгерликпи?

— Менин оюмча, Кыргызстандын бүгүнкү абалга кептелишинин бир гана себеби бар. Ал-саясий сабатсыздык. Ооба, Кыргызстан бүгүнкү абалга саясий сабатсыздыктын айынан кептелди. Буга далил катары Акаевдин доорун алсак болот. Акаев өзү окумуштуу, академик катары алдына камчы салдырчу эмес. Ошол кездеги оппозицияда Акаевдин деңгээлине тең келе турган адамдар жокко эсе болчу. Анан ал кандай гана аракет кылбасын илимге таянчу. Ошол эле кадр маселесин алалы. Ал кездеги кадрлар менен Бакиев менен Атамбаевдин мезгилиндеги кадрларды салыштырып көрсөңүз эле жетиштүү. Акаев кеминизм, кушчизмге таянган дегендери менен бул кадрлар СССР учурунда коомго таанылып, ар кайсы тармактарда иштеп, коомдон өз ордун алып калган кадрлар болгон. Бирок, Акаев канчалык окумуштуу болбосун, өлкөнү коррупциялык системага алдыртып жиберип кулады. Акаев өзү жараткан бизнесмендердин жана коррупциялык системанын курмандыгы болду. Бизнесмендер телчигип, бутуна туруп алгандан кийин коррупционерлер менен биригип алып, бул бийликтин бизге кереги жок, биз өзүбүз эле өлкөнү башкарсак болот экен. Бизге академик саясатчынын кереги жок. Өзүбүздөн эле бирөөнү коюп алып, башкара беребиз деп аны кетирип, бизнесмендер сүрөп Бакиевди алып келишти. Бакиевдин учурунда анын балдары, бир туугандары көп экен дешет. Ал эч нерсе эмес. Бир туугандар деле тобо деп, өз-өзү менен жүргөндөр толуп жатпайбы? Бирок, Бакиевдин балдары да, бир туугандары да алгачкы же жапайы бизнес аркылуу бутуна туруп жаткан доордо калыптанышкан да. Булар прихватизация доорунда калыптанышкан. Ошондуктан булар тез эле бийликтин төбөсүнө чыгышып, мамлекеттик кызмат абалын пайдаланып баюуга өтүштү. Өлкөнүн баарына – бизнесмендерге счетчик коюп коюшту. Бакиевдин балдары жана бир туугандары ар бир тармакты бөлүп алып, мамлекеттик кызматты бизнеске айландырып алышты. Ким аларды укпагандар, каршы чыккандар, буйрутма өлүмгө кабылып, жок болуп жатты. Бирок, кан коё бербейт деген сөз бар эмеспи. Булар көпкө узабай кулашты.

Акаев академик болсо, Бакиев менен Атамбаев бизнесмендер. Булардын менталитети таптакыр башкача. Мына азыр Трампты да сындап жатышат. Трамп да бизнесмен. Булар сынга көнгөн жандар эмес. Булар эркин жүрүп, баардык ишти өзүлөрү каалагандай жүргүзүп көнүп калышкан. Баардыгы булар каалагандай болушу керек. Башкача болууга мүмкүн эмес. Ошого бизнесмендер бийликке келсе, ММК менен карама-каршылыктарга, пикир келишпестиктерге кабылат. Бизнесмендер өзүлөрүн жарым Кудай сезишип көнүп калышат. Эркин жүрүп, өзүнчө чечим кабыл алып көнүп калган адамга, аны сындап жатышса өтө өөн көрүнөт. Кечээ эле ал өзүн жарым Кудай сезип жаткан да. Анан эми мамлекеттик кызматка келгенде коомчулуктун көңүл борборуна алынганда аны жаалата сындап киришсе, чатакка өтүп, пикир келишпестиктерге кабылат.

Ошондуктан бизнесмендер өз кызматкерлерине да жарым Кудайлык позицияда мамиле кылышат. Аларга катуу талап коёт, керек болсо урушат дегендей. Чыдасаң иште, чыдабасаң кете бер деген принцип менен мамиле кылат. Бизнесменге кадр тандоодо анын диплому барбы, жокпу бул маселе кызыктырбайт. Ага эң биринчи анын буйруктарын кыйшаюусуз аткарган адамдар керек. Бизнесменге диплому бар адамды ишке алып, аны менен кечке проблема тартып жүргүсү келбейт. Андан көрө диплому жок эле адамды ишке тартып, анан аны өзү ишке көндүрүп алганы оң. Бизнесменге эң негизгиси ишти тезирээк алдыга жылдырып, жыйынтыкка жетишүү. АКШ менменсинген бизнесмендеринин тарыхын карасаңыздар. Баары даана көрүнүп турат. Мисалы, болтту кечке кадай албай кыйналгысы келбейт, андан көрө кувалданы алып, болтту ары киргизе уруп, ишти алдыга жылдырып кеткени оң.

— Бирок, Атамбаев туугандарын бийликке алып келген жок да. Ошого карабай, аны да тегерегине ишсиз калган мурдагы өзүнүн кызматкерлерин алып келип алды деп нааразы болуп жатышат. Коомчулукта революция Атамбаевдин мурдагы ишсиз калган кызматкерлери үчүн болгонбу деген пикир жаралды. Атамбаевдин тегерегинде революционерлерден өзү жалгыз экен. Парламентте деле таптаза саясатты түшүнбөгөн, билбеген, кокустан барып калган адамдар көп болуп жатат. Эл буга нааразы. Бул жагдайды кандай чечмелейсиз?

— Харс Енсен (1904–1971) социал-демократиялык жумушчулар партиясынын төрагасынын саясий маселелер боюнча кеңешчиси, 1932- жылы Швед парламентинин миграция жана демограция саясаты боюнча комитетинде бул тууралуу өтө таасын айткан сөзу сакталып калган.

Мен ушуну толугу менен орусча келтирсем, жетиштүү чыгаар. Ал айтат: «Когда из страны уезжают ученые, инженеры, врачи и остальные представители умственного труда. Уезжает цвет народа-интеллигенция-то потом в такой стране правителями становятся бизнесмены, политиками становятся плебеи и проходимцы с улицы, а депутатами парламента базарные спекулянты, спортсмены и артисты».

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 25 жылдан бери өтө көп адамдар Кыргызстандан чыгып кетип жатат. Көбү мигрант болуп Орусияда, Казакстанда жүрүшөт. Себеби, бул жакта аларга өз кесиби боюнча иш жок. Мигранттар менен кошо интеллигенция да кетүүдө. Аларда бул жакта иш жок болгондуктан же айлыктын аздыгынан, үй-бүлөлөрүн айлыкка бага албай, өлкөнү таштап кетип жатышат. Бирок, мыкты адистердин өлкөнү таштап кетүүсү анын келечегине кедергисин тийгизет.

Бизнесмен саясатчы мамлекеттик кызматты өзүнүн ишканасындай сезет. Ошого бардык кызмат орундарына өзүнүн ойлорун, идеяларын тез жана кыйшаюусуз аткара турган адамдарды алып келгенди оң көрөт. Буга өлкөдө түзүлгөн кырдаал да жол ачып жатат. Эгер кимдир бирөө сынга алса, өлкөдө кадр дефицит деп жооп берет.

— Чын эле парламенттеги партиялардын тизмесин карасак, биринде да өз пикирин так айта ала турган депутаттар жок. «Ата-Мекен» гана акыркы убакта бийликке каяша айта алган, коррупциялык схемаларын так, даана көрсөтө баштаган болчу. Калгандары бийликти, Өкмөттү контролдомок турсун, Илмиянов, Ниязов, Исаков, Сегизбаевдерден жүрөк үшүн алып койгондой коркору көрүнүп турат. Ушундай парламенттин келечеги барбы?

— Теория жактан элдин баары саясат менен аракеттенгиси келбейт. Анын айрым гана бөлүгү саясат менен алектенгиси келет. Партиянын тизмесин түзүүдө да бул фактор эске алынышы керек. Мисалы, Кыргызстанда саясат менен алектенгиси келген жаштардын тобу бар. Алар атайы кыймыл түзүп, аны «Жаңы муун» деп атап алышкан. Анын катарында А. Мавлянов, Т. Саралаев, А. Турдукулов, Д. Орунбеков, А. Айтикеев ж. б. жаштар бар. Бирок, парламенттик шайлоолордо бир да партия буларды тизмеге киргизейин деген жок. Тескерисинче, буларды байкамаксан болуп, саясат жөнүндө түшүнүгү жок эле адамдарды кошуп алышты. Дагы жакшы «Ата-Мекен» партиясы булар менен кызматташуу жөнүндө келишимге келишип, булар көп нерсени үйрөнүп калышты. Мен ойлойм, эгер булар да партиялардын тизмеси менен ЖКга келгенде парламент бүгүн алда канча дурус абалда болмок. Бизде дайыма жаштарды тарбиялоо керек, саясатка дайындоо, үйрөтүү керек дешет. Бирок, кайсы жаштарды өзүлөрү да билбейт же билгилери келбейт. Себеби, конкуренциядан коркушат. Саясат менен алектенем деген жаштардан, саясат жөнүндө эч кабары жок жаштар менен иштешүү женилирээк. Алар конкурент боло албайт.

— Бирок, баары тескери болуп жатпайбы. “Жаңы Муундун” өкүлдөрүн митинг, пикет сайын эле камап жатышат. Президент А. Атамбаев Д. Орунбеков менен соттошуп бүтпөй жүрөт. А. Турдукулов менен президенттин жан сакчысы Э. Мамбеталиев соттошуп жатат? Кечээ эле сөз эркиндигин коргоо маршына чыкканда М. Аскарбековду камап, ага адвокат киргизбей, адвокаттын катышуусуз эле сот чечимин чыгарып, 5 күнгө камап коюшпадыбы?

— Мамлекет жаштар саясатында чоң ката кетирүүдө. Мисалы, «Жаңы Муундагы» жаштар Акаев-Бакиевдин доорунан бери эле саясатка аралашууга аракет кылып келатат. Мамлекет болсо аларды камап, коркутуп-үркүтүп, сотко берип жатат. Мамлекет өзү биринчилерден болуп жаштардан диссиденттерди дайындап жатат. Саясатчы жаш кезинен диссидент болсо, алардын саны көбөйүп кетсе, бул өлкөнүн, коомдун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет. Диссидент болгондон кийин адам мамлекетти жек көрүп калат. Ал кайра-кайра мамлекетке каршы акцияларын уланта берет. Кыргызстандын шартында өлкөдө диссиденттердин санынын көп болушу мамлекеттин, коомдун өнүгүшүнө терс таасир тийгизет. Мисалы, Атамбаев өзүнүн ордуна мураскер калтырды дейли. Ал жаш саясатчы болсун. Бирок, Атамбаевдин жардамы менен бийликке келип алган адам болсун. Коомчулук же болбосо жаштар аны кабыл албай коюшу мүмкүн. Ал эми диссидент саясатчылар ага каршы саясий акцияларын уланта берет. Өлкөдө туруктуулуктун дайыма сакталып турушу күмөндүү болот. Ошондуктан, партия лидерлери саясатка аны менен алектенүүнү каалаган гана адамдарды алып келиши керек. Баарын базардагы пияздай же картошкадай оптом тизмелеп алып келгенден коомго да, мамлекетке да пайда жок.

— Угушубузга караганда Дж. Сорос А. Атамбаевдин командасындагы батышчыл кадрлар С. Исаков, А. Сегизбаев, Т. Жумакадыровдорду колдоп коюшу мүмкүн имиш. Буга кандай дейсиз?

— Балким, булар өз кызыкчылыктарында А. Атамбаевге таасир берүү үчүн Дж. Соросту колдонуп жатышы мүмкүн. Бирок, бүгүн Дж. Сорос АКШнын саясатында активдүү оюнчу эмес. Жок эле дегенде жакынкы 4 жыл аралыгында ал АКШда чоң оюнчу боло албайт. Бирок, ошол эле учурда ал Трамп аны кысып жаткандыктан кайсы бир өлкөгө капиталын жайгаштырууга аракет кылышы мүмкүн. Балким, президенттик шайлоолордо ал Кыргызстандан кайсы бир кандидатты колдоп, финансылап, кийин алтын кендерин же дагы бир чоң акча алып келүүчү объектилерди билгизбей өзүнө каратып алууну көздөшү да ыктымал. Буга Орусия жол бербесе керек. Себеби, президент ким болбосун, Орусия билип койсо, анда аны коомчулукка ачып таштаса, анда ал президент ошол эле замат бийлигинен кол жууп калышы толук мүмкүн.

— Анда Атамбаев буларды мураскер кылып калтыра албайт экен да. Калтырса да көпкө тура албай калышы мүмкүн экен да. Анда мураскер ким болот?

— Мураскерди жарыялоо өтө эле татаал маселе. Аны алдын ала айтып койсо, анын жолун бууп коюшу мүмкүн. Ошого бул маселе өтө жашыруун болот. Атамбаев Сегизбаев, Исаков, Жээнбеков болот дегендей позицияны кармангандай боло берет. Бирок, чыныгы мураскерди билгизбей кармап турат. Мындай ыкма менен ал өзүнүн тегерегин ишке мобилизациялап, кадрлардын, тегерегинин өзүнө жан дили менен иштеп берүүсүн камсыз кылып турат. Булар болсо, мен мураскер болом деп жанталашып иштей берет. Мына карабайсызбы, У. Исраилов министр болуп келээри менен Коопсуздук кызматы «Белизгейт» операциясын ойлоп таба калды. Себеби, президенттин тегерегине дагы бир кандидат келдиби деп коркуп кетишти көрүнөт. Ошого эптеп Текебаев, Шыкмаматов, Салянованы камап берип, чоң ишенимге кирүүнү көздөштү. Бирок, мындан майнап чыкпай калды. Ага да карабай дароо «Маевскийгейтти» уюштуруп жиберишти. Бул иштин да Текебаевдин адвокаттары тарабынан бир айга жетпей ташы талкан болуп жатат. Көрсө, Текебаев Маевский менен Москвадан таптаза жолуккан эмес экен. Текебаев июлдун башында инаугурацияга катышып, анан Норвегияга Осло шаарына Ташкент аркылуу учуп кеткен. Июлдун 12синде келип өз арызы менен УӨ кызматын тапшырып берген. Башкача айтканда Текебаев июлда Маевский менен жолуккан эмес, сентябрда жолуккан дейли дешсе, ал учурда Текебаев Өкмөттүн мүчөсү эмес болуп калган. Ал 12- июлдан баштап бийликте эмес болгон. Ошого Маевскийге “Мегакомду” сатып алууга жардам бере алмак эмес. Маевский да анын Өкмөткө таасири жок болгондон кийин ага кайрылмак эмес болуп жатат.

— Кыскасы сиздин оюңузча жогорудагылар мураскер болбойт экен да?

— Атамбаевди (эгер өзү экинчи мөөнөткө барбаса) бизнесмен-саясатчы катары кабылдасак, анда мураскер болуп улуу муундагы саясатчылардын бири болушу мүмкүн. Менимче, мураскерлик ага-ини Жээнбековдорго тийиши толук ыктымал. Бирок, Атамбаевдин дагы бир өз ичинде сактаган башка да кадры болушу мүмкүн. Үчүнчү жол, Атамбаев мураскерсиз кетиши да күтүлөт. Себеби, Атамбаев чыныгы президенттик шайлоолор болуп, элдин кеңири катмары колдогон саясатчынын утуп алышына кызыкдар болушун жокко чыгарбоо керек. Ал кеткенден кийин да өлкөдө туруктуулук сакталып калат.

— ММКларда С. Исаков мураскерликти талашып, Сегизбаевди уруп салгын деген миш-миштер тарабадыбы?

— Менимче, бул жерде урган тарап өзүнүн таасиринин чоң экенин билдиргиси келген болсо керек. Кимиси таасирдүү адамга жакын болсо, ошонун таасири чоң деген ойду айткысы келген.

— Сиздин жогоруда айткандарыңыздан улам, маселенин баары бүгүн бийликке саясатчылар эмес, бизнесмендер келип жатканында турбайбы. Биздин бүгүнкү тас кейпибиздин себеби бул бийликтин жаратылышы өзгөрүп, эки тизгин, бир чылбыр бизнесмендердин колуна өтүп кеткенинде экен да?

— Ооба. Кайсы бир деңгээлде ошондой. Мына парламенттеги саясий партиялардын тизмесин эле карасаңыз. Ал жакта кимдер олтурат? Парламент деген бул элдин каймагы болушу керек да. Бирок, бүгүнкү парламентти биз элдин каймагы деп айта албайбыз. Мен эл менен көп жолугам. Өткөндө бир топ адамдар менен сүйлөшүп калдым. Алар Атамбаевдин «Ата-Мекен» партиясын «сасык» партия деген сөзүн талкуулап жатыптыр. Алар айтат, ушул парламент парламентпи? Атамбаев парламентти «сасык» десе жарашат эле деп. Себеби, депутаттары сасыткы жумурткадай эле, солкулдатсаң болк-болк деп үн чыгарат. Бирок үнү сыртка чыкпайт. Мына коомчулуктун парламентке берген баасы. Эми булар күйгөнүнөн айтып жатышат да. Мен ММКларга көп чыгам, эл менен көп маектешем. Элге эң негизгиси чындык керек экен. Мен муну так билдим. Мына баарыбыздын көзүбүзчө КТРК аркылуу «Белизгейт» операциясын берип жатышты. ЖКда талкуу болгонун көрсөтүштү. Президентти да аны чын деп ишендирип, калп айттырышты. Эгер жалган чыгып калса, анда катуу чаралар колдонулаарын да жарыя кылдырышты. Бирок, баары жалган болуп калбадыбы. Ага да болбой тез арада «Маевскийгейтти” ойлоп табышып, аны да ЖКдан талкуулашты. Ал талкууну да КТРКдан көрсөтүштү. Эми бир айга жетпей, баары документалдуу түрдө калп болуп чыгып жатат. Мага бүгүн ар кайсы региондордон чалып жатышат, эмне «Маевскийгейти» да жалган болуп калдыбы? -деп сурап. Анан мынчалык элдин чыдамын алуунун кандай кажети бар дейм да. Албетте, сырлуу иш болгондон кийин, мунун артында миллиондогон акчаларды сүмүрү турат деп ким ойлобосун. Эл деле мейли, эгер жесе камасын деп жатат. Бирок, эч нерсе таппай, айла кеткенде жалаа менен камап жатышат деп тынчсызданып жатышат. Себеби, биздин эл 1933, 1937–38-жылдарды көрүп калган да. Анда да элибиздин эң мыкты каймактарын «Алаш Ордонун», «Турандын» мүчөсү деп жалаа менен камап, атууга буйрушкан. Ушунун баарын көрүп туруп, парламент унчукпай жатканына нааразы.

— Мурунку бийлик учурунда саясатчыларды камап алып, анын бизнесин бөлүш деп, бизнестерин тартып алып, андан кийин чыгарып жиберишчү эле. Азыр деле ошондой көрүнөт да?

— Мурунку бийлик бизнесмендердин баарын бөлүшкүлө деп жатып кулап жок болушту. Ал гана эмес Кыргызстанда бизнес жасоо эң оңой, бийлик менен бөлүш да, каалаган бизнесиңди жасай бер деген сөз да чыккан. Бирок, тилекке каршы азыр деле ошол абал сакталууда. Мисалы, М. Бакиев жана башкалардын мүлктөрүнүн талап-тонолушун карабайсызбы. Кыргызстанда баары эле билет Жалал-Абаддагы 7-канал К. Ташиевдики болгонун. Кийин бийликтин кыстоосу менен президенттин тегерегиндеги бирөөнө өтүп кетиптир. Бул деген Кыргызстанда эң биринчилерден болуп бийликтин мародёр, мошенник экенин көрсөтүп турат. Бийлик мародерлукту мыйзамдын негизинде жүргүзүп, кысымдан пайдаланып, бизнестерин тартып алып жатат дегендик десе болот. Бул бүгүнкү бийликтин жүзү.

— Бүгүн бийликке туруштук берүүчү күч барбы? Текебаевден кийин бошогон орунду ким ээлеши мүмкүн?

— Менимче бүгүн баары эле бир нерсени күткөндөй түр көрсөтүүдө. Текебаев акталып чыгып калабы деп жатышат. Бүгүн документалдык жактан акталып жатат. Бир гана маселе бийлик сотторго телефон аркылуу буйрук берип чыгарбай койбосо, чыгышы керек. Бирок, мен ойлойм, бийлик бүгүн К. Ташиев, А. Келдибеков, А. Мадумаровдор түзгөн үчилтикке эч нерсе кыла албайт. Себеби, буларга карата карасанатайлыктардын баарын кылып бүтүштү. Эми дагы кайталаса, түштүктүн эли көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

— Текебаевди эл колдойбу?

— Бийлик да бул маселеден коркуп, акырындык менен иштеп жатат. Себеби, кыргызда жон намысыбыз үчүн деген түшүнүк бар. Эгерде түндүк да, түштүк да жабыла жон намысыбыз үчүн деп колдоп кетсе, анда бийлик Текебаев жана башкаларды камамак турсун, президенттик шайлоолорду да өздөрү ойлогондой өткөрө албай калышы ыктымал.

Булак: “Жаңы ордо”

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Биз салтка айланган ишембиликтерди өткөрүү менен өлкө аймактарында тазалыкты камсыз кылуубуз керек жана бул иш формалдуу болбошу зарыл

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жер-жерлердеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жазгы тазалоо жана аймактарды көрктөндүрүү маселеси боюнча тийиштүү министрликтердин жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Премьер-министр Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жазга карата даярдыктын алкагында жыл сайын аймактарда салттуу өтүүчү жазгы ишембиликтерди өткөрүүнү жандантуу тапшырмасын берди.

«Ишембилик бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу менен коштолот. Ишембиликте отургузулган дарактарга, көчөттөрдү өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, аларга кам көрүш керек. Болбосо, биз жыл сайын дарактарды отургузабыз, алар каралбай калат. Эгерде мурда отургузулган бактар каралса, Кыргызстан эмгиче жунгли сыяктуу эң жашыл өлкөгө айланмак. Биз салтка айланган ишембиликтерди өткөрүү менен өлкө аймактарында тазалыкты камсыз кылуубуз керек, бул иш формалдуу болбошу зарыл. Жер-жерлерде чыныгы тазалыкты камсыз кылуу ишине жергиликтүү жашоочуларды тартып, жаштарды өз өлкөсүн, тазалыкты сүйүүгө тарбиялообуз зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өзгөчө кырдаалдарга токтолгон Өкмөт башчы 2016-2017-жылдары өлкөнүн бардык аймактарында кыш мезгилинде жаан-чачын мурдагыга караганда сезилээрлик көп болгонун билдирди.

«Алынган маалыматтарга караганда, 2017-жылдын апрель айында республиканын түштүк аймактарында жаан-чачындын айлык нормадан көп болуусу күтүлүүдө, аба-ырайынын шарттарынын өзгөрүүсү жаан-чачындын көп болуусу, сел жана жер көчкүлөрдүн күтүлүүсүн, анын жыйынтыгында калктуу конуштардын жабыркоосуна таасир этүүсү мүмкүн”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө күн жылышы менен күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күнү-түнү нөөмөт кылуу үчүн күчүн мобилизациялоону тапшырды. Өкмөт башчысы белгилегендей, азыркы учурда тийиштүү министрликтер каржылык ресурстар, зарыл техника жана күйүүчү-майлоочу майлар менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалган.

Жогорку Кеңеш Төрагасы Ч.Турсунбеков: "Кыргызстан ЕККУ ПА өӊдүү дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар"

Бүгүн, 27-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарындагы иш сапардын алкагында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Төрайымы Кристин Муттонен менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Жогорку Кеӊеш менен ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык терроризм коркунучтарына биргелешип каршы туруу көйгөйлөрү да көтөрүлдү.

Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы парламенттик-демократиялык демилгелерди колдоого алгандыгы үчүн ЕККУ Парламенттик Ассамблеясына ыраазычылык билдирип: “Кыргызстан ЕККУ ПА өӊдүү дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар”, – деди.

Ошондой эле радикализмдин жана экстремизмдин жайылып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирген Чыныбай Турсунбеков: “Кыргызстан терроризмдин, криминалдык кыймылдардын жана террордук уюмдардын ишин тыкыр көзөмөлгө алуу менен коомдук коопсуздукту сактоо жаатында баардык аракетти көрүүдө”, – деди.

Андан тышкары, ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын 2018-жылдагы күзгү сессиясы Кыргызстанда өтөрүн эске салган Жогорку Кеңештин Төрагасы  57 өлкө катыша турган ири иш-чарага жетекчилик кылуу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин жана ага даярдыктар тынымсыз улантылып жаткандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын Төрайымы Кристин Муттонен Кыргызстандагы демократиялык жетишкендиктерге, шайлоолордогу ачык-айкындуулукка оң баасын берип: “Шайлоо өнөктүгүнө жаӊы технологияларды колдонгонуӊар мактоого татыктуу. Ал эми быйылкы Президенттик шайлоого да ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын байкоочулар тобу мониторинг кылууга кызыкдар”,- деди. Ошондой эле, парламенттер аралык байланыш, баардык кызматташтыктын башатында туруусу зарыл деген Кристин Муттонен терроризм өӊдүү дүйнөлүк коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү натыйжалуу болорун белгиледи.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы  Санкт-Петербург шаарында КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышууда. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозова бар.

 

Видео - Орусиянын ондогон шаарларында антикоррупциялык акциялар өттү

26-мартта Орусиянын ондогон шаарларында антикоррупциялык нааразылык акциялары өтүп, аларга миңдеген адамдар катышты. Митингдер бийлик расмий түрдө тыюу салган шаарларда да өттү.

Түрдүү маалыматтар боюнча, Москвада уруксат берилбегенине байланыштуу сейилдөө форматында өткөн митингге 8 миңден 20 миңге чейин адам чыкты. Полиция активисттерге каршы күч колдонуп, акциянын жүздөгөн катышуучулары кармалды.

Борбордо кармалгандардын арасында оппозициячы Алексей Навальный да болду. Ал 27-мартта өтчү соттук угууларга чейин милиция бөлүмүндө калтырылды. Андан сырткары жекшемби күнү өлкө боюнча өткөн митингдерди онлайн түрдө көрсөткөн Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкерлери да кармалып, уюмдун кеңселери тинтүүгө алынды.

Ошондой эле полиция Тула, Краснодар, Нижний Новгород, Самара, Хабаровск, Екатеринбург жана башка шаарларда да митинг өткөрүүгө жолтоо болду.

Навальный Орусия премьер-министри Дмитрий Медведевди коррупциялык жол менен миллиарддаган рублдик каражат тапканын иликтеп чыкканын билдирген. Буга байланыштуу тарапташтарын өлкө боюнча антикоррупциялык митингдерге чакырган. Премьер Медведев иликтөөдөгү айыптоолорго жооп бере элек.

Ташкент-Дүйшөмбү багыты боюнча алгачкы аба каттамы 4-апрелге белгиленди

Ташкент — Дүйшөмбү — Ташкент багыты боюнча 4-апрелге белгиленген алгачкы каттамга билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу “Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын Тажикстандагы расмий каттоодон өткөн өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, билет баасы 1200 сомонини (140$ айланасындагы каражат) түзөт. Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча учуулар аптасына бир жолу, ар шейшемби сайын аткарылып турат.

10-февралда Ташкентте «Сомон Эйр» жана «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпанияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп, Дүйшөмбү-Ташкент-Дүйшөмбү багыты боюнча ырааттуу аба каттамын ачуу маселеси талкууланган. Анда «Сомон Эйр» Өзбекстандын Авиакөзөмөл инспекциясынан уруксат алып, 20-февралдан тарта Дүйшөмбүдөн Ташкент аэропортторуна каттамдарды аткаруу укугуна ээ болгон.

Бирок 20-февралда “Сомон Эйрдин” Ташкентке болчу каттамы аткарылган эмес – авиакомпаниядан өзбек тарап «коопсуздук маселелеринен улам» тажик учагын Ташкентте кабыл алуудан баш тартканын билдиришкен. Бирок кийинчерээк “Сомон Эйрдин” жетекчилиги өзбек тарапка тиешелүү документтердин топтому өз учурунда жөнөтүлбөгөнүн аныктап чыккан. Буга байланыштуу компаниянын коммерциялык директору Алишер Рустамов баш болгон жооптуу кызматкерлери жумуштан алынган.

Өзбекстан менен Тажикстан шаарларынын ортосундагы ырааттуу аба каттамдары 1992-жылы, Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлигин коюп жаткандар ошол аймакта туруктуу каттоодо туруусу милдеттүү эмес

Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлигин коюп жаткандардын ошол аймакта туруктуу каттоодо турган-турбаганы маанилүү эмес.   Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткандар болсо, алар  туруктуу каттоого турушу керек. Мындай маалыматтар менен депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 27-мартта Талас шаарында өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында,  –  “Айылдык кенештерди да шаардык кенештер сыяктуу эле партиялык системага өткөргөндө гана гендердик маселе шыр чечилет”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Муниципиалдык кызматтагылардын класстык чен алуусу боюнча маселе көтөргөндүгүн айткан демилгечи депутат,-“Айылдык кеңештердин төрагалары  айлык алып иштесин,- деген сунуш Жогорку Кеңеште 3-окууда кабыл алынып, бирок Президенттин кайчы пикири менен кайтып келген. Эгер демилге колдоо тапса, аталган жергиликтүү кеңештердин төрагаларына жергиликтүү бюджеттен каржылоо иштери колго алынмак эле”,- дейт.

Айыл өкмөт башчысынын же шаар мэринин кызмат ордуна көрсөтүлүүчү талапкерлерге карата кошумча квалификациялык талапты киргизүү мыйзам долбоорундагы жаңылыктардын бири. Ал  мамлекеттик тилди эркин билүүнү милдеттендирүү болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө» ошондой эле  «Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган Талас шаарындагы парламенттик угууга Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин төрайымынын орун басары  Асылбек уулу Дамирбек менен депутат Бактыбек Райымкулов катышууда.

Эске сала кетсек, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын маңызы жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун максаты боюнча парламенттик угуулар Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен областтарында өткөрүлгөн. Эми Талас областындагы парламенттик угуудан кийин, эртең 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйындар залында ушул эле теманын уландысы кеңири талкууга чыгат. Андан соң, 31-мартта ушул эле айыл өкмөт башчыларын түз шайлоого арналган мыйзам долбоору Жалал-Абад областында да кеңири талданмакчы.

 

ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КМШ Парламенттик Ассамблеясынын жыйынына катышты

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблея (КМШ ПАА) кеӊешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата парламент жетекчилери атайын кайрылуу кабыл алышып, бул жылдар аралыгында жетишилген ийгиликтер жана Ассамблеянын келечектеги иш планы талкууланды. Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары Парламентаризмдин эл аралык күнүн белгилөө сунушу боюнча пикир алмашып, жыйын алкагында 25 жылдыкка карата даярдалган мааракелик почта маркасын жүгүртүүгө чыгаруу аземи да болуп өттү.

Андан тышкары, жыйында КМШга мүчө мамлекеттердеги өтүлүүчү шайлоо өнүктөрүнө даярдык жана аларга байкоочуларды жөнөтүү маселеси көтөрүлдү.

Жыйын соӊунда делегация башчылары парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо менен Ассамблея ишин жигердүү улантуу зарылчылыгына токтолушту.

 

Меню