Menu

САЯСАТ

Кадрдык алмашуунун кезеги Карашевге келди

Жетинчи кабат жаз келери менен кадрдык жүрүштөрүн жасай баштады. Азырынча президенттик аппараттын ичинде гана бул оюн ойнолду. Кийинки кезекте өзгөрүүлөр Жогорку Кеңеште орун алары белгилүү болду. Төрага Чыныбай Турсунбеков креслосунан жылмышып, анын ордуна Аалы Карашев келе турган болууда. Карашевдин парламентке келиши менен бул өзгөрүү болот деп эбак айтылган. Ошол сөздүн учуру эми келип жеткендей. КСДПнын катарында үн катпай олтурган депутаттардын беш-алтоосу да ордуларын кийинкилерге өткөрүп бере турган чечимге келгени да айтылды. Бул кадам жетинчи кабат парламенттеги абалын жакшыртып, тылын бекемдөөгө барып жатканын айгинелейт. Жогорку Кеңештеги орун алмашуулардан соң күч структураларында дагы эл күтпөгөн алмашуулар болору тууралуу сөз козголуп жатат дейт. Кадрдык алмашуу менен бул бийлик эптеп жаздан чыгып алса, күркүрөгөн күздөгү шайлоого шайдоот барганы туру.

Булак: “Жаңы ордо”

Ири көлөмдөгү маңзат менен кармалган экс жана азыркы чекисттер Дүйшөбаевдин көздөй кадрлары беле?

Ушу жылдын 7-мартында УКМКнын мурдагы жана азыркы кызматкерлери 7,5 кг героин менен кармалганы маалым болду. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, алар атайын кызматтын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин көздөй кадрлары экен. Тагырагы, Кеңешбек мырза аларды УКМКны жетектеп турган кезинде жумушка алыптыр. К.Дүйшөбаев «үч тамганы» калчап турганда бир катар коррупциялык иштерге барганы, кызматтык унаасы менен баратып жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен адам өмүрү кыйылганы тууралуу аңыз кептер маалымат каражаттарында далай жазылды. Бирок, ага тийиштүү органдар тарабынан конкреттүү чара көрүлгөн жок. Эми анын кадрларынын ири көлөмдөгү маңзат менен кылтакка илиниши «алма сабагынан алыс түшпөйт» макалын эске салганы. «Эшегине жараша тушагы» деген замана ушул тура. Буга Кеңешбек Дүйшөбаев кандай жооп кайтарары кызык. Айтчу сөзү болсо редакциябызга келсин, диктофон сунууга дайым даярбыз.

Булак: “Ачык саясат”

Алмазбек Атамбаев «Ыйман» руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев 11-мартта  «Ыйман» руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына диниятчыларды кайра даярдоо жана адистигин арттыруу, өлкөдөгү чыгармачыл адамдардын жакшы идеяларын кеӊири жайылтуу боюнча «Ыйман» фонду аткарып жаткан иштер тууралу маалымат берилди. Нуржигит Кадырбековдун айтымында, 2015-жылы долбоор башталгандан бери 2 миӊден ашуун имам зарыл табият-илимий билимдерди алып, диний жана светтик сабатын көтөрүштү.

«Ыйман» фондунун башчысы ошондой эле Президентке Ыйман, тарбия жана маданият жылынын алкагында кыргыз элинин улуттук маданияты менен билимди жана динди шайкеш айкаштырууга, жер-жерлерде жаштардын руханий жана интеллектуалдык дараметин ачуу максатында ар кандай аянтчаларды түзүүгө багытталган иш чаралар планы тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын руханий маданиятын өстүрүүдө жана өлкөдө саламаты чыӊ, сабырдуу жана билимдүү коомду калыптандырууда «Ыйман» фондунун ишинин маанисин баса белгиледи. Президенттин айтымында, өлкөдөгү азыркы диний кырдаалды жана дүйнөдөгү диний өнүгүү багыттарын эске алуу менен Кыргызстанда конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөөдө «Ыйман» фондунун көмөгүнө баа жетпейт.

«Президентти колдойлу, өлкөнү ойлойлу» деген КСДП президентти колдоого даярбы?

Бул жуманын саясий хити президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып сүйлөгөн сөзү болду. Ырасын айтыш керек, президенттин сөзүндө эл көксөп жүргөн маселелер козголду. 7-апрель күнү канын төккөн азаматтардын аруу тилеги тепселенип калды, Убактылуу бийлик эл жасаган революцияны уурдап кетти, 90 баланын каны бекер эле төгүлдү деп буга чейин айтылып келсе, аны президент өзү тастыктады. Азыр элдин арасында бир да маселени чечүүгө дарамети жетпей калган күнкарама парламент тараса экен дегендер арбын. Парламенттин өзүндө дагы “тарап кетпейлиби” деген сөздөр байма-бай көтөрүлүп келет. Мыйзам чыгаруучу бийлик өзүнүн функциясынан алыстап, саясаттын очогу болуп калганы эбак. Президент да өз сөзүндө “Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат” деп туура баа берди. Мындай парламенттин барынан жогу деген сөз ажого да жеткен окшойт “Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунуш айтты. Мен анын сунушун колдойт элем. Урматтуу депутаттар! Карга карганын көзүн эч качан чукубайт деген сөз бар. Эл бузарларды, мародерлорду тайраңдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Төрөбаевди колдоп, тарап эле кетпейсиңерби? Же болбосо, мыйзамды сыйлап, өлкөнүн тагдырын ойлоп, эл үчүн иштебейсиңерби? Кудайдан корккула да!” деп жээриди.

Парламентте чечүүчү ролго президенттин КСДП фракциясы ээ. Шайлоо учурунда КСДП “Президентти колдойлу, өлкөнү ойлойлу!” деп ураан чакырып жүргөн. Президент тарап кетпейсиңерби деп кадам таштап жаткан соң, КСДП биринчилерден болуп “Биз президенттин саясатын колдойбуз” деп мандатын жерге бир чаап четинен чыгып кетиши керек эле. Ошондо президенттин саясатын чын эле колдогонун көрсөтмөк. Биз КСДП фракциясынын депутаттары президенттин айткан сөзүн канчалык деңгээлде колдой турганына кызыктык.

Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты:

“Президент таркаса таркасын деген пикирге кошулуп, кол коюп берип коюшу мүмкүн”

— Бакыт Төрөбаев тарап кетели деп сунуш берсе, президент дагы тарап кеткиле деген сунушун берди. Өзү процедура боюнча Жогорку Кеңеш үч учурда таркайт. Биринчиси коалицияны 3 жолу түзө албай калганда, экинчи өзүн-өзү таркатуу менен тарайт. Бул 80 депутаттын макул болгон колу, добушу менен тарайт. Үчүнчүсү Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени койгондо президентке барат. Президент же өкмөттү таркатат, болбосо парламентти таркатат. Азыр ушундай сөздөр жүрүп жатат. Өзүн-өзү таркатуу боюнча маселе көтөрүлүп, кокустан депутат катары сунуш кылса, президент таркаса таркасын деген пикирге кошулуп, кол коюп берип коюшу мүмкүн. Жогорку Кеңеш эмне үчүн таркашы керектигин конкреттүү фактылар менен аныктап, анын баары негиздүү болсо колдоп берем.

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты:

“Парламент жогорудан түшкөн көрсөтмөнү аткарбай койгон учур болбойт, коркоктугу, жалтактыгы бар”

— Бакыт Төрөбаев деле конкреттүү түрдө тарап кетүү сунушун айткан жок. Президент деле тарашыбыз керек деген так кесе пикирин билдирбеди. Президент “Бакыт Төрөбаевди колдойм” деди, Бакыт Эргешович ушундан көрө тарап кетсек болмок деп депутаттардын намысына тийген сөздөрдү айтты. Парламент тарай турган болсо ошол күнү кеткенге даярбыз. Кайра шайлоого аттанганга мен бүгүн дагы даярмын. Азырынча конкреттүү парламентке күнөө коюп, сунушун айта элек. Президент Төрөбаевге “айттың, эми аткара аласыңбы? Аягы эмне болот?”- деп чакырык таштап койду. Эгерде Бакыт Төрөбаев президенттин чакырыгын кабыл алып, өзүнүн татыктуу жообун берүүсү зарыл. Азыр анын лидерлик сапаты сыналып жаткан кези. Эгер тарап кетүүгө жана кайра шайлоого даяр болсо тарап кеткенге баруу керек. Төрөбаевдин айтканына айрым депутаттар чычалап, өзү баштасын, популисттик ой деп айтып жатышат. Башка фракциянын лидерин кайра-кайра айыптап талаганыбыз туура эмес. Төрөбаевдин дагы ар кайсы сөздү сүйлөгөнгө лидер катары укугу бар. Менимче Бакыт Төрөбаев туура эле айтты, парламент эч нерсени чече албай коркок болгондон кийин, колубуздан иш келбесе тарап кеткенибиз оң деди. Мен анын пикирин колдойм, туптуура айтты. Парламент чындап жогорудан түшкөн көрсөтмөнү аткарбай койгон учур болбойт, коркоктугу жалтактыгы бар. Менимче Төрөбаев депутаттардын намысына тийгиси келди окшойт.

Абдувахап Нурбаев, ЖКнын депутаты:

“Биз көбүнчө ызы-чууга алдырып жатабыз”

— Парламент чын эле ар нерсе менен алектенип чырдашпай, өзүнүн иши менен алектенүүсү зарыл. Экономикага, бюджетке байланыштуу ар кандай мыйзамдарды сунуштап, андай сөздөрдүн деңгээлинен көтөрүлүү зарыл. Мен Жогорку Кеңеште мындай маселе көтөрүлбөй жатат деп айта албайм. Биз көбүнчө ызы-чууга алдырып, экономикалык каржы жаатындагы маселелерди экинчи планга чыгарып ийип жатабыз. Элдин көйгөйү менен көбүрөөк алектенсек жакшы болмок.

Кожобек Рыспаев, ЖКнын депутаты:

“Президент сүйлөсө эле тарап кетмек белек”

— Президенттин сөзүн сен бурмалаба, ал таркап кеткиле деген жок, таркап кетсеңер мен колдойм деди (Кожобек мырза президент эмне деп сүйлөгөнүн толук укпаса керек же түшүнбөй калган окшойт). Эмнеге мен президент айтса эле “Тарап кетели, макул” деп мандатымды таштап басып кетишим керек. Жөнү жок суроолоруңду бербечи. Президент айтты, ал анын пикири, менин да пикирим бар. Президент сүйлөсө эле тарап кетмек белек, эмненин негизинде тарайбыз? Азыр негиз жок болуп жатпайбы. Жакшынакай эле иштеп жатпайлыбы. Дагы кайда баралы эми?

Анвар Артыков, ЖКнын депутаты:

“Алмазбек Атамбаев “иштесеңер иштегиле, иштебесеңер тарап кеткиле” деп жатат”

— Президент түз эле тарап кеткиле деп айткан жок да. Ал Бакыт Төрөбаевге айтып жатат. Негизинен маселени көтөргөн депутат биринчилерден болуп мандатын таштап басып кетиш керек. Алмазбек Атамбаев “иштесеңер иштегиле, иштебесеңер тарап кеткиле” деп жатат. Иштебей турган болсо бул суроого “Өнүгүү” фракциясы өзү жооп берсин. Интриганын баарын жасаган “Ата-Мекен” фракциясы экөө парламенттен чыгып кетишсе мен каршы эмесмин. Алар болгону 20 гана депутат. 100 депутат иштеп жатат.

Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты:

“Парламенттин таркашына президент деле каршы, болгону ачуусу келип айтты”

— Президенттин сөзүн уктуңуздар, азыр президенттин парламенттеги өкүлү Абдылдаев “тарап кеткиле, же жакшы иштегиле”- деп айтты. Мен президенттин ушул сөзүн түз алдым. Президенттин парламентке көз карашы түз. 5-чакырылышта дагы “биз парламенттик демократияны өнүктүрөбүз десек, аягына чейин иштеш керек”- деп айткан. Алтынчы чакырылышта парламенттин туруктуу институту болушу керек. Ошону үчүн баарына айтып жатам иштегиле деди окшойт. Президентибиздин сөзүн жакшы иштегиле, мыйзамды жазгыла, элдин орчундуу маселелерин карагыла деп кабыл алдым. Демек, президенттин сөзүн колдойм. 20 жылда бир гана чакырылыш аягына чейин иштеген. Ал президенттик башкаруу болчу. Азыр биз парламенттик башкаруу системасына өттүк. Туруктуу аянтча болушу керек. Андыктан парламенттин таркашына президент деле каршы, болгону ачуусу келип айтты. Болбосо азыр болбогон бир популисттик маселе менен чыгып алган коллегалар жок эмес, бул туура эмес.

Асел Кодуранова, ЖКнын депутаты:

“Президент туура эле айтып жатат, майда-чүйдө ушактарды токтотуп, иштешибиз зарыл”

— Президенттин ал сунушун колдойм. Биз чындап эле интрига менен алек болбой, мыйзамдарды чыгарып иштөөбүз зарыл. Эл үчүн иштеп берели, мыйзамдарды чыгаралы, элге жакшы жашоо түзөлү деп келгенбиз. Сунуш берген депутатыбыз популисттик эле кадамга барып жатат. Жакшы эле иштеп жатабыз. Колдон келишинче жакшы иштесек деген ниетибиз бар. Жок нерсе менен алек бололу деп келген эмеспиз. Башкаларды билбейм, шайлоочуларга иштегени баратабыз, мыйзам чегинде сиздердин жакшы жашооңуздарга шарт түзөбүз дегем. Президент туура эле айтып жатат, майда-чүйдө ушактарды токтотуп, иштешибиз зарыл. Эл бизди карап жатат, биз болсо минтип чабышып интрига менен алек болсок бизге элдин ишеними таптакыр жоголуп кетет го.

Булак: “Жаңы ордо”

Данияр Аттокуров Атамбаевге "Торпеда" болууда

СДПК фракциясынын жаш депутаты Данияр Аттокуровдун кыялы мурдунун учунда экен. Тагырагы ал өнүгүүчүлөрдүн атаманына тап берди. Бу сары бала мынчалык үнүн катуу чыгарганын уккан эмес элек. Бакыт Төрөбаевди «популист, эртеңкисин ойлонбой сүйлөгөн галдирбай» дегендей эле айтты. «Өз каалооң менен кет» деди. Ойлонуп көрсөк, жаны кашайгыдай эле бар экен. Себеби, ага чейин парламентте Текебаевдин маселеси каралып, Бакыт Төрөбаев, “маселе чече албасак тарап эле кетпейлиби” дегенин жакшы эле билесиңер да. Ошол сөздү кийин АША өз пайдасына колдонуп, “ушакчы парламент тарап кеткилечи” дегендей дагы кылбады беле. Ии… анан араң жеткен мандатынан айрыларына аз калганын ойлоп, уктай албай катуу кыйналса керек. Эртең эмне болорун ким билет? Оош-кыйыш заманда, ишенген кожоң деле сууга агып кетиши ажеп эмес да. Көпчүлүк жакшы билгендей эле бу Данчик дагы Атамбаевдин ишенген кол балдарынын бири. Жаш болсо дагы башкалардан кем калбай, кадр саясатын калчап турат. Айрыкча Ысык-Көлдүн чиновниктеринин чимкиригин агызат. Ушул касиети менен саясаттагы ордун бекемдеп келе жаткан да. Ошондуктан партиядагы өгөйлөр өзгөчө саясий оюн ойной баштаганда, фракциялаштары унчукпай олтурганына түтпөй кетсе керек жарыктык. Анткен менен Данияр мырза, Жанар мырзага салыштырмалуу, амалданбай эркекче бийликке “торпеда” болуп берүүдө.

Булак: “Ачык саясат”

Жусупжан Жээнбеков, мурунку КСДПчы: «Атамбаевдин жанында чын дили менен күйгөн кадр жок»

 

Айтканынан тайбаган, ачуусу жаман Жусупжан Жээнбеков деген саясатчы бар. Бул киши да КСДП менен парламенттин босогосун аттап, депутат болуп мандат тагынган. Учурунда ажо Атамбаевдин ишенген кишилеринин бири, досу болгон. Президенттин досу менен Атамбаевдин коомчулукту дүрбөлөңгө салып койгон сөздөрүнөн баштап, азыркы саясат тууралуу кеп козгодук.

-Жусупжан Амражанович, президенттин сыйлык тапшырып жатканда сүйлөгөн сөзүн уктуңузбу?

— Аны Кыргызстандын баары укту да.

— Катырып сүйлөдүбү?

— Менин оюмча таптакыр башка темага кетип калды. Өтө туура эмес сүйлөп койду. Акыркы маалдарда майрам күндөрү же кимдир бирөөлөргө сыйлык тапшырып калса эле өзүнүн арыз-муңун айтмайга өтүп алды. Президент болгондон кийин анчалык майдаланбастан, мындай сөздөрдөн жогору туруп, келгендерди куттуктап койсо жарашмак.

— Бирок, 7-апрелде аянтта өлгөн балдар Убактылуу бийликке келгендер байысын деп өлгөн эмес деген эл күткөн сөздү айтпадыбы?

— Сүйлөгөн сөзүндө эл күткөн, президент айтса жакшы болот эле деген сөздөр болду. Бирок, ар бир сөздү айта турган өзүнүн орду болот. Көчөдөгү карапайым адам сүйлөгөн жок, хан сүйлөп жатат. Ошондой сөздү айткысы келсе депутаттарды, коомдук ишмерлерди, аксакалдарды чогултуп Курултай сыяктуу жыйын өткөзүп, ошол жерде кечээки сөздөрүн айтса куп жарашып калмак. Орден, медаль менен сыйлаганы чакырып алып, башка темадагы сөздөрдү сүйлөгөнү туура болбой калды. Эгемендүүлүк майрамында дагы ушул көрүнүш орун албады беле. Саясат ошондон кийин курчуп кеткен. Кечээ күнү жеңеңди ээрчитип алып “Мыскыл жана тамаша” деген концертке бардым. Айылдан концерт көрөбүз деп келгендер мени таанып учурашып “Президент туура эмес сүйлөп койду. Ушул сөздөрүн башка жерде айтса болмок” деп сүйлөшүп калдык. Айылда күн кечирип жүргөндөр ушундай пикирде экен. Хан болгондон кийин мындай деңгээлге түшүштүн кереги жок эле. Ал айткан сөздүн баарын эл билет.

— Өлгөн балдар бийликке келгендер байысын деп окко учкан эмес да. Бул өңүттөн караганда президенттин айтканы туура болуп жатпайбы?

— Президенттин сөзүнүн түпкү маңызы аябагандай эле туура. Мен билгенден Ө. Текебаев биздин мамлекетке кандай жакшылык кылды? Бул канчалаган жаш саясатчылардын башын жебедиби. Аны өзү дагы эфирден аттарын атап берип актанбадыбы.

— Сиз дагы Текебаевдин айынан кызматтан кеткендердин бирисиз да. Кекти алып алайын деп айтып жаткан жоксузбу?

— Туура, Текебаевдин көрсөтмөсү менен кызматтан алынгандардын бири менмин. Мен ага эмне жамандык кылыпмын? Жалал-Абадда Өкмөттүн өкүлү болуп иштеп турганымда, ошол кездеги Өкмөт башчысы болгон Жоомарт Оторбаевине кайра-кайра жазып олтуруп иштен алганы чындык. Мени жетекчи катары иштен алса мейличи, менден башка 11 жөнөкөй жетекчини да жазып жатып иштен алдырбадыбы. Ал бечаралар бала-чакасын кантип багат? Муну ойлогон жок. Анан ушундай адамдан жакшылык күтүп болобу? Текебаев үч кабаттуу офисин качан курду? 2010-жылдан кийин курду. “Дубовый парктагы” ресторанын кайсыл акчага курду? Аны да Текебаевдики деп айтып жүрүшпөйбү. 2010-жылы 7-апрелден кийинки болгон парламенттик шайлоодо Кыргызстанды мазарга айландырып кызыл чүпүрөк байлап, ичинде баардык керектүү нерселер жайгашкан автобусту алып, ичине активдерин салып алып кыдырып агитация кылып жүрбөдүбү. Саясатта жүргөн киши катары шайлоодо канча акча кете турганын жакшы билем. Бир эле артист 8 миңден 30 миң долларга чейин алдык деп жүрүштү. Бул акчаларды кайдан тапты? Мен Текебаев менен 1995-жылдан бери таанышмын. Текебаевдин азыркы абалын табалаган жерим жок. Кудай андайдын бетин ары кылсын. Текебаев дагы чындыкты мойнуна алыш керек да. Конституциянын атасы деп койсо эле асманга чыгып алып, баарын кылсам боло берет дей береби. Эми Текебаевди кармаган учуру мага деле жаккан жок. Аны аэропорттон атактуу бир маджахетти кармагандай кылып тополоң салганы туура эмес. Антпей эле суракка чакырса болмок. Темир торго салбастан үй камагына алса жарашмак. Анын тилин тыйыш үчүн ушундай кадамга барышты окшойт.

— Канткени менен ажонун сөзү 7-апрелдеги революция бир ууч адамдын бийликке жетиши, алар байлык топтоп алышы үчүн болгон, өлгөндөрдүн аруу тилеги таш капты деген пикирди ырастабадыбы?

— Президент дагы балдардын каны төгүлүп бийлик алмашканы менен көп нерсе башкача болуп кеткенине ичиндеги ызасын чыгарып жатат. Мисалы, Роза Отунбаевага кайсыл кызматы үчүн 100 миң пенсия берип, алаканыбызга салып бөпөлөп олтурабыз? Ошто канча бала дайынсыз жок болуп кетти. Бул жерге келип алып, калп эле көзүнүн жашын көлкүлдөтүп, көрүнгөндөн сөккү угуп кетти. Берки туугандарыбыздан болсо “Биздин келинибиз” деген сөздү укпадыкпы. Өлгөн 87 баланын артында калган чүрпөлөрүнө бере турган акчанын эсебинен Отунбаеваны эркелетип олтурабызбы? Роза өзү деле “Жигиттер, биз бийликке кан менен келдик. Мага мындай сыйдын кереги жок. Өзүмдүн оокатым Кудайга шүгүр жетет” деп айтса болмок. 7-апрелден кийин бийликке келген адамдардын көптөрү чириген байга айланышты. Ханга салам беришпей калган. Аида Салянова болсо “Мени камайт, кетирет” деп какшап жүрөт. Андай болсо өзүңдүн артыңа бир жолу кылчайып карабайсыңбы. Президенттин айткан сөзү кеч айтылып калды.

— Парламентти “Балыктай болуп олтургандан көрө тарап кетпейсиңерби? Мен Бакыт Төрөбаевдин тарап кетели деген сөзүн колдойм” деп айтканына не дейсиз?

— Азыр тарап кетпейсиңерби деп сөз баштап, парламенттин дарбазасын ачтыбы, эми ичиндеги жүз жыйырмасын чыгарып жиберсе баатыр болот. Айткан майда-чүйдө сөздөрүнүн баардыгы эстен чыгат дагы кыйшайып калган ээрин түздөп кетет. Фракция лидеринин “тарап кетейли” деген сөзүн колдоорун билдирди. Президент минтип айткандан кийин анын КСДП фракциясы аракет кылыш керек. Эгерде чын эле алар президентти колдогону анык болсо биринчи кезекте КСДП мандатын таштаса туура болот. “Баарыңар бизди жамандайсыңар, биздин лидерибиз айтты, биз парламенттин тарашын колдойбуз” деп элге өрнөк көрсөтүшү керек. Атамбаев президент болгонуна карабай иш жүзүндө КСДПдан лидерлигин алган жок. Мыйзам чегинде бир гана партияга жан тартпастан, баарына тегиз караш керек болчу. Шайлоо учурунда өзүнүн партиясы үчүн агитация кылып, азыр КСДПдан депутат болгондордун баарын өзү сүрөп жүрүп алып келип олтургузбадыбы. Эми КСДП да ушундай абалда президентти колдоп, тегирменчиси баш болуп, темир жолчусу коштоп, президенттин айтканы эң туура деп мандатын ыргытып басып кетиши керек.

— Сиз дагы КСДПнын мүчөсү болуп, депутаттык мандат тагынгансыз. КСДПнын азыркы курамын карап олтуруп, президентти колдоп, ага тирөөч болчулары бар деп ойлойсузбу?

— Кеп президент өзү алып келген КСДПнын азыркы курамында болуп жатпайбы. Чынын айтайын, 2007-жылы КСДПны түштүктүн жарымына тааныткан мен болдум. Оштун Кара-Суу районунан баштап, Жалал-Абаддын Чаткал районуна чейин кыдырып чыккам. Анда КСДПны эч ким тааныбайт болчу. Туура, ошол шайлоодо 11 адам депутат болуп барганбыз. Кийин партиянын жыйыны болуп, Атамбаевди Бакиевге атаандаш кылып президенттик шайлоого алып чыгабыз дегенде, “Эл сизди талапкер катары колдоп жатабы. Сиз “культ личность” болуудан этият болуңуз” деп айтканмын. КСДПнын азыркы курамында президентти колдой турган татыктуусу жок деп айтуу туура эмес. Кыргыз эч убакта жок деп айтпайт. Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес. Булардын арасынан деле бирөөсү чыгаар.

— Бүгүнкү саясий кырдаалда ажонун абалын кандай элестетип жатасыз?

— Азыркы саясий кырдаалга башкөз боло албай калды. Тизгинди коё берди. Басмайыл бошоп кетти. Жанындагы 2–3 клан акыл айтпастан, ушундай кыласың деп талап кыла баштады окшойт деп ойлоп кетем. КСДПнын алгачкы ирет түзүлгөн тизмеси менен кадрларды жылдырып келгенде кадр маселесин чечип алат болчу. Мен КСДПдан эбак эле чыгып кеткендиктен ага ичим ачышпайт. Бирок, ажонун азыркы абалын көрүп туруп бооруң оруйт да.

— Сиз көптөн бери түштүктө жүрөсүз. Эл менен аралашып, чайлашып жатсаңыз керек. Текебаев камалгандан бери түштүктө элдин арасында кандай пикир жаралды?

— Азыр эл 70–30 десем болот. 70 пайызы “Ушул кезге чейин өлкө үчүн эмне кылып койду?” деп Текебаевдин кылган иштерине баа берип жатышат. 30 пайызы “Кокус эртең Текебаев президент болуп калса эмне кылам?” дегендер. Жетекчилер болсо дубалдын наркы бетине барып алып башкача сүйлөйт да, бул бетине өткөндө экинчи сөзүн айтышат. Таласта иштеп жүргөнүмдө “Арыктын эки жээгине эки бутуңарды коюп алып талтайып турбагыла. Суу көп келсе алып кетет” деп айттым эле. Ошол сыңарындай жетекчилердин көбү эки жакка талтайып турушат.

— Атамбаев өз сөзүндө “Менин ишенгеним эл” деп айтты. Азыр президентти эл колдойбу?

— Ушул командасы менен кете берсе эл колдобойт. Сүйлөп жатканда “Бизди дүйнөлүк коомчулук мактап жатат” деп айтты. Мени деле атамдын инилери, апамдын сиңдилери “Азамат” деп макташат. Президенттин сүйлөгөн сөзү ошондой болуп жатпайбы. Мактана турган цифра, факт кана? Алар жок. Курулай мактана берген болбойт. Эл азыр бир жакка оодарыла албай ортодо турат. Эгер президент колунан эч нерсе келбеген парламентти таратып жибере турган болсо, президент тарапка оодарылат.

— Акыркы күндөрү жанындагы кадрларын алмаштырып, тылды бекемдегенге өттү. Кадрдык жүрүштөр менен азыркы абалды өзгөртө алабы?

— Ачыгын эле айтайын, Атамбаевдин жанында чын дили менен күйгөн кадр жок. Байкасаңар, Атамбаев 7 жылдан бери Акаев, Бакиев деп айтып жүрөт. Жанында олтургандардын бири да бул сөздү колдонбойт. Анткени, алар ичинен Акаев, Бакиев деп жүргөндөр. Алардын фундаментин Акаев менен Бакиев куйган.

— Президент баарын таза иштөөгө чакырып “Атамбаев эч качан уурдаган эмес” деп айтып келет. Сиз аны жакшы билген адамдардын бирисиз. Ажонун бул сөзүнө ишенсе болобу?

— Наралы иним, мен аны менен бирге уурдашканым же болбосо уурдап ага бергеним жок. Аны Жараткан өзү билет. Жараткандын алдында жооп берет. Адам баласын жаманатты кыла бериш аябай оңой. Колунан кармап албагандан кийин эч кимди ууру деп айтпаш керек. Менин да артымдан ар кандай сөздөрдү чыгарышкан. Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп турганда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы иштерди алып чыгам деп “Ата-Мекендин” куйругун баскан экем, алар Оторбаеви аркылуу кетиришти. Ошол учурда президент катары калыс пикирин айтып, бир гана “Ата-Мекендин” сөзүн укпастан, “Бул дагы өлкө үчүн таза иштеп берет” дегенге жараган эмес. Тескерисинче, Икрам аркылуу чакыртып жатып убактылуу арызымды алганы мен үчүн күтүлбөгөн иш болгон. Ушундай абалда бири-бирибизди коргой албасак, саясатта эч кимдин жолу бир болбойт. Тескерисинче, досум мени Текебаевдин колуна салып берип кутулган. Мен 2013-жылы эле кан менен бийликке келгендер учуру келгенде бири-бирин чукушуп, шермендеси чыгат деп айттым эле.

– 2005-жылы революция Жалал-Абаддан башталганын баары билет. Сиз ошол жерде жүргөнсүз. Атамбаев эки революцияны тең мен жасагам деп айтты. Биринчи революция учурунда Атамбаев Жалал-Абадга барганын көргөнсүзбү?

— Бул каратып туруп калп айткандык. Жалал-Абадда Бектур Асанов, ыраматылык Жусуп Бакиев 50гө жакын адамды алып чыгып, андан ашык чогулта албай мага барышкан. Кыргызстандын келечеги үчүн деп сүйлөшүп, мен да өз шайлоочуларымды көтөргөм. Көтөрүлгөн эл обладминистрацияны басып алган. Базар-Коргон, Аксы, Ала-Букадан элдер сүрүлүп келген. Ошол учурда Атамбаевди бир да жолу көрбөгөм. 15-мартка чейин Курманбек Бакиевди дагы көргөн эмесмин. Текебаев да 15-март күнү эртең менен мага жолугуп, жыйынга катышпай качып кеткен. Кийин мени “самозванец” деп айтып жүрүштү. Жалал-Абадга бут басып келишпеген. 2010-жылы кыргыз-өзбек кагылышуусунда дагы мен Ошто жүрдүм. Фаттаховго орден беришти. Фаттахов кимдердин жанында жүрдү эле? Жумадыл Исаковдун, Жылдыз Жолдошеванын, Тажиниса Абдурасулованын, менин жанымда жүргөн. Бизге тезек да берген жок. Фаттаховдорду көкөлөтүп кармап олтурат. Бүгүнкү күнү кудум ошонун бири болуп Анвар Артыковду депутат кылып олтургузду. Бул элге жакпай турган нерсе.

Булак: “Жаңы ордо”

Алмаз Атамбаевдин билдирүүсү: "Журналисттердин жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын Президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү"

11-март күнү Алмаз Атамбаев учурда болуп жаткан кырдаалга карата Президенттик билдирүүсүн жасады. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады. Төмөндө билдирүүнүн текстин толук бойдон келтиребиз.

Кийинки кезде Кыргыз Республикасында эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, иш жүзүндө өздөрүнө жакпаган адамдарды, биринчи кезекте, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын Президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, а түгүл социалдык тармактарда да бул кампания акыркы бир нече жылдардан бери максаттуу жүрүп жатат жана өткөн жылдын жай мезгилинен тартып өзгөчө күч алды. Бул жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмалыктын кампаниясы.   Элибиз ыйык көргөн сөз эркиндиги принциптерин бетсиздик жана ушакчылык менен чаташтырган уятсыздардын жана ыймансыздардын иши.

Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети жана укугу – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет.

Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты чындык эмес, жалган жалаа жана ушактоо менен бүткүл эл тарабынан шайланган Мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы Президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек. Кийинки жылдары Кыргызстандын бутуна туруп бара жатканын түшүнүп, бул адамдар митаам жана булганыч оюн башташып, жалганчылыкты жана ушакчылыкты өздөрүнүн куралы кылып алышты. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган Президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди.

Азыр өлкөбүзгө жана Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, биримдик жана бекем баш кошкондук керек. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жетишилген жарандардын укуктары жана эркиндиктери менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылар чайкоочулук кылышына жол бербейбиз.

Кыргыз Республикасынын Президенти                                        А.Ш.Атамбаев

Жусупжан Жээнбеков, мурунку КСДПчы: «Атамбаевдин жанында чын дили менен күйгөн кадр жок»

 

Айтканынан тайбаган, ачуусу жаман Жусупжан Жээнбеков деген саясатчы бар. Бул киши да КСДП менен парламенттин босогосун аттап, депутат болуп мандат тагынган. Учурунда ажо Атамбаевдин ишенген кишилеринин бири, досу болгон. Президенттин досу менен Атамбаевдин коомчулукту дүрбөлөңгө салып койгон сөздөрүнөн баштап, азыркы саясат тууралуу кеп козгодук.

-Жусупжан Амражанович, президенттин сыйлык тапшырып жатканда сүйлөгөн сөзүн уктуңузбу?

— Аны Кыргызстандын баары укту да.

— Катырып сүйлөдүбү?

— Менин оюмча таптакыр башка темага кетип калды. Өтө туура эмес сүйлөп койду. Акыркы маалдарда майрам күндөрү же кимдир бирөөлөргө сыйлык тапшырып калса эле өзүнүн арыз-муңун айтмайга өтүп алды. Президент болгондон кийин анчалык майдаланбастан, мындай сөздөрдөн жогору туруп, келгендерди куттуктап койсо жарашмак.

— Бирок, 7-апрелде аянтта өлгөн балдар Убактылуу бийликке келгендер байысын деп өлгөн эмес деген эл күткөн сөздү айтпадыбы?

— Сүйлөгөн сөзүндө эл күткөн, президент айтса жакшы болот эле деген сөздөр болду. Бирок, ар бир сөздү айта турган өзүнүн орду болот. Көчөдөгү карапайым адам сүйлөгөн жок, хан сүйлөп жатат. Ошондой сөздү айткысы келсе депутаттарды, коомдук ишмерлерди, аксакалдарды чогултуп Курултай сыяктуу жыйын өткөзүп, ошол жерде кечээки сөздөрүн айтса куп жарашып калмак. Орден, медаль менен сыйлаганы чакырып алып, башка темадагы сөздөрдү сүйлөгөнү туура болбой калды. Эгемендүүлүк майрамында дагы ушул көрүнүш орун албады беле. Саясат ошондон кийин курчуп кеткен. Кечээ күнү жеңеңди ээрчитип алып “Мыскыл жана тамаша” деген концертке бардым. Айылдан концерт көрөбүз деп келгендер мени таанып учурашып “Президент туура эмес сүйлөп койду. Ушул сөздөрүн башка жерде айтса болмок” деп сүйлөшүп калдык. Айылда күн кечирип жүргөндөр ушундай пикирде экен. Хан болгондон кийин мындай деңгээлге түшүштүн кереги жок эле. Ал айткан сөздүн баарын эл билет.

— Өлгөн балдар бийликке келгендер байысын деп окко учкан эмес да. Бул өңүттөн караганда президенттин айтканы туура болуп жатпайбы?

— Президенттин сөзүнүн түпкү маңызы аябагандай эле туура. Мен билгенден Ө. Текебаев биздин мамлекетке кандай жакшылык кылды? Бул канчалаган жаш саясатчылардын башын жебедиби. Аны өзү дагы эфирден аттарын атап берип актанбадыбы.

— Сиз дагы Текебаевдин айынан кызматтан кеткендердин бирисиз да. Кекти алып алайын деп айтып жаткан жоксузбу?

— Туура, Текебаевдин көрсөтмөсү менен кызматтан алынгандардын бири менмин. Мен ага эмне жамандык кылыпмын? Жалал-Абадда Өкмөттүн өкүлү болуп иштеп турганымда, ошол кездеги Өкмөт башчысы болгон Жоомарт Оторбаевине кайра-кайра жазып олтуруп иштен алганы чындык. Мени жетекчи катары иштен алса мейличи, менден башка 11 жөнөкөй жетекчини да жазып жатып иштен алдырбадыбы. Ал бечаралар бала-чакасын кантип багат? Муну ойлогон жок. Анан ушундай адамдан жакшылык күтүп болобу? Текебаев үч кабаттуу офисин качан курду? 2010-жылдан кийин курду. “Дубовый парктагы” ресторанын кайсыл акчага курду? Аны да Текебаевдики деп айтып жүрүшпөйбү. 2010-жылы 7-апрелден кийинки болгон парламенттик шайлоодо Кыргызстанды мазарга айландырып кызыл чүпүрөк байлап, ичинде баардык керектүү нерселер жайгашкан автобусту алып, ичине активдерин салып алып кыдырып агитация кылып жүрбөдүбү. Саясатта жүргөн киши катары шайлоодо канча акча кете турганын жакшы билем. Бир эле артист 8 миңден 30 миң долларга чейин алдык деп жүрүштү. Бул акчаларды кайдан тапты? Мен Текебаев менен 1995-жылдан бери таанышмын. Текебаевдин азыркы абалын табалаган жерим жок. Кудай андайдын бетин ары кылсын. Текебаев дагы чындыкты мойнуна алыш керек да. Конституциянын атасы деп койсо эле асманга чыгып алып, баарын кылсам боло берет дей береби. Эми Текебаевди кармаган учуру мага деле жаккан жок. Аны аэропорттон атактуу бир маджахетти кармагандай кылып тополоң салганы туура эмес. Антпей эле суракка чакырса болмок. Темир торго салбастан үй камагына алса жарашмак. Анын тилин тыйыш үчүн ушундай кадамга барышты окшойт.

— Канткени менен ажонун сөзү 7-апрелдеги революция бир ууч адамдын бийликке жетиши, алар байлык топтоп алышы үчүн болгон, өлгөндөрдүн аруу тилеги таш капты деген пикирди ырастабадыбы?

— Президент дагы балдардын каны төгүлүп бийлик алмашканы менен көп нерсе башкача болуп кеткенине ичиндеги ызасын чыгарып жатат. Мисалы, Роза Отунбаевага кайсыл кызматы үчүн 100 миң пенсия берип, алаканыбызга салып бөпөлөп олтурабыз? Ошто канча бала дайынсыз жок болуп кетти. Бул жерге келип алып, калп эле көзүнүн жашын көлкүлдөтүп, көрүнгөндөн сөккү угуп кетти. Берки туугандарыбыздан болсо “Биздин келинибиз” деген сөздү укпадыкпы. Өлгөн 87 баланын артында калган чүрпөлөрүнө бере турган акчанын эсебинен Отунбаеваны эркелетип олтурабызбы? Роза өзү деле “Жигиттер, биз бийликке кан менен келдик. Мага мындай сыйдын кереги жок. Өзүмдүн оокатым Кудайга шүгүр жетет” деп айтса болмок. 7-апрелден кийин бийликке келген адамдардын көптөрү чириген байга айланышты. Ханга салам беришпей калган. Аида Салянова болсо “Мени камайт, кетирет” деп какшап жүрөт. Андай болсо өзүңдүн артыңа бир жолу кылчайып карабайсыңбы. Президенттин айткан сөзү кеч айтылып калды.

— Парламентти “Балыктай болуп олтургандан көрө тарап кетпейсиңерби? Мен Бакыт Төрөбаевдин тарап кетели деген сөзүн колдойм” деп айтканына не дейсиз?

— Азыр тарап кетпейсиңерби деп сөз баштап, парламенттин дарбазасын ачтыбы, эми ичиндеги жүз жыйырмасын чыгарып жиберсе баатыр болот. Айткан майда-чүйдө сөздөрүнүн баардыгы эстен чыгат дагы кыйшайып калган ээрин түздөп кетет. Фракция лидеринин “тарап кетейли” деген сөзүн колдоорун билдирди. Президент минтип айткандан кийин анын КСДП фракциясы аракет кылыш керек. Эгерде чын эле алар президентти колдогону анык болсо биринчи кезекте КСДП мандатын таштаса туура болот. “Баарыңар бизди жамандайсыңар, биздин лидерибиз айтты, биз парламенттин тарашын колдойбуз” деп элге өрнөк көрсөтүшү керек. Атамбаев президент болгонуна карабай иш жүзүндө КСДПдан лидерлигин алган жок. Мыйзам чегинде бир гана партияга жан тартпастан, баарына тегиз караш керек болчу. Шайлоо учурунда өзүнүн партиясы үчүн агитация кылып, азыр КСДПдан депутат болгондордун баарын өзү сүрөп жүрүп алып келип олтургузбадыбы. Эми КСДП да ушундай абалда президентти колдоп, тегирменчиси баш болуп, темир жолчусу коштоп, президенттин айтканы эң туура деп мандатын ыргытып басып кетиши керек.

— Сиз дагы КСДПнын мүчөсү болуп, депутаттык мандат тагынгансыз. КСДПнын азыркы курамын карап олтуруп, президентти колдоп, ага тирөөч болчулары бар деп ойлойсузбу?

— Кеп президент өзү алып келген КСДПнын азыркы курамында болуп жатпайбы. Чынын айтайын, 2007-жылы КСДПны түштүктүн жарымына тааныткан мен болдум. Оштун Кара-Суу районунан баштап, Жалал-Абаддын Чаткал районуна чейин кыдырып чыккам. Анда КСДПны эч ким тааныбайт болчу. Туура, ошол шайлоодо 11 адам депутат болуп барганбыз. Кийин партиянын жыйыны болуп, Атамбаевди Бакиевге атаандаш кылып президенттик шайлоого алып чыгабыз дегенде, “Эл сизди талапкер катары колдоп жатабы. Сиз “культ личность” болуудан этият болуңуз” деп айтканмын. КСДПнын азыркы курамында президентти колдой турган татыктуусу жок деп айтуу туура эмес. Кыргыз эч убакта жок деп айтпайт. Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес. Булардын арасынан деле бирөөсү чыгаар.

— Бүгүнкү саясий кырдаалда ажонун абалын кандай элестетип жатасыз?

— Азыркы саясий кырдаалга башкөз боло албай калды. Тизгинди коё берди. Басмайыл бошоп кетти. Жанындагы 2–3 клан акыл айтпастан, ушундай кыласың деп талап кыла баштады окшойт деп ойлоп кетем. КСДПнын алгачкы ирет түзүлгөн тизмеси менен кадрларды жылдырып келгенде кадр маселесин чечип алат болчу. Мен КСДПдан эбак эле чыгып кеткендиктен ага ичим ачышпайт. Бирок, ажонун азыркы абалын көрүп туруп бооруң оруйт да.

— Сиз көптөн бери түштүктө жүрөсүз. Эл менен аралашып, чайлашып жатсаңыз керек. Текебаев камалгандан бери түштүктө элдин арасында кандай пикир жаралды?

— Азыр эл 70–30 десем болот. 70 пайызы “Ушул кезге чейин өлкө үчүн эмне кылып койду?” деп Текебаевдин кылган иштерине баа берип жатышат. 30 пайызы “Кокус эртең Текебаев президент болуп калса эмне кылам?” дегендер. Жетекчилер болсо дубалдын наркы бетине барып алып башкача сүйлөйт да, бул бетине өткөндө экинчи сөзүн айтышат. Таласта иштеп жүргөнүмдө “Арыктын эки жээгине эки бутуңарды коюп алып талтайып турбагыла. Суу көп келсе алып кетет” деп айттым эле. Ошол сыңарындай жетекчилердин көбү эки жакка талтайып турушат.

— Атамбаев өз сөзүндө “Менин ишенгеним эл” деп айтты. Азыр президентти эл колдойбу?

— Ушул командасы менен кете берсе эл колдобойт. Сүйлөп жатканда “Бизди дүйнөлүк коомчулук мактап жатат” деп айтты. Мени деле атамдын инилери, апамдын сиңдилери “Азамат” деп макташат. Президенттин сүйлөгөн сөзү ошондой болуп жатпайбы. Мактана турган цифра, факт кана? Алар жок. Курулай мактана берген болбойт. Эл азыр бир жакка оодарыла албай ортодо турат. Эгер президент колунан эч нерсе келбеген парламентти таратып жибере турган болсо, президент тарапка оодарылат.

— Акыркы күндөрү жанындагы кадрларын алмаштырып, тылды бекемдегенге өттү. Кадрдык жүрүштөр менен азыркы абалды өзгөртө алабы?

— Ачыгын эле айтайын, Атамбаевдин жанында чын дили менен күйгөн кадр жок. Байкасаңар, Атамбаев 7 жылдан бери Акаев, Бакиев деп айтып жүрөт. Жанында олтургандардын бири да бул сөздү колдонбойт. Анткени, алар ичинен Акаев, Бакиев деп жүргөндөр. Алардын фундаментин Акаев менен Бакиев куйган.

— Президент баарын таза иштөөгө чакырып “Атамбаев эч качан уурдаган эмес” деп айтып келет. Сиз аны жакшы билген адамдардын бирисиз. Ажонун бул сөзүнө ишенсе болобу?

— Наралы иним, мен аны менен бирге уурдашканым же болбосо уурдап ага бергеним жок. Аны Жараткан өзү билет. Жараткандын алдында жооп берет. Адам баласын жаманатты кыла бериш аябай оңой. Колунан кармап албагандан кийин эч кимди ууру деп айтпаш керек. Менин да артымдан ар кандай сөздөрдү чыгарышкан. Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп турганда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы иштерди алып чыгам деп “Ата-Мекендин” куйругун баскан экем, алар Оторбаеви аркылуу кетиришти. Ошол учурда президент катары калыс пикирин айтып, бир гана “Ата-Мекендин” сөзүн укпастан, “Бул дагы өлкө үчүн таза иштеп берет” дегенге жараган эмес. Тескерисинче, Икрам аркылуу чакыртып жатып убактылуу арызымды алганы мен үчүн күтүлбөгөн иш болгон. Ушундай абалда бири-бирибизди коргой албасак, саясатта эч кимдин жолу бир болбойт. Тескерисинче, досум мени Текебаевдин колуна салып берип кутулган. Мен 2013-жылы эле кан менен бийликке келгендер учуру келгенде бири-бирин чукушуп, шермендеси чыгат деп айттым эле.

– 2005-жылы революция Жалал-Абаддан башталганын баары билет. Сиз ошол жерде жүргөнсүз. Атамбаев эки революцияны тең мен жасагам деп айтты. Биринчи революция учурунда Атамбаев Жалал-Абадга барганын көргөнсүзбү?

— Бул каратып туруп калп айткандык. Жалал-Абадда Бектур Асанов, ыраматылык Жусуп Бакиев 50гө жакын адамды алып чыгып, андан ашык чогулта албай мага барышкан. Кыргызстандын келечеги үчүн деп сүйлөшүп, мен да өз шайлоочуларымды көтөргөм. Көтөрүлгөн эл обладминистрацияны басып алган. Базар-Коргон, Аксы, Ала-Букадан элдер сүрүлүп келген. Ошол учурда Атамбаевди бир да жолу көрбөгөм. 15-мартка чейин Курманбек Бакиевди дагы көргөн эмесмин. Текебаев да 15-март күнү эртең менен мага жолугуп, жыйынга катышпай качып кеткен. Кийин мени “самозванец” деп айтып жүрүштү. Жалал-Абадга бут басып келишпеген. 2010-жылы кыргыз-өзбек кагылышуусунда дагы мен Ошто жүрдүм. Фаттаховго орден беришти. Фаттахов кимдердин жанында жүрдү эле? Жумадыл Исаковдун, Жылдыз Жолдошеванын, Тажиниса Абдурасулованын, менин жанымда жүргөн. Бизге тезек да берген жок. Фаттаховдорду көкөлөтүп кармап олтурат. Бүгүнкү күнү кудум ошонун бири болуп Анвар Артыковду депутат кылып олтургузду. Бул элге жакпай турган нерсе.

Булак: “Жаңы ордо”

Видео - Европа Өмүрбек Текебаев менен Атамбаевдин тирешине кунт коюу менен көз салууда

Европага иш сапары менен барып кайткан кыргыз оппозициялык саясатчылары Равшан Жээнбеков жана Бегалы Наргозуев Европарламенттин, Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлигинин жана башка демократиялык институттар Кыргызстандагы саясый абалга, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына кандай көз салып жатышканын айтып беришти.

Булак: СентябрьТВ

 

Кайып Шер, Апрель революциясынын катышуучусу: «7-апрелде эл аянтта атылып жатканда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ал жерден качып кеткен»

 

-Кайып мырза, сиз 7-апрелде Ала-Тоо аянтында туу көтөрүп элдин алдында жүрдүңүз эле. Атамбаев сыйлыктарды тапшырып жатканда “7-апрелдеги балдар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү байысын деп өлдүбү?”- деп айтты. Ушул сөз 7-апрелде окко учкан балдардын эмгеги текке кетип, элдин ишеничи, ой-максаты ишке ашпай калганына баа берүү болду окшойт. Сиз буга кандай дейсиз?

— Туура, мен бул тууралуу 3–4 жыл мурда эле «Биз максатка жетпей калдык!» деп айтып, кан менен бийликке келгендер берген «Апрель роволюциясынын баатыры» деген медалымды ыргытып баса бергем. Бул менин Убактылуу Өкмөткө болгон нааразычылыгым. Чын эле ошол күнү каза болгон Баатырлардын арбагы ыраазы болбогондой иштер болду да. Балдардын каны төгүлүп, кыргыз элин кайгыга салган окуянын аркасы менен акмактардын ою кандай болгонун түшүндүм да, медалыңарды өзүңөр эле тагып алгыла деп айткам. Булардын былык иштери тууралуу көбүрөөк көйгөйлөрдү чыгаруу үчүн акыркы 3–4 жылдан бери көп маалыматтарды берүүнү күчөтүп жатабыз. Чынын айтайын, 7-апрелде эл аянтта атылып жатканда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ал жерден качып кеткен. Бийликке олтуруп алган Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүгү «самозванецтер». Булардын аянтка келбей койгонуна элдин ачуусу келген. Эми ошол күнү кимдин эмне кылганын айтып берейин.

— Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүнбү?

— Ооба, ошол самозванецтердин. Биз Ак үйдүн дарбазасында кылчылдап жаныбыздын айласын таппай турганда, Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү СНБдан чыгып алып, эл кырылып аткан Ак үйдүн алдынан эмес, арткы эшик жагынан кирип, Данияр Үсөнов менен жолугуп, анын кабинетинде арак ичип, далдалчы болуп сүйлөшүп чыкканы боюнча маалыматыбыз бар. Элдин арты менен бийликке келгендер Токтайымчалык да боло алган жок. Ал бизге жакса-жакпаса дагы «Форумдан» Ала-Тоо аянтына чейин биз менен келген. Эл алдына чыга албай, Ак үйгө кирип сүйлөшүп жүргөндөрдөн көрө Токтайымды чакыргылачы, ошону киргизели дегенбиз. Бул да ачуу чындык. Балдар Текебаев мени атып салат деп аянтка келбей койду дешти. 7-апрель күнү кийин президент болуп олтурган Роза Отунбаеваны да көргөн эмеспиз. Биз ошол кезде эле Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөттү иштешине жол бербей, кыйкырып чыкмакпыз. Бирок, мамлекеттин туруктуулугу үчүн деп унчуккан эмеспиз. Эртели-кеч ушундай суроолор бериле турганын билгем. Мен утурумдук бийликтин башында турган Отунбаеваны баш кылып болгон чындыкты айта берем.

— Отунбаева убактылуу эле президент болбодубу. Ал киши көп нерсеге кийлигише бербесе керек?

— Мен 7-апрель күнү башымды сайып коюп, колума туу көтөрүп алдыда жүрдүм. Бийлик алмашкандан кийин деле соттон, бийликтен акыйкаттыкты таппагандар менен көп эле жолу жолуктум. Отунбаева президенттиктен кетип жатканда роза гүлү менен узатканбыз. Бул анын жасаган иштерине ыраазы болуп, чын көңүлдөн гүл бергенди билдирбейт. Биз мамлекетте туруктуулук болсун, мурунку эки президентти таш менен кубаладык эле, муну гүл менен узаталы, кийинки президент ат минип узагыдай болсун дегенбиз. Бирок, ошол күндөн ушул күнгө чейин Отунбаеванын туугандарына нааразы болгондор көп. Мисалы, бир тууган күйөө баласы Ново-Павловка деген эң бай айыл өкмөтү бар, ошол айыл өкмөткө караштуу жерлерди 90-жылдардан бери эле басып алып келе жатат. Бул иштерди саясатчылар, алардын туугандары, демократтар жасашууда. 5-6 катынды акча чогулткуч кылып коюшат экен. Отунбаеванын күйөө баласы бар экен, нерви бир аз жукараак. Ошол кишиге нааразы болгондор «Эй Кайып Шери, сен мактап гүл менен узаткан президентиңдин күйөө баласы кууратты го бизди. Ошонун айынан өрттөнүп өлөбүз» дешти. Акаевдин, Бакиевдин туугандары бул жакта эле калсын, Отунбаеванын күйөө баласы элди катуу кууратыптыр да.

— Убактылуу Өкмөт бийликти бөлүп алышканын 7-апрель түнү уктуңар беле?

— Биз Ак үйдүн алдында ызы-чуу болуп жүрсөк, Убактылуу Өкмөтпүз деген кемпайлар Өкмөт үйүнө барып алышып, өздөрү эле күдүңдөшүп бийликти бөлүшүп алышыптыр да кургурлар. Булар 7-апрелде эле бийликке жетээр замат элди унутуп коюшкан. Аларың кыргызга кара түн түшүп жатканда бийликти бөлүп алгандар. Андан кийин деле миңдеген эл толкуп турду. Өзгөчө июнь окуясында. Ошол учурларда дагы булардын жок дегенде бирөөсү элдин алдына чыга алган жок. Анткени баары элге жаман көрүнүп калыптыр. Июнь окуясында кандай кыйынчылык болду. Кудайга миң мертебе шүгүр, мыкты азаматтарыбыз бар экен. Айталы, Камчы Ташиев, Алтынбек Сулайманов, Акмат Келдибеков сыяктуу жигиттер. Ушулар элдин арасында жүрүшкөн.

— Алмазбек Атамбаев деле Ала-Тоо аянтына келген эмес болчу да?

— Ооба, биз эч кимисин көргөн эмеспиз. Ошондо элдин көбү Атамбаевге таянып «Форумдан» келгенбиз. Ал учурда оппозициянын эң белдүүсү эле Атамбаев болгон. Кандай себептер менен экенин белбейм, Атамбаев 7-апрелде аянтка келген эмес. Мен ошондо эле булардын бир муштум болуп тура албаганын байкагам.

— Мародерлор туурасында эмне укканыңыз?

— Нурлан Асанов деген күзөтчү жигит бар болчу. Ал мага келип “мен Бакиевдердин мүлкүн кайтарам, мына бул лагер сеники болот” деп айтты. Мен макул болгонум жок, андайга тишим өтпөшүн билдим. Ал болсо «Болот Сүйүнбаевге айтпайсыңбы?» деп калды. Бир офисти көрсөттү, мен аянтка көп эл келет, бир офис алып койсокпу деп ойлодум. Макул деп Сүйүнбаевге барсам, «Мындай кишилерди бизге жолотпо» деп койду. Асановго барып «Булар болбой койду» десем, «анда мен Райкан Төлөгөновдорго кеттим, ошолор макул деп жатышат, алар менен барып ишти бүтүрөм» деп кеткен. Шайлоодон кийин Райкандын жардамчысы болуп иштеди. Мен ушул окуялар боюнча нааразычылык билдирип интервью бердим эле, ошондон соң аны иштен бошотушту. Башкалар боюнча айталбайм. Бирок ошондон шек санап калдым. Булар чын эле мародерлук кылышкан болсо керек деп. Мен 7-апрелде көтөрүп жүргөн туумду Текебаевге тапшыргам. Икрам деген бала алган эмес, ал туунун кадырын кайдан билсин. Атамбаев Текебаевди чоң айып менен камап жатпайбы. Текебаев өзүнүн ак-карасын аныктап алганга мүмкүнчүлүк алды.

— Сиз апрел баатырларын коюп жатканда Ата-Бейитке баргансыз да. Ошол жерде бийликке келгендер ант беришкен. Убактылуу Өкмөт ошол антынан тайышты да туурабы?

— Кыргызда “адам аласы ичинде” деп коёт. Ошол кезде убада бердик эле, анын өтөөсүнө чыга албадык деп элдин алдына чыгып, моомунча миллиондорду уурдадык, бизге болгон ишеничиңерди актай албадык деп чөгөлөп кечирим сураса элге эле эмес, Кудайга да жакмак. Бирок алардын антип айтышка кудурети жетпейт.

Булак: “Жаңы ордо”

Меню