Menu

САЯСАТ

Ун монополистинен спикерликке чейин секирик жасаган Чыныбай Турсунбеков

2010-жылдан кийин саналуу гана адамдардын жылдызы бийликтен жанса, алардын сап башында Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Чыныбай Турсунбеков тураары талашсыз. Революцияга чейин Чыныбай Акуновичтин аты саясатта такыр угулчу эмес, бизнес чөйрөсүндө гана айтылып келген. Аны Кыргызстандагы бизнестин ун тармагын көзөмөлгө алган монополист катары тааныган. Ошондон улам саясатка аралашып, таасирдүү фигурага айланганда «тегирменчи» деген ылакап ат коюп алышкан. Азыр Чыныбай Турсунбеков тажрыйба топтоп, кадыр-барк күтүп, салмактуу саясатчыга айланып калган чагы. Өлкөдөгү эки кишинин бири болгон Турсунбеков тууралуу карапайым калк кандай ойдо болду экен? Бул дагы кызык.

Кутман Маматазимов, журналист:

— Турсунбековду саясатчы катары баалайм. Көпчүлүк саясатчылардай интрига жаратып, жасаган-эткен иштерин мактанып, өзүн рекламалабайт. Албетте шайлоо учурунда партия үчүн чуркагандыр. Парламенттин башында туруп, 120 мээни башкарып, аларды системадан чыгарбай алып отуруу деле кыйын. Жалпылап алганда учурдагы саясатчыларга салыштырмалуу өз ишин билген мыкты ишмер.

Жайна Мусабекова, студент:

— Мен Турсунбековду тигил ишти жасады же ошол кишинин долбоорунун алкагында мындай иштер жасалып жатат деп уккан деле жокмун, көрбөй деле турам. Бул кишинин мыкты бизнесмен болгонун, завод- фабрикалары бар экенин билебиз. Демек бул киши байлыктын күчү менен бийликке жетти десек да туура болчудай. Өзүңүздөр көргөндөй азыр баарын акчага сатып алып калышпадыбы. Жеке эле Турсунбеков эмес жалпы эле учурдагы парламентте отургандар жалаң акчалуу бизнесмендер экени даана байкалды. Эми кантмек элек башка түшкөндү көрөбүз да.

Токсон Анаркулов, таксист:

— Мен бул кишини саясатчы катары көрө албайм. Маселен бул киши өз көмөчүнө чок тартканды жактырат окшойт. Ушул мезгилге чейин мындайды көрбөдүм эле, депутаттар сүйлөп бүткөнчө эле убакытты өчүрүп салып СДПКдан бирөө сүйлөп, оппозициядагылардан кемип баратса болуша коёт. Ушундай кантип спикер болсун? Ошентип ар нерсе болуп жатып, өзүнүн партиялаш депутаттары тоотпой жатканын көрүп эле жатабыз. Спикер деген баардык депутаттардын пикирин сыйлап, нейтралдуу позицияны сакташ керек да. Ал жерге өз партиялаштарына жан тартсын деп отургузган эмес болуш керек.

Дамирлан Калмаметов,   соодагер:

— Чыныбай Турсунбековду мыкты саясатчы катары андай-мындай деп деле айта албайт экенмин. Салыштырып айтканда дурус эле киши. Бирөөнүн ишине кийлигишпейт. Атың чыкпаса жер өрттө дегендерден алыс, ишин мыкты алып барып жатат. Мына жоон топ депутат министрлерди баштап алып карапайым калк менен баарлашып, ал- акыбалдарын сурап турат. Жакында ошол спикерликке отургандан тарта бир аз терс пикирлер айтылып жүрөт. Эми пенде болгон соң кээде адашат деле экенсиң. Ал киши деле регламент боюча иш алып барып жатат.

Шатман Бөрүев, соодагер:

— Негизи эле азыркы саясатчыларды эч жактап сүйлөгүм жок. Айла жок оюңду айткың келет да. Учурда саясатчылар элди таптакыр унутта калтырышты. Сиз айтып жаткан Чыныбай Турсунбеков деле эмне иш кылып жатканын билбейм. Байкуш эл өзүнүн киндигин өзү кесип, көр оокатын өткөрүп жатат. Трибунада туруп алып эле, бири-бирин чукуп, байлыктарын санатышпай, элге жардам берип, көйгөйлөрдү чечип берсе жакшы болот эле. Бажы союзуна кире коюп эмне гана күндү көрүп атабыз? Анан элди алаксытыш үчүн ар кандай шоуларды таба койгонун кантесиң булардын. Элдин аң-сезими өсүп, баягы караңгы кыргыз деп ойлоп жүрүшөт окшойт. Тынч эле болсо болду.

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи:

— Чыныбай Акунович Кыргызстандагы эң күчтүү саясатчылардын бири. Күчтүү дипломат. Азыркы кырдаал Чыныбай мырзага окшогон саясатчыларга муктаж.

Кудурет Абдувалиев:

— Чыныбай Турсунбеков мыкты саясатчы. Аны өзүңүздөр деле байкап атсаңыздар керек, кайсыл жерде кандай окуя болбосун биринчилерден болуп элдин абалы менен таанышып келет. Бизге негизи Турсунбеков мырзадай 50 депутат болсо жетиштүү болмок. Айтайын дегеним, бул киши баардык жагынан карапайым адамдарга пайда алып келчү иштерди алып барууда. Сүйлөгөн сөздөрүндө жан бар.

Кошой Бакиров, соодагер:

— Менин оюмда ал киши акыркы кездерде бир аз өзүнүн партиялаштарына тартып жаткансыйт. Өткөндө парламенттик берүүнү көрүп отурсам депутаттар сүйлөп бүткөнчө эле убакыт бүтүп калып, ал адамдардын ортосунда кайым айтышуулар да болуп кеткенсиди. Негизинен бул кишини «Акун» компаниясы аркылуу жакшы тааныйм. Ал эми саясатчы катары чынында башкаларга салыштырмалуу тажрыйбасы көп эмес. Алдыңкы мыкты он саясатчынын катарына кирем десе саясаттын казанында дагы бир топ жыл кайнаш керек. Бир өзгөчөлүгү курсагы ток, токочтуу адам. Ошондуктан башкалардай болуп алдым-жуттум эмес экени жагат.

Булак: “Жаңы ордо”

Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер союзу Башкы прокуратура тарабынан ММКлардын сотко берилишине тынчсызданууда

Көз карандысыз журналисттер союзу Башкы прокуратура “24 kg” маалымат агенттигин, “Заноза” сайтын жана “Азаттык” радиосун сотко берип, бир нече миллион сомдук доого жыгып жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Аталган союз тараткан кайрылууда “ар кандай бийлик тарабынан массалык маалымат каражаттарына жасалган басым сөз эркиндигин чектөө, маалымат айдыңын ээлөө максаты катары кабылданып, мындай аракеттер көбүнчө ишке ашпай, максатына жетпей келе жатканы белгиленген.

Ошол эле учурда көз карандысыз журналисттер союзу маалымат каражаттарын да калыс, бейтараптыкка чакырып, эки тарапты соттошууга эмес, ачык сүйлөшүүнү баштоого чакырган.

Уюм кырдаалга кылдат көз салып, соттук териштирүүлөрдүн укуктук жагына гана көз салбай, учурда бийликтин ММКларды көзөмөлүнө алуу аракети ачык көрүнүп турган жалпы коомдук-саясий атмосферага да көңүл буруларын белгилеген.

Көз карандысыз журналисттер союзу кырдаалдын чыңалып кетпөөсү үчүн бийликти бардык маалымат каражаттарына каршы берилген доо арыздарын чакыртып алууга үндөөдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Депутат Таабалды Тиллаев: «Учак кырсыгынан жабыр тарткандарга атайын эсепке келип түшкөн каражатты бөлүштүрүү ишин тездетүү зарыл»

Боинг-747 учагынын кырсыгынан жабыр тарткандарга атайын эсепке келип түшкөн каражатты бөлүштүрүү ишин тездетүү зарыл. Бул тууралуу Каржы министрлигине Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында тапшырма берилди” – деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.

Тармактык комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаевдин айтымында, кырсык кесепетинен улам көп адамдардын турак жайлары кыйраган, суук түшкөнгө чейин аларды калыбына келтирүү милдети турат.

Каржы министри Адылбек Касымалиев 10-мартка карата атайын эсепте 95 млн 700 миӊ сом каражат топтолгонун билдирди. «Каражатты бөлүштүрүү маселеси атайын комиссия тарабынан дыкат иликтенүүдө. Алар жыйынтыгын чыгарар замат бөлүштүрүү чаралары көрүлө баштайт», – деп кошумчалады ал.

Песков: Путин Трамп менен G20 саммитинде жолугушу мүмкүн

Орусия жана АКШнын президенттери июлдун башында Гамбургда өтө турган «Чоң жыйырмалыктын» саммитинде жолугушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусия мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ал CNN телеканалына берген маегинде Германиянын Гамбург шаарында өтчү саммит эки өлкө башчысы тең катыша турган алгачкы иш-чара болорун айтты.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен качан жолугарын билбей турганын айткан.

Трамп инаугурациясынан көп өтпөй Путинге телефон чалып сүйлөшкөн. АКШ жана Орусия президенттери бири-бири тууралуу жакшы пикирлерин айтып келишет. Кошмо Штаттарда Трамп жана анын айланасындагылар Орусия менен байланышта болгон деп сынга алынууда.

АКШнын атайын кызматтары Орусияны америкалык шайлоого кийгишүүгө жана Демократиялык партиянын компьютерлерине чабуул коюуга айыптоодо. Кремль болсо ал кинелерди четке кагып келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сурабалдиева чийден тышкарыбы?

Атадан артык уул, атадан кем уул анан атага тең уул төрөлөт дейт кыргызда дал ушул макалдын төркүнүн түшүнгөнү да түшүнбөгөнү да бүгүн саясий элитага баш багып, ата кадыры менен кыз, соодагер кадыры менен бөз өтүп турган кези. Жогорку Кеңешке жаш жаңы саясий элита келди деп төш каккылашканы менен баягы эле бий-болуштун балдары келип, “алтын жаштар” түзүп жаткандыгы жашыруун эмес. Албетте илгерки советтер союзундагыдай саанчылар менен чабандар депутат болмок түгүл, ак үйдүн карооолу менен пол жууй турган кызматына дагы кабыл алынбасы анык. “Алтын жаштар” демекчи бир кездеги депутат, министрдин балдары эле жаңы жаш саясий элитаны түзүп жаткандыгына ич тарыбайт деле, болгону интрига менен ирип, өзүн аппак көрсөткүсү келгени менен көөдөнүндө эч нерсе жоктугу ойлондурбай койбойт.

Жогорку Кеңештин депу­таты Элвира Сурабалдиева дал ушундай атанын кызы деген ат менен парламентке КСДПнын квотасы менен келген. Бирок жыл айланып Сурабалдиева кыз кылыгын башкача көрсөткөнгө өттү окшойт. Адеп атасы Жыргалбек Сурабалдиевдей олуттуу сөз сүйлөп, орчундуу иш кылган атанын кызы экен дегендердин тилегин таш каап, аркасынан кетти. Алгач жыл башында энесиндей болгон, депутат Чолпон Жакупованын Баш мыйзам кабыл алынса мандатымды өткөрүп берем деген антын шылдыңга алып, гүл менен узатабыз деген дагы бир депутат сөөрөйүбүз Евге­ния Строкова менен жазышкан каты жарыкка чыкты. Албетте               жаштыгына салгандыр дегенибиз менен Сурабалдиевага бир жаман сөз айтпаган кесиптешинин парламенттен кетип жатканына кубанган Сурабалдиева бийлик дегенде жалпагына жата калчудай эле таасир калтырды. Арийне атанын уулу болуш урмат, эненин кызы болуш кымбат дегендей Сурабалдиева энесиндей болгон эжени шылдыңга алганы эрдик эмес, анын дагы да болсо акылынын тайкы экендигинен кабар берет эмеспи. Бирок арадан канча убакыт өткөнү менен Сурабалдиева парламентте акылдуусунуп социалдык баракчаларда өзүнүн кылган ишин, айрым министрлик, кызматтардын ишин кескин сынга алганды адат кылды да калды. Кыргыз эли канчалык адам жаман болсо дагы меймандос болуп, анын жаманын жаап жакшысын ашырганды жакшы көргөндүгүнөн, Сурабалдиеванын кылган кылыктарына көзүн жумуп, мейли эми деген сайын Сурабалдиева оңкосунан кетип бараткандай.

Кечээ болсо Саламаттыкты сактоо министрин кызматтан алууга кызыкдар болуп, твиттердеги баракчасына КСДП фракциясынын көпчүлүк депутаты кетиргенге макул болду деп интрига түзгөнгө жетишти. Ал эми КСДПнын лидери Иса Өмүркулов иштегенге мүмкүнчүлүк берели деген пикирин ортого салган. Ошондо КСДПда Иса Өмүркуловдон дагы Эльвира Сурабалдиева кыйын болуп калдыбы? Ак халатчандардын кайсы бир тобу Батыралиевди кетсин дегени менен кайсы бир тобу иштешип жатат, ал эми Сурабалдиева жогорудагыдай интрига жаратуу менен кадр тармагына кийилигишүү менен эмнени эңсеп жатканы белгисиз. Айтмакчы өзүнүн кесиптештери Самигулина менен Строкованын айткандарына шилтеме жасаган Су­рабалдиева Карамушкинаны кошуп алып, парламентте эмес үйүндө уй саап, нан жаап, самогон кайнатып же базарда отурса.

Булак: “Ачык саясат”

Стамбул менен Роттердамда нааразылык акциялары өттү

Түркияда жекшемби күнү наарызылык акциясына чыккандардын бири Нидерланддардын Стамбулдагы консулдугуна кирип барып, падышачылыктын туусун түрктөрдүкүнө алмаштырды. Күн мурун эки өлкө ортосундагы чыңалуудан улам коопсуздук маселесине байланыштуу консулдук убактылуу жабылган.

Голландиялык дипломаттардын үйлөрү жана консулдук имараты полициянын кайтаруусунда болгонуна карабастан демонстрант өкүлчүлүктүн чатырына чыгып кеткен. Ал тууну алмаштырган соң “Аллоху Акбар” деп кыйкырып, качып кеткен. Бир нече мүнөттөн соң Нидерланддардын туусу өз ордуна коюлду.

Стамбулдагы Нидерланддардын консулдугунун алдына жүздөй адам чыкты. Алар Нидерланддардын бийликтери Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учагын кондурбай койгонуна нааразычылык билдиришти. Акцияга чыккандар консулдуктун имаратынын алдына кара гүлчамбар коюп “Нидерланддар биздин чыдамыбызды сынабагыла” деп кыйкырып турушту.

Ушундай эле митинг Нидерланддардын Роттердам шаарындагы Түркиянын консулдугунун алдында өттү. Нидерланддардын тышкы иштер министри туунун алмаштырылышына байланыштуу билдирүү жасап, эки ортодогу кырдаалды “түшүнүксүз” деп атады. Нидерланддардын өкмөтү Анкара Түркиянын аймагындагы бардык дипломатиялык миссиялардын коопсуздугу үчүн жооп берерин эскертишти.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстан президенти 22-23-мартта Астанага расмий сапар менен келет

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 22-23-мартта Астанага келет. Өзбекстан лидеринин сапарынан кийин Борбор Азия мамлекеттеринин айрым жетекчилери да Казакстанга келе турганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиев өлкө башчы катары алгачкы сапарын Түркмөнстандан баштаган. Ал 6-7-мартта түркмөн кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, суу ресурстарын биргеликте пайдалануу маселелерин талкуулаган.

Былтыр 4-декабрда президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөлөр менен мамилелерди жакшыртуу боюнча иштерди алып барууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Жусупжан Жээнбеков, мурунку КСДПчы: «Атамбаевдин жанында чын дили менен күйгөн кадр жок»

 

Айтканынан тайбаган, ачуусу жаман Жусупжан Жээнбеков деген саясатчы бар. Бул киши да КСДП менен парламенттин босогосун аттап, депутат болуп мандат тагынган. Учурунда ажо Атамбаевдин ишенген кишилеринин бири, досу болгон. Президенттин досу менен Атамбаевдин коомчулукту дүрбөлөңгө салып койгон сөздөрүнөн баштап, азыркы саясат тууралуу кеп козгодук.

-Жусупжан Амражанович, президенттин сыйлык тапшырып жатканда сүйлөгөн сөзүн уктуңузбу?

— Аны Кыргызстандын баары укту да.

— Катырып сүйлөдүбү?

— Менин оюмча таптакыр башка темага кетип калды. Өтө туура эмес сүйлөп койду. Акыркы маалдарда майрам күндөрү же кимдир бирөөлөргө сыйлык тапшырып калса эле өзүнүн арыз-муңун айтмайга өтүп алды. Президент болгондон кийин анчалык майдаланбастан, мындай сөздөрдөн жогору туруп, келгендерди куттуктап койсо жарашмак.

— Бирок, 7-апрелде аянтта өлгөн балдар Убактылуу бийликке келгендер байысын деп өлгөн эмес деген эл күткөн сөздү айтпадыбы?

— Сүйлөгөн сөзүндө эл күткөн, президент айтса жакшы болот эле деген сөздөр болду. Бирок, ар бир сөздү айта турган өзүнүн орду болот. Көчөдөгү карапайым адам сүйлөгөн жок, хан сүйлөп жатат. Ошондой сөздү айткысы келсе депутаттарды, коомдук ишмерлерди, аксакалдарды чогултуп Курултай сыяктуу жыйын өткөзүп, ошол жерде кечээки сөздөрүн айтса куп жарашып калмак. Орден, медаль менен сыйлаганы чакырып алып, башка темадагы сөздөрдү сүйлөгөнү туура болбой калды. Эгемендүүлүк майрамында дагы ушул көрүнүш орун албады беле. Саясат ошондон кийин курчуп кеткен. Кечээ күнү жеңеңди ээрчитип алып “Мыскыл жана тамаша” деген концертке бардым. Айылдан концерт көрөбүз деп келгендер мени таанып учурашып “Президент туура эмес сүйлөп койду. Ушул сөздөрүн башка жерде айтса болмок” деп сүйлөшүп калдык. Айылда күн кечирип жүргөндөр ушундай пикирде экен. Хан болгондон кийин мындай деңгээлге түшүштүн кереги жок эле. Ал айткан сөздүн баарын эл билет.

— Өлгөн балдар бийликке келгендер байысын деп окко учкан эмес да. Бул өңүттөн караганда президенттин айтканы туура болуп жатпайбы?

— Президенттин сөзүнүн түпкү маңызы аябагандай эле туура. Мен билгенден Ө. Текебаев биздин мамлекетке кандай жакшылык кылды? Бул канчалаган жаш саясатчылардын башын жебедиби. Аны өзү дагы эфирден аттарын атап берип актанбадыбы.

— Сиз дагы Текебаевдин айынан кызматтан кеткендердин бирисиз да. Кекти алып алайын деп айтып жаткан жоксузбу?

— Туура, Текебаевдин көрсөтмөсү менен кызматтан алынгандардын бири менмин. Мен ага эмне жамандык кылыпмын? Жалал-Абадда Өкмөттүн өкүлү болуп иштеп турганымда, ошол кездеги Өкмөт башчысы болгон Жоомарт Оторбаевине кайра-кайра жазып олтуруп иштен алганы чындык. Мени жетекчи катары иштен алса мейличи, менден башка 11 жөнөкөй жетекчини да жазып жатып иштен алдырбадыбы. Ал бечаралар бала-чакасын кантип багат? Муну ойлогон жок. Анан ушундай адамдан жакшылык күтүп болобу? Текебаев үч кабаттуу офисин качан курду? 2010-жылдан кийин курду. “Дубовый парктагы” ресторанын кайсыл акчага курду? Аны да Текебаевдики деп айтып жүрүшпөйбү. 2010-жылы 7-апрелден кийинки болгон парламенттик шайлоодо Кыргызстанды мазарга айландырып кызыл чүпүрөк байлап, ичинде баардык керектүү нерселер жайгашкан автобусту алып, ичине активдерин салып алып кыдырып агитация кылып жүрбөдүбү. Саясатта жүргөн киши катары шайлоодо канча акча кете турганын жакшы билем. Бир эле артист 8 миңден 30 миң долларга чейин алдык деп жүрүштү. Бул акчаларды кайдан тапты? Мен Текебаев менен 1995-жылдан бери таанышмын. Текебаевдин азыркы абалын табалаган жерим жок. Кудай андайдын бетин ары кылсын. Текебаев дагы чындыкты мойнуна алыш керек да. Конституциянын атасы деп койсо эле асманга чыгып алып, баарын кылсам боло берет дей береби. Эми Текебаевди кармаган учуру мага деле жаккан жок. Аны аэропорттон атактуу бир маджахетти кармагандай кылып тополоң салганы туура эмес. Антпей эле суракка чакырса болмок. Темир торго салбастан үй камагына алса жарашмак. Анын тилин тыйыш үчүн ушундай кадамга барышты окшойт.

— Канткени менен ажонун сөзү 7-апрелдеги революция бир ууч адамдын бийликке жетиши, алар байлык топтоп алышы үчүн болгон, өлгөндөрдүн аруу тилеги таш капты деген пикирди ырастабадыбы?

— Президент дагы балдардын каны төгүлүп бийлик алмашканы менен көп нерсе башкача болуп кеткенине ичиндеги ызасын чыгарып жатат. Мисалы, Роза Отунбаевага кайсыл кызматы үчүн 100 миң пенсия берип, алаканыбызга салып бөпөлөп олтурабыз? Ошто канча бала дайынсыз жок болуп кетти. Бул жерге келип алып, калп эле көзүнүн жашын көлкүлдөтүп, көрүнгөндөн сөккү угуп кетти. Берки туугандарыбыздан болсо “Биздин келинибиз” деген сөздү укпадыкпы. Өлгөн 87 баланын артында калган чүрпөлөрүнө бере турган акчанын эсебинен Отунбаеваны эркелетип олтурабызбы? Роза өзү деле “Жигиттер, биз бийликке кан менен келдик. Мага мындай сыйдын кереги жок. Өзүмдүн оокатым Кудайга шүгүр жетет” деп айтса болмок. 7-апрелден кийин бийликке келген адамдардын көптөрү чириген байга айланышты. Ханга салам беришпей калган. Аида Салянова болсо “Мени камайт, кетирет” деп какшап жүрөт. Андай болсо өзүңдүн артыңа бир жолу кылчайып карабайсыңбы. Президенттин айткан сөзү кеч айтылып калды.

— Парламентти “Балыктай болуп олтургандан көрө тарап кетпейсиңерби? Мен Бакыт Төрөбаевдин тарап кетели деген сөзүн колдойм” деп айтканына не дейсиз?

— Азыр тарап кетпейсиңерби деп сөз баштап, парламенттин дарбазасын ачтыбы, эми ичиндеги жүз жыйырмасын чыгарып жиберсе баатыр болот. Айткан майда-чүйдө сөздөрүнүн баардыгы эстен чыгат дагы кыйшайып калган ээрин түздөп кетет. Фракция лидеринин “тарап кетейли” деген сөзүн колдоорун билдирди. Президент минтип айткандан кийин анын КСДП фракциясы аракет кылыш керек. Эгерде чын эле алар президентти колдогону анык болсо биринчи кезекте КСДП мандатын таштаса туура болот. “Баарыңар бизди жамандайсыңар, биздин лидерибиз айтты, биз парламенттин тарашын колдойбуз” деп элге өрнөк көрсөтүшү керек. Атамбаев президент болгонуна карабай иш жүзүндө КСДПдан лидерлигин алган жок. Мыйзам чегинде бир гана партияга жан тартпастан, баарына тегиз караш керек болчу. Шайлоо учурунда өзүнүн партиясы үчүн агитация кылып, азыр КСДПдан депутат болгондордун баарын өзү сүрөп жүрүп алып келип олтургузбадыбы. Эми КСДП да ушундай абалда президентти колдоп, тегирменчиси баш болуп, темир жолчусу коштоп, президенттин айтканы эң туура деп мандатын ыргытып басып кетиши керек.

— Сиз дагы КСДПнын мүчөсү болуп, депутаттык мандат тагынгансыз. КСДПнын азыркы курамын карап олтуруп, президентти колдоп, ага тирөөч болчулары бар деп ойлойсузбу?

— Кеп президент өзү алып келген КСДПнын азыркы курамында болуп жатпайбы. Чынын айтайын, 2007-жылы КСДПны түштүктүн жарымына тааныткан мен болдум. Оштун Кара-Суу районунан баштап, Жалал-Абаддын Чаткал районуна чейин кыдырып чыккам. Анда КСДПны эч ким тааныбайт болчу. Туура, ошол шайлоодо 11 адам депутат болуп барганбыз. Кийин партиянын жыйыны болуп, Атамбаевди Бакиевге атаандаш кылып президенттик шайлоого алып чыгабыз дегенде, “Эл сизди талапкер катары колдоп жатабы. Сиз “культ личность” болуудан этият болуңуз” деп айтканмын. КСДПнын азыркы курамында президентти колдой турган татыктуусу жок деп айтуу туура эмес. Кыргыз эч убакта жок деп айтпайт. Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес. Булардын арасынан деле бирөөсү чыгаар.

— Бүгүнкү саясий кырдаалда ажонун абалын кандай элестетип жатасыз?

— Азыркы саясий кырдаалга башкөз боло албай калды. Тизгинди коё берди. Басмайыл бошоп кетти. Жанындагы 2–3 клан акыл айтпастан, ушундай кыласың деп талап кыла баштады окшойт деп ойлоп кетем. КСДПнын алгачкы ирет түзүлгөн тизмеси менен кадрларды жылдырып келгенде кадр маселесин чечип алат болчу. Мен КСДПдан эбак эле чыгып кеткендиктен ага ичим ачышпайт. Бирок, ажонун азыркы абалын көрүп туруп бооруң оруйт да.

— Сиз көптөн бери түштүктө жүрөсүз. Эл менен аралашып, чайлашып жатсаңыз керек. Текебаев камалгандан бери түштүктө элдин арасында кандай пикир жаралды?

— Азыр эл 70–30 десем болот. 70 пайызы “Ушул кезге чейин өлкө үчүн эмне кылып койду?” деп Текебаевдин кылган иштерине баа берип жатышат. 30 пайызы “Кокус эртең Текебаев президент болуп калса эмне кылам?” дегендер. Жетекчилер болсо дубалдын наркы бетине барып алып башкача сүйлөйт да, бул бетине өткөндө экинчи сөзүн айтышат. Таласта иштеп жүргөнүмдө “Арыктын эки жээгине эки бутуңарды коюп алып талтайып турбагыла. Суу көп келсе алып кетет” деп айттым эле. Ошол сыңарындай жетекчилердин көбү эки жакка талтайып турушат.

— Атамбаев өз сөзүндө “Менин ишенгеним эл” деп айтты. Азыр президентти эл колдойбу?

— Ушул командасы менен кете берсе эл колдобойт. Сүйлөп жатканда “Бизди дүйнөлүк коомчулук мактап жатат” деп айтты. Мени деле атамдын инилери, апамдын сиңдилери “Азамат” деп макташат. Президенттин сүйлөгөн сөзү ошондой болуп жатпайбы. Мактана турган цифра, факт кана? Алар жок. Курулай мактана берген болбойт. Эл азыр бир жакка оодарыла албай ортодо турат. Эгер президент колунан эч нерсе келбеген парламентти таратып жибере турган болсо, президент тарапка оодарылат.

— Акыркы күндөрү жанындагы кадрларын алмаштырып, тылды бекемдегенге өттү. Кадрдык жүрүштөр менен азыркы абалды өзгөртө алабы?

— Ачыгын эле айтайын, Атамбаевдин жанында чын дили менен күйгөн кадр жок. Байкасаңар, Атамбаев 7 жылдан бери Акаев, Бакиев деп айтып жүрөт. Жанында олтургандардын бири да бул сөздү колдонбойт. Анткени, алар ичинен Акаев, Бакиев деп жүргөндөр. Алардын фундаментин Акаев менен Бакиев куйган.

— Президент баарын таза иштөөгө чакырып “Атамбаев эч качан уурдаган эмес” деп айтып келет. Сиз аны жакшы билген адамдардын бирисиз. Ажонун бул сөзүнө ишенсе болобу?

— Наралы иним, мен аны менен бирге уурдашканым же болбосо уурдап ага бергеним жок. Аны Жараткан өзү билет. Жараткандын алдында жооп берет. Адам баласын жаманатты кыла бериш аябай оңой. Колунан кармап албагандан кийин эч кимди ууру деп айтпаш керек. Менин да артымдан ар кандай сөздөрдү чыгарышкан. Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп турганда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы иштерди алып чыгам деп “Ата-Мекендин” куйругун баскан экем, алар Оторбаеви аркылуу кетиришти. Ошол учурда президент катары калыс пикирин айтып, бир гана “Ата-Мекендин” сөзүн укпастан, “Бул дагы өлкө үчүн таза иштеп берет” дегенге жараган эмес. Тескерисинче, Икрам аркылуу чакыртып жатып убактылуу арызымды алганы мен үчүн күтүлбөгөн иш болгон. Ушундай абалда бири-бирибизди коргой албасак, саясатта эч кимдин жолу бир болбойт. Тескерисинче, досум мени Текебаевдин колуна салып берип кутулган. Мен 2013-жылы эле кан менен бийликке келгендер учуру келгенде бири-бирин чукушуп, шермендеси чыгат деп айттым эле.

– 2005-жылы революция Жалал-Абаддан башталганын баары билет. Сиз ошол жерде жүргөнсүз. Атамбаев эки революцияны тең мен жасагам деп айтты. Биринчи революция учурунда Атамбаев Жалал-Абадга барганын көргөнсүзбү?

— Бул каратып туруп калп айткандык. Жалал-Абадда Бектур Асанов, ыраматылык Жусуп Бакиев 50гө жакын адамды алып чыгып, андан ашык чогулта албай мага барышкан. Кыргызстандын келечеги үчүн деп сүйлөшүп, мен да өз шайлоочуларымды көтөргөм. Көтөрүлгөн эл обладминистрацияны басып алган. Базар-Коргон, Аксы, Ала-Букадан элдер сүрүлүп келген. Ошол учурда Атамбаевди бир да жолу көрбөгөм. 15-мартка чейин Курманбек Бакиевди дагы көргөн эмесмин. Текебаев да 15-март күнү эртең менен мага жолугуп, жыйынга катышпай качып кеткен. Кийин мени “самозванец” деп айтып жүрүштү. Жалал-Абадга бут басып келишпеген. 2010-жылы кыргыз-өзбек кагылышуусунда дагы мен Ошто жүрдүм. Фаттаховго орден беришти. Фаттахов кимдердин жанында жүрдү эле? Жумадыл Исаковдун, Жылдыз Жолдошеванын, Тажиниса Абдурасулованын, менин жанымда жүргөн. Бизге тезек да берген жок. Фаттаховдорду көкөлөтүп кармап олтурат. Бүгүнкү күнү кудум ошонун бири болуп Анвар Артыковду депутат кылып олтургузду. Бул элге жакпай турган нерсе.

Булак: “Жаңы ордо”

Депутат болгон журналисттер кайда?

Калп айткан менен болобу ЖКнын 5-чакырылышында журналист журтчулугунун айрым өкүлдөрүн, айрым партиялар арасына кошуп келишти. Башкаларында бирден журналист болсо, басымдуу бөлүгү азыркы бийликтин СДПК партиясы менен эл өкүлү болуп келишти эле. Алар Ырыскелди Момбеков, Жанарбек Акаев жана Жылдыз Мусабековалар. Эми сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет дегендей Атамбаев агынан жарылганы бекеринен эмес. Маалымат айдыңынын өкүлдөрү партияга “дзот” болуп берет деген үмүттө, алардан үгүт иштерине бир тыйын сурабай алдыңкы тизме менен алдыга салып келишпеди беле. Ошентсе Жылдыз айым, керектүү учурда дайыны жок. Орустар айтмакчы, “керектүү кезде, туура эмес жерде” болуп жүрөт. Ал эми “балашка” Жанар мырза каратып туруп партиялаштарын сатып кетти. Тагыраагы, “Ата Мекен” партиясына ачык эле иштеп жатканын көрүүгө болот. Мунусу кафеде бир столго олтуруп алып, коңшу столдун ашына көз арткандай эле болуп жатпайбы. Бирок, баардык ишеничти Ырыскелди мырза жалгыз өзү актап жатат. Тандаган партиясына берилгендигин көргөзүп, өз жүзүн сактап келүүдө. Башкаларчылап эки түрлүү маска кийген жок. Ошентсе дагы кийинки шайлоолордо, бир гана СДПК эмес, башка дагы саясий партиялар ММК өкүлдөрүн, кесиптештерибизди катарына кошуудан качып калышпас бекен. Журналистикадан депутаттыкка барууну мода кылгандардын алгачкы каркыралары минтип оппозиция айкырып койсо, штанын булгап, алардын ырын ырдаса. Бияктан позициясы бакырып койсо алардын бийин бийлеп жатса…
Булак: “Ачык саясат”

Казакстан 2018-жылы январда БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылат

Казакстан 2018-жылы январда өтө турган Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кылат. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди. Дипломаттын айтымында, жыйын учурунда Борбор Азия жана Ооганстан боюнча резолюция же билдирүү кабыл алынышы мүмкүн. Төрагалык ай сайын алмашып турат. Казакстан Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин вето коюу укугуна ээ беш мүчөсү бар. Алар – АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия жана Франция. Мындан тышкары эки жылдык мөөнөткө шайланган 10 туруктуу эмес мүчөгө ээ. Мартта төрагалык Украинадан Улуу Британияга өттү.

Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишине 2017-жылы 1-январдан тарта киришкен. 2-мартта Казакстандын БУУдагы мүчөлүгүнө 25 жыл толду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню