Боинг-747 учагынын кырсыгынан жабыр тарткандарга атайын эсепке келип түшкөн каражатты бөлүштүрүү ишин тездетүү зарыл. Бул тууралуу Каржы министрлигине Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында тапшырма берилди” – деп маалымдады КР ЖК Басма сөз кызматы.
Тармактык комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаевдин айтымында, кырсык кесепетинен улам көп адамдардын турак жайлары кыйраган, суук түшкөнгө чейин аларды калыбына келтирүү милдети турат.
Каржы министри Адылбек Касымалиев 10-мартка карата атайын эсепте 95 млн 700 миӊ сом каражат топтолгонун билдирди. «Каражатты бөлүштүрүү маселеси атайын комиссия тарабынан дыкат иликтенүүдө. Алар жыйынтыгын чыгарар замат бөлүштүрүү чаралары көрүлө баштайт», – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ