Menu

САЯСАТ

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат»

 

— Табылды мырза, бийликке каршы үн катып жаткан Өмүрбек Текебаевдин 2 айга камакка алынышы саясий абалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

– -Бул суроого алды менен кечээки ЖКнын отуруму жакшы мисал болуп берет го дейм. Айрым калбыры бар депутаттар үн каталбай коркуп жатпадыбы. Айрымдары бийликтин сөзүн, көзүн карап, күнкарамага айланып жатпадыбы. Эл көрүп алып күлүп жатат. Бүгүн президент Атамбаевге тике карап, чындыкты көзүнө айта ала турган бир эле Текебаев болчу. Ошого аны саясий негизде кандай гана болбосун оюндан чыгаруу керек деген операциясы жүрүп жатат. Муну Акаев, Бакиев деле жасап келген. Аны баарыбыз билебиз. Башкасын айтпасак да “Матрешкагейтти” эстесек жетиштүү. Бүгүн болсо “Мародерство”, “ Белизгейт” эми “Маевскигейт”. Менимче, эми бийликке эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ал президенттик шайлоолорду өзү каалагандай өткөрөт. Масленин баары ошондо.

— Текебаевге жан тарткан саясатчылардын басымдуу бөлүгү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болууда. Башка саясий күчтөр сырттан байкап тургандай элес калтырууда. Бул кармаш Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн ортосунда боло турган болуп калды окшойт. Кайсыл тарап элге жакыныраак боло алат?

— Ооба, 31-августта А. Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн кескин сынга алып, тирешке жол ачты. Бирок, саясатчылар президенттик шайлоолор алдында өзүнчө ар бир кандидаттын тегерегине топтолушат. Башкача айтканда бир эле УӨ эмес, башка да күчтөр пайда болот. Бүгүн эле өлкөдөгү баардык патриоттук күчтөрдү бириктирген күчтүн пайда боло тургандыгы айтылды. Президенттикке барам деп жарыя кылган Т. Сариев, Б. Төрөбаевдердин тегерегине да бир топ саясатчылар топтолуп жатат дегендей.

— Башкы “Атамекенчиге” көрсөтмө берген орус ишкери Маевский өз өлкөсүндө ызы-чуулуу иштерге аралашканы, арты таза эмес экени маалым болду. Ал М. Бакиев менен тааныш болгон экен. Кийин Россиядан куулган Березовскийдин адамы болгону да айтылды. Ошондой адамдын көрсөтмөсү менен Текебаевге кылмыш ишин ачып, камакка алуу акылга сыйчу ишпи?

— Кыргызстанда абийири, ар- намысы күмөндүү адамдарды пайдаланып кылмыш ишин ачуу, саясатчыларды сындыруу көнүмүш болуп калды. Мына “атамекенчилер” үчүн “ мошенниктер”, мурда отуруп чыккан адамдар катары таанылган А. Юсупов, Рыкунова, Маевскийлер колдонулуп жатпайбы. Белизгейтте да эл аралык деңгээлде “мошенник” аталган компания колдонулбадыбы. Бирок, ушунун баарын көрүп туруп, саясатчылар унчукпай олтурушпайбы. Эртең эле бийлик алмашып кетсе, өзүлөрү ошондой абалга кептелип калаарын билбей жатышат. Анан калса, биздин саясатчыларда ар-намыс дегенден эч нерсе жок. Депутат болуп алып, Президент аппаратынын кызматкерлерине жүгүнүп кирип, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасап берип жатпайбы.

— Маевскийдин видео көрсөтмө берүүсүнө ФСБнын макулдугу жок биздин УКМК жетише алат беле? Бул ишке ФСБ да кызыкдар деп шек саноого болобу?

— Ооба, менимче Маевскийди ФСБнын жардамысыз арыз менен кайрылтуу кыйынга турмак. Анан калса, ал экс-депутат. Госдумада байланыштары бар дегендей. Биздин СНБ орус тараптын макулдугусуз башка өлкөнүн гражданинине, фракциянын лидерине каршы арыз жаздыра албайт. ФСБ дароо эмне үчүн биздин башыбыздан ашып түшүп иштеп жатасыңар деп чыкмак. Маевский ФСБ жана башка укук коргоо органдарынын колунда, башкача айтканда алардан көз каранды адам. Орусияда репутациясы өлгөн, бир канча жолу соттошуп, азыр да сотто жүрүп жаткан адам катары айтылууда. ФСБ ага “макул” биз бул ишиңди бүтүрүп берели, сен болсо кыргыз оппозиционерине каршы көрсөтмө бер деп көндүрүп коюштары мүмкүн да. Анан калса, Маевский өзү деле эмне үчүн биздин коопсуздук кызматына ишениши керек эле. Ошондуктан, менимче бул макулдашылган. Кайсы бир деңгээлде макулдукту алыш учун акча да берилген. Себеби, Орусияда деле биздегидей коррупция күч. Ошол эле учурда Маевскийге да көп нерселер убадаланышы мүмкүн. Мисалы, “Мегакомду” арзаныраак сатууга. Же акциясынын кайсы бир процентин сатууга дегендей.

— А. Атамбаев “Маевский 6 жыл мурун арыз менен кайрыла албай эми кайрылыптыр. Себеби, бүгүн ал бийликке ишенип, укук коргоо органдарына кайрылып жатат” дегендей айтты. Сиз кандай ойлойсуз, эмнеге ал 6 жылдан бери арыз менен кайрылган эмес? Бул жерде кандайдыр бир саясат жатса керек, кандай дейсиз?

— Өзүңүздөргө белгилүү “Ата-Мекен” фракциясы буга чейин дайыма коалицияда болуп келген. Бирок, акыркы коалиция түзүлгөндө “Ата-Мекен” кирбей калды. Мына ошондон баштап бийлик “Белизгейт” операциясын уюштурду. Андан майнап чыккан жок. Анан Саляновага кылмыш ишин ачты. Анан Шыкмаматовго, эми Текебаевди камап олтурат. Башкача айтканда ушул согуштун жүрүп жатканын көргөн соң, тиги Маевский деген шылуун арыз жазып, бир чоң нерсени утуп алууну көздөп жатат. Албетте, Маевский бул оюнга дароо эле көнө койгон жок. Бул үчүн Маевский өзүнүн тылын бекем кылып алган. Мисалы, анын артында ФСБ же Госдуманын депутаттары турушу мүмкүн. Же болбосо ФСБнын отставкадагы генералдары турушу ыктымал. Алардын бул структурада крышалары бар.

— Кыргызстанда кимде-ким взятка менен шектелсе, анда взятканы сунуштаган адам да камалышы керек. Бул жерде орус гражданини үчүн мыйзамдар иштебей жатат. Эмне учун? Путин менен макулдашылган эмеспи?

— Мен жогоруда айткандай Маевскийдин «крышасы» бар. Ошондуктан, Маевский биздикилер менен өзүнүн коопсуздугу тууралуу өтө так келишип алган болсо керек. Ал келип арыз жазат, очный ставкага катышат. Анын бул кызматы үчүн биздикилер ага кылмыш ишин ачпайт. Эгер ачса, ал тескери сүйлөп, менден суранышкан, мага акча сунушташкан деп көп нерселерди айтып, коопсуздук кызматынын абийирин аштай төгүп коюшу мүмкүн. Ооба, айрымдар бул ишти Путин менен макулдашылган деп жатышат. Себеби, Маевский Госдуманын экс-депутаты. Ага Кыргызстандын укук коргоочулары эмес, Коопсуздук кызматы кызыгып жатат. Ошол өңүттөн алып, Маевскийди көндүрүш үчүн Путинден макулдук алынган деп жатышат.

— Эмнеге орус жараны Маевский тандалган?

— Себеби, Текебаев өтө популярдуу саясатчы. Аны сындырыш үчүн кыргыз жаранын колдонуу кооптуу. Кыргыз жаранынын артында тууган- уругу бар дегендей. Ал кайсы бир учурда баарын айтып салышы ыктымал. Маевский бир колдонулуучу тряпкадай эле да. Ал кайсы бир кызматтарды кылып берет, анан кетип калат. Биздикилердин проблемасы болбойт. Кыязы, ушундай негизден Маевскийге токтолушкан го дейм.

— Маевский сотко келбей коюшу мүмкүнбү?

— Ооба. Маевский сотко келбей коюшу толук мүмкүн. Анан калса, Маевскийдин айткандарын сотто далилдөө кыйын. Мисалы, ал акчаны эки бөлүп жибергем дейт. Биринчисинде 300 миң долларды Модинге берген. Ал дагы бирөөнө берген. Бирок, ал бүгүн жок. Кайтыш болуп калган. Акча каякка кеткени белгисиз. Анан калса, Маевский ошол 300 миң долларды Кыргызстанга кантип киргизген? Бул маселе да так эмес. Эч документсиз. Экинчи жолу 700 миңди Москвадан жөнөткөм дейт. Ал акчанын Кыргызстанга киргени тууралуу эч далилдери жок. Ошого ал сотко толук келбей коюшу мүмкүн. Бирок, биздикилерге саясат керек да. Максат эптеп Текебаевди сындыруу учун ага асылып, аны жулмалап, тынч койбош керек болуп жатат да. Эркин дүйнөнү кыдырып, коррупциялык документтерди чогулткан Текебаевден көрө, СИЗОдо олтурган Текебаев артык болуп калды көрүнөт.

— Путиндин келиши менен Маевскийдин көрсөтмө берүүсү аркылуу Текебаевдин камакка алынышы бир мезгилге туура келип калбадыбы. Бул атайын жасалган ишпи?

— Бул бекер болгон жок. Муну менен бийлик Текебаевден өтө коркоорун, аны камоо өтө маанилүү экенин билгизип койду. Эң негизги максат Текебаевди камоо экени билинип калды десем жаңылбайм. Менимче эң негизги себеби, президенттик шайлоолор жакындап келатат. Орусия кандидаттарды караштырып, акырындык менен тымызын консультацияларды жүргүзөт. Балким, Текебаевдин өзүнө да кызыгып калабы деген коркунуч болду. Же Текебаев көрсөтүп, сунуштаган кандидатты жактырып калышпасын деген коркуу бар. Кыскасы, Текебаев негизги конкурент деп аны оюндан чыгаруу негизги максат болду көрүнөт.

— Путин келсе президенттик шайлоого старт берилет деп айтылып жүрдү эле. Орус президентинин иш сапары учурунда мураскер тууралуу сөз козголду деп ойлойсузбу?

— Жок, сөз козголгон жок деп ойлойм. Текебаевдин камалышы менен саясий процесстер башка нукта өнүгүшү мүмкүн. Атамбаев буга чейин деле айтып келбеди беле, мураскер болбойт деп. Кыязы, мындан ары саясий процесстер эки нукта өнүгөт. Биринчиси, Атамбаев өзү экинчи мөөнөткө барат. Экинчи жол, Атамбаев мураскер калтырат. Бирок, ал үчүн көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Атайын кызмат документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн”

 

— Артур мырза, кечээки Ата-Мекен фракциясы тарабынан Президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына тийешелүү болгон документ жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Дача-СУга кулаган учактагы жүк чын эле өлкө башчыга жана биринчи айымга тийешелүү болуп калышы мүмкүнбү?

— Бул маселени эки тараптуу карасак болот. Биринчиси, эң негизгиси, атайын документтер президенттин атына жазылган документ экен. Ал документтин кандайдыр бир иштердин же кызык окуялардын негизинде документтин көчүрмөсү башка адамдарга түшүп калганы өтө таң калыштуу. Экинчиден, бул документ оперативдүү маалымат. Оперативдүү маалыматтын ушундай деңгээлде жазылышы дагы күмөн. Үчүнчүдөн, бул документ окуялардын жана ушул окуяга катышкан фигуралардын аттарынын аталышы дагы кандайдыр бир деңгээлде күмөндүү ойлорду элестетет. Мындан тышкары ачыгын айтсак, кээде ушуга окшогон документтерди авиа компаниялар камсыздоону төлөбөш үчүн кандайдыр бир адамдарды жалдап, же өздөрүнүн атайын кызматтагы адамдарын жалдап кандайдыр бир документтерди даярдап элге таркатууга, ошондой эле биздин мамлекеттеги оппозициялык маанайдагы адамдарга маалымат катары жиберүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн учурлар пайда болот. Ачык эле айтыш керек, ушуга окшогон маалыматтардын айынан дүйнө жүзүндө согуштар дагы болуп келген. Мисалы, Англиянын атайын кызматынын адамдары убагында Иракта химиялык оор жарылуучу заттар бар деп туура эмес маалымат бергенинин негизинде кийин согуш ачылып кеткен. Же болбосо алыс кетпей эле биздин мамлекетте дагы жогорку бийликке кете турган документтер жоголуп, же болбосо кандайдыр бир деңгээлде ачыкка чыгып калган учурлар дагы көп эле кездешкен. Ошондуктан бул документти бүгүнкү күндө көңүл буруп, чын эле жасалма экендигин же чындыгын такташ үчүн карап чыкса болот. Себеби канткен менен айып тагылып жатат, бул боюнча бүт коомчулукка билдирүү болгондон кийин каралып чыгышы керек. Эң негизгиси 40 жараныбыз каза болуп, ушундай кырсыкка туш кылган контрабандалык жол менен келген учактар деп биз эсептеп жатабыз. Мен буга толугу менен кошулам. Себеби буга чейинки президенттердин убагында, бүгүнкү күндө дагы транспорттук, авиа, темир жолдору менен келип жаткан товарлар келген жана азыр да келип жатат. Бул ушунчалык коррупциялык схемага өтүп кеткен. Ошондуктан мындан кутулуш, арылыш өтө кыйын болуп калды. Былтыр Белоруссиянын президенти чоң бир жыйында “Кыргызстандын чек арасында чоң тешик бар, тешиктен контрабандалык жолдор менен товарлар келип турат”-деп айтты. Буга чейин дагы бир нече жолу анализ болуп келген. Биздин Кыргызстанга келген товарлардын баасынын суммасы башка мамлекеттен чыккан товарлардан 10 эсе аз көрсөтүлүп, абдан төмөн болуп кеткен. Бул ушундай ачыктан ачык, биздин Кыргызстанда болуп жаткан контрабандалык системалардын дагы деле иштеп жаткандыгын билдирип турат. Эми буларга жогорку деңгээлдеги атка минерлердин тийешеси бар, буга эч ким күмөн санабайт деп ойлойм. Мындан сырткары чек ара, бажы тармагынын кызматкерлери ушуга байланыштуу болгон укук коргоо кызматкерлери бул боюнча муну көп жылдардан бери жакшы билишет. Алардын кээ бир ыплас схемалуу жол менен иштеген жетекчилеринин иштерин же ушуга байланыштуу иштеген адамдары кийлигишип ушул боюнча шугулданып келишет. Буга бөгөт коюу абдан оор болуп калган. Жөнөкөй эле мисал бүгүнкү күндө Кыргызстандан өзүбүздүн жакынкы эле мамлекеттерге контрабандалык жол менен чыгып жаткан күйүүчү майлар дагы деле болсо болуп турат. Бул боюнча бир нече деген мисалдар дагы келтирилген, ошондуктан бүгүнкү күндө бул абдан татаал опурталдуу иш. Биздин укук коргоо органдары ушул боюнча териштирүү иштерди таза, чын, адилеттүү, Кыргызстандын мыйзамынын негизги нормалары менен туура көргөзсө көп контробандалык жол менен шугулданган жогорку деңгээлдеги атка минерлердин ысымдары эмес алардын схемалары кошо чыгып калышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө ушундай болуп калышы коомчулукту абдан ойлондурат.

— Турциядан келген документте 18 ката бар экен. Ушунча катадан кийин бул документтин “чындыгына” кантип ишенсе болот?

— Өткөндө “Белизгейт” маселеси чыкканда ондон ашык ката чыккан. Ондон ашык ката чыккандыктан оперативдик негизде айыптоолор болгон. Азыр деле ошонун жообу болуп жатат. Президентке жазылган расмий документтин үтүрүн же чекитин койбой койсо башка болмок. 18 ката болушу мүмкүн эмес эле. Мен жана да айттым, азыр да айтам ушуга атайын кызыктар болгон компаниянын, камсыздандырган агенттиктин кызматкерлери дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Же болбосо Турциянын өзүндө дагы президентке каршы иштеген адамдары бар. Себеби былтыр төңкөрүш болуп кете жаздап араң калышпадыбы. Дагы деле болсо алардын арасында жашыруун негизде ага каршы иштеген адамдар дагы пайдаланышы мүмкүн. Же болбосо шылуундар кандайдыр бир деңгээлде ушундай документти жасап, оор трагедиялуу окуядан акча табыш үчүн шугулданган учурлар дагы болот. Документти баардык жактан карап, мүмкүнчүлүк болсо коюлган мөөрлөргө байланыштуу текшерүү иштерин жүргүзсө ким аркылуу жасалганы чыгып калышы мүмкүн. Ачык эле айтаар элем, бул боюнча элчилиги билдирүү жасады. Чалгын же атайын кызматтын кызматкерлери документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн. Бул документти кээ бир ошол жактагы адамдар кийин таппасын деп бурмалап атайын ката да киргизиши мүмкүн. Бул териштирүү жана иликтөөнүн негизинде көп нерселер белгилүү болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Назарбаев менен Путин Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүн улантууну чечишти

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путин телефон аркылуу Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрүү маселесин талкуулашты.

Путин БУУнун ортомчулугу алдында Женевада өткөн жыйында Сириядагы оппозициялык күчтөр жаңжалды жайгаруу боюнча Астанада марттын ортосунда жолугууга ниеттенишкенин билдирди.

Буга чейин Казакстан ТИМи Сириядагы элдешүүнү көзөмөлдөөгө кепил болуп жаткан өлкөлөр кийинки жолугушуунун мөөнөтүн жана деңгээлин талкуулап жатышканын билдирген. Акыркы жолу Орусия, Түркия жана Ирандын ортомчулугу алдында куралдуу оппозиция менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү 16-февралда жолугушкан. Бирок жыйын алгылыктуу натыйжа берген эмес

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин башкаруу органына төрагалык кылуусунун негизги милдети биримдиктин ичиндеги негизги тоскоолдуктарды алып салуу

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигинин  башкаруу органына төрагалык кылуусунун негизги милдети биримдиктин ичиндеги негизги тоскоолдуктарды алып салуу,-деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 6-мартта, жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маалыматында. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасы төрага мамлекет катары, интеграциялык биримдиктин бардык катышуучулары өз ара түзүлгөн келишимдердин, милдеттердин жана техникалык регламенттердин үстүнөн иш алып баруусу үчүн иштейт.

«2017-жылы ротациялык негизде Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылуу Кыргыз Республкиасыны өткөрүлдү. Бул жерде Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Евразия Өкмөттөр аралык кеңеши жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тууралуу сөз болуп жатат», – деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Ал белгилегендей, ЕАЭБ башкаруу органдарына төрагалык кылуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн кесиптештерине, Евразиялык экономикалык комиссиясынын органдарына төрагалыктын алкагында Кыргыз Республикасынын негизги багыттары жана аракеттеринин вектору тууралуу кайрылуу жасаган.

«Биздин негизги милдетибиз –  биримдиктин өлкөлөрү арасында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттырууга жана экономикалык абалды жакшыртууга багытталган ЕАЭБ ичиндеги соода тоскоолдуктарын максималдуу жоюу.  Мында башкы көңүл эл аралык кызматташтыкка бурулат, глобалдык тенденциянын алкагында дүйнөлөк соодада өз ордубузду табуубуз зарыл. Аны менен бирге  экономикадагы жаңы инновацияларды өнүктүрүүгө басым жасалат. Кыргызстан жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн «технологиялык экономиканы» өнүктүрүү зарыл», – деп белгиледи  вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Турсунбек Акун, мурунку Акыйкатчы: «Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу»

-Турсунбек мырза, сиз Текебаев камалган күндөн бери активдүү чуркап жүрөсүз. Митингде жалындуу сүйлөдүңүз, сотко чейин бардыңыз. Бирок, Текебаев азыркы башаламан системаны курган башкы архитектор өзү экенин жакшы билесиз да. Ушул эле версия менен бир топ саясатчыларды сындырганга шарт түзгөн адам. Өзү ошол абалга туш келгенде мыйзам бузуу болду деп кыйкырып жатат. Бул кош стандарттуулук болуп калбайбы?

— Мен жалгыз гана Текебаевди коргоп митингге чыкканым жок. Демократиянын абалы коркунучта болуп, сөз эркиндиги бузулуп, саясий куугунтук күч алгандыгы үчүн чыктым. Жалгыз эле Текебаев эмес, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дүйшөнкул Чотонов, Дастан Сарыгуловго окшогон адамдар камалып жатканы үчүн чыгып атам. Укук коргоочу, өмүрүн демократияга арнаган адам катары Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги болушун каалайм. Азыр демократияны, сөз эркиндигин муунтууга коркунучтар жаралып жатат. Өмүрбек Текебаев менин досум, теңтушум болгону менен мага камакка алынган башка саясатчылар да ошондой жакын адамдар. Мен Текебаевди актоодон алысмын. Коррупцияга, алдамчылыкка каршы болуп, тазалык үчүн күрөшүп келатам. Бирөөнүн эмгегин жеп, акчасын алдап алганды каалабайм. Ким алдамчы экенин, ким коррупцияга аралашканын бир гана сот чече алат. Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева дагы коррупционер, алдамчы деп айта албайт. Текебаевди алдамчы, коррупцияга аралашкан деп айтууга эч кимдин укугу жок. Эгер ага тагылып жаткан күнөөлөрдү далилдей албаса камакка алгандар мыйзамдын алдында жооп бериши керек болот. Акчаны кайсыл убакта алды? Колуна алганы тууралуу тил кат жазганбы? Аудио же видео жазуу барбы? Башка өлкөдөн келген эки жарандын акча алган деген көрсөтмөсү менен эле камай берсе жаман өнөкөт түзүлөт да. Эгер кимдир бирөө президент менден мынча акча алды эле деп көрсөтмө берсе эле камай береби? Ошон үчүн өзүмдүн пикиримди ачык айтып жатам.

— Текебаев үчүн чыкканым жок деп жатасыз. Митингде Текебаевди жактаган, Атамбаевди эсиңе кел, Өмүкөмдү бошот деген сөздөрдү айтпадыңызбы?

— Текебаевди, саясий куугунтукка кабылган башка саясатчыларды коргогон комитет түзүлдү. Ошонун жетекчиси катары айтчу сөзүмдү айтам да. Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду, Дастан Сарыгуловду коргогон митинг болду. Ага да барып сүйлөдүм. Бектурларды коргоп 4–5 жолу туура эмес камалды, саясий куугунтук болуп жатат деп маалымат жыйынын бердим. Митингге мен эмес, адам укугун коргогон акыйкатчы Кубат Оторбаев чыгыш керек болчу. Анын ордуна мен жүрөм го.

— “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарына кылмыш иши козголуп, башынан кара булут айланып турат. Бирок, Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда “Ата Журттан” депутат болгон Камчыбек Ташиевди, Ахматбек Келдибековду, Нариман Түлеевди, Талант Мамытовду дагы Текебаевди камаган ыкма менен камаган. Анда мыйзам бузуу болгон эмеспи?

— Текебаевдин жактоочуларын же болбосо нааразычылык акцияга катышып жаткандарды мыйзам бузду деп айта албайбыз. Алар бир имаратты барып басып алса, кимдир бирөөнү сабап койсо мыйзам бузуучулукка барды десек болот. Ошол эле Камчыбек Ташиевдин, Ахматбек Келдибековдун жактоочулары деле митинг, пикетке чыккан. “Ата-Мекендин” лидеринин күнөөсү болсо сот аркылуу далилдесин. Ал чет мамлекетке качып баратса камакка алса бир жөн. Тескерисинче, ал бул жакка келип жатпайбы. 25 жылдан бери саясатта жүрүп, номур биринчи деген саясатчы болуп аталып, Конституциянын атасы делген лидерди качып кетчүдөй кылып, Бен Ладенди кармаган сыяктуу 300 жоокер менен аэропортко барып, самолёттон түшүрбөй кармап кеткени чуу жаратып жатат. Көрсөтмө берген Маевский эл аралык издөөдө экен. 357 млн долларды жеп койгондуктан орус бийлиги издөө салыптыр. Ушундай аферисттердин көргөзмөсү менен кармабай, алгач тергөө жүргүзүп, тергөөгө барбай качса камап койсо неге болбосун?

— Саясий лидерлерди камакка алган учурда биздин баланы камап койду деген эл көчөгө чыгып, аягы кайгылуу окуя менен бүтчү эле. Мисалы, Аксы окуясы ушундай болгон. Азыр да УКМКнын жер төлөөсүндө ондон ашык саясатчы кармалып жатат. Алардын тарапташтары бийликке болгон нааразычылыгын билдирип келүүдө. Текебаевдин адамдары мөөнөтсүз митинг жарыялашты. Мунун аягы кыйын абалга алып келбейби?

— Кыйын абал жаралып калышы толук мүмкүн. Мен 3–4 күндөн бери сүйлөгөн сөздөрүмдө “Урматтуу Алмаз Шаршенович, Текебаевди камаганыңыз өзүңүздү камаганыңыз. Текебаевке кылмыш иш козгогондук, өзүңүзгө кылмыш иш козгогондук. Жаныңызда жүргөндөр Акаевге кызмат кылгандар, сизге жакшылык кылбайт, аларга бийлик, байлык болсо болду. Сиз биз менен чогуу жүрүп бийликке келгенсиз. Биз мөөнөтүңүздүн аягына жетпей качып кетишиңизди каалабайбыз!” деп айтып жатпаймынбы. 31-августтан бери экөөсүнүн ортосундагы тирешүү, чукушуу башталып, азыркы күнгө чейин уланып келе жатпайбы. Маевский 2010-жылы берген болсо ушул кезге чейин эмнеге карап олтурду? Качан кармаш-тиреш башталганда алып чыгып жатпайбы? Бул өч алуу, саясий куугунтуктун өзү болуп жатпайбы. Кечээ президент “Мында эч кандай саясат жок” деп айтып жатат. Менин Атамбаевден эч кандай өчүм жок. Эл “Кетсин!” деп кыйкырып жатса кетсин деп айтпагыла деп атам. Мунун эмнеси жаман?!

— Сиз “Атамбаев Аксыда, Базар-Коргондо кимдин үйүндө жатканын, таң аткыча эмне болгонун билебиз. Муну азырынча айта элекпиз” деп айттыңыз. Эгер көп нерсени билсеңиз аны эмнеге ачык айтпай жатасыз? Коркутуп жатасызбы?

— Күнүмдүк сөздөрдү айта берүү саясатчынын сөзү эмес. Билем дегенден кийин президенттин өзүнө жетет. Мен эмне үчүн айтышым керек? Президент кандай болгонун өзү билет. Болгону эсине салып коюш керек. Шералынын чокою илинип турушу зарыл да. Кыргызда ушундай ыкма бар. Эсине салып коёт. Бул жамандык ой эмес. Душман сүйдүрүп, тууган күйдүрүп айтат дейт. Мен күйдүрүп айтып жатам. Азыр президенттин көзүн май басып кетти. Досторунун баарын ала кетем дейт. Ала кеткидей ал ким? Ал эмне Кудайбы? Эмне үчүн антип айтат? Өзү кетсе эле баары кетиш керекпи? Азыркылар кетип, жаштар келсин дейт. Интересно. Кытайда алтымыштан ашкандан кийин гана акыл-эсине эми келди деп бийликке алып бара баштайт. Мисалы, мен алтымышка келишиме дагы 3 жыл бар. Президент эмне үчүн баарын “похоронить” этип салды. Тапканы Бакиев менен Акаевдин айланасында жүргөн жаш балдарбы?! Аларга баарыбир, принцип деген жок. Алар эч убакта Текебаев, Атамбаев же Турсунбек Акун боло албайт. Азыркыларды канчалык жаман көрбөсүн, бул муун тарыхты баскан адамдар.

— Турсунбек мырза, сиз ажыга барып келген кишисиз. Ажыга барып келген адам катары президентке тескери бата берип коюшум мүмкүн дептирсиз. Катуу кетип калгандык эмеспи?

— Бул дагы Базар-Коргондогуну эске салуу болуп эсептелет. Тескери батаны мен бербейм, мен сыяктуулар берип коюшу мүмкүн. Мен сыяктуу ажы адамдар бар да. Балким мен же башка бирөө берип коюшу ыктымал. Мен ага барамбы-барбаймбы башка маселе. Андай жолго барышым оор. Президентке жамандык каалабайм. Бирок, кээ бир адамдар элге каршы иштесе, туура эмес иштерди жасаса, элдин намысына тийип, абийирин тепсесе эл тескери бата берип коюшкан. Кеп ошол жөнүндө жүрүп жатат.

— Үч күн убакыт берем, болбосо буга баш-отум менен кирип кетишим мүмкүн дедиңиз. Бул да коркуткан адамдын сөзү го?

— Ачкачылык жарыялап олтуруп алышым мүмкүн. Бул коркутуу эмес да. Атамбаев деле Акаевди кетириш үчүн эмнелерди гана кылбады. “Көрсөтөм, Кетсин, Акаев саткын, болбой калды” деп Атамбаев менин жанымда туруп айткан. Интернетте мурунку айткан сөздөрү менен азыркы айткан сөздөрүн жарыялап коюшуптур. Экөөсү такыр башка болуп жатпайбы. Атамбаев да пикет, митинг, революциянын аркасы менен бийликке келген. Мен дагы революция менен жүрөм. Атамбаев экөөбүз бирдей элебиз. Мен айткан сөздөрдү ал да айткан. Атамбаев деле Акаев менен күрөшкөндө ушундай ыкмаларды колдонгон. Күрөшүүнүн толтура ыкмалары бар. Өлкөдө кыйын эки саясатчы болсо ошонун бирин камап салды. Бул жакшылыкка алып барбайт. Чыгарбай камап койгону Текебаевге эмес, Атамбаевге жаман. Текебаев чай ичип коюп тынч олтурат. Атамбаев болсо сар-санаа болуп, эмне болуп кетет деп коркуп калтырап олтурат.

— Президент үчүн күчтүү оппозиционер Өмүрбек Текебаев гана болуп калгандай болчу. Парламенттин трибунасынан жалгыз өзү эле президентти баш кылып командасын алдактатып койгондой болгон. Текебаевди камоо менен оппозициянын үнүн биротоло өчүрөйүн деген принцип колдонулган жокпу?

— Кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн эл да. Бир Текебаевди сындырса калганынын баары сынып калбайт. Парламентте Текебаев сыяктуу оппозиционер калбай кала турганы чындык. Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу. “Теке” деген эркек деген сөз. Аялдай болуп коркпойт. Парламентте оппозиция калбай калганы менен көчө оппозициясы күч алат. Көчөдө Текебаевди колдогондор табылат. Кыргыз элинин духун эч ким баса албайт. Атамбаевден күчтүү болгон Акаев, Бакиев да баса албаган. Бул экөөнө караганда Атамбаев өтө эле алсыз.

— Путин менен жолукканда президентибиз “Эки революцияны тең мен жасагам. Үчүнчүсүн жасабайм” деп айтты. Революцияда жүргөн киши катары терикпедиңизби?

— Жарыктык киши Путиндин алдында бир мактанып алайын деди да. Ал өмүр бою эле мактанып жүрөт. Бирок, кечээ өзгөчө мактанды. Кыргызстанды мен башкарып жатам, саясий погоданы жасаган менмин, менин күчүм ушундай дегендей кылды. Текебаевди камаганы да өзүнүн күчүн көрсөтүп жатат. Мен доллар менен мультимиллионер болгом дейт. Бул уят сөз. Акаевдин учурунда Атамбаев бизнесин сакташ үчүн Түркияга качып кеткен. Аксылыктардын аркасы менен кайра келген. “Аксылыктар силерге рахмат. Силердин аркаңар менен мен кайра келдим” деген сөзү жазылуу турат. 2005-жылдагы революция Аксынын аркасы менен болду. Ошол революцияда Атамбаев чыккан. Бирок кечигип келген. Мен Акаевдин кабинетинде анын креслосунда олтургандан соң Атамбаевдин колоннасы түштөн кийин келгени чындык. Мен революцияны жасагам деп айтканы болбойт да. Ал жерде Бекназаров, Отунбаева, Үсөн Сыдыков, мен жана башкалар болгон. Керек болсо Нурлан Мотуев жүргөн. Эң негизгиси Курманбек Бакиев болгон. Ошол киши лидер болчу. Бакиевди жаман көрсө эле мен лидер болгом дей береби. Андай болбойт. 2010-жылы да Атамбаев болгон эмес. Аны камап койгон болчу. Менин офисимдин жанына чогулган дейт. Эл деген Ак үйдүн жанына, мүмкүн менин офисимдин жанына чогулушу мүмкүн. Өзү элди баштап барып, Ак үйдү алган болсо бир жөн. Мактангандын да чеги болот го дейм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Сапар Исаокв да бирөөнү “крышовать” эткенге жарап калыптыр

Өкмөттүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев тууралуу бир топ нааразы пикирлер айтыла баштады. Бирок Сооронбайдын өкмөтү териштирип, ак экенин же көк экенин айтып койгон жок. Талкан сугунуп алышкансып унчугушпайт. Ооба, Акибаев уюштургуч жагынан алдыга киши салдырбайт, көчмөндөр оюндарын да жогорку деңгээлде өткөрүүгө область жетекчиси катары салым кошту. Бирок кандай гана болбосун, артынан эл нааразы болуп турган жетекчиде бир мандем болот эмеспи, ошону ачыктаган бир жан жок. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Акибаевди президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков корголоп, колтугуна катып жатыптыр. Эмнеге? Мына бул суроого биз да жооп таппай турабыз. Дегинкиси, Сапар Исаков деген жигит бирөөнү «крышовать» эткенге жарап калыптыр. Бали…

Булак: “Ачык саясат”

КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков «ойгонду»

Жаз келгенде аюу чээнден чыккандай эле таасир калтырды. Спикерлик кызматтан түшкөнү президентке таарынып эч бир ооз ачкан эмес.

Атамбаев менен Текебаевдин кармашы апогейине жетип камалганга дейре түк үн катканга жараган жок. Анан Текебаев «алдамчылык», «коррупцияга» шектелип камалгандан кийин, параламентте «кынтыксыз аброй» туурасында кайра-кайра айтып катуу күпүлдөдү. Муну менен Текебаевде «кынтыксыз аброй» жок болгон, эми мыйзам алдында жооп берсин жасаган кылыгына дегенди туюндурду. Текебаев парламентте күпүлдөп турганда эмнеге мындай оюн айткан эмес деп таң калгандар жок эмес…

Булак: “Фабула”

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат»

 

— Табылды мырза, бийликке каршы үн катып жаткан Өмүрбек Текебаевдин 2 айга камакка алынышы саясий абалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

– -Бул суроого алды менен кечээки ЖКнын отуруму жакшы мисал болуп берет го дейм. Айрым калбыры бар депутаттар үн каталбай коркуп жатпадыбы. Айрымдары бийликтин сөзүн, көзүн карап, күнкарамага айланып жатпадыбы. Эл көрүп алып күлүп жатат. Бүгүн президент Атамбаевге тике карап, чындыкты көзүнө айта ала турган бир эле Текебаев болчу. Ошого аны саясий негизде кандай гана болбосун оюндан чыгаруу керек деген операциясы жүрүп жатат. Муну Акаев, Бакиев деле жасап келген. Аны баарыбыз билебиз. Башкасын айтпасак да “Матрешкагейтти” эстесек жетиштүү. Бүгүн болсо “Мародерство”, “ Белизгейт” эми “Маевскигейт”. Менимче, эми бийликке эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ал президенттик шайлоолорду өзү каалагандай өткөрөт. Масленин баары ошондо.

— Текебаевге жан тарткан саясатчылардын басымдуу бөлүгү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болууда. Башка саясий күчтөр сырттан байкап тургандай элес калтырууда. Бул кармаш Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн ортосунда боло турган болуп калды окшойт. Кайсыл тарап элге жакыныраак боло алат?

— Ооба, 31-августта А. Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн кескин сынга алып, тирешке жол ачты. Бирок, саясатчылар президенттик шайлоолор алдында өзүнчө ар бир кандидаттын тегерегине топтолушат. Башкача айтканда бир эле УӨ эмес, башка да күчтөр пайда болот. Бүгүн эле өлкөдөгү баардык патриоттук күчтөрдү бириктирген күчтүн пайда боло тургандыгы айтылды. Президенттикке барам деп жарыя кылган Т. Сариев, Б. Төрөбаевдердин тегерегине да бир топ саясатчылар топтолуп жатат дегендей.

— Башкы “Атамекенчиге” көрсөтмө берген орус ишкери Маевский өз өлкөсүндө ызы-чуулуу иштерге аралашканы, арты таза эмес экени маалым болду. Ал М. Бакиев менен тааныш болгон экен. Кийин Россиядан куулган Березовскийдин адамы болгону да айтылды. Ошондой адамдын көрсөтмөсү менен Текебаевге кылмыш ишин ачып, камакка алуу акылга сыйчу ишпи?

— Кыргызстанда абийири, ар- намысы күмөндүү адамдарды пайдаланып кылмыш ишин ачуу, саясатчыларды сындыруу көнүмүш болуп калды. Мына “атамекенчилер” үчүн “ мошенниктер”, мурда отуруп чыккан адамдар катары таанылган А. Юсупов, Рыкунова, Маевскийлер колдонулуп жатпайбы. Белизгейтте да эл аралык деңгээлде “мошенник” аталган компания колдонулбадыбы. Бирок, ушунун баарын көрүп туруп, саясатчылар унчукпай олтурушпайбы. Эртең эле бийлик алмашып кетсе, өзүлөрү ошондой абалга кептелип калаарын билбей жатышат. Анан калса, биздин саясатчыларда ар-намыс дегенден эч нерсе жок. Депутат болуп алып, Президент аппаратынын кызматкерлерине жүгүнүп кирип, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасап берип жатпайбы.

— Маевскийдин видео көрсөтмө берүүсүнө ФСБнын макулдугу жок биздин УКМК жетише алат беле? Бул ишке ФСБ да кызыкдар деп шек саноого болобу?

— Ооба, менимче Маевскийди ФСБнын жардамысыз арыз менен кайрылтуу кыйынга турмак. Анан калса, ал экс-депутат. Госдумада байланыштары бар дегендей. Биздин СНБ орус тараптын макулдугусуз башка өлкөнүн гражданинине, фракциянын лидерине каршы арыз жаздыра албайт. ФСБ дароо эмне үчүн биздин башыбыздан ашып түшүп иштеп жатасыңар деп чыкмак. Маевский ФСБ жана башка укук коргоо органдарынын колунда, башкача айтканда алардан көз каранды адам. Орусияда репутациясы өлгөн, бир канча жолу соттошуп, азыр да сотто жүрүп жаткан адам катары айтылууда. ФСБ ага “макул” биз бул ишиңди бүтүрүп берели, сен болсо кыргыз оппозиционерине каршы көрсөтмө бер деп көндүрүп коюштары мүмкүн да. Анан калса, Маевский өзү деле эмне үчүн биздин коопсуздук кызматына ишениши керек эле. Ошондуктан, менимче бул макулдашылган. Кайсы бир деңгээлде макулдукту алыш учун акча да берилген. Себеби, Орусияда деле биздегидей коррупция күч. Ошол эле учурда Маевскийге да көп нерселер убадаланышы мүмкүн. Мисалы, “Мегакомду” арзаныраак сатууга. Же акциясынын кайсы бир процентин сатууга дегендей.

— А. Атамбаев “Маевский 6 жыл мурун арыз менен кайрыла албай эми кайрылыптыр. Себеби, бүгүн ал бийликке ишенип, укук коргоо органдарына кайрылып жатат” дегендей айтты. Сиз кандай ойлойсуз, эмнеге ал 6 жылдан бери арыз менен кайрылган эмес? Бул жерде кандайдыр бир саясат жатса керек, кандай дейсиз?

— Өзүңүздөргө белгилүү “Ата-Мекен” фракциясы буга чейин дайыма коалицияда болуп келген. Бирок, акыркы коалиция түзүлгөндө “Ата-Мекен” кирбей калды. Мына ошондон баштап бийлик “Белизгейт” операциясын уюштурду. Андан майнап чыккан жок. Анан Саляновага кылмыш ишин ачты. Анан Шыкмаматовго, эми Текебаевди камап олтурат. Башкача айтканда ушул согуштун жүрүп жатканын көргөн соң, тиги Маевский деген шылуун арыз жазып, бир чоң нерсени утуп алууну көздөп жатат. Албетте, Маевский бул оюнга дароо эле көнө койгон жок. Бул үчүн Маевский өзүнүн тылын бекем кылып алган. Мисалы, анын артында ФСБ же Госдуманын депутаттары турушу мүмкүн. Же болбосо ФСБнын отставкадагы генералдары турушу ыктымал. Алардын бул структурада крышалары бар.

— Кыргызстанда кимде-ким взятка менен шектелсе, анда взятканы сунуштаган адам да камалышы керек. Бул жерде орус гражданини үчүн мыйзамдар иштебей жатат. Эмне учун? Путин менен макулдашылган эмеспи?

— Мен жогоруда айткандай Маевскийдин «крышасы» бар. Ошондуктан, Маевский биздикилер менен өзүнүн коопсуздугу тууралуу өтө так келишип алган болсо керек. Ал келип арыз жазат, очный ставкага катышат. Анын бул кызматы үчүн биздикилер ага кылмыш ишин ачпайт. Эгер ачса, ал тескери сүйлөп, менден суранышкан, мага акча сунушташкан деп көп нерселерди айтып, коопсуздук кызматынын абийирин аштай төгүп коюшу мүмкүн. Ооба, айрымдар бул ишти Путин менен макулдашылган деп жатышат. Себеби, Маевский Госдуманын экс-депутаты. Ага Кыргызстандын укук коргоочулары эмес, Коопсуздук кызматы кызыгып жатат. Ошол өңүттөн алып, Маевскийди көндүрүш үчүн Путинден макулдук алынган деп жатышат.

— Эмнеге орус жараны Маевский тандалган?

— Себеби, Текебаев өтө популярдуу саясатчы. Аны сындырыш үчүн кыргыз жаранын колдонуу кооптуу. Кыргыз жаранынын артында тууган- уругу бар дегендей. Ал кайсы бир учурда баарын айтып салышы ыктымал. Маевский бир колдонулуучу тряпкадай эле да. Ал кайсы бир кызматтарды кылып берет, анан кетип калат. Биздикилердин проблемасы болбойт. Кыязы, ушундай негизден Маевскийге токтолушкан го дейм.

— Маевский сотко келбей коюшу мүмкүнбү?

— Ооба. Маевский сотко келбей коюшу толук мүмкүн. Анан калса, Маевскийдин айткандарын сотто далилдөө кыйын. Мисалы, ал акчаны эки бөлүп жибергем дейт. Биринчисинде 300 миң долларды Модинге берген. Ал дагы бирөөнө берген. Бирок, ал бүгүн жок. Кайтыш болуп калган. Акча каякка кеткени белгисиз. Анан калса, Маевский ошол 300 миң долларды Кыргызстанга кантип киргизген? Бул маселе да так эмес. Эч документсиз. Экинчи жолу 700 миңди Москвадан жөнөткөм дейт. Ал акчанын Кыргызстанга киргени тууралуу эч далилдери жок. Ошого ал сотко толук келбей коюшу мүмкүн. Бирок, биздикилерге саясат керек да. Максат эптеп Текебаевди сындыруу учун ага асылып, аны жулмалап, тынч койбош керек болуп жатат да. Эркин дүйнөнү кыдырып, коррупциялык документтерди чогулткан Текебаевден көрө, СИЗОдо олтурган Текебаев артык болуп калды көрүнөт.

— Путиндин келиши менен Маевскийдин көрсөтмө берүүсү аркылуу Текебаевдин камакка алынышы бир мезгилге туура келип калбадыбы. Бул атайын жасалган ишпи?

— Бул бекер болгон жок. Муну менен бийлик Текебаевден өтө коркоорун, аны камоо өтө маанилүү экенин билгизип койду. Эң негизги максат Текебаевди камоо экени билинип калды десем жаңылбайм. Менимче эң негизги себеби, президенттик шайлоолор жакындап келатат. Орусия кандидаттарды караштырып, акырындык менен тымызын консультацияларды жүргүзөт. Балким, Текебаевдин өзүнө да кызыгып калабы деген коркунуч болду. Же Текебаев көрсөтүп, сунуштаган кандидатты жактырып калышпасын деген коркуу бар. Кыскасы, Текебаев негизги конкурент деп аны оюндан чыгаруу негизги максат болду көрүнөт.

— Путин келсе президенттик шайлоого старт берилет деп айтылып жүрдү эле. Орус президентинин иш сапары учурунда мураскер тууралуу сөз козголду деп ойлойсузбу?

— Жок, сөз козголгон жок деп ойлойм. Текебаевдин камалышы менен саясий процесстер башка нукта өнүгүшү мүмкүн. Атамбаев буга чейин деле айтып келбеди беле, мураскер болбойт деп. Кыязы, мындан ары саясий процесстер эки нукта өнүгөт. Биринчиси, Атамбаев өзү экинчи мөөнөткө барат. Экинчи жол, Атамбаев мураскер калтырат. Бирок, ал үчүн көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Кыргыздын кыйын кыздарына кор болгон кайран тилим

Эл көзүндөгүлөрдүн өз тилин унутуп өңгө тилде сайрап турганы кыргыз тилин чанганыбы? Же аны үйрөнүүгө мойуну жар бербегениби? Албетте чет тилин билген ар бир адамдын өзү үчүн абдан жакшы. Бирок ал ошол тилде сүйлөнгөн өлкөлөргө барганда. Же жеке жашоосунда колдонсо дурус болмок. Бул ой Парламентте эл өкүлдөрү кыргызча берген суроого орусчасынан сайраган Баш прокурор айымдын кебинен улам пайда болду. Эми Индира айымдын бул жогорку кызматтардын бирин ээлеп турганына эки жылдын жүзү болду. Эл көзүндөгү адам. Бул учурда дитин койсо ар бир сөзү кыргыз тилинде чыгып турмак. Мунусу, “өлкөдөгү мыйзамды өзүм көзөмөлдөйм, баары мен каалагандай болот” дегендей текеберленгенге окшошуп калыптыр. Ал эми ушундай эле сынды соц.түйүндөрдөн далай эле угуп бирок “быш” – деп койбогон ЖКда дагы бир депутат айымыбыз бар. Спикердин орун басарлыгын аркалаган, “РАЖ” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова деген. Ушул айым дагы, кой десе болбой улуу трибунада орусчасынан кетип туруп алат го. Соцтүйүндөрдө деле ошол, кыпкыргызча берилген суроолорго кашайып орусчалап жооп берип жатып калат. Анан ошол эле жерден расмий тилди жакшына түшүнө бербеген айрымдар ой да ашатып, нааразы болуп калганын көрөсүң. Болбосо, Алтынай айым кыргызчаны жакшы эле сүйлөйт. Айтылуу Манас атабыз жердеген, Чыңгыз атабыз чыккан Таластын эле кызы.
Булак: “Ачык саясат”

Ташкент, Самарканд жана Карши шаарларында Каримовдун эстелиги тургузулат

Өзбекстандын Ташкент, Самарканд жана Карши шаарларында өлкөнүн биринчи президенти, маркум Ислам Каримовдун эстелиги тургузулат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айкелдердин курулушунун долбоору менен таанышып чыгып, Каримовго арналган мемориалдык комплексти Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгын майрамдоого чейин бүткөрүүнү талап кылды.

Президенттин расмий билдирүүсүндө дүйнөлүк коомчулук Ислам Каримовдун ысымын Жордж Вашингтон, Шарль де Голль жана Мустафа Кемаль Ататүрк сыяктуу жогорку орунга коёру айтылат.

1-сентябрь Эгемендүүлүк майрамына чейин биринчи президенттин “Оксарой” резиденциясынын маңдайына Ислам Каримовдун эстелиги орнотулуп, илимий-агартуучулук мүнөздөгү мемориалдык комплекс түзүлөт. Каримовдун айкелин Самаркандда дагы орун алат, эстеликтен алыс эмес жерде музей, фонтан жана гүл бакча болот.

Каримовдун кызматтык карьерасы башталган Карши шаарында дагы айкели тургузулат.

Бул арада Москванын Большая Полянка көчөсүндө Өзбекстандын тунгуч президентинин эстелиги жана гулбакчасы болот. Мамдума былтыр декабрда тиешелүү токтомду кабыл алган. Түркмөнстанда болсо Каримовго арналган гүлзар жана айкелдин ачылышы болуп өттү. Өзбекстандын биринчи президенти 2016-жылы 2-сентябрда 78 жаш курагында мээсине кан таамп көз жумган. Анын Самарканддагы көрүстөнү Өзбекстандагы зыярат кылчу жайга айланды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню