Menu

САЯСАТ

"МегаКом" сатыкка чыкты

Өкмөт «МегаКом» ишканасын 2-3 жылдан бери сата албай катуу убара тартты. Айда алтын, күндө күмүш тууган майлуу-сүттүү ишкананы алган кардар жок делип баасы мурдагы аукцион учурундагыдан 1 миллиард сомго төмөндөтүлүп, 13 миллиард 500 миллион сомго сатыкка чыгарылды. Мындан мурун эки жолу сатыкка чыгарылып, алуучу жок өтпөй калган. Эми бул жолку ишкананы сатуу 5-июнда болот. Минтип алчу кардар жок деген шылтоо менен баасы улам-улам төмөндөтүлүп отуруп, азганактай акчага үлкөн кызматтагы аткаминерлер менчиктештирип алууну көздөп жаткандай. Киреше алып келип жаткан ишкананы саткан кайсы мамлекетте бар? Барды жок кылганга эле уста биздин чоңдор. Жараталы дешпейт, жалмайлы дешет…

Булак: “Фабула”

Өзбекстан менен Түркмөнстан Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койду. Бул тууралуу түркмөн маалымат каражаттары билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу тууралуу өкмөттөр аралык программага жана Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюшту.

Андан сырткары Хорезм облусу менен Дашөгүз облусунун жана Бухара облусу менен Лебап облустарынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу келишимдер макулдашылды. Ошондой эле Түркмөнстандын Темир жол транспорту, Айыл жана суу чарба министрликтери жана «Түркмөнхимия» мамлекеттик концерни Өзбекстандын бир катар ишканалары жана уюмдары менен келишимдерди түздү.

Мамлекет башчыларынын жеке жолугушуусу маалында эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегине байланышкан маселелер талкууланды. Президенттер соода-экономикалык тармактагы өз ара кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгилешип, гуманитардык-маданий байланыштардын дагы маанилүү экенин айтышты.

7-мартта эки өлкө лидери Лебап аймагына барып, Түркмөнабат-Фарап темир жана автоунаа көпүрөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Мектепти баскан коррупция

Мектеп директор болом десең 25-30 миң долларың болушу керек. Бул тууралуу КСДП депутаты Рыскелди Момбеков парламент жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө: «Кээ бир мектеп директорлору 35 жылдан бери креслону мыкчып олтурушат. Керек болсо өлкө президенти, парламент да бир эле мөөнөткө шайланат, ал эми мектеп директорлору алмашкыспы? Мына коррупциянын көмүлгөн жери», -деп маселенин ток этээр жерин айтты. Ооба, чындыгында мектеп директорлору алмашкыс болуп алышкан. Шаардын мектептеринде болжол менен жылына 15 млн. сомдун тегерегинде каражат түшүп турат. Мисалы, орточо 1-класстар( “А” дан баштап “З” га чейин) 8 классты түзүп ар би-ринде 40тан окуучу, жалпы 320 окуучу орточо 5000 сомдон мектеп фондуна төккөндө эле 16 миллион сом болот. Анан жылына 16 млн. сом түшүп жатса, кайдан аламашат?

Булак: “Фабула”

Бирдиктүү орусиялык улут тууралуу мыйзам долбоорунун аталышы өзгөртүлдү

Бирдиктүү орусиялык улут тууралуу мыйзам долбоорунун аталышы өзгөртүлдү. Документти даярдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Валерий Тишковдун «Коммерсант» гезитине билдиришинче, азырынча коом бардык улуттарды бириктирген ал түшүнүктүн идеясын кабыл алууга даяр эмес.

Мыйзам долбоорунун жаңы аталышы «Мамлекеттик-улуттук саясаттын негиздери тууралуу» деп аталат.

Бирдиктүү саясий улуттун концепциясына карата нааразылыктарын улуттук республикалардын өкүлдөрү билдиришкен. Алар орусиялык улут орустардын улуту болуп калат деген тынчсызданууларын айтышкан.

Мыйзамдын жаңы концепциясы 2017-жылдын апрелине карата даяр болушу керек. Тишковдун айтымында, анда негизги түшүнүктөр жазылып, федералдык жана жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктары анык көрсөтүлөт, ошондой эле этноконфессионалдык мамилелергө байкоо салуу системасы аныкталат.

Мыйзам долбоорун 2017-жылдын 1-апрелине чейин даярдоону Орусия президенти Владимир Путин жеке өзү тапшырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

КСДП парламенттеги позициясын чыңдап жатабы?

“Жылкы теппей, жылан чакпай” КСДПнын депутаты Тилектеш Исаев мандатын тапшырды. Ордуна Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Канатбек Керезбеков келди. Тилектеш Исаев 2010-2011-жылдары “Манас май куюучу комплекс” мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2011-жылдан 2015-жылы, Жогорку Кеңешке КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келгенге чейин ‘Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасынын башкы директору болуп турган. Исаевди жакындан билгендердин айтуусунда Икрамжан Илмиянов, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен жакын мамиледе экенин, депутаттыктан кеткенден кийин кайра эле күйүүчү май бизнесине кайтаарын айтышууда. Ал эми Жогорку Кенеште социалдемократтардын дагы бир депутаты Музаффар Искаковго кылмыш иши козголгонун эске алганда, мындан кийинки эле депутат болчу киши президенттин мурдага кеңешчиси Икрамжан Илмиянов экенин белгилеп коёлу. Мындай мандаттардын тез алмашып жактанын серепчилер президенттик шайлоонун алдында КСДП парламенттеги позициясын чыңдап жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

Булак: “Фабула”

Орусия Казакстандын Сибирь аркылуу учуусуна уруксат берди

Орусия казакстандык авиакомпаниялардын Сибирь аркылуу учуусуна уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Инвестициялар жана өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, казак авиакомпанияларына мындай укук Орусия менен Казакстандын ортосундагы узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында берилди. Бул казак компанияларына Улан-Батор жана Токио багыттары боюнча кошумча каттамдарды ачуу мүмкүндүгүн берет. Андан сырткары казак жүргүнчү ташуучулары Астана — Байконур жана Алматы — Байконур багыттары боюнча каттамдарды аткаруу укугуна ээ болду.

Министрликтин басма сөз кызматы учууларга кандай шарттарда уруксат берилгенин так билдирген жок.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: «Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер»

 

— Кеп Текебаевдин кармалгандыгы же кармалбагандыгы жөнүндө эмес. Айтайын дегеним, ошол ыкма жөнүндө кетип бара жатат. Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер. Ал Жогорку кеңештин мурунку төрагасы жана бир канча жолку чакырылыштын депутаты. Башында азыркы бийликтегилер менен чогуу жүргөн менен соңку кездерде оппозициялык топтун төрагасы катарында дагы караш керек. Намысыңа келесиң да, эмнеге башка мамлекеттин жараны, биздин бир очойгон партиянын төрагасын, ушундай деп, койду деген сөздүн аркасы менен чоң операция жасагандай болуп, анан ошол самолеттон колуна кишен салышкан, жөн эле кечирип коюңуз, биздин силерге суроолорубуз бар эле, келип кетесизби, десе бара турган эле нерсе да. Текебаев башка жака качып кете турган киши эмес. Андан да баш кесер, жанкечтини кармагандай кылып, сыпаттап жаткандыгы, бул уят иш. Бул жеке Текебаевдин намысына шек келтирүү эмес, бул бүтүндөй кыргыз журтчулугуна, кыргыз саясатына тийгизген абдан чоң сокку. Эгерде кайсы бил маселелер боюнча кармаган болсо, үй камагына деп коюп, Бишкектен сыртка чыкпоо жөнүндө кол койдуруп алып, тергөөнү жүргүзө бер, эч ким сага тоскоолдук кылбайт. Анан ошол күнөөлөр далилденген соң элдин алдына келип, ийне-жибине чейин айтып, андан кийин чара колдонсоң эл деле толкубайт. Бул иштер, баягы кемчонтойлук. Мыйзамдуулукка карасанатайлыкты күч алдыруу. Эгер чындык үчүн күрөш боло турган болсо, баары мыйзамдын чегинде жүрүшү керек. Дем алыш, майрам күндөрүнө карабастан ушундай далбастаганы, бул абдан алсыздыгын билдирет. Азыркы УКМК мамлекеттин коопсуздугу үчүн эмес, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын коргоп жаткандыгы көрүнүп калды да. Себеби, ал жерге таптакыр кызматты түшүнбөгөндөрдүн келип калгандыгынын кесепетинен десек болот. Маевский ушундай көрсөтмө берди дейт. Ал эмне жети жыл талкан салып жаттыбы же комага түшүп бүгүн ойгондубу? Бул маселени 2010-жылы эле көтөргөнбүз деп жатат. А эгер 2010-жылы көтөргөн болсо, ошондо неге чара көрүлгөн жок. «Мегакомдун» тегерегиндеги чыр да ошондон бери уланып келе жатат. Эмне үчүн ошондо эле чекит коюлган жок? Ошондуктан, ойлонулбаган, жакшы эмес аракеттер бүдөмүк ойлорду жаратат. Мен муну ким болсо ошол болсун, айтар элем. Эч кимдин башына андайды салбасын.  Кыргызстанда белгилүү жарандарды, белгилүү эмес болсо дагы кыргыздын жаранын биринчи кезекте укугун коргоого аракет жасалышы керек. Айрым учурларда туура эмес пикирлер кетип калып жатат. Эми аны ар-бир кишинин өз абийирине коёлу.

Булак: “Жаңы Ордо”

Сооронбай Жээнбеков ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына даярдыктардын жүрүшүн талкуулады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуу 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында болду.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул жыйын ЕАЭБ колдоо үчүн катышуучу мүчө мамлекеттер ортосунда түздөн-түз пикир алышуу, учурдагы маселелерди талкулоодо күчтүү укуктук база, өз ара аракеттенүү механизмдер иштеп чыгуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүк болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Биримдиктин алкагында кызматташтыкты жана тыгыз байланыштарды бекемдөөнү алдыга жылдырат. 2017-жылы биздин өлкөнүн төрагалык кылуусунун мааниси чоң. ЕАЭБге төрагалыктын алкагында мындан ары уюмдун натыйжалуулугун жана кадыр баркын бекемдөө максатында бардык багыттар боюнча көп тармактуу кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү иштери улантылат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Евразия өкмөттөр аралык кеңештин өтүп жаткан жыйыны евразиялык мейкиндикте эң негизги жана мындан аркы өз ара түшүнүшүүдөгү актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү пикир алышуунун дагы бир жакшы мүмкүнчүлүгү болоруна ишенимин билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан өкмөттөр аралык уюмдун кызыкчылыгын кеңейтүүгө бардык тараптан кызыкдар, биримдиктин алкагында анын түзүмдүк бөлүмдөрү менен мындан ары да жигердүү кызматташат, биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян 2017-жылдын 3-мартында Москва шаарында ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде өткөн Евразиялык экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Жолугушууда 14 маселени камтыган эртеңки жыйындын күн тартиби талкууланды. Эскерте кетсек, эртен, 2017-жылдын 7-мартында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын алкагында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусунда, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда болот.

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлуп, жалпыга маалымдоо каражттарына билдирүү жасалат.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат»

 

— Табылды мырза, бийликке каршы үн катып жаткан Өмүрбек Текебаевдин 2 айга камакка алынышы саясий абалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

– -Бул суроого алды менен кечээки ЖКнын отуруму жакшы мисал болуп берет го дейм. Айрым калбыры бар депутаттар үн каталбай коркуп жатпадыбы. Айрымдары бийликтин сөзүн, көзүн карап, күнкарамага айланып жатпадыбы. Эл көрүп алып күлүп жатат. Бүгүн президент Атамбаевге тике карап, чындыкты көзүнө айта ала турган бир эле Текебаев болчу. Ошого аны саясий негизде кандай гана болбосун оюндан чыгаруу керек деген операциясы жүрүп жатат. Муну Акаев, Бакиев деле жасап келген. Аны баарыбыз билебиз. Башкасын айтпасак да “Матрешкагейтти” эстесек жетиштүү. Бүгүн болсо “Мародерство”, “ Белизгейт” эми “Маевскигейт”. Менимче, эми бийликке эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ал президенттик шайлоолорду өзү каалагандай өткөрөт. Масленин баары ошондо.

— Текебаевге жан тарткан саясатчылардын басымдуу бөлүгү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болууда. Башка саясий күчтөр сырттан байкап тургандай элес калтырууда. Бул кармаш Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн ортосунда боло турган болуп калды окшойт. Кайсыл тарап элге жакыныраак боло алат?

— Ооба, 31-августта А. Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн кескин сынга алып, тирешке жол ачты. Бирок, саясатчылар президенттик шайлоолор алдында өзүнчө ар бир кандидаттын тегерегине топтолушат. Башкача айтканда бир эле УӨ эмес, башка да күчтөр пайда болот. Бүгүн эле өлкөдөгү баардык патриоттук күчтөрдү бириктирген күчтүн пайда боло тургандыгы айтылды. Президенттикке барам деп жарыя кылган Т. Сариев, Б. Төрөбаевдердин тегерегине да бир топ саясатчылар топтолуп жатат дегендей.

— Башкы “Атамекенчиге” көрсөтмө берген орус ишкери Маевский өз өлкөсүндө ызы-чуулуу иштерге аралашканы, арты таза эмес экени маалым болду. Ал М. Бакиев менен тааныш болгон экен. Кийин Россиядан куулган Березовскийдин адамы болгону да айтылды. Ошондой адамдын көрсөтмөсү менен Текебаевге кылмыш ишин ачып, камакка алуу акылга сыйчу ишпи?

— Кыргызстанда абийири, ар- намысы күмөндүү адамдарды пайдаланып кылмыш ишин ачуу, саясатчыларды сындыруу көнүмүш болуп калды. Мына “атамекенчилер” үчүн “ мошенниктер”, мурда отуруп чыккан адамдар катары таанылган А. Юсупов, Рыкунова, Маевскийлер колдонулуп жатпайбы. Белизгейтте да эл аралык деңгээлде “мошенник” аталган компания колдонулбадыбы. Бирок, ушунун баарын көрүп туруп, саясатчылар унчукпай олтурушпайбы. Эртең эле бийлик алмашып кетсе, өзүлөрү ошондой абалга кептелип калаарын билбей жатышат. Анан калса, биздин саясатчыларда ар-намыс дегенден эч нерсе жок. Депутат болуп алып, Президент аппаратынын кызматкерлерине жүгүнүп кирип, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасап берип жатпайбы.

— Маевскийдин видео көрсөтмө берүүсүнө ФСБнын макулдугу жок биздин УКМК жетише алат беле? Бул ишке ФСБ да кызыкдар деп шек саноого болобу?

— Ооба, менимче Маевскийди ФСБнын жардамысыз арыз менен кайрылтуу кыйынга турмак. Анан калса, ал экс-депутат. Госдумада байланыштары бар дегендей. Биздин СНБ орус тараптын макулдугусуз башка өлкөнүн гражданинине, фракциянын лидерине каршы арыз жаздыра албайт. ФСБ дароо эмне үчүн биздин башыбыздан ашып түшүп иштеп жатасыңар деп чыкмак. Маевский ФСБ жана башка укук коргоо органдарынын колунда, башкача айтканда алардан көз каранды адам. Орусияда репутациясы өлгөн, бир канча жолу соттошуп, азыр да сотто жүрүп жаткан адам катары айтылууда. ФСБ ага “макул” биз бул ишиңди бүтүрүп берели, сен болсо кыргыз оппозиционерине каршы көрсөтмө бер деп көндүрүп коюштары мүмкүн да. Анан калса, Маевский өзү деле эмне үчүн биздин коопсуздук кызматына ишениши керек эле. Ошондуктан, менимче бул макулдашылган. Кайсы бир деңгээлде макулдукту алыш учун акча да берилген. Себеби, Орусияда деле биздегидей коррупция күч. Ошол эле учурда Маевскийге да көп нерселер убадаланышы мүмкүн. Мисалы, “Мегакомду” арзаныраак сатууга. Же акциясынын кайсы бир процентин сатууга дегендей.

— А. Атамбаев “Маевский 6 жыл мурун арыз менен кайрыла албай эми кайрылыптыр. Себеби, бүгүн ал бийликке ишенип, укук коргоо органдарына кайрылып жатат” дегендей айтты. Сиз кандай ойлойсуз, эмнеге ал 6 жылдан бери арыз менен кайрылган эмес? Бул жерде кандайдыр бир саясат жатса керек, кандай дейсиз?

— Өзүңүздөргө белгилүү “Ата-Мекен” фракциясы буга чейин дайыма коалицияда болуп келген. Бирок, акыркы коалиция түзүлгөндө “Ата-Мекен” кирбей калды. Мына ошондон баштап бийлик “Белизгейт” операциясын уюштурду. Андан майнап чыккан жок. Анан Саляновага кылмыш ишин ачты. Анан Шыкмаматовго, эми Текебаевди камап олтурат. Башкача айтканда ушул согуштун жүрүп жатканын көргөн соң, тиги Маевский деген шылуун арыз жазып, бир чоң нерсени утуп алууну көздөп жатат. Албетте, Маевский бул оюнга дароо эле көнө койгон жок. Бул үчүн Маевский өзүнүн тылын бекем кылып алган. Мисалы, анын артында ФСБ же Госдуманын депутаттары турушу мүмкүн. Же болбосо ФСБнын отставкадагы генералдары турушу ыктымал. Алардын бул структурада крышалары бар.

— Кыргызстанда кимде-ким взятка менен шектелсе, анда взятканы сунуштаган адам да камалышы керек. Бул жерде орус гражданини үчүн мыйзамдар иштебей жатат. Эмне учун? Путин менен макулдашылган эмеспи?

— Мен жогоруда айткандай Маевскийдин «крышасы» бар. Ошондуктан, Маевский биздикилер менен өзүнүн коопсуздугу тууралуу өтө так келишип алган болсо керек. Ал келип арыз жазат, очный ставкага катышат. Анын бул кызматы үчүн биздикилер ага кылмыш ишин ачпайт. Эгер ачса, ал тескери сүйлөп, менден суранышкан, мага акча сунушташкан деп көп нерселерди айтып, коопсуздук кызматынын абийирин аштай төгүп коюшу мүмкүн. Ооба, айрымдар бул ишти Путин менен макулдашылган деп жатышат. Себеби, Маевский Госдуманын экс-депутаты. Ага Кыргызстандын укук коргоочулары эмес, Коопсуздук кызматы кызыгып жатат. Ошол өңүттөн алып, Маевскийди көндүрүш үчүн Путинден макулдук алынган деп жатышат.

— Эмнеге орус жараны Маевский тандалган?

— Себеби, Текебаев өтө популярдуу саясатчы. Аны сындырыш үчүн кыргыз жаранын колдонуу кооптуу. Кыргыз жаранынын артында тууган- уругу бар дегендей. Ал кайсы бир учурда баарын айтып салышы ыктымал. Маевский бир колдонулуучу тряпкадай эле да. Ал кайсы бир кызматтарды кылып берет, анан кетип калат. Биздикилердин проблемасы болбойт. Кыязы, ушундай негизден Маевскийге токтолушкан го дейм.

— Маевский сотко келбей коюшу мүмкүнбү?

— Ооба. Маевский сотко келбей коюшу толук мүмкүн. Анан калса, Маевскийдин айткандарын сотто далилдөө кыйын. Мисалы, ал акчаны эки бөлүп жибергем дейт. Биринчисинде 300 миң долларды Модинге берген. Ал дагы бирөөнө берген. Бирок, ал бүгүн жок. Кайтыш болуп калган. Акча каякка кеткени белгисиз. Анан калса, Маевский ошол 300 миң долларды Кыргызстанга кантип киргизген? Бул маселе да так эмес. Эч документсиз. Экинчи жолу 700 миңди Москвадан жөнөткөм дейт. Ал акчанын Кыргызстанга киргени тууралуу эч далилдери жок. Ошого ал сотко толук келбей коюшу мүмкүн. Бирок, биздикилерге саясат керек да. Максат эптеп Текебаевди сындыруу учун ага асылып, аны жулмалап, тынч койбош керек болуп жатат да. Эркин дүйнөнү кыдырып, коррупциялык документтерди чогулткан Текебаевден көрө, СИЗОдо олтурган Текебаев артык болуп калды көрүнөт.

— Путиндин келиши менен Маевскийдин көрсөтмө берүүсү аркылуу Текебаевдин камакка алынышы бир мезгилге туура келип калбадыбы. Бул атайын жасалган ишпи?

— Бул бекер болгон жок. Муну менен бийлик Текебаевден өтө коркоорун, аны камоо өтө маанилүү экенин билгизип койду. Эң негизги максат Текебаевди камоо экени билинип калды десем жаңылбайм. Менимче эң негизги себеби, президенттик шайлоолор жакындап келатат. Орусия кандидаттарды караштырып, акырындык менен тымызын консультацияларды жүргүзөт. Балким, Текебаевдин өзүнө да кызыгып калабы деген коркунуч болду. Же Текебаев көрсөтүп, сунуштаган кандидатты жактырып калышпасын деген коркуу бар. Кыскасы, Текебаев негизги конкурент деп аны оюндан чыгаруу негизги максат болду көрүнөт.

— Путин келсе президенттик шайлоого старт берилет деп айтылып жүрдү эле. Орус президентинин иш сапары учурунда мураскер тууралуу сөз козголду деп ойлойсузбу?

— Жок, сөз козголгон жок деп ойлойм. Текебаевдин камалышы менен саясий процесстер башка нукта өнүгүшү мүмкүн. Атамбаев буга чейин деле айтып келбеди беле, мураскер болбойт деп. Кыязы, мындан ары саясий процесстер эки нукта өнүгөт. Биринчиси, Атамбаев өзү экинчи мөөнөткө барат. Экинчи жол, Атамбаев мураскер калтырат. Бирок, ал үчүн көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Учактагы жүктүн ээси Атамбаев экенине канчалык деңгээлде ишенсе болот?

Абакта жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтери “Манас” аба майданына жакын Дача-СУ аймагында кулаган учактагы жүктүн ээсинин ким экенин атайын документтер менен көрсөтүштү. Документте көрсөтүлгөн маалыматка ишенсек жүктүн ээси президент Алмазбек Атамбаев жана жубайы Раиса Атамбаева  экен. Буга канчалык деңгээлде ишенүүгө болот?

Марат Кайыпов, экс-министр:

«Текебаев балким ошол жүктүн ээсине тийешелүү документ тапкандыр»

— Жүктүн кимдики экенин бийлик ушул күнгө чейин жашырып жатканы ошол жүктүн ээси бийликтеги эң жогорку киши экендигин айгинелеп турат. Текебаев балким ошол жүктүн ээсине тийешелүү документ тапкандыр. Бирок, анын түп нускасын көрсөтүш керек. Көчүрмөсүн эмес, түп нускасын көрсөтсө туура деп ишенсе болот. Биз жүктүн ээсинин ким экенин азыр билбесек кийин билебиз. ИКАО деген Эл аралык авиация уюму бар. Ошонун Монреалда кабыл алган конвенциясынын негизинде жүк ташыган авиа компания жүк жоголсо же бузулса, болбосо кыйрап калса жүктүн ээси камсыздандырылган чыгымын төлөп берет. Ошону алгандан кийин гана баарын билебиз. Ага чейин бул бизге табышмак бойдон кала берет.

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер:

«Эрдоган “Кыргызстанда Гүлендин балдарынын баары бийликке кирип кетиптир”- деп айтты. Чын эле ошондой экен»

— Бул документке ишенсе, ишенбесе да болот деген пикирде болуп турам. Атайын органдын документин эч качан физикалык жүздөргө бербейт. Эгер маалыматтар атайын органдан чыкпаса анда мыйзамсыз болуп эсептелинет. Бул документ түрктөрдүн авиа компаниясына тийип, анан алар аркылуу булардын колуна тийсе анда чындык болуп эсептелинет. Анткени, расмий орган менен компаниялар иштешет дегендей. Булар бийликте турганда чындыкты уга албайбыз. Кечээ жакында Турциянын элчиси бизден бул документ берилген эмес деп айтып жатпайбы. Экинчи жагынан алып караганда негиз болушу мүмкүн. Балким, булар документти башка органдар аркылуу алышкандыр. Анда бул мыйзамдуу документ болуп эсептелинет. Биздин УКМКдан документ чыкпайт. Түркиянын чалгындоо кызматынан документ чыгабы? Булар эгерде түрктөргө кайрылып, ушундай иш чара болуп калды, биз бул жагын билбей жатабыз дей турган болсо түрктөр таап алып берсе жакшы. Булардын түрк бийлигине түз чыгып суроого укугу жок. Анткени расмий бийлик жеке адамдар менен иштебейт. Алар бир гана Эл аралык келишимдердин негизинде гана беришет. Ал жакта маалымат бөлүшүү деген норма бар, ошол аркылуу ишке ашырылат. Атайын органдар мындай маалыматтарды ката жазмак турсун үтүрдү туура эмес коюшпайт. Түркиянын президентинин аппаратында өтө сабаттуу адамдар иштешет. Биз билгендей 650 жыл мамлекеттүүлүгү турган өлкө. Ката жазышпайт, ушунчалык так иштешет. “Ата-Мекен”  партиясынын юристи дагы жакшы сүйлөй албай койду. Эмнеге алар кагаздарды депутаттык гана комиссияга берет. Ал кыз “түп нускасы бизде, комиссиянын колуна тапшырабыз, биз жооп беребиз”-десе болмок. Тилекке каршы айта албай коюшту. Бул деген өтө коркунучтуу нерсе. Эгер документ жасалма болсо партиянын юристи бүгүн камалып кетиши мүмкүн. Эгер бул документ чын болсо анда президентке тез арада импичмент жарыялап, дароо кызматын тапшырып бериши керек. Кызматтан кеткенден кийин баш коргоо чарасын ачып кылмыш ишин козгоп, качып кетпеши үчүн үй камагына чыгаруу зарыл. Сот эмне деп жыйынтык чыгарат, ошого жараша жазасын алуусу зарыл. Ошол учак Кыргызстанга 52 жолу келиптир бирок кайда таратканы белгисиз экен. Алынып келинген товарлар кимге тийешелүү экендигин эч ким билбейт. Патентке 1000 сом төлөп коюп жеке иштерин жасап жүрө беришет. Депутаттарыбыз жакшы болгондо бүгүн маселе көтөрүп, комиссия түзүп Турцияга жөнөтүшсө, алар барып изилдеп келишсе болмок. Эрдоган “Кыргызстанда Гүлендин балдарынын баары бийликке кирип кетиптир”- деп айтты. Чын эле ошондой экен. Бул жерде мындай ишти Гүлендин кишилери дагы  жасашы мүмкүн.

Эркин Булекбаев, экс-депутат:

«Балким, Түркиянын бийлиги бул ишке Атамбаевди аралашты деп атайын жасап жаткандыр»

— Документ чыккандан кийин бул факты боюнча иш козгоп тергөө иштерин жүргүзүү керек. Документ чыккандан кийин күнөөлөнүп жаткан адам жоопкерчиликти алып өзүнүн ак экенин көрсөтүү зарыл. Атайын органдар патриот болобу-болбойбу, бул ишти жасоосу зарыл. 2004-жылы биздин Кыргызстанда дагы Акаевдин бийлиги кыргыз элин ит менен аттан төмөн кылганда “Көк бөрү” федерациясынан сурап көргөм. Аттарга кандай документ колдоносуңар десем паспорт жана ветеринардык справка деп айткан. Ошол убакта элдин паспорту жок болчу. Бул маалыматты эл мага бергенде атайын иштерди карап көтөрүп чыккам. Балким биздин атайын кызматтарда деле бийликке баш ийбеген патриоттор бар чыгаар деп ойлойм. Сентябрь айында Атамбаев БУУнун жыйынына бара жатып ооруп калганда Түркиянын бир дагы расмий бийлиги келген эмес. Бул деген Атамбаевди кабыл албаганын билдирет. Балким, Түркиянын бийлиги атайылап бул ишке Атамбаевди аралашты деп атайын жасап жаткандыр. Бул оюнчук эмес, эгерде мамлекет башчысынын аты аталып жаткан болсо, ал аз келгенсип үй-бүлөсүнүн аты аталып жатса президент өзү моралдык жактан жоопкерчиликти алышы керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Меню