Menu

САЯСАТ

Өмүрбек Абдрахманов, мурунку депутат: «Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес»

 

— Өмүрбек байке, саламатсызбы. Текебаевдин камалышы тууралуу сиздин ойду уксак, сиз айтып жүргөн маселе менен камалбадыбы?

— Мен мурун айтсам Атамбаев да, Прокуратура да (Салянова) көңүл бөлбөй койгон. Анда эки дракон «дос» эле. Эми экөө согуша кеткенден кийин орустарды таап Текебаевди камакка алышты. Эгерде ошол маалда Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес.

— Сиз бир миллион долларды орустар алып келгенин, Текебаев алганын көргөнсүзбү?

— Мен көргөн эмесмин, орустар менен жолугушуусуна катышкам. Андан кийин Чотонов 1 миллион доллар алып, партиянын ишине жумшаганын айткан.

— Маевский менен сиз да жолуккансызбы?

— Текебаевдин кабинетинде жолукканбыз. Мен “Мегаком” боюнча комиссиянын башчысы элем. Ошон үчүн мени да Текебаев чакырган.

— Маевскийдин билдирүүсүндө сиздин атыңыз аталбаптыр го?

— Ал менин фамилиямды эстеп жүрүптүрбү же мага акча бербесе…

— Сизди «Ата-Мекенчилер» коркутуп жатабы? Коркутуп жатат деген маалымат чыгып кетпедиби?

— Жок. 5-каналга интервью бербей койсом ошентип жазышыптыр.

— Текебаев сизди ушул маселе боюнча сотко берип, утуп алган болчу. Эми сиз аны сотко бересизби?

— Көрөбүз аны.

— Демократ саясатчы, эл өкүлү болгон кишисиз. Текебаевди аэропорттон күч колдонуп кармап кеткени мыйзамдуу болдубу?

— Кармай турган болгондон кийин каяктан кармаганы маанилүү эмес. Түлеевди үйүнөн алып кеткенде бала-бакырасы боздоду деп жазгансыңар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аида Салянова, ЖКнын депутаты: “Маевский дегенди камакка алыш керек болчу”

 

— Аида Жеңишбековна, сизди Башкы прокурор менен УКМКнын төрагасынын парламентке келип берген маалыматы канааттандырдыбы?

— Негизи акыркы болгон окуяга баа бергендей каралыш керек болчу. Тилекке каршы биз өзүбүздүн берген суроолордун көпчүлүгүнө жооп ала алган жокпуз. Мен ойлойм аларда жооп жок. Карап атабыз, карайбыз эле деп жатышат. Кээ бир өтө маанилүү маселелерде Россиядан акчаны чын эле алган болсо сөзсүз түрдө бажы тармагынан декларация толтурулушу керек. Эгер кимдир бирөө ошондой көрсөтмө берип жаткан болсо акча чын эле өткөнбү же өткөн жокпу деп сураш керек эле. Алар болсо эми карайбыз дейт. Эми каралып жатат, иштин үстүндө карап жатабыз дешүүдө. Иш козгоордон мурун тастыктап алып, анан жарыялап андан кийин иш козгош керек болчу. Кээ бир маселени карап атабыз десе кээ бир маселени тергөөнүн купуясы деп койду. Көп суроолорубузга канааттандыраарлык жооп ала алган жокпуз десем туура болот.

— Бүгүнкү чыгып жаткан документ боюнча эмнени айта аласыз?

— Азыр эч нерсе деп айта албайм. Ошондой маалымат чыкты. Бүгүн жактоочулар маалымат жыйын бериптир. Биз Жогорку Кеңеште жыйында элек. Азыр алар менен деле сүйлөшкөндөй боло элекпиз. Бирок биз фракциянын жыйынын чогулталы деп чечтик. Андан тышкары дагы социалдык көп маселелер болуп жатат. Коллегалар менен талкуу кылсак бүгүн келген маалыматка тийешелүү Дача-СУ маселеси боюнча дагы көп маселелер бар экен.

— ”Белизгейт” боюнча дагы кылмыш ишин козгободу беле? Азыркы документ менен кылмыш ишин козгосо болобу?

— Эч болбойт эле, козгогон күндө дагы Маевский дегенди камакка алыш керек болчу. Бирок биздикилер аны камакка алган жок. Бул өзү ошол УКМКга кирип, өзүн жайбаракат сезип, телефон менен сүйлөшүп, ал жактан чыгып аба майданга барганы чоң суроолорду жаратат. Эмне үчүн башка мамлекеттин жаранына ошондой мамиле болду? Анын үстүнө Өмүрбек Чиркешовичти камакка алып жаткандагы соттун чечимин окусак “Башка күбөлөргө кысым көрсөтөт”деп жазыптыр. Бүгүн бизге белгилүү болгон жарандар башка өлкөдө жашап, Кыргызстанда жашабаса кантип кысым көрсөтөт эле? Ошондуктан камаганга дагы эч кандай негиз жок болчу.

— Түркиядан келген документтер кылмыш ишин козгогонго негиз болуп бере алабы?

— Биз баарын дыкат карайлы деп айттым. Чындыгында биз ал документтерди көргөн жокпуз. Алардын баарын карап чыгып анан пикирлерди айтабыз.

— Өмүрбек Текебаев 48 сааттан кийин чыгат деген үмүт бар эле. Соттун чечими башкача чыгып калды. Мындан кийин митингдер токтойбу?

— Жок, токтобойт. Биз мөөнөтсүз митинг дегенбиз. Өмүрбек Чиркешович бошогонго чейин ушинтип чогулуп өзүбүздүн нааразчылыгыбызды билдирип турабыз.

— Өмүрбек Текебаевдин ак экенине ишенесизби?

— Жүз пайыз ишенем.

Булак: “Жаңы Ордо”

Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: «Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер»

 

— Кеп Текебаевдин кармалгандыгы же кармалбагандыгы жөнүндө эмес. Айтайын дегеним, ошол ыкма жөнүндө кетип бара жатат. Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер. Ал Жогорку кеңештин мурунку төрагасы жана бир канча жолку чакырылыштын депутаты. Башында азыркы бийликтегилер менен чогуу жүргөн менен соңку кездерде оппозициялык топтун төрагасы катарында дагы караш керек. Намысыңа келесиң да, эмнеге башка мамлекеттин жараны, биздин бир очойгон партиянын төрагасын, ушундай деп, койду деген сөздүн аркасы менен чоң операция жасагандай болуп, анан ошол самолеттон колуна кишен салышкан, жөн эле кечирип коюңуз, биздин силерге суроолорубуз бар эле, келип кетесизби, десе бара турган эле нерсе да. Текебаев башка жака качып кете турган киши эмес. Андан да баш кесер, жанкечтини кармагандай кылып, сыпаттап жаткандыгы, бул уят иш. Бул жеке Текебаевдин намысына шек келтирүү эмес, бул бүтүндөй кыргыз журтчулугуна, кыргыз саясатына тийгизген абдан чоң сокку. Эгерде кайсы бил маселелер боюнча кармаган болсо, үй камагына деп коюп, Бишкектен сыртка чыкпоо жөнүндө кол койдуруп алып, тергөөнү жүргүзө бер, эч ким сага тоскоолдук кылбайт. Анан ошол күнөөлөр далилденген соң элдин алдына келип, ийне-жибине чейин айтып, андан кийин чара колдонсоң эл деле толкубайт. Бул иштер, баягы кемчонтойлук. Мыйзамдуулукка карасанатайлыкты күч алдыруу. Эгер чындык үчүн күрөш боло турган болсо, баары мыйзамдын чегинде жүрүшү керек. Дем алыш, майрам күндөрүнө карабастан ушундай далбастаганы, бул абдан алсыздыгын билдирет. Азыркы УКМК мамлекеттин коопсуздугу үчүн эмес, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын коргоп жаткандыгы көрүнүп калды да. Себеби, ал жерге таптакыр кызматты түшүнбөгөндөрдүн келип калгандыгынын кесепетинен десек болот. Маевский ушундай көрсөтмө берди дейт. Ал эмне жети жыл талкан салып жаттыбы же комага түшүп бүгүн ойгондубу? Бул маселени 2010-жылы эле көтөргөнбүз деп жатат. А эгер 2010-жылы көтөргөн болсо, ошондо неге чара көрүлгөн жок. «Мегакомдун» тегерегиндеги чыр да ошондон бери уланып келе жатат. Эмне үчүн ошондо эле чекит коюлган жок? Ошондуктан, ойлонулбаган, жакшы эмес аракеттер бүдөмүк ойлорду жаратат. Мен муну ким болсо ошол болсун, айтар элем. Эч кимдин башына андайды салбасын.  Кыргызстанда белгилүү жарандарды, белгилүү эмес болсо дагы кыргыздын жаранын биринчи кезекте укугун коргоого аракет жасалышы керек. Айрым учурларда туура эмес пикирлер кетип калып жатат. Эми аны ар-бир кишинин өз абийирине коёлу.

Булак: “Жаңы Ордо”

Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчиси, БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы КРнын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев КРнын Лихтенштейн Княздыгындагы Элчиси болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев 3-мартта кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Мукашев Данияр Муратбекович Женева шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Атайын кызмат документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн”

 

— Артур мырза, кечээки Ата-Мекен фракциясы тарабынан Президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына тийешелүү болгон документ жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Дача-СУга кулаган учактагы жүк чын эле өлкө башчыга жана биринчи айымга тийешелүү болуп калышы мүмкүнбү?

— Бул маселени эки тараптуу карасак болот. Биринчиси, эң негизгиси, атайын документтер президенттин атына жазылган документ экен. Ал документтин кандайдыр бир иштердин же кызык окуялардын негизинде документтин көчүрмөсү башка адамдарга түшүп калганы өтө таң калыштуу. Экинчиден, бул документ оперативдүү маалымат. Оперативдүү маалыматтын ушундай деңгээлде жазылышы дагы күмөн. Үчүнчүдөн, бул документ окуялардын жана ушул окуяга катышкан фигуралардын аттарынын аталышы дагы кандайдыр бир деңгээлде күмөндүү ойлорду элестетет. Мындан тышкары ачыгын айтсак, кээде ушуга окшогон документтерди авиа компаниялар камсыздоону төлөбөш үчүн кандайдыр бир адамдарды жалдап, же өздөрүнүн атайын кызматтагы адамдарын жалдап кандайдыр бир документтерди даярдап элге таркатууга, ошондой эле биздин мамлекеттеги оппозициялык маанайдагы адамдарга маалымат катары жиберүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн учурлар пайда болот. Ачык эле айтыш керек, ушуга окшогон маалыматтардын айынан дүйнө жүзүндө согуштар дагы болуп келген. Мисалы, Англиянын атайын кызматынын адамдары убагында Иракта химиялык оор жарылуучу заттар бар деп туура эмес маалымат бергенинин негизинде кийин согуш ачылып кеткен. Же болбосо алыс кетпей эле биздин мамлекетте дагы жогорку бийликке кете турган документтер жоголуп, же болбосо кандайдыр бир деңгээлде ачыкка чыгып калган учурлар дагы көп эле кездешкен. Ошондуктан бул документти бүгүнкү күндө көңүл буруп, чын эле жасалма экендигин же чындыгын такташ үчүн карап чыкса болот. Себеби канткен менен айып тагылып жатат, бул боюнча бүт коомчулукка билдирүү болгондон кийин каралып чыгышы керек. Эң негизгиси 40 жараныбыз каза болуп, ушундай кырсыкка туш кылган контрабандалык жол менен келген учактар деп биз эсептеп жатабыз. Мен буга толугу менен кошулам. Себеби буга чейинки президенттердин убагында, бүгүнкү күндө дагы транспорттук, авиа, темир жолдору менен келип жаткан товарлар келген жана азыр да келип жатат. Бул ушунчалык коррупциялык схемага өтүп кеткен. Ошондуктан мындан кутулуш, арылыш өтө кыйын болуп калды. Былтыр Белоруссиянын президенти чоң бир жыйында “Кыргызстандын чек арасында чоң тешик бар, тешиктен контрабандалык жолдор менен товарлар келип турат”-деп айтты. Буга чейин дагы бир нече жолу анализ болуп келген. Биздин Кыргызстанга келген товарлардын баасынын суммасы башка мамлекеттен чыккан товарлардан 10 эсе аз көрсөтүлүп, абдан төмөн болуп кеткен. Бул ушундай ачыктан ачык, биздин Кыргызстанда болуп жаткан контрабандалык системалардын дагы деле иштеп жаткандыгын билдирип турат. Эми буларга жогорку деңгээлдеги атка минерлердин тийешеси бар, буга эч ким күмөн санабайт деп ойлойм. Мындан сырткары чек ара, бажы тармагынын кызматкерлери ушуга байланыштуу болгон укук коргоо кызматкерлери бул боюнча муну көп жылдардан бери жакшы билишет. Алардын кээ бир ыплас схемалуу жол менен иштеген жетекчилеринин иштерин же ушуга байланыштуу иштеген адамдары кийлигишип ушул боюнча шугулданып келишет. Буга бөгөт коюу абдан оор болуп калган. Жөнөкөй эле мисал бүгүнкү күндө Кыргызстандан өзүбүздүн жакынкы эле мамлекеттерге контрабандалык жол менен чыгып жаткан күйүүчү майлар дагы деле болсо болуп турат. Бул боюнча бир нече деген мисалдар дагы келтирилген, ошондуктан бүгүнкү күндө бул абдан татаал опурталдуу иш. Биздин укук коргоо органдары ушул боюнча териштирүү иштерди таза, чын, адилеттүү, Кыргызстандын мыйзамынын негизги нормалары менен туура көргөзсө көп контробандалык жол менен шугулданган жогорку деңгээлдеги атка минерлердин ысымдары эмес алардын схемалары кошо чыгып калышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө ушундай болуп калышы коомчулукту абдан ойлондурат.

— Турциядан келген документте 18 ката бар экен. Ушунча катадан кийин бул документтин “чындыгына” кантип ишенсе болот?

— Өткөндө “Белизгейт” маселеси чыкканда ондон ашык ката чыккан. Ондон ашык ката чыккандыктан оперативдик негизде айыптоолор болгон. Азыр деле ошонун жообу болуп жатат. Президентке жазылган расмий документтин үтүрүн же чекитин койбой койсо башка болмок. 18 ката болушу мүмкүн эмес эле. Мен жана да айттым, азыр да айтам ушуга атайын кызыктар болгон компаниянын, камсыздандырган агенттиктин кызматкерлери дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Же болбосо Турциянын өзүндө дагы президентке каршы иштеген адамдары бар. Себеби былтыр төңкөрүш болуп кете жаздап араң калышпадыбы. Дагы деле болсо алардын арасында жашыруун негизде ага каршы иштеген адамдар дагы пайдаланышы мүмкүн. Же болбосо шылуундар кандайдыр бир деңгээлде ушундай документти жасап, оор трагедиялуу окуядан акча табыш үчүн шугулданган учурлар дагы болот. Документти баардык жактан карап, мүмкүнчүлүк болсо коюлган мөөрлөргө байланыштуу текшерүү иштерин жүргүзсө ким аркылуу жасалганы чыгып калышы мүмкүн. Ачык эле айтаар элем, бул боюнча элчилиги билдирүү жасады. Чалгын же атайын кызматтын кызматкерлери документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн. Бул документти кээ бир ошол жактагы адамдар кийин таппасын деп бурмалап атайын ката да киргизиши мүмкүн. Бул териштирүү жана иликтөөнүн негизинде көп нерселер белгилүү болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Өмүрбек Абдрахманов, мурунку депутат: «Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес»

 

— Өмүрбек байке, саламатсызбы. Текебаевдин камалышы тууралуу сиздин ойду уксак, сиз айтып жүргөн маселе менен камалбадыбы?

— Мен мурун айтсам Атамбаев да, Прокуратура да (Салянова) көңүл бөлбөй койгон. Анда эки дракон «дос» эле. Эми экөө согуша кеткенден кийин орустарды таап Текебаевди камакка алышты. Эгерде ошол маалда Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес.

— Сиз бир миллион долларды орустар алып келгенин, Текебаев алганын көргөнсүзбү?

— Мен көргөн эмесмин, орустар менен жолугушуусуна катышкам. Андан кийин Чотонов 1 миллион доллар алып, партиянын ишине жумшаганын айткан.

— Маевский менен сиз да жолуккансызбы?

— Текебаевдин кабинетинде жолукканбыз. Мен “Мегаком” боюнча комиссиянын башчысы элем. Ошон үчүн мени да Текебаев чакырган.

— Маевскийдин билдирүүсүндө сиздин атыңыз аталбаптыр го?

— Ал менин фамилиямды эстеп жүрүптүрбү же мага акча бербесе…

— Сизди «Ата-Мекенчилер» коркутуп жатабы? Коркутуп жатат деген маалымат чыгып кетпедиби?

— Жок. 5-каналга интервью бербей койсом ошентип жазышыптыр.

— Текебаев сизди ушул маселе боюнча сотко берип, утуп алган болчу. Эми сиз аны сотко бересизби?

— Көрөбүз аны.

— Демократ саясатчы, эл өкүлү болгон кишисиз. Текебаевди аэропорттон күч колдонуп кармап кеткени мыйзамдуу болдубу?

— Кармай турган болгондон кийин каяктан кармаганы маанилүү эмес. Түлеевди үйүнөн алып кеткенде бала-бакырасы боздоду деп жазгансыңар.

Булак: “Жаңы Ордо”

"Ата Мекен" Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү

“Ата Мекен” партиясы 5-мартта Бишкекте өткөн чукул курултайында Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган партиянын жана парламенттеги фракциянын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов  билдирди.

Анын айтымында, курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан өкүлдөр келишкен. Анда “коррупция” жана “алдамчылык” беренеси менен айыпталып, эки айга камалган депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду токтоосуз бошотуу талабы коюлган. Ошондой эле катышуучулар бир добуштан алдыдагы президенттик шайлоого Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүүнү колдоп берген:

– Курултайга келген аймактагы делегаттар бүгүн тарап, ал жактарда штабдарды жандандырат. Алдыдагы саясий жараяндар, демократия, эркиндик, саясий плюрализм үчүн күрөштү күчөтүү аракеттери башталат. Биз Конституцияда каралган укуктарыбыздан пайдаланып, республика боюнча тынчтык митингдерин өткөрүп баштайбыз.

Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.

Депутат жана анын адвокаттары муну “атайын уюшулган иш” катары сыпаттап келишет. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. 2010-жылдан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов да коюлган айыпты четке кагууда.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин үч саясатчы билдирген. Алар – Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов. Президенттик шайлоо 19-ноябрда болору болжолдонууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Турсунбек Акун, мурунку Акыйкатчы: «Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу»

-Турсунбек мырза, сиз Текебаев камалган күндөн бери активдүү чуркап жүрөсүз. Митингде жалындуу сүйлөдүңүз, сотко чейин бардыңыз. Бирок, Текебаев азыркы башаламан системаны курган башкы архитектор өзү экенин жакшы билесиз да. Ушул эле версия менен бир топ саясатчыларды сындырганга шарт түзгөн адам. Өзү ошол абалга туш келгенде мыйзам бузуу болду деп кыйкырып жатат. Бул кош стандарттуулук болуп калбайбы?

— Мен жалгыз гана Текебаевди коргоп митингге чыкканым жок. Демократиянын абалы коркунучта болуп, сөз эркиндиги бузулуп, саясий куугунтук күч алгандыгы үчүн чыктым. Жалгыз эле Текебаев эмес, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дүйшөнкул Чотонов, Дастан Сарыгуловго окшогон адамдар камалып жатканы үчүн чыгып атам. Укук коргоочу, өмүрүн демократияга арнаган адам катары Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги болушун каалайм. Азыр демократияны, сөз эркиндигин муунтууга коркунучтар жаралып жатат. Өмүрбек Текебаев менин досум, теңтушум болгону менен мага камакка алынган башка саясатчылар да ошондой жакын адамдар. Мен Текебаевди актоодон алысмын. Коррупцияга, алдамчылыкка каршы болуп, тазалык үчүн күрөшүп келатам. Бирөөнүн эмгегин жеп, акчасын алдап алганды каалабайм. Ким алдамчы экенин, ким коррупцияга аралашканын бир гана сот чече алат. Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева дагы коррупционер, алдамчы деп айта албайт. Текебаевди алдамчы, коррупцияга аралашкан деп айтууга эч кимдин укугу жок. Эгер ага тагылып жаткан күнөөлөрдү далилдей албаса камакка алгандар мыйзамдын алдында жооп бериши керек болот. Акчаны кайсыл убакта алды? Колуна алганы тууралуу тил кат жазганбы? Аудио же видео жазуу барбы? Башка өлкөдөн келген эки жарандын акча алган деген көрсөтмөсү менен эле камай берсе жаман өнөкөт түзүлөт да. Эгер кимдир бирөө президент менден мынча акча алды эле деп көрсөтмө берсе эле камай береби? Ошон үчүн өзүмдүн пикиримди ачык айтып жатам.

— Текебаев үчүн чыкканым жок деп жатасыз. Митингде Текебаевди жактаган, Атамбаевди эсиңе кел, Өмүкөмдү бошот деген сөздөрдү айтпадыңызбы?

— Текебаевди, саясий куугунтукка кабылган башка саясатчыларды коргогон комитет түзүлдү. Ошонун жетекчиси катары айтчу сөзүмдү айтам да. Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду, Дастан Сарыгуловду коргогон митинг болду. Ага да барып сүйлөдүм. Бектурларды коргоп 4–5 жолу туура эмес камалды, саясий куугунтук болуп жатат деп маалымат жыйынын бердим. Митингге мен эмес, адам укугун коргогон акыйкатчы Кубат Оторбаев чыгыш керек болчу. Анын ордуна мен жүрөм го.

— “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарына кылмыш иши козголуп, башынан кара булут айланып турат. Бирок, Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда “Ата Журттан” депутат болгон Камчыбек Ташиевди, Ахматбек Келдибековду, Нариман Түлеевди, Талант Мамытовду дагы Текебаевди камаган ыкма менен камаган. Анда мыйзам бузуу болгон эмеспи?

— Текебаевдин жактоочуларын же болбосо нааразычылык акцияга катышып жаткандарды мыйзам бузду деп айта албайбыз. Алар бир имаратты барып басып алса, кимдир бирөөнү сабап койсо мыйзам бузуучулукка барды десек болот. Ошол эле Камчыбек Ташиевдин, Ахматбек Келдибековдун жактоочулары деле митинг, пикетке чыккан. “Ата-Мекендин” лидеринин күнөөсү болсо сот аркылуу далилдесин. Ал чет мамлекетке качып баратса камакка алса бир жөн. Тескерисинче, ал бул жакка келип жатпайбы. 25 жылдан бери саясатта жүрүп, номур биринчи деген саясатчы болуп аталып, Конституциянын атасы делген лидерди качып кетчүдөй кылып, Бен Ладенди кармаган сыяктуу 300 жоокер менен аэропортко барып, самолёттон түшүрбөй кармап кеткени чуу жаратып жатат. Көрсөтмө берген Маевский эл аралык издөөдө экен. 357 млн долларды жеп койгондуктан орус бийлиги издөө салыптыр. Ушундай аферисттердин көргөзмөсү менен кармабай, алгач тергөө жүргүзүп, тергөөгө барбай качса камап койсо неге болбосун?

— Саясий лидерлерди камакка алган учурда биздин баланы камап койду деген эл көчөгө чыгып, аягы кайгылуу окуя менен бүтчү эле. Мисалы, Аксы окуясы ушундай болгон. Азыр да УКМКнын жер төлөөсүндө ондон ашык саясатчы кармалып жатат. Алардын тарапташтары бийликке болгон нааразычылыгын билдирип келүүдө. Текебаевдин адамдары мөөнөтсүз митинг жарыялашты. Мунун аягы кыйын абалга алып келбейби?

— Кыйын абал жаралып калышы толук мүмкүн. Мен 3–4 күндөн бери сүйлөгөн сөздөрүмдө “Урматтуу Алмаз Шаршенович, Текебаевди камаганыңыз өзүңүздү камаганыңыз. Текебаевке кылмыш иш козгогондук, өзүңүзгө кылмыш иш козгогондук. Жаныңызда жүргөндөр Акаевге кызмат кылгандар, сизге жакшылык кылбайт, аларга бийлик, байлык болсо болду. Сиз биз менен чогуу жүрүп бийликке келгенсиз. Биз мөөнөтүңүздүн аягына жетпей качып кетишиңизди каалабайбыз!” деп айтып жатпаймынбы. 31-августтан бери экөөсүнүн ортосундагы тирешүү, чукушуу башталып, азыркы күнгө чейин уланып келе жатпайбы. Маевский 2010-жылы берген болсо ушул кезге чейин эмнеге карап олтурду? Качан кармаш-тиреш башталганда алып чыгып жатпайбы? Бул өч алуу, саясий куугунтуктун өзү болуп жатпайбы. Кечээ президент “Мында эч кандай саясат жок” деп айтып жатат. Менин Атамбаевден эч кандай өчүм жок. Эл “Кетсин!” деп кыйкырып жатса кетсин деп айтпагыла деп атам. Мунун эмнеси жаман?!

— Сиз “Атамбаев Аксыда, Базар-Коргондо кимдин үйүндө жатканын, таң аткыча эмне болгонун билебиз. Муну азырынча айта элекпиз” деп айттыңыз. Эгер көп нерсени билсеңиз аны эмнеге ачык айтпай жатасыз? Коркутуп жатасызбы?

— Күнүмдүк сөздөрдү айта берүү саясатчынын сөзү эмес. Билем дегенден кийин президенттин өзүнө жетет. Мен эмне үчүн айтышым керек? Президент кандай болгонун өзү билет. Болгону эсине салып коюш керек. Шералынын чокою илинип турушу зарыл да. Кыргызда ушундай ыкма бар. Эсине салып коёт. Бул жамандык ой эмес. Душман сүйдүрүп, тууган күйдүрүп айтат дейт. Мен күйдүрүп айтып жатам. Азыр президенттин көзүн май басып кетти. Досторунун баарын ала кетем дейт. Ала кеткидей ал ким? Ал эмне Кудайбы? Эмне үчүн антип айтат? Өзү кетсе эле баары кетиш керекпи? Азыркылар кетип, жаштар келсин дейт. Интересно. Кытайда алтымыштан ашкандан кийин гана акыл-эсине эми келди деп бийликке алып бара баштайт. Мисалы, мен алтымышка келишиме дагы 3 жыл бар. Президент эмне үчүн баарын “похоронить” этип салды. Тапканы Бакиев менен Акаевдин айланасында жүргөн жаш балдарбы?! Аларга баарыбир, принцип деген жок. Алар эч убакта Текебаев, Атамбаев же Турсунбек Акун боло албайт. Азыркыларды канчалык жаман көрбөсүн, бул муун тарыхты баскан адамдар.

— Турсунбек мырза, сиз ажыга барып келген кишисиз. Ажыга барып келген адам катары президентке тескери бата берип коюшум мүмкүн дептирсиз. Катуу кетип калгандык эмеспи?

— Бул дагы Базар-Коргондогуну эске салуу болуп эсептелет. Тескери батаны мен бербейм, мен сыяктуулар берип коюшу мүмкүн. Мен сыяктуу ажы адамдар бар да. Балким мен же башка бирөө берип коюшу ыктымал. Мен ага барамбы-барбаймбы башка маселе. Андай жолго барышым оор. Президентке жамандык каалабайм. Бирок, кээ бир адамдар элге каршы иштесе, туура эмес иштерди жасаса, элдин намысына тийип, абийирин тепсесе эл тескери бата берип коюшкан. Кеп ошол жөнүндө жүрүп жатат.

— Үч күн убакыт берем, болбосо буга баш-отум менен кирип кетишим мүмкүн дедиңиз. Бул да коркуткан адамдын сөзү го?

— Ачкачылык жарыялап олтуруп алышым мүмкүн. Бул коркутуу эмес да. Атамбаев деле Акаевди кетириш үчүн эмнелерди гана кылбады. “Көрсөтөм, Кетсин, Акаев саткын, болбой калды” деп Атамбаев менин жанымда туруп айткан. Интернетте мурунку айткан сөздөрү менен азыркы айткан сөздөрүн жарыялап коюшуптур. Экөөсү такыр башка болуп жатпайбы. Атамбаев да пикет, митинг, революциянын аркасы менен бийликке келген. Мен дагы революция менен жүрөм. Атамбаев экөөбүз бирдей элебиз. Мен айткан сөздөрдү ал да айткан. Атамбаев деле Акаев менен күрөшкөндө ушундай ыкмаларды колдонгон. Күрөшүүнүн толтура ыкмалары бар. Өлкөдө кыйын эки саясатчы болсо ошонун бирин камап салды. Бул жакшылыкка алып барбайт. Чыгарбай камап койгону Текебаевге эмес, Атамбаевге жаман. Текебаев чай ичип коюп тынч олтурат. Атамбаев болсо сар-санаа болуп, эмне болуп кетет деп коркуп калтырап олтурат.

— Президент үчүн күчтүү оппозиционер Өмүрбек Текебаев гана болуп калгандай болчу. Парламенттин трибунасынан жалгыз өзү эле президентти баш кылып командасын алдактатып койгондой болгон. Текебаевди камоо менен оппозициянын үнүн биротоло өчүрөйүн деген принцип колдонулган жокпу?

— Кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн эл да. Бир Текебаевди сындырса калганынын баары сынып калбайт. Парламентте Текебаев сыяктуу оппозиционер калбай кала турганы чындык. Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу. “Теке” деген эркек деген сөз. Аялдай болуп коркпойт. Парламентте оппозиция калбай калганы менен көчө оппозициясы күч алат. Көчөдө Текебаевди колдогондор табылат. Кыргыз элинин духун эч ким баса албайт. Атамбаевден күчтүү болгон Акаев, Бакиев да баса албаган. Бул экөөнө караганда Атамбаев өтө эле алсыз.

— Путин менен жолукканда президентибиз “Эки революцияны тең мен жасагам. Үчүнчүсүн жасабайм” деп айтты. Революцияда жүргөн киши катары терикпедиңизби?

— Жарыктык киши Путиндин алдында бир мактанып алайын деди да. Ал өмүр бою эле мактанып жүрөт. Бирок, кечээ өзгөчө мактанды. Кыргызстанды мен башкарып жатам, саясий погоданы жасаган менмин, менин күчүм ушундай дегендей кылды. Текебаевди камаганы да өзүнүн күчүн көрсөтүп жатат. Мен доллар менен мультимиллионер болгом дейт. Бул уят сөз. Акаевдин учурунда Атамбаев бизнесин сакташ үчүн Түркияга качып кеткен. Аксылыктардын аркасы менен кайра келген. “Аксылыктар силерге рахмат. Силердин аркаңар менен мен кайра келдим” деген сөзү жазылуу турат. 2005-жылдагы революция Аксынын аркасы менен болду. Ошол революцияда Атамбаев чыккан. Бирок кечигип келген. Мен Акаевдин кабинетинде анын креслосунда олтургандан соң Атамбаевдин колоннасы түштөн кийин келгени чындык. Мен революцияны жасагам деп айтканы болбойт да. Ал жерде Бекназаров, Отунбаева, Үсөн Сыдыков, мен жана башкалар болгон. Керек болсо Нурлан Мотуев жүргөн. Эң негизгиси Курманбек Бакиев болгон. Ошол киши лидер болчу. Бакиевди жаман көрсө эле мен лидер болгом дей береби. Андай болбойт. 2010-жылы да Атамбаев болгон эмес. Аны камап койгон болчу. Менин офисимдин жанына чогулган дейт. Эл деген Ак үйдүн жанына, мүмкүн менин офисимдин жанына чогулушу мүмкүн. Өзү элди баштап барып, Ак үйдү алган болсо бир жөн. Мактангандын да чеги болот го дейм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аида Салянова, ЖКнын депутаты: “Маевский дегенди камакка алыш керек болчу”

 

— Аида Жеңишбековна, сизди Башкы прокурор менен УКМКнын төрагасынын парламентке келип берген маалыматы канааттандырдыбы?

— Негизи акыркы болгон окуяга баа бергендей каралыш керек болчу. Тилекке каршы биз өзүбүздүн берген суроолордун көпчүлүгүнө жооп ала алган жокпуз. Мен ойлойм аларда жооп жок. Карап атабыз, карайбыз эле деп жатышат. Кээ бир өтө маанилүү маселелерде Россиядан акчаны чын эле алган болсо сөзсүз түрдө бажы тармагынан декларация толтурулушу керек. Эгер кимдир бирөө ошондой көрсөтмө берип жаткан болсо акча чын эле өткөнбү же өткөн жокпу деп сураш керек эле. Алар болсо эми карайбыз дейт. Эми каралып жатат, иштин үстүндө карап жатабыз дешүүдө. Иш козгоордон мурун тастыктап алып, анан жарыялап андан кийин иш козгош керек болчу. Кээ бир маселени карап атабыз десе кээ бир маселени тергөөнүн купуясы деп койду. Көп суроолорубузга канааттандыраарлык жооп ала алган жокпуз десем туура болот.

— Бүгүнкү чыгып жаткан документ боюнча эмнени айта аласыз?

— Азыр эч нерсе деп айта албайм. Ошондой маалымат чыкты. Бүгүн жактоочулар маалымат жыйын бериптир. Биз Жогорку Кеңеште жыйында элек. Азыр алар менен деле сүйлөшкөндөй боло элекпиз. Бирок биз фракциянын жыйынын чогулталы деп чечтик. Андан тышкары дагы социалдык көп маселелер болуп жатат. Коллегалар менен талкуу кылсак бүгүн келген маалыматка тийешелүү Дача-СУ маселеси боюнча дагы көп маселелер бар экен.

— ”Белизгейт” боюнча дагы кылмыш ишин козгободу беле? Азыркы документ менен кылмыш ишин козгосо болобу?

— Эч болбойт эле, козгогон күндө дагы Маевский дегенди камакка алыш керек болчу. Бирок биздикилер аны камакка алган жок. Бул өзү ошол УКМКга кирип, өзүн жайбаракат сезип, телефон менен сүйлөшүп, ал жактан чыгып аба майданга барганы чоң суроолорду жаратат. Эмне үчүн башка мамлекеттин жаранына ошондой мамиле болду? Анын үстүнө Өмүрбек Чиркешовичти камакка алып жаткандагы соттун чечимин окусак “Башка күбөлөргө кысым көрсөтөт”деп жазыптыр. Бүгүн бизге белгилүү болгон жарандар башка өлкөдө жашап, Кыргызстанда жашабаса кантип кысым көрсөтөт эле? Ошондуктан камаганга дагы эч кандай негиз жок болчу.

— Түркиядан келген документтер кылмыш ишин козгогонго негиз болуп бере алабы?

— Биз баарын дыкат карайлы деп айттым. Чындыгында биз ал документтерди көргөн жокпуз. Алардын баарын карап чыгып анан пикирлерди айтабыз.

— Өмүрбек Текебаев 48 сааттан кийин чыгат деген үмүт бар эле. Соттун чечими башкача чыгып калды. Мындан кийин митингдер токтойбу?

— Жок, токтобойт. Биз мөөнөтсүз митинг дегенбиз. Өмүрбек Чиркешович бошогонго чейин ушинтип чогулуп өзүбүздүн нааразчылыгыбызды билдирип турабыз.

— Өмүрбек Текебаевдин ак экенине ишенесизби?

— Жүз пайыз ишенем.

Булак: “Жаңы Ордо”

Мамдепартамент тажик бийлигин адам укуктарын бузууга айыптоодо

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча  баяндамасын жарыялап, Тажикстанды кескин сынга алды. Документте өкмөт жарандардын таза жана эркин шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жаткандыгы негизги маселе экени айтылат.

Башка маселелердин катарында – камактагыларга катаал мамиле жасоо, саясий жана жарандык активисттерди опузалоо, ММКлардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу, социалдык түйүндөрдү колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн чектөө бар. Баяндамада Тажикстанда көп партиялуу саясий система орун алганы менен бийлик бир колго топтолгону баяндалат.

Документте 2016-жылы өлкөдө Баш мыйзамга референдум аркылуу өзгөртүү киргизилгени жана азыркы президент Эмомали Рахмон “улут лидери” катары чектөөсүз бийликте калуу мүмкүнчүлүгүн алганы баса белгиленет.

Мамлекеттик департамент Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү жана белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровдун камалганын да эске салган.

Мындан тышкары өлкөдө коррупция менен күрөшүү натыйжасыз жүрүп жатканы дагы айтылат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню