Menu

САЯСАТ

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 7-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Атап айтканда төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жогорку кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү;
2. «Антиконтрафакт» эл аралык форуму;
3. Евразия экономикалык биримдигиндеги Интеграциялык потенциялга ээ болгон экономика тармактары, аны колдонууга багытталган чаралар жөнүндөгү;
4. 2015-2016-жылдарда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн абалы жөнөдөгү;
5. Евразиялык экономикалык биримдигинин 2025-жылга чейин технологиялык күн тартибин негизги багыттарын ишке ашырууга карата даярдыктар боюнча иштин жүрүшү тууралуу;
6. Соода жүгүртүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү сүйлөшүүлөр;
7. Евразия экономикалык жогорку кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы №72 чечимин ишке ашыруу жөнүндө;
8. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2016-2017-жылдары айыл чарба продукциялары жана азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча суроо талабы жана сунуштары боюнча агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолу жөнүндөгү;
9. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөргө анологдук өндүрүшү, айыл чарбасы үчүн машина жана жабдыктарын уюштуруу жөнөндөгү;
10. . Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна анологдук өндүрүшү, айыл чарбасы үчүн машина жана жабдыктарды экспорттоону өнүктүрүү боюнча иш чаралар тууралуу;

 

"Таз таранганча той таркайт"

Мамлекеттик каттоо кызматынын терагасы Тайырбек Сарпашев Бишкектин чок ортосундагы Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевдин жерин менчиктештирүүгө күнөөлөнүп, убактылуу кызматтан кеткенине бир топ убакыт болду. Сарпашевдин бул ишке күнөөсү бар-жогун вице-премьер министр Жеңиш Разаков башында турган комиссия иликтемей болгон. “Таз таранганча той таркайт” болуп, бир айдан ашуун мезгилден бери таш бакадай кыбырган Разаковдун иштин акырына чыкчудай түрү жок. Мындан улам, соодалашып жаткандан сообу деген шектенүүлөр пайда болууда. Чындыгында Разаков өзүнө тагылган ишке ар дайым жоопкерчилик менен эмес, кайдыгер, шалаакы мамиле жасаары көптөн бери эле айтылып келет. Ушундай “арабадан” чыккан аткаминердин кимге кереги бар?..

Булак: “Фабула”

Украинанын Орусияга каршы доо алкагында Гаагадагы Эл аралык Соту алдын алуу чараларын колдонуу боюнча ишин баштады

Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.  2017 жылдын 16-декабрында Украинанын чыгышында терроризмди колдогондугу жана этникалык украиндер менен крымдык татарларды оккупацияланган Крымда басмырлагандыгы үчүн Орусия Федерациясын жоопкерчиликке тартуу максатында БУУнун Эл аралык сотуна доо берилген.

Алдын алуу чаралар Соткокырдаалдын начарлап кетишине жол бербөөгөжана,абдан маанилүү нерсе –ишти кароо үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде жарандык калкты коргоогомүмкүндүк берет. Ал эми алдын алуу чараларын колдонуу сурамы боюнча соттун чечимине карабастан маңызы боюнча доону кароо иши улана берет. Авдеевка жана АР Крымда абалдын курчушунун контекстинде аларды колдонуу айрыкча маанилүү болуп саналат. Алдын алуу чараларын колдонуу жөнүндө сурамда Украина Соттон Орусия Федерациясын эл аралык укуктарды бузууну токтотууга милдеттендирүүсүн суранат.Атап айтканда, Украина Орусия Федерациясын өзүнүн чек арасын натыйжалуу көзөмөлдөп, Украинага курал-жаракты жеткирүүнү токтотуп, Украинанын жарандык калкына зыян келтирген мыйзамсыз куралдуу топторду колдоону токтотуп, ошондой эле оккупацияланган Крымда этникалык басмырлоонун мындан аркы ар кандай актыларынан баш тартуусун милдеттендирүү өтүнүчү менен Сотко кайрылат. ЭгердеОрусия убактылуу чаралар жөнүндө чечимдин аткарылышын камсыз кылбаса, соттун токтомун бузгандыгы тууралуу фактыларды далилдөө үчүн Украина Сотко кайрыла алат, бул Орусия үчүн олуттуу укуктук жана саясий кесепеттерди алып келет. Убактылуу чараларды колдонуу тууралуу иши төрт күнгө созулат деп күтүлүүдө. Украина өзүнүн аргументтерин 6 жана 8 мартта камсыз кылат. Орусия Федерациясы өзүнүн аргументтерин 7 жана 9 мартта камсыз кылат. Иштин каралышы күн сайын саат 10:00дө башталат (Бишкек убактысы боюнча 15:00)

Иштин каралуусунун онлайн трансляциясы кийинки шилтемелерде:

http://www.icj-cij.org/presscom/multimedia.php?p1=6

http://webtv.un.org/meetings-events/international- court-of- justice-icj/

Эреже катары, БУУнун Эл аралык соту убактылуу чараларды киргизүү тууралуу сурамдарды тездетилген иретте карайт. Сот бир нече жуманын ичинде чечим кабыл алат деп күтүлүүдө. Иштин маңызында кароо тууралуу айтып кетсек, кийинки бир нече айдын ичинде БУУнун Эл аралык соту тараптардын процесстик документтерди берүү расписаниесин аныкташы керек, андан кийин иштин оозеки каралышы дайындалат.

Украинанын Орусияга каршы доо алкагында Гаагадагы Эл аралык Соту алдын алуу чараларын колдонуу боюнча ишин баштады

Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.  2017 жылдын 16-декабрында Украинанын чыгышында терроризмди колдогондугу жана этникалык украиндер менен крымдык татарларды оккупацияланган Крымда басмырлагандыгы үчүн Орусия Федерациясын жоопкерчиликке тартуу максатында БУУнун Эл аралык сотуна доо берилген.

Алдын алуу чаралар Соткокырдаалдын начарлап кетишине жол бербөөгөжана,абдан маанилүү нерсе –ишти кароо үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде жарандык калкты коргоогомүмкүндүк берет. Ал эми алдын алуу чараларын колдонуу сурамы боюнча соттун чечимине карабастан маңызы боюнча доону кароо иши улана берет. Авдеевка жана АР Крымда абалдын курчушунун контекстинде аларды колдонуу айрыкча маанилүү болуп саналат. Алдын алуу чараларын колдонуу жөнүндө сурамда Украина Соттон Орусия Федерациясын эл аралык укуктарды бузууну токтотууга милдеттендирүүсүн суранат.Атап айтканда, Украина Орусия Федерациясын өзүнүн чек арасын натыйжалуу көзөмөлдөп, Украинага курал-жаракты жеткирүүнү токтотуп, Украинанын жарандык калкына зыян келтирген мыйзамсыз куралдуу топторду колдоону токтотуп, ошондой эле оккупацияланган Крымда этникалык басмырлоонун мындан аркы ар кандай актыларынан баш тартуусун милдеттендирүү өтүнүчү менен Сотко кайрылат. ЭгердеОрусия убактылуу чаралар жөнүндө чечимдин аткарылышын камсыз кылбаса, соттун токтомун бузгандыгы тууралуу фактыларды далилдөө үчүн Украина Сотко кайрыла алат, бул Орусия үчүн олуттуу укуктук жана саясий кесепеттерди алып келет. Убактылуу чараларды колдонуу тууралуу иши төрт күнгө созулат деп күтүлүүдө. Украина өзүнүн аргументтерин 6 жана 8 мартта камсыз кылат. Орусия Федерациясы өзүнүн аргументтерин 7 жана 9 мартта камсыз кылат. Иштин каралышы күн сайын саат 10:00дө башталат (Бишкек убактысы боюнча 15:00)

Иштин каралуусунун онлайн трансляциясы кийинки шилтемелерде:

http://www.icj-cij.org/presscom/multimedia.php?p1=6

http://webtv.un.org/meetings-events/international- court-of- justice-icj/

Эреже катары, БУУнун Эл аралык соту убактылуу чараларды киргизүү тууралуу сурамдарды тездетилген иретте карайт. Сот бир нече жуманын ичинде чечим кабыл алат деп күтүлүүдө. Иштин маңызында кароо тууралуу айтып кетсек, кийинки бир нече айдын ичинде БУУнун Эл аралык соту тараптардын процесстик документтерди берүү расписаниесин аныкташы керек, андан кийин иштин оозеки каралышы дайындалат.

Иманалиев эми Шыкмаматовго ор казабы?

Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин “Ата Мекен” партиясынын лидерлигине көз артып, партиянын атынан күздө өтүүчү президенттик шайлоого аттанууну кыялданып жаткан Каныбек Иманалиевдин кыялдары кыйрап, ойлогон ойлору ойрондолду. Шыкмаматов “Ата Мекен” партиясын шашылыш жыйынга топтоп, партиянын атынан Текебаев президенттик шайлоого чыгаарын жар салып жиберди. Мындай күтүлбөгөн жүрүш Иманалиевдин башына түшкөн чагылгандай болду. Амбициясы суу сепкендей өчүп, эмне кылаар айласын таппай турган чагы. Жен жүрбөгөн жаны эми Шыкмаматовго ор казып, түрмөгө камалышына жол чаппаса болду. Ага дейре өзүнө деле мыйзамдын укуругу илинип калышы мүмкүн болуп турат… Жетишээр бекен?..

Булак: “Фабула”

Дүйнөгө аты чыккан саясаттагы мыкты айымдар

Дүйнө жүзүндө калктын са­ны жыл сайын эмес, саат санап көбөйүүдө. 1800-жылы адамзат 980 миллион гана киши болсо, 1900-жылы 1,6 миллиардга, 1960-жылы 3 миллиардга жетип, бүгүнкү күндө 7,8 миллиардан ашып баратат. Окумуштуулардын божомолунда адамзаттын саны 2050-жылы 9,4 миллиардга, 2100-жылы 10 миллиардга жетет деп божомолдошууда. Ал эми кийинки 10 жыл аралыгында жер шаарындагы аял заттын саны көбөйүп, жыл сайын эркектерге караганда 50-60 миллионго көбөйүп жаткандыгы айтылууда.

 Президент айымдар

Биздин доорго чейин Египетти Нейтхотеп баштаган Клеопатра, Береника, Арсиноя өңдүү ондогон атактуу падыша айымдар, сактарды Зарина, Томирис, Кытайды Денг Сези, Доу Мяо, Чу Суанзи, Фенг, Японияны Дзингу Кого, Суйко сыяктуу император айымдар башкарышкан.

Орто кылымда Корей мамлекетин Сондок, кийин Чиндок, Чинсон аттуу ханыша айымдар, Бухараны Ханум, Японияны Кокэн, Византияны Ирина императорлору Грузияны падыша айым Тама­ра, Казань хандыгын Сүйүмбийке бийлешкен.

Жаңы доордо Улуу Британия­нын королевасы Виктория, Испаниянынын королевасы Изабелла Пнин, Эфиопиянын императору Заудити, дүйнөдөгү биринчи аял премьер-министр – Шри-Ланканын өкмөт башчысы Сиримаво Бандаранаикени жана дүйнөдөгү биринчи президент айым – Аргентинанын президенти Мария Эстела Мартинес де Перонду кошууга болот.

Шри-Ланканын президенттигине шайланган Бандаранаике Чандрика Кумаратунга 78 жаштагы Сиримаво энесин өлкөнүн премьер-министри кылып дайындаган. Ал дүйнөдөгү эң улгайган саясатчы катары 84 жашында отставкага кетип, ошол жылы ка­за болгон.

Индиялык улуу инсан Махатма Гандиге фамилиясы гана окшош Индира Индияда 1966-1977 жана 1980-1984-жылдары премьер-ми­нистр кызматын аркалаган.

Израилдин өкмөтүн жетектеген өлкөнүн бешинчи премьер-ми­нистри Голда Меир айым “ өкмөттөгү жалгыз эркек” деген атка консо, Улуу Британиянын өкмөтүн 11 жыл башкарган Маргарет Тэт­чер катаал мүнөзү менен “темир айым” катары таанылган.

2005-жылдан бери Германиянын өкмөтүн жетектеп келе жаткан канцлер Ангела Меркель дүйнөдөгү эң эле таасирдүү саясатчылардын бири.

1988-1990 жана 1993-1996-жылдары Пакистан өкмөтүн жетекте­ген Беназир айым Бхутто мусулман калктуу өлкөлөрдөгү алгачкы премьер-министр деп эсептелет.

Филиппиндин президенти Ма­рия Корасон Кохунгко-Акино Азия өлкөлөрүнөн чыккан, Либериянын 24- президенти Элен Жонсон-Серлиф Африка материгинен, Кыргызстандын үчүнчү прези­денти Роза Отунбаева болсо, эски СССР, азыркы КМШ аймагынан чыккан мамлекет башчылар бо­луп саналат.

Индиянын айым президенти Пратибха Патил отставкага кеткен. Кристина Киршнер Аргентинага, Даля Грибаускайте Литвага, Эвелин Видмер Шлумпф Швейцарияга, Пак Кын Хе Түштүк Кореяга, Дилма Русеф Бразилияга пре­зидент болуп шайланышкан.

Атактуулардын биринчи айымдары

Кытайдын тунгуч президенти Чан Кайшинин төртүнчү аялы Сунь Мейлинь 105 жаш курагында каза болгон. Англис тилин мыкты билген Мейлинь айым күйөөсүнүн оң колуна айланып, расмий болбосо да, Тышкы иштер министринин милдетин аткарган. Кытайга коммунисттер бийликке келип Чан Кайши Тайванга качып, ал жакта өлкөнүн “биринчи айымы” болгон.

Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюань Си Цзиньпинге чейин кытайлык жетекчилердин бири да аялдарын расмий жолугушууларга ээрчиткен эмес. Пэн Лиюань мамлекетчи кызматчы болгону менен өз милдетин шоу-бизнес менен бирге алып барат. Анын ырчылык өнөрү бар болгондуктан гастролго чыгып, концерттерге катышып турат.

Улуу Британиянын тарыхындагы эң жаш Премьер-министр бол­гон Дэвид Кэмерондун жубайы Саманта Кэмеронду британиялыктар өтө жупунулугу үчүн жактырышкан. Ал өз жумушуна метродо же велосипед менен барчу экен, өзгөчөлөнбөй, кымбат кийим тандабай. “Vogue” журналы Самантаны дүйнөдөгү эң сымбаттуу айым деп атаган.

Лондондо төрөлүп, ал жактан татыктуу билим алган Асма Асад АКШдагы финансылык ири компаниялардын биринде иштеген. Сирияга келип Башар Асадга турмушка чыгып, жолдошунун ишине кийлигишпей, үч баланы тарбиялап үйдө отурат.

Катардын сыймыгы деп эсептелген Моза бинт Насер аль Миснетти билимдүү, акылдуу, ай чырайлуу, айтор төрт тарабы төп келишкен белгилүү саясий жана коомдук ишмер Катар мамлекетинин башчысы Кадиф-аль Танининин үч аялынын бирөөсү.

АКШнын тарыхындагы кара түстүү алгачкы биринчи айым Ми­шель Обама дүйнөдөгү эң таасирдүү айым. Күйөөсү Барак Обаманын президент болушуна эмгеги зор болгон.

Япониянын премьер-министри Синзо Абэнин жубайы Акиэ Абэ өлкөдө биринчи айым экендигин билгизип, жолдошу катышкан дүйнөлүк жыйындарга бир­ге барат.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин аялы Мехрибан Алиева медициналык университетте окуп жүргөндө турмушка чыккан. Суйкайган сулуулугу, акылдуулугу менен айырмаланган Мехрибан үч баланын энеси болсо да, эл көзүндө белгилүү коомдук ишмер болгон, ал жакныда өз өлкөсүндө премьер-министрлик кызматты алып барып жатат.

Грузиянын экс-президенти Ми­хаил Саакашвилинин жубайы Сандра Рулофстун жердиги голландиялык болуп, экөө Страсбургда таанышкан. Экс биринчи айым беш тилде, анын ичинде орусча эркин сүйлөйт.

Адам өмүрүндө акыл-парасаты тунук, күйөөсүнө өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, санаа тартса сырдашы, жаны кыйналса муңдашы, өмүрлүк жары, курдашы болгон улуу аял заты бир бүтүндөй мамлекетти башкарган жооптуу кызматкер, эрендер менен теңтайлаша билек түрүнүп, белсемдүү иштерди кабагым-кашым дебестен аткарган айымдарга Эл аралык 8-март майрамы менен чын дилден куттук айтабыз! Бар болгула урматтуу апалар, эже-карындаштар!

Булак: “Фабула”

Өмүркуловго чалма ыргытылдыбы же..?

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин 1-марттагы пленардык жыйында Текебаевдин камалышы боюнча чыгып сөз сүйлөп: “Мына мага убагында Салянова иш козгоп, тергөө жүрүп, жыйынтыгында мен актыгымды далилдегем” – деген эле. Бирок ошол замат Аида Салянова Иса Өмүркуловго иш козгоп камап коюуга башка материалдар да бар экендигин, бирок ал материалдар боюнча эч кандай чара көрүлбөй жаткандгы боюнча кеп козгоп, жыландын башын кылтыйткан. Мына ошол чара көрүлбөй жаткан материалдар эмне болгон материалдар экенин, аны текшерип, тиешелүү баа берип, чара көрөбүз деген максатга Башкы прокуратура ЖК депутаты Аида Саляновага Иса Өмүркулов боюнча өзүндө болгон материалдарды берүүсүн талап кылган кат жөнөттү. Башпрокуратурага Салянова материалдарды береби же ал жөн айтылган сөзбү эми билинет. Эгер материал болсо Башпрокуратура Иса Өмүркуловго иш козгойбу? Жок болсо, Салянова жоопкерчилик тартабы?

Булак: “Фабула”

Фабула пресс: “Күлкүкана”

-Ата,-дейт Талантбек Батыралиевдин уулу, – эмне үчүн 8-март кызыл түс менен өзгөчө белгиленген?

Батыралиев адатынча бакырып:

-Ал деген эркектин кызыл канын сорчу кызыл түстүү күн!

***

-Амантай кечээ машинада кетип баратып кырсыкка учурады деп уктум, кокуй эмне болду деп эмгектин ардагери Амантур Молдалиевден классташы Сабира Осмоналиева чыйпылыктап сурап.

-Ооба, ошондой болду, жол боюндагы аңгекке кирип кеттим…

-Ал кандайча балээ болуп кетти?

-Аялым менен кетип бараткам. Жол боюнда жарым жылаңач кыз турганынан карай койсом, тиги суйкайган сулууну карабасын деп аялым көзүмдү жаап жиберип жатпайбы…

***

-Папа, эмне үчүн мен 8-мартта идиш-аякты жууп жүрөм? – деп Ахматбек Келдибековдун кызы атасына даттанып.

-Бул майрамды майрамдаш үчүн сенин жашың али жете элек.

-А мамам эмне үчүн тамак-аш даярдап жүрөт?

-Анын жашы эбак өтүп кеткен…

***

Жашоодогу кайсы көз ирмемди кармап калгыңыз келет деген суроого айымдардын 80 пайызы кызарып- татарып жооп бере алышпайт! – деп Каныбек Имамалиев адатынча трибунадан какылдап…

***

Наталья НИКИТЕНКО: Абдил Сегизбаевич, сиздин кызматыңыз эмне?!

“Фабула пресс”: Абдил Сегизбаевдин кызматын эмгиче билбесеңиз, билимиңиздин деңгээлин көрсөтүп жатасызбы же анткорлонуп жатасызбы?

Максат САБИРОВ: Элди жамынып айтпаш керек!

“Фабула пресс”: Эң туура айтасыз. “Элге кызмат кылам!”, “Эл үчүн!”, “Эл үчүн! – деп жалган айтып жалпаңдагандарды жаныңыздан жарым километр жылдырыңызчы!

***

Мурадыл МАДАМИНОВ: Мародерлук кылбаш керек!

“Фабула пресс”: Мародерлук жасап кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп компоюп басып

жүргөндөрдүн жүрөк үшүн алсаңыз боло?

***

Исхак МАСАЛИЕВ: Мени билип алгыла! “Мен де­ген Исхак Масалиев” деген болом!

“Фабула пресс”: Мындан ары билип жүрөлү. Би­рок эч качан Апсамат Масалиевдей боло албай жүргөнүңүздү эл эбак билет. “Аккан арыктан суу акпай калган”.

***

Камчыбек ЖОЛДОШБАЕВ: Ушул жерде отурган депутаттардын акчасынын баарын чогултсак да миллиардга жетпейт!

“Фабула пресс”: Жакшылап эсептеңизчи Камчы­бек мырза. Жетмек түгүл эки эсе ашып кетээрин би­лип туруп билмексенге салбай.

Булак: “Фабула”

Бекназаров президенттин "мойнуна камчы салып суранды"

Айтылуу Азимбек Бекназаров президент Атамбаевге Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүн «мойнуна камчы салып суранарын» билдирип кайрылуу жолдоду. Анда учурдагы кырдаалда президент да, Текебаев да утпасын, тескерисинче кыргызда айтылгандай “эрегиштен эр өлөт” болушу ыктымалдыгын айткан. Мындан улам, бул кырдаалдан үчүнчү күчтөр пайдаланып кетүүсүнө тынчсызданган Бекназаров президент Атамбаевди мамлекет башчы катары айкөлдүк кылып, “Ата Мекенчилер” Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду камактан чыгаруусун сурап, “2010-жылдын апрелинен 2016-жылдын август айына чейин тандемдеш, үзөңгүлөш болуп мамлекетти башкарып келген экөө тең бул аралыкта өлкөдө болгон бардык кемчиликтер үчүн бирдей жоопкер экенин билдирген.

Булак: “Фабула”

Бишкекте ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жолугушууда

Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жолугушуусу башталды. Анда Орусиядан Дмитрий Медведев, Казакстандан Бакытжан Сагинтаев, Беларустан Андрей Кобяков, Армениядан Карен Карапетян жана Кыргызстандан Сооронбай Жээнбеков кеңири жана тар чөйрөдө экономикалык орчун маселелерди талкуулашат.

Кечээ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков жолугуп, эки тараптуу мамилелерди, чек ара, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш уюмдун Жогорку кеңешинде кабыл алынган чечимдер менен макулдашуулардын аткарылышын камсыздоону көздөйт.

Бүгүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугары күтүлүүдө. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

ЕАЭБге Орусия, Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Армения мүчө.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню