Menu

САЯСАТ

АКШ башка өлкөлөргө жардам берүүнү кыскартат

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы башка өлкөлөргө каржылык колдоо көрсөтүүнү кыскартуу ниетинде. Үнөмдөлгөн акчалар Коргоо министрлигинин муктаждыктарына жумшалат.

Акүйдүн бюджет башкармалыгынын директору Мик Малвэни бюджеттин кыскарышы боюнча так маалымат 16-мартта жарыяланарын билдирди.

Пентагондун бюджети 600 миллиард доллардан көбүрөөк. Акүй аскердик чыгымдарды 50 миллиондон ашык долларга көбөйтүүнү сунуштоодо. АКШ президенти Дональд Трамп февралда Америка армиясын жаңылоо ниетин билдирген. Ал Кошмо Штаттар тарыхында болуп көрбөгөндөй аскердик кеңейүү орун аларын ишара кылган.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) – Мамлекеттик департаментке карайт. Уюм башка өлкөлөргө жардам иретинде жыл сайын 50 миллиард доллар коротот. USAID соода, айыл чарба, экономикалык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, ыкчам гуманитардык жардам берүү, жаңжалдарды болтурбоого көмөктөшүү жана жарды өлкөлөрдө демократияны колдоо менен алектенет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Жапаровго кылмыш иши козголобу?

УКМК Садыр Жапаровду күбө катары сурак алууга кызыктар экенин өзү чет өлкөдө жатып кабарлады. Мындан улам, чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу, Кыргызстанга 25-март күнү бараарын айтып, ошондо өзү УКМКга бараарын жар салды. Бирок андан көп өтпөй, мени чек арадан киргизбөө боюнча УКМК тапшырма бериптир деп айкырып чыкты. Буга байланыштуу “Мага кылмыш иши козголгон жок. Козгойбуз деген ниеттери бар болсо керек? Мейли билгенин кылышсын»-деген билдирүү таратты.

Булак: “Фабула”

Трамп Конгрессти Обаманын администрациясынын аракеттерин иликтөөгө чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы мамлекет башчы Барак Обаманын администрациясы былтыркы шайлоо өнөктүгү учурундагы иликтөөлөрүндө ыйгарым укуктарын ашыкча колдонгон-колдонбогонун аныктоо өтүнүчү менен Конгресске кайрылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирүүдө.

Акүйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер Трамп Конгресстин Чалгындоо комитетин 2016-жылы Обаманын администрациясы ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланган-пайдаланбаганын аныктап берүүгө чакырганын билдирди. Ал тергөө иштери аяктаганга чейин бул тема боюнча Трамп дагы, анын администрациясы дагы комментарий бербей тургандыгын белгиледи.

Буга чейин Трамп шайлоо алдында анын телефондук сүйлөшүүлөрү таңшалганын билдирип, ага Обаманын администрациясын айыптаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Демилгечилер интернет тууралуу мыйзамды артка чакыртып алды

Интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоору артка чакыртылып алынды. Бул тууралуу анын авторлорунун бири, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлгандан кийин көптөгөн сын-пикирлер болгон. Ошондуктан, мыйзамдын демилгечилери бүгүн кеңешип, аны ушул мазмунунда артка чакыртып алууну чечишкен:

– Биз мыйзам долбоорун кайрадан талкуулап чыгабыз. Мыйзам долбоорунун максаты коомчулукту жалган, чагымга негизделген маалыматтардан сактоо болчу. Биз бул мыйзамды блогерлер, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен чогуу отуруп, кайрадан талкуулап чыгып, жаңы форматта жана мазмунда кайра жазып чыгабыз.

Парламент интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоорун 3-мартта коомдук талкууга койгон. Социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында ал өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөөгө жол ачат деген пикирлер айтылган.

Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору боюнча, бир күн аралыгында баракчасына миңден ашык адам кирген интернет колдонуучулардын баары “блогер” деп аталат. Алар маалыматтарды эркин алуу жана жарыялоого укуктуу, ошол эле кезде өз аты-жөнүн, электрондук дарегин жазууга милдеттүү болмок. Мындан тышкары алар атайын мамлекеттик тизмеге киргизилип, зарыл деген маалыматтарды берүүгө милдеттендирилмек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: «Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер»

 

— Кеп Текебаевдин кармалгандыгы же кармалбагандыгы жөнүндө эмес. Айтайын дегеним, ошол ыкма жөнүндө кетип бара жатат. Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер. Ал Жогорку кеңештин мурунку төрагасы жана бир канча жолку чакырылыштын депутаты. Башында азыркы бийликтегилер менен чогуу жүргөн менен соңку кездерде оппозициялык топтун төрагасы катарында дагы караш керек. Намысыңа келесиң да, эмнеге башка мамлекеттин жараны, биздин бир очойгон партиянын төрагасын, ушундай деп, койду деген сөздүн аркасы менен чоң операция жасагандай болуп, анан ошол самолеттон колуна кишен салышкан, жөн эле кечирип коюңуз, биздин силерге суроолорубуз бар эле, келип кетесизби, десе бара турган эле нерсе да. Текебаев башка жака качып кете турган киши эмес. Андан да баш кесер, жанкечтини кармагандай кылып, сыпаттап жаткандыгы, бул уят иш. Бул жеке Текебаевдин намысына шек келтирүү эмес, бул бүтүндөй кыргыз журтчулугуна, кыргыз саясатына тийгизген абдан чоң сокку. Эгерде кайсы бил маселелер боюнча кармаган болсо, үй камагына деп коюп, Бишкектен сыртка чыкпоо жөнүндө кол койдуруп алып, тергөөнү жүргүзө бер, эч ким сага тоскоолдук кылбайт. Анан ошол күнөөлөр далилденген соң элдин алдына келип, ийне-жибине чейин айтып, андан кийин чара колдонсоң эл деле толкубайт. Бул иштер, баягы кемчонтойлук. Мыйзамдуулукка карасанатайлыкты күч алдыруу. Эгер чындык үчүн күрөш боло турган болсо, баары мыйзамдын чегинде жүрүшү керек. Дем алыш, майрам күндөрүнө карабастан ушундай далбастаганы, бул абдан алсыздыгын билдирет. Азыркы УКМК мамлекеттин коопсуздугу үчүн эмес, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын коргоп жаткандыгы көрүнүп калды да. Себеби, ал жерге таптакыр кызматты түшүнбөгөндөрдүн келип калгандыгынын кесепетинен десек болот. Маевский ушундай көрсөтмө берди дейт. Ал эмне жети жыл талкан салып жаттыбы же комага түшүп бүгүн ойгондубу? Бул маселени 2010-жылы эле көтөргөнбүз деп жатат. А эгер 2010-жылы көтөргөн болсо, ошондо неге чара көрүлгөн жок. «Мегакомдун» тегерегиндеги чыр да ошондон бери уланып келе жатат. Эмне үчүн ошондо эле чекит коюлган жок? Ошондуктан, ойлонулбаган, жакшы эмес аракеттер бүдөмүк ойлорду жаратат. Мен муну ким болсо ошол болсун, айтар элем. Эч кимдин башына андайды салбасын.  Кыргызстанда белгилүү жарандарды, белгилүү эмес болсо дагы кыргыздын жаранын биринчи кезекте укугун коргоого аракет жасалышы керек. Айрым учурларда туура эмес пикирлер кетип калып жатат. Эми аны ар-бир кишинин өз абийирине коёлу.

Булак: “Жаңы Ордо”

Атасынын коргоочусу катары Ай-Данэк Текебаева оозго алынууда

Биринчи очогунда бакыт болсо, үлгүлүү үй-бүлөнү жарата алсаң, андан соң коомдук иштерге, саясатка аралашканың маанилүү боло турганы анык. Ошондо гана ийгиликгүү баскычтарга, бийиктикке көтөрүлөсүң. Митингдерден күбө болдук. Камактагы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл айым абдан күйүмдүү жар экенине көзүбүз жетти. Ал эми Өмүкенин тун кызы Ай-Данэктин билдирүүлөрү, интервьюлары интернет айдыңында эң көп окулуп атканына баа бердик. Көпчүлүк катмар Ай-Данэктин орундуу сөздөрүнө, кайратына ыраазы болушууда. Бул кыз атасынын эң башкы коргоочусу экен! Мына ушундай көрүнүштөн соң, аны миңдеген интер­нет сүйүүчүлөрү колдошуп, жылуу маанайдагы каалоолорун жазышууда. Мындай зээндүү кызы турганда Өмүрбек Текебаев түрмөдө убактылуу жатса дагы бактылуу болсо керек…

Булак: “Азия ньюс”

Москва тажик жаранына компенсация төлөп берүүдөн баш тартууда

Адам укуктары боюнча Европа соту 2016-жылы 26-октябрда Тажикстан жарандары Туйчи Журев менен Екатерина Шалкованын Орусияга кирүүсүнө тыюу салгандыгы үчүн Москваны беш миң евродон компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Москва соттун чечими адилеттүү болбой калганын билдирүүдө. Орусиялык юристтер Тажикстандын аталган жарандарынын кирүүсүнө тыюу салууга бардык негиздер болгонун жана улуттук коопсуздук эске алынганын белгилешүүдө. Адам укуктары боюнча Европа сотунун Туйчи Жураев менен Екатерина Шалковага компенсация төлөп берүү чечимин жараксыз деп табуу боюнча берилген доо арыз бүгүн, 6-мартта каралат.

Туйчи Жураев 1095-жылы Орусиядан Тажикстанга келген. Пермдин райондук соту 1998-жылы аны сегиз жылга түрмөгө кескен. Бирок 2011-жылы айыптоочу өкүм жокко чыгарылган.

Туйчу Жураев Орусияда убактылуу жашоого жана иштөөгө уруксат алган. Мындан тышкары ал “Орусиядагы тажик биримдигинин” аймактык бөлүмүнүн төрагасы болгон. Бирок айыптоочу өкүм жокко чыгарылгандан эки жыл өткөн соң анын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган. 2013-жылы Тажикстанга барып кайра кайтарда аны чек арадан өткөрүшкөн эмес.

Адам укуктары боюнча Европа соту Жураев жана анын аялына карата конвенциянын адам укуктары жана негизги эркиндиктери боюнча 8-беренеси – жеке жана үй-бүлөлүк жашоону урматтоо укугу бузулганын билдирген. Анын иши Старсбургда каралып, 2015-жылы январда Жураевдин Орусияда убактылуу жашоосуна уруксат берилген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өмүрбек Абдрахманов, мурунку депутат: «Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес»

 

— Өмүрбек байке, саламатсызбы. Текебаевдин камалышы тууралуу сиздин ойду уксак, сиз айтып жүргөн маселе менен камалбадыбы?

— Мен мурун айтсам Атамбаев да, Прокуратура да (Салянова) көңүл бөлбөй койгон. Анда эки дракон «дос» эле. Эми экөө согуша кеткенден кийин орустарды таап Текебаевди камакка алышты. Эгерде ошол маалда Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес.

— Сиз бир миллион долларды орустар алып келгенин, Текебаев алганын көргөнсүзбү?

— Мен көргөн эмесмин, орустар менен жолугушуусуна катышкам. Андан кийин Чотонов 1 миллион доллар алып, партиянын ишине жумшаганын айткан.

— Маевский менен сиз да жолуккансызбы?

— Текебаевдин кабинетинде жолукканбыз. Мен “Мегаком” боюнча комиссиянын башчысы элем. Ошон үчүн мени да Текебаев чакырган.

— Маевскийдин билдирүүсүндө сиздин атыңыз аталбаптыр го?

— Ал менин фамилиямды эстеп жүрүптүрбү же мага акча бербесе…

— Сизди «Ата-Мекенчилер» коркутуп жатабы? Коркутуп жатат деген маалымат чыгып кетпедиби?

— Жок. 5-каналга интервью бербей койсом ошентип жазышыптыр.

— Текебаев сизди ушул маселе боюнча сотко берип, утуп алган болчу. Эми сиз аны сотко бересизби?

— Көрөбүз аны.

— Демократ саясатчы, эл өкүлү болгон кишисиз. Текебаевди аэропорттон күч колдонуп кармап кеткени мыйзамдуу болдубу?

— Кармай турган болгондон кийин каяктан кармаганы маанилүү эмес. Түлеевди үйүнөн алып кеткенде бала-бакырасы боздоду деп жазгансыңар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Чүйдөн президенттик шайлоого жети талапкер аттанууда

Кең Сары Өзөн Чүй далай келгиндерди батырып, аныгында, баарына бакыт тартуулаган керемет жер болду. Ыйык өрөөндүн уучу куру эмес экен. Күздөгү шайлоодо Чүйдөн чыккан бир та­лапкер эл башкарып кала турганы Теңирден аян берип атканы угулууда… Эмесе, тикелей эле аламанга аттангандарды санайлы. Булар хан тактыга жетүүгө ниеттенип, бел байлап турган тыңчыкмалар: Мыктыбек Абдылдаев, Туйгунаалы Абдраимов, Темир Сариев, Камила Шаршекеева, Элмира Ибраимова, Канат Исаев жана дагы бир талапкер бар. Ошондо жетөө чыгып атат. Кыргызда «Жетинин бири кыдыр» дейт. Мына ушул инсандардын таймашында кимиси президент боло турганы азырынча табышмак. Албетте, арасында «соодалашып» кете тургандары да болсо, а аягында жеңишти багындыра турган бирөөсү чыгышы мүмкүн. Биз бул маанайда дагы сырдуу карталарды ачмакчыбыз…

Булак: “Азия ньюс”

Украина менен Орусия Гаагада соттошууда

Бүгүн  Гаага сотунда Украинанын Орусияга каршы январдын ортосунда жолдогон доо арызы боюнча угуулар өтөт. Киев соттон Москваны Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөтүүсүн токтотууга милдеттендирүүнү өтүнүүдө. Бул иш боюнча Гаага сотундагы териштирүүлөр бир канча жылга чейин созулушу мүмкүн.

Гаага сотунун чечими акыркы болгонуна карабастан аны аткарууну камсыздоо механизмдери жок. Киев Орусияны Украинанын чыгышындагы жана Крымдагы бир катар топторду колдоо аркылуу БУУнун терроризмди каржылоого каршы аракеттерди көрүү конвенциясын бузууда деп айыптоодо.

Москва Крымды 2014-жылы аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп келет. Куралдуу кагылышуулар башталган 2014-жылдын мартынан бери 9 750дөн ашык киши курман болгон.

Кремль Украинанын чыгышына аскерлерин жана согуштук техникаларын жөнөткөндүгү тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Москванын Украинадагы окуяларга кийлигишкендиги үчүн ага карата Кошмо Штаттар жана башка батыш өлкөлөрү экономикалык санкцияларды киргизген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню