Menu

САЯСАТ

Айнура Токтошева жакында “бомба” жарат

 

Саясаттагы лөктөрдүн бомба жармай тамашасы, мамлекеттик кызматкерлерге жугуптур. Тагырагы кызматкерлер “бомбаны”, башына күн түшкөндө кырдаалдан чыгуунун бир жолу катары коркутканга пайдаланып келишет эмеспи. Алардын «бомба» жармай билдирүүлөрүнө эч ким деле маани бербей калды. Бирок чиновниктер эмес, бийликтин бир бутагы болгон кызматтын адамы «бомба» жарам десе абдан кызык жаратат экен. Дегенибиз, бир кезде СДПК партиясынын пресс катчысы, медиа тобунун жетекчиси болуп, кийин Жогорку Соттун пресс-кызматын жетектеп келе жаткан мыкты кыз Айнура Токтошова «бомба» жарууга камданып жатканын интернетте Фейсбук баракчасына билдирди. Оңдобой беребиз:

Мамлекеттик кызматта болгонум үчүн гана айрым нерселерди убагында айталбай атам да. Болбособу, бир «бомба» бар эле жарылмак да… Мамкызматтан кеткенде күндөлүгүмдү жарыялайм. Ошондо силер тааныган көп адамдын жүзү ачылат…

Бул кыз оңой менен жарыла калчулардан эмес эле. Убагында Фарид Ниязов куугунтуктап, кызматсыз калтырганда да жарылган эмес. Демек, чын эле кимдир бирөөнүн ыплас ыкмалары жан дүйнөсүн жанчып, тынчтык бербей жаткан экен. Бул Токтошевада бир топ материал болушу мүмкүн, кантсе да медиа тармакты тейлебеди беле. Жинине ким тийсе да абайлагыла. Жарылчу бомбаны “тарс” эткизип эрте жарып салыңыз, Айнура Токтошева!

Булак: “Ачык саясат”

 

 

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Маалыматтык тейлөө адистештирилген борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Салмоорбек Абдразаковго сөгүш жарыяланды

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен, коюлган милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Маалыматтык тейлөө адистештирилген бобору» мамлекеттик ишканасынын директору Салмоорбек Абдразаковго катуу сөгүш жарыяланды

Сооронбай Жээнбеков Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта, Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуранын өлкөдө дипломатиялык миссиясы башталгандыгына байланыштуу жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчысы быйыл Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык мамилесинин түзүлгөндүгүнө  25 жыл болгондугун белгиледи.

«Биз Япония Өкмөтүнө жана жалпы элине эки тараптуу дипломатиялык мамиле түптөлгөндөн баштап көрсөтүп келаткан колдоолоруна ыраазычылык билдиребиз жана аны жогору баалайбыз. Азыркы тапта Кыргызстан менен Япониянын ортосунда транспорт жана коммуникация, айыл чарба, билим берүү тармактарында бир катар долбоорлор иш алып барууда. Аны менен катар Кыргызстанда иштеп жаткан долбоорлор сапаты жана натыйдалуулугу менен айырмаланып турат. Япон элинин мүнөзүндө эмгекти сүйүү, талап кыла билүү, чынчылдык жана көздөгөн максатына жетүү аракети бар экендигин өзгөчө белгилеп кетүү керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Кыргызстан үчүн Япониядан парламенттик өлкө катары тажрыйба алууга болорун билдирди. Кыргызстандын бийлиги демократиялык жактан өнүккөн өлкөлөр менен алаканы бекемдөөгө, өзгөчө Япониниянын парламенттик демократия жолундагы түптөлүшүнө өзгөчө маани берерин кошумчалады.

Аны менен катар Өкмөт башчы инфраструктаруга, айыл чарбасына, кадрларды даярдоого багытталган Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) жардамдарынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал бул багытта көптөгөн жетишкендиктер бар экенин, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоодогу гранттык программанын (JDS) натыйжалуулугун да кошумчалады. 2007-жылдан бери жыл сайын Япониянын ЖОЖ Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери билим алышат.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура Кыргызстанда жана бүтүндөй Борбор Азия менен кызматташуу Япония үчүн маанилүү экенин билдирди.

«Бул региондо туруктуулук чоң мааниге ээ, ошондуктан биз  эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө кызыкдарбыз. Япония Кыргызстанды демократиялык баалуулуктарды жогорку койгон өлкө катары билет. Андыктан биз ар тараптуу кызматташууну колдойбуз», – деди Элчи.

Өкмөт башчы Япониянын Кыргызстандагы элчисин кызматына киришүүсү менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыгы натыйжалуу болоруна жана  келечектеги алакаларга жаңы дем берерине ишеним артарын билдирди.

 

Вице-премьер Сагымбай Орозбаковдун фамилиясын билбей...

Өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекова деңгээли анчейин эмес экенин, өз ишин жөндөп аткара албасын убакыт өткөн сайын өзү кашкайта далилдеп жатат. Мына Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияга барып, залкар манасчынын фамилиясын билбей, окутуучу мугалим, студенттерге «шерменде» болду. Оң, сол тарабында бакыйып жазылып турган Сагымбай Орозбаковдун фамилиясына көңүл бурганга да чамасы жетпептир.

Улам-улам Орозбеков деп он жолу кайталаганын, ЖОЖдун студенттери оңдоп Орозбаков деп айтып жатышканын мугалимдер өкүнүү менен кеп кылышты. Ал түгүл виценин кейпи бул болсо жыргаптырбыз деп баш чайкаганга аргасыз болушту. Буга дейре Чолпон айымдын кылыгын жакшы билгендер Султанбекованын көзүнө акча эле көрүнөт, башка максаты жок дегенди айтышкан. Чын эле окшойт. Ушундай деңгээли мамлекетик жогорку кызматка жооп бербеген, Кудайдан жөө качкандар качанкыга дейре эркелей берет… Колунан келбеген ишке тырмышпай, үйүндө камырын жууруп тынч отурса болмок…

Булак: “Фабула”

Сегизбаев эшегин тааныбаса да жүгөнүн тааныйт

 

УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевде текеберлик мүнөз бар экен. Ал Өмүрбек Текебаевге коюлуп жаткан күнөөгө жооп берүү үчүн парламентке чакырылган. Ар бир сөзүндө, “тиги депутат, депутат айым, депутат мырза” дегени эл өкүлдөрүн катуу чычалатты. Ал тургай дарегине ушундай сөз уккан депутаттардын бири ортодогу чоң микрафонго жулунуп чыгып, “менин атым Исхак, фамилиям Масалиев, 120 депутаттын башкасын тааныбасаң дагы мени таанып жүргүн” деди. Мунусу эшегинин жүгөнүн уурдатып жиберген Апендинин жоругундай эле бар.

Апенди, бир кездери жоголуп кеткен эшегинин жүгөнүн кадырлуу эле айыл аксакалы өз эшегине салып жүргөнүн таанып калат. Анан ал аксакал менен жылуу-жумшак учурашкан соң, баягы жүгөндүн чылбырын кармап алып, “Бул менин эшегим экен десем, башы окшошпойт. Бирок, мобу жүгөнү куду эле ошонуку…” деген тура.

Булак: “Ачык саясат”

Сабиров парламентте тамаша кылды

 

ЖК депутаты Максат Сабиров, ГРСтин мурдагы башчысы эркиндикте жүргөнүнө кызыкты. Өз пикирин депутат, “Текебаев 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Ал эми Скрябин көчөсүндөгү жер тилке 3 миллион доллар турат” – деп түшүндүрдү. Туура түшүнсөк, Тайырбек Сарпашевге эл өкүлү берген кинеде, Өмүрбек Текебаев алган парадан 2 эсе көп каражат көрсөтүлүп жатат. Ушул сөздөрү менен Парламенттеги даана тамашаны Максат мырза кылды бейм. Тиги Апенди ууруну көрүстөндөн күткөн сыяктуу.

Анда Апенди жалгыз чапанын уурдатып жиберип, көп күндөй көрүстөндү айланчыктап жүрүп калат. Муну байкаган айылдаштары кызыгышканда, “Ууру канчалык менден качпасын, ал акыры өлөт. Ошондо баары бир аны ушул жерге көмгөнү алып келесиңер да…” деген экен.

Болбосо Максат ава, аталган эки иштин айырмасы асман менен жердей экенин чынында эле айырмалай алган эмеспи? Анда калыстык үчүн аракет кылып көрөлү. Мына Сарпашевке пара “алды” же “алыптыр” деген күнөө коюлуп жаткан жок. Ага азырынча камактагы жерди камактан чыгарып, башка адамдын наамына каттоо боюнча, Бишкек ГРСине буйрук бергени үчүн кылмыш иш козголгон. Балким Сарпашевди деле убактылуу абакта калтырса туура болмок. Бирок ал СДПК партиясынын кол тийгис адамдарынын бири да. Андыктан кийинки келчү бийлик башка таза партиядан келүүсүн күтөлү.

Булак: “Ачык саясат”

Илмиянов спикерликти көздөп жатыптыр

Атамбаевдин даты бир карачечекейи Икрам Илмиянов депутаттык креслону көздөп жатат. Анын Атамбаев экөөнүн ортосунда бир аз пикир келишпестиктери болгонун жакшы билебиз. Бирок ортодо ар кандай оюндар менен шефинин тилин тапкан. Эми алдыдагы тизме боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп келээри күтүлүүдө, ал гана эмес Чыныбай Турсунбековдун ордуна спикерликти көздөп жаткан экен кайран эргул. Эгер андай болсо, элдин маанайы кандай болоор экен ыя? Деги тынччылык эле болсо экен…

Булак: “Ачык саясат”

Атамбаевдин айланасындагы топтор чабышууда

Атамбаевдин командасы тымызын үч топко бөлүнүп алышып, бири-бирин аңдып турушат эмеспи. Айтсак, Абдил Сегизбаевдин өзүнчө командасы бар, ал эми Икрам Илмияновдун командасы өзүнчө, Эркин Мамбеталиевдики өзүнчө. Мына ушул аталган үч топтун ортосунда учурда катуу тиреш жүрүп жатканы белгилүү. Анын кесепетинен Фарид Ниязов президенттин аппарат башчылыгынан кетти. Ордуна Сапар Исаков келди. Мунун себеби, мындан бир нече күн мурда Атамбаев Бельгияга кеткенде Икрам Илмияновдун аралашмасы менен ИИМ министри Улан Исраиловго буйрук болуп, анын негизинде Эркин Мамбеталиев Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан кармалып, кайра коё берилген. Бул кечиримсиз иш эле. Мындай кабар Атамбаевдин ачуусун келтиргени турган иш эмеспи. Сыягы, бул иште Фарид Ниязовдун да тиешеси бар болсо керек. Ошол себептүү кызматын өткөрүп берүүгө мажбур болду дешет. Кандай болсо да, аягы тынчтык менен эле бүтсө болду. Бакиевдин айланасы да Максим менен Жаныштын командаларынын тиреши менен интригага катуу кирип кетишкен. Арты жакшылык менен бүткөн жок…

Булак: “Ачык саясат”

Кабай Карабеков, журналист, саясатчы: “Саясатта менин бригадам жок, жалгыз жүрүү өтө оор”

 

Бүгүнкү болуп жаткан саясий абалга кандай баа бересиз? Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү болушу мүмкүнбү, эгер ал чындап күнөөлүү, болуп күнөөсү далилденсе жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

-Ө.Текебаевге болгон күнөөлөр өтө олуттуу. Биз азыркы күнгө чейин билбейбиз, Апрель  революциясынан кийин эмне болгондугун. А бирок билишибиз керек. Ошондуктан Башкы прокуратура менен УКМК Ө.Текебаевдин күнөөсүн аргумент, фактылар менен далилдеш ке­рек. Муну Ак үйдүн чиновниктери эле эмес, карапайым калк дагы билүүгө тийиш. Текебаев чуусунда бүгүнкү күнү бийликтин эки эле жолу бар, Текебаевдин күнөөсүн далилдөө керек же аны актоо керек.

“Текебаевдин камалышы саясатпка байланыштуу бо­лушу мүмкүнбү?

-Бизде баары саясатка байла­ныштуу. Албетте, Ө.Текебаевдин күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу суроо саясатсыз чечилбейт. Билесиңер да, “Ата Мекендин” лидери Атамбаевге каршы ал жөнүндө көп нерселерди айтып чыкпадыбы. Президентти коррупционер катары күнөөлөдү, анын айланасындагыларга өтө олуттуу күнөөлөрдү койду.

-Бийликке жаштарды алып келиш керек дегенге кандай карайсыз?

-Жаштарды эч ким колунан жетелеп бийликке алып келбейт. Ар ким өз жашоосунда аракет кылыш керек. Жаштардын каалоосу менен саясий элитаны бир заматта өзгөртүп коюу мүмкүн эмес. Биринчиден жаштардын арасынан ким кандай экендигин билүү абзел. Мен азырынча жаштардын арасынан бычакка сап, тың чыкма жаштарды байкай элекмин.

-Президент Алмаз Атам­баев кийинки президент ким болоору белгисиз эке­нин, мураскер операциясы болбостугун айткан эле, Атамбаев ордуна бирөөнү калтырып кетет дегенге ишенсе болобу?

-Билесиңер да, Атамбаев өзүнүн талапкерин чыгараарын кыйыр түрдө билдирбеди беле.

Албетте, мураскер болчу киши Атамбаевдин кишиси болот. Бу­га орус президенти В.Путиндин Бишкекке келиши дагы айкын мисал болду. Атамбаев В.Пу­тиндин келиши менен президенттиктен кетсе дагы, бийликтен кетпестигин дагы бир жолу ырастады.

-Аз күн мурун Ф.Кулов экөөңүздөр “таза шайлоо” деп бир нерсени айттыңыздар, ошол боюнча айтсаңыз?

-Буга чейин болуп жүргөн нер­сени айттык. Президенттик шайлоодо бийлик административдик ресурсту сөзсүз колдонот. Ал боло турган нерсе. Шайлоочулар анын баарын түшүнүшү керек.

Убагында депутат бол­гон элециз, азыр эмне саясатта жоксуз?

Биринчиден менин саясатта бригадам жок. Саясатта жалгыз жүрүү өтө оор. Мен журналистмин, журналисттин иши да өтө чоң саясат. Андыктан мен саясаттан такыр четтедим дегенден алысмын.

Булак: “Фабула

Отчетторду карасак, каражат саламаттык сактоого эч тиешеси жок нерселерге жумшалат экен

Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына – кургак учук сындуу жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү гейлер менен сойкуларды тейлөөгө кетүүдө. Бул тууралуу депутат Анвар Артыков КСДП фракциясында Саламаттык сактоо тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирип, кечээ 3-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин отчетун сурады. Бул тууралуу КР ЖК басма сз кызматы билдирди.

Министр Талантбек Батыралиев ушул сындуу талаш-тартыштардын айынан 2014-жылы Глобалдык фонддун каражатынын туура эмес пайдаланылышы боюнча чатак чыгып, азыр фонддун каражатын бөлүштүрүү милдети Страндык комитетке жүктөлгөнүн белгиледи. «Биз жалпы каражатты көзөмөлдөй албайбыз, бирок бизге ВИЧ/СПИД менен кургак учук дартына каршы күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражаттар боюнча ырааттуу отчет берип турабыз», – деди ал.

Депутат Анвар Артыков өкмөттүк эмес уюмдарга бөлүнүп жаткан каражаттардын пайдалануусу жаатында өз нааразычылыгын айтты. «Отчетторду карасак, каражат саламаттык сактоого эч тиешеси жок нерселерге, тагыраак айтканда, тренинг, семинар, кофе-брейк сындуу болбогон нерселерге жумшалып жатыптыр. Андан тышкары, гейлер менен сойкуларга да коротулат экен, ушу кантип болсун. Кандайдыр бир көзөмөл болуш керек», – дейт эл өкүлү.

 

Меню