Menu

СПОРТ

Кыргыз балбаны Билимбек Алмаматов дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

Кечээ, 17-январда Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиев кыргызстандык спортчу Алмаматов Билимбекти Калифорния штатынын Лос-Анджелес шаарында 2022-жылдын 7-декабрынан 11-декабрына чейин өткөн Джиу-джитсу IBJJF боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы менен куттуктады. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Дүйнө чемпиондугуна дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 5 миңден ашуун мыкты спортчулар катышты. Билимбек Алмаматов экинчи жолу Джиу-джитсу IBJJF боюнча дүйнө чемпионатынын алтын медалын алууга жетишти.
Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.Борбиев дүйнө чемпионун тарыхый сыйлык менен куттуктап, Билимбек чыныгы спорттук мүнөздү көрсөтүп, кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин бүткүл дүйнөгө далилдегенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Б.Алмаматов дүйнөнүн эки жолку чемпиону, ошондой эле спорттун бул түрү боюнча көптөгөн түрдүү мелдештердин жеңүүчүсү.

Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина курамасы Францияны пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп калды.

18-декабрь күнү кечинде “Лусаил” стадионунда өткөн беттештин биринчи жарымында аргентиналыктар талааны толугу менен көзөмөлгө алып, удаа-удаа чабуулдарды жасады. 23-мүнөттө команданын капитаны Лионел Месси оюн эсебин ачып, Аргентина алдыга чыкты. Андан 13 мүнөт өткөндөн кийин беттештин 36-мүнөтүндө Ди Мария гол киргизип, эсеп 2:0гө жетти.

Экинчи таймда француздар оюнду жандуу баштап, жыйынтыгында каршылашынын дарбазасына эки гол киргизе алды. Эки голдун тең автору ПСЖ командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе болду.

Кошумча 15 мүнөттөн берилген эки таймда атаандаштар бири-бирине бирден гол киргизип, эсеп 3:3 менен аяктап, жеңүүчү аныкталбай калды. Командалар күчтөрүн пенальти сериясында сынап, Лионел Скалонинин командасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Эркинбек Тезекбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык таяк тартыш турнири

Быйыл 2022-жылы  3-декабрда Аламүдүн районунун Арашан айылындагы  Газ-Пром-Нефт Азия спорт комплексинде  Эркинбек Тезекбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык таяк тартыш турнири өткөрүлөт. Россиядан ардактуу мейман катары Эл аралык мас-рестлинг Таяк тартыш Федерациясынын биринчи вице-президенти, Якутиянын экс-спорт министри Иннокентий Иванович Григорьев турнирге катышмакчы. Мелдеште Кыргызстан, Өзбекстан жана Россиядан тандалган спортчулар күч сынашат. Спорт күйөрмандары, каалоочулар үчүн эшик ачык. Эл аралык турнир 3-декабрда саат 10:00дө башталат. 

Мас-рестлинг (якут. mas tardyhyy, таяк тартыш) — Якутиянын улуттук таяк тартыш оюнунан түзүлгөн улуттук спорт түрү. «Мас» якут тилинен которгондо «жыгач таяк», « рестлинг » – англис тилинен «күрөш» дегенди билдирет. Таяк тартыш оюнун Айкөл Манас баатырдын 40 чоросу дагы мелдешип, ойногону тууралуу “Манас” дастанында айтылат. Ошондуктан бул улуттук спорт түрүн байыркы көчмөндөрдүн оюну деп айтууга негиз бар.

Мас-рестлинг – спортчудан универсалдуу физикалык даярдыкты, күч-кубатты талап кылынган уникалдуу спорт түрү. Таяк тартышта (мас-рестлинг) спортчулар бири-бирине карама-каршы отурушат да буттарын аянттын ортоңку сызыгын бойлой жайгашкан тактайды тээп, атаандашууга даяр турушат. Эки колу менен ортодогу калыс сунган таякчаны кармайт, ал таяк ортодогу тактайдын үстүндө параллелдүү болушу керек. Калыстын ышкырыгы же “белем” деген буйругу менен даярданып, “че” деген буйругу менен атаандаштар таякты өзүн көздөй тарта башташат. Эгерде спортчу атаандашын өзү тарапка  ашыра тартып кетсе жана таяк анын колунда калса, жеңиш  ыйгарылат.

Биринчи расмий эрежелер 1945-жылы иштелип чыккан, андан кийин 1960, 1975, 1988, 1998-жылдары кайра каралып, өркүндөтүлгөн.

Спорттун бул түрү боюнча жыл сайын эл аралык турнирлер, чемпионаттар өткөрүлүп турат. Мас-рестлинг Кыргызстанга 2011-жылы гана келип, Таяк тартыш федерациясы 2013-жылы негизделген. Рекорддук кыска убакытта кыргызстандык спортчулар эл аралык рейтингде алдыңкы сапка чыгышына эркин күрөш жана самбо боюнча СССР спорт чебери, коомдук ишмер, маркум Эркинбек Асанбекович Тезекбаевдин салымы зор болгон.

Биздин ийгиликтер, жеңиштер  генетика менен байланыштуу, бабабыз Манас баатыр, 40 чоросу дагы ойногон,- деп айтып калаар эле Эркинбек агай.  Анткени, эзелтеден көчмөндөр ушундай  күч-сынашууларды, мелдештерди уюштуруп келишкен. Болгону алар оюнду Камчы тартыш, Кетмен тартыш жана башкача атап алышкан. Чынында эле Таяк тартыш биздин каныбызда бар. Анткени, бул менен  илгертен эле биздин бабаларыбыз, чоң аталарыбыз да алектенишкен. Алар ызы-чуулуу салгылашуудан, жортуулдардан кийин бул оюн менен көңүл ачууну жактырышкан. Таяктын ордуна камчаны колдонушуп, тартып, күч сынашкан. Айрым учурда жаштар  Терини да тартып ойношкон, -деп айтчу Кыргызстандын таяк тартыш федерациясынын вице-президенти, эл аралык калыс, маркум агабыз Эркинбек Тезекбаев .

Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна зор салым кошкон коомдук ишмер,  эркин күрөш жана самбо боюнча СССР спорт чебери, Россиянын жана Кыргызстандын Дене тарбия жана спортунун отличниги Тезекбаев Эркинбек Асанбекович 1963-жылы 3-апрелде Нарын облусунун, Жумгал районуна караштуу, Таш-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген.

1970-жылы башталгыч билимди Кызарт айылындагы, Жаңы -Арык орто мектебинен алып, андан соң Миң- Куш шаарчасындагы Александр Сергеевич Пушкин атындагы мектепте 5-класска чейин окуп, Фрунзе шаарындагы Надежда Крупская атындагы балдардын спорт жатак мектебине которулуп, эркин күрөш жана самбо боюнча шаардык жана Республикалык мелдештердин бир нече жолку жеңичүүсү болгон.

1981-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетинин күндүзгү бөлүмүнө өтүп, жогорку окуу жайды бүтөөрү менен “Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин башкы бухгалтеринин орун басары болгон. 1988-жылы өз каалоосу менен Россия Федерациясынын Удмуртия АССРинде офицердик курам менен бирге, Советтик Армиянын катарында эки жылдык кызматын өтөп, улук лейтенант болуп келет.

Ал өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик мекеме, уюмдардын жоопту кызматтарында иштеди.

Кыргыз Республикасынын чийки зат-товарлары биржасында; Кыргыз зооветснаб башкармалыгында; Кыргыз Мамлекеттик резервдер фондусунда; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык инспекциясында; Кыргыз Республикасынын финансы полициясында үзүрлүү эмгектенди. Жогоруда атап өткөн тармактардын өнүгүшүнө салымын кошкондугу үчүн “Ардак Грамоталары”, Кыргыз милициясынын 80 жылдык юбилейлик медалы, “Адилет” төш белгиси менен сыйланган.

2007-жылдан баштап, “Газпром-нефт АЗИЯ” ачык акционердик коомунун АЗС бөлүмдөрүнүн жетекчилик кызматтарында иштеген.

Ал негизги ишинен бөлөк дагы, улуттук ат оюндарына кызыгып, асыл тукум күлүктөрдү таптап, Жумгал районунун атынан Республикалык деңгээлдеги аламан байгелерге чыгарып, ат жарыштарда күлүктөрү байгелүү орундарды ээлеп жүрдү.

Өзү туулуп өскөн Жумгал районунун Таш-Дөбө айлындагы  “Катаган жаштары” уюму менен бирдикте, социалдык объектилердин курулушуна колдон келген материалдык жардамдарын берип, 9-Майга карата Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлерине, Мекенине кайтпай калган белгисиз жоокерлерге арналып курулуп жаткан эстеликтин баардык уюштуруу иштерине катышып, кеп-кеңештерин айтып, демилгелүү жаштардын жеңилин жерден,оорун колдоп алып турган. Ал үй бүлөөнүн мыкты кожоюуну, 3 кыз, бир уулдун үлгүлүү атасы боло алды.

Эркинбек Тезекбаев тектүү жердин урпагы эле. Атасы маркум Асанбек Тезекбаев белгилүү жазуучу, сатирик, белдүү педагог, өмүрүнүн акырына чейин Жумгал районунун мектептеринде директор болуп иштеген. Апасы Шааркан Кенжегулова “Октябрь Революциясы”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендеринин ээси, “Эл агартуунун отличниги”, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңиген мугалими, Баатыр Эне. Элдик уул аталган Эркинбек  сегиз бир туугандын бешинчиси, жалкы эмес, эгиздин түгөйү эле. Эгизи Тезекбаева Элмира Асанбековна учурда КТРКнын белдүү теле- журналисттеринин бири, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер .

Өзгөчө баса белгилеп айтып кете турган нерсе, Эркинбек Асанбекович  Дүйнөнүн элүүдөн ашык мамлекети катышкан, Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын эл аралык калысы, Кыргыз Республикасынын мас-рестлинг  федерациясынын Вице-президенти болуп, бул спорттун өсүп өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Бүткүл Дүйнөлүк  2-3-Көчмөндөр оюндарында жогоруда айтып өткөндөй мас-рестлинг, кыргызча улуттук таяк-тартыш оюунунун өнүгүшүнө, эл аралык деңгээлдеги иш чаралардын өтүшүнө, Кыргызстандын атынан мыкты спортчуларды  иликтеп издеп таап, табына келтирип даярдап, эл аралык деңгээлдеги чемпиондордун чыгышына зор салымын кошуп келген. Ал “Россия Федерациясынын спортунун отличниги”, “КР  Дене тарбия жана спортунун отличниги” ардак наамдардын ээси болгон . Манас атабыздын доорунан бери келе жаткан таяк-тартыш улуттук оюуну, кылымдардын, доорлордун алмашуусу менен унутта калгандыгы чындык. Бирок эгемендүүлүктүн , Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын шарапаты менен кайра жаралуусуна Эркинбек агабызга окшогон демилгечилердин деми менен жанданып, дүйнөлүк деңгээлде өз ордун тапты десек болот. Жалпыга  маалымдоо каражаттары аркылуу Эркинбек Асанбекович  КТРКнын “Спорт” каналы баш болгон радио уктуруу жана теле көрсөтүүлөрдө таяк-тартыштын орду, тарбиялык маанидеги ролу, бул спорттун келечеги туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, түз эфирлерде мелдештерди баяндап мыкты комментатор, баяндамачы да боло алды. 2022-жылы Түркияда боло турган 4-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын Федерациясы менен бирдикте кызуу даярдык иштерин көрүп, уюштуруу комитетинин кеңешчиси жана эл аралык калыс катары бармак. Тилекке каршы, баарыбызды кайгыга батырып, 2020-жылдын 6-июлунда каргашалуу кара тумоо аны биздин арабыздан алып кете берди.

Азия мас-рестлинг Федерациясынын биринчи вице- президенти, Кыргызстандын мас-рестлинг Таяк тартыш Федерациясынын президенти Искендер Алымбековдун демилгеси менен улуу устатыбыздын, насаатчыбыздын жаркын элесине арнап, эл аралык турнир эки жылдан бери жогорку деңгээлде өткөрүп жүрөт.

Таяк тартыш спортунун кыскача тарыхы

Таяк тартыш деңиз жээгинде жашаган калктын жалпы кызыкчылыгы болгон, ошондуктан мас-рестлингдин түрлөрүн Аляскада жана Түндүк Европадан табууга болот. Оюн өзгөчө бул аймактарда 19-кылымда кеңири тараган.

Эске салсак, Азия континентинде мас-рестлинг боюнча иш-чараларды, мелдештерди өткөрүү Эл аралык Мас-рестлинг федерациясы түзүлгөнгө чейин эле башталган. Ошентип, 1996-жылы Токиодо (Жапония) сумо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында биринчи жолу мас-рестлингдин көрсөтмөлүү бет ачары болгон. 2000-жылдан тарта мас-рестлинг “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарынын программасына киргизилген. 2011-жылы Пуна шаарында (Индия) биринчи жолу Азия континенттинин жети өлкөсүнүн спортчуларынын катышуусунда мас-рестлинг боюнча Азия чемпионаты өткөн.

2010-жылы Эл аралык Мас-рестлинг федерациясынын түзүлүшү менен уюштуруу иштери жогорку деңгээлде башталып, бул спорт түрү кеңири жайылып, таасири арта баштаган. 2016-жылы Чолпон-Ата шаарында (Кыргызстан) дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн 191 спортчунун катышуусунда мас-рестлинг боюнча II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алгагында  дүйнө чемпионаты өткөн. Мас-рестлинг боюнча дүйнө Кубогунун этаптары Чолпон-Ата (Кыргызстан), Алмалык жана Хива (Өзбекстан) шаарларында өткөн.

Азиянын Мас-рестлинг федерациясынын иш-аракеттери менен бул спорттун кайра жаралышынын актуалдуулугу айдан ачык байкалууда. Кээ бир федерациялардын активдүүлүгүн, кээ бирлеринин пассивдүүлүгү байкалып, алардын аракеттери Азия чемпионаттарында таразаланып калууда. Якутск шаарында өткөн Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатынын жүрүшүндө жалпы жыйын болуп, анда Азия федерацияларынын жетекчилери өздөрүнүн сунуштарын айтып, Азия Мас-рестлинг федерациясынын ишмердүүлүгүнө жакшы көз караштарын билдиришип, жогору баа беришкен.

Азия дүйнөнүн бардык башка бөлүктөрүнөн калкынын жалпы санынан кыйла ашып, биздин планетанын калкынын 60 пайызга жакынын түзөт. Бир нече жылдан бери Азиянын он төрт өлкөсү дүйнөнүн мас-рестчилеринин үй-бүлөсүнүн иш-чараларына, мелдештерине ырааттуу түрдө катышып келет: Кыргыз Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы, Афганистан, Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Монголия Эл Республикасы, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Филиппиндер Республикасы,  Түштүк Корея. Алдыда жаңы аймактарда бул спортту жайылтуу, федерацияларынын иш-аракеттерин жандандыруу боюнча бир топ олуттуу иштер турат.

Таяк тартыш өнөрүнүн бул түрүнүн азыркы аталышын саха элинен чыккан эркин күрөш боюнча биринчи Олимпиада чемпиону Роман Михайлович Дмитриев сунуштаган. Анын жеңил колу, демилгеси менен жаңы аталыш менен якутиялык мас-рестлинг дүйнө жүзүнө кеңири таралып, кулачын жайып, таасири артып баратат.

“Таяк-тартыш” (мас-рестлинг) “Манас” эпосунда даана сүрөттөлгөн байыркы оюну жана бүгүнкү күндө ата-бабаларыбыздын салтын улантуу биз үчүн сыймык жана кубандырат”, – дейт Азия Мас-рестлинг федерациясынын биринчи вице-президенти, Кыргызстандын мас-рестлинг федерациясынын президенти, коомдук ишмер Искендер Алымбеков мырза.

– Таяк тартыш- достуктун, спорттун, биримдиктин майрамы. Бул мелдештердин кыргыздардын өз аты бар, бул таяк-тартыш, якуттарда “мастардыкы” бар, бул байыркы оюн. Биз бир тууган элдербиз жана бул достук салттарын улантып жаткандыгыбыз абдан кубандырат. Демек, биздин эпостордо, тактап айтканда, кыргыздарда – “Манаста”, якуттарда – “Каланхо” эпосунда бул түр баатырлардын күч сынашы, мелдеши катары сүрөттөлөт. Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасында мас-рестлинг кошулганы менен бул спортко кызыгуу күч алып, эл аралык аренада таанылууга негиз болду.

– Бүгүнкү күндө Эл аралык  Мас-рестлинг федерациясына 55 мамлекет мүчө болуп кирсе, дүйнөнүн беш континентинен дагы бир нече мамлекет арыз берди. Бул оюнду кайра жаратуу жана андан ары өнүктүрүү  боюнча системалуу жана ырааттуу иштердин аркасында белгилуу натыйжаларга жетишилди. Мас-рестлинг башка спорт түрлөрү менен бирдей олимпиадалык масштабга чыгышы үчүн колдон келгендин баарын жасоого ниеттенип, аракет кылуу зарыл, -дейт  Искендер Алымбеков.

Эске салсак, 2-июлдан 5-июлга чейин Кыргызстанда биринчи жолу Ысык-Көлдүн жээгинде Мас-рестлинг (таяк тартыш) боюнча дүйнө кубогунун биринчи этабы өткөн. Мелдешке 10 өлкөдөн – Орусия, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия, Казакстан, Польша, Монголия, Армения, АКШ жана Өзбекстандан 98 спортчу катышкан.

 Таяк тартыш боюнча Азия федерациясы

Жакында эле 2022-жылдын 5-ноябрда бир добуштан Азия Мас-рестлинг федерациясынын президенти болуп Ильгам Кадыров шайланды. Ал эми Фарход Маткаримов башкы катчылыкка дайындалды. Кыргыз Республикасынын Мас-рестлинг федерациясынын президенти Искендер Алымбеков биринчи вице-президент, вице-президенттер Наваб Фуркан Хан (Пакистан), Омармухтар Тамболи (Индия) жана Эрдэнэваанчиг Батбаатар (Монголия) кеңири аймактардын өкүлдөрү болуп калышты. Азия континентинде таяк тартыш абдан таасирдүү спорт түрүнө айланып, кызыккандардын катары арбып баратат.

Пакистандык Наваб Фуркан Хан мырза келерки жылы Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи этабын Пакистанда, экинчисин Монголияда өткөрүүнү сунуштады. Ал эми финалдык таймашуулар Орусиянын Казань шаарында өткөрүү пландалууда. Негизги иш-чаралардан тышкары, ар кандай жергиликтүү иш-чаралар, мелдештер пландаштырылууда: матч жолугушуулары, ар кайсы өлкөлөрдө бул спорттун бет ачаарын, көрсөтмөлүү оюндарды өткөорүү ж.б.. Монголиянын Мас-рестлинг федерациясынын президенти Мунхсүрэн Батбаатар  Түштүк Кореяга “даяр кезде Мас-рестлинг таякчасы менен барууга” ниеттенүүдө, Япония жана Кытай мамлекеттери менен Монголия коңшулары менен жакшы спорттук байланыштарды түзүүдө. Эми алардын кызматташтыгына, достугуна көпүрө мас-рестлинг болмокчу.

Бул спорттун өнүгүшүнө жол ачкан Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жана Кыргызстандын ийгиликтери

Якутиядагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча борбор жаңы түзүлгөн Азия уюмунун презентациясына жана башка иштерине толук жардам берүүгө ниет кылып жатат. Кыргызстандык кесиптештер машыктыруучулардан жана калыстардан ар тараптуу жардам көрсөтүштү. Кыргызстандын Мас-рестлинг федерациясы Азияда биринчи болуп якут спортун расмий түрдө аккредитациялаган жана эл аралык класстагы спорт чеберлеринин, Азия, дүйнө чемпиондору бар экендиги менен мактана алат. Ошондой эле бул спортту өнүктүрүүгө жана  дүйнөнүн үч чемпиондорун тарбиялоого салым кошкону үчүн Марат Раматов “Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу” деген жогорку ардактуу наамга татыктуу болду.

Таяк тартыш бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында тарыхый кара жаралуу менен улуттук оюндарга жаңы заманбап дем берди. Экинчи көчмөндөр оюндарына 33 мамлекет катышып, Кыргызстан экинчи экинчи орунду ээлесе, биринчи орунга Россия мамлекети татыктуу болгон. Таяк тартыш 2000-жылдардан баштап кайра жаңы эрежелер менен дүйнөгө таанылып, 2010-жылы улуттук оюн катары кеңири жайылтыла баштаган. Ошол жылы Эл Аралык федерациясы түзүлүп,  2013-жылы Кыргызстанда дагы таяк тартыш федерациясы негизделген. 2014-жылы кыргызстандык спортчулар дүйнө чемпионатына барып, командалык эсепте экинчи орунду жеңип алышкан. Кыргызстанда мамлекет тарабынан бул спорт колдоого алынып, көңүл буруу Көчмөндөр Оюндарынан кийин башталды. Бабаларыбыз илгертен эле бул оюндар менен алектенип келишкен. Мисалы, сугат сугарып жүргөн учурда эс алган жагдайда кетмен тартыш дешип, кетмендерин тартышып, күч сынашкан. Ал эми жайлоодо камчыларын тартышып, мелдеш өткөрүшкөн. Жаш балдар тери тартышып да ойногон. Бул оюнга көп деле каражат чыгымдалбайт. Алты жаштан алтымыш жашка чейинки  курактагылар катышып, энергиясын берип, ички эмоциясын чыгарып, көп күч кубатка ээ боло алышат. Кыргызстанда таяк тартыш федерациясы түзүлгөндөн бери бул оюн бат эле таанылды. Келечекте мектеп программасына, универсиада мелдештерине киргизүү зарыл болуп турат. Бул оюн акыл эсти өстүрүп, шамдагайлык, ыкчамдыкты, денени сезе билүүнү, аркы атаандашын баамдоону, токтоолукту, сабырдуулукту бекемдеп, тарбиялык мааниси зор. Таяк тартышта белге, колго, бутка күч келип, атаандаштык курч мүнөздө болот. Бул спорт оор, татаал болуп эсептелет, бирок сыртынан жеңил сезилгени менен. Оор атлетчилер, кол күрөшчүлөр, балбандар жана улакчылар да бул спортто күч сынашып, ийгиктерге жетип жүрүшөт. Мында бел, билек күчүн даярдоо керек. Бутка бекем туруу, төштү тизе менен тосуп, мелдешке даяр туруу зарыл. Ыкчамдык менен жеңип кетүү керек. Таякты бурап тартса да болот. Кыргызстандыктар 2021-жылы Дүйнө кубогунда 11 медаль жеңип келген. Бул бүйүр кызыткан шаңдуу спорт түрү болуп саналат. Оюндун эрежеси, жоболору кабыл алынган. Бул оюн бабалардын жан дүйнөсүнө сиңип калган байыркы оюн болуп саналат. Эр жигиттер жана кыз-келиндер билек күчтөрүн сынашып, тамандарын таяк тиреп, чеберчилигин сынашып, көчмөндөрдүн бул оюну бабалардан мурас болуп, дүйнө элине кеңири жайылып баратат.

Быйылкы ийгиликтер жана жеңиштер

Быйыл 2022-жылы  күзүндө Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама команда алты медаль жеңди. Анын үчөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль болуп саналат. 70 кг салмакта Азамат Асанов, 110 кг салмакта Келдибек Атайбек уулу жана кыздар арасында 75 кг салмак даражада Дилбара Иманканова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору болуп, өлкөбүздү дүйнөгө таанытты. Ошондой эле 75 кг жогорку салмактагылар арасында Назия Майлибашева күмүш медалдын, ал эми Бакдөөлөт Абылов, Улукбек Ырыспаев коло байгенин ээлери болушту.

Жакында эле, 6-ноябрда Өзбекстанда болуп өткөн Таяк тартыш боюнча Азия Чемпионаты Кыргызстан курама командасынын жогорку жетишкендиги менен аяктады.

Мында Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Марат Раматов, белгилүү устаттар Эрмек Курманалиев, Келдибек Атайбек уулу жана Назырали Пазыловдун шакиртттери тогуз алтын байгени жеңип алышкан. Эр-азаматтардан Саламатов Чыңгыз, Имашов Адилет, Токтошев Бекмырза, Чыныбек Улуу Русланбек, Ырысбаев Улукбек, Атайбек Улуу Келдибек жана кыз –келиндерден Маданбаева Аделя, Болотбекова Эльдана,Рахманова Дилдора Азия чемпиондору болушту. Ошондой эле Атайбек Уулу Келдибек жана Рахманова Дильдора Азиянын абсалюттук чемпиондору аталып, Азия Кубогу менен сыйланышты. Командалык жыйынтыкта биринчи орунду 11 алтын, 4 күмүш жана 8 коло байгелүү болгон Кыргыз Республикасынын курама командасы жеңип алган. Экинчи байгелүү орун Азия чемпионатын уюштурган Өзбекстанга ыйгарылды. Үчүнчү командалык кубокту Монголия командасы алып кетти. Ошондой эле 16-17 жаштагы улан-кыздар арасындагы Азия чемпионатында дагы Кыргызстан командалык эсепте биринчи орунду жеңип алды. Мында кыргызстандыктар 6 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байге утуп, келечекте татыктуу жаштар өсүп келатканын далилдей алышты. Искендер Алымбеков жетектеген өлкөбүздүн таяк тартыш улуттук федерациясынын атынан жеңүүчүлөрдү, байге ээлерин жана машыктыруучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Таяк тартыш спортунун эрежелери жана жабдуулары

Мас-рестлингде атаандаштар карама-каршы отуруп, ортого коюлган тактага буттарын сунуп, таянып, эки колу менен таякты кармашат. Каршылашынын колунан таякты жулуп алган же өзүн кошо тартып өткөн балбанга артыкчылык берилет. Мындай ыкманы эки жолу жасаган спортчу жеңишке жетет. Бир раунд эки мүнөткө чейин созулат.

Таянуучу такта жана таяк

Буту менен таянучу тактанын узундугу — 2 метр, бийиктиги — 24 сантиметр, калыңдыгы — 4-6 сантиметр болот. Ошондой эле такта түз жана жогору жагынын кыры жок сүйрү болушу керек.

Таяк кайыңдан же башка катуу дарактан жасалып, цилиндр түрүндө болот. Узундугу — 45-50 сантиметр, диаметри — 33 миллиметр.

Кийими

Эркектердин кийими. Мас-рестлинг үчүн бекитилген үлгүдөгү тыгыз жабышкан (бир эле материалдан) спорттук трико, тикенектери жок спорттук бут кийим (кеда, кроссовка) жана тизеге чейин гетр кийгенге уруксат берилет.

Аялдардын кийими. Мас-рестлинг үчүн бекитилген үлгүдөгү атайын спорттук трико, спортук майка же футболка, тикенектери жок спорттук бут кийим (кеда, кроссовка), тизеге чейин гетр кийгенге уруксат берилет.

Спортчунун трикосунун өңү өзү чакырылган тараптагы көпүрөчөнүн өңүнө туура келиши керек.

Колдонууга уруксат берилет:

— эни 10 сантиметрден ашпаган атайын жазы курлар;

— узундугу 30 сантиметрден ашпаган чыканакка жана тизеге кийчү жабдуулар;

— алаканга кийчү жабдуу;

— чапталып калма касиети жок упураган үндай же упадай каражаттар (магнезия, канифоль, суюк магнезия).

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

12 олимпиаданын катышуучусу, спорттук баяндамачы

Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат

Бишкекте биринчи жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. 11-13-ноябрь аралыгында боло турган турнирге 50дөн ашуун өлкөнүн эң мыкты балбандары катышат. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясы (FIAS) билдирди.

Федарациянын Аткаруу комитетинин чечими менен Беларус, Орусия жана Франция Эл аралык самбо федерациясынын туусунун алдында мөрөй талашат.

Украинанын курамасы мелдештерге катышпайт. Бишкекке Тажикстан спортчулары да келбейт.

Буга чейин Самбо – 2022 дүйнө чемпионаты Түркмөнстанда өтөрү айтылган. Бирок бул өлкөнүн Самбо федерациясы турнирдин өтө турган жерин алмаштырууну өтүнгөн.

Бардыгы болуп 21 комплект медаль ойнотулат. Жалпы сыйлык фонду 231 миң АКШ долларын түзөт. Биринчи орунду алгандар 4 миң, экинчи орунду алгандар 3 миң, үчүнчү орунду ээлегендер эки миң доллардан акчалай сыйлык алышат.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирди

Кыргызстан кышкы эс алуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди. Бул тууралуу ТурСтат порталы кабарлады.

Маалыматка караганда, рейтингди түзүүдө өлкөлөрдүн туристтер арасындагы популярдуулугу жана туризм инфраструктурасынын өнүккөнү эске алынган.

КМШнын кышкы туризм боюнча популярдуу жана жагымдуу өлкөлөрүнүн рейтингинде алдыңкы бештикке Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения кирген.

“Кыргызстанда кышкысын туристтерди Бишкек жана Каракол шаарлары, Караколдогу тоо-лыжа курорту, Бишкекке жакын жайгашкан лыжа базалары жана Ысык-Көл кызыктырат”, – деп жазылган ТурСтаттын сайтында.

Олимпиадалык билим долбоорунун кызыктуу жолугушуулары

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусттарында Улуттук Олимпиада Комитетинин 30 жылдык юбилейине карата  Олимпиадалык билим долбоору боюнча лекциялар жана жолугушуулар өттү.                          

2022-жылдын 26-октябрынан 29-октябрына чейин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусттарындагы  Жогорку окуу жайлардын студенттерине, жаштарына жана спорт адистери менен күйөрмандарына Эл аралык Олимпиада Комитетинин жана Кыргызстандын Улуттук Олимпиада Комитетинин демилгеси менен “Олимпиадалык билим” долбоору боюнча олимпиаданын жана дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, даңазалуу спорт ишмери Каныбек Осмоналиев менен Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, 12 олимпиаданы жеринен чагылдырган, 16 китептин автору, белгилүү спорт баяндамачы Кабыл Макешов олимпиада оюндары тууралуу лекцияларды окуп, кызыктуу жолугушууларды өткөрүп келишти.

Жолугушууларды уюштурууга Жалал-Абад, Ош, Баткен облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыктарынын жетекчилери, башкы адистери, Жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окутуучу-мугалимдер,  спорт адистери, устаттары,  мугалимдери, жаштар комитеттери көмөктөшүп, колдоого алышып, балдар спорт мектептеринин машыктыруучулары да катышып, иш-чара кызыктуу өттү.

Бул иш-чаралар  Улуттук Олимпиада Комитетинин түзүлгөнүнүн 30 жылдык юбилейине арналып,  Олимпиадалык идеяларды, билимди жайылтуу, жаштарды спортко кызыктыруу максаттарын көздөдү. Жолугушууларда  “Байыркы доордогу олимп оюндары”, “ Азыркы доордун олимпиадалык оюндары” , “Жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарынын өзгөчөлүктөрү”, “Азия оюндарынын тарыхы”, “Кыргызстан- олимпиаданын санжыралуу жолунда “, “Кыргызстандык олимпиада чемпиондору, күмүш жана коло байге жеңүүчүлөрү”, “Кыргызстандык олимпиадачылар” жана башка темаларда лекциялар окулуп, баяндамалар жасалды.

Лекциялар тарыхый фотолор, слайд-шоулор, китептер менен коштолду.  Жолугушууларга бардык спорт адистери, күйөрмандар, жаштар катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго ынанымдуу жоопторду алышты.

Жалал-Абаддагы жаштар, студенттер менен жолугушуу 

2022- жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарында  кыргыз спортунун легендасы, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону, 1980-жылы Москва шаарындагы Олимпиада оюндарынын жеңип, алтын медаль тагынган  Каныбек Осмоналиев жана  Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов   К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ ) мейманга келип, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери, жаштары менен жолугушту. ЭАУнун студенттери үчүн кыргыз спортунун легендасы К.Осмоналиев жана белгилүү спортттук баяндамачы К.Макешов олимпиадалык оюндардын тарыхы, олимпиада кыймылы, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиадачылар, Москва олимпиадасы, Эгемен өлкө болгону олимпиадага катышкан спортчулар тууралуу лекцияларды окуп, кызыктуу баяндамаларды жасады. Жолугушууну спорт журналисти, Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Спорт журналистеринин федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов алып барды. Жолугушууда Каныбек Осмоналиев өзүнүн спорт жаатындагы ишмердиги, өмүр жолу боюнча баяндама берип, бир катар суроолорго жооп берди. Сөзүнүн соңунда жаштарды сергек жашоо ыңгайына, спорт менен машыгууга, мекенчилдиккке үндөп, Ата Мекенге чын дилинен кызмат кылууга чакырды. Кабыл Макешов өз калеминен жаралган Кыргыз спортунун тарыхы, кыргызстандык олимпиадачылар, Азия оюндарынын тарыхы тууралуу баяндалган толук түстүү бир нече китептерин окуу жайга белек катары тартуулады.  ЭАУ ректораты Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешовго  жамаат жана жаштар менен жолугушкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Муну менен бирге, ушул жолугушууну уюштурууга көмөкчү болгон Жалал-Абад областтык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Абдыжапар Капаровго да ыраазычылыктар айтылды. Өз кезегинде Каныбек Осмоналиев, Кабыл Макешов жана Абдыжапар Капаровдор да ЭАУ ректоратына жылуу тосуп алгандыгы үчүн рахмат айтышты. Жолугушуудан кийин Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов ЭАУнун спорттук комплекси менен таанышып, аны өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарын беришти. Университеттин дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы доц. У.Б. Амиракуловго жана “Ден соолук” спорт клубунун төрагасы М.А. Таштановго да аталган жолугушууну сапаттуу уюштургандыгы үчүн  ыраазычылыктарын билдирди.

 7 миллиончу наристеге олимпиада чемпионунун жана Улуттук Олимпиада комитетинин белектери

27-октябрда  Кызыл-Кыя шаарында Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн байгесине арналган Эл аралык турнирдин алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов билдирди.

1980-жылкы Олимпида оюндарынын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы,  белгилүү спорт баяндамачы Кабыл Макешов Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Кыргызстандын 7-миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылыктын үй-бүлөсү менен жолукту.

Даңазалуу спорт ишмери Каныбек Осмоналиев Жакшылыкка өзүнүн байгесине арналган Эл аралык турнирдин алтын медалын тартуулап, келечекте чыгаан спортчу болушун тилеп, бекем ден соолук каалап, ак дилден батасын берди.

Мындан тышкары,  белгилүү спорттук баяндамачы Кабыл Макешов Токио  олимпиадалык оюндарынан алып келген белектерди, өзүнүн китептерин жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун атынан сүйүнчү акча, куттуктоо баракчаларды жана баалуу белектерди  тапшырды. Жолугушууга Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков, Баткен, Ош облусттарынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитеттеринин жетекчилери  Кубанычбек Сайкалов менен Айбек  Камбаров да  катышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн.

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Жакшылык алардын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Баткендеги жаштар менен жолугушуулар

2022-жылдын 27-октябрь күнү белгилүү спортчу, коомдук ишмер, XXII жайкы Олимпиаданын чемпиону, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов    Баткен Мамлекеттик университетинде жолугушуу өткөрүштү.

Эл аралык Олимпиада Комитетинин Олимпиадалык билим берүү долбоорунун алкагындагы бул жолугушууга  профессордук-окутуучулар курамы, студенттери жана жергиликтүү спортчулар катышып, кызыктуу лекцияларды угуп, суроолоруна ынанымдуу жоопторду алышты.

Иш-чараны БатМУнун структуралык бөлүмдөрүн өнүктүрүү боюнча ректордун өкүлү Г.Ү.Артыкбаев ачып, К. Осмоналиевдин кыргыз спортундагы ордун белгилеп, анын жетишкендиктерине токтолуп өттү.

Андан соң спорттун каарманы К. Осмоналиев жалпы жаштарды спортту сүйүүгө үндөп, чек арада жашаган жаштардын мамлекетчилдик сезимдери күчтүү экендигин баса белгилөө менен иш-чараны уюштурган топко ыраазычылык билдирди.

Спорттук баяндамачы К.Макешов олимпиада оюндарынын тарыхы, олимпиада кыймылы, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиадачылар, Москва олимпиадасы, Эгемен өлкө болгону олимпиадага катышкан спортчулар тууралуу лекцияларды окуп, кызыктуу баяндамаларды жасады. Ошондой эле Кабыл Макешов өз калеминен жаралган Кыргыз спортунун тарыхы, кыргызстандык олимпиадачылар, Азия оюндарынын тарыхы тууралуу баяндалган толук түстүү бир нече китептерин окуу жайга белек катары тартуулады. Меймандар Баткен облустук телерадиого жана облустук “Баткен таңы” гезитине кеңири маек беришти.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карабекович менен Кыргыздын сыймыгы Каныбек Осмоналиев, спорт баяндамачы Макешов Кабыл жана Ош облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги Камалов Айбек Өскөнович жолугушуп, мекенибизди коргоп турган аскерлерибизге ыраазычылыгын билдирип, курман болгон баатыларга көңүл айтты жана алдыда пландалган дене тарбия жана спорт тармагы тууралуу маектешти. Баткендеги жолугушууларды уюштурууга  облустун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси  Кубанычбек Сайкалов көмөк көрсөтүп, колдоого алды.

Ош облусундагы кызыктуу  жолугушуулар

2022-жылы  28-октябрда Ош шаарында  Москва шаарында өткөн 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон туңгуч кыргыз спортчусу, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев жана  спорт боюнча бир нече китептердин автору, журналист, публицист Кабыл Макешов  Ош Мамлекеттик Университетине келишти.

Алар алгач окуу жай жетекчиси Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, баарлашты. Ректор өз сөзүндө  университетте спорт багытындагы аткарылган алыгылыктуу иштер, студенттердин жетишкендиктери боюнча маалымат берди. Жолугушуунун аягында Каныбек Осмоналиев өзүнүн калемине таандык эки китебин белекке берди. Ошондой эле, белгилүү спорт баяндамачы Кабыл Макешов дагы өз калеминен жаралган автордук китептерин  окуу жайдын китепканасына тапшырды.

Андан соң коноктор Индустриалдык-педагогикалык колледжине барып, студенттер, спортко кызыккан жаштар менен жолукту. Каныбек Осмоналиев спорттогу ийгиликтери, тажрыйбасы менен бөлүшүп, суроолорго жооп берди. Белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов  жаштарга Олимпиада оюндарынын тарыхы, кыргызстандык олимпиадачылар, ага катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып, жаш муунду спортко чакырган лекцияларды өтүп, кызыктуу баяндамаларды жасады. Кабыл Макешов өз калеминен жаралган Кыргыз спортунун тарыхы, кыргызстандык олимпиадачылар, Азия оюндарынын тарыхы тууралуу баяндалган толук түстүү бир нече китептерин окуу жайга белек катары тартуулады.

Ошол эле күнү түштөн кийин Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов Ош облусунун дене тарбия жана спорт ардагерлери менен жолугуп, өлкөдөгү спорттун ал-абалы, көйгөйлөрү тууралуу кеңири сөз кылышып, иштиктүү сунуштарын айтышты.

29-октябрда Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов  Ош шаардык бокс жана оор атлетика мектебинде спортчулар, машыктыруучулар менен жолугуп, кызыктуу баяндамаларды жасап, жаш спортчуларга кеп-кеңештерин айтышты.

29-октябрда түштөн кийин Алай районунун борбору Гүлчө айылындагы ОшПирим спорт комлексинде өтүп жаткан Джиу-джитсу  боюнча республикалык мелдештин ачылыш салтанатына катышып, Осмоналиев менен Макешов жаштарды өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан мыкты чемпиондор болушун тилеп, кыргыз спортунун тарыхы тууралуу баяндап, каалоо тилектерин айтышты. Ошондой эле Кыргызстандын Джиу-джитсу  федерациясынын президенти Самарбек Сабыржан уулу  менен Ош облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Айбек Камалов меймандарга ыраазычылыгын билдиришти. Мындан тышкары Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов Самарбек Сабыржан уулу  Корул айылындагы эки мектептин спорт залдарында уюштуруп, волейбол боюнча өтүп жаткан эки мелдештердин катышуучулары менен жолугушуп, кеп-кеңештерин айтышты.

Ош облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Айбек Камалов Баткен жана Ош облусундагы жолугушууларда меймандарды коштоп жүрүп, Ардак Грамоталарын тапшырды. Өз кезегинде   Каныбек Осмоналиев менен Кабыл Макешов да Айбек Камаловго жолугушууларды жогорку деңгээлде уюштурууга зор салым кошкону үчүн ыраазычылыктарын билдирип, китептерин белек кылышты.

1980-жылы  Москва шаарында өткөн 22-Жайкы Олимпиада Оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнун 4 жолку чемпиону, мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер  Каныбек Осмоналиев жеткен спорттук бийиктикке кыргызстандык бир дагы спортчу жете элек. Даңазалуу спорт ишмери Каныбек Осмоналиев кесиби боюнча тарыхчы, Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетин аяктаган. Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев, ошентип, дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп кайткан. Европанын эки жолку чемпиону, СССРдин көп жолку чемпиону болуп, эл аралык мелдештерде жеңүүчү болгон. Каныбек Осмоналиев учурунда Кыргызстандын мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси,  Балдардын спорттук Олимпиадалык резервдеринин оор атлетика боюнча мектебинин директору, оор атлетика федерациясынын президенти болуп жигердүү иштеп, кыргыз спортунун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин дене тарбия жана спорт борборунда улук машыктыруучу болуп иштеп жатат.  Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү болуп саналат.

Москва Олимпиадасында  52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуп көтөрүүдө 107,5 кг, ал эми түртүп көтөрүүдө болсо 137,5 кг оордукту көтөргөн.

Жалпысынан 245 килограмм көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңыртып, олимпиада оюндарынын алтын медалын тагынган.

Ал СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, Кыргыз мамлекетинин дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу ардак наамдарынын ээси. Эмгек Кызыл Туу, биринчи даражадагы Манас ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.

Каныбек Осмоналиев жөнүндө даректүү тасма тартылып, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов поэма жана Ырга айлаган Каныбек” деген китеп жараткан. 2021-жылы Каныбек Осмоналиев өзүнүн өмүр жолу тууралуу “Олимп оттору” деген даректүү китеп жазган.

Макешов Кабыл Асангелдиевич  Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын спорт журналисттеринин федерациясынын башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин мүчөсү,  12 олимпиадалык оюндарга ( 7 жайкы, 5 кышкы олимпиада)  жана 7 Азия оюндарына катышып, спорттук баяндамачы катары  жеринен түз репортаж уюштурган. Кабыл Макешов Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы “Байге”  жана “Кыргызстан Спорту”спорттук гезиттеринин башкы редактору болуп, 1978-жылдан бери кыргыз спорттун маалымат каражаттарында  кеңири чагылдырып,  Олимпиадалык кыймыл, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы жана кыргыз спорт тарыхы тууралуу толук түстүү 16 китеп жазып, өлкөдө олимпиадалык кыймылдын өнүгүшүнө  салым кошуп келе жатат.

Эл аралык Олимпиада Комитетинин жана Кыргызстандын Улуттук Олимпиада Комитетинин демилгеси менен “Олимпиадалык билим” долбоору боюнча кийинки жолугушуулар Ысык-Көл, Чүй обулустарында жана Бишкек шаарында болмокчу.

Кабыл Макешов, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын заманбап залын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Бишкек шаарындагы “Жаштык” массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын базасында курулган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залын ачты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкө боюнча көптөгөн кыздар күрөш менен машыгууну каалаганына жана өлкө боюнча күрөш менен машыгып жатканына карабастан, алардын заманбап спорт залы жок болгонун, көбүнчө эркектер менен машыгууга аргасыз болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде кыздар жана аялдар үчүн залдын курулушуна капсула салынып, ал 5 айда курулуп бүткөнүн эске салды.
Президент бүгүнкү күндө кыргыз спортчулары эл аралык абройлуу мелдештерде күрөш боюнча байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн туусун бийик көтөрүп келе жатканын белгилеп, аларды эл эсинде түбөлүккө сакталып калган бир кездеги Кыз Сайкал, Жаңыл-Мырза менен салыштырды.

“Биздин спортчу кыздар өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан, мен демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым.
Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем”, – деди Президент кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө кайрылып.

Мамлекет башчысы ошондой эле балбан кыз-келиндер алдыдагы Олимпиада оюндарында алтын утат деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле, Президентке ыраазычылык сөздөрүн эркин күрөш боюнча улуттук кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, көрүнүктүү спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова айтып, бардык күч-аракетин жумшап, 2024-жылы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынууга убада беришти.

Андан соң, Садыр Жапаров кызыл тесмени кесип, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүн толук кандуу даярдоо үчүн заманбап шарттар – медициналык реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, спорт залы, конференц-залы, сауна, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана бөлмөсү жана башкалар каралган имаратты көрүп чыкты.

Ошондой эле, Мамлекет башчысына жаңы залда жаш муундун – өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбан кыздардын машыгуулары көрсөтүлдү.

Иш-чара Президент Садыр Жапаров менен салтанаттын катышуучуларынын биргелешип сүрөткө түшүүсү менен аяктады.

Садыр Жапаров Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган кыргыз альпинисттери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын альпинизм боюнча курама  командасынын мүчөлөрү менен жылуу учурашып, аларды планетанын эң бийик чекиттеринин бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктады.

Альпинисттердин кайраттуулугун жана өжөрлүгүн белгилеп, Садыр Жапаров кыргызстандыктардын эң бийик тоо чокуларынын бирин багындырышы өлкөнүн бүткүл элинде сыймыктануу жана шыктануу сезимин жаратып жатканына көңүл бурду.

Ал өлкөнүн альпинизм боюнча улуттук курамасына Кыргызстанды жетишкендиктери менен даңазалап, мамлекеттик тууну ушундай бийик тоо чокуларына көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров альпинисттерди колдоого даяр экенин билдирип, чың ден соолук, ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Өз кезегинде кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенин айтып беришти.

Алардын арасында алтоосу кыргызстандык – КРнын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү. Анын ичинен үчөө кислороддук колдоосу жок чокуга чейин чыгышкан. Бул алпьинизмде чоң жетишкендик.

Кыргызстандын альпинизм боюнча курамасы Гималайдагы Манаслу чокусун үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында багындырышкан.

Альпинисттер Манаслу чокусун тандап алуусу анын аталышынын символикалуулугу жана “Манас” эпосуна окшоштугуна байланыштуу болгонун белгилешти.

Экспедиция катышуучулары Кыргызстандын желеги тоонун үстүнө көтөрүлгөнүн кабарлашты. Мындан тышкары катышуучулар чокуга чейин “Манас” эпосунун үч килограммдык томун алып чыгышкан. Алардын айтымында, алар бул көтөрүлүүнү Кыргызстанга, Баткенге жана “Манас” эпосуна арнашкан.

Жолугушуунун соңунда альпинисттер Президент Садыр Жапаровго Манаслу чокусунда илинген Кыргызстандын желегин тапшырышты.

Манаслу чокусуна илинген дагы бир желекти альпинисттер тобу Баткен облусунун алыскы чек ара заставасына тапшырууну көздөөдө.

Маалымат үчүн: Манаслу чокусу же “Рух тоосу” 8 миң 163 метрге жетип, планетадагы эң бийик чокулардын бири.

Кыргыз командасынын курамы:

1: Эдуард Кубатов
2: Kaдыракун Нурмаматов
3: Илим Карыпбеков
4: Aсел Байбагышева
5: Aндрей Ерохин
6: Сергей Селивёрстов

 

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде жеңди

Көк – Бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Казакстандын курама командасын 5:0 эсебине жеңип алды. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чечүүчү 3-таймда, Казакстан курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыгышкан жок.
Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келди.
Белгилей кетсек, атайын көк бөрү үчүн жасалган тай казанды жана Манас Ниязовдун Түркиядан сатылып алынган атын, Түркияда жашаган Вандык кыргыздарга тапшырышты.

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы 8156 метрдик Манаслу чокусун багынтышты - фото

Кечээ, 1-октябрда таңкы саат 08:00дө Кыргызстандык альпинисттер командасы Непал өлкөсүнүн аймагында жайгашкан Гималай тоолорунун 8156 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун багынтышты. Бул тууралу маалыматты альпинизм тармагында шугулданган Seven Summit Treks (SST) компаниясы Instagram социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасында жарыялады.

Маалыматта команданын курамы да аталган:

1: Эдуард Кубатов – 🇰🇬
2: Kaдыракун Нурмаматов – 🇰🇬
3: Илим Карыпбеков -🇰🇬
4: Aсел Байбагышева – 🇰🇬
5: Aндрей Ерохин 🇰🇬
6: Сергей Селивёрстов – 🇰🇬

7: Phura Tsering шерп – 🇳🇵
8: Dandu Sherpa шерп- 🇳🇵
9: Mingma Dorchi шерп – 🇳🇵
10: Mingma Tenjing шерп – 🇳🇵
11: Tenjing sherpa  шерп 🇳🇵
12: Lakpa Tenji шерп – 🇳🇵
13: Tashi Galji шерп – 🇳🇵

Кыргыз альпинисти Илим Карыпбеков да өзүнүн Фейсбуктагы баракчасыда “Гималайдын Манаслу чокусунда – 8163 метр бийиктикте тарыхыбызда биринчи жолу кыргыз желеги менен Манас китеби ийгиликтүү көтөрүлдү” деп билдирди.

Меню