Menu

СПОРТ

Ислам оюндарында жаа атуу боюнча Кыргызстандык спортчу Ынтымак Мурадил уулу 1-орунду ээлеп, алтын медалды утуп алды

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештигинин 5-оюндарында салттуу жаа атуу боюнча мелдеште Кыргызстандык мерген Ынтымак Мурадил уулу 1-орунду ээлеп, алтын медалды утуп алды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 9-августтан 19-августка чейин өткөн Исламиадада дүйнөнүн 54 өлкөсүнүн 4200 спортчусу катышууда.

Канымжан Алмазбек кызы 95 кг салмакты көтөрүп, оор атлетика боюнча коло медалын утуп алды

Кыргыздын балбан кызы Канымжан Алмазбек кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында оор атлетика боюнча коло байгенин ээси болду. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Спортчу 87 кг салмак даражада штанга көтөрүү боюнча мелдешке катышты.
Алгач жулкуп көтөрүүдө 76 кг көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 95 кг ийгиликтүү аткарды.
Жалпы 171 эсеп менен Ислам оюндарында оор атлетика боюнча 3-орунду ээлеп, коло медалын утуп алды.

Кыргызстандык балбандар Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында 6 алтын медалга ээ болушту.

Кыргызстандык балбандар Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында 6 алтын медалга ээ болушту. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

1.Акжол Махмудов (77 килограмм);
2. Айпери Медет кызы (77 килограмм);
3. Мээрим Жуманазарова (68 килограмм);
4. Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм);
5. Айсулуу Тыныбекова (63 килограмм);
6. Эрназар Акматалиев (70 килограмм).
Ислам тилектештик оюндары — Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө 57 өлкөнүн мыкты спортчулары катышкан эл аралык спорттук иш-чара.

Ислам шериктештиги оюндары: Акматалиев жана Тыныбекова алтын байге алышты

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 11-августта эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаини 6:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңип алган.

Алдыда күрөштүн бул түрүнөн 92 килограмм салмакта Мирлан Чыныбеков коло байге үчүн күрөшөт.

Ушул эле күнү кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова финалда гвинеялык Фатумата Камара Йариени 11:0 эсебинде утуп, V Ислам Шериктештиги Оюндарынын чемпиону болду. Финалга чейин Тыныбекова алгач казакстандык Ирина Кузнецованы, жарым финалда сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалга чыккан.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Ислам Шериктештиги Оюндарында экинчи жолу жеңишке жетип жатат. Ал 2017-жылы Бакуда өткөн мелдеште дагы алтын байге уткан.

V Ислам Шериктештиги Оюндары 9-августта расмий ачылды. Акматалиев менен Тыныбекованын байгесин кошкондо учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. 10-августта эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло медал алды.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.

Камчыбек Ташиев Hardcore FC чемпиону Самат Абдрахмановду кабыл алды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Hardcore fighting Championship муштум боюнча дүйнөнүн эң ири лигасынын чемпиону Самат Абдрахманов менен жолугушту. Жолугушууда мушкердин атасы Маматраим Абдрахманов да болду.   

Камчыбек Ташиев Самат Абдрахмановду финалдык беттеште Лендруш Акопянды  жеңиши, Hardcore FC чемпиондук курун утушу менен куттуктап,  өзүнүн сөзүндө мындай жеңиштер буткул Кыргызстандын эли үчүн маанилүү экенин белгиледи. “Дал ушундай жеңиштер Кыргызстанда спортту өнүктүрүп, жаштарыбызды өз жеринин чыныгы патриоту болууга үйрөтөт” – деди ал.

УКМК төрагасы К.Ташиев атаандашын ишенимдүү жеңген улуттук спортчунун чеберчилигинин жогорку даражасын, кайратынын күчтүүлүгүн жана күчтүү мүнөзүн баалады. Ошол эле учурда, УКМК башчысы бүтүндөй өлкө, жүз миңдеген жарандарыбыз С. Абдрахмановдун ийгиликтерине талыкпай көз салып, катуу колдоо көргөзүп жатканын белгиледи. Келечекте мындан да жогорку ийгиликтерге жетишип, спорттогу жаркыраган жетишкендиктериңизди бүткүл дүйнөгө көрсөтөрүңүзгө ишенебиз деп ишеним артты.

Өз кезегинде Самат Абдрахманов УКМК төрагасы К.Ташиевге жана жалпы кыргыз элине колдоо көрсөтүп, жылуу кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, ал кайсы жерде чыкпасын, ага күч-кубат, жеңишке болгон ишенимди тартуулаган жердештеринин жылуу колдоосун дайыма сезээрин белгиледи. 

Эл аралык олимпиада комитети Кыргызстандын 15 спортчусуна ай сайын 500 доллардан стипендия төлөйт (тизме)

Кыргызстандын 15 спортчусу ай сайын Эл аралык олимпиада комитетинен 500 доллардан стипендия алып турат. Бул тууралу Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эл аралык олимпиада комитетинин дүйнөдөгү ар түрдүү мамлекеттердин келечектүү атлеттерин колдогон атайын программасы бар. Олимпиадалык циклдин аралыгында комитет атайын бөлүнгөн квоталардын негизинде стипепндияларды төлөп берип турат. Ал стипепедияларды алуу үчүн сураныч каттарды Улуттук олимпиада комитеттери жөнөтөт жана алынгшан стипендияларды да УОК таратат.

Токио олимпиадасынын алдында 10 спортчу Эл аралык олимпиада комитетинен стипендия алып турушкан. УОКтун ийгиликтүү аракеттеринен кийин азыр айына 15 спортчуга стипендия бөлүнө баштады.

Үстүбүздөгү 2022-жылдын 1-майынан тартып, 2024-жылдын 31-августуна чейин Эл аралык олимпиада комитетинен төмөнкү кыргызстандык спортчулар ай сайын 500 доллардан стипендия алып турушат:

  1. Акжол Махмудов (греко-рим күрөшү), 
  2. Жоламан Шаршенбеков (греко-рим күрөшү), 
  3. Алибек Осмонов (эркин күрөш), 
  4. Бекболот Мырзаназар уулу (эркин күрөш), 
  5. Эрназар Акматалиев (эркин күрөш),
  6. Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), 
  7. Мээрим Жуманазарова аялдар күрөшү), 
  8. Айпери Медет кызы (аялдар күрөшү), 
  9. Кальмира Билимбекова (аялдар күрөшү),
  10. Владимир Золоев (дзюдо),
  11. Нурсултан Кенешбеков (жеңил атлетика),
  12. Гульшаной Сатарова (жеңил атлетика), 
  13. Денис Петрашов (сууга сүзүү),
  14. Бекдоолот Расулбеков (оор атлетика), 
  15. Нурадин Рустамбек уулу (бокс).

Ливанда өткөн самбо боюнча биринчиликте Дайырбек Карыяев Азиянын чемпиону аталды

Мекенге болгон сүйүү, сый-урмат жана аны көздүн карегиндей сактоо кыргыз мырзаларынын ар биринин аң-сезиминде калыптанышы керек. Ар бир жигиттерибиздин мекенине жасаган ар бир ишинен, өлкөбүздүн жана келечек ээлери болгон балдарыбыздын тагдыры көз каранды. Бул чындык. Анткени кыргыз элинин эр жүрөктүүлүгүн, кайраттуулугун жана акылмандыгын эчак эле тарыхыбыз тастыктап койгон. Учурда да мекендин коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматын өтөп  жүргөн эр жүрөк мырзаларыбыз жок эмес.
Ошондойлордун бири, биздин  сыймыгыбыз ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан ефрейтор Дайырбек Карыяев.
Дайырбек  Карыяев 1994-жылы Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда туулган.
Төрт бир тууган. ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жатканына 3 жылдын жүзү болду.  Спорт менен 10 жылдан бери алектенет. Спортто жараткан ийгиликтерине баш баксак, самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатынын  6 жолку, А.В. Гардеев атындагы эл аралык турнирдин 4 жолку, 2021-2022-жылдары Азиянын 2 жолку чемпиону аталган.  Дүйнө чемпионатынын 2 жолку күмүш медалынын ээси, Дүйнө кубогунун (World sambo cup) 2 жолку чемпиону, “Биринчиликке кармашуу-2021” самбо боюнча
чемпионатынын чемпиону болуп, мамлекетибиздин желегин эл аралык аренада желбиретип, намыска жарап, кыргыз элинин сыймыгы болууга жетишкен.
Кандай гана ийгиликтерге жетпейли, анын артында тоодой талыкпас эмгек жатат. Спортту дагы, кызматты дагы бирге алып келе жаткан каарманыбыз Дайырбек Ливан Республикасынын Джуния шаарында 4-июнда өткөн Самбо боюнча биринчиликте атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынып, күжүрмөн самбо боюнча Азиянын чемпиону аталды. Бул кыргыз милициясы, анын ичинде ички аскерлердин аскер кызматчылары, жоокерлери үчүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли  үчүн дагы сыймык.
“Спорт менен кызматта бир учурда ийгилик жаратуу оңойго турбайт.Чынында көп кыйынчылыктарды жеңип, мээнет кылган жердин аягы таттуу болот деген чын экен. Самбо дагы берилгендикти, эмгекти жана жоопкерчиликти үйрөтүүчү спорт болгондуктан, мени жакшы жакка тарбиялап, намыскөй кылып койду.
Мекенге кызмат кылуу ар бир атуулдун милдети деп билемин.  Ошон үчүн мамлекет бизге эмне кылып жатат дебестен, биз мамлекетке эмне кылдык деген суроону өзүбүзгө узатып, жообун издешибиз керек. Ошондо гана өлкөбүзгө абийирибиз менен кызматыбызды кылып, чыныгы мекенчил уул-кыздардан болмокпуз деп ойлойм. ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жаткынымдын себеби деле ушул. Ошондуктан өлкөбүздүн туруктуулугу менен коопсуздугун коргоп, Мекен алдындагы жигиттик парзымды аткарып келе жатканыма сыймыктанам. Андыктан армиядагы темирдей тартипке  моюн сунуп, спорттогу режим менен армиянын тартибин бириктире алгандыгым үчүн ийгиликтер жаралып жатат десем жанылышпайм”,-дейт маегинде Дайырбек.
Биздин каарманыбыз жакында Кыргызстанда өтө турган  Дүйнө кубогуна, андан соң Дүйнө биринчилигине катуу даярданып жаткан кези.  Дайырбекке мамлекетибиздин желегин көккө көтөрүп, спорт менен кызматында дагы ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.

Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкекте 22,5 миң кишилик стадиондун курулушу август айында башталат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында башталат.
Стадион борбор калаанын түштүк-батыш тарабында курулат, ал
Ал 22,5 миң кишилик заманбап көп функциялуу спорт аянтчасы болот.
Стадионду бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар Европадан келген компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт.
Стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Бул биздин команда үчүн Азия Кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.

Беттеш аяктаган соң Мамлекет башчысы улуттук кураманын  кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады.

Ал болуп өткөн бардык беттештердин жүрүшүндө спортчулар кооз жана укмуштуудай футболду көрсөтүп, кыргызстандыктарга чыныгы майрам тартуулашканын белгиледи.

Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирип, аларсыз бул жеңиштерге жетишүү мүмкүн болмок эместигин билдирди.

Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча  курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи.

Ал алдыда команданы көптөгөн жаңы спорттук бийиктиктер күтөөрүнө, мамлекет тарабынан керектүү колдоо ар дайым көрсөтүлөөрүнө ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү  ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон  көп функциялуу спорттук арена болот.   Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл.

Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти.

Алар борбор калаада жаңы заманбап стадиондун курулушунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын кошумчалашты.

Футбол: Кыргызстан Тажикстан беттеши 0:0 эсеби менен жыйынтыкталды

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен бүттү. Оюн 14-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн.

Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген. 14-июнда Сингапур Мьянманы 6:2 эсебинде утту. 3-турдун жыйынтыгы менен Тажикстан менен Кыргызстан жетиден упайга ээ болуп, Азия кубогуна жолдомо алышты. Тайпада биринчи орунду Тажикстан, экинчи орунду Кыргызстан ээледи.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда жолдомо алганы 14-июнда түшкө маал белгилүү болгон. Бул күнү B тайпасында Палестина жана Филиппин курама командалары беттешип, Палестина 4:0 менен утту. 3 турдан кийин төрт упай алган Филиппин 2-орунду ээлеп тандоо оюндарынан четтеди. Бул беттештин жыйынтыгы менен Филиппинден жогорку упай алган 2-орундагы беш курамага Азия кубогуна жолдомо алууга жол ачылды.

Футбол боюнча Азия кубогунун акыркы тандоо оюндары алты тайпада өтүп жатат. Мелдештин жыйынтыгында тайпанын алты лидери жана экинчи орундагы беш мыкты команда финалдык бөлүккө чыгат. 15-июнга караган түнү боло турган А тайпасындагы Индонезия жана Непал курамаларынын беттешинин жыйынтыгы менен акыркы жолдомого ээ болгон 11 команда толук белгилүү болот. Буга чейин Иордания (9 упай), Палестина (9 упай), Өзбекстан (9 упай), Таиланд (6 упай), Индия (9 упай), Гонконг (6 упай), Тажикстан (7 упай), Кыргызстан (7 упай), Бахрейн (9 упай)жана Малайзия (6 упай) Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышкан. Азия кубогуна 24 команда катышат.

13 команданын тизмеси былтыр тандоо оюндарынын 2-раундунда белгилүү болгон. Алар: Жапония, Сирия, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кытай, Ирак, Оман, Вьетнам жана Ливан.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу). Кийинки мелдеш 2023-жылы Кытайда болот.

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Меню