Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Фото - Ноокен районунда түшүм майрамы белгиленди

Бүгүн, 30-ноябрда Ноокен районунда түшүм майрамы зор майрамдык салтанат менен белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Түшүм майрамына арналган салтанаттуу жыйында Ноокен районунун айыл чарбасынын күжүрмөндөрүн ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев, милициянын отставкадагы генерал-майору Молдомуса Конгантиев, “Кыргызнефтегаз” ААКсынын генералдык директору Рашид Бостонов, Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев жана Ноокен районунун ардгерлер кеңешинин төрагасы Абдыманап Токтогулов куттукташты. Быйылкы жылы айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууда мыкты ийгиликтерди жаратышкан ондогон инсандарга КРнын айыл, суу чарба жана мелиорация министрлигинин төш белгилери, облустук жана райондук бийликтердин Ардак грамоталары тапшырылды. Бишкектен келишкен өнөрпоздор менен жергиликтүү таланттар салтанаттуу жыйындын катышуучуларына кеңири программадагы концертти тартуулашты.

Ноокен районундагы түшүм майрамына карата өспүрүмдөр арасында алыш күрөшү боюнча ири мелдеш уюштурулду. Улуттук белбоо күрөшүнө катышкандарга 40 миң сом акча жана баш байгесине бир тай коюлду. Мындан сырткары Кочкор-Ата шаарына жакын жердеги атайын көкбөрү чабылуучу жайытта улакчылардын жеке аламан улагы уюштурулду. Анын байге фондусуна 1 төө, жасалгасы жана шаймандары менен 1 ат, 2 топоз, 4 тай, 4 торпок жана майда жандыктар менен акчалай сыйлыктар сайылды. Көкбөрү оюнуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан 1000ден ашуун улакчылар менен 1000ден ашуун күйөрмандар катышты.

— Жалпысынан Ноокен жергесиндеги түшүм майрамына карата уюштурулган көкбөрү улуттук оюнунун байге фондусу 1 млн. сомго жакын каражатты түзөт. Жеке аламан байге катары уюштурулуп жаткан көкбөрү улуттук оюнунун катышуучуларынан таза ойноп берүүлөрү башкы талап катары коюлду,- деди Ноокен райондук көкбөрү федерациясынын през-иденти Уларбек Карабаев.

2017-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен Ноокен районунда 8221 тонна буудай, 27865 тонна жүгөрү, 20254 тонна пахта жана 81061 тонна жашылчалар жетиштирилди. Учурда Ноокен районунда 130 күнөсканалар иштеп, алардын продукциялары Россияга экспортко чыгарылып жатат. Өткөн 11 айдын жыйынтыгы менен Ноокен районунда 5292 тонна эт, 31375 тонна сүт, 6255 даана жумуртка өндүрүлдү. Жалпы мал чарбасы боюнча 11 айдын ичинде 1 млрд. 373 млн. 594 миң сомдук продукциялар өндүрүлдү.

 

    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Фото - Ирандагы зилзаладан курман болгондордун саны 300дөн ашты

Ирандын батышында болгон катуу зилзаладан курман болгондор 300дөн ашып, жарадарлардын саны эки жарым миңге жетти. Бул сандар саат сайын көбөйүүдө.

Ирандын соттук-медициналык кызматы 328 адамдын каза тапканын ырастады. Баарынан да Керманшах провинциясындагы Сарпол-э Захаб шаарында өлгөндөрдүн саны көп катталган.

Ирандык гуманитардык уюмдардын биринин маалыматы боюнча, зилзаладан улам 70 миңден ашык киши турак-жайсыз калды. Айрым калктуу конуштарда электр жарыгы өчүп, байланыш жок калган.

Толук кандуу куткаруу иштери дүйшөмбү таң аткандан кийин гана башталган. Ага аскер кызматкерлери дагы катышууда.

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

7,3 баллга жеткен зилзала Ирак-Иран чек арасына жакын жерде болуп, жердин силкинүүсү Түркияда, Израилде жана Кувейтте дагы сезилген.

۱
۲
۳
۴
۵
۶
۷
۸
۹

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ноокен районундагы Бүргөндү айыл аймагында облустук семинар-кеңешме болуп өттү

Бүгүн, 10-ноябрда Ноокен районундагы Бүргөндү айыл аймагынын базасында “Кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлемелерди уюштуруу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу” аталышында облустук семинар-кеңешме болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Аймактык семинар-кеңешменин ишине КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев, КРнын өз алдынча башкаруу союзунун директору Өмүрбек Алманбетов, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эркинбек Маматаев, акимдер менен мэрлердин социалдык маселелер боюча орун басарлары менен вице-мэрлер жана айыл аймактарынын башчылары катышты.

Семинар кеңешменин катышуучулары Бүргөндү айыл аймагында курулган  бир катар социалдык обьектилер, айдоо аянттарына суу чыгаруучу канал, жашылча-жемиштерди өстүрүүчү күнөскана жана 25 койка орунга эсептелген жаңы бүткөрүлүп иштеп жаткан №4 Бүргөндү айылдык ооруканасынын иши менен жеринде таанышып чыгышты.

Айыл аймактары арасында чыгарылган кароо-сынактын жыйынтыгы менен Бүргөндү айыл аймагы жеңүүчү деп табылып, 2015-жылы 3 млн. сомдук сертификат менен сыйланган. Аталган сыйлык 2016-жылы тапшырылган. Анын 2 млн. сому таза суу чыгаруу ишине жумшалган. 2015-жылы Бүргөндү айыл аймагынын бюджети 13 354 000 сом болсо, 2017-жылы айыл аймагынын бюджети 17 750 000 сомго жеткен. Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15 млн. сомго 2 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Мындан сырткары 25 млн. сомго 2 спорт зал менен 1 стадиондун курулушу бүткөрүлүүнүн алдында турат. Мындан сырткары 25 млн. сомго  жеке ишкер Намазбеков Иманбектин аракети менен 2,5 га. аянтка күнөскана курулуп, жыл бою помидор, бадыраң жана болгар калемпири өстүрүлүп, жашылчалар Россияга экспорттолууда. Бул жерде сыйымдуулугу 1000 тоннаны түзгөн муздаткычтын курулушу дагы жүрүп жатат. Күнөсканада өстүрүлүп жаткан жашылчалардын үрөндөрү Голландиядан түз алынып келинет. Күнөсканада 25 адам такай жумуш орундары менен камсыз болушкан.

Семинар-кеңешменин катышуучулары 38 млн. сомго бүткөрүлгөн айылдык оорукананын калктын ден соолугун коргоодогу иш аракеттери менен дагы таанышып чыгышты.  Жалпысынан 25 койка орунга эсептелген айылдык ооруканада 4 төрөт оруну, 4 балдар оруну ажыратылып,  калган орундар  терапия бөлүмүнө ажыратылган.

Семинар-кеңешменин катышуучуларына “Сапаттуу муниципалдык кызмат – калктын жашоо деңгээлинин жогорулашынын негизги шарттарынын бири”, “Кызмат көрсөтүүлөр жана тейлемелер аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу” деген темаларда атайын баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жаатында кеңири пикир алмашуулар жана суроо жооптор болду.

Бүргөндү айыл аймагында учурда 18 170 калк жашайт. Айыл аймагы негизи 9 калктуу айылдардан турат.  Бүргөндү айыл аймагында 10 мектеп, 6 ФАП, 1 айылдык оорукана жана 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеп жатат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Фото - Жалал-Абад: тарых жана ата-бабалар эскерилди

Биз бүгүнкү эгемен, жаркыраган Кыргызстан үчүн эмгегин, өмүрүн берген, улут көчүнүн узак жолунда ар кандай кыйын тагдырга туш болгон ата-бабаларыбызды, улуу тарыхыбызды барктамайынча, кийинки басар жолубуз түз болбойт. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган реквием-иш-чарасында негизинен ушундай ой айтылды, – деп билдирди шаардык мэриясынын маалыматтык борбору.

Жалал-Абад шаарынын мекме-ишканаларынын, окуу жайларынын эмгек жамааттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар борбордук аянтка чогулушуп, аянттагы ар кайсы жылдарда репрессияга тушуккан аталардын сүрөттөрү, аларга арналган китептер коюлган сереге гүлчамбарларды, гүлдөрдү коюшуп, аларды сүкүт сактоо менен эскеришти.

Реквием-иш чарасы учурунда жыйырманчы кылымдын башталышындагы, 20-кылымдын 30-жылдарындагы кыргыз элинин, улуттук элитанын башына түшкөн оор окуялар сахналык көрүнүштөр аркылуу көрсөтүлдү.

Катышуучулар алдына чыгып сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, аксакалдар жана жаштар кыргыз эли өз баалуулуктарына, өзүнүн карт тарыхына кайтып, өзү тандаган жол менен кетиши зарылдыгын баса белгилешти. Ал эми мындай иш-чара шаар тарыхында биринчи жолу болуп жатканын, мындан ары багытта мындан да маанилүүрөөк, мазмундуураак иштер алынып барылышы зарыл экенин айтышты.

-Албетте, Кыргызстан басып өткөн жолунда чоң ийгиликтерге жетишти, бирок биз тарыхтын каргашалуу барактарын да эстен чыгарбашыбыз керек. Эгер биз өз тарыхыбызга маани бербесек, ага чындыктын көзү менен карабасак, андагы оң жана терс көрүнүштөргө сергек баа бербесек, анда биздин келчегибиз да түз болбойт. Ошондуктан 1916-17-жылдардагы окуяларга, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берип, эле ата-бабалардын элесине таазим этүүбүз ылаазым, – деди шаардын биринчи вице-мэри Т. Темирбаев.

 

 

Фото - Нью-Йоркто террорчу автоунаа менен бир нече кишини тебелеп кетти

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп кетти. Бул кол салуунун айынан алты киши дароо набыт болуп, эки киши кийинчерээк ооруканада көз жумду жана кеминде 11дей киши жаракат алды. Полиция кол салган айдоочуну курсагына атып, колго түшүрдү.

Кол салууга шектүү жаран 29 жаштагы Сайфулло Саипов экени аныкталды. Ал бир нече жыл мурун Өзбекстандан АКШга келгени кабарланууда. Буга чейин Флорида жана Нью-Жерси штаттарында жашаган.

Окуя Хеллоун майрамынын урматына оюн-зоок болот деп жаткан жайга чукул жерде болду. Окуянын күбөлөрү атылган октордун доошун жана «Алла – баарынан улук» (“Алла акбар!”) деп арапча кыйкырган үндү угушкан. Ал жерде мектеп окуучуларын ташыган автобус да турган.

АКШ президенти Доналд Трамп өзүнүн “Твиттердеги” баракчасында Нью-Йорктогу террордук чабуулду терең айыптады: “Нью-Йорк шаарында бир оорулуу жана акылынан азган киши дагы бир чабуул жасаган сыяктанат. Мыйзамдуулукту камсыздоо күчтөрү бул окуяны кылдат иликтөөдө. (Мындайга) АКШда жол жок!”

АКШнын Федералдык тергөө мекемеси иликтөө баштады.

Фотобаян - Ноокендеги Бүргөндү айылында Маданият автожол чек ара көзөмөл өткөрүү жайы ачылды

Бүгүн, 1-октябрь – жекшемби күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылындагы кыргыз – өзбек чек арасындагы Маданият автожол көзөмөл өткөрүү жайынын салтанатттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Эки мамлекеттин ортосундагы Маданият автожол көзөмөл өткөрүү жайынын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев жана КРнын чек ара мамлекеттик кызматынын  Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын башчысы – полковник Таалайбек Кожошев катышты.

Ал эми Өзбекстан Республикасы тарабынан Маданият чек ара көзөмөл өткөрүү жайынын салтанаттуу ачылыш аземине Андижан облусунун хокими Шухратбек Абдурахманов жана Пахта-Абад районунун хокими Фархадбек Хожиматов катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте кол коюу аземинде: “Биздин чек араларыбыз эл эркин катташкыдай максималдуу ачык болушу керектигин, чек араларыбыз араздашуунун чек арасы гана болбостон жакшы коңшулаштыктын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш” экендигин баса белгилеген. Алгач Жалал-Абад облусунун делегациясын Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Пахта-Абад районундагы Маданият айылынын тургундары улуттук керней-сурнайлардын коштоосунда нан, туз жана гүлдөр менен  достук жаркын маанайында тосуп алышты.

—   Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев 5-6-сентябрда Бишкекте көп  жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселесинде  тарыхый документке —  чек ара Келишимине кол коюшту. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ошол жолугушууда өзгөчө белгилеп кеткендей, кыргыз-өзбек эли Коконд хандыгында биргеликте жашап келишкен. Бүгүн тарыхый күн жана майрам деп айтсак жаңылбайбыз. Элдерибиз бул күндү чыдамсыздык менен аябай зарыгып күтүп келишкен. Эми коңшулаш өзбек жана кыргыз элдери Маданият көзөмөл өткөрүү жайынан эртең менен саат 7ден, кечки жетиге чейин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Достугубуз түбөлүктүү болсун!,- деди  Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун хокими  Шухратбек Абдурахманов.

—  2017-жылдын 19-сентябрында Ала-Бука районундагы Баймак көзөмөл өткөрүү жайы  саланаттуу ачылган болсо, бүгүн Бүргөндү айылындагы Маданият көзөмөл өткөрүү жайы салтанаттуу майрамдык маанайда миңдеген кыргыз-өзбек элдерининин катышуусунда  салтанаттуу ачылып жатат. Урматтуу өзбек туугандар, Сиздерди көп улуттуу Жалал-Абад облусунун элинин жана өзүмдүн атымдан Маданият көзөмөл жайынын расмий ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Пахта-Абад районунун Маданият айылынын тургундары Салыжан Темиров менен Насиба Абдулазизова чек ара көзөмөл жайынын ачылышы канатташ жана кандаш эки элдин көп жылдап зарлап күткөн үмүт-тилектери болуп келгендигин баса белгилешип, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге  Маданият айылынын элинин атынан терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Ноокен районунун Бүргөндү айылынын жүздөгөн тургундары Андижан облусунун делегациясын нан,туз жана гүл сунушуп, кыргыз ырларын жаңыртуу менен тосуп алышты. Миңдеген эл катышкан Маданият көзөмөл өткөрүү жайынын ачылыш аземине  арналган салтанаттуу жыйында Өзбекстандык меймандарды эл дүркүрөгөн кол чабуулар жана овациялар менен жаркын маанайда тосуп алышты.

—  Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкелеринин 85 пайызы эки мамлекеттин ортосундагы чек ара Келишимине ылайык Бишкекте чечилип, кол коюлду. Ошентип, кыргыз-өзбек элдеринин достугунда жаңы доор, жаңы кадам башталды. Достугубуз мындан ары дагы болоттой  бекем болооруна терең ишенемин. Урматтуу мекендештер, мен азыр эле  Өзбекстан Республикасынын Пахта-Абад районунун Маданият айылынын элин Маданият көзөмөл жайынын ачылышы менен кызуу кутуктадым. Жалал-Абад жана Андижан облусунун жетекчилери кыргыз-өзбек элдеринин карым-катнашын жакшыртуу, достугун бекемдөө жана маданият тармагында кызматташууну дагы күчөтүү боюнча  мындан ары дагы биргеликте тыгыз иш алып барууну чечтик. Бүгүнкү тарыхый күн жана чоң майрам менен Сиздерди дагы бир жолу кызуу куттуктаймын, урматтуу мекендештер!,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунан келген делегациянын өкүлдөрүн Бүргөндү айылынын жашоочуларынын атынан  Марапат Исмаилова куттуктап, кадырман аксакал Алымжан Аталиев кыргыз-өзбек элдеринин ынтымакчылыгы түбөлүктүү болсун деп,  ак батасын берди.  Маданият көзөмөл жайынын ачылыш аземине келишкен Өзбекстандын делегациясынын өкүлдөрүнө Жалал-Абад облсунун жана Ноокен районунун маданият тармагынын өнөрпоздору кеңири программадагы концерт тартуулашты. “Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз” дегендей  кыргыз-өзбек элдери азыр достук менен ынтымакчылыкты бекемдөөгө ыкташа баштады. Ошентип, кыргыз-өзбек чек арасындагы Бүргөндү айылындагы Маданият көзөмөл жайы 1-октябрынан тарта жөнөкөйлөштүрүлгөн режимде иштей баштады.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Фото - Ош облусуна миңдеген жумуш орундарын камсыздаган өндүрүш аймагы курулат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Баоцзи шаарынын мэри Бао Цзиньцай баштаган бир катар жетекчилерди кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташуу, жаңы экономикалык байланыштарды арттыруу тууралуу сүйлөшүлдү. Бул туралуу Ош облустук маалымат кызматы билдирди.

олугушуудан соң кызматташуу жана Ош облусуна өндүрүш аймагын куруу боюнча макулдашууларга кол койду. Ал үчүн Кара-Суу районунан 400 гектар жер аянты каралган. Бул жерге келечекте өндүрүш зонасы курулса миңдеген жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Өндүрүш аймагы 10-15 жылдан кийин жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт. Бардык тийешелүү жагдайлар мыйзам алкагында аныкталган соң өндүрүш аймагынын курулушу 2018-жылы башталат.

Фото - Абактагы Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо ажы Жапаровдун сөөгү жерге берилди

Кечээ, 22-сентябрда адилетсиз бийликтин забын тартып абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун атасы Нургожо ажы Жапаровдун сөөгү жерге берилди. Атамбаевдик режим өзүнүн оппоненттерин жадагалса атасына топурак салууга уруксат бербеди.  Бул тууралу зыйнатка катышкан Кыргызбек Манасбайдын постун жарыялайбыз: 

Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо ажы атабызды акыркы сапарга узатууга Президенттике аттанган 13 талапкердин 5 келди. Улукбек Кочкоров, Назарбек Нышанов, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Арсланбек Малиев жана депутат Талант Мамытов, экс-губернатор Арзыбек Бурханов, экс-депутат Жылдыз Жолдошева, экс-депутат Чолпон Жакупова, экс-министр Равшан Сабиров, укук коргоочулар Акин Токтоналиев, Качкынбек Булатов, коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев. Белгилуу журналист Нышанбек Кочкоров, коомдук активистер Адиль Турдукулов, Дайыр Орунбеков, Калмамат Анапияев, Шайырбек Маматокторов ж.б көптөгөн кайдыгер карабаган инсандар келди.

Нуркожо атабыздын көптөгөн эмгектери тарыхта калаары айтылып ага мактоолор айтылды. Ынтымактуу чыгаан уул кыздарды тарбиялап өстүргөнү үчүн атабызга терең таазим этебиз. Кыргызстандын жалпы 7 дубанынын булуң-бурчунан жана Алматадан, Россиядан келгендерге ыраазычылык билдиребиз.

Садыр Жапаровду атасына топурак салдыртпай койгон бийликке болгон нараазычылыктын чеги жок!

Кыргызбек Манасбайдын facebook соцтармагындагы баракчасынан

Фото - "Ата-Журтчу" Ташиев КСДПчы Жээнбековго ак боз ат мингизди

Камчыбек Ташиев агабыз Сооронбай Жээнбековго ак ниетин билдирип, өзүнүн айылында, атасынын куттуу үйүндө ак боз ат мингизип, суусар тебетей, ак чепкен жаап тосуп алды. Барпы айылындагы жакшылыктан бир көрүнүш. Элдин батасынан өткөн бата барбы? жок албетте. Бата менен эл көгөрөт дейт кыргыз. Барпылыктар ат үстүндө турган Сооронбай Шариповичке ийгилик каалашты, аксакалдар бата беришти. Калганын 15- октябрда көрө жатаарбыз. Элдин алдында сүйлөп жатып Сооронбай Жээнбеков “биз бирибиз өкмөттү башкаралы бирибиз президент бололу деп бириккен жокпуз. Эл үчүн бириктик, эл үчүн иштейбиз,”- деп айтты.
Баяна Кулова, журналист

Фото - "Ата-Журтчу" Ташиев КСДПчы Жээнбековго ак боз ат мингизди

Камчыбек Ташиев агабыз Сооронбай Жээнбековго ак ниетин билдирип, өзүнүн айылында, атасынын куттуу үйүндө ак боз ат мингизип, суусар тебетей, ак чепкен жаап тосуп алды. Барпы айылындагы жакшылыктан бир көрүнүш. Элдин батасынан өткөн бата барбы? жок албетте. Бата менен эл көгөрөт дейт кыргыз. Барпылыктар ат үстүндө турган Сооронбай Шариповичке ийгилик каалашты, аксакалдар бата беришти. Калганын 15- октябрда көрө жатаарбыз. Элдин алдында сүйлөп жатып Сооронбай Жээнбеков “биз бирибиз өкмөттү башкаралы бирибиз президент бололу деп бириккен жокпуз. Эл үчүн бириктик, эл үчүн иштейбиз,”- деп айтты.
Баяна Кулова, журналист
Меню