Ооганстандын Памиринен эки ай мурун Нарынга көчүп келген Ширинбүнү “Спутник Кыргызстан” маалымат агентигинде иштеген кесиптештер Бишкекте белгилүү дизайнер Замира Молдошеванын Мода үйүнөн кийим тандап кийинтип, “Люкс” салонунун визажисттерине макияж жасатышкан. Натыйжасы бизди таңгалдырды. Сиздичи?
Улуу жана Кичи Памирди жердеген кандаштарыбыздын Кыргызстанга көчүп келгенине эки айга чукулдап калды. Учурда Нарын жергесинде жашап жаткан 41 адамдын сегизи — кыз-келиндер. Бүгүн алардын бири, сырдуу жана уялыңкы жылмайган Ширинбү Абдулбаит кызы менен маектешип, кепке тарттык.
Sputnik Кыргызстан алыскы Афганистан аймагындагы Памир тоолорунда өскөн Ширинбүнү окурмандарга башка өңүттө көрсөтүүгө аракет кылды.
Апакай жоолук салып, аны менен катар заманга ылайык, бирок өзүнө туура келген көйнөк кийгизип, макияж койдук.
Ширинбү Абдулбаит кызы учурда 18 жашта. Турмушка чыкканына үч ай болду. Күйөөсү Фазылхак Абубакир уулу экөө тең Кичи Памирде туулуп өскөн. Жаш келин үй-бүлөсү, кайындары, атасы менен кошо келген, учурда Куланак айылында жети киши болуп жашайт.
Ширинбү билим алууга умтулуп, айылдагы лицейде окуп, тамга таанып жатат.
Ширин башкалары менен ошол айылдагы лицейде билим алып, ариптерди таанып жаткан кези. Ал эми кожойке катары кыргызстандыктардын ашканасын өздөштүрө баштагандыгын айтты.
“Салаттарды, манты, бешбармак жасайм. Боткону жана гречкадан тамак жасаганды үйрөндүм. Памирде колго жууйт элек. Азыр кирди машинеге салып коём”, — деди Ширинбү.
Ал Кыргызстан, Нарын жаккандыгын, жашоо-шарттын жакшылыгын, климат жумшак экендигин айтып отурду.
Анткен менен биздин памирлик бул келин туулуп өскөн жерин, курбуларын сагынып жаткандыгын жашырган жок.”Кыздарды, сиңдилеримди, жеңелеримди улам эстеп коюп жүрөм. Алар менен сүйлөшкөн бир кызык эле. Бирге сууга барып, бирге топоз сааган, торпок байлаган учурларды сагындым”, — деди ал.
Биздин каарман ооз комузда ойноп жана бир нече күүлөрдү черте аларын айтып берди.
“Ооз комузда ойнош оңой эмес. Жеңелерим менен сууга барганда же эч ким жок болгондо, аялдар өзүбүз калганда ээн-эркин отуруп алып, кагат элек”, — деп эстеди Ширинбү.
Ширинбүгө кийимдерди Замира Молдошеванын Мода үйү тандап, “Люкс” салонунун визажисттери иштеди.