Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Фото - Кыргызстандык студент Манасбек Максутовдун даректүү фильми Түркияда өткөн сынакта 1-орунду жеңип алды

22-декабрда Түркияда окуган чет элдик студенттер арасындагы ыр жана аңгеме жазуу, кыска метраждуу фильм тартуу боюнча сынакта Түркиянын Кайсери шаарында магистратурада окуп жаткан мекендешибиз Манасбек Максутовдун кыска метраждуу даректүү фильми биринчи орунду жеңип алды. Бул тууралу Кыргызстандык Студенттер платформасына таянып, Манасабек Максутов өзү билдирди.

Манасбек тарткан кыска метраждуу фильмде Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер баса белгиленген. Манасбек менен катар Буркина Фасо, Индонезия, Бангладеш, Афганистан, Сирия, Азербайжан мамлекеттеринен келип билим алып жаткан студенттер да байгелүү орундарга жетишти.

Манасбек Максутовдун фильми “Түркия – биздин да өлкөбүз” деп аталат да 4 мүнөткө созулат. Түркияда окуган чет элдик студенттердин арасында уюштурулган бул иш-чаранын сыйлык тапшыруу аземине Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын уулу, Бүткүл Дүйнөлүк Этно Спорт Конфедерациясынын  башчысы Нежметтин Билал Эрдоган, Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министри Ахмет Демиржан жана Түркия Республикасынын Улуу Мажилисинин бир катар депутаттары катышышты.
Кыска метраждуу фильм тартуу боюнча 1-орунду багынткан мекендешибиз Манасбек Максутовго сыйлыкты Түркия Республикасынын Президентинин уулу, Бүткүл Дүйнөлүк Этно Спорт Конфедерациясынын  башчысы Нежметтин Билал Эрдоган өз колу менен тапшырды.

Айданек Текебаева бүгүн атасын туулган күнү менен куттуктап, үй-бүлөлүк сүрөттөрүн жарыялады

Абактагы саясый туткун Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-декабрда 59 жашка толду. Саясатчыны кызы Айданек туулган күнү менен куттуктап, үй бүлөлүк сүрөттөрүн жарыялады:

“Бүгүн менин атам 59 жашка толду.
Ал Менин атам болгонуна тагдырыма жана кудайыма чексиз ыраазымын. Өзөктүү, акылман, чынчыл, адилеттүү, ак көңүл адам. Айлана-чөйрөдөгү адамдар мени атам менен салыштырып, “сен атаңа окшошсун” деп айтышат. Мен бул үчүн аябай сыймыктанам. Мен атам сыяктуу болгум келет, ал сыяктуу өлкөм үчүн мен дагы өзүмдүн кандайдыр бир салымымды кошкум келет. Ал менин улуу адамым.
Мен чынчылдык сыяктуу адамдык сапатты жакшы өздөштүрө алдым. Бир жолу кичинекей кезимде атамды майда-барат бир нерсе үчүн алдап койгомун, атам ал тууралуу билип, өтө сабырдуу: “Чындыкты айтуу ар дайым жакшы, биринчиден калпычы адамды эч ким сыйлабайт, ал эми экинчиден бирөөдү алдоо өзүңдү алдоого барабар, өзүң менен дайым чынчыл болуш керексин!” деп жеткиликтүү тил менен түшүндүрүп берген.
Ата Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайм! Сизге биринчи кезекте узак өмүр, бекем ден соолук каалайм! Биринчи кезекте Сиз үй-бүлөңүзгө жана Элиңизге керексиз. Бул сыноолор бизди тек гана күчтөндүрөт. Жакынкы келечекте биз баарыбыз бирге болобуз. Эн башкысы үмүттү үзбөстөн, намыстануу менен башты өйдө көтөрүп, алдыга умтулуубуз керек. Биз ЖЕҢГЕНДЕРДЕНБИЗ! Мен Сизди аябай жакшы көрөм жана Сиз менен бирге убакыт өткөргөн убакыттарды аябай сагынып жүрөм!”

 

 

Фото - Киевде демонстранттар менен полиция кагылышты

Кагылышуу президент Петро Порошенкого импичмент жарыялоо чакырыгы менен 17-декабрда да Киевдин көчөлөрүнө бир нече миң адам чыккан учурда болду.

Киевдин борборундагы Көз карандысыздык аянты аркылуу жүрүш жасаган демонстранттар Украинанын Башкы прокурорунун кызматтан кетишин да талап кылышты.

Полиция Көз карандысыздык аянты жанындагы Октябрь сарайы концерттик үйүнүн сыртындагы тирешүүдөн алардын 32 кызматкери жаракат алганын билдирүүдө.

Демонстранттар бул имаратка азыр Украинада оппозиция лидерине айланган мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили өз кеңсесин ушул жерде жайгаштыра турганын айткан соң кирүүгө умтулушкан.

Бирок полициянын жана Улуттук гвардиянын күчтөрү буга тоскоолдук жасашты.

Полиция Октябрь сарайы концерттик үйүнүн сыртындагы кагылыш боюнча коомдук имаратты басып алуу аракети, укук коргоо кызматкерлерин коркутуу, алардын ишине тоскоолдук кылуу деген негизде кылмыш иши козголгонун да маалымдады.

Саакашвили болсо жекшемби күнкү кагылышууну “президент Порошенконун оюну жана чагымы” деп мүнөздөп, ал Октябрь сарайынан болгону эки гана бөлмөнү ижарага алууну көздөгөнүн белгиледи.

Буга чейин Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок сот 11-декабрда аны бошотуп, прокуратуранын өтүнүчүн колдогон эмес.

Украин бийлиги Саакашвилини “мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын былыктарын жашырган” деп айыптап жатат.

Михаил Саакашвили”Жаңы күчтөр кыймылы” менен октябрь айынан бери Киевде нааразылык чараларын байма-бай уюштуруп, чатырларды тигип, президенттин кызматтан кетишин талап кылып келатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фото - National Geographic 2017-жылдын мыкты фотолорун атады

National Geographic уюму 2017-жылы анын дарегине сынакка жөнөтүлгөн 11 миң фотону иликтеп чыгып, жылдын мыкты фотолорун аныктады.

Биринчи орунду Джеяпракаша Джогхи Божандын “Дарак артына жашынган орангутанг” аттуу фотосу жеңип алды.

Экинчи орунду “Эненин мээрими” аттуу сүрөт ээледи.

Үчүнчү орунду “Ак мушкерлер” сүрөтү жеңип алды.

Жюри тарабынан белгиленген фотолор:

Фотобаян - Адилет Айтикеев, журналист: "Германияда Акаевди жумуртка менен урдуруу операциясына кыргыз элчилигинин кызматкерлери, машинасы жана элчинин жубайы катышкан"

КРнын Германиядагы Элчиси Оторбаев Эринес Мотойович жубайы менен.

“Германияда экс-президент Аскар Акаевди жумуртка менен урдуруу операциясына кыргыз элчилигинин кызматкерлери, машинасы жана элчинин жубайы катышкан.  Окуянын чоо жайын төмөнкү сүрөттөрдөн билсеңер болот.

Негизи жумуртка ыргытмай өнөр Европада нормалдуу эле нерсе, эгер ошону чындап нааразы адам ишке ашырса. Ал эми бул жерде Элчилик уюштурганы, катышканы тастыкталды.

Бул деген Эл аралык дипломатиялык эрежелерди одоно бузуу жана кыргыз мыйзамдарын тебелеген кылмыш болуп саналат”

Элчинин жубайы

Элчинин жубайы Акаевге каршы жазылган плакаттарды бүктөп алып көтөрүп жүрөт. Алдыңкы планда Элчиликтин кызматкери Айнура Турсумбаева.

Акаевге каршы жазылган плакат мурда Элчиликтин ичинде илинип турган Кыргыз коньягынын плакаты болгон.

Элчиликтин айдоочулары Акаевге каршы плакат көтөрүп турушат

Элчинин жубайы менен Элчиликтин кызматкери Айнура Турсумбаева бир маселени макулдашып жатышат

Элчиликтин айдоочулары аталган жолугушуунун уюштуруучусу Бакыт Көбөгөновго “Максатыбыз ишке ашты” деп мактанып жатышат

Элчиликтин кызматтык микроавтобусу пикет кылган провокаторлорду ташып келүүгө пайдаланылган.

Адилет Айтикеев, журналист

 

 

 

 

 

Аны "Баткендик ханыша" деп аташчу: "1957-жылы мумияны казып чыгышканда мүрзөдөн кара чымындар жана курттар чыккан" - Кара-Булак айылынын тургундары

Баткен облсунун окумуштуулары Кара-Булак айылына коюлган мумияны кайра казып чыгуу сунушун колдошууда. Бул туурасында Турмуш басылмасына Баткен территориялык музейинин жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдирген.

1409899.1.1507807695

Анын айтымында, эгерде мумияны алып чыгышса анда ал Баткен музейинде сакталуусу шарт. Аны менен чет элдик туристтерди жана окумуштууларды тартса болот дейт.

“Музейде мумия менен чогуу 4-5-кылымга таандык ага байланышкан ар кандай буюмдарды сактоого болот. Окумуштууларга мумияны изилдөөгө шарт түзүү бул өтө туура. Анткени бул кыргыздарга байланышкан тарых. Негизи, эреже боюнча тарыхый буюмдар кайсыл жерден табылса ошол жакта калышы керек. Ошондуктан бул мумия Баткенде калышы керек. Бизде аны сактоого бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар”, – деди А. Кадыров.

Баткендеги музейдин ичи

Аны менен катар Кара-Булак айылынын тургундары окумуштуулардын бул ойлоруна каршы чыгышууда. Алардын айтымында 1957-жылы, орус окумуштуусу бул мумияны казып чыкканда, күмбөздөн кара чымындар жана курттар чыккан. Анын айынан 10 жыл бою айылдагы бактар ооруган. Биз мумияны кайра казууга жол бербейбиз. Эмне болсо дагы ал ордуна калуусу керек дешүүдө тургундар.

Мумия көмүлгөн жер (азыркы учур)

Кара-Булак айылынын тургундары

Фоторепортаж - Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи

Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына расмий сапарынын алкагында бүгүн, 13-декабрда, «Куксарой» резиденциясында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

Эки өлкөнүн президенттеринин расмий жолугушуу аземинен, Ардактуу кароол менен учурашып, делегацияларды тааныштыргандан  кийин, ошондой эле Өзбекстанда аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык миссия башчылары менен  учурашуудан кийин, Мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүү үчүн сүйлөшүүлөр залына бет алышты.

Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча фоторепортаж

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасына расмий сапары болду. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Расмий спардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулло Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Ошондой эле Мамлекет башчысы өнөр жай товарларынын көргөзмөсүнө барды.


Сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери Ташкент шаарындагы өнөр жай көргөзмөсүнө барышы менен соңуна чыкты.


Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев И.Каримов атындагы “Ташкент” эл аралык аэропортунан Мекенине узатты.

Фотобаян - Падыша-Ата петроглифтери

Таш бооруна чегилип түшүрүлгөн жазуулар, сүрөттөр жана петроглифтер, байыркы Ата-бабаларыбыздын руханий турмушунан бизге калтырган кабары аны туура так чечмелеп алуу биздин милдет!
Аксы жана Чаткал райондорунун чек арысында тагыраак айтканда деӊиз деӊгелинен 3714 метр бийиктеги Чаткал кырка тоолорунун, Падыша-Ата мамлекеттик коругунун сырт тарабы, Кашка-Суу айыл округунун мамлекеттик запас жериндеги (ГЗЗ ) Шар капчыгайында аска бетине тартылган петроглифтер бар. Чоӊ-чоӊ эки плита ташка өтө жогорку чеберчилик менен ташка чегилип жазылган. Сүрөт түшүрүлгөн таштар капчыгайдын күн чыгыш тарабынан кандайдыр бир табият кырсыгынан көчүп түшкөндүгү даана байкалып турат. Бул таштарда аркандай сүрөт жана чиймелер тартылган. Ал таштарга күндүн, (солярные знаки) жыландын, куш сыяктуу жаныбарлар түшүрүлгөн. Падыша-Ата петроглифтеринде адамдын таш ыргытып жатканы жана үч баштуу ажыдаар адамдын борпусун соруп, (эротические сцены и плодородия ) жаткан сүрөтү жана түшүнүксүз сызылган чиймелер (лабиринт) тартылган.
Бул жердеги сүрөттөрдү б. з. ч. II миӊ жылдыктын б. з. I миӊ жылдыгына таандык деп, айтсак болот. Себеби, Саймалуу –Таш Петроглифтерине окшоштук жактары бар. Атап айтсак күндүн, жыландын жана адамдын жапайы жаныбар менен алышып, жаткандары.
Саймалуу –Таш Петроглифтери б. з. ч. II мин жылдыктан б. з. I миӊ жылдыгынын 1 – жарымына чейин Теӊир – Тоодо жашаган уруулар менен элдердин (сак, хунну, усун, түрк) социалдык-экономикалык жана руханий турмушун чагылдырып маалымат берет.
М. Асанбеков, Ч. Жолдошевалардын жазган материалдары боюнча « Жыландын образы байыркы жомоктордо көп эле жолугат. Ал көп учурда, зыяндуу, коркунучтуу күчтөр жана талкалоочу окуяларды билдирет. Мисалы: Ыйык Зороастра китеби Авестада жылан, кыйратуучу образда баяндалган»
Падыша-Ата петроглфтеринде да, ошол доордо жашаган элдердин кайгылуу окуясынан кабар берип тургандай.
Адам менен үч баштуу ажыдаар- «Табият менен адамдын мамилесин түшүндүрөт. Адам жаралгандан баштап табият менен жапайы жаныбарлар ортосунда тынымсыз күрөш жүргөн.» Бул сүрөт да ошол доордогу адам менен табияттын ортосундагы мамилени түшүндүрөт.
Академик А.П. Окладниковдун жазган маалыматы боюнча «Таш доорунда күндү Алтын мүйүздүү Бугу катары элестетишкен күн-түн дебей тынбастан нурун чачып Чыгыштан Батышка карай жүгүргөн. Ошондуктан коло доорундагы сүрөтчүлөр мүйүздүү Бугуларды күндүн формасында тоголок кылып тартышкан. » Орто Азия элдеринде Бугу Энеге сыйынуу жогорку деӊгээлде өнүккөн жана Түрк элдринин эӊ негизги «тотеми» болуп, Бугу жөнүндө көптөгөн жомоктор сакталып калган.
Ыссык-Көл, Талас өрөөндөрүндө күн сымал түшүрүлгөн Бугунун сүрөттөрү көп табылган. Табылган таштардагы сүрөттөр, байыркы Ата-Бабаларыбыздын айтып келе жаткан жомокторун тастыктап тургандай.
Таштагы лабиринт, жылан, адамдын үч баштуу ажыдаар менен алышып, жатканы. Жомоктордо оӊ жана терс каармандар байлык үчүн күрөшөт. Ал байлыктын табыш үчүн карта керек, ал тоолордо жана башка жерлерге жашырылган. Логикалык жактан караганда лабиринт бир байлыктын картасы ал эми жылан ошол байлыктын сактоочусу, адам байлык үчүн күрөшүп жатканы деп да түшүнсөк болот. Мындай жомоктор Кыргыз жана Дүйнө элдеринде көп жолугат.
Орто Азияда петроглифтерди изилдөө экспедициясы 1946-жылы башталган. Алар төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлгөн:
• 1946-жылы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Институту
тарыхый – археологиялык экспедиция уюштуруп кыргызстандагы петроглифтерин изилдешкен. Экспедиция учурунда Ыссык-Көл өрөөнүн Жукка, Кулансай капчыгайы жана Талас өрөөнүнүн жаӊы петроглифтер табылган.
• 1956-жылы № 10 мектепбинин тарыхий – археологиялык тобу Талас өрөөнүнүн
Теке-Таш, Курган-Таш, Терек, Кулан, Каракол, Куганды, Күркүрөө-Суу, Ур-Марал деген жерлеринен жаӊы таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдү каттоодон өткөрүшкөн.
• 1960-жылы Талас өрөөнүнүн жаӊы таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөр табылган.
• 1968-жылы Батыш Тянь-Шандан жаӊы коло дооруна таандык, таш бетине тартылган сүрөттөр табылган.
• 1970-жылы дагы Талас өрөөнүнө археологиялык изилдөө иши жүргүзүлөт.
• 1980-жылы Тянь-Шань, Түштүк Сибир жана жогорку Енисейдин петроглифтери изилденген.
• 2005 – жылы мергенчилер тарабынан Падыша-Ата петроглифтери табылган, ошол эле жылдын июль айында ЖаМУ нун СГФ факультетинин Ата Мекен кафедрасынын тарыхчылары, Кашка-Суу айыл округуна караштуу Үчкемпир Турдубаев атындагы № 26-орто мектебинин тарых мугалимдери менен биргеликте барышып, катоодон өткөрүп келишкен.
Коло доорунда ( Бронзовый век ) Евразияда анын ичинде Орто Азияда эки маданияттын өнүгүүсү өкүм сүргөн Андронов маданияты (андроновская культура ) жана Чуст маданияты. (чуст-кайраккумской культура ) Андронов маданиятында – көчмөн (кочевник) мал чарбачылык жана метал иштетүү жакшы жолго коюлган. Чуст маданиятында жер иштетүү, дыйканчылык жогорку деӊгээлде өнүккөн.
Падыша-Ата аймагында андронов маданияты ънккъндугун байкасак болот. Жоон-Бакан жана Сары-Үӊкүр сайларында темир кендерин (шахта ) казып алуучу жайлар болгон деп ишеничтүү айтсак болот. Себеби, ал жерден азыркы күнгө чейин темир калдыктары (шлаг) сакталып калган. Мындай дилилдердин бири, Үчкемпир Турдубаев атындагы № 26-орто мектебинин «Край таануу » музейинин экспонаттарынын арасында аталган маданиятка таандык « жаргылчак » (Кол тегирмен) сакталып турат. Петроглифтер да Андронов маданиятынын өкүлү болуп эсептелет.
Коло доору Орто Азия жана адамзат тарыхынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Б.з.ч. III мин жылдыктан б. з. ч. X-VIII кк. чейинки мезгилди камтыйт. Анын ичинде кыргызстанда экономикалык жана тоо-кен иштетүү жагынан өтө өнүккөн. Бул доордо кыргызстанда Эне бийлигинин Ата бийлигине өтүү жараяны (процессии) өкүм сүргөн. Колодон жасалган (жез менен калайдын кошулмасы) эмгек куралдары, тиричилик буюмдарын жасоону үйрөнүшкөн. Ошол колодон жасалган зубила жана башка металдан жасалган предметтер менен таш боорлоруна жазуу, сүрөт, чиймелерди тартышкан.
Табияты кооз, суусу – абасы таза жана жапайы айбанаттарга бай, Падыша-Ата аймагындагы мындай баалуулуктар, байыркы сүрөтчүлөрдүн да кызыгуусун арттырса керек. Анын далили катары жогоруда көрсөтүлгөн сүрөттөр, петроглифтер жана тарыхчы илимпоздордун илимий пикирлери.
Падыша – Ата петроглифтери, толук изилденип бүтө элек бирок, азыркы убакта табылган илимий далилдерден улам Коло доорунан (Б.з.ч. III миӊ дылдыктан б. з. ч. X-VIII кк.) баштап эле Аксы өрөөнүндө элдердин жана уруулардын жашагандыгынын толук тастыгы. Келечектеги изилдөөлөрүм Аксы аймагында жашаган элдердин жана уруулардын социалдык-экономикалык жана руханий турмушунан көбүрөөк илимий материалдарды ала алам деп ишенем.
Бирок, дагы бир айтып кетүүчү нерсе ушундай тарыхый байлыктарыбызды Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын камкордукка албастан, кайдыгер көз карашта болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Мисалы: биз сөз кылып жаткан петроглифтер, Падыша-Ата күмбөзү, Муг күмбөздөрү жана башка маданий жана тарыхый эстеликтер.
Кыргыз Республикасынын « Муниципалдык менчик » мыйзамынын 3-беренесинин 10- пункттунда « Жергигилктүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери ». 6-беренесинин 2-пункттунда « Менчик маданий же тарыхый мааниге ээ болгондо же башка коомдук пайдалуу максаттарда пайдаланылган учурда » деп, маданий жана тарыхый жайлар Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын менчиги болуп саналат деп, так жана данаа кыргыз тилинде да орус тилинде да жазылган.

Камчыбек уулу Шекербек.

Фоторепортаж – Жээнбековдун Беларусь Республикасына иш сапарынын жыйынтыктары

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 30-ноябрда, Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясына катышты. Мааркелик сессиянын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Саммиттин жъръшъндө Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Меню