Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Фото - Кыргызстандын мыкты экспортёрлору Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон сыйлыктарды алышты

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 31-июлда, ата-мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону илгерилетүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир канча экспортёрлорду – мекемелерди өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Ошондой эле экспорттук инфраструктуранын жакшырышына катышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү да сыйланды. Алардын арасында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, мамлекеттик чек арада жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарды куруп, модернизациялоо менен алектенгендер да бар.

“2017-жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 657,8 млн. АКШ долларын түзүп, 30 пайызга өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 224,8 млн. АКШ доллар болуп, 29,3 пайыз өсүү байкалган. Үчүнчү өлкөлөргө болсо экспорт 432,9 млн. АКШ долларды түзүп, 30,3 пайызга жогорулаган. Дүйнө экономикасындагы терс көрүнүштөргө жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн темпинин төмөндөөсүнө карабастан биз ийгиликтүү жетишкендиктерге жетише алдык”, – деп Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков деп белгиледи.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков маалымдагандай, экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн тийиштүү инфраструктура түзүлүп, жаңы заманбап лабораториялар салынып, мурда иштеп келген лабораториялардын жабдыктары жаңыланып, чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары модернизацияланган.

“Бир жыл мурун биздин ата-мекендик ишкерлер башка өлкөлөргө өз продукцияларын экспорттоодо бир топ кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Бүгүн мындай көйгөй жок. Биздин дыйкандар эч кандай тоскоолдуксуз өз продукцияларын ЕАЭБ жана Европа Союзунун базарларына ташый алышат. “Кыргызстанда жасалды” деген бренд акырындык менен ири базарларды багындырууда. Ошол эле маалда сырткы рынокто биздин ата-мекендик ишканалар атаандаштыкка туруштук берүү үчүн ар дайым жаңы технологияларды колдонуп, жаңылыктарды киргизип, өндүрүштүк чыгымдарды азайтып, чыгарылган продукциялардын ассортименттерин кеңейтүү менен сапатын жогорулатуу зарыл. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сиздерге ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр. Биз диалогго жана кызматташтыкка ачыкпыз”, – деп Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өкмөт башчы маалымдагандай, 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып “Экспортко багытталган ишканаларды жана импортту алмаштыруучуларды каржылоо – 1” долбоору ишке ашат. Ага ылайык экспортко багытталган мекемелер жалпы суммасы 3,5 млрд. сомго жакын каражатты жеңилдетилген насыя катарында алса болот.

Аталган долбоордун алкагында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ата-мекендик экспортёрлорго жана импортту алмаштырган продукцияларды өндүргөндөргө бюджеттик колдоо болот. Бул чечим бир эле жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгын жогорулатпастан келечекте республиканын экспорттук потенциалын өстүрүүгө, ички рынокко жана экспортко чыккан продукциялардын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга түрткү болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен:

– Адыл Есеналиев – «Эталон Вин Атайынкурулуш» ЖЧК башкы директору;

– Кадырбек Жакыпов – «Ак-Таш» АК директорунун орун басары;

– Кулуйпа Жузумалиева – «Ак-Жалга» ЖАК жетекчиси;

– Бактыбек Исиралиев – «Шоро» ЖАК башкы директору;

– Казим Каракетов – «Даря Тянь-Шаня» ЖЧК башкы директору;

– Эмир Парпиев – «Талас Куту – БМК» ассоциациясынын жетекчиси;

– Топчубек Рысбаев – «Ренесанс» ЖЧК директору;

– Абдыгафар Халбеков – «Исхак Разаков» ЖЧК башкы директору;

– Юлдаш Чодуев – «Ак-Текс» ЖЧК директору;

– Музеин Эрджепов – «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК башкы директору;

– «Легпром» Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы;

– «Молочный союз» жумуш берүүчүлөр бирикмесинин ассоциациясы;

– «Куликовский соода үйү» ЖЧК;

– «Одно село один – продукт» ассоциациясы сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш алгандар:

– Кайрату Абдуллаеву – «Үмүт и Ко» ЖЧК жетекчиси;

– Надежда Ворошилова – «Шоро» ЖАК башкы инженери;

– Кубаныч Жекшеналиев – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун контролёру;

– Арстанбек Ишенбаев – «Агропродукт Азия» ЖЧК башкы директору;

– Ахтям Кашвеев – «ОСКО» ЖЧК башкы директору;

– Уран Ниязалиев – «Дан Агро Продукт» ЖЧК башкы директору;

– Руслан Шерматов – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун материалдык-техникалык камсыздоо боюнча техник.

Фото - «Кыргызстандын сулуусу-2014» наамынын ээси Айкөл Аликжанова турмушка чыкты

«Кыргызстандын сулуусу-2014», «Интернет сулуусу 2012» наамдарынын ээси Айкөл Аликжанова турмушка чыкты. Анын үлпөт тоюндагы сүрөттөр 29-июлда социалдык баракчаларга жарыяланды.
Айкөл Аликжанова «Дүйнө сулуусу-2014» эл аралык сынагында Кыргызстандын атын алып чыккан модель жана актриса катары таанымал. Ал бир жыл мурун акыркы тасмага тартылганын билдирип, хиджаб кийүү чечимин кабыл алганын жарыялаган.

Учурда А.Аликжанова мусулман кыз-келиндер үчүн ылайыкталган кийимдерди, көйнөктөрдү даярдап, кайрымдуулук жана коммерциялык багыттагы долбоорлор менен алектенүүдө.
Айкөл хиджаб кийгени тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасына: «Менин баракчама жазылгандардын хиджаб жөнүндө суроолоруна жооп берем: ооба, мен жамындым, жана бул терең ойлонулган тандоо. Мен ага ыраазымын жана бактылуумун. Силерге да “элдин алдында” дегенди эмес, Жараткандын ыраазычылыгы жөнүндө ойлонууга кеңеш берем. Ооба, мен кыргыз болуп төрөлгөм жана менин дин тутуум буга эч кандай тиешеси жок. Келгиле, бири бирибизге күйүмдүү болуп, урматтаганды үйрөнөлү. Баарыңарга тынчтык жана ынтымак!», – деп жазган.

Булак: Турмуш

Фото - Текебаевдин тарапкерлери "Атамбаев куугунтукту ТОКТОТ!" деген талап менен ачкачылык башташты

Бүгүн, 31-июлда Бишкектеги “Ата-Мекен” партиясынын кеңсесинде абактагы Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери ачкачылык акциясын башташты. Бул тууралу партиянын жаштар канатынын өкүлү Жакшылык Бердибеков социалдык тармактарда төмөнкүдөй мазмундагы билдирүү таратты:

Атамбаев куугунтукту ТОКТОТ!

Саясий куугунтук мурун эле башталган. Бирок, акыркы бир жылда бир ууч саясий топ бийлигин сактап калуу аракетин катуу баштады. Атамбаевдик бийликке “боло берет экен” деген ыкма менен кетип баратат.

Өмүрбек Текебаевдин ишин аны үй камагына чыгарып алып деле териштирсе болмок. Ал тургай күнөөсүн аныктай албай жатышып, кылмыш кылып жаткан жеринен кармап алган адамдай мамиле кылышууда. Текебаевдин адамдык укугун болуп көрбөгөндөй тебелешти.

Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун партиялаштары жана туугандары мындай ыпластыка кыргыз жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу үчүн ачкалчылык жарыялоого аргасыз болуп жатышат.

Ачкачылык жарыялоо менен биз бул саясий куугунтука маани берип, баарыбыз бир үн менен бийликке ТОКТОТ деп айтып көрөлү.

Биздин дүйнө элдери менен жарыша өнүгүүбүз ушундан башталат!

Ачкачылык Рыскулов 111-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилиши, “Ата Мекен партиясынын штабында башталды.”

Фото - Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумуш сапары менен Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына барды

Сооронбай Жээнбеков аймактарга болгон жумуш сапарын улантуу менен, эки күндүк жумуш сапарында Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына барды.

Өкмөт башчы инфраструктуралык, социалдык объекттер, ишканалардын ишмердүүлүгү, кичи ГЭСтердин курулушу менен таанышып, оңдолуп жаткан аймактык жолдорду көрүп чыкты.

Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков коопсуз аймактрага көчүрүлгөн Өзгөн районунун Ана-Кызыл, Төрт-Көл айыл аймактарындагы жана Кызыл-Адыр аймагындагы Жаман-Адыр айылындагы тургундар менен жолукту.

Фото - Бишкек - Ош жолунда автокырсык болуп 8 адам көз жумду

Кыргызстандын “Бишкек – Ош” автожолунда унаа кырсыгы катталды. Жыйынтыгында 8 адам каза болуп, үчөө оор жаракат менен ооруканага жеткирилди. Каза болгондордун төртөө эркек, үчөө аял жана бирөө 5 жаштагы кичинекей кыз. Бул туурасында ӨКМ билдирет.

На трассе Бишкек — Ош столкнулись Honda Stepwgn, Honda Odissey и грузовик.

Маалыматка ылайык, авария бүгүн, 20-июлда эртең мененки саат 6:00 чамасында Таш-Көмүр шаарына жакын жерде болгон. Жолдо кетип бара жаткан жүк ташуучу MAN унаасы эки минивен менен кагышкан. Учурда кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатат.

Погибли восемь из девяти пассажиров Stepwgn: четверо мужчин, три женщины и 5-летняя девочка — сейчас их личности устанавливаются.

Фотобаян - Путин жалгыз эмес: дагы кайсы саясатчылар балмуздакты жакшы көрүшөт?

Саясатчылардын балмуздак жегени 18-июлдагы эң чоң жаңылыктардын бири болду. Ооба, алар да чын эле балмуздак жешет – жана Россияда гана эмес. Муздак массаны ар кайсы убакта Дмитрий Медведевдин колунан жана Хиллари Клинтондун тарелкасынан көрүүгө болот.

«Газета.Ru» мурунку жана азыркы дүйнөлүк саясий лидерлердин бул десерт менен болгон мамилесин эске салды. Анда төмөнкү фотогалереядан Джордж Буш, принц Чарльз жана дагы Иосип Броз Титону балмуздак менен көрө аласыздар.

Фото - Назира Айтбекова, теле алып баруучу: "Бөдөнө тумшук мамагымды көрө албай койдуңар, иттин башындай болгондо кууратмак экенсиңер!"

Кечээ белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына акыркы фотосессиясынан бир нече сүрөтүн жарыялаган эле. Ал сүрөттөр фейсбук пайдалануучулардын арасында чоң талаш-тартыш жаратып, бирөөлөрү колдоп чыкса экинчилери “бул өтө эле ачык тартылган, ашкере кеткен фотолор экен, мындай сүрөттордү жарыялабаш керек” деп уяткарууга аракет кылышты. Төмөндө биз Назира Айтбекованын аларга жообун жана ызы-чуу салган фотолорун жарыялайбыз:

“Бөдөнө тумшук мамагымды көрө албай койдуңар, иттин башындай болгондо кууратмак экенсиңер!”

“Алдыга чыкса, таскак дейбиз. Артта калса, аксак дейбиз. Этектен тартып, төбөгө уруп эле келатабыз бири бирибизди. Эмне майнап чыкты? Өзгөрүүгө мезгил жетти го дейм. Ар бир адамдын эрки болушу керек. Эрежеге салып, этектен тартып турсак, өсүш болбойт! Акыркы жолу кимиңер көңүлүңүөрдөгүнү кылдыңар? Кимиңер көксөөңөрдү сууттуңар? Кимиңер өз каалооңордогу кесипке жетип, өз каалаган эрге тийип же аял алдыңар? Эл эмне дейт ? Үйдөгүлөр эмне дейт ? Балким Ошон үчүн жарыбай аткандырбыз? Эмнеге биз капаста болушбуз керек? Эмнеге көз каранды болууну тандайбыз? Эмнеден коркобуз? Ар ким өзү катачылык кетирет. Оңдонот. Түздөнөт. Бир жолу жашайт экембиз. Мен каалаган жашоону сүрүп өтүүгө акым бар. Ката кетирсем, жанылсам, меники болот ал ката. Туура жолдо баратсам, демек азаматмын!”

“Эмчегимди көрсөтүп, эркектерге эрмек болоюн дегеним жок. Өтө эле кооптуу коом болуп баратабыз. Эркиндиктин аты бар заты жок.”

“Эркектер личкага агылып жазып атат го, чиркин. Аялдар асынып алып атат”

“Бул сүрөттөр коомго салган ачуу айкырыгым”

Назира Айтбекованын Фейсбук жана Твиттердеги баракчаларынан алынды

Фотобаян - Кыргызстанда 1 млрд долларга ГЭСтерди куруп берет деп бийлик алып келген Liglass Trading ишканасынын бүгүнкү банкрот абалы

Кыргызстандагы ири долбоорду активинде кароосуз калган айнек заводу гана бар фирма жүзөгө ашырат. Чехиядагы белгилүү Hospodarske Noviny басылмасынын сүрөтчүсү Лишни айылында жайгашкан заводго барып, кароосуз калган ишкананы сүрөткө тартып келген. Сүрөттөр жана маалыматтар byznys.ihned.cz сайтынан алынды.

1.Имараттын бир бөлүгү кароосуз калган жана талкалануу абалында турат. “Жылаңач дубалдар, чатырынан суу тамат”, – деп айтты күркөдөн бир нерсе сатып алып жаткан адам. Анын айтымында, заводдо жабдуулар жок, бирок аймак бош эмес. Мурдагы кызматкер болжол менен эки компания бул жерди ижарага алганын кабарлады.

2.”Кайсы бир заманда заводдун ушул көк дарбазаларынан Liglass фирмасынын асма шамдары дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап кетчү”, – деп эскеришет жергиликтүү тургундар. Ишкана белгилүү сүрөтчү Ян Саудек жана архитектор Ян Каплицкий менен кызматташчу. Соода реестринде бул имаратта Liglass Trading CZ фирмасы жайгашканы айтылат.

3.2016-жылы компания өзүн банкрот деп жарыялаган.

4.”Миллиарддар дейсиңерби? Бул тамаша го?”, – деп какшык жооп кайтарган жергиликтүү тургундардын бири “ал жакта шыбы күбөлөнүп түшүүдө” деди.

5.Буга чейин бул жерде 1 200 киши иштегенин айтат заводдун мурдагы кызматкери. “Мурда мен жумушчуларды автобус менен ташычумун. Азыр болсо ал жерде эки жумушчу асма шамдар үчүн тетик жасашат”, – деп айтты ал. Жергиликтүүлөр заводду ичине кирип көрсө болорун, бирок ал жакта кызыктуу эч нерсе жоктугун айтышат.

6.”Мен эч нерсе билбейм, түшүнбөйм”, – деди жума күнү кечинде Liglass ишканасынын мурдагы кызматкерлеринин бири. Ал мурдагы жетекчиси мынчалык чоң акча тапканына ишенген жок.

7.Таштанды кутусу толуп калган, ал эми кире бериши көпчүлүк цехтердей эле бош турат.

8.Жергиликтүүлөр Михал Смеликти өтө демилгечил жетекчи катары сүрөттөшөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, анын агасы Рене жумшак адам. 10-июлда Бишкекте ири энергетикалык долбоорго кол койгон Смелик мырза Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана долбоор тууралуу маектешүүгө көнгөн жок.

9.Анткен менен комплекс бош жаткан жери жок. “Айнек менен иштеген эки компания бул жердеги жайларды ижарага алышат”, – деп айтты Liglass заводунун мурдагы кызматкери.

10.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню