Сооронбай Жээнбеков аймактарга болгон жумуш сапарын улантуу менен, эки күндүк жумуш сапарында Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына барды.
Өкмөт башчы инфраструктуралык, социалдык объекттер, ишканалардын ишмердүүлүгү, кичи ГЭСтердин курулушу менен таанышып, оңдолуп жаткан аймактык жолдорду көрүп чыкты.
Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков коопсуз аймактрага көчүрүлгөн Өзгөн районунун Ана-Кызыл, Төрт-Көл айыл аймактарындагы жана Кызыл-Адыр аймагындагы Жаман-Адыр айылындагы тургундар менен жолукту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ