Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Ысык-Көлдө чек арачылар бир кап курал-жарактарды табышты

Жети-Өгүз РИИБне чек ара кызматынан кайрылышкан. Алар 4-декабрда чек ара кызматынын жоокерлери тарабынан Ак-Шыйрак өрөөнүнүн «Кара аска» жергесиндеги асканын түбүнөн капка салынган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ак атуучу куралдан 2 данаа, ошондой эле 20 жана 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жарактары табылып алынгандыгын билдиришкен. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБде катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Казак жаранын уурдаган Казань полициясынын мурдагы башчысы 10 жылга кесилди

Москвада сот 5-декабрда Казань полициясынын мурдагы башчысы Руслан Халимдаровду 10,5 жылга катаал режимдеги колонияга эркинен ажыратты.

Ал кылмыш ишин бурмалоо максатында адам уурдоо, маңзат атекзчилиги боюнча күнөөлүү деп табылды.

Халимдаровдун алдында иштеген үч киши 8 жылдан 9 жылга чейин түрмөгө кесилди, деп жазды “Бизнес Online” басылмасы.

Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин көрсөтмөсү менен иш Татарстанда эмес Москвада карала баштаган. Ал казандык соттордун калыстыгынан шек санаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Халимдаров кол алдында иштегендер менен бирге 2005-жылы Казакстан жаранын уурдоону уюштурган. Ага маңзат сатуу боюнча жалаа жабылып, 13 жылга кесилип кеткен.

Полициячы 2013-жылы гана кармалган. Башында ал кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталган. Берене Тергөө комитетинин борбордук аппаратына өткөндөн кийин өзгөртүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда тергөөчү гранатометтун жарылуусунан мерт кеткени аныкталды

Курган-Төбө шаарынын тергөөчүсү Мухиддин Зохидзода танкка каршы реактивдүү «Муха» гранатометунун жарылуусунан мерт болгону аныкталды. Гранатомет милиция кызматкерлери тарабынан христиан көрүстөнүндө табылган.

Окуя Мухиддин Зохидзода аны каттоого алып жаткан маалда болгон. Бирок гранатометту кароо учурунда эски курал кокустан жарылып кетип, курмандыкка алып келген.

«Муха» брондолгон техникаларды жок кылууга багытталган. Жарылуу катуу болгондуктан, шаардык милиция имаратынын чатыры кошо талкаланган.

Окуя учурунда милициянын дагы бир кызматкери жаракат алып, ооруканада дарыланууда.

Буга чейин Тажикстан ИИМи Курган-Төбөдө жарылуу болгонун тастыктап, окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - RFE/RL президенти "Свобода" радиосунун тыңчылардын тизмесине киргизилишине комментарий берди

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Кент корпорациянын бир нече маалымат долбоорунун “чет элдик агент” тизмесине киргизилишине комменатирий берди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Кент бул чечимдин жыйынтыгында “уюмдун Орусиядагы ишмердүүлүгү дагы көбүрөөк чектөөлөргө кабылышы мүмкүн, азырынча бул чектөөлөр тууралуу эч кандай так маалымат жок” деп билдирди.

– Биз Юстиция министрлигинин жана Орусиянын башка мекемелеринин биздин уюм тууралуу билдирүүлөрүнө кунт коюп көз салып турабыз. Ошол эле учурда биз орус тилдүү аудиториябызды так жана бейтарап маалымат менен камсыз кылууга багытталган журналисттик ишмердигибизди уланта беребиз, – деп кошумчалады “Эркин Европа/Азаттык” медиа корпорациясынын президенти Том Кент.

5-декабрда Орусиянын Юстиция министрлиги «чет элдик агент» макамы ыйгарылган ММКлардын тизмесин жарыялаган. Ага «Америка үнү», “Эркин Европа/Азаттык” радиосу (РСЕ/РС), «Настоящее время» телеканалы, «Свобода» радиосунун татар-башкыр кызматы (AzatliqRadiosi), «Фактограф», «Idel.Реалии» корпорациясынын долбоорлору, «Кавказ.Реалии», «Крым.Реалии» сайттары, «Свобода» радиосунун жаңы «Сибирь.Реалии» медиадолбоору киргизилген.

Ноябрдын соңунда Орусияда бийликтин чет өлкөлөрдөн каржыланган ММКларды «чет элдик агент» деп жарыялоосуна мүмкүндүк берген мыйзам кабыл алынган. Андай маалымат каражаттары Юстиция министрлигине өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берип, өз продукцияларын маркировкалоого милдеттүү болушат.

Орусиядагы чет элдик маалымат каражаттарына чектөө киргизүү чечими АКШдагы Кремль каржылаган “Russia Today” телеканалы Американын Юстиция министрлигинин талабы менен “чет элдик агент” катары кайра каттоодон өткөндөн кийин кабыл алынган.

Кошмо Штаттардын Москвадагы элчиси Жон Хантсман дагы Москванын бул чечимине тынчсыздануусун билдирди. Ал орус бийлигин сөз эркиндигин чектебөөгө чакырды.

АКШнын өкүлдөрү америкалык “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзам орустардыкынан кыйла айырмаланарын жана маалымат эркиндигин эч кандай чектебей тургандыгын бир канча жолу белгилешкен. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу медиакорпорациясынын президенти Томас Кент белгилегендей, RT телеканалы өз берүүлөрүн АКШда кабелдик түйүндөр аркылуу эркин жайылтса, Свобода радиосу Орусияда мындай мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда түрмөдөгү мурдагы министр кыйноого кабылганын четке кагышты

Тажикстандын Юстиция министрлиги жана Вахдаттагы түрмөнүн жетекчилиги соттолгон ишкер Зайд Саидовго карата кыйноолор колдонулганы тууралуу интернетте жарыяланган маалыматты четке кагышты.

Алар абактан качууга ыктагандардын тизмесинин арасында Зайд Саидовдун ысымы бар экенин тастыкташты. Бирок Вахдат түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан, 29 жылга кесилген мурдагы өнөр жай министринин туугандары анын ден соолугуна кабатыр болушууда.

Зайд Саидов “Жаңы Тажикстан” аттуу партия түзүү ниетин билдирген соң, 2013-жылы кармалган. Аны тарапташтары саясий туткун катары эсептешет.

Пенитенциардык системанын жетекчиси Изатулло Шарипов 6-декабрда Зайд Саидовго катаал мамиле жасалгандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, камактагы бардык жарандардын абалы жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда алдамчылык үчүн эки журналист соттолду

Согди облусунда «Укук» деп аталган апталык жеке басылманын башкы редактору Ойбек Алиев 8 жыл 10 айга, анын атасы Турсунали Алиев 6 жылга соттолду. Алар райондук сот тарабынан алдамчылыкка жана опузалоого күнөөлүү деп табылышты.

Бирок жаш курагына байланыштуу 70 жаштагы Турсунали Алиевдин камактагы мөөнөтү шарттуу 2 жылга эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылды.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы Турсунали жана Ойбек Алиевдер «башка бирөөнүн мүлкүн атайылап зыянга учуратуу», «өзүмбилемдик» жана «бийлик органдарына баш ийбөө» беренелери боюнча райондук сот тарабынан соттолушкан. Бирок мунапыс мыйзамы менен ири суммадагы айып пул төлөп, камактан кутулуп кетишкен.

Жаңы кылмыш иши жергиликтүү тургундардын бир канча жолку даттануусунан кийин козголгон. Жабырлануучулар журналист ата-бала жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечип беребиз деп, алардан акча алып келишкен.

Ойбек жана Турсунали Алиевдер тарабынан алданган жарандар райондук соттун чечимине канааттанбай, жогорку баскычка даттанууга ниеттенип жатышат.

Согди облусундагы журналисттик уюмдар соттолгон ата-баланын ишмердүүлүгү журналисттик этика менен нормаларга каршы келет деп эсептешип, аларды коргоодон баш тартышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда мурдагы саясий туткун Мурад Жураев каза болду

Өзбекстанда 65 жаш курагында «Эрк» демократиялык партиясынын мүчөсү, Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты жана Мубарек шаарынын экс-мэри Мурад Жураев каза болду.

Ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахман Ташановдун айтымында, Мурад Жураев 4-декабрда түшкү тамак ичип жаткан маалда күтүүсүздөн каза болгон.

Акыркы айларда Жураев дарылануу үчүн Германияга барууга даярдык көрүп жүргөн. Ал бийликтин өлкөдөн чыгууга уруксатын дээрлик эки жыл күтүп, өлкөдөн чыгуу визасын быйыл 7-октябрда гана алган.

Эгемен Өзбекстандын тарыхында эң узак мөөнөт (20 жылдан ашык) абакта отурган Мурад Жураев 2015-жылы 12-ноябрда эркиндикке чыккан. Туугандары анын дарыланышы керектигин айтып келишкен.

1995-жылы Өзбекстандын Жогорку соту Мурад Жураевди бийликти күч менен басып алуу аракетине күнөөлүү деп таап, аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Өзбек бийлиги ар жолу анын камактагы мөөнөтү бүтөйүн деп калганда түрдүү шылтоолор менен кошумча мөөнөт берип келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Ведомости» Орусия армиясынын жоготуулары тууралуу маалыматтарды жарыялады

2012-2015-жылдар аралыгында Орусия армиясында 2642 киши каза болгон. Мындай маалыматты «Ведомости» гезити өлкөнүн Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерин камсыздандыруу тууралуу документтерине шилтеме кылып жарыялады.

Анда жоокерлердин өлүмүнүн себептери көрсөтүлгөн эмес. Коргоо министрлигинин өзү 2010-жылдан бери каза болгон аскер кызматкерлердин саны тууралуу маалыматтарды жарыялабай келет.

Баарынан да орус аскерлери 2014-жылы, Украинанын чыгышында куралдуу кагылышуулар күч алып турган маалда көп (790 киши) курман болушкан. Киев менен Батыш өлкөлөрү анда Орусиянын куралдуу күчтөрү Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдер тарапта согуш жүргүзүшкөн деп эсептейт.

Киевдин маалыматы боюнча, жалпысынан Донбасста Орусиянын беш миңге жакын кадрдык аскер кызматкерлери согушуп жүрөт. Кремль расмий түрдө бул айыптоолорду четке кагып, Украина чыгышында кармалган көптөгөн Орусия жарандарын «ыктыярчылар» деп атап келүүдө.

Орусия 2015-жылдын сентябрынан бери Сирияда аскердик операциясынулантууда. Бул убакыт аралыгындагы орус армиясынын жоготуулары тууралуу расмий маалыматтар жок. Бирок ММКлардын маалыматтарына караганда, акыркы бир жылдын ичинде эле Сирияда кеминде 40 орусиялык жоокер мерт болгон. Батыш өлкөлөрү Орусияны Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдоого, өлкөнүн жай тургундарынын өлүмүнө жана тыюу салынган каражаттарды, анын ичинде кассеталык бомбалар менен химиялык курал колдонууга айыптап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Ур-токмокко алынган Гүлшаир коомчулуктан жардам сурайт

Бишкек шаарынын Төкөлдөш конушунун тургуну Гулшаир Юлдашиеваны 29-ноябрь күнү өзүнүн коңшулары сабап кеткен. Окуядан бери беш күн өтсө дагы бейбаштар кармала элек.

“Ошол түнү караңгыда дааратканага чыгып үйгө кирип баратсам бир бала тийишти. Жооп бербей үйгө кире берээрде дагы бир бала тосуп алды. “Милиция чакырам”-дедим аларга. Үйгө качып кирдим. Бирок, айнектерди чапкылап, эшикти дагы катуу ургулаганда эшикти ачсам мени жанагы бала муштум менен бетке чапты. Чачтан сүйрөп айнеке урганда айнек сынып калды. Катуу ур-тепкиге алды.Жанындагы бала карап турду. Аңгыча кошуналар келип калганда мен үйгө качып кирип милиция чакырдым. Милиция менин арызымды кабыл алган жок. Көрсөтмөмдү дагы алышкан жок. Эки күндөн кийин көрсөтмө алып кетишкен. Ошол боюнча дайын жок. Мен эртең ооруканадан чыксам үйгө барганда баягыл мени сабаган балдар кайра келсе эмне кылам? Мен жалгызмын, бир туугандарым, жакындарым дагы жок.”-деди Гулшаир.

Источник: Govori.tv

 

2003-жылы таанышын сабап койгон кылмышкер 13 жыл издөөдө жүрүп кармалды

2003-жылы И.Т. аттуу жаран Д.Г. аттуу таанышы менен уруша кетишип, сабап салган. Натыйжада Д.Г. аттуунун ден соолугуна оор залал келтирилип, алган жаракатынан Айдаркен айылынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул туурасында Баткен ОИИБнин  Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кадамжай РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин (атайылап ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол учурда 23 жаштагы И.Т. аттуу шектүүгө карата издөө жарыяланып, кармоо үчүн ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ыкчам кызматкерлер шектүүнүн кайда экендигин тактоо максатында издөө иштерин жүргүзүшкөнү менен ийгиликсиз болуп келген. Шектүү көп жылдар бою Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын аймагында жашырынып жүргөн. 2017-жылдын 29-ноябрь күнү Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Ы.Т. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалган.

Азыркы учурда кармалган жаран 36 жашка чыккан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Меню