Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Видео - Тажикстанда жыл башынан бери табият кырсыгынан 27 киши каза болгон

Тажикстанда жыл башынан бери жаратылыш кырсыктарынан улам 27 киши каза болгон. Бул тууралу 5-июнда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз катчысы Умед Юсупов билдиргендей, былтыркы жылы өлкөдө 55 табият кырсыгы катталып, андан 20 жаран мерт болгон.

Анын айтымында, быйыл баарынан да Дүйшөмбү-Худжанд унаа жолундагы кар көчкүсүнөн көп адам өлгөн. Өлкөдө январь айында эле 250 кар көчкүсү түшкөнү кабарланган.

Дүйшөмбү-Чанак унаа жолун тейлеген IRS компаниясынын басма сөз катчысы Даллери Абдулло табият кырсыктары бүгүнкү күндө да болуп жатканын билдирди. Айтымында, 4-июнда жолдун 51-чакырымында күтүүсүздөр сел жүрүп, 300 унаа суу туткунунда калган.

Тажикстандын Лахш районунда 28-майда болгон селден видео:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өз канынан жаралган наристени мууздап салды

Чүйдүн Ысык-Ата районунда аз күн мурун эле төбө чачты тик тургузган кылмыштуу окуя болду. Маалым болгондой, анда 23 жаштагы келин бир жаштагы өз жанынан жаралган ымыркай баласын бычак менен кой мууздагандай мууздап салган. Бала ошол жерден жан берген. Келиндин андай айбандык кылмышка барышынын себеби, биринчиден ал күйөөсү менен ажырашкан, экинчиден, психикалык жактан оорукчан экени анык болгон. Азыркы тапта иш боюнча тергөө жүрүп, окуя териштирилип жатканы маалымдалды.

Булак: “Фабула”

Видео - Лондондогу терактка ИМ жоопкерчилик алды

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 3-июнда Лондондо болгон жардырууга жоопкерчилик алды. Террордук кол салуудан жети киши мерт кетип, 48и ооруканага жаткырылган, алардын арасында айрымдарынын абалы оор. Британ полициясы Лондондун чыгышынан терактка шектүү катары 12 кишини кармады.

Полиция террорчулардын үчөө тең “жанкечти кемерин” тагынып жүргөнүн, бирок жандарында жардыруучу зат болбогонун маалымдады. Кол салуучулар көбүрөөк дүрбөлөң жасагылары келгени божомолдонууда.

Скотленд-Ярд өкүлүнүн кабарлашынча, кылмышкерлерге карата сегиз полициячы ок атып, үчөөнү тең өлтүрүшкөн. Бир жай тургунга кокустан ок жаңылган.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Марттын этегинен бери Британияда ушуну менен үч теракт болду.

https://www.youtube.com/watch?v=Sgw2apGJSBk&feature=youtu.be

ИИМ: Республика боюнча бир жума ичинде 2000 ашуун кылмыш иши катталды

Ички иштер органдары тарабынан кылмыштар тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөргө ыкчам түрдө жооп берилип жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

29 майдан июнь айынын 4-күнүнө чейинки аралыкта ИИМдин ыкчам чара көрүү борборуна Республика боюнча 2154 кылмыш иши катталып алардын 1801 нин өздүгү такталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 526 факты катталып, анын 327 кылмыштын бети ачылса, 75 кылмыш изи сууй электе ачылган. Мурда болгон 216 кылмыштын бети ачылган.

Тоноочулук боюнча 7 кылмыш ишинин бети ачылса, 1 денеге залал келтирүү, 19 зордуктоо, 236 алдамчылык, 62 уурулук, 1 мал уурулук, 1 унаа урдоо фактысынын бети ачылган. 124 кг. 607 грамм мыйзамсыз баңгизаты алынган.

Интернетте педофил деп шектелген жаранды сабап жаткан видео коомчулуктун талкуусун жаратууда

Бул видеодогу окуя Бишкек шаарындагы “Ак Ордо” конушунда болгондугу белгилүү болду. Андагы сүйлөп жаткан тургундардын коментарийлерине көңүл бурсак, болжолдуу кылмышкер мектеп жашындагы окуучу кызды бычак менен коркутуп зордуктоо аракетин жасаган. Бирок аны оюн ишке ашырбай жергиликтүү тургундар кармап алышкан. Бул анын биринчи жолку жасап жаткан иши эмес экендигин тургундардын айтуусунан байкасак болот.

Борбордук милициянын билдиришине таянсак азыр тергөө жүрүп жаткан учур.

Бул видео алгач “Фейсбук” соц. тармагына жүктөлөр замат коомчулуктун катуу талкуусуна түштү. “Бул өкүмсүз жазалоо туура эмес, кылмышкерди милиция камаш керек, адам укугун тепселеп жатышат” деген ойлор чыкса, “туура кылышат, ырас болду, бул дагы аздык кылат” деген ойлор басымдуулук кылды.

Видео: “K-News

Улуттук коопсуздук кызматы КР Мамлекеттик мүлк фондунун 2010-жылдагы төрагасы, атамекенчи Шералы Абдылдаевге издөө жарыялады

КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2010-жылдын апрелинен кийинки төрагасы, атамекенчи Шералы Абдылдаев «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон  кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп саналат. Бул тууралу МУККнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Азыркы учурда Шералы Абдылдаев укук коргоо органдарынан жашынып, качып жүрөт. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1 бөлүгү (коррупция)  боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Шералы Абдылдаевге баш коргоо чарасы – камака алуу чечими чыгарылып,  ага издөө жарыяланды.

КР МУКК анын кайда экенин аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Видео - Лондондогу терактка ИМ жоопкерчилик алды

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 3-июнда Лондондо болгон жардырууга жоопкерчилик алды. Террордук кол салуудан жети киши мерт кетип, 48и ооруканага жаткырылган, алардын арасында айрымдарынын абалы оор. Британ полициясы Лондондун чыгышынан терактка шектүү катары 12 кишини кармады.

Полиция террорчулардын үчөө тең “жанкечти кемерин” тагынып жүргөнүн, бирок жандарында жардыруучу зат болбогонун маалымдады. Кол салуучулар көбүрөөк дүрбөлөң жасагылары келгени божомолдонууда.

Скотленд-Ярд өкүлүнүн кабарлашынча, кылмышкерлерге карата сегиз полициячы ок атып, үчөөнү тең өлтүрүшкөн. Бир жай тургунга кокустан ок жаңылган.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Марттын этегинен бери Британияда ушуну менен үч теракт болду.

https://www.youtube.com/watch?v=Sgw2apGJSBk&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Ташкентте жүздөгөн адам студенттин өлүмүн иликтөө талабы менен акцияга чыгышты

4-июнда Ташкенттин «Достук» сейил багында жүздөгөн адам 17 жаштагы Жасур Ибрагимовдун өлүмүн иликтөөнү талап кылып чогулушту. Медициналык колледждин жанында катуу токмок жеген бала бир айдан кийин ооруканада көз жумган.

Жасурга беш жолу хирургиялык операция жасалып, бирок 1-июнда каза тапкан. Ташкенттин Ички иштер башкы башкармалыгы бир нече кишиге карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

Акцияга чогулган Ташкенттин жашоочулары укук коргоо органдарынан уландын өлүмүн иликтөөнү талап кылып, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдошту.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, акциянын катышуучулары менен Ташкенттин ИИБ башчысынын орун басары, Тергөө башкармалыгынын жетекчиси жолукту.

4-июнда акция өтөрү тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө бир күн мурун жарыяланган. Бир сутка ичинде бул кабар менен 13 миң колдонуучу бөлүшкөн.

Маркум Жасур Ибргаимов медициналык колледждин 2-курсунун студенти болгон.

Видео - ӨКМдин Авиациялык ишканасынын директору 8000 $ пара менен кармалды

Кечээ, 1-июнда сегиз миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелип ӨКМдин алдындагы Авиациялык мекеменин кызматкерлери кармалгандыгы тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.

Пара алууга шектелип ишкананын директорунан тышкары, анын орун басары жана юристи ӨКМдин имаратынан колго түшүрүлдү/

Ушул жылдын 31-май күнү Бишкек шаардык прокуратурасы ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча (КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси) кылмыш ишин козгогон.

Аталган мекеменин кызматкерлери анын соттогу ишин оң жагына чечип берүүгө убада кылып, 25 миң доллар талап кылгандыгы боюнча бир жаран прокуратурага арыз жазган.

“1-июнь күнү унаа гаражынын аймагындагы ӨКМдин кызматтык имаратынын ичинен сегиз миң доллар өлчөмүндөгү пара алып аткан жеринен мекеменин директору, анын орун басары жана юристи колго түшүрүлдү”, — деп айтылат билдирүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=9bdmvXVXdNI

Меню