Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Леонардо Хоменюк: "Келишимдерди кайра кароого негиз бар, Кумтөрдө алтын башында ойлогондон көп болуп чыкты, "Центерранын" Невада менен Монголиядагы долбоорлору ишке ашкан жок"

“Кумтөр” алтын кен ишканасын 16 жыл башкарган Канадалык менеджер Леонардо Хоменюк “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда Кумтөр боюнча келишимди кайра карап чыгууга болорун, ал үчүн жаңы негиздер бар экенин кыйытыптыр.

Леонардо Хоменюк: “Келишимдер кайра каралып, тараптар кайрадан сүйлөшүү жүргүзгөнү табигый көрүнүш. Алгачкы келишимдеги көрсөткүчтөр өзгөрүп атпайбы, мисалы Кумтөрдө алтындын запасы башында ойлогондон көп болуп чыкты. “Центерранын” Невада менен Монголиядагы долбоорлору ишке ашкан жок.

Экологиялык зыянга келсек, Кыргызстан кожоюн өлкө катары жараталышка зыян келтирилбешине катуу көзөмөл кылууга ар качан кызыкдар болушу керек. Иштеп аткан чет элдик компания жергиликтүү мыйзамдарды сыйлап, аларга баш ийүүгө милдеттүү.”

Эске салсак, “Центерра” 2003-жылы Акаев режими учурунда Невада менен Монголиядагы долбоорлорун кошуп, өзүнүн “Кумтөр” долбоорундагы үлүшүн көбөйткөн жана Кыргызстандын үлүшүн 67% дан 12%га чейин азайткан болучу.

2009-жылы Бакиев режими учурунда кайра сүйлөшүүлөр менен Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 33%га көбөйтүлгөн.

Ал эми 2016-жылы Атамбаевдин режими учурунда Кыргызстандын Кумтөр алтын кениндеги үлүшү 28%га чейин азайды. Бул башталышы гана, эми кайда барып токторун бир кудай билет.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - “Бандит” операциясы учурунда Майлуу-Суу шаарындагы шектүү жарандын үйүнөн “Револьвер” тапанчасы, "ТОЗ", "ИЖ-16мм" куралдары октору менен табылды

“Бандит” операциясы учурунда, Жалал-Абад ОИИБнын изкубарлары тарабынан ок атуучу куралдарды сактагандыгы жана ок атуучу куралдарды жасагандыгы боюнча оперативдүү маалымат алынган. Ал  маалыматтардын негизинде жана Майлуу-Суу ШИИБнүн кызматкерлеринин жардамы менен  опертивдүү топ түзүлүп, 2016-жылдын 24-июнь күнү саат 14-00 чамаларында, Майлуу-Суу шаарынын Садовая көчөсүнүн тургуну 1953-жылы туулган Ф.А.нын үйүнө күбөлөрдүн катышуусунда, Жалал-Абад  областык сотунун санкциясы менен үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда төмөндөгү курал жарактар алынды.

https://www.youtube.com/watch?v=UvzxzlNlm_4

1948-жылы чыгарылган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал, 16 калибрдеги сайсыз курал, стволу жасалган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал, ТОЗ үлгүсүндөгү сайлуу куралдын кундагы, “Револьвер” тапанчасы, ИЖ үлгүсүндөгү пневматикалык курал, 20 даана 16 калибрдеги гильза, 6 даана “Револьвер” тапанчасынын огу, 10 даана 32 калибрдеги ок жана  анын 5 даанасы октолгон.

  1. Ружье катылган2Ружье катылган3
  2. Ружье катылган4Ружье катылган6
  3. Алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чыныбай Турсунбековдун «Бишкек арак заводу» менен Өмүрбек Текебаев аралашкан «БНК» заправкаларынын жеке менчикке арзан сатылып кетишин УКМК менен ИИМ кайра текшериш керектиги талап кылынды

Жума күнү, 17-июнда Жогорку Кеңештин жаш депутаты Акылбек Жамангулов “Республика-Атажурт” фракциясынын жыйынында 2010-жылы 7-апрелден кийин мамлекеттин менчигине өткөн “Бишкек арак заводу” менен “БНК” заправкаларынын (Петрол групп) жеке менчикке сатылып кетишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырууну талап кылды.
“Бишкек арак заводу” 2011-жылы көз карандысыз эксперттер тарабынан 133 миллион сомго бааланганына карабай СДПКчы депутат Чыныбай Турсунбековдун бир тууган кайниси Жумгал Давлетбековго 66 миллион сомго, тең жарым баасына сатылып кеткен. ММКларда бул операцияга Алмаз Атамбаев өзү бата бергени көп жазылды. Ошондуктан арак заводунун эмгек коллективинин арызы боюнча УКМК кылмыш ишин козгору менен бийлик ал ишти кайра токтотуп койгон. Көп өтпөй эле бул ишке ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов да аралашып калганын депутат Камчыбек Ташиев : “Бишкек арак заводун арзан сатып алыш үчүн Чыныбай Турсунбеков премьер-министр Өмүрбек Бабановго $300.000. пара берген”, деп парламентте айыптап чыккан. Бирок, Чыныбай Турсунбеков да, Өмүрбек Бабанов да Ташиевди сотко бере алышкан эмес.
“БНК” заправкаларын (Петрол групп) 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин “Ата-Мекен” партиясы басып алып, атамекенчи депутат Сайдулла Нышановду директор кылып дайындап коюшкан. Ал эми Сайдулла Нышанов Максим Бакиевдин өнөктөшү Кайрат Курбановду өзүнө орун басар кылып алып, ага өзүнүн KG номурлуу кызматтык джип машинасын мингизип койгон. Акырында атамекенчилер Бишкектин 9 жеринде иштеп жаткан заправкалары, андан сырткары бир нече заправка салчу жер участоктору бар Петрол групп (БНК) компаниясын ошол эле Кайрат Курбановго 3 миллион долларга сатылды деп катташат. Ал эми Кайрат Курбанов ошол замат ал ишкананы “Роснефть” компаниясына 40 миллион долларга сатып жиберет. Айрымасы болгон 37 миллион доллар мамлекеттин чөнтөгүнө эмес кайсы чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп калганын аныктоо оңой эле болучу, бирок бийлик бул коррупциялык факты боюнча козголгон кылмыш ишин да жаап салган.

Темир Сариевдин кеңешчиси Айдын Мыстачоглуга алдамчылык боюнча кылмыш иши ачылды

“Бишкек парк” соода борборунун ээси, 2016-жылдын 16-мартында ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев өзүнө, КР премьер-министрине кеңешчи кылып расмий дайындап алган түрк жараны Айдын Мыстачоглуга кечээ алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Айдын Мыстачоглу башка бир түрк компаниясынын акчасын алдамчылык жол менен уурдап алгандыгы үчүн айыпталып жатат.
Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мурунку премьер-министр Темир Сариевдин кеңешчиси Айдын Мыстачоглуну КР премьер-министринин кеңешчиси кызматынан кетирди.

Помощник Темир Сариева джигит по имени Нурбек взял 6 млн долларов США за выигрыш китайской компании в тендере

Говорят, у снятого с должности из-за тендерного скандала Темира Сариева положение нехорошее. По дошедшей до нас информации, мы слышали, что китайцы написали в АКС: «Помощник Сариева джигит по имени Нурбек взял 6 млн долларов США за выигрыш китайской компании в тендере по строительству автодороги Балыкчы-Корумду». Что теперь будет? Если примут во внимание, что он (Т. Сариев) – член Временного правительства, то конечно, не посадят в тюрьму. Где вы видели, чтобы ворон ворону глаз выклевал? В любом случае у Сариева дела плохи. Оказалось также, что при проведении тендера он издал 16 приказов с одним источником. Вкратце, похоже, завершилась политическая карьера Темике. Поставлена точка на его выход на президентские выборы?
Источник: газета «Ачык саясат плюс»

Бишкекте мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарында мыйзамсыз курал алып жүргөн 24-жаштагы Н.М атуу жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 2-май күнү Иса Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес-Бенц 320” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүү учурунда, салондон ИЖ-79-91 газ-трамва тапанчасы табылып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Меню