Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Тажикстанда Карим Ага Хандын «такка отургандыгынын» мааракеси белгиленди

Дүйшөмбүдө исмаилиттер коомунун имамы жана руханий лидери, канзада Карим Ага Хандын тактыга отургандыгынын 60 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өттү. Ал 1957-жылы 11-июлда Ага Хана III каза болгондон кийин Исмаилиттердин башчысы титулун алып, Ага Хан IV болуп калган.

Мааракеге карата уюштурулган иш-чарага Карим Ага Хандын миңдеген тарапташтары катышты. Дүйшөмбүдөгү Исмаилиттердин борборуна чогулган адамдар бири-бирин маараке менен куттукташты. Маалыматтарга караганда, Карим Ага Хандын бадахшандыктар менен мамилеси өзгөчө бекем. Алар имамдын айткандарын мыйзам катары кабыл алышып, эмгектерин окуп, ар бир үйдө анын сүрөттөрү илинип турат.

Тажикстандагы Ага Хан корунун башчысы Ёдгор Файзов өлкөдөгү жарандык согуш маалында уюм Тоолуу Бадахшан автономдуу облусун бекер азык-түлүк менен камсыз кылганын белгиледи. Исмаилиттердин руханий лидери алгачкы сапары менен Тажикстанга 1995-жылдын 25-майында, согуш күчөп турган маалда келген.

«Андан бери Бадахшандын жашоочулары жыл сайын 25-майды «Рузи нур» («Нур күнү») катары белгилеп келишет. Алар канзааданын жарандык согуш маалындагы алгачкы сапары эл арасында тынч жашоого болгон үмүт отун жандырып, жүздөгөн кишини ачкалыктан куткарып калганын айтып жүрүшөт», деди Ёдгор Файзов.

Ханзада Карим Ага Хан IV 1936-жылы 13-декабрда Женевада туулуп, 1959-жылы Ислам тарыхы кесиби боюнча АКШдагы Гарвард университетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1957-жылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II ага «Улуу урматтуу» титулун ыйгарган. 1967-жылы болсо Ага Хан корун туптөгөн. Ал көптөгөн кайрымдуулук долбоорлордун түзүүчүсү жана демөөрчүсү болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан «чыгуу визасынын» мөөнөтү аяктаган алыскы өлкөлөрдөгү жарандарын жазалабайт

Алыскы өлкөлөрдө жүрүп, башка мамлекеттерге чыгуу визасыз барган Өзбекстандын жарандары жазадан бошотулат. Өзбекстандын Германиядагы консулу Азим Озотовдун айтымында бул тартип КМШ өлкөлөрүндө жүргөн өзбекстандыктарга тийиштүү болбойт, алар мурдагыдай эле визанын мөөнөтү аяктагандан кийин Өзбекстанга кайтып барышы керек болот.

Буга чейин башка өлкөлөрдө жүргөн өзбекстандыктардын мөөнөтү аяктаган чыгуу визасы менен үчүнчү мамлекеттерге баруусуна тыюу салынып келген. Алар кайрадан Өзбекстанга кайтып келип, эки жылдык мөөнөткө жаңы виза алууга мажбур болушкан. Мыйзамга ылайык, бул эрежени бузган жарандар эки жүздөн төрт жүзгө чейинки минималдык айлык акы өлчөмүндөгү айыппул менен жазаланып келишкен. Алар тараптан эреже бузуу дагы кайталанса, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө камалган.

Өзбекстандын Виза жана каттоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2014-жылы чыгуу визасын алуу тартиптерин бузган жарандар үчүн жаза киргизилгенден кийин, өлкөдө бул боюнча соттолгон жарандардын саны өсүп кеткен.

– Мындай көрүнүштөрдү эске алып, 2016-жылдын майында күч түзүмдөрү өкмөттүн 1995-жылкы токтомуна өзгөртүүлөдү сунушташкан. Эми алыскы өлкөлөрдө жүргөн жарандардын визасынын мөөнөтү аяктаса, алар үчүнчү өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз бара алышат. Алар Өзбекстанга кайтып келгенде эч кандай жазага тартылышпайт, – деди өлкөнүн Виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери.

Өзбекстан – өз жарандарына өлкөдөн чыгуу визасын берүү тартибин сактап калган мурдагы Советтер Союзунун курамындагы жалгыз өлкө. Документ ички иштер органдары тарабынан эки жылдык мөөнөткө берилет. Анын баасы 30 долларга жакын.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Тажик бийлиги бозгундагы полковниктин туугандарынын өлүмүн расмий ырастады

Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жетекчилеринин бири Гулмурод Халимовдун төрт тууганы атайын операция маалында милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, андан соң атылып өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Хатлон облусунун прокурорунун орун басары Хушвакт Машрабзода билдирди.

Ал Восей районунун Ибрати айылындагы атайын операция маалында бозгундагы полковниктин туугандарынын үчөөсү камакка алынганын ырастап, бирок аларга карата кайсыл берене боюнча кылмыш иши козголгонун айткан жок. Машрабзоданын билдиришинче, ал операцияга Тажикстан ИИМинин кызматкерлери катышкан.

«Анда Гулмурод Халимовдун жети тууганы болгон. Алар каршылык көрсөткөн маалда милициянын офицерлеринин бири жаракат алган. Ал факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө», – деди ал.

Хушвакт Машрабзода атайын операция тууралуу башка маалымат берүүдөн баш тартты. Азырынча милицияга каршылык көрсөткөн адамдардын кандай куралдары болгону белгисиз бойдон калууда.

Буга чейин Гулмурод Халимовдун туугандары тажик-ооган чек арасынан өтүүнү пландагандыктары кабарланган. Маалыматка караганда, чек аранын аркы тарабынан аларды «ИМ» тобунун согушкерлери күтүп алышмак.

Полковник Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп, майдын аягында Сирияда ИМ тобунун катарында жүргөнүн билдирген. Ал исламчыларга бийликтин саясатына каршылыгын билдирип кошулганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казак-өзбек чек арасында унаа жолу жана өткөрмө бекет ачылды

11-июлда Түштүк-Казакстан облусунда «Ташкент-Термез» багытындагы эл аралык маанидеги М-39 автоунаа жолу жана «Сырдарья» өткөрмө бекети ачылды.

М-39 жолу Өзбекстанга Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустары аркылуу өтөт. Жолдун Түштүк Казакстан облусунун Мактаарал району аркылуу өткөн бөлүгүнүн узундугу 24,1 чакырымды түзөт. Бийлик бул объектилердин пайдаланууга берилиши менен өлкөлөр ортосундагы унаа байланышы 80 чакырымга кыскарып, жолго кеткен убакытты үнөмдөөгө мүмкүн болорун билдирүүдө.

«Ташкент-Термез» унаа жолу 2006-жылы жабылган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, жолду ачуу тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Казакстанга жасаган 22-23-марттагы сапары маалында макулдашылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рахмон жарандарды сакал койбоого жана хижаб кийбөөгө чакырды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө жарандарын сакал өстүрбөөгө жана хижаб кийбөөгө чакырды. Мамлекет башчы бул тууралуу «Салттарды, үрп-адаттарды жана салтанаттарды тартипке салуу» мыйзамынын кабыл алынышынын он жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

Рахмон хижаб жана кара түстөгү аялдардын кийими тажик элинин салтына каршы келерин, ал эми сакал сөзсүз эле динчилдиктин белгиси эместигин айтты. Ал тажикстандыктарды «кудайды жүрөгү менен сүйүүгө» чакырып, «өзүн жаратканга берилгендигин» тышкы атрибуттар менен көргөзбөөгө чакырды.

Рахмон ошондой эле жарандар «тажиктердин таза маданиятын сактап», Интернет аркылуу жайылып жаткан «башка маданияттарга жана салттарга каршы турушу» керектигин кошумчалады. Рахмондун өкмөтү буга чейин калкы сегиз миллионго жеткен мамлекетте светтик принциптерди бекемдөөгө бир канча жолу чакырган.

Тажикстан бийлиги мектеп окуучуларына жоолук салынууга, өспүрүмдөрдүн мечитке барышына тыюу салып, чет жактагы диний окуу жайларда билим алган миңдеген тажик жаштарын артка кайтарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан бийлиги өлкөдөн чыгуу визасын жоюуну талкуулады

8-июлда Өзбекстандын президенттик администрациясы жана тиешелүү министрликтер менен агенттиктердин мүчөлөрү чет өлкөгө бара турган жарандар үчүн чыгуу визасын алып салуу маселесин талкуулашты. Азырынча жыйында кандай чечим кабыл алынгандыгы белгисиз.

Январда өкмөттүн сайтында бул боюнча президенттин жарлыгынын долбоору жарыяланган. Анда чет өлкөлөргө чыгууну каалаган өзбекстандыктар милдеттүү түрдө чыгуу визасын алышы керек деген эрежени жоюу нормасы каралган. Совет доорунан бери сакталып келаткан бул эреже өлкөдөн чыгууну каалаган Өзбекстан жарандары үчүн чоң тоскоолдук болуп эсептелет.

Чыгуу визасын жоюу сунушу өткөн жылы бийликке келген Шавкат Мирзиёвдин тушунда өлкөнү ачык кылууга багытталган демилгелердин бири болуп саналат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда эркек киши юбка кийип нааразылык акциясына чыкты

10-июлда Шымкент шаарындагы Түштүк Казакстан облустук сотунун алдында жергиликтүү тургун юбка кийип алып нааразылык акциясына чыкты.

Аты-жөнүн жарыялабоону жана жүзүн көрсөтпөөнү өтүнгөн 30 жаштагы эркек анын нааразылыгына жергиликтүү соттордун тестиндеги каталар себеп болгонун билдирди. Айтымында, алардын биринде аны аял деп көрсөтүп коюшса, башкасында жашаган жерин туура эмес жазышкан.

Нааразылыгын билдирип чыккан жергиликтүү тургунду кабыл алган облустук соттун судьясы Мухтар Каримов ал адамдын катына буга чейин эле жооп бергендиктерин айтты. «Эгер токтом анын ар-намысына тийип, ыза кылган болсо, анда даттангыла», – деди судья.

Кийин юбка кийип нааразылык акциясына чыккан адам бул маселе боюнча арыз менен облустук жана Жогорку соттун төрагаларына кайрылганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстандын медицина мекемелерине 600дөн ашык лаборатория орнотулду

«Фароз» жеке компаниясы Тажикстандын медициналык мекемелерине 600дөн ашык экспресс-диагностика лабораторияларын орнотту. Компаниядан билдиришкендей, лабораториялар заманбап медициналык аппараттар менен жабдылган.

Маалыматка караганда, «Фароз» компаниясы лабораторияларды «Мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтык тууралуу» мыйзамдын алкагында орнотту.

Жаңы лабораторияларда ДНК тести, генетикалык жана имуннологиялык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен лабораториялардын кызматын пайдалануу бекер болбой турганын билдиришти.

Тажикстанда диагностика пайдалуу бизнес болуп эсептелет. Мурда бул тармак Дүйшөмбүдөгү «Нурафзо» компаниясы менен Авиценна атындагы клиникага «таандык болчу». Жергиликтүү эксперттер мындан ары бул багытта «Фароз» компаниясы лидерликке чыгат деп божомолдоп жатышат.

Мурдараак “Фароз” компаниясы жаңы бажы терминалын куруп пайдаланууга берген. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү Тажикстанга мунай жана суюлтулган газ импорттоо болуп саналат. Ошондой эле аталган компания ооган базарына күйүүчү май жеткирүү менен алектенет. ММКлардын маалыматы боюнча, компаниянын контролдук пакети Тажикстан президентинин туугандарына таандык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан өкмөтүндө бир катар коррупционерлер аныкталды

Түркмөнстанда Коррупцияга каршы күрөшүү органдары тарабынан ири масштабдагы коррупция фактылары аныкталды. Өлкөнүн расмий ММКларынын маалыматына караганда, мындай көрүнүштөр бир канча жылдан бери уланып келген.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн жыйынында Түркмөнстанда коррупцияга орун жок экенин айтып, Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрин кызматтан бошотту.

Өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү мекемесинин маалыматына караганда, акыркы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жылдан бери жемкорлук менен алектенип келген ондогон кызматкерлер аныкталган. Мекеменин билдирүүсүндө мамлекеттик ишканалардын биринин жогорку кызматтагы аткаминерлери чоң суммадагы акча, миң куту тамеки жана тыюу салынган «Трамадол» дарысы менен кармалгандыгы айтылат. Алардын бири тамеки менен тыюу салынган дары-дармектерди сактоодон сырткары кызмат абалын пайдаланып жол куруучулардан пара да алып келген.

Президент тарабынан кызматтан алынган Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри дагы жеке ишкерлерден пара алган курсташын калкалап, кызмат абалын кыянат пайдаланган деп айыпталды.

Банк системасынын ишмердүүлүгүн текшерүү маалында да бир катар коррупциялык кылмыштар аныкталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путинге «кол салууга камынган» казакстандык ырайым кылууну суранууда

Владимир Путин Орусиянын премьер-министри болуп турган кезде ага кол салууга камынган деген айып менен соттолгон Казакстандын жараны Илья Пьянзин Орусия президентинен ырайым кылууну суранды. Бул тууралуу «Коммерсант» гезити жазды.

2013-жылы күзүндө Москва соту 33 жаштагы Пьянзинди Путинге кол салууга аракет кылган деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал 2012-жылы чеченстандык Адам Осмаев аттуу жаран менен бирге Украинада кармалган. Анда Киевдеги батилердин биринде колго жасалган жардыруучу зат жарылып, дагы бир чеченстандык жаран Руслан Мадаев каза болгон. Кармалган Пьянзин менен Осмаев Путинге кол салууга камынып жаткандыктарын моюндарына алышкан. Бирок кийинчерээк экөө тең ал көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аларга басым жасалганын айтып чыгышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2011-жылы Украинанын аймагында жүргөн Пьянзин Орусиянын президенттигине талапкерлигин койгон Путинге кол салууну көздөгөн топтун курамына кирген. Алар Москвада Путиндин кортежи бараткан маалда мина коюлган унааны жардырууну пландашкан.

Пьянзин Орусия тарапка өткөрүлүп берилгенден көп өтпөй прокурорлор менен кызматташууга макулдугун берип, күнөөсүн моюнуна алган. Осмаевдин Орусияга экстрадицияланышын Адам укуктары боюнча Европа соту токтоткон. Ал Осмаевди мекенине саясий себептерден улам өткөрүп бербөөнү сунуштап, ал Украинада калган.

Илья Пьянзинанын жубайы Марина Пьянзинанын айтымында, күйөөсүнүн өтүнүчү Самара облусундагы абактын жетекчилигине ушул жылдын май айында берилген. Документтер бир нече күн мурда облус губернаторунун алдындагы ыйгарым берүү маселелери боюнча комиссияга келип түшкөн.

«Коммерсанттын» маалыматына караганда, Пьянзиндин өтүнүчү боюнча комиссия дагы, Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматтын Самара облусундагы башкармалыгынан да түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню