Ал 7-июлда Парижге учуп кетиши керек болчу, бирок өзүнүн үйлөнүү тоюна даярдануу үчүн Тажикстанда калып калды. «Жакында турмушка чыгам, мен дайыма карьерадан үй-бүлөнү жогору коюп келгем», – деди Парвина Саидова.
Азырынча анын турмушка чыккандан кийин бул багыттагы карьерасын улантаар-улантпасы белгисиз.
Мартта Парвина Саидова «WORLD BEAUTY ASTANA 2016» сулуулар жана мода фестивалынын финалында “Missis International-2016” номинациясы боюнча жеңишке жетип, белгилүү кутюрье Пьер Карденден чакыруу алган. Анда Парвина улуу модельердин мааркакесине чакыруу алуу ал үчүн чоң сыймык экенин айткан.
27 жаштагы Парвина Саидова беш баланын апасы. Эки жыл мурун эле ал мода дүйнөсүнөн такыр алыс болчу. Жаш айымды дизайнер Хуршед Сатторов байкап калгандан кийин баары өзгөргөн. Ал Парвинаны Одессадагы Мода жумалыгындагы моделдердин тизмесине кошкон. Анда көп балалуу апа дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнөн чогулган 60 катышуучунун арасынан эң сулуу деп табылган.
https://www.youtube.com/watch?v=m6GIy48KrRk
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“