Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Бозгундагы тажик полковнигинин иниси Орусиядан мекенине экстрадицияланды

Тажикстандын бийлиги ИИМдин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жетекчилеринин бири Гулмурод Халимовду тажик жаштарын Сирияга азгырууга айыптоодо.

Майда орусиялык маалымат каражаттары Адыгейде Ф. Халимов аттуу киши кармалып, ага карата адамдарды террордук уюмдардын катарына азгыруу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришкен. Федералдык миграция кызматынын Адыгейдеги башкармалыгынан Халимовдун туугандары мечитке барган адамдарды азгырып, Сириядагы согушта ИМ тобу тарапта согушууга жөнөтүп тургандыктарын айтышкан.

Колго түшүрүү маалында Халимовдун уюлдук телефонунда пропагандалык материалдар табылган. Тажикстандагы Варзоб районунун укук коргоо органдарындагы булак Халимовдун иниси мекенине бир жума мурда экстрадицияланганын билдирди. Айтымында, ал бозгундагы полковниктин алты бир тууганынын биринин уулу.

Маалыматка караганда, экстрадиция Тажикстандын өтүнүчү менен ишке ашырылган. «Ушул жылдын апрелинде Гулмурод Халимовдун уулу кармалгандан кийин аны ИМ тобунун катарына Ф.Халимовдун азгырганы аныкталган. Андан сырткары аны менен бозгундагы полковниктин башка тарапташтары да байланышып турушкан», – деди булак.

Тажикстанда Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз Гулмуроддун иши сотко өткөн.

Полковник Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп, майдын аягында Сирияда экенин билдирген. Видео кайрылуусунда ал тажик ИИМи анын диний эркиндигин чектеп, намаз окууга уруксат бербегендиктен улам “Ислам мамлекетине” кошулуп кеткенин айткан. Халимов тажик бийлиги тарабынан мекенге чыккынчылык кылууга айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Астанада Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды. Катышуучулар “деэскалация зоналарын” талкуулашары күтүлүүдө. Сириядагы жарандык согушту жайгаруу боюнча мурдагы төрт жолугушуу январдан майга чейин болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жолугушуунун катышуучулары гуманитардык жардам менен камсыздоо жана инфраструктура объектилерин калыбына келтирүү маселелерин талкуулашат. ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген Сириядагы тарыхый эстеликтерди минадан зыянсыздандыруу боюнча билдирүү иштеп чыгуу пландалууда.

Тараптар бүгүн алдын ала кеңеш өткөрүшөт, пленардык жыйын 5-июлда өтөт. Бул жолугушууда кепил өлкөлөр камактагы кишилерди бошотуу боюнча жумушчу комитеттин жоболорун кабыл алышат. Мындан тышкары “Улуттук элдешүүнүн сирия комитетин” түзүү маселеси дагы каралышы ыктымал.

Астанадагы жолугушууга сирия оппозициясынын тогуз өкүлү келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Орусия менен Өзбекстан 12 жылдан бери алгачкы жолу аскердик машыгууларды өткөрөт

Октябрда Өзбекстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрү Фориш полигонунда аскердик магышууларды өткөрүшөт.

Борбордук аскердик округдун командачысынын жардамчысы, полковник Ярослав Рощупкиндин билдиришинче, бул иш-чара 2005-жылдан берки эки өлкө ортосундагы алгачкы биргелешкен тактикалык машыгуу болот.

Фориш полигону Ташкенттен 250 чакырым алыстыктагы Нурутау тоо кыркаларынын түндүк тарабында жайгашкан. Рощупкин тараптар биргелешкен машыгууларды өткөрүү боюнча макулдашууга Ташкентте өткөн эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин делегацияларынын жумушчу жолугушуусу маалында жетишилгенин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Путин Түркмөнстанга барат

Орусия президенти Владимир Путин Түркмөнстанга бара турганын РИА Новости агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдирди.

“Сапарга даярдык көрүлүүдө. Качан болорун кийинчерээк маалымдайбыз”,- деди Песков. Буга чейин Путин менен Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу.

Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов Путинди сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия-2017 спорттук оюндарынын ачылыш аземине чакырганы кабарланууда. Түркмөнстандын ТИМи Владимир Путиндин сапары тууралуу маалымат боюнча комментарий бере элек.

Гурбангулы Бердымухамедов быйыл февралда үчүнчү жолу президент болуп шайлангандан кийин Орусия Түркмөнстандын стратегиялык өнөктөшү экенин айткан. Бул арада түркмөн газын сатып алуу жана Москванын Ашхабадга ири көлөмдөгү насыя берүү маселелери алигиче чечиле элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Казакстандагы Эмба полигонун ижарага алууну токтотту

Орусия президенти Владимир Путин Актөбө облусундагы Эмба полигонун ижарага алуу тууралуу Казакстан менен түзүлгөн келишимди токтотуу жөнүндөгү протоколду ратификациялады. Бул тууралуу эки өлкөнүн маалымат агенттиктери кабарлашууда.

Протоколга ылайык, Орусия Казакстанга 300 миң гектардан ашуун жерди жана полигондун кыймылдуу-кыймылсыз мүлктөрүн кайтарып берет. Эмба полигонунда зениттик-ракеталык комплекстердин, ыкчам-тактикалык ракеталардын сыноосу жана аскердик машыгуулар өткөрүлүп келген.

РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, полигонду колдонууну токтотуу менен Орусия жылына жүз миңдеген доллар үнөмдөйт.

Актөбө шаарынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Эмба полигону 1960-жылы ачылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте дагы бир студент өлтүрүлдү

Ташкентте 25 жаштагы студент курдаштары тарабынан өлтүрүлдү.

Юнусабад районунун ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, 25 жаштагы жигит 29-июнда Ташкенттин борборунда эки курдашы тарабынан катуу сабалган. Башынан оор жаракат алып, төрт саат операция жасалганына карабай, ооруканада көз жумган. Шектүүлөр кармалды, сурак жүрүүдө. Кармалгандардын бири күнөөсүн жарым жартылай, экинчиси толугу менен мойнуна алды.

Маркум Акмал Абдурахманов Ташкенттеги юридикалык колледждин 1-курсунун студенти болгон.

Буга чейин Ташкенттеги П.Ф. Боровский атындагы медициналык колледждин 18 жаштагы студенти Жасур Ибрагимов курдаштары тарабынан ушул жылдын 3-майында сабалган. Окуядан кийин ага беш жолу операция жасалганы менен Жасур 1-июнда ооруканада каза болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин Федералдык күзөт кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейтти

Орусия президенти Владимир Путин Федералдык күзөт кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду. Документ 1-июлдан тарта күчүнө кирди.

Эми ФКК өзгөчө кайтаруудагы адамдардын персоналдык маалыматтарын сактоо мүмкүнчүлүгүн алды. Мамлекеттик чиновниктердин жашаган жери жана кайда барары тууралуу кабарларды таратууга дагы тыюу салынды.

“Трансперенси Интернешнл – Орусия” антикоррупциялык борборунун талдоочуларынын пикиринде, мыйзам мамлекеттик жетекчилер тууралуу маалыматтардын таптакыр жоголуусуна алып келет.

Мамдумадагылар жаңы мыйзам мүлк жана киреше тууралуу маалыматтарды алууга жолтоо болбойт дешүүдө. Коопсуздук жана коорупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Василий Пискарев кол салуулардын алдын алуу үчүн аткаминерлердин жашаган жана бара турган жери тууралуу гана маалыматтар сыр сакталарын айтты.

ФКК аэропортторду жана башка транспорттук аянтчаларды пайдаланууга укук алууда. Мындан тышкары кызмат протоколдук жолдордо жол кыймылдарын чектей алат.

Орусия президенти Федералдык күзөт кызматынын укуктарын кеңейтүү тууралуу мыйзам долбоорун февралда сунуштаган. Мартта кызматка мамлекеттин керектөөлөрү үчүн жер тилкелерин алып коюуга мүмкүнчүлүк берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда капиталдын өлкөдөн чыгуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти

Февралдын аягынан бери чет өлкөлүк инвесторлор орусиялык акциялардан 1 миллиард 600 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кетишкен. Бул тууралуу “Коммерсантъ” гезити Emerging Portfolio Fund Research уюмунун маалыматтарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, бул акыркы үч жарым жылдан берки эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Ошол эле маалда башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн активдерине салынган инвестициялар көбөйүп жатат. Алсак, 26-июндан 2-июлга чейин эле аларга тартылган каражаттын суммасы эки миллиард долларга жетсе, төрт айдын ичинде ал дээрлик 28 миллиард долларды түзгөн.

“Коммерсанттын” билдирүүсүнө ылайык, өлкөдөн инвесторлордун кетип жатышы – Орусия менен АКШ мамилесинин күтүлгөндөй жакшырбагандыгына, мунайга болгон баанын төмөндөшүнө жана «Роснефть» менен АФК “Система” ишканаларынын ортосундагы жаңжалдарга байланыштуу.

Инвесторлордун орусиялык фонддордогу активдерин сатуусу мындан ары дагы уланышы мүмкүндүгү айтылууда. Июлда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Орусиянын өткөн жылкы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө жана анын Украина менен Сириядагы аракеттерине байланыштуу Москвага карата жаңы санкцияларды киргизүү маселесин карап башташы мүмкүн. Буга чейин Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырууну Сенат жактырган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда 23 жаштагы бала билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23 жаштагы Алишер Садуллаевди элдик билим берүү министринин орун басары, 25 жаштагы Алимжан Туйчиевди байланыш жана маалыматтык технологиялар министринин орун басары кызматтарына дайындады.

Алишер Садуллаев 1994-жылы Жизак облусунун Жизак районунда туулган. Ташкенттеги Менеджментти өнүктүрүү боюнча эл аралык Сингапур институтун аяктаган. Министрдин орун басары болуп дайындалганга чейин ал “Result” окуу борборунун директору болуп иштеп келген.

Алимжан Туйчиев 1991-жылы Бекабад шаарында туулган. Турин политехникалык университетин бүтүргөн. Орус, англис, немис жана италия тилдеринде эркин сүйлөйт. Өлкө президентинин 2013-жылдын 4-декабрындагы жарлыгы менен ал «Даңк» медалы менен сыйланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев Москва менен Киевди сүйлөшүүгө чакырды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Орусия менен Украинаны сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары билдирүүдө.

Мамлекет башчынын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы киргизген санкциялары менен Орусиянын жооп катары көргөн чаралары башка аймактарга да таасир этүүдө.

«Украинанын түштүк-чыгышындагы окуялар эки өлкөнүн айтышуусуна алып келди. Буга алардын бардык достору, анын ичинде мен дагы өзгөчө өкүнүп атам. Биз тараптарды ортодогу маселелерди чечүү үчүн олуттуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырабыз. Буга альтернатива жок. Кандай гана жаңжал болбосун, анын ичинде дүйнөлүк согуштар да сүйлөшүүлөр жолу менен аяктайт. Биз эки тарапты ушуга чакырабыз», — деди Назарбаев.

Мамлекет башчы Казакстан сүйлөшүү жараянына жардам берүүгө даяр экенин айтып, Жыйырмалык саммитинин алкагындагы Орусия менен АКШ президенттеринин жолугушуусуна чоң үмүт артып жатканын белгиледи.

АКШ менен Европа биримдиги Москвага каршы санкцияларын 2014-жылы, Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизип, андан бери бир нече жолу кеңейтип, мөөнөтүн узартышкан. Украинанын чыгышындагы кагылышуулар башталгандан бери анда кеминде 10 миң киши каза болду. 2015-жылдын февралында келишилген Минск макулдашууларына карабастан өлкө чыгышындагы согуш дагы деле уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню