Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Эстрада ырчысы Назми "Алтын эне" сыйлыгына татыды

Эстрада ырчысы Назми Байзакова өткөн жуманын соңунда “Алтын эне” сыйлыгын алганы туурасында билдирди. Бул маалыматты Назми өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады. Ырчы кызыбыз алган сыйлыгы тууралуу кабарын айтуу менен «Алтын эне» деген милдетимди татыктуу аткарууга болгон күчүмдү жумшайм», – дептир.

– Социалдык баракчаларга бактылуу сүрөттөрдү көп жарыялайсыздар. “Сөз тийет, көз тийет” дегендерге кандай карайсыздар?

-Негизи мурда ырым-жырымдарга көп ишенчү эмесмин. Күндө эртең менен кечинде “жаман көз жаман сөздөн алыс болсун”деп айтып дуба кылып турам. Эгерде өзүң бир нерсеге ишенсең ошол албетте орундалат. Эгерде өзүң алсыз болуп “көз тийет” деп жашырынсаң да албетте көз тийет. Анткени сен ошону билгизбей чакырып алдың.

– Сиз сахнага чыккандан тарта бир ушакка чулганып ызы-чууларга аралашканыңзды уга элекпиз. Мунун бир жакшы сыры бар болсо керек?

Негизинде мен оор басырыктуумун. Жаңжалдуу жерден алыс болгонго аракет кылам. Айтчу жерден туураны туура дел айтам. Бирок, мен бир жерге илинип бара жатсам акырын жылып кетмей адатым бар дебейинби (күлүп). Негизгиси чуулгандуу иштерди өзүң жаратпасаң, ага умтулбасаң эч качан жабышпайт деген эле сөздү айткым келет.

Булак: “Айгай”

 

Зарина + Жан = "без нике"

Азыркы жаш муунга таанымал 21 жаштагы бийчи жана хореограф Жан Воинов тээ ала кышта эле 25 жаштагы бийчи Зарина Алмасованын колун сураганы туурасында жар салып чыккан. Ошол суранычтын убакыт сааты келгенби болочок жары Зарина Алмасова бийчи Инстаграм социалдык баракчасына алдыда боло турган үйлөнүү тою тууралуу билдирүү калтырды. Бирок үйлөнүү тою мусулманчылыктан тыш адатта болот экен. Заринанын айтымында Жан Воиновдун сунушу менен эки жаштын баш кошуусунда мусулманча нике окулбай турган болуптур. Алдан дагы кызыгы, «эмнеге анттиңер?» – деп сурагандарга “Кудайга кызмат кылгандарга да ишенбейм”, -дептир, эй. Эмне кылыш ар кимдин өз эрки дечи, бирок… Баса, Чубак ажы укса эмне дейт болду экен, ия?

Алтынай Бакирова

Булак: Айгай

Назгүл Токтакунова: Өзүмдү ташкындаган таланттардын катарына кошпойм

Ырчы Назгул Токтакунова бир ай нурда “Резидент ТНТ MUSIC” музыкалык конкурсунун жеңүүчүсү аталып, мындан сырткары көрүүчүлөрдүн назарына түшкөндүгү үчүн 3-орунга татып, 1 миллион рубль уткан.

– Назгүл айым, быйылкы жылды өзгөчө пландар менен баштадыңыз окшойт. Алгач эле сахнадагы жаңы атыңыз Yella тууралуу сурагым келип турат. Бул кадамыңызды жакындарыңыз, күйөрмандарыңыз кандай кабыл алды?

– Мени бардыгы Назгүл эмес, “Сары”, Сарышка , Сарышкин деп айтышат Yella – англис тилинин yellow (кыргызча «сары”— ред.) сөзүнөн алынды. «Заманбап» тобунун рэпери Каспер менен кеңешип сахнадагы ысымымды өзгөрттүк. Эл аралык аренага багыт алгандан кийин атым элге сиңимдүү болушу керек.

– Чыгармачылык үчүн бардык экспериментке даярсызбы? Сиз баш тарта турчу нерселер кайсы?

– Жок, даяр эмесмин. Ооба, убагында чачымды түркүн түскө салгам, желкемен кылып кырккам, керек болсо жашылга боёгом.

Бирок эч убакта таз болмок эмесмин! Ошондой эле өзүмдү жарнамалоо үчүн жылаңач чыкпайт болчумун. Бул менин принцибим, каалоомо туура келбеген нерселерди жасабайм. Жаш кыз болсом бир жөн.

– Бир ай мурда “Резидент ТНТ MUSIC”музыкалык конкурсунун жеңүүчсү аталып, мындан сырткары, көрүүчүлөрдүн назарына түшкөнүңүз үчүн 3-орунга татыган экенсиз. Сынакка кандайча катышып калгансыз?

– Негизи сынактарды жактыра бербейм. Өзүмдү ташкындаган таланттардын катарына кошпойм. Чыгармачыл чөйрөдөгү Jahman (Кубаныч Бакытов. — ред.) аттуу досум “Как в кино” аттуу ырымды сынакка жөнөтүшүмдү суранды. Сынак ыр менен клиптин сапатына карады. Эки миңдей катышуучу болду. Кыргызстандын атынан мен, рэп ырчысы Jahman жана ырчы Айбек Замирбеков жарым финалга өткөн. Финалга 12 киши тандалып, жыйынтыгында “Убить дебила” ырым менен жеңүүчү аталдым. Утам деп ойлогон эмесмин, абдан толкундандым.

– Сынактан утуп алган каражатты каякка жумшайын деп жатасыз? Бир миллион рубль деп жатышкан, ээ?

– Миллион деп угулганы менен каражат бир клиптин эле наркын жаап берет окшойт. Жетпей калабы деп да ойлоп жатам. Жаңы клиптин башкы ролуна казактын белгилүү актери Таукел Муслимди тартабыз. Ыр өзү Россияда тартууланат.

– Сизди мындан ары чыгармачылыгын Россияда улантат экен деген кептер чыгып жатты эле?

– Россияга барганда ТНТ каналынын жетекчилери “ырды өзүңөр жазасыңарбы, талантыңарга карабай абдан жөнөкөй экенсиңер”- деп Азия элине суктанган. Ооба, Россияга каттап чыгармачылыгымды өркүндөтүп турам. Бул дагы чек эмес, дүйнөлүк аренага чыгууну максат кылуудабыз.

-Россиялык ырчылардын арасынан дүйнөлүк деңгээлге чыккандар арбын. Эмне үчүн кыргыз шоу-бизнеси Орто Азия менен эле чектелет?

– Маселен, коңшу казак ырчылары КМШ өлкөлөрүнөн ордун табууда. Биздин шоу-бизнес эми багыт алдык деп ойлойм. Албетте, Светлана Назаренко сыяктуу ырчылардын аракетинде сөз жок. Азыр жаш ырчыларга колдоо жана каражат керек.

– Мүмкүнчүлүк болсо дүйнөдөгуү кайсы атактуу менен дуэт аткаргыңыз келет. Кимди кумир тутасыз?

– Уилл Смитти бала кезимден бери жакшы көрөм, мүмкүнчүлүк болсо чогуу обон созмокмун. А бирок ата-энемден өткөн кумир жок.

– Баса, сынактын шарапаты менен футбол боюнча дуйнө чемпонатына баш багыпсыз, кайсы командага жан тарттыңыз?

– Билетти Россиядагы продюсерим белек кылды. Абдан күтүүсүз болду, билет баасы 800 доллар болчу. Криштиану Роналдунун ойногону жакчу, Португалияга күйөрмандык кылып отурдум.

– Эми жеке өзүңүзгө байланыштуу суроолордон берсем. Чачыңыз сары болгонгобу, сыртыңыздан орус мүнөз, кыргыздын каада-салтынан тыш адамдай көрүнөсүз…

– Биринчи кезекте кыргызча сүйлөй аларымдан күмөн санашат. Каада-салтты аттап өтүп же баш-орду менен кирип кеткендердин катарында эмесмин.

– Сиздей талантуу, сулуу кыздарга көз арткан мырзалар арбын болсо керек?

– Көп мырзалар мени сыртыман катаал деп ойлойбу, билбейм, даап деле келе алышпайт. Жолугушууга чакырып кат жазгандар болот. Убакыт тар.

Гулдана Талантбекова 

Булак: Майдан

Алина Болотбек, "Вице -Мисс-Бишкек 2018": Украиналык модель Алла Костромичеваны кумир тутам

Ар бир саныбызда сулуулар сынактарында жеңүүчү болгон кымча бел сулуулар менен маек куруп келебиз. Бүгүн «Мисс-Бишкек-2018» сынагынын 1-вице сулуу байгесинин ээси Алина Болотбекова жооп узатты.

– Алина, өзүң тууралуу кененирээк кеп уксак?

– Мен Таластын кызымын. Учурда 22 жаштамын. Үйдө беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Атам жеке ишкер. Апам үй кожойкеси. Жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын.

– Сулуулар арасында атаандаштык күчтүү экенин угуп келебиз…

– Ар бир кыз өзүн сулуу деп эсептейт. Өздөрүн эч кимге теңебейт. Бирок бой келбет, бойдун узундугу, жүздөгү чырай – баары идеалдуу болушу керек. Албетте, сынак болуп жаткан соң атаандаштык болбой койбойт. Атаандаштык да ар бир кыздын деңгээлине жараша деген пикирдемин.

– Чөнтөгү калың мырзалар сулуу кыздардын колун көп сурашат экен…

– «Жок» деп так секирүүдөн алысмын. Мындай болушу да мүмкүн. Бирок, ошол мырза сулуу кызды чын жүрөктөн жактырып, өмүр бою бактылуу жашоону тилек кылып колун сураса, бири-бирин жакшы көргөн жубайлар болушса деп тилейм.

– Качан үй-бүлө куруу пландарыңда бар. Жуучу түшкөндөр көппү?

– Бойго жетип, мектепти бүтүргөндөн тартып эле жуучу түшүп, тууган-туушкандарынын балдарын айтып, кээ бири сынап, кээ бири чындап, айтор, кулактын кужурун алгандар көбөйөт экен. «Кызы бардын назы бар» дегендей, ата-энемдин деле кулагын тынчытышпайт. Бирок, эрте турмушка чыкканыма ата-энем да каршы. Өзүм деле турмуш курууга даяр эмесмин.

– Сен баалаган модель айымдар кимдер?

– «Дүйнөнү сулуулук сактайт» дегендей, дүйнө жүзүндө эмне деген суктандырган сулуулар бар. Кыргыздын да кымча бел биз сыймыктана турган сулуулары көп. Биз түздөнгөн, биз суктанган украиналык модель Алла Костромичеваны баалайм. Кумир тутам.

Булак: Азия Ньюс

 

Марк Бернес аз жерден өлбөй калган

РСФСРдин эл артисти Марк Бернес азыркы күнгө чейин Россиянын музыкасы менен киносунун эң белгилүү жылдыздарынын бири болуп саналат. Бирок, анын турмушунда кооптуу учурлар да болгонун элдин баары эле биле бербейт.

1958-жылы ноябрда Хрущевдин колуна ИИМдин доклады келип түшөт. Докладда оперативдик маальматтарга ылайык, Казанда «мыйзамдагы уурулардын» жыйыны болуп өткөнү, анда популярдуу актёрлердун бирин өлтүрүүгө чечим кабыл алынганы айтылыптыр.

Машинкага басылган бул кат милицияга жашыруун түрдө, автордун аты-жөнү коюлбай түшкөн экен. Бирок, бармак издери боюнча каттын авторун бат эле аныкташат, ал РСФСРдин эмгек сиңирген артисти Лидия Русланова болуп чыгат. Анан Русланованы суракка чакырышканда, ырчы Владимир түрмөсүнүн камерасында Валентина Назарова деген аял менен чогуу отурганын, жакында ал аял атайын келип, ойношу, татарлардан чыккан белгилүү ууру, жаңы эле камактан бошогон кылмышкер-рецедивистти картадан утуп алышкандарын, оюндун шартына ылайык, уттурган адам алар айткан кишини өлтүрүүгө тийиш экенин, анын аты-жөнүн кийинчерээк билдиришерин маалымдаганын айтып берет. Көп өтпөй уттурган адам мындай маанидеги кат алат: «Эки жоокер» деген фильмди көрдүң беле? Үч айдан кийин ал жалгыз калышы керек».

«Эки жоокер» фильминде башкы ролдорду Борис Андреев менен Марк Бернес ойногон. Русланова өз катында эч кандай конкреттүү аттарды атаган эмес.

Ошондуктан, тыянакты ИИМдин кызматкерлери өздөрү чыгарышат: 1940-жылы Андреев өлкөнүн жетекчилигин сындап койгону үчүн бир нече ай СИЗОдо отуруп, кийин Сталиндин жеке буйругу менен бошотулган. Демек, түрмөдө отурганда ал криминалдык авторитеттердин кимдир бирөөсү менен конфликтке барып, эми алар өч алмакчы болуп жатышкан окшойт.

Ал эми Марк Бернес жөнүндө эч сөз айтылган эмес. «Камактагылар», «Эки жоокер» фильмдеринде аткарган ролдорунан улам ал кылмышкерлер чөйрөсүндө чоң кадыр-баркка ээ эле. Бирок, кийинчерээк Бернес «Дело №306» фильминде милициянын комиссарынын, «Түнкү патруль» фильминде кылмышкерлер дүйнөсүнөн кол үзгөн картаң ууру Огонёктун ролун ойнойт. Дал ушул ролу ууруларга жакпай калган экен…

Көп өтпөй оперативниктер ошол карта оюнуна катышкандардын бирин кармашат. Ал аркылуу курмандыктын аты гана эмес, аны өлтүрүүгө тийиш болгон кишинин аты да айкындалат. Ал «Бурлак» (чыныгы фамилиясы Бурляев) аттуу кылмышкер болуп чыгат. Бирок, аңгыча эле «Бурлак» өзү тиги дүйнөгө кетип калат. Аны икона уурдап жатканда чиркөөдөгүлөр көрүп калышып, милицияга билдиришет. Анан ууру качмакчы болгондо милиционерлер атып өлтүрүшөт. Ошентип, Марк Бернес аман калат.

Легендарлуу ырчы 1969-жылы 16-августта өпкө рагынан көз жумду. Эртеси ага СССРдин эл артисти наамы ыйгарылмак. Бирок, мыйзамга ылайык, бул наам көзү өткөндөргө берилбейт…

Булак: “Азия Ньюс” 

Акжуурат Эргешалыева: "Майрам Акаевага жолугуп, аңгеме-дүкөн кургум келет"

Акжуурат карындашымды өзү теңдүүлөр арасында өзгөчөлөнүп, көптөрүнө үлгү болчу дымагы бар жаштардын бири катары билем. Журналистика чөйрөсүнө адашып келип калбаганын айта отурду. Бош учуру жокко тете, билимге сугарылып туруу эң биринчи максаты экенин кошумчалай кетти.

– Акжуурат, мен билгенден айтылуу Ала-Букадан ордо калаага «окуйм, чокуйм» деп келдиң эле, акыбал кандай?
– Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Айты-Там айылында туулуп, өзүмдүн кичи мекенимде балалык кезим өттү. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, менден улуу байкем бар. Учурда Кыргызстан эл аралык университетинин (МУК) журналистика бөлүмүндө окуп жана ушул тармакта бош учурда иштеп жатам. 3-курсту аяктадым.
– Биздин журналистика айылына кайсы «шамал» айдап келди, адашкан жоксуңбу?
– Журналистика кесиби ар бир эле адамга төп келе бербейт. Сөзсүз түрдө бул кесипти аркалаш үчүн эң ириде жеке өзүңдөгү кызыгуу, аны менен катар жоопкерчилик, туруктуулук, сабырдуулук мүнөздөргө ээ болуу менен бирге жогорку
билимди да талап кылган кесиптердин бири деп айтсам жаңылышпайм. Чоң атам кыргыз тилинен мугалим болсо, чоң энем башталгыч класстарга сабак берген. Чоң атам шатырата ыр жазчу, сөздү терип сүйлөп, таамай айткан инсан болгон. Мага чоң атамдын ар бир сүйлөгөн сөзү уккулуктуу сезилчү. Түрдүү темада жазылган ырларын окуп таасирлене, мен да кагаз бетине сөздөрдүн гүлүн терип куюлуштура жазып калчумун.
– Ырларыңды кимге окуп берчү элең?
– Ал ырларымды чоң энеме окуп берсем, «азаматым, сонун ыр болуптур, диктор болсон жарашчудай» деп калчу. Ушундай жагымдуу мактоолордон улам шыктана көп ыр жазып, чоң энеме, атама, апама маал-маалы менен окуп берчүмүн. Ата-эненин ар бир жылуу сөзү, балага болгон ишеними бийик болсо, анда баласы өз кесибин туура тандап, өзүнө ишеними артып, мыкты инсан болуу үчүн умтулат экен. Ошондуктан мен тандаган ары татаал кесипти үй-бүлөм колдоп, келечекке болгон кадамыма кенен жол ачып беришти.
– Ыр эле жазбай, кээде кыңылдап ырдап калганыңды да угуп калган жайыбыз бар?
– Туура айтасыз, кээде эргүү келип калган учурда көңүлүмө жаккан ырларды соткамды маңдайыма коюп алып жаздырып коём. Анан Инстаграмга жүктөп салам. Бул менин ышкым, кошумча кызыгуум. «Ырчы болуп кетейин» деген оюмда жок, Журналистиканы эле өздөштүрүп, ошонун өтөөсүнө жетсем кана?..
– Журналист катары кимдер менен жолугуп, кимдерден маек алсам дейсиң?
– Журналистте дымак болмоюн иши ордунан жылбайт. Менин да дымагым укмуш. Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал бир топ адамдар менен жолугуп, бетме-бет отура аңгеме-дүкөн курууга ниеттенип, тилегим чоң. Алсак, биринчи кезекте Майрам Акаева, Роза Отунбаева, Чолпон Баекова апалар көзүмөн учуп турган кез. Бул эми чекеси эле. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдор да менин тизмегимдин сап баштарында турушат.
Булак: “Азия Ньюс”

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “Кайда?» аттуу ыр кыргыз шоу чөйрөсүнө таштаган алгачкы кадамым болду”

Казак эстрадасынын эң алдыңкы ырчы айымы Эрке Эсмахандын “Кайда” аттуу ыры Орто Азия мамлекеттеринде өтө тездик менен популярдуулукка ээ болгон. Мындай мыкты ырларды сөзсүз түрдө боордош элдердин өкүлдөрү өз тилинде ырдап чыкмай модага айланган. Бул сапар аталган чыгарманы кыргыз эстрадасына жаңыдан бут койгон Гүлназ Чыныбек кызы аткарып чыгып, бир топ күйөрман топтогон учуру. Эмесе ырчы кыздын кызыктуу маегин сунуштайбыз.
– Гүлназ, «Кайда» аттуу ыр чыгармачылыгыңа өзгөчө түрткү берди окшойт. Буга чейин ырдап жүрчү белең? Бул ырды ырдоо идеясы кайдан жаралды?
– «Кайда?» аттуу ыр кыргыз шоу чөйрөсүнө таштаган алгачкы кадамым болду десем болот. Бул чыгарманы аткарганга чейин Казахстанда жүргөм. Ал жакта башка жумуш менен алектенип, бирок ырчылыкты хобби катары алып жүрдүм. Казакча жана кыргызча ырларды жакшылыктарда аткарып жүрдүм. «Кайданы» аткаруу идеясы да Казахстанда жүргөндө пайда болду. Бирок идея келээри менен ушул ырды аткарып чыгам деп 100% ишенген же ойлогон эмесмин. Жөн эле жактырып, байланышып сурап көрөйүнчү, макул болсо ырдайын деп ойлогом. Аткаруучу Есмахандын менеджери менен байланышып, андан автордун номерин алып Алматыга барып кездешип, ырды сатып алып анан аткарып калдым.
– Короткон каражатыңды актай алдыбы?
– Ооба, шоу-бизнес деп аты айтып тургандай, кадимки бизнестей эле алгач аралашуу үчүн жакшы эле каражат жумшалат экен. Анан эгер мээнет кайтып, насип кылган болсо акырындап акталат экен. «Кайда?» өзүн актады десем болот. Ошол акталган каражат менен экинчи «Мына» аттуу чыгарманы жаздырып, клип тарттырдык.
– Ырчы көп, конкуренцияга туруштук берип дайыма эл назарында болуу үчүн кандай аракеттерди кыласың?
– Туура, ырчы көп. Эл назарында болуу – алгач мээнеттен болуш керек. Канчалык деңгээлде изденип, мээнет, аракет кылсаң эл да баалайт болуш керек. Мен буюрса, басымды сапаттуу шаңдуу ырларга жана өзгөчө клиптерге жасайм деген ниеттемин.
– Эски ырларды жаңылап ырдоо азыр өзгөчө актуалдуу. Сенин да планыңда барбы?
– Ооба, буюрса, алдыдагы пландарда бар. Кантсе да эски ырларыбыз өзүнчө бир шедеврлер да. Өзүмө жакканын тандап, аткарууну көздөп жүрөм.
– Бала кездеги кыялдарыңдын канча пайызын орундата алдың?
– Бала кезде ырчы болууну көп кыялданчумун. Кийин бой жетип чоңойгондо кесип тандоодо оюм санга бөлүнүп, журналисттик кесипти тандап алгам. Анткени ырчы болсом үй-бүлө курууга тоскоол болот деген түшүнүк бар эле. Ошентип жашоо ар кайсы жакка калчап отуруп, акыры айланып келип кыялымдагы жумуш менен алектенип калдым. “Жаштын тилегин берет” деген туптуура экенине ынанып калдым. Негизи эле эмнени чын жүрөктөн кыялдансаң ошол аткарылат дегенге ишенем. Азыр деле кыялдарым көп. Алар ишке ашкан сайын жаңы кыялдар пайда болот. Андыктан пайыз менен өлчөп көрбөптүрмүн.
– Клиптериңдин идеясы өзүңдүкүбү же клипмейкерлерге толук кандуу ишенесиңби?
– Клип тартууда алгач өзүм аябай ойлоном. Чет элдин мыкты клиптерин көрүп тажрыйба топтойм. Элестетип көрөм. Ошентип идеялар чыга баштайт. Аны менеджерим Азамат жана жакындарым менен кеңешем. Анан ошол сценарий менен клипмейкерге жолугуп ортого салабыз. Анан чогуу кошумча-алымчаларды кылып бышыктап, тарта баштайбыз. Толук бирөөгө жүктөп коюп күтүп отура албайм.
– Өзүңдү тааныштыра кетсең, кайсы жердин кызы болосуң?
– Өзүм Ош областындагы, Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлүп, өскөнмүн. Атам менен апам мугалимдер, кыргыз тили жана адабиятынан сабак беришет. Алты бир туугандын төртүнчүсүмүн. 5 кыз, бир уулбуз.
– Акыркы жолу театрга качан бардың эле?
– Акыркы ирет Кыргыз улуттук драма театрына 2 жыл мурун спектакль көрүү үчүн баргам.
– Өзүңдү-өзүң өнүктүрүү үчүн кандай ыкмаларды колдоносуң?
– Өзүмдү-өзүм ар тараптуу өнүктүргүм келет. Билгенден билбегеним көп дегендерденмин. Адабий тилди машыктырып туруу үчүн ата мекендик жазуучулардын чыгармаларын кайталап окуп турам. Ошону менен бирге эле чет элдик психологиялык таасири бар китептерди да окуп, энтузиазм ойготуп, өзүмдү жаңы ийгиликтер үчүн шыктандырып турууну жактырам.
– «Эл эмне дейт» деген коркунуч сенде да жашайбы?
«Эл эмне дейт» эл катары менде деле жашайт. Элдин ою менен эсептешпей коё албайм. Ал тарбиябыздан болуш керек. Бирок биротоло элдин ою менен чектелбегенге аракет кылам. Менин жасаган кадамдарыма карата айтылган сын-пикирлер жөнү бар, жандуу болсо түз кабыл алам. Эгер артка түртө турган пикир болсо өтүп кетем.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: “Фабула” 

 

Дүйнө сулуусу Сания Шакированын өлүмүнө болочок жолдошу шектелүүдө

Үч баланын энеси, жеке ишкер, визажист, дүйнө сулуусу Сания Шакированын кайтыш болгонуна билинбей эле 40 күндөн ашкан учур. Дүйнө сулуусу кырсыктан улам көз жумду деген маалымат тараган эле. Бирок тилекке каршы, бул маалымат да төгүн болушу мүмкүн, бул атайын жасалган өлүм деген пикирлер да айтылууда. Бул тууралуу Сания Шакированын жакын курбусу продюсер Ассоль Молдокматова өзүнүн баракчасына Сания Шакированын жигити жакында эле колун сураганын, бирок ал мырзанын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар болгонун, кызды алдап жүргөндүгүн жана балким дүйнө сулуусунун өмүрүнө атайын кол салынган болушу мүмкүн деген пикирин калтырган. Ал эми Шакированын апасы жакында эле элге кайрылуу жасады. Анын айтымында рулду башкарып келе жаткан Саниянын жигити ден соолугуна байланыштуу убактылуу кармоочу жайдан да бошотулган. Алардын айтымында рулдагы адам текшерүүдөн кийин алкоголдук ичимдик ичкени да аныкталган. “Акыйкат кайда, эмнеге жазасын албайт, бойго жете элек үч баласын жетимсиретип калтырышты” деген эненин ыйламсыраган кайрылуусу’ интернетке жарыяланды.

Булак: “Фабула”

"Салам Кыргызстандын" эки айымы кайрадан кайтып келдиби?

Чектен ашкан тамашалары, сындары жана өзүнүн эфирдеги жүрүм-турумдары менен көпчүлүктүн сынына кабылып иштен четтетилген “Салам Кыргызстан” шоусунун эки алып баруучусу Назира Жетигенова менен Гүйжайна Атаканова кайрадан эфирге кайтып келгендиктери тууралуу куудул айым Гүлжайна Атаканова өздүк баракчасына жаңы маалымат жарыялады. “Инстаграм” колдонуучулары жабыла пикир калтырышып, эки жаат болуп бири колдоп, экинчиси терс пикирин калтырып жаткан убагы.

Булак: “Фабула”

Казак ырчысы Эрке Эсмахан сынга кабылды

Өздүк баракчасына тынымсыз жаңылыктары менен бөлүшүп турган казак жылдызы Эрке Эсмахан бул ирет Светлана Лободанын “SuperStar” ырынан алынган “Элдин баары жөнөкөй эле эл, а мен супер жылдызмын” деген сөзүн цитата кылып, сүрөтү менен жарыялады. Анын мындай пикири күйөрмандарын ызы-чуу кылып, айрымдары “өтө мактанчаак болуп кеттиң, мактанчааксың” деген пикирлерин калтырса, айрымдары мактап жаткан учурлары. Социалдык тармактар пайда болгону элдин көзүндөгү инсандарга күйөрмандары түз пикир калтырып, түз баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Булак: “Фабула”

Меню