Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Назим Байзакова: Кыска чачым көбүнө жаккан жок

Акыркы убакта бул ырчы айым куйөрмандарын уккулуктуу ырлары, сүйкүмдүү стили менен кубантып келет. Үй-бүлөнүн, балдардын түйшүгүнөн сырткары чыгармачылыкты аксатпай алып кетүү ырчы айымдар үчүн эрдик экени талашсыз.

– Назми айым, стилиңиз бат-баттан өзгөрүп атат. Көңүлүңүзгө төп келчү нерсени таба албай жүрөсүзбү?

– Буга чейин кыска чачым катуу талкууга алынды, Бирок көбүнө жаккан жок. “Жарашпайт экен, улуу көрүнүп калат экенсиз. Узун чачыныз назик көрсөтчү”,- деген сындарды көп уктум. Бирок өзүмө кыска чач жаккан. Алып жүргөнгө да ыңгайлуу экен. Акыры Айнура Өмүралиева деген стилист кыздын сунушу менен узун чачтуу образды жараттык.

– Сиздин ашыкча салмактан тез арылта турган ыкмаңыз көп айымды кызыктырууда. Ал ыкманы окурмандар менен бөлүшө кетпейсизби?

– Бул өз ыктыяры менен тамактан баш тартып, ачарчылык кармай турган ыкма. Адамдар илгери ач менен токтун далайын көргөн. Андыктан биздин организм бул нерсеге даяр. Адамдын организми негизи тамакты талап кылбайт экен. Тамак сурап аткан нерсе – биздин ичибиздеги микробиом. Салмактан арылуу үчүн алгач ошол микробиомду организмден клизма аркылуу жууп чыгарып салуу керек. Эгер тазаланбай туруп ачарчылыкты баштасаң организм кыйналат. Клизма аркылуу тазалангандан кийин каалаган өлчөмдө суу, чайдын түрлөрүн, шекери жок кофе иче берсе болот. Булардан башка эч нерсе ичкенге да, жегенге да болбойт. Үчүнчү күн болгондо эртең менен бал кошуп же шекер кошуп чай ичип койсо болот. Таттуу чай булчуң алсыздыгынан сактайт. Мында организмге көп деле күч келбейт. Тескерисинче анча-мынча дарттан арылтат экен. Мисалы, мен ашказан оорусунан кутулдум.  Онкологиялык оорулардын баштапкы стадиясында да жакшы жардам берери далилденген. Себеби, организм кайра башынан жаңыланат. Баса белгилечү жагдай, бул диетаны бөйрөгүндө ташы барлар, өттө ташы барлар кармаганга болбойт.

– Сиз канчанчы ирет кармап атасыз?

– Төртүнчү ирет кармап атам. Алгач бул ыкманы терең изилдеп, окуп чыккам. Башында ачарчылыктан чыккандан кийин дароо эле тамак жеп койгом. Бир аз шишигенсип калган элем. Көрсө, акырындан организмди көндүрүп, бир жума тузу жок тамак жеп диетага отуруу керек экен. Кийинки үч жолку ачарчылык оңой өттү. Ушундан кийин жүзүмө түшүп келе жаткан майда бырыштардан да арылдым.

– Сизге жеке баракчага байланышып, арыктоонун сырларын сурагандар арбын болсо керек?

– Толуктук ар бир айымдын көйгөйү. Мен өзүм төрөттөн кийин толдум. Табиятыман толуп кеткенге жондөмдүүмүн. Арыктоо үчүн спорт залга бардым, диетанын түрүн кармадым, жардам берген жок. Акыры ачарчылык кармоо жакшы натыйжасын берди. Сырткы келбетимде жагымдуу өзгөрүүлөр болгондон тарта мага байланышка чыгып, кандай жол менен арыктадыңыз деп сурагандар арбын болду. Ошондуктан социалдык тармактагы баракчама баарын төкпөй-чачпай түшүнүктүү кылып жазып койдум.

– Чыгармачылыкка жаңы дем менен киришип, бир катар мыкты чыгармалар жаралды. Артыңызда кандай команда турат?

– Продюсер, режиссёр Арсен Меңдебаевдин “Синемарт” студиясы менен иштешип атам. Күчтүү команда. Арсендин ой жүгүртүүсү, идеясы күчтүү. Биринчи стилимди Замира Молдошева иштеп чыккан. Негизи ар бир жаңы чыгармага жаңы образ жаратабыз деп сүйлөшкөнбүз. Буюрса, алдыда дагы көп жакшы пландарыбыз бар. Чыгармачыл адам болгондон кийин дайыма жаңыланып, изденип күйөрмандарга жагымдуу жаңылыктарды тартуулап туруу керек. Бул шоу-бизнестин эң негизги талабы десем болот.

– Курбуларыңыздан “Назминин жолдошу жакшы колдоо көрсөтөт” деп көп угам. Ырчы айымдар үчүн чыгармачылыкты түшүнгөн түгөй табуу оор болсо керек?

– Ооба, менин ар бир жараткан ийгилигимдин артында жолдошум Талант турат. Чыгармачылыгымды баалаганына Кудайга шүгүр кылып келем. Тескерисинче мен үйдө жалкоолонуп жатып алсам: ‘Тур, изден, ыр танда. Кайсы аранжировщикке баралы, клипти кандай кылып тарттыралы?” деп мага дем-күч берип турат.

– Сиздей болуп стилди тез-тез алмаштырууга, арты артынан ыр жаздырууга көп эле каражат кетсе керек. Өзуңүздүн тапкан акчаңыз буларга жетеби?

– Өтө көп каражат кетет. Акча маселесин бүт жолдошум көтөрөт. Жеке өзүм тапкан каражатка байлансам жеткире алмак эмесмин.

– Адатта эркектер уулдуу болууну саман келишет. Дагы балалуу болуу планыңызда барбы?

– Альбина 3-класста, Алима 6 жашка чыгат. Жолдошум экөөбүздүн 3 кыз, 2 уулубуз бар. Азырынча төрөйүн деген планым деле жок. Калганын убакыт көрсөтөт го.

– Жолдошуңуздун балдары менен очор-бачар бир үй-бүлө болуп кеткенге чейин кандай кыйынчылыктардан өттүңүз?

– Албетте, башында оңой болгон жок. Өзүм төрөгөн кызым Альбинаны катуу урушуп коём, анысы мага билинбейт. Жолдошумдун мурдакы никесиндеги балдарына катуу айтып койсом таарынып калат. Анын үстүнө өткөөл куракта балдардын мүнөзү өзгөрүп калат эмеспи. Кандай кыйынчылык болбосун сабырдуулук менен жеңгенге аракет кылып аттым. Ал оор кырдаалдан өтүп кеткенден кийин баары өз ордуна келип калгансыды. Азыр жолдошумдун балдары менен тил табышып, ал тургай сырдашып да калабыз. Канчалык чыдамдуу, көтөрүмдүү болсоң кийин акыбетин көрөт экенсиң.

– Улуу кызыңыз турмушка чыкканда өзүңүз узаттыңызбы? Кандай кайнене болуп атасыз?

– Улуу балабыз үйлөнгөн, эки неберебиз бар. Улуу кызыбызды Таласка ала качып кетишкен. Алдыбызга келип түшүп бардык каада-салттарды жасап кетишкен. Эми каардуу кайнене эмесмин. Күйөө бала менен келинге колдон келишинче жакшы мамиле жасаганга аракет кылып келебиз. Өзүңө кандай мамиле күтсөң башкага ошондой мамиле кыл дешет эмеспи. Бирөөнүн кызын, уулун өзүңдүкүндөй аяш керек го дейм.

– Өзүңүзгө жакпаган кайсы сапаттан арыла албай келесиз?

– Мурда уйкучу болчумун. Бирок жогорудагы ачарчылык ыкмасы менен ал сапаттан да арылдым. Сергек тартып калдым. Өзүмө жакпаган сапат – унутчаактыгым. Эртең менен чалып кечкиге жолугушуу белгиленсе унутуп калам. Бир ай мурда таанышкан адамымдын атын унутам, кайра кезигип калсам “кандай шартта, качан тааныштык эле” деп сурап ыңгайсыз абал жаратып алам. Аэропортко баратып паспортумду унутуп калам, тойго баратсам флешкамды таштап коюшум мүмкүн. Жолдошум бир нерсе айтса эсимен тарс чыгып калат. Айтор, унутчаактыктан арыла албай атам. Балким айланадагы окуяларга өтө кылдат мамиле жасашым керекпи деп ойлонуп калам.

Булак: “Леди.kg

 

 

Бек саясатка келеби?

Жарым кылым жашап койгон, ырдын ырыскысын ашап койгон атактуу Бек Борбиевдин таскагы акыркы убакта “саясат” жыттанып баратат. Ал тургай ыгы келсе парламентке депутат болуп келүүгө ышкылуу экенин ачыктап койду. Ким билсин, Ибрагим акесиндей болуп ырын коюп, саясаттан кеп чоёр мезгил келе жаткандыр. Кимдин бек болорун, кимдин эл өкүлү болорун сааты чыкса билербиз. Анан калса өнөрдүн ресурсу деле түгөнөт да, же калппы? 

Булак: “Ачык сөз”

Расулдун “жылдызы” жандыбы?

Имиштен чындык жараткысы келгендер тим жатпай калышты го? Өткөндө Айчүрөк Иманалиеванын уулу Аргенге ата таап жиберишти. Көрсө алыстан убара болуп издебей эле оңой таап алышыптыр. Кадимки шоу-жылдыз Расул Маматкуловдон Айчүрөк “чүрпө” жасап алыптыр жаш кезинде. Албетте, мунун аныгына ДНК – тоюс Иманалиева чыгат деген ойдобуз. Кызык бекен…

Булак: “Ачык сөз”

Өмүрзак Төлөбеков, кинопродюсер: Эл аралык "Ак Бата" интернет телеканалын ачканы жатабыз...

– Өмүке, массалык маалымат каражаттарында сиздин демилгеңиз менен интернет телеканалы ачылганы турганын кабарлашты. Бул каналды ачуу ою кандайча жаралганы, анын максат-мүдөөсү тууралуу айтып берсеңиз.

– Мындан 3-4 жыл мурда Москвада бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайы өттү. Ошондо мен сунуш киргиздим эле: “Дүйнө жүзүндө жүргөн кыргыздардын телеканалын ачсак” деп. Андай эл аралык телеканал ачуу көп каражатты, түйшүктү талаптаган татаал долбоор болчу. Анын үстүнө заман алмашып, четте жүргөн мекендештерибиз сыналгы (телевизор) деле көрбөй калышты. Интернеттин доораны жүрүп, элдин баары маалы-матты телефондон алып калышты. Андыктан жүрө-жүрө интернет телеканал ачуу керектигин аңдадык.

Дагы бир маселе. Чет өлкөлөрдө көп жүрүп, ар кайсы мамлекеттерде кесиптештерим менен ой бөлүшөм. Москвадагы “СИВ Медиа” дистрибьютердик компаниясынын жетекчиси, орустун белгилүү кино жана теле продюсери Михаил Москалёв: “Кыргызстандагы, жамаатташ Казакстандагы, Өзбекстандагы кызыктуу жаңылыктарды кыска видеоматериал кылып тартып жөнөтүп турсаңыз Россиянын жана Европанын телеканалдарына сунуштайт элек” деп жүйөөлүү ой айтты.

Жакында жаңы чыккан “Президент жана бомж-3” тасмабызды коюп, “Карахан таажысы” көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларыбызга эпизоддорду тартуу үчүн Европа, Азия, Американын бир катар мамлекеттерине, Анкара, Прага, Берлин, Париж, Брюссель, Дубай, Пекин, Дели, Вашингтон, Чикаго шаарларына сапар тартууну максат кылганбыз. Бардык шаарлардагы мекендештерибиз тууралуу да тарта келмекпиз.

Мына ушундай бир катар маанил үү кырдаалдардын жыйындысынан улам эл аралык “Ак бата” интернет телеканалын ачуу ою келип чыкты.

– “Ак бата-фильмде” сиздин сценарийлериңиздин негизинде жана продюсерлигиңиз менен “Президент жана бомж-1-2-3” “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш”өңдүү популярдуу тасмалар тартылды. “Ак бата”интернет теле каналын “Ак бата фильм”уюштурабы?

– 1991-92-жылдарда нускасы 15 миң менен “Ак бата” журналын, 1992-94-жылдарда 22 миң менен “Ак бата” гезитин чыгарган элем. Москвага  бүткүл дүйнөлүк адабият инититутунун жогорку курсунан окуп, эл аралык жазуучулар союзунда иштеп, адабий чөйрөгө кирдим. Жазган чыгармаларымды сценарийлерге айлантып, кийин киного өтүп, 2012-жылы кинокомпания ачканда ага да “Ак бата” ысымын ыйгаргам. Телеканалдын материалдары журналистика менен кино тармагынын бириккен жумушунун натыйжасында даярдалат. Анын үстүнө телеканалга кинокомпания кыска метраждуу тасмаларды жана видеороликтерди даярдап атат. Демек, буга чейинки жумуштарыбыздын түздөн-түз уландысы болгондуктан каналга да көптөн келаткан ак жолтой кадимки “Ак бата” атын ыроолодук.

– “Ак бата” каналында демек, дүйнөдө чачылып жүргөн мекендештерибиздин көйгөйлөрү чагылтылат экен да?

– Негизинен ушул багытты бутага алганбыз. Бирок, мезгил өзү түзөтүүлөрүн киргизээр. Айтоор, дүйнөдө, өзгөчө, Кыргызстанда болуп жаткан ар түркүн окуялардан, жаңылыктардан кыска, курч, кызыктуу видео материалдарды көрсөтүп туруу болжонууда.

-“Ак бата”каналы качан иштеп баштамакчы?

– Кудай жол берсе август ичи көп өлкөлөрдө чыгармачылык иш сапарда болмокчубуз. Сентябрь айынан баштап каналды иштетүүгө аракеттенип атабыз.

– “Президент жана бомж”элибиздин мыкты тасмасына айлантан. Жакындагы “Миллионердин сүйүүсү” жана “Төңкөрүш” тасмаларыңыз да уу-дуу түшүрдү. Эми “Карахан таажысын” Казакстан, Өзбекстан менен биргеликте тартканы жатканыңыздан кабардарбыз.

– “Миллионердин сүйүүсү” марттын аягынан бери популярдуу телеканалдарда кайра-кайра көрсөтүлүп, “Ютубда” бир гана “Соло” каналында 2 миллиондон ашык көрүлүп, он миңдеген лайк басылып, миңдеген жакшы пикирлер жазылганы кубантат. Ал эми “Төнкөрүш” 2016-жылдын октябрында тартылып бүтүп, мурдагы бийлик тарабынан тыюу салынып келген. Кийинки учурдагы саясий турмушту курч чагылдырган публицистикалык тасма. “Карахан таажысында” болсо, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Турциянын, Россиянын кино жылдыздары катышмакчы.

– Ишиңиздерге, жаңы жакшы саамалыгыңыздарга ийгилик! 

Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Розанын “дүбүртү”

Маданият, искусство жаатында белгилүү болуп келген КР эл артисти Роза Аманованын акыркы салган “дүбүртү” кээ  бирөөлөрдүн ээгин кемшейтти. Ток этерин айтканда эларалык медициналык окуу жайдын ректору болгонуна териси шылынган “достору” кокуйлап жиберишти. Мыкты зайыпка кырк өнөр аздык кылат демекчи, Роза айым да коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Колунан келсе академик-медик болуу эмне экен дегендей кептин төркүнүн туура түшүнгөн Аманова керек болсо айга жетип конуп алат. Ичиңер күйсө “Шамшыкалдын” тузунан берели, жалай бергиле…

Булак: “Ачык сөз”

Нурсулуу Карабекова, модель: «Өтө акылдуу, амбициялуу саясатчы Өмүрбек Бабановду баалайм»

Сулуулукту баалаган, назик, бирок күчтүү, ачык мүнөздүү, айдай сулуу, кымча бел кызыбыз Нурсулуу Карабекова ой бөлүштү.

– Нурсулуу, алгач өзүң тууралуу кененирээк маалымат уксак?

– 1998-жылы жарык дүйнөгө келгем. Азыр жыйырма жаштамын. Юридикалык академиянын студентимин. Спорт менен машыгам. Визажисттик кесип менен да алектенем. Менин түркүгүм, жашоодогу колдоочуларым үй-бүлөм, кыйынчылыкта жөлөк болгон апакемдин эмгегин баалайм.

– Адатта жай айлары эс алуу айлары эмеспи. Сенин эс алууң тууралуу кеп козгосок…

– Өзүбүздүн берметтей көлүбүз турганда алыска барып эс алууну туура көрбөйм. Көлүбүзгө эмне жетсин! Бул жай айларында Ысык-Көлгө үч ирет барып эс алып кайттым. Дагы барам го деген пландар бар. Эс алууларымдын баары шаңдуу, ойдогудай болду.

– Сулуулук сынактарында көп ийгилик, жеңиштериң бар экен…

– Мен «Мисс краса- 2015» сынагынынын катышуучусу болдум. 2016-жылы «Princess of the Globe» дүйнөлүк сулуулар сынагында баш байгенин ээси болдум. Албетте бул сынактар жашоомо чоң өзгөрүүлөрдү алып келди. Жашоого болгон оюмду өзгөрттү.

– Күйөрмандарың кат жөнөтө берип тажатышпайбы?

– Андай мырзалар өтө эле көп. Баарына жооп жазбайм. Мени көпчүлүгү бой көтөргөн кыз катары көрүшөт. Бирок, мен идеалдуу көргөн, мен жактырган сүйүктүү адамым бар.

– «Жүрөгү бош эмес экен» деп жигиттердин шагы сынат турбайбы. Качан турмуш курайын деп атасың?

– Азырынча датасын деле белгилегенибиз жок. Кудай буюрган күнү тоюбуз болот деп турабыз.

-Мырзалардагы баалаган сапаттарың?

– Камкор, ак көңүл, кайдыгер эмес, баардык нерсеге пикир билдире билген, чечкиндүү мырзалар жагат.

– Сен баалаган саясатчылар кимдер?

– Абдан акылдуу, амбициялуу саясатчы Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүн баалайм.

– Визажисттик кесибиң тууралуу айтсаң?

– Сулуулукту жактырган жанмын. Жакын адамдарыма, тааныштарыма үйдөн эле жүздөрүнө кам көрөм. Салонго иштегенге азырынча убактым жок. Келечекте сулуулук салонун ачуу планымда бар.

Мунара Алимова

Булак: «Азия ньюс»

 

Эллада Асылбекова, ырчы: «Жолдошум Замир мага арнап көп ырларды жаратып, көңүлүмдү тапкан

Таланттуу түгөйлөр, коңур, назик үндөрү менен сонун чыгармалардын жаратмандары, керемет обондордун авторлору Замир Саламатов менен Эллада Асылбекова эл жүрөгүнөн орун тапкан ырчылар. Бүгүн Эллада айым бизде конокто болуп, чыгармачылыктагы жаңылыктар менен ой бөлүштү.

– Эллада, чыгармачыл татынакай түгөйлөрсүңөр, бирок кийинчерээк чыгармачылыктан алыстап кеткендейсиңер…

– Учурда чыгармачылык бир аз тыныгууда, анткени үй салып, анын көйгөйлөрүнө, жумуштарына көбүрөөк убакыт коротуп жатат окшойбуз. Бирок, ошентсе да жаңы чыгармаларды даярдап койгонбуз, болгону ТВ, радио түйүндөрүнө тарата элекпиз.

– Экөөңөр аткарган обондор өлбөс обондор. Сөзүнө көбүрөөк маани берериңер байкалып турат…

– Мен сөздүн жүрөгүн издейм. Биринчи сөз жүрөктү булкунтуп, жүрөккө тийет эмеспи. Кээде бир эле сүйлөм деле адамга чоң таасир бериши мүмкүн. Анан маанисине ылайыктап карайбыз. Поэзияга да кызыгуум күч. Анткени апам кичинекейибизде А.Осмоновдун ырларын көп окуп берчү. Бизди ыр жандуу кылып өстүрдү. Өзү да сөздүн гүлүн терип, ыр жазган адам. Анүстүнө жолдошум Замир Саламатов менен да жаш акындар тобу «Нур борбордон» таанышканбыз. Мага арнап көп ырларды жазып жүрүп көңүлүмдү таап алган десем болот. Айтор, экөөбүз тең ырдаарда текстке катуу маани берген, сөз баккан адамдарбыз.

– Жакшы обондорду да жаратып, Баатыр эне болууга да жакындап калыпсың…

– Кудай кут кылсын. Билинбей эле убакыт суудай агып, беш кыздын ата-энеси болдук. Улуу кызыбыз Медина он үч жашта. Экинчиси Кундуз он жашта. Үчүнчүбүз Асия жетиде. Төртүнчүбүз София төрттө. Бешинчи кызыбыз Мырзайым жети айлык. Биздин байлыктарыбыз, жашообуздун маңызы, берекелерибиз! Аман болушсун. Келечектери кең болсун. Ыймандуу, бактылуу болуп чоңоюшса экен деп ата-энелик аруу тилекти тилеп турабыз.

– Чыгармачылык менен үй тирлигин бирге алып кетүү айрыкча аял кишите оор болсо керек…

– Баардык жумуштун татаалдыгы, жыргалчылыгы бар деп түшүнөм. Эгерде өзүң сүйгөн, жактырган жумушуң болсо жыргалчылыгын көп көрөсүң. Бирок менин чыгармачылыгымды колдоп, Замир баардык жүгүн мойнуна алган үчүн мага женил болсо керек. Кыйналганым деле билинбейт. Мен көп убактымды балдарга болгонго аракет кылам.

– Жаңы чыгармаларыңарга, дуэттериңерге качан күбө болуп калабыз?

– Буюрса, алдыда максаттар көп. Белгилүү, таланттуу акын эжебиз Фаризат Асанкалиеванын «Жароокерим» чыгармасына обон жаралган. Эки жылдан ашуун убакытта жүрөктө бышып жетилип, жакында элге тартуулаганга даярданып жүрөбүз. Мен бул чыгарманын обонун жолдошума арнап, туулган күнүндө белек кылдым десем да болот. Тар чөйрөдө угармандарга жагып, тааныла баштады. Ошондой эле Замир экөөбүздүн жаңы дуэттерибиз да даярдалууда.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

“Ак бата” каналы ачылат: Кинокомпаниянын оператору Кайрат Аттокур уулу кеп салат

– Кайрат мырза, сиз “Президент жана бомж-3” тасмасына катышып жүргөнүңүздү кино тартуу аянтчасынан көргөнүбүз бар…

– “Президент жана бомж-3” тасмасында президенттин жансакчысынын ролун жараткам. Ал кыска эле эпизод. Бирок, киного кызыккандыгымдан улам тасма тартуу аянтчасынан алыстабай, продюсерге, техникалык топко, операторго жардамдашып жүрдүм. Өзгөчө кино элге тартууланганда көптөгөн тааныштарым “Ой, сен кино актёр болуп кеткенсиң го” дешкенде тасма жаатына кызыгуум ого бетер күчөдү.

– Азыр эми кино жаатында эмне жумуш аткарып жатасыңар?

– “Ак бата фильм” кинокомпаниясы саясий, маданий, ар кандай темадагы турмуштук курч, кызыктуу кыска метраждуу тасмаларды, видео роликтерди даярдап, “Ак бата” каналын ачканы турат. Ушул тасмаларга киришип жаткан убагыбыз. Анан чет өлкөлөргө кино тартууга чыкканы жатабыз.

– “Карахан таажысы”көркөм жана “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларына эпизоддор чет өлкөлөрдөн тартылаары жарыяланган.

– Ооба. Андан тышкары чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин турмушу, деги эле чет мамлекеттердин элдеринин жашоолору тууралуу кызыктуу материалдарды тартып, “Ак бата” каналынан чыгарууну максат кылганбыз. “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төнкөрүш” тасмалары менен таанылган белгилүү сценарист жана продюсер, “Ак бата фильм” кинокомпаниясынын жетекчиси Өмүрзак Төлөбеков бир топ убакыттан бери бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын теле каналын ачууга аркеттенип келсе, эми азыркы шартка ылайык интернет каналды негиздеп отурат. Биз мындай элге керектүү жакшы саамалыкка үлүш кошуп жатканыбызга ыраазыбыз.

– Кайсы чет мамлекеттерде тасма тартуу болжолдонууда?

– “Ак бата фильм” Астана, Москва, Стамбул, Анкара, Прага, Берлин, Париж, Брюссель, Дубай, Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго шаарларына барып кино тасмаларды тартып, ал шаарлардагы мекендештерибиздин турмушун такай чагылдырып туруу мүмкүнчүлүгүн түзмөкчү. Биз алардын баарына болбосо да айрымдарына катышмакчыбыз.

Тулбара Сатыбалдиева

Булак: «Майдан»

Назира Кадыева, алып баруучу, ырчы: Мен евро, доллар эмесмин жага тургандай

Жайдары мүнөзү менен көп айымдарга үлгү болгон Назира көлдүн ак кууларынын бири. Анан да көп кырдуу талант. Мукам үндүү ырчы, тилинен бал тамган ди джей, тамада. Төркү коногубуз болгон Назира жумушу, жашоосу, туралуу өз ойлорун айтып берди.

-Назира саламатсызбы! Көп кырдуу талантыңдын баарын бирдей алып кетүүгө кантип жетишип жатасың?

-Саламтсыздарбы “Тамчы кабар” гезитинин жалпы окурмандары. 2015-жылы “Кыргызстан обондору”радиосунан кеткенден кийин “НТС” телеканалынын “Таң шоола” деген берүүсүнүн башкы редактору болуп эмгектенип келем. Андан сырткары “Ачыгын айтканда” деген өзүмдүн автордук берүүмдү алып чыккам. Бул телеберүүнүн максаты учурдагы социалдык көйгөйлөрдү маек аркылуу чечүү. Ушул берүүнү “Санжыра” радиосуна ди-джейлик кылып алып чыкпайсыңбы?”- деген да сунуштар түшкөн. Бирок убактым тар болгондуктан ал нерсеге жетишкен жокмун. Андан сырткары тамадалык менен да алектенип келем. Муну эми каржы табуунун дагы бир булагы катары көрөм. Элдердей “ставкам” укмуш деле жогору эмес. Өзүм карапайым жердин кызы болгондуктан элимдин чөнтөгүнө төп келген эле бааны айтып, алып барам. Элим ушундай бир күтүп келген жакшылыгын сага тапшырып, ишенип жатканынын өзү эле мага чоң бакыт тартуулайт. Азыркы учурда жашоо өзү айымдардан көп нерсени талап кылат. Бир гана жумуш менен беттеп кетпей өзүбүзгө үй-бүлөөбүзгө да убакыт табышыбыз керек. Балдарымдын тарбиясы, ден соолугу, тагдыры өзүбүзгө байланыштуу болгондуктан күрөш менен күн өткөргүң келет эмеспи. Бирок “жеңилиңди жерден, оорун колдон алган” жолдошубуз, инибиз, атабыз бар дегендей. Мына ушундай мырзалардын жашообузда бар экени кубандырат. Ал эми жеке өзүмө карасам ар бир нерсенин өзүнүн оорчулугу бар. Телеканалда иштегенде эртең менен беште туруп кетип, ошону менен кечинде келген учурлар болот. Оордугу болбой иш болбойт дегендей, мисалы”Кыргызстан обондорунда” иштегенде апам “Аа, кобурап-жобурап келип калдыңбы?”- деп калчу. Бери жактан карап турган кишиге оңой көрүнө берет. Сөздүн гүлдөрүн тандап, ар бир угармандын табитин тарта билүү да оор иш. Ал эми телеканалдын иштери андан да түйшүктүү. Майда-чүйдө нерселеринен баштап монтажы, анан ошол берүүнүн рейтинг алып келишине чейин карашың керек.

-Туура айтасыз, азыркы замандын агымы аялзатынан көп нерсени талап кылат. Жетишпей турганда турмуш -тиричиликке жолдошуңуз кол кабыш кылабы?

– Бир үй-бүлөнүн түйшүгү бирге чогуу мойнубузда болгондон кийин көп эле учурларда жолдошум кол кабыш кылат. Уландын бир жакшы сапаты бар. Бир нерсени алса кынаптап жасамайынча алымсынбайт. Мисалы, тамак жасап калганда картошкасынан өйдө бирдей кылып тегиз туурай ушундай бир чыныгы сүйүүнү кошуп жасайт. Жана айтып  коюшат го негизгиси көңүл жана сүйүү дегендей. Мен кээде бошобой калганда үй-тиричилинде чыккан  жумуштарды жасап коёт.

– Эл адамы болуунун өзү оор, Кээде дайым эле сызгычтай түз жүрүүдөн тажаган учурлар болсо керек?

– Ооба, айтканыңдай дайым эле эл алдында сызгычтай түз жүрө албайсың. Жашоо ар кандай ал-акыбалдары менен коштолуп турат. Анысы кандай, мен евро, доллар эмесмин баарына жага тургандай. Эң негизгиси адамзат кандай болуш керек деген “стандарттан” чыкпаганга аракет кылам. Эс алчу учурда эс алам, эл катары. Бирок чектен чыгып кеткен учурларым болгон эмес. Ал эми эл менен мамиледе болууда сөздүн ачыгын айтам. Бирок ошондой сапатым кээде мага тетири таасирин тийгизип калат. Дагы бир сапатым бар. Мисалы, жаңы жумушка кирип иштеп жаткан адамдарга өзүмдү элестететип эле курбудай мамиле кылам. Баардыгына: жашпы-карыбы.

-Назира Кадыева деген атты эл кубулжуган керемет үн менен тааныды. Үндү таптап машыгууларды кылып турасыңарбы?

– Мурда радиостанцияда иштегенде машыгууларды жасап турчумун. Анан телеканалда иштей баштаганда үндөн сырткары башка нерселер да биринчи орунга жылып кетет экен. Үн болсо калып-танып калат да.

– Ырчылык гана өнөргө ооп кетүүнү ойлоно элексизби? 

– Ырчылык мага абдан жагат. Жан дүйнөм жакшы нерселерди самап күңүлүм куунак болуп турганда же сагынычка батканда ыр дүйнөсүнө тартылып калам. Негизи бала кезимде эле ырдачумун. Бирок мен башка кесиптин ээсимин деп өзүмдү тыйып ырдабай жүрө берип көп убактымды өткөзүп жибериптирмин. Мен эмес менин жарымымдай болгондор деле жарнаманын жардамы менен жаркылдап жылдыз болуп жүрүшөт. Алдыда жакшы концерт берейин деген ойлорум бар. Негизи сапатка иштегенди жактыргандыктан бергенге жараша репертуарымды мыктылап иштеп чыгып туруп элдин көңүлүн чакыра алган концерт бергим келет. Эми толугу менен ырчылыкка өтүү деле менимче жакшы. Себеби алып баруучулукта 7-8 саат таканы кийип тикеден тик туруп иштейсиң. Бул айымдар үчүн оор эле. Ал эми ырчылар таарынбай эле коюшсун. Мисалы, ошончо саатта тапкан акчаны алар 10 мүнөттүк фонограмма менен таап коюшат. Мен да репертуарыма эл сүйгөн жакшы ырларды кошоюн деп пландап жүрөм.

– Чыгармачылыктан тапкан киреше чыгармачылыкка эле кетет дешет..

– Туура, менин деле тапкандарым формаларыма, ыр жаздырууга кетет.

– Эл сени жаны тынбаган эмгекчил кыз деп баалашат…

– “Жаш кезде берсин мээнетти, карыгандан берсин дөөлөттү”- дегендей, дайым аракеттеги адам утушта болоору анык. Бул мүнөзүм бала чактан бери эле бар.

– Өнөрлүү айымдардансыз. Эл билбегендери барбы?

– Темир комузда ойной алам. Буюрса комузду да өздөштүрөйүн деп жатам.

– Жумуш деп эрте кеч жүргөндө жолдошуңуз кызганбайбы?

– Жок жолдошум кызганбайт. Мен деле кызганчаак эмесмин. Экөөбүздүн ортобузда ишенич бар.

– Жолдошунуздун сиз баалаган жакшы сапаттарынан айта кетсеңиз?

– Эң негизгиси жолдошум мени баалайт. Жолдошум канатыма күч берип, алыска бийиктикке уч деген адам. Көпчүлүк айтып калат “Сен жайдары шайдоотсуң, эмнеге Улан мындай?”- деп. Негизи эле ушундай болушу керек. Анткени, мен жашоодо лидер болууну жактырам. Ошол эле учурда менден да күчтүү үстөмдүк кылып турган мырза менен эле жашап кете алат болчумун. Ал эми Уландын мүнөзү ушундай. Ошондуктан биз эриш-аркак жашап келе жатабыз. Атабыздын айтканы айткандай болот. Алдын ала баарын пландап туруп иш кылат.

– Маегиңизге рахмат.

Булак: «Тамчы»

Канышай Рысбекова, телеалпаруучу: Калтырбай көңүлдөрдү тирүү кезде, кадырлашып жашасак колдон келсе...

НТС телеканалынын «Таң шоола», «Кош жылдыз», «Kg Tai» берүүлөрүнүн алпаруучусу, таланттуу кызыбыз Канышай Рысбекова Инстаграмдагы өз баракчасына ырларды көркөм окуу менен да окурмандардын жүрөгүнөн орун тапкан. Жакынкы күндөрү алып чыккан көркөм окуусундагы ыры дагы талкуу жаратты.

– Кесиптешибиз Уландын өлүмүнөн соң жаралдыбы? Канышай, сенин акыркы көркөм окууңдагы ырың көпчүлүктүн жүрөгүн оорутту…

-Адамды өлгөндөн сон «мыкты» дейбиз,

«Аттин ай, ажал кайдан чыкты?» дейбиз.

Жараткан, кайра тирилт жарым саатка,

Жалбарган үнүбүздү укчу дейбиз!

Жаныбызда жүргөндө карадыкпы?

Жан эле го кандай деп бааладыкпы?

Жандүйнөсү жабыркай күттү балким,

Жарты ооз жакшы сөзгө жарадыкпы?

Акылдуу болбочу сен дебегиле,

Адамды аяр сактап жебегиле,

Аааламдан көзү өткөндөр артка кайтпайт.

Алтындан эстеликтин кереги не?

Калтырбай көңүлдөрдү тирүү кезде,

Кадырлашып жашасак колдон келсе… -бул белгисиз автордун ыры. Адамды тирүү кезде барктай албаганыбыз өкүндүрөт. Бул ыр менен көзүбүз тирүү кезде бири-бирибизди баалоого чакыргым келди.

– Жандүйнөң поэзияга жакын, сөз баалаган таланттуу кызыбызсың. Кайсы акындардын ырларын окууга кызыгууң чоң?

– Акбар Кубанычбеков, Максат Жангазив, Бердибек Жамгырчиевдердин ырларын жактырып окуйм. Көбүнчө биздин замандаш жаш акындардын поэзиясы кызыктырат. Менин жандүйнөмдөгү ойлорду алардын поэзиясынан таап чыгам. Ал эми Алыкул баштаган улуу акындардын классика, шедеврлери керемет ырлар. Бирок оор сыяктанат. Азыркы акындар көргөн көйгөйдү чогуу көрүп, бүгүнкү жашоо зарын бирге тарткандайбыз. Өзүмдүн да жазмайым бар. Бирок азырынча өз баракчаларымда гана сакталуу.

– Кайсы мезгилде энергияң ашып-ташып, ишиңде ийгиликтер жаралат?..

– Азыр жай айларында суу ичип эле шалдырап жүрөбүз. Мага кыш айлары жагат. Чуркап иштейсиң. Энергия көп. Айланаң болсо таптаза, апапак.

– Өткөн жылдары турмуш жолуна аттандың эле. Үй-бүлөлүк турмуш кандай өтүүдө?

– Үй-бүлөм баары ойдогудай. Баары жакшы, жолдошум, кайната, кайненемдер менен чогуу турабыз. Бактылуу күндөр өтүүдө.

Жамиля Нурманбетова

Булак: Азия Ньюс

Меню