Menu

Акжуурат Эргешалыева: “Майрам Акаевага жолугуп, аңгеме-дүкөн кургум келет”

Бөлүшүү:

Акжуурат карындашымды өзү теңдүүлөр арасында өзгөчөлөнүп, көптөрүнө үлгү болчу дымагы бар жаштардын бири катары билем. Журналистика чөйрөсүнө адашып келип калбаганын айта отурду. Бош учуру жокко тете, билимге сугарылып туруу эң биринчи максаты экенин кошумчалай кетти.

– Акжуурат, мен билгенден айтылуу Ала-Букадан ордо калаага «окуйм, чокуйм» деп келдиң эле, акыбал кандай?
– Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Айты-Там айылында туулуп, өзүмдүн кичи мекенимде балалык кезим өттү. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, менден улуу байкем бар. Учурда Кыргызстан эл аралык университетинин (МУК) журналистика бөлүмүндө окуп жана ушул тармакта бош учурда иштеп жатам. 3-курсту аяктадым.
– Биздин журналистика айылына кайсы «шамал» айдап келди, адашкан жоксуңбу?
– Журналистика кесиби ар бир эле адамга төп келе бербейт. Сөзсүз түрдө бул кесипти аркалаш үчүн эң ириде жеке өзүңдөгү кызыгуу, аны менен катар жоопкерчилик, туруктуулук, сабырдуулук мүнөздөргө ээ болуу менен бирге жогорку
билимди да талап кылган кесиптердин бири деп айтсам жаңылышпайм. Чоң атам кыргыз тилинен мугалим болсо, чоң энем башталгыч класстарга сабак берген. Чоң атам шатырата ыр жазчу, сөздү терип сүйлөп, таамай айткан инсан болгон. Мага чоң атамдын ар бир сүйлөгөн сөзү уккулуктуу сезилчү. Түрдүү темада жазылган ырларын окуп таасирлене, мен да кагаз бетине сөздөрдүн гүлүн терип куюлуштура жазып калчумун.
– Ырларыңды кимге окуп берчү элең?
– Ал ырларымды чоң энеме окуп берсем, «азаматым, сонун ыр болуптур, диктор болсон жарашчудай» деп калчу. Ушундай жагымдуу мактоолордон улам шыктана көп ыр жазып, чоң энеме, атама, апама маал-маалы менен окуп берчүмүн. Ата-эненин ар бир жылуу сөзү, балага болгон ишеними бийик болсо, анда баласы өз кесибин туура тандап, өзүнө ишеними артып, мыкты инсан болуу үчүн умтулат экен. Ошондуктан мен тандаган ары татаал кесипти үй-бүлөм колдоп, келечекке болгон кадамыма кенен жол ачып беришти.
– Ыр эле жазбай, кээде кыңылдап ырдап калганыңды да угуп калган жайыбыз бар?
– Туура айтасыз, кээде эргүү келип калган учурда көңүлүмө жаккан ырларды соткамды маңдайыма коюп алып жаздырып коём. Анан Инстаграмга жүктөп салам. Бул менин ышкым, кошумча кызыгуум. «Ырчы болуп кетейин» деген оюмда жок, Журналистиканы эле өздөштүрүп, ошонун өтөөсүнө жетсем кана?..
– Журналист катары кимдер менен жолугуп, кимдерден маек алсам дейсиң?
– Журналистте дымак болмоюн иши ордунан жылбайт. Менин да дымагым укмуш. Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал бир топ адамдар менен жолугуп, бетме-бет отура аңгеме-дүкөн курууга ниеттенип, тилегим чоң. Алсак, биринчи кезекте Майрам Акаева, Роза Отунбаева, Чолпон Баекова апалар көзүмөн учуп турган кез. Бул эми чекеси эле. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдор да менин тизмегимдин сап баштарында турушат.
Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: