Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Салтанат Максатбек кызы, актриса: "Актриса болом деп эч качан ойлогон эмесмин"

Экран жүзүн көргөн «Келинка» сериалы көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, үй-бүлөлүк тасмага айлана баштады.

Ар бир сериясын качан чыгат экен деп күткөн күйөрмандарынын саны күн санап көбөйүүдө. Сериалдын режиссеру Эльдар Турдумамбетов, продюсери Мирлан Даанышман. Бүгүн сериалдын баш каармандарынын бири келиндин образын кенен ачып бергенге аракет кылган жаш актриса Салтанат Максатбек кызы менен жакындан тааныштырабыз.

—Салтанат, өзүң, үй-бүлөң жөнүндө окүрмандарга сүйлөп берсең?

—Менин атым Салтанат кино ааламына кадам таштаган жаш актрисамын. Үй-бүлөм жөнүндө айтсам, 3 бир тууганбыз. Атам Султаналиев Максатбек кыргыз драм театрында сантехник болуп иштейт. Апам Шакелова Анархан үй кожойкеси. Мен үйдүн улуусу болом. Менден кийин Саламат деген сиңдим жана Даниель деген иним бар. Экөө тең Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунда окуйт.

—Сенин билимиң кандай?

—Билимим жөнүндө айта кетсем, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин искусство факультетинин театр бөлүмүнун актердук чеберчилигин бүтүргөм. Менин мастерим театр режиссеру Шамиль Дыйканбаев.

—Бала кезде ким болом деп кыялданчусуң?

—Балалыгымда ар кандай кыялдарым бар болчу. Милиция кызматкери, медайым, алып баруучу болгум келчү. Искусство чөйрөсүндө болгум келчү. Актриса болом деп эч качан ойлогон эмесмин.

—«Келинка» сериалы тууралуу айта кетсең, кандайча тартылып калдың?

—Чынын айтсам, кастинг болдубу-жокпу билбейм. Мага сериалдын продюсери чалды, чакырды. Режиссер менен тааныштым. Алар иштешүү тууралуу сунушун билдиришти. Ушинтип эле иштешип кеттик.

—Образга кирүү кыйын болгон жокпу?

—Билесизби, биз диплому бар актер-актриса болгондуктан, мунун баарын окуйбуз, 4 жыл ичинде ушунун үстүндө күндө иштейсиң. Чын эле өзүм турмуш кура элек болгондуктан, жеңелеримди карап, байкап анан жаралган образ болду. Өзүм кандай келин болом, билбейм.

—Сериалдан өзүңө эмне ала алдың?

—Өзүм үчүн сериалдан көп нерсе ала алдым. Үй-бүлөдө эки кыз, бир эркек болгондуктан, иним эне-атам менен калат да. Анан өзүм баарына анализ жүргүзүп чыктым. Сериалдын башында менин каарманым жолдошунун ата-энеси менен жашаганына каршы болот эмеспи. Ушундай кырдаал болгондо эмне кылыш керек деп ойлондум.

—Мындан башка дагы кандай ролдорду жараткансың?

—Башка ролдорум бар, бирок көбүнчөсү театрда. Мен кино жана театр актрисасы болгондуктан, кино жаатында көп тартыла элекмин. Эпизоддук ролдорумдан тышкары, Бакыт Мукулдун тасмасында жана Медер Жалиловдун «Шайлоо» аттуу фестивалга багытталган тасмасында роль жараткам.

—Кыялданган ролдоруң барбы?

—Театрда кыялданган ролдорум бар. Мисалы Шекспирден Джульеттанын ролун ойногум келет. Чыңгыз Айтматовдон Алимандын, Жамийланын ролун ойногум келет.

—Кандай ролдорду жаратуу жагат?

—Мага көбүнчө комедиялык ролдорго караганда, терең, психологиялык ролдор жакыныраак, жеңил алып кетем.

—Алдыга койгон кандай максаттар бар?

—Келечекте алдыма көп эле ой-максаттарды койгом. Театр жана кино тармагы менен биргеликте, үй-бүлөнү дагы чогуу алып кетким келет. Ушул үч багытты тең бирдей алып кете аламынбы же алып кете албаймынбы билбейм, бирок менин максатым ушул. Аракет кылам.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-факто”

Нурлан Насиптин эжеси Элзада ырдап чыкты

12-ноябрда ырчы Нурлан Насип өзүнүн соцтармактардагы баракчасына 37 жаштагы эжеси Элзада Насипбекова ырчы катары чыкканын жазып, өзү жазган алгачкы ырын досторунун тоюнда ырдап чыккан видеосун койгон.

Нурлан ырдап чыгып, атактуу боло баштап, ырларынан жакшы акча таба баштаганда, Бишкектен эки бөлмөлүү батир сатып алган. Андан кийин чоң үй салып, ал батирин дал ушул эжеси Элзадага белекке берген экен.

Ошондой эле эжесине чыгармачыл ийгилик каалаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

"Андай чёрт кыялыңды көрсөтпө". "Чыпалак баатыр" Ситорага сын айтты

“Эй, Ситора карындаш! Эмне Гүлнур эженин кнопкасын басасың, кызыл кылып. Мындай концертиңди токтоткун”. “Чыпалак баатыр”, “Күчмен” каймана аттары менен белгилүү Зарылбек Аликенов мына ушундай маанидеги видео-кайрылуу жасаган.

Өзү айтмакчы көп кырдуу талант ээси Аликенов бул кайрылуусунда өзбек эстрада ырчысы Ситорага таарынычын билдирген.

Эске сала кетсек, “Чыпалак баатыр” Алматы шаарында өткөн “Азия таленттери” сынагында өнөрүн көргөзгөн. Бирок анын өнөрүнөн чочулаган калыстардын бири Ситора өзүнүнүкүн, андан соң Гүлнур Сатылганованын да каршылык билдирүүчү кнопкасын баскан. Мындан улам эки жылдыздын ортосунда дагы пикир келишпестиктер болгону айтылууда.

Зарылбек Аликеновду калыстар анда “сахнага даярдыгы жок келдиң” деген таризде узатышкан.

Булак: Майдан

Фото - Белгилүүлүктү эрте багынткан жаш балдар

Жаш балдар моделдик бизнестин бир бөлүгүнө айлангандыгы жашыруун эмес. Бул тармакта дагы жаш балдар чоңдордой эле эмгектенишет. Эмгегине алган гонорарлары айрым белгилүү моделдердикинен ашып түшөт. Көбүнесе мындай мээнеттин артында наристелердин апалары турушат. Алар балдарын белгилүү журналдардын бетинен жана жарнамалык роликтердин жүзү катары көргүлөрү келет. Акыркы мезгилдерде жаш балдарга арналып ачылган моделдик мектептер дагы муну айгинелеп турат. Мектеп аркылуу чоң моделдик бизнеске аралашуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт эмеспи. Мындай аракеттин аркасында жылдызга айланган жаш балдарга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Эль Фаннинг

Картинки по запросу Эль Фаннинг

Эль Фаннинг азыр акырындык менен эң сулуу бой жеткен моделге айланып келе жатат. Ал өзүнүн моделдик карьерасын 3 жашында баштаган. Эль Фанинг Голливуддагы стилдин жана, моданын иконасы болуп саналат. Аны келечекте улуу актриса болот деп айткан дар бар. Модель өз эмгек жолун жаш кезинен баштап, ар кандай сериалдарга, тасмаларга жана жарнамалык роликтерге тынбай тартылып келет. Бүгүнкү күндө белгилүү жалтырак журналдардан иштешүү сунушу үзүлбөй келет.

Тилан Блондо

Картинки по запросу Тилан Блондо

Мындан бир нече жыл мурун, тагыраагы 2011-жылы 10 жаштагы Тилан Блондонун сүрөттөрү дүйнөнү таң калтырган. Көпчүлүк үчүн баланын сексуалдуу сурөттөрү аркылуу акча табуу мүмкүн эмес жана мындай эксперимент акылсыздык деп эсептелген. Бирок бүгүнкү күндө Тилан эң көп акча төлөнгөн жана белгилүү өспүрүм моделге айлана алды. Ал күн сайын жарнамалык роликтерге, журналдарга тартылып келет. Бул жумушун ал 4 жашында баштаган.

Маккензи Фой

Картинки по запросу Маккензи Фой

Маккензи Фой өзүнүн балалык чагында чоңдордой эмгектенип баштаган. Анын карьерасы 8 жашында башталган. Жарнамалык компанияларда активдүү иштеп, белгилүү бренддердин жүзү болууга үлгүргөн. Анан да элдин эсинде калган эң белгилүү ролу «Сумерки. Рассвет» тасмасындагы вампир жубайлардын кызы Ренесми Каллендин образын жараткан. Бул тасманы сиз да көргөн чыгарсыз. Маккензи Фойдун керемет жашыл көздөрү көргөн кишини арбап алары турган иш. Анын башка жаш балдардан өзгөчөлөнүп турарын тасмадан да байкасаңыз болот.

Фатима Птацек

Картинки по запросу Фатима Птацек

Бул кызды 5 жашында эле Нью-Йорктун алдыңкы агентстволору байкашкан. Ал эми тогуз жашында Фатима Птацектин гонорары миллион доллардын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Анын карьералык куржунунда 4 тасма, 50дөн ашык белгилүү жарнамалар жана телешоулар бар. Ал эми Фатима моделдикти өз жашоосунда жумуш катары кабыл алуудан алыс. Фатиманын келечекке койгон пландары – Гарвардды аяктоо, адвокаттык кесипке ээ болуу, анан дагы АКШнын тарыхындагы биринчи президент айым болуу.

Кристина Пименова

Картинки по запросу кристина пименова

Кристина Пименова бүгүнкү күндө Орусияда гана эмес, дүйнө жүзүнө белгилүү. Ал белгилүү «Киндер» маркасынын жүзү боло алган. Анын эсебинде менмин деген белгилүү бренддер менен болгон келишимдеринин саны жыйырмадан ашат. Дүйнөлүк белгилүү мода үйлөрү болгон Рrаda жана Вurberry сыяктуу фирмалар мснсн жарнамалык негизде иштешкен.

Айра Браун

Картинки по запросу айра браун

Бул наристеге 3 жаш болгонуна карабай, өз карьерасын активдүү баштаган. Айра Браунду көргөн адам аны «жандуу куурчак» дешет. Анын сулуулугу жана адамды өзүнө тартып турган жылдыздуулугу өзүнчө керемет. Моделдин ата-энеси анын чачын бир калыпта алып жүрүү үчүн ар дайым боеп турушат жана косметикалык каражаттарды колдонушат. Бул аракеттердин баары пайдалуу келишимдерге жетишүү үчүн экендиги жашыруун эмсс.

Алонсо Матео

Картинки по запросу алонсо матео

Алонсо Матео интернеттин жардамы менен популярдуулукка жеткен бала. Анын белгилүү болушуна апасы себеп болгон. Ал бир жолу баласынын стилдүү кийинген сүрөтүн социалдык тармактардын бирине жайгаштырган. Ошондон баштап белгилүүлүккө карай жол ачылган. Бүгүнкү күндө анын көптөгөн күйөрмандары бар. Интернет желесинде ага арналган бир нече топтордун ээси.

Булак: “Де-факто”

 

Гулшайыр Садыбакасова, "Кыз-Бурак" эстрадалык тобунун негиздөөчүсү: "Таарынышып жүргөндөр өз ара чечишип, гүлдөрүн көтөрүп келишсе, мен да кубанам"

Кыргыз эстрадасындагы белгилүү эстрада тобу «Кыз-Буракты» билбеген кыргыз жок чыгар. Жетекчиси жана негиздөөчүсү – Гүлшайыр Садыбакасова. Гүлшайыр Садыбакасова талыкпаган эмгектин артында Кыргыз Республикасынын эл артисти, мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси боло алды. Мындан тышкары учурда коомдук ишмер жана профессор. Аталган топтун түзүлгөнүнө 40 жылдан ашыптыр. 40 жылдык мааракесин утурлай «Кыз-Бурак» тобу 10-11 ноябрь күндөрү топто ырдап кеткен таланттуу кыздардын башын бириктирип, эл күтүп, көксөп жаткан көптөн күткөн концертин бергени турушат. Юбилейлик концерттин шылтоосу менен топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованы кепке тарттык.

—Гүлшайыр айым, «Кыз-Бурак» тобу качан жана кандайча түзүлүп калды эле?

—«Кыз-Бурак» кыздар эстрадалык тобу 1976-жылы ошол кездеги Ош облустук коммунисттик партиянын лидери болгон биринчи секретарыбыз Султан Ибраимовичтин демилгеси менен түзүлгөн. Көркөм жетекчиликке Рахман Салмаматов, музыкалык жетекчиликке мен дайындалып, экөөбүз чогуу-чаран биргеликте эмгектенип отуруп, ушул бүгүнкү күнгө чейин күйөрмандардын жүрөгүнөн орун таап келе жаткан «Кыз-Бурак» тобун түптөдүк.

—Мындай караганда айтылганга оңой болгону менен 40 жыл деген өтө узак убакыт да. Бул убакыт аралыгында кандай күндөрдү башыңыздан өткөрдүңүздөр?

—40 жыл деген оңой эмес, чейрек кылымдан көп убакыт да. Бул убакыт аралыгында турмуштагы жакшылыктарды, жамандыктарды, көптөгөн кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Ошого карабастан, турмуштун татаал сыноолорунан өтүп, күрөшүп, талбай эмгектенип отуруп бүгүнкү күндөргө жеттик десем жаңылышпаган болом. Топ алгачкы эле уюшулган жылдан тарта кыргыз элинин колдоосуна ээ болуп, оозго алынып, аз убакыт аралыгында популярдуулукту багынткан. Кыргызстанга тез эле «дүң» деп таанылышыбыздын себеби – биринчиден, жалаң кыздардан түзүлгөн алгачкы топ болгондуктан, экинчиден, ырлардын программасы ал кезде өзгөчө болчу. Бир жыл ичинде биздин атыбызды чыгара алдык,
жылдызыбыз тез жанды. Муну моюнга алып коюш керек. 40 жылда «Кыз-Бурак» элибизге жакшы эле кызмат кылды. Союз мезгилинде да, эгеменлүүлүккө ээ болгондон сон да мамлекеттик денгээлдеги иш-чараларга, эл аралык сынактарга катышып жалаң байгелүү алдыңкы орундарды ээлеп келди. Талбай эмгектенип, чарчабай изденип, майтарылбай иштеп отуруп ушул күндөргө жеттик. Топ менен биргеликте Кыргызстанды кыдырып, 10 жолудан ашык концерт бердик. Калкты маданий жактан тейлөө боюнча бир дагы артист, бир дагы көркөм топ биздей иштеген жок. Бул дагы бир чындык.

—Кыздар менен иштешүү да чоң жоопкерчиликти талап кылат эмеспи…

—«Кыз-Бурак» деп аты сонун угулганы менен, мунун ичинде канча деген ый-күлкү, канча көз жаш, канча кайгы, жыргал, куурал бар. Айрыкча кыздар менен иштеген азап менен тозоктун өзү. Ар кандай үй-бүлөдө тарбияланып келген кыздардын башын кошуп, бир максатка көңүлүн, дитин буруш эркти, күчтү, энергияны талап кылат. Кыздар менен биргеликте ысык-сууктун баарын көрдүк. Ар бир кыйынчылыкты ынтымак менен жеңдик.

Кийинки муунду жаратууга талбай иштедик. Үзүрлүү эмгектин негизинде азыр «Кыз-Бурактын» 9 жаштан баштап 90 жашка чейинки күйөрманы бар. Топтун ар бир муунун таанышат. Ар бир муундун өзүнүн күйөрмандары бар. Ушундай даңазалуу жашоону башыбыздан кечирип жатабыз. Кудай буюрса, мындан ары да «Кыз-Бурактын» өмүрү узак болот деп ишенемин. Мен чарчаган болсом, топту мындан ары өркүндөтүүдө өсүп келе жаткан кыздар бар, аткаруучу директорлор иштеп жатат. Учурда алар топту жандандырууга жандалбастап иштеп жатышат.

—Кепти 40 жылдык мааракеге бурсак, даярдык иштери кандай жүрүүдө?

—40 жылдык юбилейлик мааракеге кызуу даярдыктар көрүлүүдө. 2 айдан бери тынбай даярданып жатабыз. «Кыз-Бурактан» өсүп-өнүп чыккан, элге азбы-көппү таанылып калган мыкты ырчы кыздар менен чоң концерттик программа болот. Буюрса бул концертибизди 10-11-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрөбүз.

—Концертте кандай өзгөчөлүктөр болмокчу?

—Буюрса, бизди ушундай маанилүү маараке менен куттуктап Орто-Азиядан жылдыздар келмекчи. Кимдер экендиги азырынча сыр болуп турсун. Мындан тышкары өзүбүздүн эстрада жылдыздарынан куттуктоолор болот.

—Жашыруун эмес, топтогу кыздардын арасында таарынышып жүргөндөр бар. Ал ырчылар келеби, чогуу ырдап жүргөн эл күткөн ырларды аткарышабы?

—Таарынышып жүргөн кыздардын өз абийиринде деп ойлойм. «Той болуп атыптыр, барбасам болбойт» -деп, 101 розасын көтөрүп алып келсе, өздөрү ич ара таарынычтарын жазышса мага да жакшы да. Амбициялары тазалары таза эле жүрүшөт. Амбициясы бийиктер бийиктеп алып, түшүшү кыйын болуп жатпайбы.

—Маегиңизге рахмат, концертиңиздер ийгиликтүү өтсүн!

Назгүл Исакова

Булак: “Де-факто”

Ырчылар кайсы гезиттин журналисттерине нааразы болушууда?

Ырчы Анжелика Кайратова «Супер-инфо» гезитинин журналисттерине нааразы болууда. Ал мындай маалыматты өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда ал аталган гезитке интервью бербегенин, комментарийин бакырайтып биринчи бетине чыгарганын, ал дагы бурмаланып чыкканын жазган. Анжелика айымды айрым ырчылар колдоп чыкты. Алсак, ырчы Самат Дөөлөтбаков. Ал жети жыл мурун анын да интервьюсу бурмаланып жазылганын, ал үчүн андан журналисттер кечирим сурашпаганын, ошондон улам алар менен кол үзүп койгонун жазса, белгилүү продюсер Асыл Апасова “Супер инфону” жаңы билип атасыңарбы?», — деген суроо таштаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Ырчы Валерий Сюткин Нуржигит Субанкуловдун чыгармачылыгына баа берди

Орусиядагы “Голос 8” аттуу шоу-сынагына Кыргызстандан 32 жаштагы Нуржигит Субанкулов барып, кийинки турга өттү. Ал Рэя Чарльздын I’ve Got a Woman аттуу хит ырын ырдады. Аталган шоудогу артын салып отурган калыстар тобундагы ырчы жана композитор Валерий Сюткин биринчилерден болуп биздин балага жүзүн буруп, анын чыгармачылыгына баа берип, ийгилик каалады.

Нуржигит Субанкуловдун ырдаганын төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот:

Булак: KyrgyzToday.kg

Ырчы Алсунун пластикалык операциясын күйөрмандары кейип кабыл алышты

Орустун белгилүү ырчысы Алсу досторунун майрамына барып, селфи жасап, анынысын 8-ноябрда Инстаграм баракчасына койгон экен, күйөрмандары пластикалык операция жасаганын дароо байкашып, чалкаларынан кетишти. “Алсуну аябай жакшы көрчү элем. Оозун эмне кылып салган, ботом?!” деп бири кейисе, бири: “Ырчылардын баары пластикалык операция кылдырып, опокшош эле болуп баратышат. Же жарашсачы?!” дейт. Дагы бири: “Эми Алсуга эмне жетишпейт? Бай күйөөсү, сонун балдары бар. Түрүн бузуп эмне кылам да?” десе, “Жакшы эле блефаропластика болуптур. Бирок… баягы сулуу Алсу жок” деген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Брэд Питтин айынан Анжелина Жоли АКШдан кете албай жатыптыр

Бул жөнүндө атактуу актриса Harpers Bazaar журналынын ноябрдагы санына берген маегинде айткан. Көрсө, голливуд жылдызы АКШдан биротоло кетип, башка өлкөдө жашагысы келет экен.

“Мен акыры АКШдан кетем, балдарым 18 жашка толушу керек болот. Азыр болсо, балдардын атасы АКШда жашап жаткан соң, мыйзам боюнча мен кете албайт экем”, – дейт ал. “Кайсыл өлкөдө жашагыңыз келет?” деген суроого түз айтпай, 44 жаштагы киножылдыз: “Азыр айта албайм, бирок мен ар дайым Африкага кызыгып келгем” деп койгон.

Жоли менен Питт 10 жыл бирге жашап, ажырашкандарына 3 жыл болду. Экөөнүн алты баласы бар: бакмалардан – Мэдокс, Захару жана Пакса, өз балдары – Шайло жана эгиздер – Нокса менен Вивьен. Улуу баласы Мэдокс 18 жашка толуп, Түштүк Кореяда университетте окуйт. Ал эми кызы Шайло атасы Брэд менен жашаганы кетип калган.

Булак: KyrgyzToday.kg

“Чыпалак баатыр” жөнүндө мульфильм тартылат

Бул тууралуу “Чыпалак баатыр” атка конгон жердешибиз Зарылбек Аликенов өзү билдирди. Ал жөнүндө мульфильм тартууну казакстандык режиссерлор айткан экен. Зарылбек соцтармактар аркылуу анимациялык тасманын авторлоруна, режиссеруна ыраазычылыгын билдирди. Бирок ким деген режиссер, идеянын автору ким, тасма качан тартылып, качан чыгат, эч нерсе айтылган эмес.

“Жакында мен жөнүндө мультсериал тартыла баштайт. Мага да аябай кызык болуп турат”, – дейт Аликенов.

Баса, эскерте кетсек, “Чыпалак баатыр” келаткан парламенттик шайлоого катыша турганы боюнча да айтканы бар. Соңку кездери “Атың чыкпаса – депутаттыкка же президенттикке ат салыш” деген макал чыкты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Меню