Menu

ЭКОНОМИКА

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан Өзбекстанга тамак-аш жана кайра иштетүү, тигүү жана башка товарларды экспорттоого даяр

Эки элдин мамилесин өнүктүрүү тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуусуз мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-августта, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.  Комиссия жыйыны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Жыйынды ачып жатып, Кыргыз  Республикасынын Прмьер-министри Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,  комиссиянын кыргыз тарабынын мүчөлөрүн жана жеке өзүнүн атынан өзбек делегациясына жана ошондой эле бүгүнкү жолугушуунун бардык катышуучуларына салам жолдоду.

«Акыркы ирет эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жетинчи жыйыны болгондон тартып сегиз жыл өттү. Бул жетишээрлик узак тыныгуу. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстан Республикасынын Президенти  Шавкат Мирзиёевдин  Борбор Азия аймагы Өзбекстандын  тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн башкы артыкчылыгы. Анын ичинде коңшу өлкөлөр менен мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү тууралуу  сөзүн  жылуу кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын соңунда Самарканд шаарындагы сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө күчтүү дем берди. Кызматташтыкты активдештирүү үчүн бизге эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жол картасын кабыл алуубуз зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын Өкмөт башчысы  кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы  өткөрмө пунктуларынын ишин кайра калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул эркин аралашуу үчүн жана жүктөрдү ташууга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларын,  логистикалык борборлорду жана кайра иштетүүчү ишкаларды түзүүгө жол ачат.  Мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстандан  узак мөөнөттө минералдык жер семирткичтерди  алууга, аба, автоунаа жана темир жол каттамдарын өнүктүрүүгө, соода жүгүртүүнү жана туристтик агымды көбөйтүүгө кызыктар», – деп билдирди Өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгында 1,8 эсеге көбөйгөн.

«Биз муну менен токтоп калбайбыз, бизде колдонулбай турган ири потенциал бар.Анын баарын толук кандуу пайдалануубуз зарыл. Биз Өзбекстандан минералдык ресурстарды, пахта сырьесун, автомобиль өнөр жай продукцияларын, медициналык  буюмдарды жана каражаттарды импорттоого даярбыз.  Бул азык түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле жеңил өнөр жай  жана башка продукциялар. Буга байланыштуу бардык тоскооолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Аны менен бирге биздин элдердин ортосундагы  соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү чоң мааниге ээ. Биздин элдердин жалпы тарыхы бар, маданий-күндөлүк салттары жана тили окшош. Дал мына ошондуктан биздин жөнөкөй жарандар жакын жана өлкөлөр ортосунда маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү боюнча бизге милдеттерди жүктөөдө.  Бул мааниден алганда биз ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанда Өзбекстандын Маданият күндөрүн өткөрүүнү колдойбуз жана аталган иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө максималдуу  колдоо көрсөтүүгө даярбыз», –  деп билдирди  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, жыйында соода-экономикалык мамилелер чөйрөсүндөгү эки тарптуу кызматташтык маселелери каралды.

 

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 16-августта,  Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай  Жээнбеков жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кыргыз тараптын курамы:

– Жеңиш Разаков –КР вице-премьер-министри;

– Эрлан Абдылдаев – КР Тышкы иштер министри;

– Арызбек Кожошев – КР Экономика министри;

– Гульмира Кудайбердиева – КР Билим берүү жана илим министри;

– Жамшитбек Калилов – КР Транспорт жана жолдор министри;

– Уларбек Шаршеев – КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

– Курбанбай Искандаров –  КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы КР Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

-Данияр Сыдыков – Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;

– Бахтияр Салиев – КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор  аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

– Шухрат Сабиров –КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;

– Нурсулуу Ахметова –КР Премьер-министринин кеңешчиси;

– Айбек Айдарбеков – КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

– Динара Кемелова – КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

– Алмаз Сазбаков – КР Экономика министрини орун басары;

– Жаныбек Керималиев –КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары;

Айбек Калиев –«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы.

Өзбек делегациясынын курамы:

-Абдулазиз Камилов – Өзбекстан  Республикасынын  Тышкы иштер министри;

– Элер Ганиев – Тышкы соода министри;

– Ильхом Нейматов – Өзбекстан Республикасынын  Президентинин чек араны делимитациялоо эана  демаркацияло боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи;

– Рустам Эминжанов – Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, Өзбекстан Республикасынын чек ара аскерлеринин башкы командири;

– Нодиржон Жураев – Юстиция министринин орун басары;

– Озодбек Назарбеков –  Маданият министринин биринчи орун басары;

– Жавлон Вахабов – Тышкы иштер министрини  орун басары;

– Аброл Вахабов –  Айыл жана суу чарба министринин орун басары;

– Нодир Отажонов – «Узагротехсаноатхолдинг» АК төрагасы;

– Шаалим Шавахабов – автомобильного жана токой транспорту өзбек агенттигинин начальнигинин орун басары;

– Эркин Юнусов –  «Узсаноатэкспорт» АК төрагасынын милдетин аткаруучу ;

– Акбар Шукуров – «Узбекистон темир йуллари» АК төрагасынын орун басары

– Улугбек Мустафоев – «Узбекэнерго»АК төрагасы;

– Тохиржон Жалилов – «Узбекозиковкат холдинг»төрагасы.

Фоторепортаж - Жээнбеков Астана шаарында ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Сооронбай Жээнбеков Астана шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалымат кызматы билдирет.

ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларын Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алды.

Евразия экономикалык биримдигинин Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 13-августта, Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына учуп кетти. Жыйын эртен, 14-августта, Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтөт. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

ЕврАзЭС Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жумушчу жолугушууларды өткөрөт.

ЕврАзЭС Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында күн тартибиндеги негизги багыттарды ишке ашырууга карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктар жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттер арасында пенсиялык камсыздоо боюнча Келишимдин долбоору тууралуу маселелер талкууланат.

Мындан сырткары ЕАЭБ жалпы электроэнергетикалык соода аянтчасынын алкагында борбордук уюмду уюштуруу маселеси,  бул рынокту түптөө үчүн иш чараларды каржылоо, 2018-2020-жылдарга ЕврАзЭС  өлкөлөрүнүн транспорт саясатына багытталган (“жол картасын”) пландарды ишке ашыруу боюнча маселелер каралат.

Ошондой эле ЕврАзЭС Бажы келишимдерине ылайык, мамлекеттин ички процедураларын өткөрүүнү кароо, бажы товарларын  декларациялоо, отчетторго мониторинг жүргүзүү, Казакстандын дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондугуна байланыштуу келип чыккан маселелерди кароо, 2016-жылы  биримдикке мүчө мамлекеттер ортосундагы киргизилген бажы төлөмдөрүнүн бюджети тууралуу маселелер талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршебиев, Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, Премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан ЕврАзЭСтин бирдиктүү энергетикалык рыногун түзүүгө катышат

Кыргыз Республикасы  ЕврАзЭСтин бирдиктүү энергетикалык рыногун түзүү демилгесин колдойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-августта, Астана шаарында ЕврАзЭСтин Евразиялык Өкмөттөр аралык кещешинин кезектеги жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«2017-жылдан тартып биздин өлкөнүн экономикасы өнүгүүнү көрсөттү.  Жарым жылдыктын жыйынтыгында ал 6,4% түздү. Аталган көрсөткүчтүн жакшыруусуна жагымдуу факторлордун бири, ЕврАзЭС өлкөлөрүндө  экономикалык өсүүнүн кайра калыбына келишине биздин негизги соода өнөктөштөрдүн  таасири болду. Интеграциялык биримдиктеги өлкөлөр  менен соода көрсөткүчтөрүнүн жогорулоосу байкалды. Өлкөлөрдүн  экономикасы интеграциялык жаңы шарттарга жана эрежелерге ыщгайлашуу этабында экономикалык төмөндөө коркунучун алдын ала алдык.

«2017-жылдын январь-май айлары үчүн болжолдуу маалыматтар боюнча ЕврАзЭС өлкөлөрүндө  өз ара товар алмашуунун көлөмү дээрлик 12,2% өскөн. Буга байланыштуу биримдиктеги өлкөлөрдө экспорттун көлөмү – 29,6%, ал эми импорт – 7,3% жогорулады», – деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  ЕврАзЭС алкагында  келечекте биримдиктеги бардык өлкөлөрдүн экономикасына оң натыйжа берүүчү бир катар артыкчылыктуу багыттарды белгиледи.

«Кеп ЕврАзЭСтин санариптик күн тартибин  келечекте өнүктүрүү жөнүндө  болууда, мында тереңден  кайра түзүүлөр жана дүйнөлүк экономиканы санариптик трансформациялоо, ошондой эле өз ара пайдалуулукту камсыз кылуу, тең укуктуулук жана биздин мамлекеттердин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу принциптер. Мында маанилүү элемент болуп жалпы  улуттук санариптик долбоорлорду «санариптик күн тартиптин негизги багыттары» менен айкалыштыруу саналат. Бул ЕврАзЭСтин санариптик бөлүгүн  өнүктүрүүнүн  стратегиялык документи болушу керек. Аны менен бирге келечекте өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана үчүнчү өлкөлөр ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн биргелешкен экспортун өстүрүүгө көңүл  буруу зарыл.  Сөз айыл чарба жана өнөр жай продукциялары тууралуу болууда.

ЕврАзЭС мамлекеттери жүк кыймылын жогорку сапатта көзөмөлдөө системасын түзүү жана ишке ашыруу боюнча комплекстүү иш чараларды жүргүзүүдө. Бул Республикасындагы камсыз кылуу боюнча маалыматтардын топтомун бөлүшүү үчүн биздин өлкөнүн маалыматтык системасын түзүүнү талап кылат. Мындай система тоскоолдуктар менен күрөшүүгө жана Евразия мейкиндигинде эркин соода өнүктүрүүгө жардам берет. Кыргыз Республикасы үчүнчү өлкөлөр жана алардын буюмдарын ички соода жана транзити үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүнү колдойт. Бул жагынан алганда, биз партиялардын мүчө аймагы аркылуу жүк ташуу менен кырдаалды өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу үчүн көп күч-аракет талап кылууга, ошондой эле көзөмөлдөө системасы азыктарын түзүүнү чакырабыз», – деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕврАзЭС негизги максаттарынын бири эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүү экенин баса белгиледи.

«ЕврАзЭС мүчө-мамлекеттердин кызматкерлеринин пенсиялык камсыз кылуу боюнча келишим биздин өлкөнүн кызматкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү, бир маанилүү документ болууга тийиш. Биз 2018-жылга чейин ЕврАзЭС мүчө мамлекеттердин пенсия менен камсыз кылуу келишиминин өнүктүрүү жана күчүнө киргизүү үчүн бардык күч-аракеттерди жасоого чакырабыз. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын жалпы рыногун өнүктүрүүгө карай өзүнүн даяр экендигин тастыктайт жана буюмдар, кызмат, эмгек жана капиталдын кыймылынын эркиндигин бекемдөөгө даяр экенин билдирет», – деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков: Жаш ишкерлердин энергиясы креативдүүлүгү өлкө экономикасын динамикалуу өнүктүрүүгө ишенимин шыктандырат

Өкмөт жаш ишкерлерге жардам берет. Жаш ишкерлердин энергиясы креативдүүлүгү өлкө экономикасын динамикалуу өнүктүрүүгө ишенимин шыктандырат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» аттуу жаштардын форумунда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Бүгүнкү күндө орто жана чакан бизнестин өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон кирешеси ИДП 40% түзөт. Мамлекеттин орто мөөнөткө ишке ашыра турган тапшырмаларынын бири- жеке секторлорду колдоо аркылуу ИДП кошкон кирешени 50% жеткирүү болуп саналат. Аны менен бирге жаш ишкерлер үчүн бизнести өнүктүрүүдөгү бирден-бир тоскоолдуктар бул, жабыдууларды алууга жетишээрлик финансылык каражаттын тартыштыгы. Баса белгилеп айтуу керек азыркы тапта жеңилдетилген насыялардын түрдүү механизмдери иштеп жатат. Алардын катарында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду бар. Жаш ишкерлер ал жактан 6%-10% чейин жылдык үстөк менен насыяларды алып иштетсе болот. Жакынкы арада кытай тарап менен бирдиктүү фонд түзүү маселеси каралууда. Ал өз ишмердүүлүгүн орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багыттайт», – деди Сооронбай Жээнбеков.

«Мен Кыргызстанга инвестиция салам» формунун расмий ачылыш салтанатынан кийин, Кыргызстандын ар кайсы аймактарында азыркы тапта ийгиликтүү иштеп жаткан долбоорлор  көрсөтүлдү.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу катышууга даяр жаштарды колдоо үчүн аянтчанын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Кыргыз Республикасында көмүр же баалуу металлдардын бай запасы  жок. Биздин негизги баалуулугубуз- бул эл. Дал ушул себептен улам, мамлекет билим берүү системасына өзгөчө көңүл буруп, жыл сайын каржылоо булагын кеңейтүүдө. Бүгүнкү форумга азыркы тапта ийгиликке жетишкен көп жаштар катышууда. Баарынан маанилүүсү силер көптөгөн бийиктиктерди багындырып, өсүү жолуна түшкөнүңөр. Мен ишенем, жылдар өткөн сайын силер бизнесте жакшы тажрыйба топтоп, кийинки жаш ишкерлерге жардам  көрсөтүүгө даяр болосуңар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биз дайыма силер менен ачык сүйлөшүүлөргө даярбыз, жана колдоо көрсөтүүгө кызыкдарбыз», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Андан соң Өкмөт башчы «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» форумунун катышуучулары менен суроо-жооп иретинде баарлашып, аягында алар менен эстеликке сүрөткө түштү.

Өзбекстан Ооганстанда жаңы темир жол линияларын курууга ниеттенүүдө

Өзбекстан Ооганстандын аймагына жаңы темир жолдорду курууну пландап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар «Узбекистон темир йуллари» башкармалыгынын төрага орун басары Даврон Дехкановго шилтеме кылып билдиришүүдө.

Анын айтымында, өзбек темир жолчулары үчүн Ооганстан мурдатан белгилүү болгон аймак. 2010-жылы алар «Хайратон — Мазари-Шариф» тилкесинде 100 чакырымдык темир жолду ишке беришкен.

«Ооганстан менен келишим түзүү боюнча айтсам, бул долбоор Өзбекстан үчүн өтө актуалдуу. Анткени ал Ооганстан, Пакистан аркылуу деңизге, андан ары Ирандын Бендер-Аббас портуна чыгуу мүмкүндүгүн берет. Биз Ооганстандын өкүлдөрү менен бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, белгилүү бир макулдашууларга жетиштик. Ооган тарап курулуш иштерин баштоого даяр, учурда долбоорду каржылоо маселеси чечилүүдө», – деди Дехканов.

Ал өзбек адистери бийик тоолуу аймактарда темир жол курууда чоң тажрыйбага ээ экенин белгилеп, учурда алардын «Хайратон – Мазари-Шариф» темир жол тилкеси ийгиликтүү колдонулуп жатканын айтты.

«Биз үчүн бул тааныш аймак жана биз анда иликтөө жана курулуш иштерин улантууга даярбыз. Бул маалыматтарды кат жүзүндө ооган өкмөтүнө жөнөттүк», – деди ал.

Андан тышкары өлкөлөр транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү менен катар ушул жылдын ичинде эки тараптуу товар алмашууну 1 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенип жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы тиреш биржалардын төмөндөшүнө алып келди

Кошмо Штаттар менен Түндүк Кореянын аскердик-дипломатиялык тирешүүсү күчөп жаткан маалда Нью-Йорк биржасы үчүнчү күн катары менен төмөндөөдө. Бейшембиде алдыңкы “Доу-Жонс” индекси акыркы үч айдын ичиндеги эң ири — 0,93 пайызга төмөндөөгө дуушар болду.

Биржа катышуучуларын президент Трамптын Твиттердеги Пхеньянга жолдонгон эскертүүсү катуу тынчыздандырды.

Ал ортодо бейшембиде Brent маркасындагы бензиндин баасы бир баррели үчүн 52 доллар 54 центке чейин төмөндөдү. Буга ОПЕК мүчөлөрүнүн июлда мунай иштетүү көлөмүн көбөйтүүсү жана Орусиянын иштеп жаткан мунай кендериндеги казуу иштерин күчөтө тургандыгы боюнча билдирүүсү себеп болду. ОПЕК өз чечимин 2018-жылы дүйнөдө мунайга болгон суроо-талаптын жогорулай тургандыгы жөнүндөгү божомолдоолор менен түшүндүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев: Бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 15 долбоор ишке ашуу этабында турат

Бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн  алкагында 15 долбоор ишке ашыуу этабында турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев бъгън, 9- августта, маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

«Аталган долбоорлордун өздүк наркы 165 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинде 5 долбоор- шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, 4 долбоор-  саламаттыкты сактоо тармагында, 4 долбоор – спорт жана туризм чөйрөсүндө, 1 долбоор –  транспорт жана бажы логистикасы  тармагында ишке ашыруу пландаштырылууда.

Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк  долбоорлорун техникалык-экономикалык негиздемесин  даярдоодо  кеңеш берүү кызматтары үчүн каржылык фондунан 8 долбоор боюнча 1,4 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

Аталган 8 долбоордун өздүк наркы  79 млн АКШ долларын түзөт», – деп белгиледи Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Белгилей кетсек, мамлекеттик жеке-өнөктөштүк өлкө экономикасын өнүгүүсүн камсыз кылуучу, мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жана жеке сектордо инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн анын ичинде мамлекеттик бюджеттин жүктөмүн азайтуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүүнүн маанилүү инстурменти болуп саналат.

Тажик операторлору "Кыргызтелекомго" 1,3 млн доллар карыз

Тажикстандын “Телеком Технолоджи” жана “Сатурн-Онлайн” байланыш операторлору интернет үчүн “Кыргызтелекомго” 1 млн 349 миң доллар карыз. Бул тууралуу компаниянын башчысы Нурлан Мадаминов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Сатурн Онлайн” операторунун бересеси 662 миң долларды түзөт. Эл аралык арбитраждык сот карызды жабууну милдеттендирген, бирок тажик тарап өкүмдү аткарууга ашыга элек.

Буга байланыштуу “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому кыргыз өкмөтүнөн бул маселени тажик бийлиги менен талкуулоону суроодо.

“Телеком Технолоджи” байланыш операторунун карызы 687 миң доллар. “Кыргызтелеком” бул компанияны эл аралык арбитраждык сотко берди.

“Кыргызтелеком” – өлкөнүн телекоммуникациялык тармагындагы ири компания, 450 миңден ашуун абоненти бар. Ачык акционердик коомдун 78% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, 12% Социалдык фондго, 10% жеке жактарга таандык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню