Menu

Алмаз Атамбаев

Курманбек Бакиев, экс-президент: "Атамбаев бир нече рюмка алгандан кийин өз сөздөрүнө ээ боло албай калды, мен ага ал тууралу акырын айттым эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти"

Экс-президент Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу интервью берди:
Саламатсызбы, Курманбек Салиевич, ден-соолугуңуз кандай?
– Саламатсыңар, рахмат, баары жакшы.
– Президент Садыр Жапаровдун бардык президенттерди жолуктуруу демилгесин кандай баалайсыз?
– Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт.
– Жолугушуу чындыгында кандай өттү, анткени анын ар башка катышуучусу ар башка маалымат берип жатат…
– Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында – жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил – муну, бул – тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик.
Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду.
– Жолугушуу тууралуу Атамбаевдин айткандарын, өзгөчө сиз тууралуу сөздөрүнө сиз эч кандай комментарий берген жоксуз…
– Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук, жеп-ичтик деп. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти.
2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам.
– Менин билишимче, Сизге карата кабыл алынган сот чечимдерине каршы арыз жазуу мөөнөтү өтүп кеткендей. Бул иштерди сиз кандай түшүндүрөсүз жана ага катышканыңызды кандай карайсыз?
– Муну өзүнчө талкуулаш керек, азыркы биздин кыска интервьюда мен Дубайда өткөн жолугушуу тууралу гана жооп берүүгө макул болгонмун.
– Чоң рахмат.

Сооронбай Жээнбеков, экс-президент: "Садыр Жапаров Дубайга чейин Атамбаев экөөбүздү элдештирүү максатында бир столго олтургузуп, жолуктурган, өз пикирибизди айтып, кол алышып тараганбыз"

Урматтуу мекендештерим,
Акыркы убакта болгон окуяларга байланыштуу менин дарегиме да суроолор түшүүдө. Ошондуктан, өз пикиримди билдирип коюну чечтим.
Кечээ жакында Дубайда өткөн жолугушуубузду Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти катары эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурду. Жолугушуунун бир гана максаты – өлкөдөгү ынтымакты чыңдоо, Кыргызстанды күчтүү мамлекет катары өнүктүрүү, калктын жашоосун жакшыртуу экендигин айтты. Ажо коомубузду “баланчанчы, түкүнчөнчү” деп бөлбөйлү деп чакырык таштап жатса, анын бул изги тилегин биз, албетте, колдодук. Жолугуунун катышуучулары баарыбыз тең, толук курамда, аягына чейин отуруп, ар бирибиз колдоо сөздөрүбүздү айттык.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден бери мамлекетибизде жакшысы менен кошо жаманы, агы менен карасы жанаша жүрдү. Тарыхыбызда болуп өткөн кайгылуу окуялар ар бир кыргызстандыктын жеке тагдырына таасир эткен. Ошондуктан да бул жолугушуу коомчулук тарабынан ар кыл кабыл алынды. Эмоция менен айтылган ойлор менен катар юридикалык өңүттө да баа берилүүдө. Бул биздин жарандык коомдун күчтүүлүгүн, элибиздин ички эркиндигин дагы бир ирет далилдеди. Президент мына ушул улуттук дараметти жаратмандыкка бурууга туура чакырык таштады.
Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев экөөбүздү жолуктургандыгын айтты. Ооба, экөөбүздү элдештирүү максатында президент бир столго олтургузуп, жолуктурган. Экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып, тараганбыз. Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер…
Баарыбызды биримдикке чакырып, президент өз милдетин аткарды. Эми биз да жаран катары милдеттерибизди аткаралы. Ырыс алды ынтымак! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок.
Жараткан Кудай элибизди, Кыргызстаныбызды колдосун!
Кыргыз Республикасынын экс-президенти
Сооронбай Жээнбеков

Садыр Жапаров, президент: "Алгач Бишкекте Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди жолуктурдук, экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган"

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы журт башчылары менен болгон жолугушуусу ушул аптадагы негизги саясий окуялардын бирине айланып, учурда кызуу талкууга алынып жаткан кези. Кыргызстандын мурдагы жана учурдагы башчыларынын жолугушуусу тууралуу калк ичинде ар кандай талкуулар жаралып, арасында ача-пикирде болгондор да жок эмес. Айрымдары жолугушууну кубаттаса, кээ бирлери ачык эле сындап чыгууда. Мурдагы президенттер менен болгон жолугушууну уюштурууга эмне түрткү болду жана анын максаты эмнеде? Көпчүлүктү түмөн түйшүккө салган ушул жана башка суроолор боюнча президентке кайрылып, өз оозунан жооп алдык.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

 Саламатчылык.

— Түз эле суроолорубузга өтө берсек. Мурдагы президенттер менен болгон жолугушууну уюштурууга эмне түрткү болду? Жалпы элге абдан кызыктуу жана табышмактуу болуп турат. Бардыгын бир жерге чогултуу оор болдубу? Макул көрсөңүз толук айтып берсеңиз. Кандай тосуп алдыңыз? Алар кандай келишти? Кайсы темада сөздөр болду? Кандай узап кетишти дегендей?

— Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти.

Мен сөз баштадым: “Урматтуулар, негизги сөзгө өтөөрдөн мурда, сиздерге бир нерсени айтып коеюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз дагы ошондой ушактарга тез ишенип алат. Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле “Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды” деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду.

Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла”, – дедим. – Албетте жок дешти. Кыскасын айтсам, “ушул жерде олтурган баарыңыздардын алдыңарда финансылык дагы, саясий дагы карызым, милдеттемем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок.

Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан “арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы” деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар.

Сидерди чогулткан себебим бирөө эле – ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейин, башкалар ынтымакка келиши кыйын экен. Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин. Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл “баланчаевчи, түкүнчөевчи” болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле бир эле кыргызстандык бололу. Көрүп турасыздар, дүйнөдө акыбал начар болуп турат. Кыргызстан эми гана бутубузга туруп келатабыз. Былтыр экономикабызда жакшы жылыштар болду. Быйыл андан да жакшы болот. Эмдиги жылы андан беш бетер болот. Кылымдын долбоору болгон темир жол, ири ГЭСтерди куруу иштерин баштадык. Ушундай ири долбоорлорду ишке ашырып алышыбыз керек. Ошондо Кыргызстандын келечеги кең болот. Күчтүү мамлекет болобуз, Кудай буюрса”, – дедим.

Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, “ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели” деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарап кетишти.

— Бул жаңылык чындыгында коомчулуктун көпчүлүк бөлүгүн таң калтырды. Талкуу аягы азыркыга чейин уланууда жана жакын арада дагы бүтө турган эмес. Айрымдар Бакиев мыйзам чегинде соттолгонун айтып, сизди ал кылмышкерди кармагандын ордуна эмнеге жолугушуп жүрөт дешүүдө?

— Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан.

Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет.

 Өз постуңузда кечиримдүүлүккө чакырдыңыз. Башкы максаты эмне? Суроомду түз эле берейин, Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келели деп жатасыңарбы?

— Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек.

 Эми мындан аркы кадамдар кандай болот?

— Бул ынтымак жолугушуу өз жолу менен, мыйзам алдында кимдин жоопкерчилиги болсо, ал өз жолу менен улана бериши керек. Мыйзамдарды, соттун чечимдерин аттап өтмөй жок! Мындан ары деле ынтымак чогулуштарды улай беребиз. Мен бардык саясатчыларды ынтымак столуна олтургузууга даярмын. “Ынтымак бар жерде – ырыс бар” дейт эмеспи элибизде.

— Саясатчылар демекчи, Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу?

— Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, – дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек.

— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн Сизге рахмат!

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Атамбаев экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу билдирүү жасады

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу болгонун ырастап, билдирүү таратты. Анын билдирүүсүн 19-февралда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Султанбеков жарыялаган билдирүүдө, Атамбаев мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны “президент Жапаров жана Камчыбек Ташиев (УКМК төрагасы) менен жолугушуу болот” деп чакырышканын билдирген.

“Мен дагы өлкөдө тынчтык, биримдик болушун каалайм. Президент Жапаровдун жакшы ниетин баалайм. Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлдү. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем. Өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу – эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм”, – деп жазган Атамбаев.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Ал бул иш эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана бул демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун белгилеген.

“Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым – ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле”, – деген Жапаров.

Ушундан кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууга Кыргызстан эгемен алгандан кийин өлкө башына келген жетекчилердин баары катышканын жазган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 – 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 – 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 – 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.

Садыр Жапаров бүгүн Дубайда 5 экс-президентти: Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдун башын бириктирди

“Өлкөнүн келечеги деп көкүрөктү эзген кыял ишке ашты – эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум”, – деп жазды бүгүн, 18-февралда КР президенти Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында.
“Азыркы ааламдашуу маалында ички стабилдүүлүккө, улуттук ынтымакка умтулган өлкөлөр гана өнүгүү жолуна түшүп, кубаттуу мамлекеттерге айланган учур. Тээ учурунда улуу дөөлөттөрдү жараткан, Евразия мейкиндигин ээлеп жаткан байыркы кыргыз эли азыр кандай абалда? Ынтымак жоктуктун, бийлик талашмайдын айынан илгерки империябызды жоготуп, Орто Азиянын бир кычыгында калып бараткандайбыз. Ооба, көз карандысыз өлкө деп жар салганыбыз менен өнүгүү жолубуз эмне кечеңдеп келет? Мындай соболдорду коё берсек, биринин артынан бири суроо жарала берчүдөй…
Азыр бизде түндүк-түштүк болуп, жети дубан өз-өзүнчө бөлүнүп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта бергени аз келгенсип, улам бир президенттин жактоочулары болуп, калдайган кыргыз калкы жетиге бөлүнүп турган учур, тилекке каршы.
Бирок, баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз “Акаевчи”, “Бакиевчи”, “Атамбаевчи” «Отунбаевачы» «Жээнбековчу» «доконцачы» жана башка “чылар” дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!
Боюбузга сиңип бараткан мындай арсыз сапаттарды ары калчап, бери калчап олтуруп, ошол башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктерсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек деген ой көптөн бери көкүрөгүмдү эзип келет эле. Акыры тубү элибиздин “султан сөөгүн кордобойт” деген таасын кеби бар эмеспи!
Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй муйуз тарта олтура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти.
Албетте, биринин артынан бири келген мурдакы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым – ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле.
Ооба, жалпы элибиздин көзү менен караганда, алардын ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдиктер кетип, арты кайгылуу окуялар менен коштолуп, кан төгүүлөр да болуп кетти. Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу Өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгондугу, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип, канчалаган кырчындай болгон кыргыз жаштарынан – уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразычылыктарын сезип турам.
Урматтуу мекендештер, кадырлуу калайык-журт!
Ата-бабалар наркына да карасак, «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» дейт. Мусулманчылык жосунуна да карасак, кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин көрөбүз. Кечиримдүү бололу, сабыр күтүп, алга сапарыбызды улайлы. Эгемендигибизди, көз карандысыздыгыбызды бекемдейли, өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүгү болгон Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы. Ар бир кыргызстандык бириккиле! «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», алдыга карай бет алалы! 5-10 жылдык жеке кызыкчылыктарыбызды ойлобостон, кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонолу.
Мага чейинки журт башчыларынын ар бирине карата эч кандай жеке кызыкчылыгым да, жеке кусаматым да жок, милдеттүү дагы эмесмин!
Муну да баса белгилеп айтып коюум керек”, – деп жыйынтыктайт Садыр Жапаров.
“Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү. Калган кеңири маалыматты Президент Жапаровдун кайрылуусунан окусаңыздар болот”, – деп билдирди КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Cадыр Жапаров, президент: "Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм"

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

— Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кечээ өлкөбүздө орун алган окуя – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иштери кайра кароого жиберилиши жана анын дарылануу үчүн чет жакка чыгуусуна уруксат берилишине сиздин пикирди билсек. Соттун чечимине көз карашыңыз кандай болду, чечимине макулсузбу?

 Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.

“Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын” деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай, пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: “Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын” деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат.

Маектешкен Медербек Шерметалиев.

Абактан чыккан Алмаз Атамбаев жарым суткадан кийин чет өлкөгө чыгып кетти

Кечээ, 14-февралдын кечинде абактан чыккан Алмаз Атамбаев  бүгүн, 15-февралдын таңында “Манас” аэропортунан чет өлкөгө учуп кеткени белгилүү болду.

14-февралда абактан чыккан Алмазбек Атамбаев тез арада дарыланууга муктаж экенин айтып, чет өлкөгө учуп кетерин билдирген.

Ага чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылышкан.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча камалган.

2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

Атамбаев президент кезинде ЖМКларды сотко бергени үчүн өкүнөрүн айтты

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыккандан кийин журналисттерге сүйлөп жатып, өлкөнү башкарып турган кезинде маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү.

“Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Мен Дача-Су боюнча айрым маалымат каражаттарын сотко берген элем. Азыр ошол үчүн өкүнөм. Мен ал кезде президент болгонум үчүн сотко бербешим керек экенин эске албаган экенмин. Анткени соттор күчтүүлөрдүн пайдасына гана чечим чыгарарын өзүм көрдүм”, – деди Атамбаев.

2017-жылы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды башкарып турганда баш прокурор Индира Жолдубаева “президенттин аброюна шек келтирди” деп миллиондогон сомдук доо менен “Азаттык” радиосун, “Заноза”, “24.kg” маалымат сайттарын жана “Ата Мекендин” юристтерин сотко берген. Кийин Атамбаев бул арыздарын кайра чакыртып алган.

Бүгүн, 14-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.

Ал журналисттерге сүйлөп жатып өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары негизсиз экенин айтты. Атамбаев тез арада дарыланышы зарыл экенин айтып, чет өлкөгө учуп кетерин билдирди. Бирок кайра кайтып келерин белгиледи.

Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы кабарланды. Бул тууралуу документтин сүрөтү Интернетке да жарыяланды.

Атамбаевге карата чыккан мурдагы чечимдер жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда билдирди.

Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечими жокко чыгарылып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылышкан.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча камалган.

2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, аны мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

Бийлик сот аркылуу Алмаз Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө уруксат берди

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы кабарланды.

Бул тууралуу документтин сүрөтү интернетке жарыяланды.

13-февралда Атамбаевге карата Жогорку Соттун мурда чыгарган чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.

Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко былтыр августта кайрылган.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча камалган.

2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

“Батукаев иши” боюнча мурдагы баш прокурор, мурдагы саламаттык сактоо министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси жана башка жооптуу кызматкерлер кармалып, сот жообуна тартылган.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты, ичер суусу аз калды” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан.

Нарындагы Бишкекке жеткирилип, атайын рейс менен Орусияга учуп кеткен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

Алмаз Атамбаев: "2020-жылы октябрда Сооронбай Жээнбеков бийлик тизгинин Жапаров, Ташиев, Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берип элден өч алууга жетишти"

Абакта жаткан Алмаз Атамбаев 2020-жылдын октябрь окуяларынын 2 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады:
2020-жылдын октябрь окуяларынан бери эки жыл өттү. Ал күндөрдө болгон окуяларга тарыхчылар так баасын бериши зарыл.
5-6-октябрда эл мамлекеттин тарыхында үчүнчү жолу үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол берген президентти кулатты. Бирок андан аркы окуялар Март же Апрель революциялар учурундагыдай болгон эмес, тескеринче таптакыр башка нукка бурулган.
Элдин кыжырдануусунан жашынып жүргөн президент, митингдин лидерлеринин ортосундагы карама-каршылыктары менен пайдаланып, айрымдары менен ортомчулар аркылуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки күндөн кийин 8-октябрда бийликти кайрадан тартып алган.
Бир жумадан кийин, 15-октябрда президенттиктен расмий түрдө баш тартууга аргасыз болгону менен, ал чындыгында бийлик тизгинин Жапаров, Ташиев, Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берип элден өч алууга жетишти .
Атайын кызматтар тарабынан жазылып, соцтармакка тараткан, уят сөздөрдү камтыган аудиотасмада муну Сооронбай Жээнбеков өзү да мойнуна алып жатат.
Башкача айтканда, жеңиш элден жөн эле уурдалган.
Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн Ала-Тоо аянтындагы карапайым эл резина окторунун, ууланган газдын жана кулак тундурган гранаталардын мөндүрүнө кантип туруштук бергени эсибизде.
Бийлик аларга каршы милицияны гана эмес, аскерлерди да жөнөтүп, желим окторду, ууланган газ снаряддарын жана жеңил үндүү гранаталарды колдонду. Натыйжада аянтта 19 жаштагы Үмүт каза болду, жүздөгөн балдар олуттуу жаракат алды, ондогону көздөрүнөн ажырап, көрбөй калды. Мына ушулардын аркасы менен Садыр Жапаров абактан чыгып, президент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок ал жабыркаган жаштарга кандай мамиле кылды? Сыйлыктарды тапшырып жана дарыланууга жардам берүүнүн ордуна, алардын көбүн баш аламандыкка катышканы үчүн деп милиция тарабынан суракка тартылды. Ал эми тескерисинче, азыркы бийлик бир эле Сооронбай Жээнбековду коргоп-колдоп, «ырымдаган» жок, анын бүтүндөй уурулар кланын, коррупционерлерди жаап-жашыргандарды, укук коргоо органдарында кылмыш иштерди ойлоп табып токугандарды коргоп-колдоп, «ырымдап» жатат.
Анткени Садыр Жапаров эмнегедир президенттик кызматы үчүн Жээнбеков, Зулушев, Ташиевдерге милдеткермин деп сезет, алардан кийин гана ага ишенип, лидер деп эсептеген элге карызмын деп эсептейт. Бул анын негизги катасы. Ал чын эле ошондо көптөгөн адамдардын үмүтү болгон жана интригаларсыз, ар кандай жабышчактарсыз эле өзү жеңишке жетип, президент боло алмак.
Эки жыл өттү. Балким президент чындап эле элдин жашоо турмушун жакшырткысы келип жаткандыр. Бирок, башында калпка, бир ууч саясатчыларга көз карандылыкка негизделген саясат ийгиликке алып бара албайт. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун эң эле келечектүү көрүнгөн долбоорлору менен иш-аракеттери да чанда гана жакшы аяктайт. Бир калп аны менен калган кирдин баарын сүйрөп келет. Чек ара, кадрлар, экономика, коррупционерлер жана башка көйгөйлөр боюнча бүдөмүк, күмөндүү чечимдер ишенимсиздикти жана көптөгөн мыйзам ченемдүү суроолорду жаратты. Керек болсо бийлик бетине кармап мактаган Кумтөр боюнча да коомдо көп суроолор пайда болуп жатат.
Келечекте бул келишим чындап эле пайдалуу болобу? Кумтөрдөн тонналаган алтын азыр кайда кетип жатат? Кезинде Кыргызстандын жетекчилигиндеги айрым адамдар “Камеко” компаниясы менен шылуундук кылып жүрүп алган “Центерранын” акциялары азыр кимге өтүп жатат?
Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук системасы кыйрады. Өкмөттө да, мамлекетте да бирдиктүү чечим кабыл алуу борбору жок. Куралдуу күчтөрдү реформалоодон жана армияны курууга системалуу мамиледен артка чегинүү Баткенде көптөгөн курмандыктар менен коштолгон эки трагедияга алып келди.
Биздин кошуналар чек араларыбызда эч качан мынчалык текебер болгон эмес!
Жаңы-эски бийлик чындыгында чыныгы коррупционерлерди колдоп, жада калса мыйзамдаштырууга жардам берип жатат. Бийликтеги бир ууч саясатчылар каалаганын кылат, бирок аларды сурай турган эч ким жок. Жоопкерчиликти толугу менен мойнума алам деген президент ыңгайсыз суроолордон качууга аргасыз.
Анткени өлкөдөгү эң маанилүү кызматтарда жалпы ыплас сырлар, убадалар, милдеттенмелер менен байланган, эң оор кылмыштары үчүн да жазалана албай турган бир топ кол тийбес адамдар бар. Ошол эле учурда мамлекетте мыйзамдуулуктун сакталышына дал ушул адамдар жооптуу!
Мен ар дайым айтып келем, кайсыл мамлекетте болбосун, баш аламандыкка, революцияга негизди бийликтин өзүлөрү ортоңку аракеттери менен даярдап коёт. Бирок, чындап эле кыйын мезгил босогодо турганда, бүткүл дүйнөлүк тартип кыйрап турганда, биздин өлкөгө чындап эле дагы бир революция керекпи? Бүткүл дүйнө катастрофалар болбосо, глобалдык соккулардын босогосунда турганда? Бирок бул интригалардын саясаты, көшөгө артындагы чечимдер, калп менен куулук, коркутуулар, бийликтин уялчаактыгы өлкөбүздү кайда алып барат? Чынында эле чек ара маселелери боюнча шашылыш чечимдердин натыйжасында Кыргызстан Баткен облусунун бир бөлүгүнө түз кирүүдөн ажырап калышы мүмкүн! Ал эми бийликти бөлүштүрүү системасынын кыйрашы, өлкөнүн экономикасы менен саясатынын эң орчундуу маселелерин көшөгө артында чечүү бизди кайда алып барат? Президент Жапаровго акыры ойлоно турган учур келди. Эл алдындагы, өлкө алдындагы, тарых алдындагы жоопкерчилик жөнүндө!
Менимче, азыр да ал калыс, коомчулук үчүн түшүнүктүү чечимдерди, анын ичинде кадрдык чечимдерди кабыл алууга кеч эмес. Биринчиден азыркы кырдаалда калп айтуу жана куру мактануу таптакыр туура эмес. Президент Жапаров дагы деле кырдаалды оңдой алат.
Ошол эле учурда жарандар бийлик 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар сыяктуу үрөй учурган окуялардан сабак алганын көрүшү өтө маанилүү. Өкмөттүн бардык чечимдери ачык жана чынчыл болсун. Жасалма эмес, реалдуу оппозиция мамлекетке керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек . Кол тийбес адамдар болбошу керек. Ошондо гана эл менен мамлекеттик бийликтин биримдиги тууралуу сөз жаралат. Ушундай болгондо гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана балдарыбыздын келечегине ишене алабыз!
Алмаз Атамбаев.
Меню