Menu

Алмаз Атамбаев

Атамбаев менен Темир Сариев 2015-жылы $100 миллионго ($6,5 млрд алтыны бар) сатып жиберишкен “Жерүй” алтын кенинин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

“Мамлекетибиздин экономикасын көтөрө турган негизги 3 тармак бар:  тоо-кен тармагы, айыл чарба жана энергетика тармактары. Бирок азыр бул тармактар көңүл жылытарлык маанайда иштебей жатат”, – деп билдирди 30-марттагы КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Жеңишбек Токторбаев.
“Мен Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү катары биздин өлкөбүздөгү алтын өндүрүүчү компаниялардын түзүлгөн лицензиялык келишимдерин иликтеп чыктым. “Кумтөр” кени мамлекетибизге өткөндөн кийин, 2021-жылы 14 тонна 561 кг алтын өндүрүлгөн.  Ал алтынды сатуудан түшкөн каражатыбыз 856 млн долларды түзгөн.  Анын ичинен убактылуу Тышкы башкаруу киргизилгенден бери 621 млн доллар киреше түшкөн. Андан башка 2021-жылы бюджетке 13,6 млрд сом өлчөмүндө салыктар төлөнгөн. Бул жакшы көрүнүш.  Ал эми алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийин экинчи орунда турган, эң чоң алтын кени – бул Талас облусундагы Жерүй алтын кени болуп эсептелет.  Тилекке каршы биздин Жерүй алтын кенибиз  белек катары берилип кеткен.  Ал болгону 100 млн долларга сатылган. Ал эми биздин иликтөөлөр боюнча Жерүйдө 105 тонна алтын бар. Азыркы күндө Лондон биржасында алтындын 1 унциясы 2000 доллардан турат.  Бул баа менен биздин Жерүйдөгү алтындын баасы  6,5 млрд долларды түзөт. Бизде болсо болгону 100 млн долларга берип салышкан. Ушундай миллиарддаган акчаларды чет элдик компанияларга ит бекер берип салгандарды урпактар эч качан кечирбейт. Биздин кыргыз элибиз бизди эч качан кечирбейт урматтуу депутаттар.

Ошондой эле Чаткалдагы “Вертекс голд” компаниясы 11 жылдын ичинде 367 млн сом салык төлөгөн. Муну долларга которгондо 33 млн доллар болот.  Ал эми сыртка алып чыгып кеткен алтындын көлөмү 6 тонна болгон. Ал кендеги алтындын запасы 30 тоннаны түзөт.

Бул компанияларда биздин мамлекеттин жок дегенде 25% үлүшү болгондо жүздөгөн миллион доллар салык түшмөк. “Вертекс голд” компаниясынын ишине көзөмөл жүргүзүш керек. Анткени булар алтындын породасынын 1 тоннасынан 6,5 грамм таза алтын чыгат деп эсептешүүдө. Биздин маалыматтар боюнча ал жердеги породанын 1 тоннасынан 15, 17, 21 грамм таза алтын чыгат.

Кыргызстанда алтын казып жаткан компаниялардын лицензиялык келишимдерин иликтеп чыкканда биздин мамлекеттин кызыкчылыктары таптакыр каралбай калыптыр.  Мисалы Ала-Букадагы “Казминералс”, “Бозымчак”, “Иштамберди”, “Иштамберди восточный” алтын кендери, Чаткалдагы “Вертекс голд”, “Чаарат”, “Чаарат Түлкүбаш” кендери, Кемин районундагы “Куранды жайлоо” жана Кадамжай районундагы “Шамбисай” алтын кендери биздин мамлекеттин үлүштөрү жок берилип кеткен. Бул компаниялар 11 жылдан бери алтыныбызды сыртка ташып кетип жатышат. (Чаткалдагы “Эки баакыр Терексай” компаниясында Кыргызстандын 25% үлүшү, ошондой эле Кеминдеги алтын кенинде биздин мамлекеттин 40% үлүшү бар экен).  Жогоруда айтылган фактыларды эске алып, Кыргызстандын үлүшү жок алтын кендердин лицензияларын саясый эрк менен кайра карап чыгып, мамлекеттин үлүшүн так көрсөтүүнү сунуш кылам. Эгер биз алтын кендерин иштете албасак анда биздин неберелер же чеберелер иштетишсин”, – деди Жеңишбек Токторбаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев Таластагы $6,5 млрд баадагы алтыны бар “Жерүй” алтын кенин Россиялык чечендерге болгону $100 миллионго Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай сатып жиберишкен.

Ал эми калктын караңгы катмары үчүн Атамбаев менен Сариев: “мурунку бийликтер лицензияны 300 сомго сатышкан экен, биз 100 млн долларга саттык” деп алдап келишет. Чындыгында 300 сом ал кендин баасы эмес, ал лицензиянын, бир барак кагаздын баасы. Мурунку бийликтер (министрлик) лицензияны (бир барак кагазды) 300 сомго каттап, ал эми кенди Кыргызстандын 50%дан кем эмес үлүшү менен сатып келишкен. Атамбаев менен Сариев кендеги Кыргызстандын үлүшү менен бир барак кагаздын (лицензиянын) баасын атайын чаташтырып айтып, карапайым элдин башын айлантып келишет.

2015-жылы Атамбаев менен Сариев: “Жерүй” алтын кенин 100 млн долларга саттык, ал акчага 100 мектеп курабыз” деп убада кылышкан. Бирок 60тай мектеп салынып, калган акчалар ар түрдүү шылтоолор менен дайынсыз жок кылынган. Чындыгында Жерүйдүн чыныгы акчасына 100 эмес, 10 000 мектеп, 10 000 оорукана, жүздөгөн инфраструктуралык курулуштарды курууга болот эле.

Ал эми Ала-Бука менен Чаткалдагы алтын кендерин президент Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев, шоопуру Икрамжан Илмияновдор Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай кытайларга сатып жиберишкени маалым.

Наралы Асанбаев, журналист: "2009-жылы Максим Бакиев "Датка-Кемин" боюнча 3 долбоорду 190 млн долларга макулдашып келсе, Атамбаев бийликке келгенде аны $389 млн доллар деп баалап, баасын 2 эсеге көтөргөн"

2 саат электр энергиясы жок олтуруп калып, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү электр энергия шакегинен чыккан соң, бирөөлөр “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны куруп койгону үчүн Атамбаевге рахмат”- десе, дагы бирөөлөр “Долбоор Бакиев бийлигинин убагында башталган, ишке ашкан, Атамбаев даяр долбоордун лентасын кескен”- деп талаш кызуу жүрүүдө. Тарых тактыкты талап кылат. Чындыкты айтуу зарыл. Бул долбоорду ишке ашыруу Акаевдин мезгилинде эле козголо баштаган. Бакиевдин учурунда “Датка”, “Кемин” подстанцияларын, “Датка-Кемин”ЛЭПти куруу үчүн чыныгы аракеттер көрүлүп, каражат табуу башталган.
2009-жылы Максим Бакиев Кытайга барганда “Инэксимбанк” менен “Датка”, “Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линия 3 долбоорду куруу үчүн протокол түзүп, 190 млн долларга сүйлөшүү жүргүзүп келген. Бул протокол, сүйлөшүү 3 долбоор Бакиев учурунда курулбаганын тастыктайт. Болгону, сметасы түзүлүп, Кытай тараптан насыя алуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүгөн.
Атамбаев бийликке келгенде Максим Бакиев 190 млн доллар деп баалаган 3 долбоорду ошол эле кытайлар менен сүйлөшүп, 389 млн доллар деп баалап, 2 эсеге көтөргөн. Катаал шарт менен насыя алууда арбитраж маселеси, кайтаруу мөөнөтү, пайыздык үстөгүн Каржы министрлиги сүйлөшүү жүргүзгөн эмес, Энергетика министри барып сүйлөшүп келип, “Президент Кытайга баратат. Давай, кол койгула” деп коркутканда, каржы министрлигинин жамааты, ошол кездеги министр Акылбек Жапаров каршы чыккан. Ал кезде премьер-министр Өмүрбек Бабанов болчу. Акылбек Жапаров менен Өмүрбек Бабановдун пикир келишпеси дагы дал ушул кытай кредити болгон. Анткени, ал жерде арбитраж боло турган болсо Гонконг шаарында гана кытай тилинде, кытай мыйзамдары менен өтөт деп жазылып калган. Жада калса Гонконг соода палатасынын эрежелери менен өтөт дешкенге биздикилер макул болгон.
3 долбоор Атамбаевдин учурунда бүткөрүлгөнү факты. Аны эч ким талаша албайт. Бирок, катаал шарттагы кытай кредити, көтөрүлгөн баада, коррупция аралашкан схема менен курулган. Ошондой жол менен тышкы карызга батканбыз. Азыр ошол кредитти төлөп жаткан учурубуз. Муну дагы унутпаш керек.
Бүгүнкү электр энергиясындагы авария, кыргыз электриктери күтүлбөгөн кырдаалга даяр экенин тастыктады. 2 саатка жетпей калкка электр энергиясын берди. Бул үчүн электриктерге рахмат деш керек.
Наралы Асанбаев, журналист

Кой-Таш окуясы - 2019. Же Атамбаевдин ишке ашпай калган “мамлекеттик төңкөрүшү” аттуу китеп жарык көрдү

7-августта Кой-Таш окуяларына 2 жыл болот. Ушул күндү утурлай “Кой-Таш окуясы – 2019. Же Атамбаевдин ишке ашпай калган “мамлекеттик төңкөрүшү” аттуу китеп жарык көрдү. Китеп ошол окуялардагы урунттуу учурлар, фактылар, пикирлер жана жарыкка чыга элек документалдык маалыматтарды камтыган. Окуяга тиешеси бар адамдардын көрсөтмөлөрүнөн да үзүндүлөр келтирилген. Китеп Кой-таш окуясынын тегерегиндеги талаш тартыш жараткан жагдайларды ачыктайт

Абакта жаткан Алмаз Атамбаевге бийликти басып алуу аракети боюнча дагы бир кылмыш иши козголду

Бир нече кылмышка шектелип абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылы 9-октябрдагы Бишкектин борбордук аянтындагы массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев кабарлады.

Жоошев шектүүгө берилген билдирүүнүн үзүндүсүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анда “2020-жылы 9-октябрда Атамбаев өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн Бабанов, Ниязов, Султанбеков, Сагымбаев жана башка адамдар менен сүйлөшүп алып, эл топтоп Ала-Тоо аянтына бийликти басып алууга максат кылган” деп айтылат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаев 2019-жылы камалган.

Алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отуруп, кийин ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №47 абакка которулган. 2020-жылдын июнунда ал пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан.

2020-жылы 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана айрым жаш активисттердин митинги Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабынан үзгүлтүккө учураганы кабарланган. Садыр Жапаровдун тарапкерлери буга тиешеси жок экенин айтып чыгышкан эле.

Ошондой эле, ал окуяда курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот. Кийинчерек соцтармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин автоунаасы аткыланганы кабарланган.

2020-жылдагы 6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын бир тобу түрмөдөн чыккан. Кийин 10-октябрда кайра камакка алынган эле.

Милиция: 2016-жылы 10 түрк жаранына мыйзамсыз кыргыз паспортун бергендиги үчүн Фарид Ниязов менен Алмаз Атамбаевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматы 2016-жылы Кыргызстандын жарандык паспортторун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча КР Кылмыш кодексинин 319-коррупция беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой  2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиясы  Фарид Ниязовдун төрагалыгы астында Түркия Республикасынын он жаранын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган.
Ошол эле, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз Атамбаевдин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына Түркия Республикасынын он жараны кабыл алынган.
Анын негизинде 2016-жылы 10 түрк жаранына кыргыз паспорттору берит
Азыркы учурда бардык бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Ташиев: Бакиев менен Атамбаевге иш козголуп, Акаевге издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында “Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевге иш козголуп, Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирди.

“Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз”.

Ташиев “Кумтөр ишине” байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сом деп эсептелгенин кошумчалады.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан.

Мындан тышкары Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берген.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

Меню