Menu

Зордуктоо

13 жашар кызды зордуктаган эки милиция кызматкери 15 жылга кесилди

Кечээ, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары ар бир айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

“Биз жабырлануучунун ата-энеси менен кеңешип сүйлөшкөнбүз. Бүгүнкү чыккан өкүмгө нааразы эмеспиз. Бул биз сураган айыптоо беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн максималдуу жаза”, – деди жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султанов.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон эки милиция кызматкерине 15 жыл, дагы бир айыпталуучуга 13 жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны максималдуу түрдө берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышы боюнча соттук жараяндар жабык өттү.

Maryotel мейманканасында жашы жете элек кызды зордуктоого катышкан дагы бир жаран кармалды

7-августта Аламүдүн РИИБнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 2022-жылдын 6 августтан 7-августка караган түнү Лебединовка айылындагы Maryotel мейманканасында кызы 2005-жылы туулган О.А. менен тааныш болгон “Алтын казына” кафесинин кызматкерлери эркине каршы жыныстык катнашта болгонуна байланыштуу чара көрүүнү суранган. Бул боюнча Чүй обустук милициясынан билдиришти.
Аталган окуя боюнча Аламудун РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, айыбы угузулуп бөгөт коюу чарасы камакка алуу тандалган.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен  бул кылмышка 1996-жылы туулган Т.М. дагы катыштыгы бар экендиги такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат.

Жашы жете элек кызды зордуктаган “Алтын казына” ресторанынын администратору кармалды

Бишкектин четиндеги “Алтын Казына” ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

8-августта “Алтын казына” ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и кыскарганы белгиленген. Кыргызстанда жашы жете электерди сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.

13 жашар кызды зордуктоо иши: айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок

12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо иши боюнча жараян уланды.

Бул ишке эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир киши айыпталууда. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султановдун айтымында, бүгүнкү отурумда үч күбө суралып, бирөө келбей калгандыктан кийинки жараян 13-июлга жылды.

“Азыркы күндө айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок. Соттук териштирүүдө алардын дагы позициясын билебиз. Аларды дагы сурайбыз”, – деди жактоочу.

Султановдун айтымында, сотто айыпталуучулардын жактоочусу ал коргоп жаткан кишинин сүрөтүн социалдык тармактарга таратып жаткандарды жоопко тартууну суранган.

12-июлдагы отурумга Акыйкатчы институтунун жана Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү киргизилген жок. Сот жабык өттү. Журналисттер жеринен кабарлагандай, азырынча соттон алардын эмнеге киргизилбегени боюнча түшүндүрмө боло элек.

8-июлдагы отурумда да Акыйкатчы институтунун өкүлү киргизилген эмес. Анда судья Азиз Эшалиев Акыйкатчынын өкүлү сотко катышуусуна айыпталуучу тарап каршы болгонун жүйө келтирген.

2-июлда ЖМКларга милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылган.

Эрбол Султанбаев, КР Президентинин пресс-катчысы: "13 жашар секелек кызга зомбулук көрсөткөн милиция кызматкерлери камакта, сотто адилеттүү жаза берилет"

КР Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында 13 жашар кыздын 2 милиция кызматкери жана 2 жаран тарабынан жарым жыл колдон-колго өтүп, зордукталып жүрүшү боюнча билдирүү таратты:
13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз.
Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек.
Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт.
Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт”, – деп жазат Эрбол Султанбаев.

ИИМ: 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган, аялдар ур-токмокко, кордоолорго көп чыдашат, айрымдары өлүм менен аяктайт

Бүгүн бир катар маалымат агенттиктер  аялдарга жана кыздарга карата ырайымсыз зомбулук фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу  аялдардын укугун коргогон 27 уюмдун өкүлдөрү өлкө башчысына кайрылышканы тууралуу билдирүүнү таратышкан. Аялдардын укук коргоо уюмдары жогорку саясий деңгээлде зордук-зомбулукка, адам өлтүрүүгө жана кордоолорго каршы күрөштүн артыкчылыктуулугун жарыялоого, жазанын сөзсүз түрдө болушун жана алардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана кадыр-баркына кол салууга жол бербөө боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун камсыздоого чакырууда.
Жогорку Кенештин айрым депутаттары Ички иштер министрлигинин жетекчилиги мындай иштерден жыйынтык чыгарбай, кадимкидей эле ишин улантып жатканын жазып чыгышты. Ушуга байланыштуу,  Ички иштер министрлиги Кыргызстанда аялдар менен эркектердин бирдей укуктарын, укуктарды жана кызыкчылыктарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону кепилдеген мыйзам базасы бар экенин маалымдайт. Көрүлгөн чараларга карабастан, аялдарга карата зордук-зомбулук фактылары дагы эле бар жана
акыркы убакта мындай фактылар көп катталууда, анын ичинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ала качуу, адам өлтүрүү. Ошондой эле, белгилеп кетүүчү жагдай, депутаттар дагы коом алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек.
Сиздер дагы  мыйзам чыгарасыздар. Ал боюнча дагы жакшылап ойлонуп көрүңүздөр.
Никеге туруу максатында катталган зордуктоо жана ала качуу  фактылары боюнча маалыматтарды сунуштайбыз.
2021-жылдын 12 айында республиканын ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү зордуктоо фактылары боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси, 2017-жылдагы редакциясы) 604 сотко чейинки өндүрүштү каттаган, анын ичинен 325 иш, башкача айтканда 53 пайызы кылмыштын курамынын же окуяларынын жоктугуна байланыштуу кыскартылган. Алардын ичинен өндүрүштө турган 249 кылмыш ишинен 223 кылмыштын бети ачылып, 89,5%ды түзөт. Анын ичинен кылмыш ишинин 148 материалы сотко жөнөтүлүп, 75  реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартылган.
Никеге туруу максатында адамды ала качуу фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (2017-жылдагы эски редакция) менен 254 кылмыш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын ичинен 214 кылмыш иши окуя же кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу, башкача айтканда, катталган фактылардын жалпы санынан 84% кыскартылган.
23 факты боюнча жабырлануучу тараптан арыз жок болгондугу боюнча кыскартылса, 14 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 3 сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү максатында 2021-жылдын октябрь айында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлгөнүн маалымдайбыз. Бөлүмдүн негизги милдеттери үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатууга, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чараларды көрүү болуп саналат.
Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 12 айындагы ички талдоосуна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Бул аралыкта республиканын ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга карата 9038 убактылуу коргоо ордери, анын ичинен 8463 аялдарга, 264  жашы жете электерге берилген.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-декабрынан баштап жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө кирген. Жаңы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин киргизилиши менен 70-беренеге “Үй-бүлөлүк зомбулук” ылайык укук бузуучуларга карата мажбурлоо жана таасир этүү чаралары күчөтүлгөн, анын ичинде 40 саатка коомдук жумуштарга тартуу жана 3 күндөн 7 күнгө чейин камакка алуу.
2022-жылдын 5 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 3988 фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га аз. Бул мезгилде ички иштер органдары тарабынан жабырлануучуларга 3693 убактылуу коргоо ордери берилген (көбүнчө Бишкек шаары жана Чүй облусу).
Ведомстволор аралык аналитикалык отчетко ылайык, бул мезгилде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча 1392 протокол түзүлүп, алар боюнча сот тарабынан төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган: коомдук жумуштарга тартуу – 714, камакка алуу – 443, дагы 98 укук бузуулар боюнча протоколдор соттун кароосунда.
Бул мезгилде кылмыш ишин козгоо менен үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 187 факты катталып, анын ичинен 99  сотко жөнөтүлгөн.
Тилекке каршы, аялдар ур-токмокко, кордоолорго көп чыдашат, айрымдары өлүм менен аяктайт. Бул бүтүндөй коом үчүн ойлондуруучу маселе. Аялдарга карата зордук-зомбулуктун мындай фактылары байкалбай калбайт, ички иштер органдары тарабынан бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Үй-бүлөдөгү тынчтык жана ынтымак – бул жашоодогу эң маанилүү баалуулуктардын бири экенин унутпашыбыз керек. Бирок, тилекке каршы жакындарына агрессия көрсөтүп, үй-бүлөлүк зомбулукту көнүмүш, калыптанып калган көрүнүш катары кабылдап, аны адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу деп эсептебегендер бар.
Үй-бүлөгө көңүл буруунун, аялдардын жана балдардын укуктарын сактоонун маанилүүлүгүн ойлобогон ар бир адамга кайрылууга аракет кылгыбыз келет. Коомубузда аялдарды урматтоо биздин колубузда. Мына ушундай жол менен биз маданияттуу мамлекет катары өнүгө алабыз. Биз аялдарыбызды зордуктап жана өлтүрүп, балдарга азап алып келген маңкурт болбошубуз керек. ИИМ зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча бардык иш-чараларды көрөт.

13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иш бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө турат

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө турат.

Алсак, көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата башкоргоо чарасы камакка алуу деп кабыл алынган жана тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат.

Өз кезегинде Асель Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди.

Ал мындан ары Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын кызматкери бул иш боюнча сот жараяндарына мониторинг жасай турганын белгиледи.

Ошону менен бирге Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мындай окуяларды болтурбоо максатында бардык мамлекеттик органдарга биргелешкен алдын алуу иштерин күчөтүүнү, балдарга карата зомбулук жана катаал мамиленин терс кесепеттери туурасында коомчулук арасында түшүндүрүү өнөктүгүн уюштурууну, балдарга, айрыкча “тобокелдик тобундагыларга” көңүл бурууну сунуштады.

ИИМ алдында зомбулукка каршы акция өтүп, министрдин отставкасы талап кылынууда

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында бүгүн 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өтүп жатат. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан акцияда министрдин отставкасы да талап кылынууда.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова акциянын максатын бул окуядагы айыптууларды жазага тартууга, мындай кылмыштарды алдын алууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракети менен түшүндүрдү:

“Коомчулук мындай иштерге кайдыгер карабай, жок дегенде сөзүбүз менен айтып, министрге, прокуратурага суроолорубузду берип, сотко да көзөмөл салып турушубуз керек”.

2-июлда жергиликтүү ЖМКлар милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө маалыматтары жарыялашкан. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылганын ИИМ быйыл 4-мартта билдирген.

Алты жашар кызды зордуктоого айыпталган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Ош облусунда алты жаштагы кызды зордуктоого айыпталган киши прокуратуранын өтүнүчү менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Көзөмөл органдын маалыматына караганда, буга чейин Кара-Суу райондук соту А.Н. аттуу жаранды алты жашар кызга өзгөчө мыкаачылык менен сексуалдык мүнөздөгү зомбулук жасоого күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.

Прокуратура ага жумшак жаза берилди деген жүйө менен кийинки инстанцияга доо арыз менен кайрылган. Ишти Ош облустук соту карап, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратты.

Башкы прокуратура билдиргендей, 2020-жылы республикада жашы жете элек балдар боюнча 1101 кылмыш иши катталса, алардын 150дөн ашууну сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар менен байланыштуу болгон. Балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү шеги менен 57 жаран кармалган. Ошол эле маалда жоопко тартылгандар жөнүндө так маалымат жок.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн иликтөөсүнө караганда, 2020-жылдын 9 айында “Зордуктоо” беренеси боюнча 269 иш козголгон, бирок алардын 17си гана соттук тартипте каралган.

Чүйдө бойго жете элек кызды зордуктоого шектүү адам кармалды

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген.

Тергөөнүн баштапкы маалыматында “ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы” айтылат.

Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек колго түшкөн жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

5-декабрда Сокулук районунун 50дөй тургуну Ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда “Зордуктоо” беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен.

“Жашы жете электерге карата зомбулук аракеттер” беренеси боюнча 54 факты катталган.

Жазык кодексине ылайык жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Меню