Menu

Россия-Украина согушу

Орусиядагы тажик мигранттары оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө жөнөтүлдү

Орусиянын курулуш компаниялары оккупацияланган Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө тажик мигранттарын жөнөттү. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

Радионун кабарчысы менен байланышка чыккан 30 жаштагы Курбон Шарифов Мариуполдо август айынын аягынан бери иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, аларды Мариуполго буга чейин тажик мигранттары иштеп келген Москвадагы “Реставрация” курулуш компаниясы жөнөткөн. Алгачкы ай үчүн куруучуларга 130 миң рублден (2350 доллар) маяна төлөшкөн. Бул тажикстандык куруучулар Москвада алган айлыктан эки эсеге көп.

“Кийинки айларда да ушундай айлык төлөйбү билбейбиз. Бул жакта талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип, терезелерин алмаштырып, чатырларын жаңыртып жатабыз. Бизди убактылуу турак жай жана үч маал тамак менен камсыз кылышты”, – деди Шарифов.

Мариуполго жөнөтүлгөн тажик мигранттарынын так саны белгисиз. Шарифовдун айтымында, “Реставрация” курулуш компаниясы эле бул шаарга 110 киши жөнөткөн. Алардын көбүн Тажикстандын жарандары түзөт. Мариуполго жумушчуларды жөнөтүү менен башка курулуш компаниялар да алектенүүдө.

Орусияда анча чоң эмес курулуш компанияларга ээлик кылган Тажикстандын айрым жарандары да Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө жумушчуларды жөнөтүп жатышат. Аты-жөнүн жана фирмасынын аталышын айтуудан баш тарткан алардын бири Мариуполго 30 миң курулушчу жөнөтүүгө буюртма келгенин билдирди.

“Кечээ автобус менен жумушчулардын тобун жөнөттүк. Бүгүн алар иштей башташты. Биздин жумушчулардын көбүн Тажикстандан жана Өзбекстандан келген мигранттар түзөт”, – деди ал.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги тажик жарандарын Мариуполду калыбына келтирүү иштерине жөнөтүү боюнча орус бийлигинен расмий билдирүү болбогонун айтышты. “Айрым мекендештерибиз бул боюнча бизге телефон чалышкан. Биз аларга кооптуу аймактарга барбоо кеңешин бердик”, – деди элчиликтин өкүлү.

Мариупол – Украинанын Донецк облусунун өнөр жай борбору жана Азов деңизиндеги ири эл аралык соода порту болуп эсептелет. Бул шаар үчүн кармаш 2022-жылдын 25-февралында башталып, май айында гана орусиялыктардын карамагына өткөн.

Астанага келген крымдык татарлар украин элчилигинен паспорт алууну көздөп жатышат

Орусия аркылуу Крымдан Астанага келген жүздөгөн адам Украинанын Казакстандагы элчилигинин алдына топтолду. Алардын көпчүлүгү үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн чет өлкөлүк паспортторду алууну пландап жатышат.

Журналисттер менен сүйлөшкөн адамдар (көбү крымдык татарлар) мобилизацияга туш болуп, согушка барбоо үчүн аннексияланган жарым аралдан кетүүгө мажбур болгонун билдиришкен. Кабарчы сөзгө тарткандардын бири Орусияны мекени деп эсептебесин, ал оккупант өлкө экенин айтты.

“Украина бизге паспорт берет деп үмүттөнүп жатабыз. Биз балдарыбыз менен келдик, мекенибиздин дарбазасынын алдында турабыз. Орусияны мекенибиз деп эсептебейбиз, ал дүйнө жүзүнө зыян кылган оккупанттардын өлкөсү”, – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген крымдык татарлардын бири.

Украинанын Казакстандагы консулу Иван Алмаштинин айтымында, элчилик кандай паспорту болбосун, крымдыктарга жардам берүүгө аракеттенет.

“Украин жаранынын паспортун көргөзүшсө, украин жарандыгынан чыкпаган болсо, алар биздин жарандар. Биз бардыгын текшерип, документ беришибиз керек”, – деп түшүндүрдү консул.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация жарыялагандан кийин өлкөдөн чыгууга аракеттенип, башка мамлекеттерге, негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга агылгандар көбөйдү. Эксперттер Коргоо министрлигине кеңири ыйгарым укук берилгенин, согушка иш жүзүндө аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү ар бир киши тартылышы мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты.

Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

“Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет”, – деп жазылган маалыматта.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. “Новая газета. Европа” басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды.

Путин мобилизация жарыялангандан бери орусиялыктар чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга агылууда.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда жарыяланган мобилизациялоо кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берген.

АКШ элчилиги: Казакстандагы орусиялыктар Кошмо Штаттардан башпаанек сурап кайрыла алышпайт

Казакстанга келип жаткан орусиялыктар бул өлкөнүн аймагында АКШдан башпаанек сурап кайрыла алышпайт. Бул тууралуу АКШнын Казакстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

“АКШнын Астанадагы элчилиги менен Алматыдагы башкы консулдугу башпаанек же качкын макамын берүү тууралуу өтүнүчтөрдү кабыл албайт. Орусиялыктар мындай өтүнүч менен АКШда жүрсө жана америка жараны болбосо гана кайрыла алышат”, – деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Элчилик башпаанек берүү өтүнүчтөрүн АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы (USCIS) карай турганын белгилеп, каалоочуларга кошумча маалымат алуу үчүн ошол мекемеге кайрылууну сунуштады.

АКШнын качкындарды кабыл алуу программасы БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги (UNHCR) жана дүйнө жүзүндөгү өнөктөш бейөкмөт уюмдар менен иштешет.

27-сентябрда Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Орусияда жарыяланган мобилизациядан качып, согушка катышкысы келбегендер АКШдан башпаанек алуу өтүнүчү менен кайрылса болорун билдирген.

21-сентябрда Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Орусиянын башка өлкөлөр менен чек араларында бир нече чакырымдарга созулган автоунаа тыгындары жаралып, авиа жана темир жол каттамдарына билет баалары кескин жогорулап кеткен. Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин өлкөгө 98 миң орусиялык кирген.

Казакстан санкцияга кабылган өлкөлөрдүн жарандарынын банк карталарын жабууда

“Beeline Казакстан” байланыш оператору Simply санарип карталарынын колдонуучуларына билдирүү жөнөтүп, 30-сентябрдан тарта санкцияга кабылган өлкөлөрдүн жарандарын тейлөө токтотуларын эскертүүдө. Бул тууралуу Besmedia telegram-каналы кабарлады.

“Тилекке каршы, 30-сентябрдан тарта санкцияга кабылган өлкөлөрдүн жарандары Simply санарип картасынын тиркемеси менен колдонуп, онлайн сатып алууларды жана акча которууларды жүргүзө албай калышат. Бул ички көзөмөлдүн талабы жана ал жогоруда белгиленген топтогу бардык кардарларга тиешелүү болот”, – деп жазылган билдирүүдө.

Simply кеп кайсы өлкөлөр жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес. Бирок колдонуучулардын көбү Орусиянын жарандарын тейлөө токтотулушу мүмкүн деп болжолдоодо.

Simply офертанын эрежелерине шилтеме кылууда. Besmedia telegram-каналы ал эрежелерге ылайык, дээрлик бардык колдонуучуларды, анын ичинде санкцияларга кабылган өлкөлөрдүн жарандарын да тейлөө токтотулушу мүмкүн экенин белгилеген.

Каржы аналитиги Андрей Чеботарев жогорудагы офертанын пунктуна Казакстандын жарандары да туура келиши ыктымал деп эсептейт. Анын айтымында, АКШнын Каржы министрлигинин сайтында казакстандык үч компанияга да санкция салынганы жазылган.

Бул боюнча Beeline жана Simply’нин сайтында эч кандай расмий маалыматтар жок.

Simply — стандарттуу пластик картасы. Анын жардамы менен банк кызматтарын алууга болот. Карталарды Beeline’дын туундуу компаниясы эсептелген “КазЕвроМобайл” чыгарат.

27-сентябрда “Beeline Казакстан” байланыш оператору 5-октябрдан тарта BeeTV сервиси менен “TV+Үйдөгү интернет” пакетинде Орусиянын телеканалдарын көрсөтүү токтотуларын билдирген.

Анда сөз “Дом кино”, “Победа”, “О!”, “Первый канал СНГ”, “НТВ МИР”, “Карусель International”, “Россия 24”, “Музыка Первого”, “РТР Планета”, “Время: далекое и близкое”, “Телекафе”, “Поехали”, “Дом кино Premium HD”, “Бобёр”, “Россия К” телеканалдары жөнүндө болуп жатканы айтылган.

Оператордун сайтына жайгаштырылган алгачкы билдирүүдө орусиялык телеканалдардын гана тизмеси жазылган. 28-сентябрда ал тизмеге айрым батыш өлкөлөрүнүн телеканалдары да кошулган.

АКШ Украинага дагы 18 даана HIMARS ракеталык комплексин берет

АКШ Украинага 1,1 миллиард долларга тете кезектеги курал-жарак топтомун берерин жарыялады.

Пентагон билдиргендей, алардын арасында HIMARS ракеталык комплексинен 18 даана, анын октору, 150 бронетехника, 150 тактикалык транспорттук каражат жана иран өндүрүшүнөн чыккан учкучсуз учуучу аппараттардан коргой турган системалар бар. Бул дрондорду Орусия соңку мезгилде согуш талааларында колдонууда.

AFP агенттиги белгилегендей, орусиялык аскерлер Украина аймагына толук масштабдуу кол салууну баштагандан бери Кошмо Штаттар украин армиясына жалпысынан 16 миллиард доллардан ашык жардам берди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчылыгы, чет элдик чалгындар жана аскер эксперттери июнь айынын аягынан бери украин армиясы колдонуп жаткан HIMARS ракеталык комплекстери согуштук аракеттердин жүрүшүнө олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгилешүүдө. Украин бийлиги согушта жеңишке жетүү үчүн аларга кеминде эле ушундай дагы 200 система керек экенин айткан.

Бир аптада Кыргызстанда 3,5 миңден ашуун орус жараны каттоого турду

21-сентябрдан бери Кыргызстанда Орусиянын 3,5 миңден ашуун жараны каттоого турду. Санариптик өнүгүү министрлиги алар августта келгенин билдирди.

Эреже боюнча, Кыргызстанга келген орусиялыктар өлкө аймагында 30 жумушчу күнү аралыгында каттоосуз жүрө алышат. Андан соң алты айга каттоого турушат. Алты ай өткөндөн кийин же өлкөдөн чыгып кетүүгө, же каттоосун дагы жарым жылга узартууга милдеттүү.

Министрликтин эсебинде, быйыл сегиз айда Кыргызстанга келип, каттоого тургандардын саны 170 миңге чамалайт.

“Бул жаңы катталгандар менен кошо каттоосун узарткандардын жалпы эсеби экенин белгилейбиз”, – деди министрликтин басма сөз катчысы Дамира Азимбаева.

2021-жылдын сегиз айында 141 орусиялык каттоого турган.

21-сентябрда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында казак-орус чек арасында автоунаалардын бир нече чакырымга созулган кезеги пайда болду.

Орусиянын өзүндө мобилизацияга каршы акциялар уланууда. Аларды полиция күч менен таратып, жүздөгөн адамды кармап кетти. “ОВД-Инфо” укук коргоо тобу билдиргендей, 26-сентябрга карата 2386 киши кармалды.

Дагестанда мобилизацияга каршы акцияларда 90 киши кармалды

Дагестанда мобилизацияга каршы митингдер кайра жанданып, 90дой киши кармалды: алардын 70и Махачкаладан, калганы Хасавюрттан экенин кабарлады.

“Кавказ.Реалии” билдиргендей, Махачкалада жүздөгөн кишилер көчөлөргө чыгышты. Нааразылыктын катышуучулары менен полициячылардын ортосунда жапырт башаламандык катталды.

Кийинчерээк полиция жана Росгвардия өкүлдөрү Ленин атындагы аянтты курчап, нааразылыкты видеого түшүргөн жаштарды кармап, телефондорун текшеришти.

Хасавюрттагы митингге эки жүздөй киши келди. Полиция аларга күч колдонуп, демонстранттар каршылык көрсөтүштү. Полиция бөлүмүнө жеткирилгендердин арасында “Новое дело” басылмасынын журналисти Идрис Юсупов менен RusNews басылмасынын башкы редактору Сергей Айнбиндер да бар. Айнбиндер кармоо учурунда аны токмоктоп, техникасын тартып алышканын билдирди.

Нааразылык акциясы Нальчик шаарында да болду. Митингчилерге жергиликтүү чиновниктер жолугушту. Алар респубилкадан канча киши Украинадагы согушка тартылары жөнүндө суроого жооп берүүдөн баш тартышты.

25-сентябрда Махачкалада мобилизацияга каршы митингдер өтүп, ага көптөгөн аялдар катышкан. 120га жакын киши кармалып, сегиз адамга кылмыш иши козголгон.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Анын буйругу орус армиясы Украинада чегинип жаткан маалга туш келди. Бул – Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусияда жарыяланган алгачкы мобилизация.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Орусияда акыркы 10 жылда жарандык алган борбор азиялыктар аскердик кызмат өтөөгө милдеттендирилиши мүмкүн

Орусияда жарыяланган аскердик мобилизациянын алкагында акыркы 10 жылдын ичинде орус жарандыгын алган борбор азиялыктар бир жыл аскердик кызмат өтөөгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Тиешелүү сунуш даярдалып жатканын Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов билдирди.

Анын айтымында, эгер Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан барып жарандык алгандар бир жыл аскердик кызмат өтөөдөн баш тартса, алардын өзүлөрүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн орус жарандыгынан ажыратуу пландалууда.

“Бул демилгени ишке ашыруу – жарандарын кылмыш жоопкерчилиги менен коркутуп, ыктыярчы катары атайын аскердик операцияга катышуусуна тыюу салып жаткан аталган өлкөлөрдүн бийликтерине адекваттуу жооп болот”, – деди Кабанов.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрү өз жарандарын чет өлкөлөрдүн аймактарындагы согуштарга катышпоого жана аскердик түзүмдөргө кошулбоого чакырып, “мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин” эскертишкен.

Тажикстан өз жарандарын Украинада согушка катышуудан оолак болууну эскертти

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Орусияда убактылуу жашаган жана иштеп жүргөн мекендештерин чет өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Элчилик кошумча маалымат алуу үчүн Тажикстандын Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург жана Уфа шаарларындагы консулдуктарына да кайрылууну сунуштады.

20-сентябрда Москва мэри Сергей Собянин “Сахарово” миграциялык борборунда чет өлкөлүктөрдү армияга каттоо үчүн шарт түзүлөрүн билдирген. Ал Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында бир жыл кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн эмгек мигранттары орус жарандыгын кыска мөөнөттө жана бюрократиялык тоскоолдуктарсыз ала аларын айткан.

Тажикстандын Жаза кодексинде чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышкан жарандарды 12ден 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Буга чейин Сирияда согушуп келген бир нече тажикстандык узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Меню