Menu

Россия-Украина согушу

Журналисттер кыргызстандыктарды Украинадагы согушка тарткан компанияларды таап чыкты

Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык компанияларды аныктап чыкты. Бул тууралуу иликтөө Али Токтакуновдун Youtube каналында жарыяланды.

Программада айтылгандай, Инстаграмдагы кыргыз сегментинде жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыялар пайда болгон. Анда иш издегендерге жакшы айлык акы убадаланып, алар Орусиянын аймактарында иштей турганы белгиленген. Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышкан учурда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунушташкан.

Кат аркылуу баарлашууда уюм Орусиянын Коргоо министрлигинин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын билдиришкен. Жарыянын ээлери кайрылгандарды Краснодар аймагынын Молькино айылына барууга чакырат. Андан ары иш издегендер Украинага аскерий операцияларга катышуу үчүн жөнөтүлөт. Аскерий даярдык талап кылынбай турганы, жада калса соттолгон адамдарды да ала беришери көрсөтүлөт.

Маалым болгондой, Молькинонун жанында Орусиянын аскерий базасы жана аскерлерди согушка жалдап иштеген орусиялык “Вагнер” жеке компаниясынын имараты жайгашкан. Ал өз кезегинде «пионерлердин лагери» деп аталчу. Бул тууралуу эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары буга чейин жазып чыгышкан.

Украин жергесине кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер орус президенти Владимир Путин койгон милдеттерди армия кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. “Вагнер” же, “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар “жашыруун мобилизациянын” варианттарына айланып калган. Ыктыярчылар дагы, жалданмачылар дагы аскерлер сыяктуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен иштеп жатышат.

 

Каза болгон орус аскерлеринин үй-бүлөлөрүнө 89 миллиард рубль төлөнүп берилди

Орус өкмөтү Украинада согуш башталгандан бери каза болгон жана жаракат алган аскерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация катары 113 миллиард рубль (1,9 миллиард доллар) бөлүп, бүгүнкү күнгө карата 89 миллиар рублин (1,5 миллиард доллар) төлөп берди.

Бул тууралуу “Новая газета.Европа” басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөнүн авторлору белгилегендей, кенемте болжол менен 15-17 миң орус аскерине же алардын үй-бүлөлөрүнө берилген. Алар мындай жыйынтыкка каза болгондордун жакындарына компенсация катары 9,5 миллион рублден (160 миң доллар), жараат алгандарга 4,5 миллион рублден (76 миң доллар) бериле тургандыгын эске алып, эсептеп чыккандан кийин келишкен. Бул сандарга ылайык, Украинада согуш башталгандан бери Орусия “кол салуу үчүн даярдаган” 150 миң аскердин 10-11% каза болуп же жаракат алган болушу мүмкүн.

“Новая газета. Европанын” маалыматына караганда, Орусиянын Каржы министрлиги компенсация төлөө үчүн каражатты 10-мартта, согуш башталгандан эки жумадан кийин бөлүп бере баштаган. Анда Росгвардияга 1,5 миллиард рубль, Коргоо министрлигине 15 миллиард рубль бөлүнгөн. Бул орус бийлиги расмий түрдө билдирген согуштун алгачкы бир жумасында каза болгон жана жараат алган аскерлердин санына дээрлик туура келет. Анда Орусиянын Коргоо министрлиги 498 аскер өлүп, 1597си жараат алганын кабарлаган. Мекеме 25-марттан кийин орус армиясындагы жоготуулар тууралуу маалыматтарды жарыялоону токтоткон.

Журналисттер Украинада аскер кызматкерлери гана эмес, Орусиядан барган жарандык адамдар да каза болуп жатканын билдирүүдө. Маалыматка караганда, оккупацияланган аймактарга ыктыярчылар, медиктер, аткаминерлер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү да жөнөтүлүүдө. Алар жарадар болсо 3 миллион рублден, каза болсо жакындарына 5 миллион рублден төлөнүп берилиши керек. Бул үчүн Орусиянын федералдык бюджетинен 300 миллион рубль (5 миллион доллар) бөлүнгөн.

БУУ Украинадагы согушта 17 журналист каза болгонун ырастады

Орусия Украинага кол салгандан берки согуштук аракеттердин жүрүшүндө 17 журналист өлүп, дагы 14ү жарадар болду. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет билдирди.

Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, журналисттердин бери дегенде жетөө аткылоолор маалында окко учса, алардын бешөө болжол менен орусиялыктардын огунан каза тапкан. Дагы беш журналист кармаштар жүрүп жаткан аймактарда набыт болгон. Аларга ким кол салганы аныкталган эмес. Дагы бир кабарчыны орусиялык аскерлер уурдап кетип, кыйнашкан. Бошотулгандан көп өтпөй ал көз жумган. Жапа чеккен төрт журналист кесибине байланыштуу куугунтукталганын айтып берген.

БУУ курман болгон же жараат алгандардын бери дегенде бешөө аял экенин белгилейт. Арасында “Азаттыктын” украин редакциясынын кызматкери Вера Гирич жана орусиялык журналист Оксана Баулина бар.

Мындан тышкары БУУнун мониторинг миссиясы орусиялыктар оккупациялаган аймактарда маалымат каражаттарынын жети кызматкери уурдалып кеткен учурларды каттаган.

Орус аскерлери кеминде эки жолу журналисттер бараткан машинелерди атайылап аткылаганы такталды. Ал унааларда ак желек байланып, PRESS деген жазуу бар болчу.

Украинада каза болгон дагы бир кыргызстандык Таласта жерге берилди

Украинадагы согушта Кыргызстандын дагы бир жараны 38 жаштагы Руслан Полотов каза тапканы белгилүү болду. Бул тууралу журналисттерге анын бир тууган иниси Ислан Полотов ырастады.

“Орусияга кеткенине эки жылдай болуп калган. Украинага качан кеткенин айта албайм. Ал жакка өз эрки менен кетиптир. Луганск облусундагы Рубежное шаарында каза болуптур. Сөөгүн Москвадан алып келип, 3-июнда жерге бердик. Ал Кыргызстандын эле жараны болчу, орус жарандыгын алайын деген ниети болгон эмес”, – деди Ислан Полотов.

Маркум Руслан Полотов Таластагы Үч-Коргон айылында каттоодо турганын айыл өкмөт кызматкерлери тастыктады.

Руслан Полотов Москвадагы жогорку аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүсү экени айтылып жүрөт. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдындагы атайын багыттагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Президенттин алдындагы башкаруу академиясында жогорку билим алгандан кийин эмгек жолун Талас облустук акимчилигинде баштаган. Орусияга кеткенге чейин Таласта АРИС программасында иштеген.

Маалыматта үй-бүлөлүү, эки баланын атасы экени да көрсөтүлгөн.

Украинадагы согушка орусиялык күчтөрдүн катарында катышып, каза болгон дагы бир кыргыз жараны Аманбек Курбанбаев 14-июнда Аксыда жерге берилди. Ал милициянын отставкадагы майору болгону айтылды.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык жаранга кылмыш ишин козгогонун билдирген. Шектүү Украинада убактылуу иштеп жүргөн жигит болуп чыккан. Ал Орусия коңшусуна кол салгандан кийин Украинанын аймактык коргонуу күчтөрүнө кошулганы айтылган.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери белгилеп келет.

Украин коргоо министри: күнүгө жүз чакты жоокерибиз набыт болууда

Украинанын коргоо министри Алексей Резников майданда күнүгө жүз чакты украин жоокери набыт болуп жатканын билдирди.

“Кармаш талаасындагы абал өтө оор. Күнүнө жүздөй жоокерибиз окко учуп, 500 чактысы жарадар болууда. Кремл аскерлеринин саны менен алып, чоң жоготууларга учурап, туруштукка туш болгону менен айрым тилкелерде алга жылууга кудуретүү”, – деп жазды министр Фейсбукка.

Резников постун башка өлкөлөрдөн курал-жарак алуу маселесине арнаган. Атап айтканда, польшалык “Краб” деген гаубицалар пайдаланууга даяр турганын маалымдады.

Согушкан тараптар өз жоготуулары тууралуу статистикасын чанда ачыкка чыгарат. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу март айында бир жарым миңден көп аскери мерт кеткенин билдирген. Ошондон бери маалымат тарата элек.

Апрелде украин президенти Владимир Зеленский Орусия басып киргенден бери 2,5-3 миң украин аскери курман болгонун айткан. Июндун башында президент күн сайын армия 60-100 аскерин жоготуп, дагы 500дөйү жараат алганын билдирген.

Согушутун шартында тараптардын жоготуулары тууралуу маалыматтарды текшерүү мүмкүн эмес.

Украинадагы согуштан дагы бир тажикстандык өлдү

Украинада орус армиясынын катарында кызмат өтөгөн дагы бир Тажикстан жараны курман болду. 22 жаштагы исфаралык Сулаймонхужа Набиевдин сөөгүн жакындары 8-июнда Ростов облусундагы моргдон алып кетишти.

“Сулаймонхужа 2017-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Эки ай мурун ал орус жарандыгын алган жана Санкт-Петербургда каттоого турган. Ал жерден аны армияга алып кетишкен. Мен билгенден, ал Чеченстанда Гронныйдагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөгөн. Качан Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн билбейбиз”, – деди маркумдун агасы Мерож Солиев.

Украин басылмалары тараткан маалыматка караганда, Украинада орус армиясынын курамында борбор азиялык 6 миңдей киши согушууда, алардын арасында 100дөй тажикстандык бар. Иш жүзүндө канча тажикстандык жортуулда экени белгисиз. Ушул күнгө чейин кеминде он тажикстандык Украинада окко учту. Бул маалыматты алардын жакындары ырасташууда.

Идрис Кадыркулов, элчи: "Украина тарапта согушка катышып жаткан кыргызга аскердик иш-аракеттерге катышпоо керектиги бир нече жолу эскертилген"

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов бул өлкөдөгү согушка катышканы айтылган кыргызстандык жаран тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

Ал элчилик Украинанын аймагындагы кыргызстандыктар тууралуу кабардар экенин, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иш козгогон адам тууралуу да толук маалымат бар экенин белгилеген.

“Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен. Бирок ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Ал жаран аймактык коргонуу кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөнү билинген. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген”, – деп жазган элчи.

УКМК кыргызстандык жарандын Украинадагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармактардагы баракчасын тапканын 14-майда маалымдаган. Атайын кызмат аккаунттун ээси 2021-жылы Украинага эмгек миграциясына чыгып кеткен Кыргызстандын К.у.А. аттуу жараны экени такталганын жана ага карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканы же террористтик акт жасоого даярдыгы”) кылмыштын негизинде Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Киев орус күчтөрү 24-февралда Украинага басып киргенден бери Орусия 25 миңден ашуун аскерин жоготконун кабарлаган. Москва оор жоготууларды моюнга алганы менен өлгөндөрдүн так санын атай элек.

Согуш башталгандан бери Украинанын аймагында Орусиянын жарандыгын алып, армияда кызмат өтөгөн үч кыргызстандык каза болду. Алардын сөөгү Кыргызстанда орус желеги менен жерге берилгени коомчулуктун сынына кабылган.

Иманкадыр Рысалиев: Украина сабактары

Биз Укранинадагы абалга сүңгүп кирип карабай эле коелу, анткени биздин өлкө нейтралитет шартында жашап, иштеп, күнүн көрүп жатат. Биз таасир эте албаган азыркы мындай шарт-жагдайлар менен эсептешип жашашыбыз керек болуп турат. Андан көрө өзүбүздүн көйгөйлөрүбүз тууралуу сүйлөшөлүчү… Украинада болуп жаткан окуялар бүт дүйнө жүзүнө жана өзгөчө бизге армиянын өзгөчө ролун жана маанилүү экенин көрсөтүп койду. Тажикстан менен болгон биздин чек арада болуп жаткан кагылышуулардан улам, биз дайыма аскердик даярдыкта турууга аргасыз болуудабыз.

Мындай кырдаалда биз кандай аракеттенишибиз керек жана  эмне кыла алабыз?

Россия менен Украинанын ортосундагы курчуп бараткан абал жана анын масштабдары күчөгөндөн күчөп, учурда сен жок кылбасаң, сени жок кылат! деген миң жылдык согуш логикасы иштеп баштады. Россия 40 өлкөдөн турган коалиция менен күрөшүп жатат, бул өлкөлөр өздөрүнүн демократиялары, өз жашоо мүнөздөрү үчүн жана эки дүйнөлүк согушту башынан өткөрүү менен жеткен дүйнөлүк тартиби үчүн күрөшүп жаткан, эң бир өнүккөн өлкөлөр болуп саналат. Же ушундай жагдай түзүлүп калдыбы, же эки славян өлкөсүнүн саясатчыларынын амбицияларынанбы, айтор, азыр батыш жамааты Россия менен Украинанын аймагында согушуп жатат, анын жарандары  курмандыкка чалынып жатат. Украинага уламдан улам көптөн берилип жаткан курал-жарак аны Россиянын чектерине улам жакындап бараткан чөкпөс кемеге айландырып койду. Эгерде НАТО Украинадан орустарды сүрүп, аны коргоп кала алса, анда калп эле коргоочу деп аталган альянстын ракеталары Россиянын борбор аймактарына тез арада эле учуп жете турган жакындыкта жайгаштырылып калышы ажеп эмес. Мындай каршылаш жагдайда андай же мындай деш кыйын, анткени согушуп жаткан тараптар кайта турган чектен өтүп кетип, ядердик согуштан баш тарта албай, ал эмес андан ары дүйнөлүк ядердик апокалипсисти да токтото албай калышы мүмкүн болот …

  • Украина учурда 40 өнүккөн өлкөнүн экономикасы колдоп турган регионалдык аскердик державага айланып калды, эми бул жагдайда коррупцияга аралашып калган армия – бул ишенимсиз коргоочу, ишке жарабай турган жоокер болуп калаарын моюнга алыш керек.

Биринчи сабак: биздин кичинекей өлкөбүздө армияда коррупция болсо, анда Кыргызстан мамлекет катары жок болот дей бериңиз! Бул маселе өтө орчундуу орунда туруп, ага жараша армияда коррупциянын болбошу үчүн эң катаал чаралар көрүлүшү кажет. Азыр геосаясаттык дүйнө тез арада эле өзгөрүлүп, жаңы дүйнөлүк тартип орноп жатканын эске алсак, айрым мамлекеттерди башкалары жутуп алып, алардын жок болуп кетиши – бул эзелтен келе жаткан тарыхый практика болуп эсептелет. Биринчи кезекте бийлик институттарын жана күч түзүмдөрүн коррупция баскан мамлекеттер урап, жок болот.

  • Анализдер көрсөткөндөй, азыркы учурда биз да, үй-бүлөлүк клан башкарган Тажикстан да Афганистан менен болгон чектерибизде россия дивизиясына ишенбешибиз керек, алар кубаттуулуктарын каалаган маалда Украинага жөнөтүп жиберсе, Американын аскери жыйырма жыл күрөшүп жеңе албаган афган Талибандары менен өзүбүз жекеме – жеке калып кетебиз. Учурдагы абалда афган Талибанынын идеологиясы жана мамлекеттик түзүлүшү эч бир кыйынчылыксыз эле Тажикстанга кирип келет. Мунун себептери эң жөнөкөй, үй-бүлө кланынын башкаруусу кандай болбосун мамлекеттин пайдубалын бошоңдотуп коет. Бул тенденция бизге да түздөн-түз тиешелүү…

Талибандын күчү эмнеде?

Коррупциянын жоктугунда, адилеттүүлүккө болгон ишенимдин күчтүүлүгүндө жана катаал аскердик тартипте. Биз буга каршы эмнебизди кое алабыз? Талибанга бир гана нерсе каршылык көрсөтө алат, ал: армия менен элдин биримдиги. Эгерде тажик Талибаны кол сала турган болсо, биз аз убакыттын ичинде окутулуп, даярдалган элибизди мобилизациялоого жана куралдандырууга жетише алгыдай чараларды мамлекет иштеп чыгып берүүгө милдеттүү. Демек, бизде аскердик окууларды гана өткөрбөстөн, резервисттер менен тынымсыз иш алып баруу кажет.

Армия бул мамлекеттин кузгүсү, жүзү, өзүндүн армиянды камкордукка алып, бага албасан, бирөөнүкүн багууга туура келет. Бул элдик накыл кылымдар бою тастыкталып келген, а бүгүн болсо болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турган чагы.

Садыр Жапаров Россия-Украина окуяларын согуш деп атап, калыстык позициясын билдиргендин эртеси Тажикстан Кыргызстанды көздөй ок атты

Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

Окуя болгон жерге тажик чек арачыларына башка да аскерлери жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылышканы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени маалым болду.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу башталып, 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү дароо телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аскерлерди окуя болгон жерден алууну жана кошумча күч-каражат тартпоону макулдашышты. Сүйлөшүү уланууда.

Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келерин билдирди.

Ал ортодо “Озоди” радиосу Исфарадагы өз булактарына таянып, чек ара окуясынан курман болгондор бар экенин кабарлады. “Окуя нөөмөттөгү тажик чек арачылары алмашып жаткан учурда болду. Нөөмөткө жаңылар келгенде кыргыз чек арачылары аларды кемсинтип, эскертүүсүз эле биз тарапты көздөй ок атышты. Жыйынтыгында бир тажик чек арачысы каза болуп, бир дыйкан жаракат алды”, — деп билдирген булак.

“Озодинин” билдирүүсүндө бул маалыматты Исфара шаардык ооруканасынын дарыгерлери да ырастаганы айтылган. Азырынча Тажикстандын расмий бийлиги чек арадагы курал колдонулган бул окуя боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ 9-мартта КР Президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө “бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз…  Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек”, – деп билдирген.

Садыр Жапаров Кыргызстан орус-украин тирешинде калыс позицияны карманарын билдирди

Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кумтөр маселеси талкууланган жыйында билдирди.

“Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт, ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек”.

Президент доллардын куну көтөрүлүп, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы кымбаттап баратканын, мындай абалда амбицияларды артка калтырууга, негизсиз сын-пикирден карманууга чакырды.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда.

Москва кошуна өлкөгө басып кирген 14 күндөн бери БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси 400дөн ашуун карапайым кишинин каза болгонун каттады. Кеңсе ошол эле маалда жоготуулар мындан эселеп көп болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Эң оор абал Кара деңиздеги Мариупол шаарында түзүлдү. Бир нече күндөн бери калк таза суу, жылуулугу жок отурат, канализация системасы керектен чыкты. 430 миң калкы бар калаанын жарымынан көбү чыгып кетүүгө аракет көрүүдө.

Киевдин жака белиндеги Ирпендин тургундарын да коопсуз жерге көчүрүү аракети уланууда. Жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түнү катуу аткылоого дуушар болгонун айтып беришти.

Меню