Menu

Шавкат Мирзиёев

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, ортодогу чек ара, соода, өнөр жай, транспорт маселелерин талкуулашты

Кечээ, 19-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевдун телефондук сүйлөшүүсү болду.

Кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринин бардык комплекси талкууланды.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн жогорулоосун канааттануу менен белгилешти.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Өзбекстан-Тажикстан чек арадагы кызматташтыкты бекемдейт

Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Тажикстанга расмий сапарынын жүрүшүндө биргелешкен 36 документке кол коюлду.

Арасында өнөр жай жана жаңы технологиялар тармагындагы кызматташуу, тажик-өзбек инвестициялык компания түзүү, өзбек аймагы аркылуу транзиттик жүк ташуу тууралуу келишимдер, айыл-чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу жол картасы, бир нече меморандум бар.

Мирзиёев Тажикстанга бейшембиде барды. Аны Дүйшөмбү аэропортунда мамлекет башчы Эмомали Рахмон тосуп алды.

Лидерлер эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселесин талкуулашты.

Рахмон эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыгынын оң динамикасын белгиледи.

Ал эми өзбек президенти тараптардын алакасы абдан жогорку деңгээлге жеткенине токтолду.

“Тажикстан менен чектешкен бардык район, шаарлардын жетекчилерине чектеш район, шаарлар менен эффективдүү кызматташтыкты орнотуу тапшырмасын бердим. Мындай жол менен президенттер, өкмөттөр, облустар, шаарлар жана райондор ортосундагы кызматташтыкты камсыздай алабыз”.

Мирзиёев кол коюлган документтер 2022-жылы ортодогу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө жол ачарын кошумчалады.

Эки коңшунун мамилеси Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда салкындап кеткен. 2016-жылы бийликке Мирзиёев келгенден кийин алака-катыш жакшыра баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Блогер Мирзиёевдин жашыруун резиденциясынын жаңы видеосун жарыялады

Өзбекстандык блогер Алексей Гаршин өлкө президенти Шавкат Мирзиёев үчүн курулган Шоввозсой эс алуу жайынын жаңы видеосун интернетке жарыялады.

Тасмадан тоолуу аймактагы президенттин резиденциясын, аны курчаган бак-дарактарды жана суу сактагычты көрүүгө болот. Мындан тышкары анда тик учактар конуучу аянтчалар жана эки чоң имарат бар экени айтылат.

Буга чейин коомчулукка белгисиз бул жайдын сүрөттөрү менен видеолору чыга элек болчу.

Быйыл февралда “Озодлик” радиосу Мирзиёев үчүн курулган хансарай жөнүндө журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда Ташкенттен 100 чакырым алыс Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып жердеги ак сарай тууралуу маалымат берилген.

Кийинчерээк Мирзиёев Шоввозсой эс алуу жайы боюнча комментарий берип, эс алуу жайы мамлекеттин карамагында экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шавкат Мирзиёев ушул жумада Тажикстанга барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 10-11-июнь күндөрү расмий сапары менен Тажикстанга барат.

Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов дүйшөмбү күнү брифинг маалында билдирди.

Анын айтымында, сапардын алгачкы күнү сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү өтүп, эртеси президенттин Хожент шаарындагы бир катар иш-чараларга катышуусу пландалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню