Menu

Эмгек мигранттары

Шереметьеводо кыргызстандыктар кармалып турганы кабарланууда

Москвадагы Шереметьево аба майданында бүгүн, 7-октябрдын таңында учуп барган Кыргызстандын болжол менен 300дөй жараны кармалып турганы тууралуу маалыматтар социалдык медиада таркап жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда аэропортко юристтер кеткенин билдирген.

Буга чейин социалдык медиада бала-чакасы менен учуп барган кыргызстандыктардын ID карталары чогултулуп алып, ар бири бирден өткөрүлүп, Орусияга келген максатын сурап жатышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Элчиликтин басма сөз кызматы бул окуя боюнча юристтер аэропорттон кайтканда дагы толук маалымат берилерин маалымды.

Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш-чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскертти.

Мындай документтери болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып салат же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Орусия ИИМи өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-сентябрдан кийин депортацияланарын эскертти

Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова 30-сентябрдан кийин полиция өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга карата чараларды көрө баштай турганын эскертти.

Быйыл 15-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылган.

Орусиянын Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов “Коммерсант” басылмасына берген маегинде акыркы күндөрү миграциялык борборлордо кезекте тургандар көп болуп жатканын белгиледи.

“Жарандык көмөктөшүү” комитетинин жетекчиси Светлана Ганнушкина аларга Орусиянын аймагында жүргөнүн мыйзамдаштырып, талап кылынган бардык жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткара албаган мигранттардан жүздөгөн кайрылуулар түшүп жатканын билдирди. Алардын арасында талибдер бийликке келген маалда Орусияда жүргөн ооган жарандары көп.

“Коммерсант” басылмасы Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеевге жана өзүнүн бир нече булактарына шилтеме кылып, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт дагы узартылышы мүмкүн экенин жазды.

Орусия ИИМинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө Өзбекстандын 332 миңден ашык, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

Москвада мигранттарга жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн 20 миң рублдан берилет

Москванын мэри борбор калаада төрөлгөн ар бир бала үчүн мигранттарга 20 миң рублден төлөп берет. Мындай төлөмдөр үчүн жылына 700 млн. руль кетет. Бул тууралуу Readovka порталы жазды.

Басылманын журналисттери Москвадагы төрөтканаларда чет тилдерде 20 миң рубль төлөм тууралуу жазылган стенддерди жана буклеттерди байкашкан. Ушул эле билдирмелер “Москвадагы төрөттөр” сайтында да жайгаштырылган. Ал азери, англис, вьетнам, дари, казак, кыргыз, тажик, түркмөн жана уйгур тилдерине которулган.

2020-жылы февралда Москва мэринин расмий сайтында борбор калаада төрөлгөн ымыркайлардын ата-энелери төрөтканадан берилүүчү белек топтомунун ордуна 20 миң рублдан компенсация ала алышары жарыяланган.

Эки же андан көп бала төрөлгөн учурда төлөм ар бир ымыркай үчүн берилет. Акча алууну каалаган ата-энелер белек топтомунан баш тартышы керек.

Орусиядагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтары чогултулат

Жогорку Кеңешке шайлоого карата Орусиядагы кыргыз жарандарынын тизмеси октябрда такталат. 4-17-октябрда ал жактагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, консулдук каттоого коюу жана башка документ иштери жүргүзүлөт.

Аны Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү ишке ашырат. Бул алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктын алкагындагы иш-чара экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

21-сентябрда БШК мүчөлөрү Москвадагы элчиликте кыргыз диаспораларынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушту.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Орусияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат.

-Москвада беш жерде;

-Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Казан, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо тилкеси болот.

Расмий эсепте Орусияда 500 миңджен көп, бейрамий миллиондон ашуун кыргызстандык бар.

Москвага 200 миңдей эмгек мигранты жетишпей жатат

Москванын курулуш тармагы 200 миңдей чет өлкөлүк жумуш күчүнө муктаж болууда. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Владимир Ефимов билдирди.

“Жакын арада алардын өлкөгө кирүүсүнө байланышкан чектөөлөр жумшартылат деп үмүттөнөбүз”, – деди ал.

Ефимов эмгек ресурстарынын жетишсиздигинен улам иш берүүчүлөр бири-биринен кызматкерлерди талашып, натыйжада алардын кызмат акысы да өсүп жатканын айтты.

Августтун башында Москванын мэри Сергей Собянин Орусиядан мигранттардын кетиши инфляциянын бирден бир себеби болуп жатканын айткан.

“Бул жумуш күчүнүн баасынын өсүшүнө алып келди. Анан баары кымбаттай баштады. Себеби эмгек өндүрүмү жана өнүм көбөйбөй туруп маяна көбөйсө, аягы эмне болорун кайсы экономист болсо да айтат. Ошондуктан биз инфляциянын өсүшүн көрүп жатабыз”, — деген Собянин.

Орусия буга чейин Өзбекстандан мигранттарды Казакстан аркылуу поезд менен ташууну пландап жатканын билдирген.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу мигранттар марттан бери Орусияга учактар менен гана барып жатышат. Алар билет баасынын кымбаттагына даттанып келишет.

Кыргыз элчилиги Орусиядагы мигранттарды 30-сентябрга чейин каттоого турууга чакырды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарын 30-сентябрга чейин бардык документтерин тууралап алууга — миграциялык каттоого туруп, эмгек келишимин түзүүгө чакырды.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Орусия президентинин 16-июндагы жарлыгы менен мигранттарга документтерин ирээттеп алуу үчүн берилген мөөнөт 30-сентябрга чейин узартылган.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден (ред: расмий эмес маалыматтарда 1 миллиондон ашык) ашат. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 780 кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Орусияда чет өлкөлүк мигранттарга электрондук чип берүү сунушталууда

Орусия өлкөгө үч айдан ашуун убакытка келген эмгек мигранттарына жана чет өлкөлүктөргө сүрөттүү пластик чип карталарды берүүнү сунуштоодо.

Орусия Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сайтына жарыяланган документке ылайык, картада чет өлкөлүк жарандын жеке маалыматы – аты-жөнү жана башка реквизиттери болот. Электрондук чипте чет өлкөлүктүн дактилоскопиялык каттоодон (манжа изи) өткөнү жөнүндө да маалымат сакталат.

Орусия ИИМинин буйругу 2021-жылы 29-сентярбда күчүнө кирери болжолдонууда. Ушул тапта долбоор коомдук талкууга алынып, коррупцияга каршы көз карандысыз экспертизадан өтүп жатат.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, буга окшогон электрондук документ өлкөдө узак убакытка кала турган чет өлкөлүктөргө он жылга берилет. Андан соң аны алмаштыруу керек болот. Мындан тышкары Орусияда мигранттардын электрондук каттоосун киргизүү сунушталууда, атайын реестрде иш берүүчүлөр да болууга тийиш.

Москвада мигранттарга карата 800 кылмыш иши козголду, 200гө чамалуу мигрант депортацияланды

Түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу Москва милициясы акыркы айларда мигранттарга каршы 800 кылмыш ишин козгоду. 200гө чамалуу мигрант депортацияланды. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин соцтармактагы баракчасына жазды.

“Акыркы айларда полиция мигранттарга карата бир нече катаал рейддерди жүргүздү. Натыйжада түрдүү мыйзамсыздыктарга байланыштуу 800 кылмыш иши козголуп, 200гө чамалуу адам депортацияланды. 17,5 миң адамга өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынды. Москва – меймандос шаар, бирок коноктор да өздөрүн ошого жараша алып жүрүшү керек”.

Собянин көпчүлүк мигранттар мыйзам бузбай, оор иштерде иштесе да каттоого туруп пантент алышарын да белгилеген.

Акыркы айларда Москвада мигранттардын ич ара кагылышуулары көп катталган. Алардын эң ириси – июль айында Кузьминкиде болгон. Анда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.

Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Кузьминки окуясынан кийин 26 кыргызстандык Орусияга 40 жылга чейин кире албай турган болуп депортацияланган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Балабаново шаарында 18 кыргыз жаранынын паспортторун алып койгон жумуш берүүчүдөн паспортторду кайтарып алып берди

2021-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумуш берүүчү тарабынан алынып коюлган паспортторун кайтарып алууга көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуусуна байланыштуу, Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери Россиянын Калуга облусунун Балабаново шаарына барышты.

Чыгуу учурунда, 2021-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын жарандарынын 18 адамдан турган тобу Бишкектен Балабанового иштөө үчүн бейтааныш аял аркылуу келгени аныкталган. Россияга келгенде Айнагуль аттуу аял аларды «Шереметьево» аэропортунан тосуп алып, Балабанового алып келип, КР жарандарынын паспортторун алып кеткен. Андан кийин алар «Техмашимпекс» ЖЧКсында эки ай иштешкен.

2021-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлеринин жардамы менен паспорттор ээлерине кайтарылып берилди.

Кыргыз Республикасынын жарандары менен Россия Федерациясынын эмгек мыйзамдарынын маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул факт боюнча мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жол бербөө максатында Россия менен Кыргызстандын укук коргоо органдары аркылуу улантылат.

Меню