Menu

Эмгек мигранттары

Кыргызстандыктарды Финляндияга, Болгарияга, Германияга жумушка орноштуруу боюнча келишимдер түзүлүүдө

Азыркы күндө кыргыз жарандарын Финляндияга, Болгарияга, Германияга жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

“Азыркы учурда Кыргызстанда калкты чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча 117 жеке менчик агенттиктер иштеп жатат. Алар кыргызстандыктарды дүйнөнүн 20 өлкөсүнө жумушка жөнөтө алат. Үстүбүздөгү жылдын 5 айында эле чет өлкөгө 6000 кыргыз жараны жумушка орноштурулду”, – деп жыйынтыктады Н. Базарбаев.

Эмгек министрлиги: Улуу Британияга иштеп келүүнү каалаган 7000 кыргызстандык арыз берди

Үстүбүздөгү жылдан тартып кыргызстандыктар Улуу Британияга ( Ирландия, Шотландия Уэльс жана Англия) легалдуу түрдө 6 айга иштеп келүү мүмкүндүгү түзүлдү. Бул тууралу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Министрликтин Жарандарды жумушка орноштуруу борбору 2022-жылдын 16-мартында Улуу Британиянын тийиштүү уюмдары менен айыл чарба жумуштарына кыргызстандыктарды тартуу боюнча келишим түзгөн. Ал макулдашуу боюнча быйыл, 2022-жылы 1000 кыргыз жараны Улуу Британияга барып иштеп келе алат.

Каалоочулар «AgriHR» компаниясынын сайтына катталып, өздөрү эле бекер тандоого катыша алат. Быйыл 1-июнга карата 7000 кыргыз жараны бул өлкөгө барып иштеп келүүгө арыз беришти. Алардын ичинен 203 кыргызстандык Лондонго учуп кетишти, дагы 400 жаран июнь айында учуп кетүүгө даярданышууда.

 

Быйыл Түштүк Корея кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн 1800 кишиге квота бөлдү, алар $200 млн иштеп таба алышат

КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Түштүк Кореяда иштеп келүү үчүн кыргызстандыктарга квотаны 2022-жыл үчүн 1800 кишиге көбөйтүүгө жетише алды. Бул тууралу министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы жана 2019-жылы мындай квота 500 адамдан ашкан эмес, ал эми 2020-2021-жылдарда 750 кишиге гана квота берилген. Быйыл болсо ал квота эки эседен ашык көбөйтүлдү. 

Эки өлкөнүн ортосунда бул багытта  түзүлгөн Меморандумдун 15 жылында Түштүк Кореяда иштеген кыргыз жарандары 600 млн АКШ долларын иштеп табышкан. Кыргыз жарандары Кореянын өнөр жай тармагында 4 жыл 10 айлык мөөнөттөгү жумушка орношо алышат. Алардын орточо айлыгы айына 1800 АКШ долларын түзөт. Андан сырткары алардын жатаканасы менен тамак-ашын Корея тарап уюштуруп, төлөп берет.

Акыркы 15 жылда Түштүк Кореяга 5000 кыргызстандык жумушка орношо алышты. 

Быйыл эле жыл башынан бери 302 кыргызстандык Кореяда ишке орношуп, алар Бишкек-Инчхон чартердик авиакаттамы менен жеткирилди. Ал эми 12-июлда ушундай эле жол менен дагы 150 жаран жөнөтүлүп жатат. 

“Эгер быйыл квота боюнча 1800 киши жөнөтө алсак, анда алар 200 млн АКШ долларын иштеп таба алышат”, – дейт министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев.

Фото - Улуу Британияга сезондук жумушка келген кыргыздардын биринчи тобун Станстед аэропортунда кыргыз элчиси өзү тосуп алды

Кечээ, 20-майда Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусуповдун катышуусунда Улуу Британиянын Станстед аэропортунда сезондук жумушка келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын биринчи тобун тосуп алуу уюштурулду.

Британия тарабынан аталган жолугушууда «FruitFull» операторунун жетекчиси Жастин Дэвид Эмери жана «Agri-HR» компаниясынын жетекчиси Ян-Виллем Наеребаут катышышты.

Белгилей кетсек, бул топ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен британиялык «Agri-HR» компаниясынын ортосундагы кыргыз жарандарын Улуу Британиянын айыл чарбаларында сезондук жумушка орноштуруу боюнча макулдашуунун алкагында келген.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы мекендештер менен саламдашып, аларга ийгиликтүү эмгектенүүсүн каалады. Мындан сырткары, элчи У.Джусупов жарандарга Улуу Британияда жүрүү эрежелери жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык визалык режимди сактоо зарылчылыгы тууралуу маалымат берди.

Муну менен катар У.Джусупов Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Видео - Британияда иштөө үчүн кыргызстандыктардын биринчи тобу жөнөтүлө баштады

Бүгүн, 20-майдан тартып Британиянын фермаларында иштөө үчүн Кыргызстандан жумушчулардын биринчи тобу жөнөтүлө баштады.

Булак: BBC

Кыргызстан Орусиянын миграция борборун ачууну сунуштады

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-февралда Москвада жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы анда Мамытов Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу маселе көтөргөнүн билдирди.

“Биз жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун карап көрүүнү өтүнөбүз”,-деди Мамытов.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Вячеслав Володин бул сунушту оң кабыл алганын жана сунуш орус өкмөтүнө жөнөтүлөт деп айтканын белгиледи.

Орус парламентинин басма сөз кызматы Володин менен Мамытов алака-катышты өнүктүрүү жолдорун, тиешелүү комитеттердин өз ара кызматташуусу өңдүү маселелерди талкуулаганын кабарлады.

“Ошону менен катар тараптар миграциялык саясатты, тактап айтканда, эмгек мигранттарын колдоо, Кыргызстанда орус тилин окутуу маселелерин, экономикалык жана гуманитардык байланышты талкуулашты. Талант Мамытов Вячеслав Володинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды”, – деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Кыргызстан Орусияга жаңы миграциялык эрежелерине байланыштуу нота жөнөткөн. Анда Бишкек Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүүнү өтүнгөн.

Былтыр жыл аягында Орусияда миграциялык мыйзамдарын өзгөрткөн. Ага ылайык, мындан ары чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл. Ушундан улам айрыкча Москвада каттоого турууга келгендердин узун кезеги пайда болгон.

Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн жана анда депутаттар Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканын айтышкан.

Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕАЭК) өкүлдөрүнүн бири Алтынай Өмүрбекова Орусияда иштеген мигранттарын чектеген мыйзамды кайра карап чыгуу сунушу берилгенин билдирген.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.

ТИМ: Орусиянын үч аймагында чет өлкөлүктөрдү жумушка алууга тыюу салуунун кыргыз жарандарына тиешеси жок

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын айрым аймактарында эмгек мигранттарын бир катар тармактарга жумушка алууга тыюу салынганы боюнча билдирүү таратты.

Мындай эреже Орусиянын Ханты-Мантийск автоном облусунда, Тюмень жана Калуга облустарында киргизилген. Бул аймактарда чет өлкөлүк жарандарды соода, коомдук транспорт жана тамактануучу жайларга жумушка алууга тыюу салынат.

ТИМдин маалыматына караганда, аталган аймактардагы бул чектөөлөдүн Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок. “ЕАЭБ тууралуу келишимдин 97-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “уюмга мүчө өлкөлөр бул макулдашууда белгиленген башка учурларда улуттук эмгек базарын коргоо үчүн чектөөлөрдү киргизе алышпайт”, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда элчилик эгер аталган аймактардагы жумуш берүүчүлөр Кыргызстандын жарандарын ишке алуудан баш тартса, жазуу турүндө [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылууга чакырды.

Күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгону менен кыргыз жарандарынын Орусиядагы укуктары корголбогонун айтып, Орусиядагы эмгек мигранттарына карата талаптардын катаалдатылганын сынга алышкан.

Жаңы жылдан тартып Орусия миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырган. Жаңы талаптарга ылайык, эми мигранттар 3-4 ай сайын баасы 5-6 миң рублдик медициналык кароодон өтүп турушу керек болот. Мындан тышкары Орусияга иштегени барган чет өлкөлүктөр, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүп, сүрөткө түшүүгө милдеттүү болушат.

Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борборун түзүү чечими кабыл алынды.

Аталган чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган.

Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу түзүм болуп саналат.

Орусияда чет өлкөлүктөрдү коомдук тартипти бузганы үчүн да депортациялоо сунушталууда

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) чет өлкөлүктөрдү одоно административдик эреже бузуулар үчүн, анын ичинде коомдук тартипти бузганы үчүн да депортациялоону сунуштады.

Тиешелүү өзгөртүүлөрдү өлкөнүн Административдик укук бузуулар тууралуу кодексине киргизүү сунушталууда. Мекемеден чет өлкөлүк жарандар үчүн тек-жайын күбөлөндүрүүчү электрондук күбөлүктөрдү киргизүү да пландалып жатканын билдиришти.

2021-жылдын 29-декабрынан тартып Орусияга иштегени барган чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде кыргызстандыктарды 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу жол-жобосунан өтүүгө милдеттендирген жаңы эрежелер күчүнө кирген.

Декабрдын ортосунда Орусия ИИМи Москвадагы жапырт мушташка катышкан 400 мигрантты депортациялаган. Алардын Орусияга кирүүсүнө 40 жылга тыюу салынган.

Орусия ИИМинин Качкындар маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Татьяна Дмитриеванын айтымында, Москвада миллионго жакын мигрант бар. Жалпысынан 2021-жылдын аягына карата Орусиянын шаарларында жети миллионго жакын чет өлкөлүк жашаган.

Орусия Өзбекстандын 158 миң жаранына "миграциялык мунапыс" жарыялады

Орусиядан депортацияланган 158 миң өзбекстандык жаран “миграциялык мунапыс” алып, кайрадан өлкөгө кирүү укугуна ээ болушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Москвадагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, мунапыс Орусиядан соттун чечими менен депортацияланган өзбек жарандарына тиешелүү болбойт.

Буга чейин Орусиянын бийлиги чет өлкөлүк жумушчулар жетишсиз болуп жатканын бир нече жолу билдирген. Москванын вице-мэри Владимир Ефимов шаарда 200 миң эмгек мигранты жетишсиз болуп жатканын айтса, калаа башчысы Сергей Собянин мигранттардын кетиши инфляциянын өсүшүнө таасир эткенин билдирген. Өкмөттүн вице-премьери Марат Хуснуллин жакынкы эки жылдын ичинде Орусиядагы курулуш иштерине гана 5 миллион эмгек мигрантын тартуу керек экенин айткан.

Күн мурун Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов Орусия Өзбекстан менен Тажикстандан 150 миңден жаранына “миграциялык мунапыс” жарыялаганын кабарлаган. Анын айтымында, бул чечим өлкөдөн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) чечими менен чыгарылган жарандар үчүн гана тиешелүү болот.

“Известия” басылмасы ИИМге шилтеме кылып, 2021-жылдын биринчи кварталында Орусиядан 1345 чет өлкөлүк депортацияланганын маалымдаган. Өткөн жылдын алгачкы кварталында бул көрсөткүч 1139 кишини түзгөн.

Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы мартта мигранттардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Быйыл март айында кызматкерлери 250 кишиден ашкан жана кирешеси 2,5 миллиард рублдан кем эмес компанияларга чет өлкөлөрдөн жумушчуларды алып келүүгө уруксат берилген.

Май айында Өзбекстан менен Тажикстандан жумушчуларды тартууга киргизилген чектөөлөр толук алынган, бирок бул да жардам берген эмес, анткени бүгүнкү күнгө чейин аларды аба транспорту менен гана алып келүүгө мүмкүн.

Меню