Menu

Эмгек мигранттары

Орусияда мигранттар үчүн патент төрт эсеге кымбатташы мүмкүн

Мамлекеттик Думанын Бюджет жана салык боюнча комитети чет элдик жарандар Орусияда иштегенде төгө турган төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштоодо.

Документти иштеп чыккан “Адилеттүү Орусия” партиясынын өкүлдөрү патент акысын 1200дөн 4800 рублга (12 доллардан 50 долларга чейин) жогорулатууну сунушташты. Демилге авторлорунун айтымында, бул кадам эмгек базарында орус калкын колдоого багытталган.

Расмий маалыматтар боюнча былтыр Орусияга 3,5 миллиондой мигрант иш издеп барган. Алардын 90 пайыздан ашыгын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары түзөт.

Кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу Орусияга нота жөнөтүлдү

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги таксист болуп иштеген кыргызстандыктын сабалышына байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 3-августта кабарлады.

Маалыматка карганда, таксистке кол салуу окуясы 2023-жылы 18-июнда болгон. Жабыркаган адам элчиликке кайрылган эмес.

“Видео социалдык тармактарга тарагандан бери элчилик жабыркаган жарандын тек-жайын тактоо жана аны издөө иштери башталган. Элчилик жабыркаган жаран менен байланышып, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандыкка жанында отурган адам кол көтөргөн видео социалдык тармактарга тараган. Анда машинада сыра ичүүгө болбой турганын айткан айдоочуну жүргүнчү башы-көзгө койгулап жибергенин көрүүгө болот.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган.

 

Москвада кыргыз диаспоралары үчүн укуктук сабаттуулук боюнча окуу өткөрүлдү

Москва шаарында кыргыз диаспоралары үчүн укуктук сабаттуулук жана социалдык адаптация боюнча тренинг өткөрүлдү.

Бул жолугушууда Орусия Акыйкатчысынын Москва облусу боюнча өкүлү Ирина Фаевская, ошондой эле Орусиянын Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо департаментинин кызматкерлери кыргыз диаспора өкүлдөрү менен баарлашты. Маалыматта белгиленгендей, катышуучуларга миграциялык мыйзамдарды сактоо жана аны бузган учурдагы жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздандыруу, билим берүү, миграциялык каттоонун жол-жоболору, анын ичинде манжа изин каттоо жана медициналык текшерүүдөн өтүү маселелери каралды.

Орусиядагы «Нелегал» операциясынан кийин Москва шаары жана Москва облусунан 130 кыргызстандык депортацияланган.

Орусиянын Ички иштер министрлиги «Нелегал» рейдинен кийин жети миңдей мигрант депортацияланып, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу.

Орус бийлиги «Нелегал» операциясынын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген. Мигранттар рейддер токтобой жатканын кабарлап жатышат.

Түркияда дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык кыз аман табылды

Түркиянын Стамбул шаарында дээрлик эки аптадан бери дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык кыз табылды.

Бул тууралуу бүгүн 5-июлда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, кыз бүгүн аман-эсен табылды:

«Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жеке көзөмөлүнүн, тыгыз иштөөсүнүн натыйжасында Стамбулдун Кадыкөй районунда кыз аман-эсен табылды, анын туугандары жанында. Улан Ниязбековго жана Мехмет Акташка ыраазычылык билдиребиз. Кыскача тергөө иштери болот, ошондон кийин кыз туугандары менен чогуу Кыргызстанга жөнөтүлөт».

20 жаштагы Жазгүлдүн апасы кызын таба албай жатканын айтып Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна 24-июнда кайрылган. Стамбулга Бишкектен учак менен жетип, андан ары автобус менен Болгариянын Варна шаарына жөнөп кетмекчи болгон кыздын жоголушу коопсуз миграция маселесин күн тартибине чыгарган.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтарда кыз акыркы жолу таанышынын Инстаграм баракчасынан апасына телефону жоктугун, кыйналып жатканын билдирип, ошол бойдон байланышка чыкпаганы айтылган.

Иркутск: мушташка катышкан кыргыз жана тажик мигранттары элдешти

Иркутск шаарындагы калайман мушташка катышкан кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар Курман айт майрамынын алдында элдешти. Бул тууралуу аталган калаадагы тажик коомчулугунун башчысы Алишер Ширинов билдирди.

Анын айтымында, тараптар мындан кийин бул сыяктуу жаңжалдардын кайталанышына жол бербөө боюнча макулдашты.

Иркутск шаарындагы Ковыктинск газ кенинде иштеген кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы калайман мушташ 23-июнда болгон. Анда тогуз киши – Кыргызстандын беш, Тажикстандын төрт жараны жараат алып, 30дан ашык адам кармалганы кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мушташка 500дөн ашык киши катышканын, ага түшкү тамактануу үчүн ашканага кезек талашуу себеп болгонун билдирген.

Орусиянын басылмалары укук коргоо органдары бул окуя боюнча тергөө иштерин улантып жатканын жазууда.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар арасында калайман мушташтар көп катталат.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Анда Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Иркутскидеги кыргыз-тажик мигранттарынын мушташынан кийин 10 киши кармалганы кабарланды

Иркутск полициясы Ковыктинск газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар ортосунда 23-июнда чыккан калайман мушташтын он катышуучусун камакка алды.

Бул тууралуу “Озоди” радиосу Иркутскидеги тажик диаспорасына таянып жазды. Жергиликтүү маалымат каражаттары мушташта тогуз киши жабыркап, жыйырма чактысы кармалганын жазган. Күбөлөрдүн айтымында уруш ашканадагы кезек күтүүдөн улам чыккан.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жараат алган беш адам менен байланышкан. Алардын бири ооруканага жаткырылган. Иркутскидеги тажик диаспорасы кармалгандар эки тараптан тең бар экенин билдиришкен.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар арасында калайман мушташтар көп катталып келет.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу “бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандын 5 миң жараны Швеция, Франция жана Литвадагы ишканаларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору Европа союзунун өлкөлөрүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча «Евро-Виз» ЖАК (Литва) менен макулдашууга кол койду.
Макулдашуунун максаты Швециянын, Франциянын жана Литва Республикасынын ишканаларында жумуш издеген жарандарга сапаттуу жана ишенимдүү иш менен камсыз кылуу болуп саналат.
Бүгүнкү күндө курулуш адистиктерине, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына арыз берилди.
Министрлик Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат, ошондуктан жыл башынан бери Калкты ишке орноштуруу борбору тарабынан 20дан ашык келишимдерге кол коюлган. Чет өлкөлөрдө жана 5 миңден ашык адам жумуш менен камсыз болгон.

Москвада мигранттарды жапырт текшерип жатышат

Орусиядагы мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт бөлүмдөргө алып кетип жатканын билдирди.

Учурда интернетте полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тарап жатат.

Разыкуловдун айтымында, Москвадагы “Текстильщики” метросунун алдындагы бир эле кармоочу жайда 150 мигрант кармалып турат. Алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыздар, жыйырмага чукулу гана Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 5 миң рубль айып пул салынып, ишин сотко өткөрүшүүдө.

Тышкы иштер министрлиги 24-июнда таркаткан маалыматка ылайык, Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги аларга укуктук кеп-кеңештерди уюштурууда. 23-июнда элчилик Орусиянын Ички иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунун жетекчиси А.Лагода жана Москва шаары боюнча соттук пристав О.Писакин менен жолугушкан. Аталган борбордо кармалып турган аялдар (25 адам) кармоо шарттары боюнча даттануулары жок экенин билдиришкен.

Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” аттуу рейддин биринчи этабы жүрүп жатат. Экинчи этабы октябрь айына пландалган. Иш-чара март айында ЖККУга мүчө өлкөлөр менен макулдашылганы маалымдалган.

Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташып, 380 киши кармалды

Санкт-Петербург шаарындагы “Лахта-борбор” курулуш аянтчасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, жыйынтыгында 380 киши полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ВЧК-ОГПУ телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, мушташ 3-июнь күнү кечинде “Лахта-борбордун” ашканасында башталып, кийин көчөдө уланган.

Тажикстандык мигранттар “Озоди” радиосуна жөнөткөн видеого ылайык, мушташ маалында тараптар арматуранын бөлүктөрүн, таштарды жана курулуш шаймандарын да колдонушкан.

“Жыйынтыгында бир кыргызстандык ооруканага жеткирилди. 380 киши кармалып, мушташтын төрт ыктымал уюштуруучусу аныкталды”, – деп жазды ВЧК-ОГПУ.

Полициядан алардын төртөө тең Кыргызстандын жарандары экенин, баары камакка алынганын кабарлашты. Кармалган башка мигранттардын тагдыры боюнча маалымат жок.

“Газпромнефть Чыгыш-Европалык долбоорлор” компаниясына таандык “Лахта-борбор” курулуш антчасында миңдеген мигрант, анын ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары иштейт.

19-майда бул аянтчада мигранттардын тобу кармалган. “Озоди” радиосу жарыялаган видеотасмада мигранттарды автобуска салып жаткан полиция кызматкерлери алардын бирин жерге кулатып, колун кайрып жатканы тартылган. Топтолгон мигранттар анын бардык документтери жайында экенин жана полициянын бул аракети мыйзамга каршы келерин айтып, нааразылык билдиргенде гана аны тургузуп, автобуска салып кетишкен.

Россияда 7 миллион рубл уурдаган деген айып менен 2,5 жылга соттолгон КР жараны Айнагүл Борбуева толук акталды

Кечээ, 31-майда Новосибирск облустук соту Айнагүл Борбуеванын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын жаранын сот залынан бошоткон.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Новосибирск шаарында иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Айнагүл Борбуева Новосибирск шаарынын ички иштер кызматкерлери тарабынан РФ Кылмыш кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүгүнө (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук) ылайык кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында РФ жараны В.С. 2021-жылдын 3-ноябрынан 4-ноябрына караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль менен сумкасын унутуп кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу сумканы КР жараны А.Борбуева алып, жумушуна алып барып койгондугу аныкталган.

2022-жылдын апрель айында кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын 27-октябрында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуевага карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлиги менен КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болуп, Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуеванын жакындары жана жактоочулары менен түз байланышта тиешелүү консулдук юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуевага карата бардык соттук отурумдарга катышкан.

Меню