Menu

Эмгек мигранттары

Орус абактарында олтурган 459 кыргыз жараны Кыргызстанга которулуудан баш тартты

Орусиянын абактарында жаткан 459 кыргызстандык Кыргызстанга экстрадиция болуудан баш тартты. Бул тууралуу 24-майда Бишкекте өткөн жыйында Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр Орусиядан Кыргызстандын абактарына 33 жаран которулган.

“Быйыл 1-кварталда 19 жаран которулду. Дагы 38 жаранды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат”, – деди Букалаев.

Ал министрлик чет өлкөлөрдө абакта жаткан 550, анын ичинде Орусияда соттолгон 400дөн ашуун адам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады.

Жыйынга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Башкы прокуратуранын, эл аралык уюмдардын, миграциялык бирикмелердин өкүлдөрү жана жакындары чет өлкөдө абакта жаткан жарандар катышты.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат. Орусиядагы “Вагнер” менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка жалдап келатканы, алардын арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экени белгилүү болгон.

“Азаттык” орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.

Орусияда эмгек мигранттарына каршы күч колдонгон "рейддер" көбөйдү

Санкт-Петербург полициясы шаардагы “Лахта борбордун” курулуш талаасында иштеп жүргөн мигранттардын тобун кармап кетти.

Окуя 19-майда түшкү тыныгуу маалында болгон.

“Тажикстандык жана өзбекстандык мигранттар тамактануу үчүн сыртка чыгышкан. Ошол учурда полиция кызматкерлери келип, 15-20 кишини кармап кетишти. Мигранттардын колу-бутун кайрып, начар мамиле кылышты. Бирок албетте алардын эч кимиси полицияга каршы даттанбайт, баары коркуп турушат. Эгер даттанса депортация болуп же иштен кетип каларын жакшы билишет”, – деди аты-жөнүн айткысы келбеген мигранттардын бири.

“Озоди” радиосу жарыялаган видеотасмада мигранттарды автобуска салып жаткан полиция кызматкерлери алардын бирин жерге кулатып, колун кайрып жатканын көрүүгө болот. Топтолгон мигранттар анын бардык документтери жайында экенин жана полициянын бул аракети мыйзамга каршы келерин айтып, нааразылык билдиргенде гана аны тургузуп, автобуска салып кетишкен.

Орусиянын бийлиги “Газпром” корпорациясына таандык “Лахта борбордо” иштеген мигранттардын кармалышы боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Бул акыркы күндөрү Орусияда мигранттар кармалган алгачкы учур эмес. Буга чейин Екатеринбург шаарында “Мыйзамсыз мигрант” деп аталган рейд жүргүзүлгөнү кабарланган. Шаардык полиция бөлүмүнөн анын максаты – “миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо” экенин билдирген.

Орусияда иштеп жүргөн тажик жарандары да акыркы кездери мигранттардын документтерин текшерүү жана кармап кетүү фактылары көбөйгөнүн билдирүүдө. Алардын бири “Озоди” радиосуна 19-20-май күндөрү Котельники шаарындагы мигранттарды кармап кетүү учуру тартылган видеотасманы жөнөткөн.

Тажикстандык укук коргоочу Мухаммаджон Собиров акыркы күндөрү ага мигранттардын кармалганы боюнча бир нече кайрылуу болгонун билдирди. “Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды кармоо учурлары көбөйдү. Кармоолор 19-майда Тынчтык проспектисинде жайгашкан мечиттеги жума намазынан кийин башталды. Мындай көрүнүштөр башка мечиттерде да болгону кабарланууда. Азыр Орусияда абал оор. Бийлик түрдүү шылтоолор менен мигранттарды кетирип, алардын ордуна өз жарандарын ишке орноштурууга аракет кылып жатат”, – деди укук коргоочу.

Собировдун айтымында, 20-майда мындай “рейддердин” биринде “бардык документтери жайында болгон жана эмгек келишимдери бар” бир нече мигрант кармалган. “Биз эки тажик жаранынын иши боюнча доо арыз бердик. Жыйынтыгында аларды камакка алуу тууралуу төмөнкү баскычтагы соттун чечими жокко чыгарылып, мигранттар кое берилди”, – деди укук коргоочу.

Буга чейин Орусиянын бийлиги 17-майда Москва облусунун Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын “ээн баштыгын” токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон. Алар шаарда “тажик анклавы” түзүлгөнүн жана “жашоо кооптуу болуп калганын” айтышкан.

Өткөн жылы Москва шаарынын өзүнөн эле 400 миңге жакын мигрант өз мекендерине депортацияланганы кабарланган.

ТИМ Орусиянын миграция мыйзамындагы өзгөрүүнү эскертти

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын миграциялык мыйзамдарында маанилүү өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандык жарандар ушул жылдын октябрь айынан тартып Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарга электрондук форматта жөнөтө алат. Ал үчүн “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында” жеке кабинети болушу керек. Андан сырткары электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл.
“Батирдин ижарасы тууралуу келишим түзгөндө жарандар ошол үйдүн ээсининин кошумча макулдугу жок (өзү барып, эе электрондук түрдө) өзү жана жашы жете элек балдары тууралуу ошол келишимде кабар бере алат”, деп жазылган маалыматта.
ТИМ мыйзамдагы мындай өзгөрүүлөр орус тарап менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашып жатканын белгиледи.
Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Эдил Байсалов: "Жакынкы жылдарда биз дагы эле жумушчу күчтү экспорттоого аргасыз болобуз, биз үчүн чет өлкөлөрдө миллиондогон вакансиялар ачык"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тиешелүү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү менен тышкы эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды укуктук жактан колдоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери каралды.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 1,5 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт жана бул көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары эмгек миграциясы Министрлер Кабинетинин ишинин приоритеттүү багыты экенин жана мамлекет чет өлкөлөрдөгү өз жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого бардык күч-аракетин жумшаарын белгиледи.
“Республиканын жетекчилиги Кыргызстандын ичинде жүз миңдеген жумуш орундарын түзүү боюнча күчөтүлгөн тартипте  иш алып барууда. Бирок ошол эле учурда, жакынкы жылдарда биз дагы эле чет өлкөгө жумушчу күчтү экспорттоого аргасыз болобуз. Кеп, биз жаштарыбызды жогорку маяналуу жумуштарга жибергенибиз болуп жатат. Европа менен Азияда, Россияны айтпаганда дагы, биз үчүн миллиондогон вакансиялар ачык, алардын деңгээлине биз дал келебизби мына ошондо. Учурдагы негизги маселе – чет тилдерин, чеберчиликти жана жогорку квалификациялуу кесиптерди окутууну күчөтүү”, – деп жыйынтыктады Эдил Байсалов

ТИМ: Россияда бычактап кетишкен мекендешибиздин абалы жакшырууда

Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарына чыккан “В России подростки изрубили тесаком уроженца Кыргызстана, который заступился за сына” аталышындагы маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси, Саха (Якутия) Республикасынын Мирный шаарындагы “Достук” кыргыз диаспора уюмунун жетекчисинин маалыматына ылайык,  төмөндөгүнү билдирет.
“Достук” кыргыз диаспора уюмунун өкүлдөрү менен  жергиликтүү  ыйгарым укуктуу мекемелердин, анын ичинде тергөө кызматынын жетекчилери менен жолугушуулар жүргүзүлгөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иши Саха (Якутия) Республикасынын баардык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө.
“Достук” уюмунун жетекчисинин айтымында, жабырланган мекендеш А.У. Россия Федерациясынын жараны болуп эсептелет. Азыркы учурда анын ден соолугунун абалы жакшырууда.

Орусияга келген кыргыз мигранттары убактылуу каттоого жардам берүүнү сунуштаган алдамчыларга даттанууда

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар бул өлкөдө убактылуу каттоого турууга жардам берүүнү сунуштаган алдамчыларга даттанууда.

Алардын айтымында, ортомчулар Орусиянын Ички иштер министрлигинин базасына каттатуу үчүн мигранттардан акча алышат. Бирок полиция текшергенде алардын аты-жөнү базадан чыкпай калып, айып пул төлөп же мекенине депортация болуу коркунучуна кептелүүдө.

Мындай ортомчуларга алданып калгандардын бири – Жолболду Султанбек уулу. Орусияга баруу үчүн ал Кыргызстанда $700 насыя алган. Бул каражатты ал Москвага авиабилет алууга, батирге төлөөгө жана документтерин тууралоого короткон. Жолболду жасалма каттоо үчүн алдамчыларга 15 миң рубль ($200) берген. Ал Орусияда үч жыл иштөөнү пландаган, бирок депортация болуу коркунучунан улам кайра Кыргызстанга кайтып келди.

Жолболду сыяктуу ортомчуларга алданып калган мигранттар жүздөп саналат. Укук коргоочулардын белгилешинче, алдамчылар адатта Орусиянын ири шаарларында иштеп, “өз кызматтарын” өлкөгө биринчи жолу келгендерге, орус тилин жана документтерди тууралоо жол-жобосун билбеген мигранттарга сунушташат. Көбүнчө ортомчулар өз кардарлары менен онлайн сүйлөшүп, каттоо үчүн мөөнөтүнө жараша 60 доллардан 250 долларга чейин алышат.

Укук коргоочулар мигранттарды каттоого туруу үчүн ортомчуларга кайрылбоого чакырып келишет. Алардын айтымында, расмий орган бербеген документтердин баары жасалма болуп эсептелет.

Ал арада Кыргызстандын миграция маселеси үчүн жооптуу кызматтары Орусияга жана башка өлкөлөргө иштегени кетип жаткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. Бирок мигранттардын көбү чет өлкөлөргө мындай курстарынан өтпөстөн эле чыгып кетип жатышат.

Бир аптада 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылды

Өткөн аптада 136 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков билдирди.

Ал Сахарово айылындагы убактылуу кармоочу жайында ушундай эле негизде жүздөй кыргызстандык кармалып турганын кошумчалады.
“Буга чейин Сахарово айылындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда кыргызстандыктар узагыраак кармалып жатат деген маалымат чыккан. Биз жума сайын барып, кимдер, эмне себептен кармалганын тактап турабыз. Андай маалымат туура эмес экенин көрдүк. Ал жерде дайыма эле 100дөй Кыргызстандын жараны болот. Кээде азаят, кээде көбөйөт. Биз барып кеткенден кийин же өздөрүнүн пландуу иштериби, кыска убакыттын ичинде убактысы келген 136 адамды өлкөдөн чыгарыптыр. Бул күнүмдүк болуп жаткан жараян. Азыркы учурда дагы жүзгө чукул кыргызстандык ошол жайда жатат”, – деди миграциялык өкүлчүлүктүн жетекчиси.
Акматбеков кыргызстандык мигранттардын арасында Орусияда алты айлап, бир жылдап документтерин толуктабай, каттоого турбай жүргөндөр бар экенин кошумчалады.
Социалдык тармактарда Орусиядан бир жумада эле кеминде 140тай киши депортация болгонун, 60тай жаран Москвадагы кафелердин биринде ооз ачып жаткан учурда кармалганын жазышкан. Акматбеков соңку кармоолор тууралуу маалымат бар экенин белгилеп, алардын саны Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен бирге такталып жатканын айтты.
Соңку жылы Орусияда миграцияга байланыштуу бир катар жаңы талаптар кирди. Бул өлкөгө 2021-жылдын аягына чейин келген чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык кароодон өтүп, бармак изин каттатып, сүрөткө түшүшү керек болгон. Бул үчүн Москвадагы жарандар шаардан 70 чакырым алыстагы Сахароводогу көп функциялуу миграциялык борборго барып, узун кезек күтүшкөнүн айтып нааразы болушкан.
Былтыр аталган борбор аркылуу эки миңден ашуун кыргызстандык Орусиядан чыгарылган.

Москвада өлтүрүлгөн Анвардын апасы кылмыш жасагандарды жазалоону талап кылды

Орусияда бычакталып каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, 26-мартта Жумгалда жерге берилди. Анын жанындагы шериги учурда оор абалда жатат.

Махабат Жанышева уулун бир жыл мурун Орусияга узатып, эми сөөгүн тосуп алды. Он жетиге эми толгон баласынын киши колдуу болгонуна ишенгиси келбей, боздоп отурат.

“Атасы жок өстүргөн баламды жок кылып алдымбы? Ушинтип айрылып каламбы? Акыйкаттык издейм, мен кылмышты жасаган төртөө деп угуп жатам. Төртөөнүн тең жазасын бергиле. Бойго жете элек болчу… Менин жөжөм бизди сыздатып калтырып кетип жатат. Жазасын бергиле…”.

Анвар бир жылдан бери Орусияда иштеген аталаш туугандарынын үйүндө жүргөн. Жумгалдагы аталаш агасы Мирбек Асаналиев инисинин өлүмү жөнүндө буларды айтып берди.

“Ал жакта (ред: Орусияда) 18 чыкмайынча жумушка албайт экен. Окуйм, жумуш чыгып калса иштейм деп жүргөн. Туугандардын үйүндө жардам берип жүргөн. Алар жакында эле балалуу болушкан. 21-мартта үйгө кечки саат 11лерде келген экен. Москвада бир үйдү ижарага алып, өзүнчө-өзүнчө бөлмөлөрдө жашашат эмеспи. Иним бир бөлмөдө үч бала менен турчу. Тууганыбыз саат түнкү бирде алар үйдө уктап жатышкан дейт. Саат үчтөрдө чоочуп ойгонуп кетип караса, үчөө тең жок экен. Алар түнү менен издеп, милицияга дагы барышат. Анан таңга маал кошуна райондон сөөгү табылып жатпайбы. Угушубузча үч кыз чакырган экен. Бир кыз менен алардын бирөө сүйлөшүп жүргөн окшойт. Өлтүргөн балдар кыздарды кое бербей жатат деп чакырышыптыр. Чыр чыгып инимди бөйрөккө сайып, бычакты бурап салыптыр. Экинчисин жүрөк тушка сайыптыр. Үчүнчүсү качып кеткен экен”, – деди Асаналиев.
Мирбек Асаналиевдин айтымында, бычак жеп аман калган 17 жаштагы улан Москвада ооруканада оор абалда жатат. Ал кеп болгон кыргызстандык үч кыз дагы күбө катары суралганын билдирди.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда киши колдуу болгон 17 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 24-мартта билдирүү тараткан. ИИМ кылмышка шектүү катары 20-21 жаштардагы төрт кыргыз жараны кармалганын кабарлады. Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык курал жана бычак табылган.

Милиция адам өлтүрүүгө себеп болгон чыр жөнүндө маалымат берген жок. Бул окуя боюнча Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоду.
Ушу тапта Орусияда 2 миң кыргызстандык түрмөдө жатат. Расмий маалыматка ылайык, 7 миллион калкы бар Кыргызстандын бир миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданды

Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданып, ири өлчөмдөгү насыяларды төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу “Мигрант Медиа” долбоору кабарлады.

Маалыматка караганда, шылуундар мекенине “Золотая корона” тиркемеси менен акча которгон мигранттарга телефон чалып, алардын атынан насыяларды алып алышкан. Ишенимдүү болуш үчүн алдамчылар абоненттин аты-жөнүн, акыркы акча которууларын айтып, СМС менен келе турган кодду айтууну өтүнүшкөн.

“Алгач 100 миң рубль болчу, азыр пайыздарын кошкондо 249 миңге чыгып кетти”, – деди жабырлануучулардын бири.

“Мен телефонго келген кодду айтып бергенден кийин алар “Золотая коронанын” кызматкерлери кайра чаларын билдирип, тиркемеге кирбей турушубузду эскертишкен. Алгач картамдан 30 миң рубль алышкан, азыр пайыздары менен 50 миң карыз болуп калдым”, – деди Бакыт аттуу дагы бир мигрант.

“Эң кызыгы, шылуундарда менин жеке маалыматтарым болгон. Алар мен качан, каякка жана канча акча которгонумду билишкен. Мен кодду айткандан кийин 50 миң рублдик насыя төлөшүм керек болуп калды”, – деди Максуда деген мигрант.

Мындай жол менен алдангандар жүздөп саналат. Шылуундар айрымдарынын атынан 10 миң, башкаларыныкынан 200 миң рубль насыя алышкан. Жабырлануучулардын айтымында, насыяга берилген сумма алгач алардын эсебине түшүп, кийин жоголуп кетип турган.

“Менин Кыргызстанда да насыям бар болчу. Орусияга ошону төлөйүн деп келгем. Эми бул жакта да насыя төлөшүм керек болуп калды. Кантип төлөйм билбейм”, – деди Жанарбү аттуу мигрант.

“Золотая коронанын” колдонуучуларынын жеке маалыматтары кантип шылуундардын колунда болуп калганын азыр полиция иликтеп жатат. Сервистин атынан насыя берген “Страна экспресс” микрокредиттик компаниясы ички иликтөө жүргүзгөнүн, жеке маалыматтар үчүнчү тараптын колуна тийгени аныкталбаганын билдиришти.

Москва полициясы алдамчылык фактылары боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө “Золотая корона” колдонуучуларынын жеке маалыматтарын эрежеге ылайык сактабаганы аныкталып, сот аны ырастаса, мигранттарга берилген насыялар жокко чыгарылышы керек. Болбосо мигранттар пайыздары күн сайын өсүп жаткан башка бирөөлөрдүн насыясын төлөөгө аргасыз болушат.

ТИМ: Новосибирскидеги газдын жарылуусунан жаракат алган кыргыз жараны ооруканада кайтыш болду

Башкы консулдук мурда маалымдгандай, 2023-жылдын 9-февралында Новосибирск шаарында көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан улам Кыргыз Республикасынын жараны А.К.нын бел омурткасы сынып, Новосибирск  шаарындагы Я.Л.Цивян атындагы травматология жана ортопедия институтунда (НИИТО) жаткырылып,  омурткасына операция жасалган.
Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков жана Башкы консулдуктун кызматкерлери жабырлануучу А.К.га бир нече жолу барышып, НИИТОнун жетекчилиги менен жабырлануучунун ден соолугунун абалы жана анын кийинки реабилитациясы боюнча жолугушууларды өткөрүшкөн. Жарылуунун натыйжасында документтери жоголгондугуна байланыштуу КР Башкы консулдугунун кызматкерлери травматология ооруканасына барып, КР жараны А.К.нын паспортун жасап берүү үчүн  биометрикалык маалыматтарын кабыл алышкан.
2023-жылдын 21-февралында жабыркаган Кыргыз Республикасынын жараны А.К. реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн Бердск шаарындагы ОРТОС реабилитациялык борборуна которулган. Бирок, 2023-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын жараны А.К. реабилитациялык борбордон тромбоэмболия диагнозу менен Бердск шаардык борбордук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны А.К. Бердск шаардык борбордук ооруканасында көз жумган.
Каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмүнүн чоо-жайын тактоо жана жакындарына консулдук юридикалык жардам көрсөтүү үчүн 2023-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери Бердск шаарына жөнөтүлүп, алар Бердск шаардык борбордук ооруканасынын реаниматологу жана Бердск борбордук шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
А.К.нын сөөгүн алып чыгуу үчүн Бердск шаардык борбордук ооруканасында тиешелүү документтерди даярдоодо, ошондой эле кыргыз диаспорасы менен биргеликте «жүк-200» Кыргыз Республикасына жөнөтүүдө  А.К.нын жубайына жана туугандарына Башкы консулдук тараптан ыкчам жардамдар  көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары,  КР Башкы консулдугуна маркумдун жубайынан чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку жөлөкпул алуу боюнча арызы кабыл алынып, каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын жашы жете элек эки баласына  Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүктөрү берилди.
2023-жылдын 25-февралында каза болгон Кыргыз Республикасынын жараны А.К.нын сөөгү Новосибирск шаарынан  Ош шаарына Сибирь  (S7)  авиакомпаниясынын  рейси менен жөнөтүлгөн.

Меню