Menu

Баткен облусу

“Баткенге жардам” атайын эсебинен 327 млн сомдой каражат сарпталды

Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган “Баткенге жардам” атайын эсебине 2022-жылдын 16-сентябрынан 2023-жылдын 15-августуна чейин 354 млн 348 миң сомдой акча топтолгон.

Анын 327 млн сомго жакыны сарпталганын облустук бийликтен кабарлашты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка ылайык, атайын эсептен өрттөлгөн 437 үй ээлерине жана капиталдык ремонтко муктаж 241 турак жай ээлерине 200 миң сомдон акча каражаты төлөнгөн. Курулушу аяктап пайдаланууга берилген 411 үй ээсине дагы 100 миң сомдон берилген.

Окуяда жол кырсыгынан каза болгон 12 жаранга 3 млн 960 миң сом, жабыркаган 22 жарандын дарылануусуна 935 миң сом бөлүнгөн. Лейлек районунун Кулунду базарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында 2 млн сом берилген. Жабыр тарткан жарандардын балдарына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында 58 миң 780 сом бөлүп берилди.

Өрттөлгөн, уурдалган мал жандыктарынын жана автотранспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 599 жаранга 122 млн 280 миң 230 сом акчалай компенсация төлөп берилди. Баткен районунун Достук айылындагы күнөскананы калыбына келтирүүгө 764 миң 594 сом бөлүнгөн. Мындан сырткары 4 млн 600 миң сомдон ашык каражаты калыбына келтирүү иштеринде күйүүчү майга, унаа каттамын уюштурууга, жабыркаган жарандардын балдарын эс алууга жиберүүгө, эвакуация болгон жарандардын азык түлүгүнө, муктаждыктарына жумшалган.

15-августка карата атайын эсепте 27 млн 602миң 632 сом калган.

Өткөн жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылыш болгон. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялаган.

Жаңжалда Баткен облусунан 661 турак жай жабыркап, 417си кайрдан курулду. Мындан сырткары, 300дөн ашуун мал-жандык уурдалып, 88 автоунаа өрттөлгөн. Социалдык жана административдик объектилер, көпүрө талкаланган. Министрлер кабинетинин төргасы жалпы чыгым 8 млрд сомдон ашаарын маалымдаган. Ошол кезде Баткенге жардам берүү максатында атайын эсеп ачылган эле.

Баткен облусунун чек ара райондорунда кийин сатып алуу механизми боюнча ижарага берилүүчү турак жайлардын курулушу башталат

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна уставдык капиталдын каражаттарынан 200 млн сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушун инвестициялоого жумшоо сунушталды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 14-беренелерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Буга катар Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага берүүнүн шарттары бекитилди.

Кабыл алынган чечимде Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешине турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж болгон калктуу конуштарды аныктоосу жана кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага алууга талапкер Баткен облусунун чек ара районунун тургундарынын тизмесин бекитүүсү тапшырылды.

Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат

Мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Бул чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга багытталган.

Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу маданият жана спорт объекттерин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү чечими кабыл алынды.

Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте башка күч органдары менен бирге чек ара аймагындагы абалды көзөмөлдөшүүдө

Баткен ОИИБнын жана Согди ОИИБнын кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен
кайгуул иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле, Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында,
күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушуну менен эле бирге Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.
Учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.
Окуя болгон жерде кечээ күндөн бери Баткен ОИИБы жетекчиси милициянын полковниги Мурат Боронов жергиликтүү ИИО кызматкерлери менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын көзөмөлдөөдө.

USAID колдоосу менен Баткен облусунда эң чоң кийим тигүү фабрикасы иштеп жатат

Баткен облусу – 2021-жылдын 28-сентябрында Cool Bros компаниясы Кызыл-Кыядагы фабриканын ийгиликтүү биринчи жылын майрамдоону уюштурган. Кыргызстандын түштүгүндөгү эң ири тигүү фабрикаларынын бири АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен 2020-жылы иштеп баштаган. USAID өзүнүн “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында заманбап тигүү жабдууларына 214 миң АКШ долларын бөлүп берсе, Cool Bros компаниясы оңдоо жана башка капиталдык чыгымдарга 260 миң АКШ долларын инвестициялаган.

500дөн ашык адам иштеген фабрика Баткен облусундагы эң ири жумуш берүүчү ишканалардан болуп калды. Жумушчулардын көбү жергиликтүү аялдар жана жаштар. Жакынкы келечекте, фабрика эки нөөмөттүк ишке өтүп, жумушчулардын санын эки эсе көбөйүшү күтүлүүдө. 

“Быйыл биз Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ушул өткөн жылдар бою экономиканы өнүктүрүү жана кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүү – биздин башкы приоритет болуп келет.”, – деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кит Симмонс. “Ал эми биздин жардам Баткен облусун өнүктүрүүгө салым кошуп жатканынына биз өзгөчө кубанычтабыз. Баарыбыз билгендей эле, бул областтын өнүгүшү азыр Кыргыз Республикасынын өкмөтү үчүн өзгөчө маанилүү”.

Фабрика айына 500 миң бирдикке чейин кийимди өндүрө алат. Өндүрүмдүн сапаты эл аралык стандарттарга жооп бергендиктен, Cool Bros компаниясы экспорттоого чоң тапшырыктарды аткара алат. Компания өндүрүмдү учурда коңшу өлкөлөргө экспорттоодо жана европалык кардарлар менен келишим түзүүнү көздөп жатат.

“Биздин кызматкерлер негизинен Кызыл-Кыя шаарынын жана жакынкы шаарлардын тургундары: Ноокат, Кадамжай жана Айдаркен. Биз транспорт кызматтарын уюштуруу жана күнүнө эки маал тамак берүү менен кызматкерлерибизге жакшы эмгек шарттарын түзүп беребиз”, – дейт Кызыл-Кыядагы шаарындагы Cool Bros фабрикасынын директору Улукбек Кожоев.

Салтанатту аземге катышкан Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бул ишкананын иштеши иш орундары көбөйүп, миграциянын азайышына көмөк болушун белгилеп кетти. “Баткен облусунун экономикалык жаатында колдоо көрсөтүп жатканыңыздарга мен өтө кубанычтамын. Мен мындан ары да USAID жана Кыргыз Республикасы биргелешип, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө кызматташат деп ишенем”,- деди Абдикарим Алимбаев.

Cool Bros компаниясы – 14 жылдан ашуун тажрыйбасы бар өлкөдөгү эң ири кийимдерди өндүрүүчүлөрдүн бири. Компания токулган кийимдердин кеңири ассортиментин, анын ичинде ички жана эл аралык рынок үчүн балдар, эркектер жана аялдар кийимдерин өндүрөт.

Маалымат иретинде: USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоору текстиль, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, финансы жана башка чөйрөлөрдөгү чакан жана орто ишканалардын өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет. Долбоордун негизги максаты, ишканаларды кеңейтүү аркылуу Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү. Программа буга чейин жалпы өлкө боюнча 90дон ашык ишкананы колдогон.

Меню