Menu

Уурулар

Караколдо түнкү саат 03:00 чамасында мечиттин садака салуучу кутучасынан 3000 сом уурдап кетишкен 3 жигит кармалды

3-февраль күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркалуу билдирүү түшүп, анда түнкү саат 03:00 чамасында, Каракол шаарынын  Ибрагим  Ажы  атындагы  борбордук мечитинин садака салуучу кутучасынын ичинен 3000 сом акча каражатын белгисиз  азия улутундагы 18-20 жаштагы 3 жигит уурдап кеткендиги билдирген. 

Аталган билдирүү Каракол ШИИБдин КБРне катталып, КРнын кылмыш жаза Кодексинин 205 (Урдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышкерлерди кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  тез аранын ичинде  шектүүлөр колго түшүрүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алар, Каракол шаарынын тургундары 2001 ж.т. А.А., Т.К. жана 2002 ж.т. Т.Т. болуп чыккан.   

Алгач суракта, шектүүлөр күнөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, келтирлген чыгымдын ордун толугу менен толуктап беришкен.

Сокулуктагы мечиттин ичинде кайрымдуулук үчүн чогултулган акчаны кутучасы менен кошо уурдап кеткен ууру кармалды

24-октябрда Сокулук РИИБке Н.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, арызында саат танкы 05.50 убакытта белгисиз адам Сокулук айылынын Ошская көчөсүндө жайгашкан мечетке кирип, кайрымдуулукка акча чогултуучу кутучаны акчасы менен, видеобайкоо камерасынын мониторун жана кийимдер салынган сумканы уурдап кеткенин билдирип чара көрүүнү суранган. Бул тууралу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.
Аталган факт Сокулук РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Кылмыштын бети ачылбай келген.
25-октябрь күнү Сокулук РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1997 жылы туулган С.Е. аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары  жүргүзүлүүдө.

Токмок шаарындагы мал базарда карыянын 120.000 сом акчасын уурдаган жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында белгисиз жарандар тарабынан Токмок шаарындагы мал базарында карыянын баласынын ашына мал алуу үчүн алып келген 120 000 сом акчасы уурдалганы жана кайрымдуу боорукер кыргыз жигиттери, ошол жерден акча чогултуп карыяга беришкен видеотасма тарап кеткен. Бул тууралу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирет.
Социалдык тармактарга тараган окуя боюнча 2022-жылдын 16-октябрында Токмок ШИИБдин ЭМКЖна катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүү убагында акчасын уурдаткан карыянын өздүгү аныкталып ал, 1943-жылы туулган К.М. аттуу жаран болуп чыккан.
2022-жылдын 17 октябрында Чүй ОИИББдин жетекчилиги жана Токмок ШИИБдин жетекчилиги акчасын уурдаткан карыянын үйүнө барып сүйлөшүү иштери жүргүзүлгөн.
Сүйлөшүүнүн натыйжасында 1943-жылы туулган К.М. аттуу карыя арыз менен кайрылып, ал арызында 2022-жылдын 16-октябрында болжол менен саат 9.00 чамасында Токмок шаарындагы мал базарында курткасынын төш чөнтөгүнөн белгисиз адамдар 120 000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, аларга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Токмок ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүн ИИМдин жетекчилиги өзгөчө көзөмөлүнө алган.
Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Токмок ШИИБдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин натыйжасында кылмыш жасаган адам аныкталып, ал 1983-жылы туулган Г.У. аттуу Токмок шаарынын тургуну экендиги аныкталды.
1983-жылы туулган Г.У. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Токмок ШИИБнүн убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүү болгон Г.У. келтирилген 120 000 сом акчаны толук төлөп берди.
Тергөө уланып жатат.

Баш мээге оор операция жасатуу үчүн кайрымдуулуктан чогултулган 500.000 сом акчаны уурдап кеткендер кармалды

Сузак районунун 1981-жылы туулган тургуну А.Б. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 25-май күнү үйүнө белгисиз кылмышкерлер эшигин бузуп киришип, жабырлануучунун жубайы 1986-ж.т. А.Н. баш мээсинде кан тамыры жарылып оор операция жасоо үчүн коомчулук тарабынан жардам катары кайрымдуулуктан чогултулган жалпы суммасы 500 000 сомдон ашуун акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

Ал эми, ошол эле райондун 1974-ж.т. тургуну А.Г. милицияга арызданып,  2022-жылдын 09-июнь күнү белгисиз кылмышкерлер үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып эшигин бузуп кирип, бөлмөлорүн чачып, бирок баалуу буюм жок болгондуктан эч нерсе албай окуя болгон жерден иизин жашырып качып кетишкендигин билдирген.

Ошондой эле 2022-жылдын 18-июнь күнү Сузак районунун 1971-ж.т. тургуну Г.А. арызы менен кайрылган, анда 2022-жылдын 8-июнь күнү саат 9:45 тен 12:00 го чейинки аралыкта үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып, белгисиз кылмышкерлер базар баасы 30 000 (отуз мин) сомдук күмүш зергер буюмдарымды алып үйүмдү тытып кетишиптир деп билдирген.

Жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча Сузак РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын  КЖКнин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары башталган.

Аталган кылмыштардын бетин ачып, уурулукту токтотуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүң опер кызматкерлери менен биргеликте, болуп жаткан батир уурлук кылмыш иштери боюнча алынган маалыматтардын, ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 2022-жылдын 19-июнь күнү Сузак районунун 39 жаштагы тургуну тургуну Н.А. Ош шаарында иизин жашырып жүргөн жеринен кармалган.

Ал эми анын кылмыштуу шериги Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну И.Х. Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн ижарага убактылуу батир алып жашынып жаткан жеринен кармалып, жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү далил буюмдар алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, уурулукка шектүүлөр Н.А. жана И.Х.нын баш коргоо чаралары райондук тергөө соту тарабынан каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

Уурулуктан жабыр тарткан атуулдарга чыгымдар жарым жартылай кайтарылып берилип, алар өз учурунда милицияга ыраазычылыктарын айтышып, иштерине ийгилик каалап өтүштү.

Азыркы күндө батир уурулук фактылары боюнча ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары улантылууда.

Токмок шаарында бирөөнүн үйүнө уурулукка кирип, 350 миң сомун жана алтын буюмдарын уурдап кеткен жаран кармалды

2021-дылдын декабрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына жергиликтүү, 1961-жылы туулган К.Л. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 14-декабрь күнү эртемененки саат 8:00 дөн кечки саат 18:00 гө чейинки убакыт аралыгында анын үйүнүн тересин сындырып белгисиз бирөө кирип, 350 миң сом акчасын жана 15 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаардык ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган А.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Токмокто “Вепрь-КМ” мылтыгын жана 200 даана огун уурдагандар кармалды

29-май күнү Токмок шаарынын ИИБнө жергиликтүү 40 жаштагы жашоочу Б.О. арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, “Вепрь-КМ” үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгын жана 7,62х39мм калибрдеги 200 даана огун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сото чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда, үй ээси үйүндө жок учурунда белгисиз бирөөлөр терезеси аркылуу киришип, үйүндөгү сейфти ачышып, ал жерде сакталып турган ок атуучу куралды жана ок дарыларды уурдап кетишкени малым болгон.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарбынн жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы уурулукка шектелишип, 26 жаштагы Ж.И., 24 жаштагы М.М. жана Ж.Н. аттуу жарандар кармалышкан. Шектүүлөрдүн экөөсү буга чейин уурулук боюнча сот жообуна тартылганы териштирүү учурунда маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кылмышка шектүү жарандардын дагы Токмок шаарында 8 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги маалым болгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню