Menu

Уурулук

Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды

10-июнь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө, белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1987-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кайрылгын. Ал үстүбүздөгү жылдын 9-июнь күнү кечинде Таш-Мойнок айылындагы үйүнөн жалпы суммасы 67 000 сомдук курулуш материалдарын уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип,  буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш үчүн соттолгон, Өзгөн районунун пробация кызматында каттоодо турган 1999-жылы туулган М.А.атту жаран кармалган.
Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран Арашан айылынын аймагында да бир катар уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталып, кылмыш жасаган учурда видео байкоо камерасына түшүп калганы такталган.
Учурда кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кадамжайда үйлөргө кирип, уурулук кылып жүргөн Таластын тургуну кармалды

Кадамжай районунун тургуну Ш.Т. өзү жашаган үйүнөн 7-февраль күнү белгисиз адамдар 3 алтын шакегин уурдатканын билдирип, милиция  арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган. Уч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында Талас облусунун Кара-Буура районунун 30 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалып,  убактылуу кармоочу  жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Токмокто бирөөнүн автоунаасынын айнегин сындырып, 8000 сом акчасын уурдап кеткен жаш жигит кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрь күнү Токмок шаарынын ИИБнө 1993-жылы туулган И.И. арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаасынын терезесин белгисиз бирөө
сындырып, автоунаадан 8000 сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаардык ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган У.Е. аттуу жаран кармалган.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Токмок шаарында бирөөнүн үйүнө уурулукка кирип, 350 миң сомун жана алтын буюмдарын уурдап кеткен жаран кармалды

2021-дылдын декабрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына жергиликтүү, 1961-жылы туулган К.Л. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 14-декабрь күнү эртемененки саат 8:00 дөн кечки саат 18:00 гө чейинки убакыт аралыгында анын үйүнүн тересин сындырып белгисиз бирөө кирип, 350 миң сом акчасын жана 15 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаардык ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган А.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Сокулук районунда дүкөндөрдү тоногон өспүрүм балдар кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында Сокулук районундагы дүкөндөрдөн азык-түлүктөр жана 60 миң сомдон ашуун акча каражаттар уурдалган. Ал боюнча жабырлануучулар Сокулук РИИБнө арыз менен кайрылган.
Аталган фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюча катталып, сотко чейинки  өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда
дүкөндөн азык-түлүк жана акча уурдоого байланыштуу үч жарандын арызы катталган.
Сотко чеийнки өндүрүш иштеринин алкагында Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминадык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралары учурунда жогорудагы кылмыштарга шектелип, 17
жаштагы К.И. жана 14 жаштагы К.А. аттуу балдар кармалышып, ИИОнун имаратына жеткирилишкен.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Жалал-Абадда түн ичинде батирлерди уурдап жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 4 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 2021-жылдын 20-28-июнь күндөрүнүн аралыгында үйлөрүнө түнкү убакыттарда белгисиз кылмышкерлер киришип, акча жана телефондорун уурдап кетишкендиктерин билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 400 000 (төрт жүз миң) сомдон ашуун материалдык чыгымга учурашкандыктарын белгилешкен.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө тапшырмасы берилген. Анын негизинде ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Сузак районунун 2001-ж.т. тургуну Б.М. Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Жайыл районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалышты

2021-жылдын 21-февраль күнү Жайыл РИИБнө Новониколаевка айылынын 54 жаштагы тургуну Ж.Т. арыз менен кайрылып, 20-февралдан 21-февралга караган түнү эки баш бодо малын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилгени матетиалдык чыгым 70 миң сомду түзгөн.
Ушундай эле арыз менен Алексеевка айылынын жашоочусу Т.Н. аттуу жаран Жайыл РИИБнө кайрылып, 7-майдан 8-майга караган түнү жана 21-майдан 22-майга түнү анын сарайынан эки баш музоосун белгисз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 60 миң сомду түзгөн.
Жогорудагы фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 23 жаштагы С.Ж. жана 21 жаштагы А.С. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, алардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню