Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрь күнү Токмок шаарынын ИИБнө 1993-жылы туулган И.И. арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаасынын терезесин белгисиз бирөө
сындырып, автоунаадан 8000 сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаардык ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган У.Е. аттуу жаран кармалган.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ