Menu

Чикаго

ТИМ: Чикаголук кыргыздарга президент Жапаров 2 хан боз үй белек кылды

2023-жылдын 30-августунда Чикагодо кыргыздын эки хан боз үйүн «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул керемет боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн жана колдоонун белгиси катары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан белекке берилди.

Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу кыргыз диаспорасынын координаторлор, активисттер жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун куттуктоо катын окуп, анда жашаган жерине карабастан кыргыздын каада-салтын жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

АКШда жашаган мекендештер Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.

Боз үйлөр кыргыз маданиятынын жана каада-салттарынын символу катары “бакубат жашоонун” маанилүү элементи болуп, Америка Кошмо Штаттардагы кыргыз маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга көмөктөшө турган маданий иш-чараларды, жолугушууларды, билим берүү программаларын өткөрүү үчүн пайдаланылат.

Чикаголук кыргыздар «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурушту

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз коомчулук борбору «Kyrgyz Community Center» менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурду.

Бул флешмоб манас эпостун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар-түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолду.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү болуп бекитилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Кыргызстанда «Эне тил күнүнө карата бир айлык» жарыяланган.

АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу ачылды

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШда Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгы менен АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу (мындан ары – Башкы консулдук) түзүлгөн.

Зарыл ченемдик-укуктук базаны түзүүгө багытталган тиешелүү иштер, ошондой эле башка уюштуруу маселелери аяктады.

Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштады:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

Ишеним телефону: 312 929 3442

Email: [email protected]

Башкы консулдуктан жөө аралыкта метро станциялары, аялдамалар, ошондой эле бир нече унаа токтотуучу жайлар жайгашкан.

Башкы консулдуктун консулдук округуна АКШнын төмөнкү 31 штаты кирет: Айдахо, Айова, Аризона, Арканзас, Вайоминг, Вашингтон, Висконсин, Гавайи, Иллинойс, Индиана, Калифорния, Канзас, Кентукки, Колорадо, Луизиана, Миннесота, Миссисипи, Миссури, Мичиган, Монтана, Небраска, Невада, Нью-Мексико, Огайо, Оклахома, Орегон, Түндүк Дакота, Теннесси, Техас, Түштүк Дакота, Юта.

АКШда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандарды кабыл алуу иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) күн сайын саат 09.00дөн 12.30га чейин жана 13.30дан 15.00гө чейин жүргүзүлөт.

Даяр документтерди берүү күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 15.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт.

Меню