Menu

Ысык-Көл

Ысык-Көл районунун милициясы чет элдик жарандар менен алдын алуу иш-чараларын өткөрүшүүдө

Ысык-Көл РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеткөрүү кызматынын кызматкерлери Кыргызстан аркылуу транзит менен Бириккен Араб Эмиратына жана Сауд Аравиясына жумушка чыгып жатышкан чет мамлекеттик, анын ичинде Пакистандын жарандары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Иш чаранын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону эскертишти. Мындан тышкары, тартип сакчылары аларды мейманканалардан же пансионаттардан муктаждыксыз чыкпоого чакырышты, ошондой эле санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди, сууга түшүүдөгү коопсуздук чараларын сактоону сунушташты.

Ошондой эле, кандайдыр бир суроолор, же болбосо маселелер жаралса, Ысык-Көл ОИИБнин туристтик милициясынын Call-борборуна 0705009102 телефон номери аркылуу кайрылып, керектүү маалыматтарды англис же орус тилдеринде алганга мүмкүнчүлүк бар экендигин маалымдашты.

Паспортун жоготуп алган Словения мамлекетинин жаранына милициянын кызматкерлери жардам көрсөтүштү

Ысык-Көл облустук  ички иштер башкармалыгынын туристтик милициясынын call-борборуна Словения мамлекетинин жараны кайрылып, Ысык-Көл облусунун аймагында саякатта жүрүп, анын кайсыл жеринде өзүнүн паспортун жоготуп алганын билдирген.
Чет мамлекеттик туристтин кайрылуусун кабыл алган милиция кызматкерлери аны менен жолугушуп, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө коштоп келишкен. Милиция бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
негизинде түшүнүк алынып, ага паспортун жоготуп алгандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылып берилди. Андан тышкары, паспортун калыбына келтирүү боюнча юридикалык жардам дагы көрсөтүлдү.
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынан билдиргендей, туристтерге кызматтарды сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү максатында, алардын базасында call-борбор уюштурулуп, анда чет элдик турист же эс алуучу
0705009102 номерине чалып, англис же орус тилдеринде коопсуз эс алуу, же болбосо аймакты жакшы билишпесе, ал жерге кандай багыт алуу боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алышат. Жайкы туристтик мезгилде,
башкача айтканда июнь айынан башынан аталган борборго алыскы чет мамлекеттерден келген туристтерден 30га жакын кайрылуулар келип түшкөн.
Негизинен, чет мамлекеттик туристтерден, аларды кызыктырган аймакка жетүүнүн багыттарын, аларга керектүү болгон буюмдарды кайсыл жерден сатып алууга, буюмдарды жоготуу, ошондой эле каттоо маселелери боюнча
суроолор келип түшкөн. Бардык кайрылуулар боюнча Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынын кызматкерлери тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлүп, чет мамлекеттик жарандардын кайрылуулары чечилди.

Видео - Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Баткенден келген балдар менен кезигишти

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана туристтик милициянын кызматкерлери «Кырчын» жана «Барчын» балдар лагерлеринде болушуп, 28-30-апрель күндөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун балдары менен кезигишти.
Балдардын эң белгилүү фольклордук ырларынын бири болгон “Ай чыкты карачы” ырын, жолугушуунун катышуучулары балдар лагеринин сахнасында ырдашып, булутсуз балалык сезимин, аларга болгон тилектештигин жана балдар Кыргызстандын сыймыгы экендигин даңазалашты. Ал эми туристтик милициянын кызматкерлери балдарды келечекте укук коргоо органдарында иштөөгө кызыктыруу максатында, өздөрүнүн кызматы жөнүндө айтып беришти.
«Бул акция менен биз жаш муундарды тарбиялоодо чоңдордун маанисин баса белгилегибиз келет. Ал эми ыр адамдар үчүн эӊ бир чоӊ мотивация болуп саналат, бул жашоодон ырахат алууга, жакшы маанайда болууга жана башкаларга жылмаюу тартуулоого жардам берет», – деп белгиледи Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.
Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери балдарга жайкы каникул учурунда негизги коопсуздук эрежелерин эскертип, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча сунуштарын беришти. Коштошуп жатып, балдар жайкы каникул күндөрү эч кандай окуясыз өтүшү үчүн, формачан келген меймандарга бардык коопсуздук эрежелерин сактоолору боюнча убадаларын беришти.

Ысык-Көлдө ветеринарлар текшерилбеген үй жаныбарларын сатууга уруксат беришкен

Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан малдарда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана четтетүү боюнча ветеринардык адистер тарабынан ветеринардык-санитардык эрежелерди тийиштүү талапта аткарбагандыгы боюнча тергөө амалдарын  жүргүзүүдө.

Алып айтсак,  24-апрелде Түп РИИБне Талды-Суу айылынын 46-жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында, 28-март күнү Каракол шаарынын мал базарынан О.Б. атуу жарандан, тийиштүү ветеринардык тактамасы менен 64 миӊ сомго уй сатып алгандыгын, үйүнө алып келип, дагы бир жолу ветеринардык текшерүүдөн өткөргөндө, сатып алган малы бруцеллёз илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун көрсөткөн.

Аталган факты райондук милициянын КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жеке ветеринардык практиканы жүзүүгө ашырып келген Жети-Өгүз районунун 62 жаштагы тургуну Б.М., Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамынын жана Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун» талаптарын эске албастан, мөөнөтү өтүп кеткен күбөлүктүн негизинде, жаӊы ветеринардык күбөлүктү бруцеллез илдетине чалдыккан уйга жазып берүү менен, аны Каракол шаарындагы мал базарынан колдон колго сатылып кетүүгө шарт түзгөндүгү аныкталган.

Жеке ветеринардык практика менен алектенген адамдын кыймыл аракетинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 156 берененин 1 бөлүгү (Ветеринардык эрежелерди бузуу) менен көрсөтүлгөн талаптары бузулгандыктан, чогулган материалдар Жети-Өгүз райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына чара көрүүгө жиберилген.

Ушундай эле арыз менен Түп районунун Шаты айылынын 67-жаштагы тургуну кайрылып, 9-май күнү Каракол шаарындагы мал базарынан сатып алган бодо малы, кийинчерек «Цестодоз тобундагы гемильтозом» илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун арызында көрсөткөн.

Аталган факты да Түп РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жугуштуу илдетине чалдыккан бодо малга ветеринардык күбөлүктү, Тоӊ райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын ветеринар – дарыгери, 27 жаштагы К.Ы. бергендиги аныкталган.

Учурда, жаныбарда жугуштуу илдетинин качан пайда болушун аныктоо максатында, Ысык-Көл областтык ветеринардык диагностика борборунда тийиштүү изилдөө жүргүзүлүп келүүдө. Анын жыйынтыгы менен тергөө-процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы, ветеринария жаатындагы мыйзамдардын талаптарын мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жоопту кызматкерлер жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаса жана адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч түзгөн жагдайларды жашырса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилике тартатыларын эскертет.

Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарттары текшерилүүдө

Жайкы мезгилде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Укук тартип профилактикалык иш чарасы киргизилип, анын алкагында мигрант балдардын жашоо шарттары текшерилүүдө.

Иш чаранын жүрүшүндө облустун жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирдикте мигранттардын балдарынын жашоо шарттары менен жакындан таанышышып, ошондой эле маалымат базасын толуктоо максатында, аймакта бул багытта мониторинг иштерин дагы жүргүзүүдө.

Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Табалдиевдин айтымында, мындай иш чаралар өз маалы менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Алып айтсак, үстүбүздөгү жылдын 5 айында облустун аймагында мигранттардын балдары жашаган 13 миӊден ашык үйлөр текшерилип чыккан. Ушундай иш чаранын жүрүшүндө 7668 мигранттардын балдары аныкталган, анын ичинен 2890 ички жана 4778 тышкы мигранттардын балдары болуп эсептелинет. КМШ мамлекеттерине жана алыскы өлкөлөргө чыгып кеткен ата-энелердин саны 3876 адамды түзгөн.

«Мурда такталган тизмелердин негизинде, иш чаранын учурунда биздин жана социалдык кызматкерлер мигранттардын балдары жашаган үйлөр кылдаттык менен текшерилүүдө. Алардын жашоо шарттарын текшерип, жайкы каникул учурунда балдар кайсыл жерлерде болорун тактап жатабыз. Алыскы туугандарына жана тааныштарына калтырып кеткен балдар да жок эмес. Мындай үй-бүлөөлөр менен мыйзамдын негизинде камкорчулукту толтуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», деп белгиледи ал.

Меню