Menu

COVID-19

COVID-19: Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылууда

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, кошумча эмдөө түйүндөрү медициналык мекемелерден тышкаркы жайларда ачылат.

Маалыматка караганда, “Космопарк”, “Таш-Рабат”, “Балдар дүйнөсү”, “Чынар” соода оюн-зоок жайларында жана “Семетей” мектебинде жалпысынан 9 эмдөө түйүнү уюштурулат.

Мындан тышкары борбор калаада 118 ыкчам кеңеш берүү кызматынын саны көбөйтүлөт. Учурда шаардагы төрт медициналык мекемеде 12 линия иштеп жаткан болсо, жакынкы күндөрү 20га жеткирилерин шаардык саламаттык сактоо департаменти маалымдады.

3-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1401 адамдан табылды. Анын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Башкалаада 907 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Пандемия башталган бир жыл аралыгында өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 130 633 адам болду. Оорудан жалпысынан 112 644 адам сакайып, 2037 киши көз жумду.

1-июлга карата Кыргызстанда коронавируска каршы 112 миңден ашык киши эмделди. Эмдөө өнөктүгү кытай препаратынан тышкары Орусиянын “Спутник V” вакцинасы менен да жүрүп жатат.

Өнөктүк Орусиянын “Спутник V” жана Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен 29-мартта башталган.

Эми "Манас" аэропортунан ПЧР тестти күнү-түнү тапшырса болот

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЧР тест тапшырган лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19га анализди ПЧР тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесинин мүчөлүгүнө кирген.

“Манас” эл аралык аэропорту эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЧР-тест тапшырам десе, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экенин эскертет.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөн үч күн ичинде ПЧР тест тапшырган гана адамдар киргизилерин билдирген.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттери ПЧР тест тапшырбаган жарандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган.

Беловодскидеги психоневрологиялык социалдык балдар мекемеси COVID 19 табылгандыгына байланыштуу карантинге жабылды

Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде (БДПНССУ), 9-топтун тарбиялоочусунан COVID 19 табылгандыгына байланыштуу, санитардык көзөмөл пункту күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө мекеме карантинге жабылды. Бул тууралу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бардык кызматкерлердин жана кызмат алуучулардын температурасы дайыма өлчөнүп турууда. Персоналдын беткаптарды, ошондой эле медициналык кызматкерлердин ЖПТ кийишине катуу көзөмөл жүргүзүүлүдө.

COVID 19 жуктуруп алган тарбиячынын 9 тобу толугу менен обочолонуп турат. Топтун бардык кирүү жана чыгуу жолдору тосулган. Дарыгерлер тарбиячы  менен байланышта болгон баардык кызмат алуучуларды текшерүүдөн өткөрүштү. Медицина кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Оң ПТР менен кызматтарды алуучулардын абалы бүгүнкү күндө туруктуу, дарылоо клиникалык протоколго ылайык жүргүзүлүп жатат. Алар Москва районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басарынын көзөмөлүндө.

Азыркы учурда, бир жумага жеткидей даары-дармектер менен жабдуулар бар. Райондук ҮМБда вакцина жок болгондуктан кызматкерлер эмдөөдөн өткөн эмес. Кызматкерлер менен дагы бир жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эми вакцина келгенден кийин, кызматкерлер эмдөө графигине ылайык вакцинаны алууга даяр.

COVID 19 жуктуруп алган тарбиячы Бишкек шаарына коомдук транспортто баргандан кийин, өзүн жаман сезип дүйшөмбү күнү, 14-июнда, ПТР анализин тапшырган. Андан соң  андан COVID 19 табылган.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин төрагалыгынын астында Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 12 - жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин төрагалыгынын астында Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 12 – жыйыны болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн делегациясы, Кеңештин мүчөлөрү жана министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун күн тартибине Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасы үчүн Көп жылдык индикативдик программасынын жана 2021-2027-жылдарга Борбордук Азия үчүн Аймактык индикативдик программасынын алкагындагы эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык маселелери, ошондой эле кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу: билим берүү, социалдык коргоо, мыйзамдуулук, шайлоо тутуму, санариптештирүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика, анын ичинде COVID-19 антикризистик чаралар пакети киргизилди жана талкууланды.

Өзгөчө көңүл Евро Биримдигинин Кыргыз Республикасында негизги программаларын ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине, биринчи кезекте бюджеттик колдоого, аймактарды өнүктүрүүгө жана санариптештирүүнү илгерилетүүгө, ошондой эле суу ресурстарын башкарууга багытталган чараларга бурулду.

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун долбооруна кол коюу үчүн даярдык иштерин аяктоо зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу жана регионалдык программаларды, ошондой эле программалык жана долбоордук иш-чаралар боюнча Евро Биримдик  менен кызматташтыкты чыңдоо боюнча демилгелерди илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Консультативдик кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол кабыл алынды, анда жетишилген макулдашуулар жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы программаларынын жана долбоорлорунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплекси чагылдырылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, COVID-19 илдетинин саны өсүп жаткандыгына байланыштуу кырдаал тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин күчөтүүнү талап кылууда.

«Түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууларды пайда кылууда. Биз өткөн жылдагыдай каатчылыкка жол бербешибиз керек. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалды кармап туруу жана турукташтыруу  боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка тийиштүү медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү, коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелердеги негизги жана резервдик орундардын, ошондой эле дары-дармектердин  жетиштүү өлчөмүн камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоосу тийиш», – деди ал.

Улукбек Марипов коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана вакцинациялоо темптерин ыкчамдатуу боюнча ишти тездетүү зарыл экендигин баса белгиледи.

«Жакын арада өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы  келет. Тармактык мамлекеттик органдар өлкөгө вакциналардын өз учурунда жеткирилишин камсыздоо маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруусу тийиш. Биз үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу абдан маанилүү», – деди ал.

Меню