Menu

COVID-19

АКШ Бишкектеги ооруканаларга COVID-19 менен күрөшүүгө жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Бүгүн, 19-октябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкектеги эки ооруканага жеке коргонуу каражаттарын жана медициналык буюмдарды тапшырды. Улуттук госпиталга жана Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 19 миң жуп кол кап, 5 миң респиратор, 960 коргоочу көз айнек, тайып кетүүгө каршы 10 миң бут кийим каптары, пациенттерди тейлөө үчүн 50 кардиостимулятор берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул дарылоо мекемелерин COVID-19 менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын саны эң көп деп аныктады. 1 миллион сомдон ашык суммадагы медициналык шаймандар АКШнын Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы күрөшүүдө көмөк катары берилди.

Улуттук госпиталдын башкы догдурунун кызматын аткаруучу Токтобай Маанаевдин айтымында, мындай колдоо пандемия менен күрөшүүдө өтө маанилүү. “Дарыгерлер үчүн тренингдер, медициналык жабдуулар жана шаймандардын жардамы менен биз акыркы толкундарда өлүмдүн деңгээлин бир топ төмөндөтө алдык”, – дейт Токтобай Маанаев.

Июль айында USAID COVID-19 менен ооругандардын саны көп болгон беш ооруканага заманбап жабдууларды жана башка шаймандарды берди. Алардын арасында COVID-19 оор учурларынан бат диагноздоо жана дарылоо үчүн маанилүү кычкылтек концентраторлор, ларингоскоптор жана башка керектүү жабдуулар бар.

USAIDдин башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс COVID-19 глобалдык жана Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо системалары үчүн олуттуу көйгөй бойдон кала берерин баса белгиледи. “Биз бардык медициналык кызматкерлерге бул пандемия учурунда берилгендиги жана күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазыбыз. Ал эми USAID Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүнү мындан ары улантат», – деди Кит Симмонс.

Пандемия башталгандан бери USAID Кыргыз Республикасына өлкөнүн COVID-19 менен күрөшүү аракеттерин колдоо үчүн 7 миллион доллардан ашык каражат бөлдү.

COVID-19: Британия Кыргызстанды коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди

Улуу Британия бийлиги жарандарына Кыргызстанга барууга уруксат берди. Мындай чечимди 17-сентябрда британ Тышкы иштер министрлиги кабыл алып, Кыргызстанды коронавирус пандемиясынан улам барууга кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарганы расмий сайтына жарыяланды.

Кыргызстан Британиянын эпидемиологиялык кооптуу өлкөлөр тизмесинен чыккан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды.

Британ бийлиги кыргызстандыктар үчүн да айрым чектөөлөрдү алып салды. Мындан ары коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алган кыргыз жарандары Англияга барганда тест тапшырбай жана карантинде отурбай эле койсо болот.

Ашхабаддагы өлүккана күнүнө коронавирустан өлгөн жүздөгөн адамдын сөөгүн кабыл алууда

Ашхабаддагы өлүкканага күн сайын коронавирустан өлгөн жүздөгөн кишинин сөөгү жеткирилүүдө. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы шаардын саламаттык сактоо мекемелериндеги өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда шаардын Чоганлы районундагы өлүккана 200дөн 300гө чейин адамдын сөөгүн кабыл алган.

Жергиликтүү тургундар мүрзөлөрдө жай казууга адамдар жетишпей, экскаваторлор иштеп жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, коронавирустан үйүндө каза болгон жарандар өлүкканаларга жеткирилбестен эле дароо жерге берилүүдө. Алардын сөөктөрү желим баштыктарга оролуп, тажияларына эч ким катыштырылган жок.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары менен өз булактары билдиргендей, коронавирусту аныктоо тесттери өлкөдө COVID-19дун “Дельта” штаммы бар экенин көрсөтүүдө.

Адамдардын өлүмү аймактарда да көбөйүп, коронавирустан бир үй-бүлөнүн бир нече мүчөсү каза болгон учурлар да катталууда. Ооруканадагы тесттин жыйынтыктары алардын баарында COVID-19 бар экенин ырастаган.

Ал ортодо түркмөн бийлиги коронавирустун жайылуусун токтотуу боюнча чараларды күчөтүп жатат. Акыркы күндөрү бул максатта вакцина албаган жарандарга карата кысым көбөйгөнү байкалууда.

Маалыматтарга караганда, Мары облусунда мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр жумуштан кетириле турганы эскертилген.

13-сентябрда RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер вакцина алганга чейин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгарыла баштаганын кабарлаган.

Түркмөнстанда калкты COVID-19га каршы жапырт эмдөө иштери быйыл февралда башталып, июлда ал бардык жарандар үчүн милдеттүү болуп калган. Акыркы кездери өлкөдө вакцина тартыш болуп жатканы айтылууда.

Бүгүнкү күндө Түркмөнстанда соода, кызмат көрсөтүү жана көңүл ачуу жайлары толук жабылып, той-аштарга тыюу салынган.

COVID-19: Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 242 миллион доллар бөлдү

COVID-19 пандемиясы уланып жаткан маалда Эл аралык валюта фонду дүйнө өлкөлөрүнө бөлө турган каражаттын суммасы белгилүү болду.

Эл аралык валюта фондуна мүчө өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келе турган сумма SDR (Special Drawing Rights) резервдик бирдиги менен аныкталды.

Фонддун отчетуна ылайык, уюмга мүчө 190 өлкөгө бөлүнө турган жалпы сумма 650 миллиард долларды түзөт. Финансылык каражатты бөлүү чечими 23-августта күчүнө кирген.

Уюм бөлүнгөн каражат дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Фонд бул пандемия уланып жаткан шартта пайдалуу болуп, айрыкча кризистин кесепеттери менен күрөшүп жаткан өлкөлөргө жардам берет деп эсептейт.

Эл аралык валюта фонду Казакстанга 1 миллиард 600 миллион, Өзбекстанга 750 миллион, Кыргызстанга 242 миллион, Тажикстанга 236 миллион доллар бөлдү. Түркмөнстанга 325 миллион доллар туура келет.

Бул арада Түркмөнстан өкмөтү азыркыга чейин өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет. Бирок “Азаттыктын” түркмөн кызматынын жер-жерлердеги кабарчылары медицина кызматкерлеринин сөзүнө таянуу менен вирус жуктурган жана андан өлгөн адамдар көп экенин кабарлап жатышат.

ДСУ жакыр өлкөлөрдүн пайдасына эмдөөнүн үчүнчү дозасынан баш тартууга чакырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус жакыр өлкөлөрдүн жашоочуларына вакцина жеткирүү үчүн бай өлкөлөрдү үчүнчү эмдөөдөн убактылуу баш тарта тургууга чакырды.

Бул тууралуу Reuters кабарлады. ДССУ башчысы “Чоң жыйырмалыкка” мүчө мамлекеттер менен фармацевтика үлкөндөрүн жакыр өлкөлөргө вакцина жеткирүүгө көмөктөшүүнү сурады.

Вашингтон уюмга жооп берүүгө үлгүрдү: америка бийлиги үчүнчү дозадан баш тартпайт, ошол эле маалда өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берүү планын аткарууга да даяр. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки билдирди.

Ушул тапта Израиль, Германия, Франция, АКШ, Улуу Британия жана дагы башка өлкөлөр COVID-19га каршы вакцинанын үчүнчү дозасын киргизүү ыктымалдуулугун кароодо. Ошол эле маалда аталган өлкөлөрдө бир дагы өкмөт азырынча акыркы чечимди кабыл ала элек.

Шейшембиде Ак үй АКШ 65 өлкөгө 110 миллион доза вакцина бергенин, ушул айдын аягында кирешеси төмөн 100 өлкөгө коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын 500 миллион дозасын жеткирүүнү баштай турганын билдирген.

АКШ Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүү үчүн 1 млн долларлык медициналык жабдууларды берди

Бишкек, Кыргызстан – АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй жана Ош облустарындагы беш ооруканага жана үч үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдууларды тапшырды. Кычкылтек концентраторлору, мобилдик рентген аппараттары, тоңдургучтар жана башка жабдуулар орнотулуп, негизги “кызыл зоналардагы” COVID-19 бейтаптарын диагностикалоо жана дарылоо үчүн колдонулуп жатат. Жабдуунун жалпы баасы болжол менен 1,1 миллион АКШ долларын түздү.

Жалпысынан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы, ССМ Улуттук госпиталы, №1 Бишкек шаардык ооруканасы, Чүй облустук ооруканасы, Ош шаардык клиникалык ооруканасы, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жана үч үй-бүлөлүк медицина борбору дээрлик 500 даана жабдуу жана коштоочу шаймандарды алышты. Алардын арасында ларингоскоптор, мобилдик санарип рентген аппараттары, өтө төмөн температурадагы тоңдургучтар, жогорку көлөмдөгү кычкылтек концентраторлор, автоклавдар, центрифугалар жана башка маанилүү жабдуулар бар.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдедит аткаруучусу Токтобай Маанаевдин айтымында, айрым жабдуулар, медициналык кызматкерлерге жана бейтаптарга биринчи жолу жеткиликтүү болуп жатат. “Биринчи жолу мобилдик рентген сатылып алынып, орнотулду. Ал оорулууну жылдырбай, палатасынан эле өпкөсүн рентген аркылуу текшерүүгө өбөлгө түздү”, – деди Токтобай Маанаев.

Бул жабдууларды орнотуу үчүн сегиз медуюм Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ооруканалар менен кеңешүү аркылуу, бейтаптардын максималдуу санына жардам көрсөтүү максатында тандалып алынган.

Расмий тапшыруу аземинде USAIDдин Кыргыз Республикасында башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс Улуттук госпиталдын дарыгерлерине жана кызматкерлерине талыкпас мээнети үчүн ыраазычылык билдирди. “Биз сизди колдоп, ушул шаймандарды бергенибизге кубанычтабыз, бирок алар сиздин чеберчилигиңиз жана берилгендигиңиз менен гана иштейт”,- деди Кит Симмонс.

2020-жылдын март айында Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясы башталгандан бери, USAID 4 млн доллардан ашуун колдоо көрсөттү. Бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лобораторияларды жаңыртууга, ден-соолукка байланыштуу маалыматтык тутумдарды өркүндөтүүгө жана 4 миңден ашуун медициналык адистерди окутууга жумшалды. USAID ошондой эле COVID-19 жөнүндө мифтерди жана жалган маалыматтарды жоккө чыгаруу үчүн маалымат кампанияларын да колдоду.

Республикалык штаб: Оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда

Урматтуу мекендештер,

Өлкөдө эки күн катары коронавирус инфекциясынын жана өпкө оорусунун миңге жетпеген жаңы учуру катталды. 25-июлда – 995 жана 26-июлда 973 учур. Оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү, бирок эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда.

Организмди COVID-19 коргоо жана оорулардын саны кайтадан жогорулабашы үчүн милдеттүү түрдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана вакцинациядан өтүү зарыл экендигин Республикалык ыкчам штаб эскертет.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин ар кандай салтанаттуу жана массалык иш-чараларды өткөрүү жана аларга баруу сунушталбайт. Менчик формасына карабастан бардык мекемелерде, жабык имараттарда, коомдук транспортто милдеттүү түрдө беткап режимин сактоо зарыл.

COVID-19 таралышынын алдын алуу, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун күчөп кетишинен сактоо, организмди алдын-ала даярдоо жана иммундук коргоону камсыз кылуунун ишенимдүү ыкмасы вакцинация болуп саналат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына COVID-19 каршы эмдөө акысыз жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 352 миң 877 адам вакцинацияланган (107 826 адам экинчи дозаны алган).

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!

Жалал-Абад облустук милиция COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, бөлүм жана кызмат башчылары, өздүк курам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Алгач кызматкерлердин кан басымы, сатурациясы текшерилип, андан соң жугуштуу илдетке каршы вакцина менен эмделишти.
Белгилей кетсек, коронавируска каршы эмдөө 2 ирет жүргүзүлөт.
Кызматкерлер 21 күндөн кийин ушул эле вакцинаны экинчи жолу алышат.

ДССУ: Дүйнөдө коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды

Дүйнө COVID-19 пандемиясынын үчүнчү толкунунун алдында турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди.

“Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны төрт жума катары менен өсүп жатат. Биз дүйнөнүн баардык аймактарында ооруканалар толуп жатканы тууралуу кабарларды угуп жатабыз. Коронавирустун “дельта” вариантынан улам ооругандардын жана каза болгондордун саны көбөйүүдө”, – деди Гебрейсус.

Акыркы учурда эң жугуштуу саналган коронавирустун “дельта” варианты 111 өлкөдө аныкталды. Жакынкы мезгилде вирустун бул түрү дүйнөдө басымдуулук кылышы мүмкүн экени айтылууда.

Акыркы күндөрдөгү коронавирустун жайылышынан Аргентинада курмандыктардын саны 100 миңден ашса, Орусияда каза болгондордун бир күндүк көрсөткүчү рекорддук чекке жетти. Ал эми Британияда алты айдан бери алгачкы жолу бир суткада вирус жугузгандардын саны 40 миңден ашты.

Индонезияда вирустан каза болгондордун сөөгүн жашыруу үчүн адамдар мүрзөлөрдү казууга катышып жатса, Бирмада крематорийлер күнү-түнү иштеп жатат.

Австралиянын Сидней шаары июлдун соңуна чейин карантинге жабылды. Ал эми Испанияда түнкү коменданттык саат жарыяланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди

Түркмөн бийлиги 18 жаштан жогорку курактагы жарандарды милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрөт. Мындай чечим тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары 7-июлда кабарлашты.

Бирок ал билдирүүлөрдө жарандарга кайсы вакцина сайылары так айтылган эмес.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар бар экенин пандемия башталгандан бери четке кагып келет. Расмий түрдө бул өлкөдө бир да адам COVID-19га чалдыккан эмес. Ошентсе да Түркмөнстанда санитардык эрежелер күчөтүлгөн. “Эркин Европа”  радиосунун түркмөн кызматы өлкөдө вирус кенен жайылганын билдирип, ооруканалар толуп калган учурлар бар экенин кабарлап келет.

Июнь айынын соңунда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамеов Кытайдын “Синофарм” вакцинасынын жарым миллион дозасын сатып алуу боюнча жарлык чыгарган.

Январь айында Түркмөнстан орусиялык “Спутник V” жана “ЭпиВакКорона” вакциналарын каттоодон өткөргөн. Бирок Орусиянын өзүндө вакцина жетишсиз болгондуктан, Түркмөнстанга саналуу сандагы гана вакцина жөнөтүлгөн.

Буга чейин Тажикстандын бийлиги да 18 жаштан жогорку курактагы жарандарын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню