Menu

Украина: Eurovision-2016 cынагына Кыргызстанда туулган Жамала тандалды

Бөлүшүү:

Украинада 21-февралда Eurovision-2016 сынагынын улуттук тандоо туру аяктап, ырчы Жамала жеңишке жетти.

Эми ал май айында Швецияда өтө турган популярдуу ыр сынакта Европанын башка мамлекеттеринин ырчылары менен күч сынашат.

32 жаштагы Жамаланын чыныгы ысымы — Сусана Жамаладинова. 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлгөн. Кыргызстанга анын чоң аталары көчүп келген.

Сынакта Жамала советтик диктатор Иосиф Сталиндин буйругу менен ата-бабаларынын Борбор Азияга жапырт көчүрүлүшү тууралуу ырдамакчы. Ыр “1944” деп аталат.

Мазмуну англисче, кайырмасы крым-татарлардын тилинде жазылган ырда 1944-жылдын майында 250 миңге жакын татарлардын мажбурлап жер которгону баяндалат.

Булак:centralasian

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: