Menu

Жалал-Абадда иш-кагаздарын жүргүзүү ишине талап күчөтүлүүдө

Бөлүшүү:

Шаардагы мекеме-ишканаларда иш-кагаздарын жүргүзүү жагынан кемчиликтер, катачылыктар кетирилип жатат, эми мындан ары аны талаптагыдай сабаттуу жүргүзүү зарылдыгы бар. Бул тууралуу шаар мэриясында өткөрүлгөн атайын окуу маалында айтылды.

Шаардык мамлекеттик архивинин башчысы Эрнист Зияйдиновдун айтымында, иш-кагаздарын туура жүргүзүүдөн жалпы шаардын да, жеке адамдардын да кызыкчылыктары корголот. Бирок, тилекке каршы, иш-кагаздарын жүргүзүүнүн абалы ар бир мекеме-ишканада ар башка болуп жатат. Аларды тартипке салуу менен бул багытта ишти жакшыртуу зарылдыгы турат.

-Ушул максатта биз шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, тийиштүү адистеринин катышуусунда бир күндүк семинар өткөрдүк. Анда адистер иш-кагаздарын туура жүргүзүү боюнча түшүнүктөрдү, катышуучулардын суроолоруна кеңири жоопторду беришти. Биз мурда бир гана архив ишин жүргүзүп келсек, эми иш-кагаздарын жүргүзүү жагын колго алып жатабыз. Себеби, иш-кагаздары жылдар бою сакталат жана алардын туура толтурулушу кийинки тарыхта мааниге ээ, – дейт ал.

Эскерте кетсек, окууларга шаардагы 32 мекеме-ишкананын өкүлдөрү артылган. Эми архивдик мекеме тарабынан ишканалардагы иш-кагаздарын туура жүргүзүүнүн абалы текшерилип чыкмакчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: